Кобурашып бул экөө, Келгенде жанкы көпүрө, Сыргакка айтты Алмамбет: — Сенин атың Телкызыл, Башка чапса жалт этпес, Кушкурук тартып шек бербес, Өтө басмырт мал эле; Менин атым Сарала, Кошкурук тартып жалт этип, Ойду-кайкы калк этип, Үркүнчөөк жан эле. Көпүрөдөн өткөнчө, Наркы башка жеткенче, Мен артыңа басайын, Алдыма кирип баштагын,- Кара калпак кыргагы, Хан Жакыптын Сыргагы, Кабылан Манас чыйрагы, Алдында минген Телкызыл, Жолго түшүп баштады. Көпүрөгө барганда, Укмуш болду айлана- Очогор менен аткандай, Оодарып зоону жаткандай, Аккелте менен аткандай, Аңтарып тоону жаткандай, Ай менен күн согушуп. Асманга отун чачкандай, Атылып мылтык тарсылдап, Доолбас үнү карсылдап, Жолборс-шери ыркырап, Кулак тунат чуркурап. Болуп жаткан иштерди, Бучкагына теңебей, Кыймыл этпей, былк этпей, Сыргак турат жайынча, Ат үстүндө солк этпей. Жолборс билек, таш жүрөк, Баатырлыгы Сыргактын, Манасыңан кем эмес, Андан калган эрлердин, Эч кимиси тең эмес. Сыйкырдын иши бары деп, Сыргак басты кенебей, Мелтиреген балакет, Эч нерседен кам жебейт. Ал ач жолборстой эр Сыргак, Алдында кетип баратат, Көпүрөдөн өткөндө, Бейжин эмес анча ыраак, Эңиш тартып Алмамбет, Сарала менен теңселет, Сыргак барат жанаша, Күрөң атты жетелеп, Ат боройун сыдырып, Адырмак тоону кыдырып, Бейжиндин келди четине, Жылдыз толгон мезгилде. Бирге ойноп, бирге өскөн, Өзү дунган элинен, Кожаалы деген бар эле, Бейжинде Алмаң турганда, Чоң сырдашы ал эле, Кырк жылда келем кайра, деп, Көрүшөөрбүз анда деп, Кеп айтышкан жан эле. Аттуу туруп Алмамбет, Кожаалынын эшигин, Камчы менен какты эле, Алмамбет келээр кези деп, Чын болсо айткан сөзү деп, Кожаалы ойлоп жатчу эле. Айтылган мезгил бүттү деп, Көрсөтпөй аны катам деп, Ардык ала жатар деп, Жер алдынан үй жасап, Кире турган жол жасап, Дарбазага жакындап, Келе жатса Кожаалы, Кагылды эшик такылдап. Кандим экен Кожаалы, Күү кетирип эшикти, Какканынан тааныды, Басар жолун айкындап, Айтып берди баарыны: — Түштүктөн аккан кара суу, Бойу бүткүл камыштуу, Чок камыштын түбүндө, Кирүүчү жолуң мына ушу, Калган жолдун баарысы, Тикен менен тордолуу, - Бура тартып Алмамбет, Суунун келип бойуна, Кожаалынын белгисин, Куптап алып ойуна, Найзасы менен чок камыш, Аттуу туруп көтөрдү, Аттуу киши баткандай, Алды жактан жол көрдү, Баштатан көрүп жүргөндөй, Бастырып баатыр жөнөдү. Ичи жарык жол салып, Келет Сыргак таң калып, Чыга калды капыстан, Кожаалысы дактайып, Сакал-мурут өсөңкү, Кеткен экен саксайып. Алмамбет менен Кожаалы, Кол кармаша көрүшүп, Колдун учун өбүшүп, Бура тартып Кожаалы, Буларды аттан түшүрүп, (Бар керегин бүт кылып Койгон экен күтүнүп.) Алмамбет менен эр Сыргак, Керилип уктап жай конуп, Буркурап жыты аңкыган, Ичкени кызыл чай болуп, Ардыгы абдан чыккан соң, Алмамбетке Кожаалы, Айтты сөзү бул болуп: — Сен кеткени Алмамбет, Коңурбай менен Мурадил - Эки чочко мар болуп, Алганың Турна жүрчү эле, Алмамбет, сага зар болуп. Кыйаба деген бир жигит, Эрешен тартып эр жетти, Коңурбай менен Мурадил, Теңдеше албай шай кетти. Кырк жылы жүргөн катының, Кыйабага бүгүн азгашты, Кара мендер нак басты, Ушул бүгүн тойу деп, Толук уктум кабарды, - Жаасы катуу Алмамбет, Жайын угуп Турнанын, Кызыл өңү кубарды: — Көктокол берги, Кожаалы, Көчөнү көздөй желейин, Аллам ачса ак жолуң, Кыйаба менен Турнанын, Башын кесип келейин,- Кожаалынын Көктокол, Көрүүгө комсоо мал эле, Анткени менен жаныбар, Ашкере тулпар ал эле. Көктокол минип Алмамбет: — Көзүр Сыргак арстаным, Кожаалынын үйүнөн, Козголбостон жаткын – деп, Жылдыз такта болгондо, Кайта келем акыр-деп, Жаны ачыган бир колдун, Жолун, кудай, ачкын, — деп, Жөнөп кетти Алмамбет, Кош эмесе, бастым, — деп, Калаага кирип аралап, Кетип Алмаң баратат, Эки жагын каранат, Калаадагы калайык, Куру баспай шалайып, Тургун, тубар, далын бу, Чыны-чайнек түрдүүдөн, Көтөрүптүр жана алып. Билмек болуп Алмамбет, Бир кишиден сурады, Сураган киши муну айтты, Сурдантып Алмаң муңайтты: — Канча жылдын алдында, Капкалуу Бейжин калаада, Бир ханыбыз бар имиш, Качып кеткен башкага, Катыны калып Бейжинде, Эрге тийбей келиптир, Эрин күтүп эмгиче. Жаңыдан чыкты бир улук. Күлүк аттай суурулуп, Ачуусу келип акырса, Коңурбай менен Мурадил, “Кош-коштоп” турат алдында, Заманасы куурулуп, Ошол качкын хандын катынын, Алмак болду бул улук, Тойго барып кайтууга, Көпчүлүк барат чубуруп - Анык кепти эми угуп, Эр Алмамбет баатырың, Бир саткычка бурулуп, Эки кылдуу кежектен, Сатып алды ал жерден, Алакеңдин тили так, Өзү мыкты ырчы экен. Кежегин чертип күү кайрап, Дуудуунун кызы Турнанын, Карыганда кыз болуп, Жаш Дуудуунун алганын, Айтып барат Алмамбет, Көчөдө ырдап үн салып. Болгон ишти так кошуп, Ырдап барат Алмамбет, Тегерегин таң карап, Теңдешүүчү барбы деп, Сындап барат Алмамбет, Үнү менен ырына, Суктангандар токтобой, Күйөө-кызга жеткирет, Буйрук берди жаш кыйба, Бачым алып келгин деп. Жесекчиси нетиптир, Ырчы болгон Алмаңды, Жетелеп алып кетиптир, Бир эшикке барганда, Кагазды берип Алмаңа, Кирген жок аа буйрук, Жесекчи туруп калды анда. Көз байлаган бүрүлдө, Түнөргөн бактын ичине, Чатырды тигип агынан, Кыйба менен Турнанын, Кызык үнү жаңырган. Чатырдын барып жанына, Өрттөй жанган Алмамбет, Үзөнгүдөн бут тайып, Эки буту тең түштү, Кыйбага турган эркелеп, Турна катын бүк түштү.
Шашып Кыйба жүгүрүп, Башын жөлөп бүгүлүп, Эмне болуп кеттиң? — деп, Коркуп кетти үксүйүп, Бетинен чыгып сары түк, Турна калды түктөйүп. Жүрөгү желдеп күйүгүп, Муну айтты Турна “кыз”, Кара жандан түңүлүп: — Эшикке түштү бир адам, Андан чыккан дабыштан, Оодарыла жаздады, Аңтарылып жер-асман, Сошойа келген окшонот, Каным катып тил кургап, Үзүлгөнү баратам...... Ачкан оозун жумганча, Чыккан үнүн тыйганча, Кирип келип Алмамбет, Кыны кызыл, сабы алтын. Жарашыктын баары алтын, Жанындагы шамшарды, Кармай калып сабынан, Тартып алып кабынан, Кыйба менен Турнаны, Катарынан жайлады, Кара жерди майлады, Аны менен токтобой, Башын кесип алганы. Улук Кыйба дегендин, Кийиминен үчтү алды; Колундагы шакегин, Аны кошуп жана алды. Турнанын алды жоолугун, Байкап абдан уккула, Эми Алмамбеттин жоругун. Туш-тушта жок көп тешик, Тоскон жери беш эшик, Билгизбей чыгып кетерге, Белги берип бектерге, Кемтиги жок иш жайлап, Чыгып кетти Алмамбет, Чатынан түйүп баш байлап, Дарбазага барганда, Баштарды асып таштады, Бурулбай жетип Алмамбет, Кожаалы менен Сыргакка, Бар кылганын айтканы: — Кожаалы досум, кайтып кет, Бар кебимди калганга, Жашырбастан айтып кет; Тилимди алсаң, жан калба, Мен болдум сага каргаша, Кытайлар билип шек алса, Сенин да көзүң жеткендир, Каның жерге тамбаска, - Кожаалы айтат: - Алам, — деп, Катын-бала бүт дүйнө, Калтырбай түгүл кетирип, Кожокең жалгыз калган — деп, Көргүчө аман болгула, Бастырайын балам — деп, Кол тартышып, кош дешип, Жүрүп кетти Кожаалы, Алмамбет минген Көктокол, Минип кетти Кожаалы, Кыйба менен Турнанын, Өлгөндүгүн ашкере, Билип кетти Кожаалы, Төрө Алма кеп айтат: — Жолборсум Сыргак деп айтат, Мында туруп нетели, Ат чалдырып жай табар, Кеңири жерге жетели,- Алмамбет менен эр Сыргак, Аттанып жөнөп кетишти, Сасык булак, чок камыш, Булуңсазга жетишти.