← Манас 5/5

Кангайлардын байагы, Ыраңкүдүк молдосу, Аза уул болгон жолдошу, Мөңгүнүн суусун ашаган, Антип-минтип бу капыр, Үч жүз он беш жыл жашаган, Туула элек кезде эле, Манас туулат деп айткан, Айтканынын баары чын, Жалганы жок келаткан.

Билгич Ыраңкүдүктү, Чакыртып Коңур түн ичи: — Ойроң Күдүк кел — деди, Китебин ачып көр — деди, Жаш өрдөк келди биздерге, Андан башка кабарчы, Бирөө дагы келбеди, Жакшы-жаман-билгениң, Жашырбай айтып бер-деди, “Ыстырлап” деген китептин, Колуна алса Ыраңкүдүк, Көрүндү ага айгине, Күмөндүү болбой аң дүдүк, Козголбос Какан журтуна, Болуптур өтө чоң түйшүк, Жабырады Коңурга, Жаппай айтып ал шүмшүк: — Куу өрдөк, кулжа, түлкүгө, Өлүмдү кыргыз бериптир, Балапан өрдөк бечара, Байкатпай качып келиптир. Белдүүдөн келип төрт баатыр, Бери жактан чалгын чалыптыр, Кечээки кеткен Макилди, Белде Алмамбет алыптыр, Башына теңдеп таш артып. Манасына барыптыр, Аз келгенсип анысы, Кожаалынын үйүндө, Эки күн бейкут жатыптыр, Үстүбүздө бул түндө, Кыйба менен Турнанын, Башын кесип алыптыр, Дарбазага асыптыр! Кошулсаң Коңур акылга, Бул сапар келген Чантууга, Алтын берип, зар берип, Айдатып арбын мал берип, Кытайдан сулуу кыз берип, Кылымдан ашкан уз берип, Эл кырылтып кан кечпей, Көр дүйнө үчүн жан кетпей, Элчилешип кетиргин, Кыйамын таап даа бир күн, Кезегин кийин келтиргин, Бул жолу кезек кыргызда, Албай койбойт чынында, Айап калып адамды, Биз чыдайлы чыгымга. Кетирели кыргызды, Дарбазадан киргизбей, Кыргыз менен чырлашып. Амал кетип бир күнү, Алтын такты мингизбей, Атага наалат тийгизбей, Алтымыш капка Каканды, Кыргыз алды дегизип, Эрегишип олтурбай, Айланы, Коңур, табыңыз, Абийирди эптеп жабыңыз, - Айтып Күдүк токтолду, Дуудундун бири Чабалай, Атырылып октолду: — Күдүк болбой өлүп кал, Көр түбүнө кирип кал, Кыргызга тартуу бергендей, Бар бекен бизде бекер мал?! Чаңдуубуз минген тулпарын, Кармаганы көп болгон, Кан ичүү менин кумарым. Аттанып эртең барамын, Чалгынга келген төртөөнү, Байлап келе каламын! Соорандыктын шум уулу, Жалгыз көзгө аткандыр, Жыгылып Макил жаткандыр, Жан-жанынан балталап, Жара бөлүп чапкандыр, Ошентип эбин тапкандыр. Корккондон жан калбаптыр, Коңтөрө, Жолой, Нескара, Мурадил, Уушаң силерде! Манасын кыйын эр дейсиң, Кара баштуу бендеден! Кашкайа жалгыз мендейин, Алмамбет, Манас баарысын, Кармап алып келейин, Жазасын колго берейин, Коржоңдосо кол салып, Талпагын ташка керейин. Таң эртең жөнөйүн, Берениң Манас тургуча, Белге чыгып өнөйүн, Безилдетип токмоктоп, Берметин беттен төгөйүн, Күн абдан чыкканда, Артымдан аскер жибергин, Кан майданда акеңдин, Карап көрсүн өнөрүн! - Чакчаңдаган Чабалай, Калбасы анын бир далай, Алачыктай Коңурга, Айтуучу сөзүн айттырбай, Төрт дуудуусун белендеп, Чыгып кетти ордодон, Күдүктү кошо жемелеп.

Ханы менен карадан, Улуу-кичүү баарыдан, Өмүрүндө Күдүктү, Бирөө жалган дебеген, Чабалайча бүгүнкү, Түк укпаган жемеден. Арданган Күдүк алайып, Ачуусу келип карайып, Энтиге түшүп дем алсаң, Текечердей танайып, Энтелей басып алыптыр, Жоолугун алып колуна, Терин аарчый салыптыр, Таң кашкайган маалда, Алмамбетке барыптыр, Күдүктү көрүп Алакең, Айран азыр калыптыр. Эки көзүн Алмамбет, Эки имерип тиктесе, Арамдык жок Күдүктө, Келгендей турат бир ишке. Каадасынча манжунун, Адатынча анжунун, Кома деп барып Алмамбет, Сагынышкан немедей, Кол алыша кетти эле. Ойунда Күдүк муну деп:

«Хан баласы Алмамбет, Каадасын элдин билет, деп, Акылы тунук, түбү улук, Урматымды кылды»,- деп, Алмамбетке суратпай, Айтаар ойун белендеп, Өчөшкөнү Чабалай, Өкүрүгү бир далай, Баштан айак бар кебин, Күдүк айтып калтырбай, Мында неге келгенин, Жабырады мамындай: — Эки түрдүү бар кебим, Айтканы сага келгенмин. Атка минди Чабалай, Бейжиндеги бектерден, Тең эмес ага эч кандай, Эрегишсе кол салат, Коңтөрөгө жазганбай, Ажал жетип кан кызып, Дердеңдеп калды жаталбай. Алды тартма буткулда, Үстү кара таз кумда, Келе жаткан кезидир, Орто жери Кыркууда, Бириң ары өтүп кал, Бириң алдын тосуп бар, Менменсинген арамды, Алактаган каранды, Тегеректеп ортого ал. Алды-артын тосо албай, Куткарып ийсең алалбай. Абалымды чамалар, Чоң балаага калбаңар; Кайратын хандын качырган, Айбаты артык каапыр ал, Ашырып айтты дебегин, Кутулбайсың барыңар. Эр Алмамбет баатырым, Экинчи сага айтаарым: Куу түлкүнү атканда, Алгандырсың кеп тонун, Үстүңө Алмам, кийе сал, Чабалайдын артынан, Аскери келет канча сан, Кайтарып аны жолго сал, Андан кийин чалгын чал, Толуп жатат бул элде, Түгөнбөгөн арбын мал, Калтырбай сүрүп жылкы ал. Ошондой иштер болгондо, Калба арбып табылар, Кангайга кетем түз мындан, Бу Бейжинге мен турбай - Айтып болуп Ыраңкүдүк, Бура тартып жөнөдү Бөжөң-бөжөң жүгүрүп, Узаргандан узарды, Тайгандай болуп түйүлүп. Эр Алмамбет кеп айтат: — Жолборсум Сыргак деп айтат, Чок камыштын ичине, Карткүрөңдү байлагын, Бошотуп кетип калбасын. Айтышынча Күдүктүн, Өзү менен беш экен, Кутурма тийген ит экен, Сарала менен жөнөйүн, Алладан тилеп көрөйүн, Келгиче ал жетейин, Кыркуудан өтүп кетейин. Сен турбагын жабыгып, Жолунан чыктың камынып, Ар канча мыкты болсо да, Кача көрбө кайрылып. Мен аркадан качырам, Тосоттоп чыккың сен дагы, Алды жактан катыраң, Эгерде мурда кабылсаң, Аңтара сайып атынан, Өнөрүңдү айаба, Айланайын кабылан! Чабалай дуудуу жыгылса, Жанындагы төртөөнүн, Амалы кетип ушунча. Өзү түшүп өлбөйбү, Карасуунун тушуна, - Айтып болуп Алмамбет, Сарала минип комдонуп, Саргарып өңү томсоруп, Карасуунун буткулга, Бура тартып чуу койуп, Ат айабай аргытып, Артынан чаңын баргытып, Чабалай жетип келгенче, Өтө берди артылып, Көрүнбөй Алмаң турду эми, Көмүскөгө жашынып. Көз жиберсе алыска, Жебедей чыккан зыркырап, Туйактан учкан барча таш, Обоодо жүрөт быркырап, Бешөө келет бириндеп, Жаалысына чыдабай, Жыгачтар кыйрап дирилдеп, Алдындагы чаңдуубус, Арандай оозун ачыптыр, Арбыта жолду басыптыр, Жолуң үйдөй ак көбүк, Омуроого чачыптыр. Бейжинден Алмаң кетерде, Атагы жок жан эле, Жетилген экен бул күндө, Тике карабай эч пенде, Канын ичип көнүптүр, Кармашканы кез келсе. Адам айткыс каары бар, Ач жолборстой заары бар, Ажыдаардай сүрү бар, Анча-мынча кишини, Ат-тону менен бүкүлүү, Жутуучудай түрү бар. Залкарлуу тоодой зал экен, Кабагы жааган кар экен, Кармашып калган пендеге, Кайран дүйнө тар экен, Кааарданып бул чочко, Келе жаткан чагы экен. Өтө берди үстүнөн, Ээрчигени төрт дуду, Кем эмес алар өзүнөн. Коколой өзү жалгыз баш, Соорандык уулу Алмамбет, Сан баатыры көп эмес, Салышка кирсе өк дебес, Андан качып кутулбайт, Жер бетинде кеп-кеңеш. Амалы артык илегер, Акылга жоомарт кеменгер, Ал Алмамбет баатырды, Ар кандай айтсаң эп келер. Алмамбет эми акырып, Көөмөйдөн чыкты качырып, “Манастап” ураан чакырып; Манастын атын укканда, Чабалай калды шашылып, Ал аңгыча болбоду, Чыга калды эр Сыргак, Турган жерден жашынып. Чабалайдын ойу экен, Ойлогону бул экен: “Аркадан ураан чакырган, Ал Алмамбет кул экен, Укту эле көргөндөн, Манастын аты куу деген, Мингени темир Кызыл көк, Манас өзү бу экен. Бура тартып нетейин, Буйдалбастан жетейин, Бу бадырек бурутту, Найзага илип кетейин; Кайра тартып нетейин, Качпай буга жетейин, Калдаңдаган буруттун, Канын ичип өтөйүн, Андан кийин тетиги, Алмамбет кулду сүйрөтүп, Байлап алып кетейин, Багыма башым жар болуп, Мен буулугуп калган экенмин”. Темири кулач көк найза, Көмөкөйлүү бу найза, Күүлөп капыр ыргады, Чуулдаган үн чыгып, Так сурнайча ырдады, Үзөнгүгө жанашкан, Башы үйдөй жыгачтан, Канчалары кулады, Дөө экен деп ушундан, Ойун Сыргак турбады, Калтырак кирип коркконсуп, Атынын башын бурбады. Сундуруп найза тартпаган, Сумсайып жоодон качпаган, Кызыгышкан казатта, Кызыл кан суудай чайкаган, Жалгыз башы ар качан, Сан кишини жайкаган, Өкүм-өткүр сөзү бар, Өрттөй кызыл көзү бар, Өлүмдөн коркпос өзү бар, Кайраты толук кыраан эр, Кандуу уруш майданда, Ажал-өлүм кайда дээр, Кабыландын Сыргагы, Хан Жакыптын чырагы, Сайышка чыгып жекме-жек, Телкызыл менен чуу койду, Чалкалаган дуудууну, Найзасын кагып жиберип, Аңтарылтып бир койду. Мыктап найза муштады, Жети кабат темир тон, Дегеле тоскоол кылбады, Далысынын айнектен, Кере карыш жылтырап, Бир жак учу чыкканы, Сайганын жазбас кайран эр, Найзасын канга чыктады. Чалкалаган бадырек, Чаңдуубоздон кулады, Үстөмөндөп кучактап, Кара жерге сулады, Аны кудай урганы. Кайра артына тарта албай, Төрт дуудуу туруп топ болуп, Келе жаткан Алмаңа, Кайаша кебин айта албай, Сыргактан коркуп жалтаарып, Жүрөгү түшүп калтаарып, Илгери кадам баса албай, Намысы жок төрт дуду, Же төшкө чыга кача албай, Карасуунун буткулга, Түшүп кетти уйалбай, Экөө жүрүп бешти алган, Ушундай экен шум жалган, Кан кылбай туруп кийимин, Чабалайдын чен тонун, Сыйрып чечип дагы алган, Ошондо айтат Алмамабет, Тебетейин дөң кырдап: — Айланайын эр Сыргак. Айбатыңа ырахмат, Карткүрөңдүн жанына, Кайра тартып барып бак, Адырда жердин түгүндөй, Эми аскери келет миң сандап, Карыш алга жылдырбай, Кайтарайын ушул чак, - Сыргакты салып жолуна, Куу түлкүнүн кеп тонун, - Коңурбайча чен тонун, Алмамбет салды жонуна, Бүчүлүгүн бүчүлөп, Эки каптал-кабырга, Үпчүлүгүн үпчүлөп, Топчулугун топчулап, Эп келтире койгону, Нак Коңурбай болгону. Кара жылкы карматкан, Жал-куйругун тараткан, Тышына кылдан жаптырган, Ичине була тарттырган, Алгарага окшотуп, Саралага кеп кылган, Сараланын жонуна, Кеп тонун Алмаң кийгизип, Кечилдин ханы келди, деп, Көргөн элге билгизип, Иле менен Алмамбет, Пайдасын элге тийгизип, Кыркуудан чыга калыптыр, Кажы-кужу кыжылдап, Кара курттай быжылдап, Жердин бети чымырап, Кумурскадай кыбырап, Сандаган черүү аскерге, Жер бети толуп алыптыр. Көргөндө муну Алмамбет, Калмакча сүйлөп калдырап, Кытайча сүйлөп кыжырап, Кайта кет деп аскерди, Буйрук кылып жиберди, Молдо торгой кептенип, Аралаш айтып быжырап. Кечилдин ханы келди деп, Кеңчилик бизге берди деп, Келген аскер дуу койду, Кеңдемеге Солонду, Келбеттүү Алмаң чуу койду, Келип Сыргак жолгошту. Муну мындай таштайлы, Алмамбеттин Сыргакка, Ата журтун таанытып, Айтканынан баштайлы.