Коңурбайдын сыйкырлуу кароолчулары
Алты күн уктап күнү-түн, Аскердин баары туруптур, Эмики болор жумушка, Алакең көңүл буруптур, Аскерди жыйнап Алмамбет, Айтты кебин мындай деп: — Азыркысын зор душман, Оркундун улуу суу деймин, Күндү жайлап кечпесек, Жан калбайт деп ойлоймун, Азыр болуп баарыңар, Ат-атыңды байлап ал! Элге айтып байанды, Жакшылап күндү жай алды, Салакалуу жай ташты, Салып сууга байлады, Асмандагы булутту, Шамал козгоп айдады, Шыбыргактап борошо, Алай-дүлөй күн жаады. Тоолорго толук кыш болуп, Жакага жалтыр муз тоңуп, Саратан жайдын тамызда, Куруп калган чоң Оркун, Кыңшылаган кыз болуп, Кере кулач төш жары, Эки чети муз болуп, Төрдө олтурган төрөлөр, Төшөгүндө кыш болуп, Кооп сийген эрди көр, Койнунан колун чыгарып, Аттан деди Алмамбет, Аскердин алдын чубатып. Аттанып аскер алыптыр, Аттанбай Кокон калыптыр, Аттанбаган себебин, Алакең сурай салыптыр, Басырык болуп миң чалыш, Түндө өлүп калыптыр. Чакырып келип Сынчыны: — Калк башкарган сен, — деди, Кана, кайда ат? — деди, Азыр ылдам тап! – деди, Башын кесип таштап кой, Кана желдет тарт! – деди. Жабылып желдет жүгүрдү, Сынчыбек жандан түңүлдү. Жамгырчы менен Балта дөө, “Сынчыдан миң ат өлдү деп, Хан Алмамбет баашабыз, Каарлап алып кетти деп” Калгандардан угуп кеп, Куруп калган Сынчыбек, Кокус өлүп кетер, деп, Учуп жетип энтелеп: — Баатыр ат биздерде, Ат берели бул элге, Сурап келдик Сынчыны, Канын бериң биздерге, Өткөн иш өтүп болуптур, Эндөөлүк кылып койуптур, Эми Балтанын айткан сөзү бул: — Алмамбет баатыр, угуп тур, Элүү төрт илек кол келди, Айкөл Манас зор келди, Кара келди, хан келди, Кары-жашы тең келди. Казатка барып окто өлбөй, Же кан жөткүрүп үйдө өлбөй, Душман эмес өзү өлсө, Карапайым киши эмес, Катардагы хан өлсө, Ишибиз биздин оңбостур, Кабыбыз кийин толбостур. Ат берели, Алмамбет, Биз жөө бассак да көрө, Алп Жамгырчы, Балта дөө, Сурап келсе бул экөө, Бербей койор айла жок, Сынчыны берди экөөнө, Сынчыны алып келишип, Беш жүздөн миң ат беришип, Аттанып булар жөнөдү, Жарлык ушул жүр дешип. Оркондун кызыл суусуна, Келип Алмаң караса, Өзү көргөн өгүнкү, Өөрчүп жаткан чоң дайра, Какшып соолуп калыптыр, Сай төбүндө кылдырап, Көк кашка суусу агыптыр. Суудан кечип чыкканда, Өгүз өтмөк, тай өтмөк, Өрдөшүнө барганда, Колду эсепке алганда, Хандар эсен, кол эсен, Тазбайматтын бир киши, Санатында кем экен. — Билер мени сен, — деди, Бир кишиң кана, ким? деди. Анда Баймат кеп айтат: — Кордойдун аркы оозунда, Тогузу тийди колума, Өзүм менен он болуп, Жүргөмүн элдин соңунда, Анда Алмамбет кеп айтат: — Өкүмүм эки болбойт, — деп, Өтүрүк айткан оңбойт, — деп. Кайда кеттиң кармагын, Канча желдет жолдош, — деп, Кан кылбай кийимин алгын, — деп, Кабакка сүйрөп салгын! – деп. Кабарды айкөл угуптур, Калкайып көңүл буруптур, Чакырып алып Серекти, Кабылан айтып туруптур: — Алмамбетке барып кел, Айтып кебиң салып кел, Жазган катын караткын, Жаңылыш болуп калбасын, Аныгы менен өлсө да, Арманы калбас Байматтын, Ал буйрукту алганда, Шылуун Серек мындайга, Сайасы салкын тереги, Ар качандан бир качан, Кысылса тийет кереги. Алакеңдин жанына, Ашыгып Серек келгени, Эмгичекти элдерге, Айтылып калды эрмеги: — Баш кишибиз Алмамбет, Мен айтамын саа бир кеп, Молдоңо айтып көрүңчү, Катыңды окуп кара, деп, Чакырып алып молдосун, Катчы болгон жолдошун: — Байматтын санын оку, — деп, Болбосун жаздым кокус, — деп. Кагазды кармап бетине, Атынан айра келгенде, Тазбайматтын бир киши. Айкөл чыгып калды эле, Манастын аты чыкканда, Балаадан Баймат кутулуп, Алгыр куштай жутулуп, Кыйкырып Баймат барыптыр, Кызык болуп калыптыр: — Баатыр сени унутуп, Байкабай балаа бастым, — деп, Манжудан келген кулуңдан, Күнөөсүз өлө жаздым, — деп, Кырааным сени унутуп, Кыйын балаа бастым, — деп, Кытайдан келген кулуңдан, Кызылдай өлө жаздым, — деп. “Манасты Баймат унуткан, Кимди унутпай калсын” – деп, Элге калды макал кеп. Кыйынсынган Байматтын, Кыйналганын билиптир, Кыраан Манас солкулдап, Башкача сонун күлүптүр: — Онбашым Баймат сен болсоң, Унуткан кишиң мен болсом, Мен дале куруп калайын, Он кишинин ичинде, Унутулган мен болсом. Өзүң тапкан өлүмгө, Болуптур экен тим койсом, Эл аманын билиптир, Эр Алмамбет күлүптүр, Журт аманын билиптир, Султан Алмаң күлүптүр.
Уламадан уласам, Барган жерин сурасаң, Буткул-буткул көп көл дейт, Элемандын Көкчөл дейт. Буйрук берди Алмамбет: — Үч ай кышты өткөр, — деп, Бул жердин далай сыры бар, Барың бирдей угуп ал. Санкору деген айбан бар, Сийдиги жерди өрттөгөн, Ордуна чөп-чар өспөгөн, Жатагынан кошкуруп, Жандар аттап өтпөгөн. Каршы келсе адамга, Как жүрөктөн тутат, дейт, Кара ташты чайнаса, Жумшаган нандай жутат, — дейт, Кайгоолу деген жана бар, Бир жагында канат бар, Бир жагына карасаң, Канаты жок мулжуйган. Экөө келип биригип, Бир денедей кийлигип, Бир куш болуп учуучу, Адамды көрсө чычуучу, Чалгыны болот нак бычак, Куйругу келет чоң кучак, Жакын барбай оолак кач. Санкору менен кайгоолу, Тийген жери заарлуу, Кокустан келип кабылса, Коркуп кетип шашылба, Ат ичмегин алыңар, Аны отко салыңар, Эр батегин алыңар, Эптеп отко салыңар. Эр тери менен ат тери, Мурдуна кирсе жыттары, Учалбай калат бир жери. Аркары алжып өлбөгөн, Алжып карып өлгөнчө, Адамзатты көрбөгөн. Бугусу жүрөт топтошуп, Буруу сайын оттошуп, Адамды көрсө ыкташат, Ыктап келип жытташат. Түштүк жагың кумсары, Чалгында турат балбаны, Чыгыш жагың түз какыр, Кожураган көк шагыл, Ушуларга барба, — деп, Капташып калып бирөөгө, Бир балааны салба, — деп, Ушулардан байкастап, Эми ойноп жырга! — деп, Жарлык кылды Алмамбет. Алмаңан буйрук алганда, Башталды сайран балдарда, Чыгарып алып чылбырын, Укурук кылып найзасын, Мүйүзүнө салышып, Жулдуруп ийип канчасын, Куру кол болуп калышып, Аткын бугу, аткын деп, Ар жактан торой чапкын, деп, Түбүмө бугу жетти, деп, Төшүмө жаман тепти, деп, Нарының менен куруп кал, Найзамды жулуп кетти, деп, Наалып жүргөн андан көп. Салышып таптап кушуну, Алышты үч ай кышыны, Баштап кетти Алмамбет, Эми кыла турган ишини. Калайыкта хандарын, Калк билгендин барларын, Эр Алмамбет чакырып, Буларга кебин салыптыр, Булутсуз күндөй ачылып: — Ардык алдык далай күн, Ат сергиттик канча күн, Арыбын адам билгисиз, Алп Коңурбай калчанын, Биз Бейжинге жеткенче, Тоскоол болчу неменин, Бир канчасын айтайын: Көкчөлдүн айак жагында, Он беш күндүк алышта, Куу өрдөктүн көлү бар, Көрүнөө бизге душман ал. Эки күндүк шамалда, Аккулжанын бели бар, Андан ары барганда, Шум түлкүнүн чөлү бар. Кыйындыгы кытайдын, Байкап көрсөң ушундай, Кароол карап жол сактайт, Айбан да болсо ушулар. Ушунун баарын албасак, Анан Бейжин барбасак, Биз кетебиз баралбай, Айкөл Манас, зор Бакай, Алмамбет, Чубак, кырк чоро, Өрдөк, түлкү, кулжага, Айтылгандар баралы, Алардын эбин табалы. Абам Кошой, эр Төштүк, Алп Жамгырчы, Сынчыбек, Үрбү менен Музбурчак, Эр Көкүл, алп Агыш, Ушулар жатып тургула, Бузулдурбай эл багып. Бүгүн жыйырма дегенде, Келебиз кайтып биз мында, Кетирбей элге өрнөктү, Көлдөн алсак өрдөктү, Белден атсак кулжаны, Куткарбай алсак буларды, Кармасак чөлдөн түлкүнү, Каткырып салсак күлкүнү, Алып келсек кытайдын, Арачы түшчү мүлкүнүн. Ойносоң кумар утарсың, Ойрон кылып бул элди, Өз ойуңча жутарсың. Кулжанын этин татасың, Кубанычка анда батасын, Өрдөктүн жүнүн жыттайсың, Жай баракат уктайсың. Түлкүнү кийип тунарсың,
Кытайдын сулуу кучарсың, Сүйүнчүлөп келгенге, Берериң ойлоп турарсың, Алмамбет айтып жандарга, Кош эми, деп аларга, Айкөл Манас зор баштап, Бастырып кетти талаага.
Каары катуу калдайдын, Кароолчусун алмакка, Таң эртеңден аттанып, Уктабастан түн катып, Куу өрдөктүн көлүнө, Келип калды жанашып. Ташсеңирге келгенде, Алмамбет турду муну айтып: — Акжолтой абам Бакайым, Арналуу сага айтаарым – Жумшады мени дебесең, Ушул жерди кайтаргын. Тегеректеп барарбыз, Шабырдан аны табарбыз, Ажалы жетсе куу өрдөк, Атсак да атып аларбыз, Ата албай калсак кокустан, Качырып жолго саларбыз. Айланайын абаке, Эрикпей жолду караңыз, Көкөлөп учпай куу өрдөк, Канатын кагып кыпылдап, Жер сыдырып зыпылдап, Түшкүндөй камчынын, Аркасынан чаң чыгат. Айан болуп өзүңө, Чалдыгып калса көзүңө, Жолун торой атып бак, Бизден качса сиз жакка, Сизден кетип кутулса, Кутулбас калдык куйага. Токтобой тиги булутка, Андан кийин бул өрдөк, Булуттан өөдө жүрүүчү, Күндүз тыным алдырбай, Түндө уйку кандырбай, Душманды баштап келүүчү. Айкөл Манас арстаным, Өрдөктү өзүң атпагын, Бастап кетет оорагың, Сыйкыры ушул бетбактын! Айкөл Манас, зор Бакай, Таш сеңирде калыптыр, Күн мурду чыга башкалар, Өрдөккө жете барыптыр, Түнөөдөн туруп куу өрдөк, Туш-тушка көзүн салыптыр, Өзүн багып көндүргөн, Алмамбетти бул өрдөк, Анык таанып алыптыр. “Туйунуп калат Алмамбет, Суу толкутпай жатам” – деп, Ойуна алып куу өрдөк, Балчыкка бекем өбөктөп, Балырга башын катканы, Шабырга кирип жатканы, Көл бойуна келгенде, Алмамбеттин айтканы: — Кыргыл баштап кырк арстан, Кыраан Чубак сага айтам, Мылтыктын барып октогун, Жалгыз ок салып койбостон, Чачыратма ок салып, Милтенип барып чоктогун, Учуп чыккан өрдөктөн, Бирөө кетсе оңбодуң! Алмабашка Алмамбет, Чачырата ок салды, Колумсадан жебе алды, Жаага кездеп аны алды, Кытайча кызыл доолбас, Заңк дедире бир салды. Көлдүн бети шарпылдап, Күндү бербей көп өрдөк, Учуп чыкты калкылдап. Кудай бетин салбасын, Кулак тунуп күркүрөп, Атылып мылтык тарсылдап, Учуп кеткен бирөө жок, Түшүп жатат салпылдап. Жердин бети жык толуп, Көз уйалып кулбунат, Анда Алмамбет муну айтат: — Куу өрдөк мында жок турат, Асман жаркып, күн балкып, Алтындын нуру чачылбайт, Куу өрдөктүн канатын, Карк алтын менен каптаган, Куйругунун барымын, Зумурат менен чаптаган, Ошол үчүн өрдөккө, Шумкардын колу батпаган, Кас кыла албай канаттуу, Куу өрдөк көлдү сактаган. Айалдабай баарыңар, Мылтыкка дүрмөт салыңар, Милтенин күлү болбосун, От албай мылтык калбасын. Жыйырмаң көктү карагын, Типтик учуп жылдыздап, Асманга эргий бербесин, Жыйырмаң жерди карагын, Боору чөптү сыдырып, Жер менен учуп кетпесин, Алмамбет, Чубак жанаша, Алмамбет анда кеп айтат: — Курдашым Чубак бери кара, Кудай урган куу өрдөк, Айбандан чыккан чоң балаа. Көлдө жаткан көп өрдөк, Көп өлбөдү бүт өлдү, Көрүнбөдү бул өрдөк, Бизди мурда көргөн бейм, Балырга кирип мааналап, Шабырга бойун далдалап, Жашырынып калган бейм, Былк этпей жатып калган бейм, Эрлиги бирдей замандаш, Тилимди алсаң курбалдаш, Сүмбөдөй болуп жапжалгыз, Ыргалып турат бир камыш, Калганынан көзүмө, Караандуу турат көрүүгө. Өкүмдөнүп баспагын, Өтүгүң чечип таштагын, Көрүнүп турган камышка, Акырын басып сен баргын, Эңкейип туруп кол салып, Канатынан кармагын. Жааны кармап турайын, Жалп эткен жакка сунайын. Мен барсам кетет куу өрдөк, Балпайып барып басканда, Белкырчоодон батканда, Асманга учсам, атат деп, Жергелей учсаң жазат, деп, Суу менен барып билинбей, Караса көзгө илинбей, Кутулуп кетет бекен дейм, Чубакты кудай урганы, Алмамбет сөзүн укпады: — Бутумду чечип жүрө албайм, Сууну кечип бара албайм, Көрүнбөгөн өрдөктү, Канаттан кармап ала албайм. Мурдатан билген аргасын, Өрдөктү өзүң кармагын, Карматпай кетсе куу өрдөк, Куткарбаска мен бармын, Чубактан айла кеткенде, Кеп бу жерге жеткенде, Чапаны жок жылаңач, Калпагы жок жылаңбаш, Жылаңайлак Алакең, Сууга кирди жүгүрүп, Алмамбет көргөн мурдагы, Которгон коңур уйаны. Кээ жеринде Алмамбет, Белинен батып балпаңдап, Ток этерге нерсе жок, Токтой калып талтаңдап, Кекиртектен суу кечип, Мурдуна кирип бырылдап, Жатагынын дайны жок, Жаа тартууга алы жок, Алмаң кирсе куу өрдөк, Качпай турган жайы жок, Балыктай секин былкылдап, Суу ичинде жылтылдап, Эр Чубактын атынын, Курсагынан өттү эле, Куйруктан өтө бергенде, Зыр койуп үчүп кетти эле. Кыргыл баштап кырк баатыр, Баары көрбөй калганы, Издеп жүрүп Алмамбет, Өрдөктү таба албады, Таппаган менен Алмамбет, Эр Бакайдын Ташбараң, Үнү угулуп калганы: “Качкан экен каапыр, — деп, Аткан экен абакем, Тап этип калды заңк этпей, Тийгендей болуп калды” – деп, Алмамбет баатыр сүйүнүп, Суудан чыга жүгүрүп, Кийимине карабай, Саралага Алмамбет, Ыргып минип түйүлүп, Минген бойдон салганы, Бакайга жетип барганы. Абаң Бакай карыйа, Таш сеңирдин тумшукта, Салынып келген урчукта, Сарапча тартып көзүнө, (Кандай айтып сөз жетет, Байыркынын кээсине?) Ташбараңды бетке алып, Көлдөн келчү жылганы, Маңдайында бет салып, Алмамбет айткан өрдөктүн, Белгисин Бакай эске алып, Ээгинде сакал чөкчөйүп, Карап жатса мөкчөйүп, Камчы саптай бир элес, “Жандар эмес чаңбы? – деп, Же сыйкыр өрдөк ушинтип, Учуп чыккан албы? – деп, Алмамбетти жазгырып, Качып калган экен” – деп, Чылбыр бойу алдынан, Келер жолун мелжемдеп, Ченеп туруп эр Бакай, Машаны тартып жиберет: Кызыл милте чып жетти, Ташбараңдан ок жетти,
Чылбыр бойу илгери, Учуп өрдөк ал жетти Мойундан үзүп ок кечти, Канаты күнгө жарк этип, Аңтарылып салп этти. Арстан Манас барыптыр, Аңкайып карап калыптыр, Ал аңгыча Алмамбет, Жылаңайлак, жылаңбаш, Балыр, баткак аралаш, Ал дагы жете барганы, Түшө калып атынан, Канатынан кармады, Өрдөккө жаба түкүрүп, Айкөл шердин жанына, Канжыгага байлады. Кийимин алып эр Чубак, Чукчуңдаган бул Чубак, Аркасынан жарышты, Кийинип алып Алмамбет: — Жүргүн баатыр, жүргүн, — деп, Бастырып жолго салышты, Алмамбет ойлойт ойунда, Аккулжага барышты.
Ат чалдырып, чай ичип, Аш-тамагын жай ичип, Жалгыз арча - Ачмойнок, Кулжанын жатчу жерине, Кетип барып болжолдоп. Кулжанын жаткан белеси, Айагы сегиз коо экен, Үстү бийик тоо экен, Өөдө-төмөн бөлүнгөн, Тогуз жолдун тоому экен, Отуз кокту оозу экен. Үстүндөгү чокуну, Түйүн чоку дейт экен. Алты күндө аккулжа, Бирден чыгып чокуга, Отуз кокту оозунан, Тогуз жолдун тоомунан, Жолду карап келчү экен. Ай эсептеп, күн санап, Абайласа Алмамбет, Эртең менен жетпесе, Бешимде кулжа жол чалып, Чокуга кетер күн экен, Ошол үчүн ал жерде, Алмамбет айткан кеп экен: — Түн уйкуну бөлөлү, Түн бойунча жөнөйлү, Ай аркандап, күн санап, Күн артынан түн санап, Эсеп кылсам байатан, Күн мелжемге толуптур, Аккулжанын чокуга, Чыгар күнү болуптур. Чокуга чыкса көрөт ко, Бейжинди карай жөнөйт ко, Келди деп Коңур билет ко, Түп Бейжинде Эсенхан, Эмгиче келген тынч аман, Кабар салып ийетко, Алтымын капка каканчын, Атышып чыгар алпы чын. Алып келип туңшага, Барысын жыйнай салбасын! Жол чалдырбай шүк гана, Кулжаны курчап алалы, Мунун жанын тындырып, Анан шум түлкүгө баралы, Алмамбет айтып акылды, Тогуз жолдун тоомунда, Тогуз бөлдү кырк эрди, Эгиз башын ылгабай, Тегиз бөлдү кырк эрди. Чоңколот деген бар эле, Жаздырып качса кулжанын, Кетер жолу ал эле, Тетир жылга дээр эле, Тээктүү жолдун бири эле, Чоңколотко Манасты, Тетир жылга дегенге, Абакемди таштады, Баарысына кайтадан, Алмамбет сөзүн баштады: — Аркар-кулжа санаксыз, Аккулжа деп атпаңар, Атка минип дардактап, Ары-бери чаппаңар, Качкан кулжа көрүнсө, Абыдан тиктеп байкаңар. Өңү ылгый кара сур, Мүйүзүндө сымы бар, Ай караңгы түн болсо, От күйгөндөй жылтырар, Белгилери ушундай. Эрен Чубак курдашты, Сыр чечишкен муңдашты, Өз жаныма алайын, Түйүн чоку кароол жак, Жолун тосуп калайын. Силерге белги айтаарым, Алмабаш менен атамын, Аталамбы, жазамбы, Мылтык үнүн байкагын, Аламан атпай баарыңар, Тизмеги менен атыңар, Кимиң атып кулжа алсаң, Башын өөдө каратып, Мууздабастан таштаңар, Деп ушинтип Алмамбет, Эреним Чубак жүрү деп, Тил алабы, албайбы, Түк кишиге билдирбейт, Ачмойноктун сыртына, Боз адырдын кыркууга, Аттарын таштап бир жерге, Өздөрү чыкты кезеңге, Кулан өөк ошондо, Таң агарган кез эле. Келин каш болуп таң сүрүп, Зырылдап салкын жел жүрүп, Күн чыгыштан балбылдап, Кыпкызыл болуп от күйүп, Кызылдан барып сүрүлүп, Жаркырап чыкты күн тийип. Желеленген жашыл кум, Бүгүн да бар ушул кум. Жашыл кумда чабыттап, Жакындаган учурда, Жумурткадай жумалак. Сүттөй болгон аппак таш, Бут тийгенде кылдырап, Биринен бирге өткөндө. Жез комуздай шыңгырап, Түшчүлүк жерге угулат: Кабар берип турсун деп, Жасаткан муну кытайлар, Кокустан калса кулжа уктап, Сырын билген Алмамбет: — Баатыр Чубак, келгин, — деп, Кадимкидей бул жерде, Байкап өзүң тургун, — деп, Өтүктү чечип байпакчан, Боортоктоп жөнөйүн, Болжолго карай өңүттөп, Кулжаны атып көрөйүн, Өтүгүн чечип Алмамбет, Жыла түшүп караса, Акбалтанын Чубагы, Келе жатып жанаша: — Айланайын Алаке, Атактуу кулжа канаке? Жылаңайлак болупсуң, Мени айап койупсуң, Купуйа сырдуу кулжаны, Куткарбайын мен дагы. Качырбай атар мергенмин, Аңдып калсам аркарды, Учурбай атчу мен элем, Уулап калсам уларды, Сырын билген жериңди, Сырын айтып бергиниң, Бет келип маша тарттырса, Мент кыламын кулжаны, Деп ошентип эр Чубак, Болбой туруп алганы, “Кеп кетирип олтурсаң, Кобурдан кабар алар, — деп, Кудай урган бул кулжа, Качып жолго салар, — деп, Эмгегим кетип талаага, Мээнетим бекер калар” – дейт: — Эңкейип кара кулжаны, Ээк алдыңда арча бар, Эки жагы жол ачык, Кетпесин кулжа түз качып.
Атсаң Чубак аткын, — деп, Акырын жылып баскын, — деп, Чубакты жолго салыптыр, Жылаңайлак, жылаңбаш, Алмамбет анда калыптыр. Салаңдап Чубак караса, Сайасы баскан көп жерди, Короо ордундай чоң арча, Көрүнбөйт кулжа карааны, Тиктесе Чубак ар канча. Баатыр Чубак алаңдап, Арка жагын карады, Элестенди аңгыча, Кулжага Чубак карааны. Арамзада кулжанын, Ойлогонун карагын: “Жалгыз эмес маа душман, Кылчайып артын каранат, Тегеректеп калганын, Качырбаска каз канат?” Качар жагын ыктайлап, Бетке алар жагын чамалап, Кулжа калды аргалап. Кыймылдап арча калганын, Кыраан Чубак көрүптүр, Ага көңүл бөлүптүр. Милтеси бачым чоктолду, Артып таштап салаңдап, Атайын деп козголду, Аңгычакты аккулжа, Эңкейиш тартып жылт койду! Элесин көрүп эр Чубак, Ээрчите улап шыкаалап, Тарс дедире бир койду. Жандата атып салыптыр, Калпактай тери салаңдап, Качып кулжа калыптыр. Жылаңайлак Алмамбет, Боору менен жылганда, Жаасын таштап салыптыр, Белинен кармап мылтыгын, Эңкейип алдын караса, Алдыргандай оозунан, Аңкайып Чубак калыптыр, Аккулжа качып жолуна, Жакын жетип барыптыр, Тешик жардын оозуна. “Тешикке кирсе кетти, — деп, Түпкө кулжа жетти!” – деп, Кулжа менен караандаш, Жылаңайлак, жылаңбаш, Эр Алмамбет далдаңдап, Багалеги балбаңдап, Бычактай кара корумда, Койуп барат тартаңдап. Тешикке кулжа жете албай, Же тебелеп өтүп кете албай, Басты карай салыптыр, Бадырап качып алыптыр. “Кетет экен эми, — деп, Кошо кетти жыртылбай, Сыйкырлап чапкан кеби” – деп, Кыңырактай каңшар таш, Катуу чуркап баратат, Бутун тепсеп тартканда, Чыргалаңдап кан агат. Таштын баары кызыл кан, Жарааты менен иши жок, Кыран Алмаң бараткан, Ар бир түрдүү пендесин, Пар кылыптыр жараткан! Үчкуйуштун сеңирин, Айланып кулжа алыптыр, Ачмойнок менен Алмамбет, Алдынан тосо барыптыр. Жытын алып аккулжа, Алдырттан зыркаар жел согуп, Тескейди карай бет алды, Бура тартып шарт койуп, Колундагы алмабаш, Арта салды бир ташка, Катуулап качкан кулжаны, Болжоп атты тумшукка. Алмабаш огу жеткени, Кутулуп кулжа кетбеди, Челектей болгон коргошун, Мойнун таарып кеткени. Жыгылды кулжа дардайып, Атканын жазбай кулатып, Алмамбет калды барбайып, Барбайганы курусун, Басайын десе Алмамбет, Эки буттан кан агып, Мунжу болгон эмедей, Туруп калды шалайып. Болжолдо калган эр Бакай, Ташкелте үнүн угуптур, Кулжаны Чубак атты, деп, Ойлонуп абаң туруптур, Аңгычакты бир демде, Алмабаш үнү чыгыптыр, Алмамбет атты, жыкты, деп, Ак шумкардай сызыптыр. Абаң Бакай караса, Алмамбет баатыр башкача, Тамандын бүлтөк эттери, Эзилген жоор кептенди, Тарамыштар таралып, Кээ бир жери чубалып, Көргөн көзгө дапдайын, Көрүнөт сөөк агарып. — Кызталак Чубак кылдың! – деп, Ачуусу келип арбайып, Бузулуп өңү сурданып, Өйдө болор дарман жок, Жатыптыр Алмаң сулайып, Көргөндө Алмаң Бакайды, Айтканы бул муңайып: Айланайын абаке, Кулжаны атып кулаттым, Качырбай аны сулаттым. Бутумду көрчү абаке, Тил албай койуп Чубагың, Тарамышым зыркырап, Кетип барат чыдамым, Карылык кылып абаке, Башын өөдө каратып, Таштай тур бирден кулжаны, Бакай барса кулжанын, Мүйүзү тенде калыптыр, Көзү менен тумшугун, Ок учуруп салыптыр. Өөдө карап жыгылган, Көрүнгөн жок аккан кан. Карыса да эр Бакай, Эңип алып кулжаны, Улак тартып көнгөн чал, Башын өөдө каратып, Алып барып таштады. Көрө койуп Алмамбет, Эр Бакайга айтканы: — Абаке угуп байкагын, Кулжанын жайын айтайын, Бузулбасын эти деп, Так башына аткамын, Түшө калып мууздагын, Күрөөнүн кызыл кандарын, Мен бутума сыйпайын, Аккулжадан аккан кан, Ар жаратка дары деп, Жүйрүн дөөдөн укканмын, Анда Бакай турабы, Атынан түшүп мууздады, Алмамбеттин жарага, Канын шыбай таштады, Каны кургап катканча, Алакең сап-сак басканы. Ал аңгыча айкөл шер, Аккула менен барганы, Атырылта чабышып, Жетип келди калганы, Сараланы жетелеп, Көзөл Чубак жайдары, Алмаңдын көрүп жарасын, Оор-жеңил чамасын: — Эмне кылып бутуңду, Сен ушинтип алгансың? — Кулжаны Чубак жаза аттың, Качып кетет экен деп, Элебедим таштарын, Тарамышым кыркылып, Шылкы муун болуп калгалы, Мен Алмамбет тас калдым, Канына чылап кулжанын, Эми бүтүп сакайдым, Кулжанын өтүн алдырып, Жарасына куйдуруп, Жаранын канын какшытып, Анын суусун кургатып, Жана Алмамбет турду муну айтып: — Куу өрдөктүн териси Сырын айтам нак билгин, Чалгынга барган кай балбан, Катуу кармап үч силкип, Жамынып алса сыртынан, Нак Коңурбай өзү, деп, Кишинин баары таңданган, Бир иретки сыйкырга, Кадимкисиз жарайт байкасаң, Аккулжанын териси, Кургатып койуп жамынса, Соорандыктын чен тону, Нак өзү болот жайынча, Тааный албайт так айрып, Жабылган черүү барынча. Ошончолук болжолу, Муну менен аргалап, Жандырабыз буйурса, Бир сапаркы көп колду, Куу түлкүнү кармасак, Терисин силкип байлансак, Кубултуп ийбей сактасак, Бул дагы жаман иш эмес. Тартууга сулуу кыз алсак, Куу өрдөктүн иши көп, Тиши алтын, ичи эт, Ылайык көрдүм баатырга, Жүрөгү менен башын жеш, Султаным Манас акың, — деп, Ушунчалык көп кошун, Ээрчип жүрөт такыр, — деп, Кулжанын этин татышып, Эки санын артышып, Хандар татып койсун, деп, Тазбайматка айтышып, Куу түлкүнү издешип, Атынын башын тартышып, “Өрдөктү көлдөн аттык, — деп, Өзөндүн жолун ачтык – деп, Кулжасын төрдөн атты, — деп, Тоонун жолун ачтык, — деп, Куу түлкү кармап алалы, Куу Коңурбай тажаалга, Туйундурбай баралы, Түртүшүп калба салалы” Деп ошентип баатырлар, Ат үстүндө чалкалай, Чирене тээп үзөнгү, Кебирлери кайкалай, Кобураба, шүк дешип, Куу түлкүнү издешип, Түрсүлдөтө бастырбай, Түлкүгө шыбыш алдырбай, Алчактатып тулпарды, Артын бопбоз чаң кылбай. Адырда барат эрендер, Акырын булут жылгандай, Ошондо Алмаң кеп айтат: — Тобун бузбай бастырып, Дүбүр-дабыр кылбаңар, Кетпесин түлкү жаздырып, Куу түлкүнүн сыры ал, Үч күндүк жерден жыт алган, Мына мындай кыйын жан. Сасык туман кыламын, Кандай шумдук дебестен, Кары-жашың чыдагын. Кал деген жерде каласың, Бар деген жерге барасың, Ал жүргөн жерде жан жүрбөйт, Башка жанды жүргүзбөйт, Жети түрдүү кубулат, Койон, мышык боло алат. Жылан болуп жыйрылып, Жерде сойлойт сыйрылып, Чычкан болуп бултулдап, Качууну билет мултуңдап. Ташбака болот дүкдүйүп, Кирпи болот сүксүйүп, Суусуз чөлдө жашаган, Тамчы суудан татпаган, Жандар болуп кубулат, Кескектеп эптүү бурулат. Куткарып ийсең түлкүнү, Жолуңан туруп жай бербейт, Бүткүл кытай козголсо, Катыгүн анда ал келбейт! Деп ошентип Алмамбет, Айтты шумдук далай кеп.
Тоо-тоонун башы тумандап, Булуттар көчүп кылаңдап, Коктудан ылдый сылытып, Көк түтүндөй жайылып, Текенин заарын чачкандай. Тоолордун башы бош калбай, Жөө турмак басып бир демде, Заматта бүтүн өзгөрүп, Айлана калды чүмкөлүп, Ошондо Алмаң шаңданып, Айра сүйлөп камданып, Төтөлөй сен баргын, деп, Төртөөң мында калгын, деп, Кыргылды кошпой он бөлуп, Кырк баатырды тең бөлүп, Өз алдынча топ кылып, Он сайдын оозун тостуруп, Абаң Бакай карыны, Көрөгөчкө шыйгарып, Бир дөбөгө чыгарып, Абыр–шабыр аттанып, Алыстады жол тартып. Келе жатып Алмамбет, Айкөл шерге мындай дейт: — Эненин сүтүн татышкан, Агам Манас жолборсум, Ойрон Чубак жолдошум, Жаза атсам түлкүнү, Жашымда кыйрап оңбосмун! Калкайып турган бул тоонун, Орто жери чоң ойдуң, Он тарабы он колот, Башы барып бир болот, Куу түлкүнүн жатагын, Кароолдөбө деп койот. Ат айабай жүрөйүн, Кырды карай бет алып, Изин карап билейин, Кетти бекен жыт алып. Ат чабым жерде бир кум бар, Түлкүнүн барып келгенин, Киши билбейт из калбай. Түлкү издеп чалганга, Кар жаадырдым ал кумга, Жеке барып из чалып, Карап көрөм ушуга, Тумандан түлкү шек алып, Кеткен болсо чокуга, Дообас уруп үн салып, Байрак булгап келгин, деп, Чакырамын баргыла, Кеткен болсо чокуга, Ат айабай жан кыйнап, Айла бар ага да кыйла. Кетпеген болсо кум басып, Башы ылдый келемин, Куу түлкүнү мен кагып, Айтып койуп Алмамбет, Жүрүп кетти жолуна, Сарала менен самсытып, Эликтей көзүн жайнатып, Ооздугун чайнатып, Алакең жолго салыптыр, Кумдан барып из чалса, Түлкү кадам баспаптыр, Абалды билип Алмамбет, Асманды ачып таштаптыр. Шамал чыгып күркүрөп, Бөлүндү туман бириндеп, Күнчүлүк жери дапдаана, Көрүндү какыр зимилдеп. Тумшугун катып чурайга, Жүдөгөн түлкү туманда: “Беймаал түштү жутчулук, Барбы, — деп, - мында бир шумдук, Былк этпей үч күн жаттым, — деп, Бир жаңылыш барбы? – деп, Көтөрүп тумшук элеңдеп, Алмамбет иши белем? — деп. Чай кайнамда бул туман, Ачылып кандай калды?” – деп, Көтөрүп мурдун шум түлкү, Шур-шур тартып жыт бурайт, Айлананын баарысы, Жыттанып дары буркурайт. ”Көкө теңир урдубу, Көрүнүп ажал турдубу, Мени кара бастыбы? Алмамбеттин амалы, Меникинен аштыбы?!” Чыдамы кетип жата албай, Кароолдөбө бет алып, Улам-улам жыт алып, Шимеңдеп жөнөп калганы. Алмамбет билет балдыртан, Эсенхан мындай салдырган, Кумга көмгөн коңгуроо, Аттын буту тийгенде, Алты күндүк алыска, Апайгине угулчу, Сом темир менен бир салса, Үнү башка чыгуучу, Коңгуроо жайы мына ушу. Өзү билген Алмамбет: “Мурадил келген экен деп, Ойлосун шум түлкү” – деп, Сом темир менен бир салды, Он колоттуу кең ойдуң, Кандайлыгын ким билет? Жер жарылып күңгүрөп, Тоо бузулуп дүңгүрөп, Эси коркок чорого, Коркуудан кирип сүлкүлдөк: “Кытайга барбай какырда, Кырылып эми өлдүк!” – деп, Кай бирлери сөгүштү, Алмамбетти күпүрлөп. Эр Алмамбет баатырың, Колундагы сом темир, Жазылыптыр ашкере, Караса анын сабына: “Кароого келсе Коңурбай, Кол баштаса Соорандык, Кийе турган тондору, Салынган шири кабына.” “Мен билбеген бир шумдук, Болгон экен, — деп, Түлкүнү кармап алганда, Карап көрөм аны” – деп, Ойлонуп баатыр тургунча, Ой канатын жыйгынча, Кароолдөбө барууга, Каңгайдын жолун чалууга, Шимеңдеген куу түлкү, Жетип келди көк кумга. Буту кумга жеткенде, Утур келип шум түлкү, Сараланын изине, От күйгөндөй болгону, Ойрон түлкү ичине: “Көрүнүп турган бул издер, Мен тааныган из эмес. Изи түшкөн бу жылкы, Бейжиндиктин жылкы эмес, Минип келген ким болсо, Оңой-олтоң киши эмес. Сурандыктын Алмамбет, Соо койчунун бири эмес” Ичинде түлкү муну деп, Бура тартып мултуңдап, Кумга түштү култуңдап, Кууп келет Алмамбет, Артынан топо буртулдап. Элебей качып куу түлкү, Эрен Чубак баатырга, Келип калды чукулдап, Төрттөн бөлүп таштаган, Кырк баатыр турат ыкыстап, Найзакер найза кармашып, Өлчөм менен тыкыздап, Мергендер милте түтөтүп, Бере көр деп тиктешип, Кылычка машы чыккандар, Кынынан сууруп алышып, Кыргыз, кытай аралаш, Кырылышып кетчүдөй, Дайардана калышып, Жааны тартар мыктылар, Жебесин колго алышып, Телденишип турганда, Түлкүнү Чубак көрүптүр. Сайганын жазбас тегеле, Найзага мыкты эр эле, Түлкүнү сайып алчуудай, Кыраан Чубак эми эле, Көктекесин чуратып, Көккө топо булатып, Кыйырынан тийди эр Чубак, Кетүүчүдөй кыйратып. Көрө салып Алмамбет: “Сайалбай Чубак жазар, — деп, Жана түлкү качар” –деп, Айарланды Алмамбет, Кайра качып кетпеске, Дайарланды Алмамбет. Капталдан Чубак чыкканда, Көрө койуп бул түлкү, Өтө жаман шум түлкү: “Чырпыгы сынбас чынардай, Чыңдын бири экен, — деп, Чылбырлашкан душманга, Чырдын бири экен, — деп, Жолдун баарын бул душман, Тоскон экен бекемдеп, Бул бойдон качып кете албайм, Кубулбасам бекер” – деп, Чубактан найза жетерде, Ыргып кетти кылт этип, Эр Чубактын найзасы, Кумга тийди мылк этип. Ырысы каткан экен, деп, Илинип калды бекен? деп, Көтөрүп алып найзаны, Көз жүгүртүп карады, Түлкү тургай түгү жок, Кылайган эме шеги жок. Эми түлкү ашыгып, Эр Чубакты жазгырып, Койон болуп бөжөңдөп, Кош кулагын жапырып, Алмамбет өттү бекен, деп, Караса артын кылчайып. Жебени кармап оштонуп, Турган экен залкайып, Ар адиске берилип, Ары бери секирип, Далдаага кирип жоголуп, Аткан октой чу койуп, Качып койон жөнөдү, Аны Чубак көрбөдү. Бута атым узай бергенде, Бурулушка келгенде, Бууданын көкжал көргөнү, Аккула менен аргытып,
Алдынан өтө каргытып, Койонду көздөн чыгарды, Кубалап кетип баратып, Аңгычакты үч кемер, Катар келди жанашып, Айкөл Манас баатырың, Аңдарга калды капташып. Жаныбарым Аккула, Үч аңдан катар өттү эле, Көрбөгөн арстан койонду, Аккула келет элестеп, Чычкан болуп кубулду, Кетеринде тебелеп, Күч келди бу кулага, Бүткөн бойдо жошулду, Жамгырдай тери себелеп, Адаштырып Манасты, Андан кетти шум түлкү, Алмамбет, Чубак, айкөл эр, Баарына болду чоң күлкү, Бир кишинин ордунда, Төрт кишиге кез келди, Тили карыш чубалып, Кара жанга күч келди, Экөө калып айалдап, Экөө катуу тап берди. “Баары экен кылдат, — деп Өткөрбөйт экен мындан, — деп, Мындан айла болбоду, Тетигинден өтөм” – деп, Арамза түлкү маминтип, Убара болуп темселеп, Онунчу жолдун оозунда, Эр Сыргакка кез келет; Сыргактын көрүп сымбатын, Мындайча түлкү баа берет: “Чынында түлкү мен эмес, Ушул түлкү экен, — деп, Бет келбей кайра качайын, Бул түбүмө жетер” – деп, Чычкан бойдон чымылдап, Кум менен келет зыпылдап, Кыраан Чубак баатырга, Жолдо калды учурап. Көзүнө Чубак илбеди, Түлкүнүн сырын унутуп, Шумдугун анын билбеди. Андан өтүп кетти эле, Айкөл Манас көкжалдын, Так өзүнө жетти эле, Адамдан артык акылы, Азамат эрдин жакыны, Арстаныңдын Аккула, Көрө койуп чычканды, Жагалмайдай сызганы, Элөөсүз тууган кайран эр, Жыгылгалы таз калды. Чычкандын көрүп элесин, Чындап эми чапканы, Куу түлкү сынын кубултуп, Ташбака болуп жатканы, Тай чабымдай барганда, Аккула тулпар баспады. “Ташбака болуп кубулуп, Калган экен капыр, — деп, Аккула билди акыр, — деп, Сыйкырдын баарын Алмамбет, Билет экен такыр, — деп, Кабар укса булардан, Жеткирбей бизди Коңурбай, Келмек экен капыр” – деп, Аккула менен балкылдап, Ач албарс жанда жаркылдап, Келип калды арстаның, Ташбакага жакындап. Жаныбарым Аккула, Так жанына келгенде, Имерилип турганы, Айран калып айкөл шер, Алды-артын караса, Узундугу чылбырдай, Жоондугун байкаса, Түрүп койгон чийдей бар, Көрүп калды жыланды. “Алакем айткан шум түлкү, Жылан болгон экен, — деп, Коркуп өтүп кетет, — деп, Ойлогон белем мени” – деп, Сырнайзаны кармады, Тегеретип найзаны, Как шилиге саймакчы, Сайайын десе жылан жок, Жылан бойдон турган жок, Кирпи жатат түйүлүп, Андан башка жандар жок. Эрен Манас баатырдын, Энөөлүгү кармады, Элейип тура калганы, Нак куу түлкү булаңдап, Сойодой куйрук чубаңдап, Качып жолго салганы, Алпка тийчү немедей, Манастап өзүн чакырды, Баатырдын үнүн укканда, Мана түлкү шашылды, Кармалуу колдо сырнайза, Эки ирет жаздырды. Сайдырбастан баатырга, Аргып бара жатканда, Сырнайзаны шилтеди, Туурадан кара капталга. Сыйкырлуу түлкү капырга, Кирбестен найза учунча, Күүлү найза тийгенде, Учуп кетти капкайда. Тигиштен бетер ыдырап, Талкаланды кабырга, Шайы кетип алсырап, Калбады алы качарга. Оңолуп түлкү болгунча, Оңтойлуу тыным алгынча, Кыраның карап турбастан, Илип алды найзага, Илингенин найзага, Баатыр Чубак көргөнү: — Береним, мага бергин, — деп, Бакырып Чубак жөнөдү. Кыйкырыгын Чубактын, Адамдын баары угуптур, Алда эмне болду, деп, Ат койуша жөнөптүр. “Кабар алып сыйкырдан, Каптаган экен калмак, — деп, Ушинтип жүрүп Алмамбет, Бир балаага салмак!” – деп, Кеги калган ичинде, Кыргыл чал келет күпүлдөп; “Так ушуну кылмак!” – деп, Тазбаймат келет дүпүлдөп, Сыргактан башка тогуз топ, Калгандар келет дүңүлдөп, Түлкүнү көрүп Алакең, Нур балкыйт жүзү күлүңдөп. Аңгычакты болбоду, Кыбыладан бир шамал, Каптап келди дүрүлдөп; Арамзада чоң Коңур, Алмамбет келер бир күн, деп, Келсе билбей калсын, деп, Шамал жүнүн ыргаса, Кутулмай кылып түлкүнү, Эч нерсеге турбаска, Койгон экен сыйкырлап, Шамал менен селп этип, Качып жолго салыптыр, Кайран Сыргак баатырга, Учурап түлкү калыптыр. Акылы терең эр Сыргак, Имере кармап камчыны, Кирип келип чукулдап, Камчыны шилтеп ийерде, Түтүн болду бур этип, Миң кишинин бакырык, Кулагына чур этип, Очогор үнү күр этип, Калгандай болду ок жетип. Чокуга чокмор тийгендей, Туулгага дүп этип, Чаптырбастан Сыргакка, Бурула берди кылт этип. Аккула менен айкөлүң, Аңгыча келди ал жетип, Жана ыкым кылганча, Кадалды найза бооруна, Шум түлкүнүн мылк этип, Арстан алып түлкүнү, Абаң Бакай эр баштап, Бары салды күлкүнү, Арзан эле жолуккус, Бир түгөнгүс мүлк ушу. Канаттуудан кабарчы, Кайыптан койгон чабарчы, Кабар салып жеткирип, Каңгайга барар калбады. Кабарчысын кайсашып, Сакалдарын чайкашып, Кошто калган элине, Келе жатат айланып.
Күртүлдөк деген жер эле, Кебер шордун кени эле, Аралап токой келгенде, Алмамбет айткан кеп эле: — Олуйа Кошой зор баштап, Буудайык хандын Музбурчак, Улуктун бары биздерге, Ынтызар болгон ушул чак. Туура келсе сиздерге, Толкуну күч көп элге, Ат айабай чабалы, Айалдабай баралы, Катар жеңдик үч душман – Атып алган куу өрдөк, Ач белесте аккулжа, Арамзада шум түлкү, Айтып барып кабарын, Сүйүнчүсүн алалы. “Хан оозу маймак” деген бар, Кудай билет олуйа, Уктаса түшкө кирбеген, Бейжинде жаткан сулуудан, Биздерге берип салабы, Тартууга келген кыз болсо, Талашпай алып тыналы, Айтып болуп Алмамбет: — Кана эмесе, баатырлар, Мурун кетти дебе, — деп, Саралага камчы уруп, Кыргыздап Алмаң бакырып, Аркасынан чыккан чаң, Жөө тумандай чачылып, Буртулдаган топону, Асманды карай сапырып, Алчыланган көп буудан, Арандай оозу ачылып, Калкан, соот кагышып, Капчыгайлар кабышып, Этектерин жыйнабай, Далбаңдата жарышып, Оңду-солду теминип, Өпкөлөр көөп желигип, Олбуй-солбуй камчылап, Аткандай мылтык бадырап, Бири кирсе далдага, Бири чыгып кашатка, Короктошуп көрүнүп, Көз жеткис болуп бөлүнүп, Алмамбет, Чубак баатырлар, Кыргыл баштап кырк эрен, Баары жолго салыптыр, Бакай, Манас калыптыр. Кайнаган кыргыз калың кол, Кайкап турган жер ошол, Аралыгын сураса, Алты күндүк кере жол. Аш бышымдай убагы, Алар чукул барышты. Абаң Кошой карыйа: “Алмамбет айткан башында, Күн мезгил толду, — деп, Көкжал арстан шер баштап, Келер кези болду, — деп, Куу Коңурбай тажалдын, Сыйкырын бузуп баргандар, Кеңири жолду ачарбы? Же үчөөнүн бирин кетирип, Алдыбызда келер түн, Какандын колу басарбы?” Жакшы-жаман аралаш, Эки жагын тең ойлоп, Дөбөнүн чыгып башына, Көрпөчө салып астына, Олтурган эле зор Кошой, Кийинки ишти болжолдоп. Кошойду көрүп калгандар, Алп Жамгырчы, Музбурчак, Шыгай менен Текечи, Үрбү менен эр Агыш, Алп Төштүк менен Керкөкүл, Кокондун ханы Сынчыбек - Улуктар басып барышты. Акбалта кепчи эр эле, Айтып турган кеп эле: — Кана, Кошой, не болдуң? Дөбөнүн чыгып башына, Зоңкойуп келип отурдуң, Атбашы түшүп эсиңе, Көчүгүң койуп олтурчу, Аламышык тооңду, Билип турам ошону, Сен көөнүңө толтурдуң... Акбалта ойун төккүнчө, Айтып сөзүн бүткүнчө, Төштүктүн кармап колунан, Керкөкүл туруп ордунан: — Булургуган топурак, Чыгыш жактан чаң чыгат, Ачып көздү жумгунча, Алда кайда созулат, Көп аздыгы билинбейт, Бүлбүлдөп көзгө илинбейт, - Анда Кошой айтканы: — Кароолчулар качканбы, Каңгайга барып айтканбы? Алп Коңурбай баш болуп, Алар келе жатканбы? Же эрендер шумдарды, Жатагынан басканбы? Сүйүнчүлөп биздерге, Дардаңдашып алганбы? Алды артын карабай, Калдаңдашып калганбы? Абайлап байкап көргүлө, Келе жаткан адамды, - Дөңдө турган хандары,, Баары карап калганы, Абыдан көзгө көрүндү, Келайткандын карааны. Керкөкүл жаш, көзү курч, Анын айтып турган сөзүн ук: — Ушул турган баары жан, Баарың окшош жалпы хан, Келайтканды карасам, Айдай аты жаркылдайт, Малакайда диңзи таш, Жаркыны көктө жалтылдайт. Экөө экен чыккан жан, Бирөөн байкап карасам, Узун болйуу кең далы, Мингени күлгүн көрүнөт, Көзүр Чубак сардарбы? Алмамбет, Чубак эки шер. Ат сынашып калганбы? Же болбосо баатырлар, Кароолчу кармап качырбай, Сүйүнчүлөп силерге, Ат өлөрүн карабай, Антип жөнөп алганбы, Айкөл Манас, Бакай жок. Кыргыл баштап кыркы жок, Кыраан Сыргак баатыр жок, Көзгө турар такыр жок. Кордук көрүп каңгайдан, Качып булар келгенби, Калгандарын каңгайга, Түгөл таштап бергенби? Айкөлүнөн айрылып, Келбейт эле бул жерге. Эртелеп катуу келайтат, Угулат кеби бир демде, - Айтып оозун жыйгынча, Жарышкан эрлер келгени, Чылбыр бойу алдында, Алмамбеттин Сарала, Чылбыр бойу артында, Эр Чубактын Көгала, Аттарын шыбап айабай, Бөлөп келет камчыга. Эр Алмамбет бакырат, Тоо кабышып каңкылдап, Эрен Чубак күркүрөйт, Жер айрылып дүңгүрөп: — Сүйүнчү, хандар сүйүнчү, Душманга болсун күйүнчү, Канаттуудан кабарчы, Аккулжадай чабарчы, Шум түлкүдөй айарды, Качырбадык аларды! – Хандардын чери жазылды, Угуп ушул кабарды. Ошондо Кошой борсулдап, Башкача күлүп солкулдап: — Сүйүнчүңөр болсун, — дейт, Башыңа дөөлөт консун, — дейт, Силерге балдар болдум кош, Кудай ачса жолуң бош, Кылымдан чыккан кырк кашка, Кырк кашканын сай буудан, Сен экөөңө жанашып, Келе албаптыр эч бир жан, Аллам ачса жолуңду, Кытайда эки сулуу бар: Кылым элге даң болду, Эсен хан кызы Бирмыскал, Чылбыр бойу алдында, Келгениңе Алмамбет, Сүйүнчүгө аны ал; Айжаңжүн кызы Бурулча, Эр Чубаке, саа берем, Экинчи хандын кызы ал. Тартууга келип сулуу кыз, Алып калсаң экөңөр, Оңой эмес ушул иш, Алдында келген эрендер, Сүйүнчүгө кыз алып, Санаасын басып берендер, Алар антип тургунча, Келип калды айкөл шер. Алмамбет, Чубак элине, Жай-жайына кетишти, Хандын баары жабылып, Эр Манастын үстүнө, Учураша келишти. Эрен Манас жаркылдап, Ителгидей баркылдап, Эр Алмамбет баатырдын, Келгендерге кеп салды, Кылган ишин көп мактап. Кыңк эткен адам бир жок, Тыңшап баары укканы, Кулжанын беш сан эти бар, Ашпоздору бышырып, Алып келип тартканы, Кароолчусун жедик, деп, Кадиксиз болдук эми, деп, Хандар кайта кайтканы. Муну мындай таштайлы, Алмамбет менен Чубактын, Чатагынан баштайлы.