Манастын Бейжинге аттанышы, Алмамбеттин хан болушу
“Эртең хандар аттанат, Амандашып калам” – деп, Айабай Каныш камданган. Накылайдын үйүнөн, Хандар чыкты аттанып, Бейжинди көздөй бет алып, Каныкейдин айылынын, Как тушуна барганда, Алмамбет турду муну айтып: — Тетиги турган жеңеме, Түшбөй өтсөк кээ болор, Арзан жоого жүрбөдүк, Эртеңибиз не болор? Аркаңдагы жалгызды, Көрүп өтсөң не болор? – Анда Манас муну айтат: — Аргымак жыйдым, ат жыйдым, Аккулача болбоду, Азамат жыйдым эр жыйдым, Алмамбет, сенче болбоду, Аркаңда калган жалгыздын, Жүзүн көрсөк экен, деп, Айткан пенде болбоду, - Булардын айткан кептерин, Баарын Кошой угуптур: Айтса-айтпаса арстаның, Аркасында жалгызын, Көрө кетсин, жүрү, — деп, Хандарды баштап жүрүптүр. Он төрт хан келди күлдүрөп, Кырк чоро келди күжүлдөп, Чукул кирип келгенде, Алмамбет айтат күлүңдөп: — Учураша бурулдук, Каныкей жеңе, сизге, — деп, Азыраак кызмат кылабы, Жардамы барбы бизге деп, - Адеп көргөн чоролор, Хандардын атын алышты, Аса байлап салышты, Эрлерге урмат билгизип, Эшик ачып киргизип, Белендешип шекер, бал, Керткен казы, бычкан жал, Ич эти, карын, картадан, Сүткө бышкан козунун, Куйругунан канча бар, Дасторконго койдурган, Алтымыш уруу андайдан, Куу менен кыргоол кошо бар. Самоорлорун кайнатып, Дасторкондун бетинде, Сары кантын жайнатып, Татты менен чай берип, Ашыктырбай жай берип, Дасторконун жыйдырып, Бата-дуба кылдырып, Ырчы уул менен Боз уулду: — Экөөң бери келгин, — деп, Чукул туруп жаныңда, Мага көмөк бергин, — деп, Ээрчитип барып Каныкей, Тордомолуу ак калай, Узундугу алты кез, Эки жаны сары жез, Каркыттаган зембилге, Кара кайыш быйдана, Катырып калган аптыра, Абайлатып салдырып, Көтөртүп алып экөөнө, Алып келди өргөгө. Тегеретме тээги бар, Тигип койсо тээгине, Ачылып кетер чени бар. Кылытын билген Каныкей, Тийип койсо тээгине, Аптыранын капкагы, Ачылып кетти шарк этип, Үйдүн ичи жарк этип, Так пейиштин жытындай, Мурдуна кирди бур этип, Үйдө олтурган бардык жан, Карап калды таң калып. Эңкейе түшүп Каныкей, Он төрт бокчо колго алды, Хандардын койуп алдына, Каныкейдин айтканы: — Бара турган жериңер, Көрбөгөн жер, угушта, Жери чаңдак шор деген, Эли жакыр кор деген, Айланасы көз жеткис, Алтымыш капка жер деген, Ошонун барын башкарган, Коңурбай калча зор деген. Кырк күнү жатсаң чечинбей, Кыргагына кир жукбай, Тигишпей бит сур турбас, Букардан келген дүрүйө, Пулу оор карала, Анжийандын ак шайы, Намангандын суптары, Алдырып келип алыстан, Силерге арнап жасагам, Кирдегенде киерсиң, Кымбат – баркын билерсиң, - Колуна алды бир калта, Урук-чурук караса, Бүйүрмөлү оозу бар, Бапык таккан боосу бар, Бөлөк-бөлөк, байгашка, Каныкей айтат мындайча: — Айкөл менен бир жүргүн, Кыркыңар тең кырк арстан, Милдет кылды дебеңер, Бир-эки ооз сөз айтам, Көп алыстап кетпестен. Көкөтөйдүн ашынан, Эки жылдын алдында, Айлыңарга мен келдим, Ошондон бери карата, Бирөөнө жаман дебедим, Урматташып келемин. “Вазир жакшы, хан жакшы, Катын жакшы эр жакшы” Илгеркинин дегенин, Ойума сактап түйгөнмүн, Минер аттын баарынын, Тулку бойун күймөлөп, Туйагынан башкасын, Баарын күмүш түймөлөп, Мылтык атса ок өтпөс, Милте жанса чок өтпөс, Чапса кылыч кесе алгыс, Сайса найза теше алгыс, Камдакай менен каптадым, Кара бойум чаптадым. Таза жерге жыктырдым, Тармал ирик кырктырдым, Кыздарга кылын тердирдим, Шуушаң менен керттирдим, Майда кумга сабаттым, Төрт талаа кылып жасаттым, Тигишип милте жаптырдым, Тышынан чыраш тартырттым, Ичине шайы ичтеттим, Жээгине кара карматтым, Борго кошуп болоттон, Арасына ширеттим. Кыркыңа кыркты жасаттым, Чөмөрө басып кийерсиң, Жеңеңердин бергенин, Ошондой жерде билерсиң,
Ак калпак деп ат койдум, Акырзаман журтуна, Ак калпак кыргыз эли деп, Атагың өчпөй жүрөрсүң. Мурда кыргыз жүрчү эле, Калпакты кайдан билчү эле? Тигишсиз туйук уйутуп, Кара кийиз кийчү эле, - (Акындын эмине чатагы, Ак калпак кыргыз деген деп, Жеңеңден калган атагы). Сол колун ачпайт жумулуу, Аныктап уккун ушуну, Анан жана Каныкей, Ажыбайды карады, Айткан кеби мына бул: — Кырк жигиттин бийисиң, Кыйын кылдат бирисиң, Кишинин жакшы – жаманы, Кыйналган жерде билинсин. Көкөтөйдүн ашынан, Көп чогуунун кашынан, Келгенден бери чама жок, Таласка көчүп келгенде, Абыке менен баш кылып, Үч жылдын алды чагында, Эл мактаган беренден, Терисин бузбай кийикти, Көзгө атамын дегенден, Ополдун аркы бетинде, Даңдуңбаштын тоосунан, Тарашалуу зоосунан, Таңдап туруп аттарын, Талпагын жайа тарттырып, Көлөкө кылып териге, Күн тийгизбей четине, Карамтыл так түшүрүп, Кан жугузбай бетине, Алып келип бул жерге, Айлыбыздын жигитин, Алматыга жибердим. Жаш жыгачтуу алманын, Кабыгынан жыйдырып, Кырчындуунун кырк чачтуу, Тал бүчүрүн сыдыртып, Кермегин жакшы кандырып, Тандап жүрүп абдан, Буласын алдым талынан, Ак болотту эгетип, Арасына ширетип, Албарс учтуу шибеге, Ак болот ийне биздерде, Айланасын кабууга, Араң жетти бир күнгө. Жасаганым кандагай, Касиети бир далай. Чойуп койсоң, Ажыке, Чылбыр бойу узарат, Койо берсең жыйылып, Уучтан ашпай чогулат, Табылгы, сөксөөл чогуна, Күймөк түгүл ысыбайт. Теңдешери Коңурбай, Теминише киргенде, Темирден ыштан кийгенде, Такымы жооруп кетпейби, Кара темир кийгенде, Карсылдаша киргенде, Карчыты жооруп кетпейби, Кабылан эрдин ошондо, Кайрылбас жайга барганда, Каргышы мага жетпейби?! Көрпөчөнүн бүгүшкө, Сала жүргүн,Ажыбай, Аттанып жоого чыгарда, Кийгизип койгун арстанга, - Каныкейди карашып, Катын мындай болсо, деп, Калктын баары жаратып, Ырысына канкордун, Берген экен муну, деп, Кара баштуу пендеден, Жок чыгар мындан артылып. Жез оймоктун узу деп, Кобурашты кыйла кеп. Анда Кошой кеп айтат: — Кана, балам Каныкей, Алып келчи чүрпөңдү, Төрөнүн жалгыз перзенти, Учураша кетели, - Эпчи жакта жүк бурчу, Боор такасы алтындан, Көзү сүйкүм мөлтүрөк, Кохардан мончок тагылган, Кундактагы баланы, Борумдуу тууган Каныкей, Ажыбайга берди эле, Эңкейе түшүп Ажыбай, Хан Кошойго сунду эле. Кошой алып колуна, Оң бетинен бирди өөп, Сол бетинен бирди өөп, Кутбаны карай баштандып, Оң тизесин жаздантып, Жаткырып койуп баланы, Мурутун сылап олтуруп, Муруттан чыккан бир кылды, Комуздун кылын түргөндөй, Колуна түрүп толтуруп: — Мына, балам Каныкей, Белги кылып тагып бер, Медерлүү болсун жалгызың, Тумар кылып тагып бер, Туруктуу болсун жалгызың, - Кошойдон өтүп кеткенде, Хандар алып сүйүшүп, Кырк чорого берди эле, Кырка сүйүп кырк баатыр, Каныкейге берди эле. Элдин аркы четинде, Ашкана жаккы бетинде, Тамылжыган зор Манас, Олтурат эле ал жерде, “Көңүлүм түшсө бекер, — деп, Көзүм тийип кетер” – деп, Ичинде ойлоп чебердеп, Чын ачуусу келгенсип: — Алпар ары! – деди эле. Төрдө олтурган катар хан, Каарынан жадаган, “Жалгыз уулу ушуга, Буга ракым кылбаган, Кимге ракым кылат? – деп, Кыйгына биз тийсек, Баарыбызды чогултуп, Бир эле күнү кырат” – деп, Эки-экиден күбүрөйт, Сийдиги агып бүрүлдөйт. Каныкей анда кеп айтат: — Алмамбет айаш, — деп айтат, Айчыгы алтын кызыл туу, Асмандата аштапсың,, Аскерди калың баштапсың Жетим уул, тул катын, Жергеңди каран таштапсың. Аксак сөөнөт тайакка, Аскери барат кайакка? Төкөр сөөнөт тайакка, Төрөңүз барат кайакка? Азык алдың дилдеден, Атка миндиң чилдеден, Арстан төрө баатырдын, Адам сырын билбеген, - Алмамбет анда мындай дейт: — Тээ Каспаңдын кара тоосунда, Капкалуу Бейжин оозунда, Чок табылгы жайлаган, Чоң кара атын байлаган, Жоо дегенде шайланган, Калдайдын уулу каапырга, Хан Коңурбай баатырга, Казат кылсак ага деп, Учураша бурулдук, Каныкей жеңе, сага деп, - Алмамбет муну дегенде, Каныкей айткан бул бир кеп: — Адырда жылкы ала баш, Аргымак чалыш аралаш, Аргымак таптап минүүгө, Арстан көргөн бала жаш. Тоодо жылкың алабаш, Тобурчак чалыш аралаш, Тобурчак токуп минүүгө, Төрөмдөн калган бала жаш. Сүйүп мээрим канган жок, Султанымдын артында, Семетей жалгыз, өзү жаш, Сөөнөр бала калган жок, Алып мээрим канган жок, Семетейге бир белги, Арка болор калган жок. Султанымдын барында, Мелүүнкү жатып уктадым, Беш тайпа журтту туткамын, Менде тоодон чоң арман, Безилдетип ыйлатып, Семетейге бир медет, Перзенттин үнүн укпадым. Баатырымдын барында, Мамыкка жатып уктадым, Бардык ишин туткамын, Басылбаган чоң арман, Семетейге бөбөк деп, Баланын үнүн укпадым. Алдырып салсаң кыйрадың, Арманды ичке жыйнадың, Жайкы чилде кырк күндүн, Кышкы чилде кырк күндүн, Эки кырк күн сексендир, Көрбөгөн пенде жексендир. Келер маалың кайсы маал? Кебиңди, айаш, айта сал, Кайтар маалың кайсы маал? Кабарың, айаш, айта сал. Келип калсаң жол менен, Айрык черүү кол менен, Так ушул кезде келмек деп, Жолунда такыр болойун, Семизден кармап сойойун, Дасторконго койоүн. Аарынын күчү бал менен, Айымдын күчү хан менен, Хандын күчү эл менен, Катын күчү эр менен, Кыйандын күчү сел менен, Булуттун күчү жел менен, Буудандын күчү жем менен, Күлүктүн күчү тер менен, Күрүчтүн күчү дем менен, Дыйкандын күчү жер менен, Тайанар жалгыз төрөбүз, Жаман жолго жөнөлдү, Жаның тирүү көрөмбү? Же айрылып калып арстандан Армандуу болуп өтөмбү? Кабарын уккан Бейжинде, Коңурбай менен Мурадил, Эки чочко зор деген, Кармашканы кор деген. Камап калмак октосо, Камоодон төрөм токтосо, Кайраттуу бири сиз деймин, Өзүңдөн жардам издеймин, Анык болсо Бейжинди, Аралап кирип чапканым, Кырк чоронун кырк жеген, Кызыл куйрук нар болсун, Нар үстүнө артканың, Кызыл алтын зар болсун, Асылдан издеп тапканың, Кымызды жебей бул болсун, Мен бечара жеңеңдин, Жалгыз бой жайын билесиң, Казан-ашка карашар, Кара борчо кытайдан, Он эки-он үч кул болсун, Мөөсүлүм бөлөк шол болсун, Ушул жерге келгенде: — Токтой турчу, жеңе, — деп, Арбак урган кытайды, Арзан душман дебе, — деп, Алмамбет айтты мындай кеп: — Кадимкидей наркым жок, Карсылдашып киргенде, Кайра качар салтым жок, Каралды болор кашымда, Кадимки кытай калкым жок, Жалгыз дедиң баатырды, Жайнап жаткан көп алаш, Кимге тууган акыры? Аталаштан алтоо бар, Энеликтен экөө бар, Абыке, Көбөш ини бар, Ак исламдын дини бар. Арзып келген мен кулдун, Өзүнөн башка кимим бар?! Арстан камын жедим, ээ, Алмамбет уксун дедим, ээ, Кыйытпай айткан кебиң, ээ, Кытайдан кулду дедиң ээ, Кытайдан кулуң жок беле?! Кашкаңда турган Алмамбет, Кытай эмес, жеңеке, Кыргыздан чыккан шор беле?! Алла деп атка мингенде, Аттанып жолго киргенде, Карк үч айга жол жүрсөң, Күн-түн дебей мол жүрсөң, Эл амандын көк чөлгө, Буткул-буткул көп көлгө, Аларбыз үч ай кышыны, Саларбыз таптап кушуну. Ат кара тил болгондо, Бейжинден чалгын чаларбыз, Бей пайлуу жоого барабыз, Алдырсак да, алсак да, Алты ай уруш саларбыз, Аманыбыз жанарбыз. Бир жарым жыл болгондо, Он сегиз айга толгондо, Келип түшсөк деп ойлойм, Кең Таласта коргонго, Кабарын уксаң, жеңеңе, Ушунчалык болжолдо. Жалгыз деген бир кепке, Жаадыма түшөт бирдеме, Өчөгүшкөн доңуздан, Өлүп калсам кокустан, Арбагымды ким сыйлайт? Аманат жанын ким кыйнайт? Азып жүргөн кулум деп, Агызып жашын ким ыйлайт? Бирге жүргөн кырк чоро, Жардык кылсам көнө албас, Жакшы болсом көрө албас, Ажал жетип, күн бүтүп, Өлүп кетсем не пайда, Жакшылап жууп көмө албас! Болду чала кулга, деп, Мойнунан илгин тулга, деп, Буга окшогон кытайдын, Жатар жери жылга, деп, Атышкан жоого барбастан, Жасатым жерден албастан, Шашкалаңдуу күн болсо, Таштап атын жөнөр дейм, Жайбаракат күн болсо, Туз көмгөндөй көмөр дейм. Тирүү болсом көрө жок, Өлүп калсам көмүлүп, Өкүрүп ыйлап көмөр жок. Баркырап ыйлар балам жок, Баш калкалар паанам жок, Тагдыр жетсе дабам жок, Чын шашкалаң күн болсо, Жасатым жерден алар жок. Тутунган менде туйак жок, Ушул жалгыз дүйнөдө, Тирүү калар сыйак жок! Атбай журт, сенде акым жок, Аруукеден жакын жок, Арууке какшап күйбөсө, Атылган ташка бизден ок! Калкым, сенде акым жок, Катыныман жакын жок, Катыным какшап күйбөсө, Кагылган ташка биздин ок... Бөйрөк эти бүлкүлдөп, Кирпиктен жашы мөлтүлдөп, Кубулуп үнү каргылдап, Көмөкөйү балкылдап, Адашкан жетим тайлактай, Алмамбет жашып турганда, Карап турган кырк баатыр, Ар канча улук болсо да, Акылы тунук болсо да, Жалгыздыгы курусун, Шашып ыйлап турушун. — Келе бери, баатыр, — деп, Кеп көбөйүп жатыр, — деп, Анжидандан алдырган, Сагаса күлүн салдырган, Калемпирге сулаган, Карам мурчка буулаган, Тарткан адам дуулаган, Абайлабай тартканда, Ат үстүнөн кулаган, Жан чыктын чакча, Суурушуп жанашалып турушуп, Алып барып кай бирөө, Алмамбетке сунушуп. Насыпай тарткан кезең жол, Бөлүнүшөр күн болду, Гүлчоро калды эсен бол. Катарлашып барганда, Мелтиреген Арууке, Басып келип ал жерге: — Бала үчүн, баатыр, ыйлаба, Бекерче жаның кыйнаба, Болор-болбос бир неме, Бойумда бар бир күмөн, Болжой албай тим жүрөм, - Аруукеден кеп угуп, Ачып көзүн карады, Эркек бала колунда, Эркелетип тургандай, Алмамбет ойу самады. Койнуна колун салганы, Кол башындай түйүнчөк, Колуна кармай алганы: — Мына алгын Арууке, Мен Бейжинде турганда, Бир кишиче бар элем, Журт башкарган хан элем. Суусу жок чөлдөр улатып, Сай сагызган карматып, Периден молдо алдырып, Кырк ороо тилди мант кылып, Койдум эле байлатып, Эркек туусаң, Арууке, Муну менен оозанткын, Билгич болсун тукумум, Кыз төрөсөң кокустан, Муну менен озантпа, Арты калат балаага, Эмгегим кетет талаага. Алтын кемер – бото кур, Соорандыктын доорунда, Баашалык такта колунда, Курчанып жүргөн башында, Белек болсун балага, Курчап койгун сен ага. Келсем беттен өбөрмүн, Келбесем кайдан көрөрмүн?! Кыйаматка барганда, Белги болсун белегим, Ошол жерде көрөрмүн! – Деп Алмамбет бергенде, Пейпайлуу заман күн түштө, Бетме-бет турган көп элге, Ал аңгыча болбоду, Калабалуу кыргыз тил, Кагып доол койгону. Баштатан кылган иш үчүн, Кырк чоронун бардыгы, Кыргын тийген немедей, Кыйрап жөнөп калганы, Кыраан катын Каныкей, Кылчайып артын карады, Бастырганы арстаны, Аккула минип алганы, Кайрылып барып ошондо, Каныкейдин айтканы: — Катыны билет экен деп, Хандар, айтып калбаңар, Арстанымдын өзүнө, Алты ооз айтар сөзүм бар, Каңгайдын кара тоосунан, Капчал кара зоосунан, Катарлап белин ким ашкан? Үрүстөм Дастан бир ашкан, Амири болбой Алладан, Ара жолдон ал кайткан. Андан кийин ким ашкан? Амир Темир көрөгөн, Ай-ааламдын баарысын, Алдына салып күрөгөн, Ошол Бейжин шаарында, Өтүптүр жалган дүйнөдөн. Искендер изин салбаган, Илгертен киши барбаган, Пайгамбарлар барбаган, Байыртан киши албаган. Чарыйа чаркы жетпеген, Жакташып пенде жеңбеген, Барса келбес Бейжинге, Барамын дейсиң, дегдейсиң, Алып калсаң Бейжинди, Кызыгына кызыгып, Үч айдан артык турганда, Аманат жаның, келбейсиң. Кызылына кызыгып, Кытайдын кызын албагын, Капырда болсо улук журт, Кесирине калбагын. Күнүлүк кылып жатат деп, Көңүлүңө албагын, Ар кандай заман болсо да, Алмамбет кебин салбагын, Аптаба алтын, миш эмес, Алп Коңурбай, Эсенхан, Алыша турган кез эмес; Самоору алтын, миш эмес, Эсенхан менен Коңурга, Сайышка барар кез эмес. Алтымыш бирде мүчөлүң, Аттанам деп Бейжинге, Дарбыдың,, жаман күчөдүң,. Бир жылы мурун барбадың, Же бир жылы кийин калбадың, Өткөзө кыйын мүшкүл иш, Мүчөгөн жылы барганың, Барган жерден аман кел, Кош эмесе, султаным! – Ителгидей кара көз, Ирмебестен жаш кетип, Кийин тура берди эле, Бүктөй кармап камчысын, Аккангынын кашына, Тыкылдатып турду эле. Каны тургай карадан, Ошончолук көп жандан, Барбайлы десе бир адам, Бармакчы эмес падышам. Айталбай баары токтолду, Айткан киши жок болду. Каныкей калды ордодо, Канкоруң кирди чоң жолго, Аттанып аскер кеткени, Бүгүн төрт күн болгону. Катардагы кишиден, Төрттү мурда таштаган: Чыгыш жагын алаштын, Чеп болуп карап тургун, деп, Айкандын улуу Көкбөрү, Түштүк жагын кара, деп, Жедигердин багышты, Жергесине Жакыпты, Каңгайдын жолун кайтар, деп, Арыбы көп калдай, деп, Черүүсү көп кара курт, Какандагы кытай, деп, Айдаркандын Көкчөгө, Жети ханды чакырып, Алып келиштин алдында, Кабар кылып угузган, Кабары бар камкордун, Пендеге болду жумуштан. Үйдө калган хандарды, Ушундай койо туруңуз, Алмамбеттин сапарда, Хандыгынан угуңуз. Айкөл Манас баштаган, Катардагы он үч хан, Күн бешим чен мезгилде, Бурананын белинде, Колдун артын караса, Бурананын ойунда, Колдун алды калгылдайт, Табылгынын чогундай. Бул сапаркы арстандын, Колу укмуш көп эле, Бурана менен табылгы, Бул экөөнүн арасы, Он алты күндүк жол эле. Аттарын таштап адырга, Аркарын аңдып жүргөн бар, Текесин таштан кулатып, Кызартып сойуп жаткан бар, Өрдөк карап куу атып, Кара суу бойлоп баскан бар, Кайрымак салып буткулга, Балыкты тосуп жаткан бар, Көйнөгү жок жылаңач, Ыштандан башка кийим жок, Басып жүрүп жылаңбаш, Ордо атып келем, деп, Мен татыймын жеке, деп, Беймаал күндөй койулуп, Чатыраш ойноп чойулуп, Кумалак салып курчалып, Бой-бойлошуп үн салып, Чакмак алып жыйылып, Олтурушуп жанаша, Колдун кейби ошондой, Алмамбет анык караса. Анда Алмамбет кеп айтат, Ачууланып бек айтат: — Чатыраш ойнуң, чачылсын, Уйкудан көзүң ачылсын, Кумалак ойноң курусун, Мунткенде катат ырысың! Кабылаң Манас, барсыңбы? Калк бийлеген залсыңбы? Калк башкарган хан десем, Калкыңдан чыккан карсыңбы? Колуңду баштап нетемин, Колуңдун кейпи бу болсо, Корктум, кайра кетемин, Аскериң баштап нетемин, Аскериң кейпи бу болсо, Азыр кайра кетемин, Кетмек түгүл Кеңколго, Түн бойунча жетемин! — Алмамбеттен кеп угуп, Кеп укканда эп угуп, Калгадай кашка тиш, Калайыктан башка тиш, Кашкайып чыгып алыптыр, Калп эле күлүп арсаңдап, Каткырыгын салыптыр: — Кылган иши кээ болгон, Акылдан азып калганбы, Аскерди койуп эркине, Ардагым Бакай не болгон? — Андай эмес, баатыр, — деп, Бастыралы бачым, — деп, Айалдабай жол жүрүп, Ат айабай мол жүрүп, Жылдыз такта болгондо, Жыбырап көккө толгондо, Табылгынын чогуна, Эл жыйылган чогууга, Булар жетип келди дейт. Арстан Манас баатырга, Алмамбет айткан бу бир кеп: — Элге кабар кылдыргын, Эки күндүн ичинде, Эл баштыгы болгондор, Чогулуп мында келсин деп. Бирге барың мен менен, Абам Бакай өзүңүз, Болуп жаткан иштерди, Көрүп калсын көзүңүз, - Эрен Манас кеп айтып, Эңдекей жаткан элге айтып, Эл бийлеген өңкөй эр, Эртең эрте келсин, деп, Борончуга бек айтып, Таң агарып атканда, Таңшып булбул жатканда, Абаң Бакай, шер Манас, Алмамбет – үчөө аттанып, Кара чоку бийикке, Чыгып барып эртелеп, Дүрбүнү салып олтурду, Аттарын койуп шиберге. Алмамбет айтат: — Баатыр, — деп, Алдыда жолдор жатыр, — деп, Абаң Бакай карыйа, Дүрбүлөрүн алгыла. Оң колуңда көрүнгөн, Тунарыктап урчтанган, Мурдун салып кырданган, Музаттын берки учугу, Музаттын белин ашабыз, Беш айда Бейжин барабыз. Кара шаар, Камбылга, Ар жакында Чуужуга, Уруш кылып калабыз, Ала алсак Бейжин барабыз, Ала албасак аларды, Бара албай кайра жанабыз. Андан өөдө көрүнгөн, Арсактары бөлүнгөн, Эшекарттын бийик бел, Эшекартты ашканда, Үч айда Бейжин барабыз. Каркайган кара тоо менен, Капчыгайлуу коо менен, Аз жеринде ат минип, Көп жеринде жөө жүрүп, Азайгансып чамабыз, Араң Бейжин барабыз. Тоолор бийик, суусу жок, Какырлар бар чөбү жок. Андан ары барганда, Сагызган ашуу сайылма, Ат жүргүссүз тайкылма, Сагызган ашуу ашканда, Теңиң калып, теңиң жок, Адамың, атың тең окшош, Жарым-жарты калабыз Эки айда Бейжин барабыз. Эки айда Бейжин баргыча, Эки жерде суусу бар, Калган жердин барында, Чөбү да жок суусу жок, Ушундай күнгө калабыз. Те карарыңкы көрүнгөн, Кордойдун ичи муну дейт, Койдон башка мал жүрбөйт, Биз Кордойду ашканда, Үч айда Бейжин барабыз. Кээ жеринде суусу бар, Кээ жеринде чөбү бар, Жадоочу деген чөлү бар, Кайсы белин ашабыз? Кай жери менен басабыз? Кандай басыш эби бар? - Анда Бакай кеп айтат: — Байатадан Алакем, Айткандардын баарысы, Баштатан кандим жол эмес, Бары көргөн жер эмес, Сыр чөйчөктөп чай ичип, Сырын билген эл эмес, Жайнаган колду башкарып, Бу мен бара алар жер эмес. Эби келсе, арстаным, Эр Алмамбет хан болсун, - Анда Манас кеп айтат: — Андай болсо, абаке, Менин да айтар кебим бар, Андан кийин Алмамбет, Хан болуштун эби бар, - Аттарын оттон алышты, Артына кайра жанышыты, Өзөндө жаткан бугудан, Алтымышты атышты, Жайасын кошуп чоң төштөп, Аттарына артышты, Калдайып келип баатырлар, Чатырга түшүп жатышты. Эртеси калбай эл келди, Эл башкарган эр келди, Жашы менен карысы, Жакшы-жаман тең келди. Уй мүйүз тартып олтурду, Ойрон Манас кеп урду: — Күн чыгышка карата, Жүргөн журтум барсыңбы? Күч чектешкен душманды, Сүргөн журтум барсыңбы? Бейжинге барчу беш жолду, Билген журтум барсыңбы? Белин ашып, жол жүрүп, Көнгөн журтум барсыңбы? Ачуусу менен таттуусун, Таткан журтум барсыңбы? Турмуш салты кандайча, Элин билген барсыңбы? Бийиги канча, ой канча, Жерин билген барсыңбы? Эндөөлүгүн элине, Эбин билген барсыңбы? Ашып түшчү белдерин, Анык билген барсыңбы? Кармашуучу дөөлөрүн, Канык билген барсыңбы? Калайык айтам силерге, Ойумда болгон бар сырды, - Айтып Манас токтолду, Аш бышымча унчукпай, Сүйлөгөн киши жок болду, Кара чаар жолборстой, Кайран Алмаң октолду: — Күн чыгышты карата, Жүргөн киши мен бармын, Күжүрөгөн Кытайды, Сүргөн киши мен бармын. Аша турган белдерин, Анык билген мен бармын, Кармашуучу дөөлөрүн, Канык билген мен бармын. Бийиги кайсы, ой кайсы, Жерин билген мен бармын, Энөөлүгүн Какандын, Эбин билген мен бармын. Канча жашка чыкканча, Улук болуп колума, Алган бийлик мен бармын, - Анда Манас кеп айтат: — Ырчы уул менен Бозуул, Эр Бакайга баргыла, Жандыкты берсин Алмама, Сурап келе калгыла! - Эки үзөнгү кагышып, Эки уул кетти жарышып, Хан Бакайдын кошуна, Салып жетип барышып, Салам айтып бөкчөйүп, Олтура калды чөкчөйүп, Келгенин абаң билди эле, Кыл муруту былк этип, Мыйыгында күлдү эле: — Келипсиздер, баатыр, — деп, Бар беле мага айтар кеп? - Боз уул деген бар эле, Кеп айтканы шар эле: — Тууга желек байлады, Турган жерде, абаке, Хандыкка сизди шайлады, Кечээ берген жандыкты, Бүгүн кайра берсин деп, Каңкоруң бизди айдады, - Анда Бакай кеп айтат: — Ал Алмамбет баатырды, Баламдан жакын көрөмүн, Берсин десе Алмама, Миң тиллалик беремин, - Катчыга катын жаздырып, Айтучу ойун так кылып, Бекерчи Бакай болдум, деп, Алтындан бүткөн ак мөөрүн, Айагына бастырып, Кагазды берди тапшырып. Канкор каалап калган соң, Хандыкты Алмаң алган соң, Жаш чородон чаптырып, Жалпы элге айттырып, Жаккан отун өчүрүп, Таң эртеңден көчүрүп, Камандуу деген жер келди, Такыр калмак эл келди. Таптакыр талап алды эле, Түп көтөрө жылмайтып, Жөнөп кетип калды эле. Кордой деген бел келди, Ашмак болду бул белди, Ак кулжадан маңкайып, Алмамбет айтат бул кепти: — Капчыгайдын оозу тар, Чубап өткөн барыңар! - Чубатып элди санады, Толгондо онго санаты, Бирден киши он башы, Онду бири айдады; Элүүгө элүү башы деп, Жүз кишиге жүз башы, Миңге саны толгондо, Миң башысы сен деди, Миңден бири жоголсо, Жооп аламын мен, деди. — Эки күндүк жол басып, Азабы катуу бел ашып, Ар жагына түшөбүз, Эр башына барыңар, Эки теңден отун ал, Атыңа артып ала бар, - Он кишиге бир киши - Он башына айдатып, Эки күнү жол басып, Азабы катуу бел ашып, Ашып түштү Кордойду, Беш күнү-түн чубашып, Бир күн жатып уктады, Аттанар убак болгондо, Алмамбеттин айтканы:
— Алла деп атка мингенде, Алыскы жолго киргенде, Уктап уйку канбайсың, Уучтаган колду жазбайсың, Азык ичип көчпөйсүң, Ат чалдырып өтпөйсүң, Жол жүрүүгө кандайсың? Өгүз өтмөк, тай өтмөк, Өрдөшүнө барганда, Кол эсебин алганда, Жанбашың жерге тийгизип, Жай аласың ошондо, - Айчыгы алтын кызыл туу, Асмандата аштады, Айсарала алкынып, Алакең жолду баштады, Тырмактай чырым алганы, Тизгинин бура тартпады, Ат жабдыгы жаркылдап, Айкөл жүрдү балкылдап, Артыкча сүрдүү көргөнгө, Артында колу калкылдап. Көз чымырын албастан, Бутун сунуп жатпастан, Бели ооруп зыркырап, Көчүктө дарман калбастан, Кылым кол бары кыйналып, Кыйын болгон убагы, Кыйла терси мурдатан, Кыргыл буга унайбы? Кырктын башы Кыргыл чал, Кыркында көпкөн жинди чал, Анык шайы чын кетип, Жүрө албаган дартынан, Онбашысы Бозуул, Каржалганда Кыргылдын, Айтып турган сөзү бул: — Ой, онбашым Бозуул Жаныма жакын дос уул,, Жадоочу чөлдүн бойунан, Алла деп атка мингени, Айдалып жолго киргени, Күнү кырк бир күн болду, Түнү кырк бир түн болду, Эсептесем экөөнү, Сексен эки күн болду, Селдей аккан аскердин, Үстүнө каран түн болду. Чырым уйку албадык, Чиренип бирден жатпадык, Чай кайнатуу деген жок, Чымындай даам татпадык. Атым Кыргыл болгону, Алтымыш жашка толгону, Мүңкүр кылган жалпыны, Мындай кордук болбоду, Бул бадирек кытайдын, Жаныма батты чоңдугу! Кылым түрктүн алашы, Кыйналган жаным карачы, Не болгондур байагы, Кыйынсынган Манасы?! Атагы түрк алашы, Айдалган күнүм саначы, Ал эмне ьболгонун билбейим, Акимсинген Манасы? Анда Бозуул кеп айтат: — Койгун, Кыргыл, — деп айтат, Жашы менен карыбыз, Кыйналып келет жаныбыз, Ошондой жарлык чыгарган, Ойрон Алма ханыбыз, Миң күнү жүрсө каржалбас, Манас экен залыбыз. “Бака, балык тили бир” Айкөл калбайт кабарсыз, Ашыкпагын Кыргыл чал, Айткан сөзүң пайдасыз! - Анда Кыргыл күүлөнүп, Боз уулга сөйлүнөп: — Кыйынчылык болду деп, Кырасыңбы колду деп, Кыйкырган бойдон барбасам, Кыркылып калсын сакалым, Кылымга калыш макалым! - Алдындагы Акборчук, Атын санга салганы, Бастырып кетип калганы. Жолуккан элден кеп сурайт: — Жолу каткан Манасты, Көрдүңөрбү? — деп сурайт: — Кеңгиреген Манасты, Көрдүңөрбү? — деп сурайт, Көргөн элдер кеп айтат: — Өрттөнүп өлсүн канкоруң, Өгүнү эле биздерден, Өтүп кеткен, — деп айтат. Билбегендер кеп айтат: — Бу кимиси? — деп айтат, Миңбашысы жок чалбы? Билинбеген шок чалбы? Он башысы жок чалбы? Ойротто жок шок чалбы? Азаматтан кем эмес, Айтор оңой неме эмес, Каңкорду карап элеңдеп, Катуу жүрөт тепеңдеп, - Артуу-артуу Сарыбел, Аркырап аккан сары жел, Арсактардан артылып, Бир белестен караса, Аккула менен албайып, Эки этеги салбайып, Алп мүчөсү көрүндү, Ала тоодой дардайып. Бараанын көрүп бакырды: — Бадирек Манас,токто! — деп, Баатыр Кыргыл чакырды. Кыргылдын үнү чыкканда, Кыйкырыгын укканда, Анда Манас ойлонду, Артын карап толгонду: “Ушу тушта деди эле, Күмсарынын ач бели, Ар жагында деди эле, Чоң Жолойдун көп эли. Сезип Жолой калганбы, Сандаган таңгыт атышып, Элге кабар салганбы? Ашыккандан Кыргыл чал, Мага жөнөп калганбы?” - Деп ошентип баатырың, Атын бура турганы. Кыргылдын ичи кызыл чок, Кыраан Манас баатырдан, Кыйышып калар жери жок: — Бадирек Манас, чоңдугуң, Баш жутуучу зордугуң, Качып жүргөн бир кулду, Калк бийлетип зор кылдың, Калың журттун барына, Капталдан кара шор кылдың! Эсепсиз, Манас, чоңдугуң, Эркиме койбос зордугуң, Элкин келген бир кулду, Эл бийлетип зор кылдың, Элибиздин баарынын, Эсинен кеткис шор кылдың! Жадоочу чөлдүн бойунан, Жазылып жаткан ойунан, Алла деп атка мингени, Айдалып сапар жүргөнү, Апта эмес ай кетти, Алмадай беттен нур кетти.. Суналтып бутту жатпадык, Суудан кашык татпадык, Катардан чыгып эркиндеп, Карыш жерге баспадык, Кан азайып тамырда, Каржалып өлө жаздадык. Теңөөсүз балбан ханыбыз, Биздин темирден эмес жаныбыз, Айыпка мени буйурсаң, Али эле канжар салыңыз! Алтымыш аша жашадым, Агарды куудай сакалым, Мындай шумдук көрбөдүм, Айдоодо жүрүп өлгөнүм. Кара нээт калмак кул, Каршылык иши мына бул, Каршылык эмес не болду, Калкыңан кайрат жоголду! Узун сапар кылууга, Уруштурбай Кытайга, Убара кылбай кырууга, Алмаң ичте бекинип, Алыстан бизди айдады, Арстаным Манас, билбейсиң, Ал ушундай жайлады! - Кырданып барган Кыргыл чал, Жайылданып алыптыр, Жанынан кечип калыптыр, Кыраан Манас баатырга, Кыйла сөз айтып салыптыр. Анда Манас кеп айтат, Ачууланып бек айтат: — Жайылып койдой баспайсың, Түшкүчө төрдө жатпайсың, Кезеги келсе ушундай, Кенедей даам татпайсың! Өлүм менен өмүрдүн, Ортосунда жаныбыз, Айланабыз бүт душман, Алыс калган шаарыбыз. Койгун, Кыргыл такыр, — деп, Тим жүргүнүң акыр, — деп, Жашы менен карыбыз, Ушул келген барыбыз, Кыйрагандай сөөктөр, Кыйналып келет жаныбыз, Кандуу майдан белеги, Кайдан келет жабырсыз?! - Атын санга салганы, Балтырып кетип калганы. — Жарабады сөзүм, — деп, Акырайа бир тиктеп, - Эртеден кечке чапкылап, Чаңга толду бетим, — деп, Катуу жүрүп ашыгып, Ооруп калды көтүм, — деп, Казатың менен куруп кал, Калмагың менен чирип кал, Кытай, кыргыз кырылып, Бардыгың жерге кирип кал! - Муну айтып кобурап, Туруп калды Кыргыл чал. Муну мындай салыңыз, Онбашысы Бозуул, Андан кабар алыңыз. “Бул жоболоңдуу чал эле, Жолтоосу кыйла бар эле, Жоголуп кокус кетер, — деп, Жолтоосу мага жетер, — деп, Калабалуу чал эле, Калбасы кыйла бар эле, Качып кокус кетер, — деп, Калбасы мага жетер” — деп, Тогузун айдап топулдап, Артынан жүрүп сопулдап, Жолуккан элден кеп сурайт: — Жолу каткан бир чалды, Көрдүңөрбү? — деп сурайт. Жолуккан элдер кеп айтат: — Эми эле бизден өттү, — деп, Алмамбет менен Манасты, Аралаш сөгүп кетти, — деп. Жете келсе Бозуул, Кыргыл турат кеңгиреп, Кырданып келип Бозуул, Кыйла жаман сүйлөнөт: — Онбашы деген улукмун, Ушул бүгүн мен сага, Оңой болуп турумун, Оолугуп жалгыз бастырсаң, Байлатып алып урамын! Өлсөң өзүң өлө кой, Өлүмдү сонун сен көрсөң, Кыйаматты көрө кой! Өлүгүң жерге таштабайм, Өзүмө калба баштабайм. Как белиңден бүктөйүн, Алдыңдагы Акборчук, Арта салып жүктөйүн, Кутулдум зөөкүр бир чалдан, Кудай шүгүр шүк деймин. Өгүз өтмөк, тай өтмөк, Өрдөшүнө барганда, Кол эсебин алганда, Эсебиң эсен беремин, Эгер андай кылбасам, Манастан балээ көрөмүн, Ажалдан мурда өлөмүн, Каарына калып ким жүрсүн, Хан Алмамбет төрөнүн. Өлтүрсөм башың алармын, Өктөгө өзүм калармын, Кыргылымды өлтүрүп, Кыйынсынып кеттиң неге? — деп, Кыраан Манас баатырдын, Кыйыгына калармын, Кыйаматка барганча, Кылайган тешик шоола жок, Туйугуна калармын! - Анда Кыргыл кеп айтат: — Болду, Бозуул жолборсум, Күмжам болор жеримде, Күйө турган жолдошум, Онбашыны чыгарган, Ойрон кытай оңбосун! - Муну койо туруңуз, Манас менен Алмамбет, Эми алардан кабар угуңуз. Атагы чыккан кыргыздан, Айкөл Манас арстан, Күндү катка салыптыр, Күн эсебин алыптыр, Түн эсебин алыптыр, Түндү катка салыптыр, Кыргылдын айткан сөзүндөй, Сексен күн болуп калыптыр. Айчыгы алтын кызыл туу, Асмандата аштаган, Кол баштаган Алмамбет, Сарала менен теңселтип, Жол баштаган Алмамбет, Алмаңдын көрүп караанын, Арстан Манас акырды: — Алмамбет! — деп чакырды, Ач кыйкырык асманда, Ак келтедей чаңырды. Баатырдын үнүн укканда, Бакырыгы чыкканда, Алмамбет кайра толгонду, Ар түрдүү акыл ойлонду: «Ушул тушта болчу эле, Күмсарынын ач бели, Ар жагында болчу эле, Чоң Жолойдун көп эли. Капталдан чыгып алганбы, Атышып калба салганбы? Ашыккандан баатырым Мага жөнөп калганбы?» Чачылып Алмаң санасы, Чатыркөлдөй чайпалды, Аккула минип калкайып, Арстан жетип барганы. Арстан Манас кеп айтат: — Ой, Алмамбет, — деп айтат, Жадоочу чөлдүн бойунан, Алла деп атка мингени, Айдалып жолго киргени, Күнү кырк бир күн болду, Түнү кырк бир түн болду, Эсеп кылсам экөөнү, Сексен эки күн болду. Андан бери карасам, Айландыра санасам, Азык ичип көчпөдү, Ат чалдырып өтпөдү, Уучтаган колду жазбады, Уктап уйку канбады. Көпчүлүгүн карасам, Көшүүн тартып алыптыр Жол жүрө албай калыптыр, Уйкуда көзү сүзүлүп, Өлүүчүдөй үзүлүп, Уктаган көп шылкылдап, Уйкунун же деп дартынан, Жүрө албаган себептерден, Чыга тартып артынан, Артып жүргөн андан көп, Мине албай атка өбөктөп, Өйдө бол деп жөлөктөп, Антип жүргөн мындан көп. Аскерге көңүл бөлбөсөк, Али бир күн жол жүрсөк, Кол кырылып кетер дейм, Убалы бизге жетер дейм, Кондурсак бүгүн бекер дейм. Байатадан карасам, Кыргыл чал арып калыптыр, Кыйар бала Бозуул, Онбашы болуп алыптыр, Өлөмүн деп арз айтып, Өткүр Кыргыл дарт айтып, Не дегенин билбедим, Тим жүргүн деп тилдедим, - Анда Алмамбет кеп айтат, Арстанга бек айтат: — Жарабаса жаралгын, Жалган болсо хандыгым, Хандыгын алып тойсоңчу, Качып жүргөн бир кулду, Калабалуу жумуштан, Калас кылып койсоңчу! Өтпөс болсо өкүмүң, Экөө болсо өкүмүм, Өкүмүм алып койсоңчу, Өлөт экен Кыргыл деп, Өкүрүгүң тойсоңчу! Ырас – чыным айтканда, Кылымда мындай кол болйбойт, Кыргыл чалың өлбөсө, Кыйаматты көрбөсө, Кыргыздын иши оң болбойт! – Атын санга салганы, Ачуусу менен Алмамбет, Алдыга кетип калганы. “Кудай бардыр, Кыргыл, — деп, Кыргыл доңуз кылдың! – деп, Кыргылдын тилин алам деп, Кыраан баатыр Алмамдан, Дегеле жаман сындым” – деп, Арстан Манас албайып, Туруп калды далдайып. Эр Алмамбет баатырың, Алдына минген Сарала, Кулжадай башы кылдылдап, Кундуздай жүнү жылтылдап, Баладай жалы балкылдап, Учкан куштай калкылдап, Маңдайыңда кашкасы, Айга окшош жаркылдап, Туйагын жерге мылгытып, Тумарын көккө ыргытып, Аз жүрүшпөй мол жүрдү, Жана он алты күн жол жүрдү. Кобулдуунун өзөнгө, Конулсун деп шол жерге, Баашалык доол кагылды, Капчыгай ичи жагырды. Кудай берип салды, деп, Кулап жүргөн андан көп, Аттарына карабай, Сулап жүргөн мындан көп. Аттарын киши тутпады, Акырет кетчү немедей, Аңтарып көзүн уктады. Айаттын кара суусуна, Ат чубады ушуга, «Ай! айлап» Алмам тоскону, Тосконуна болбоду. Жадаганда Алмамбет: — Каңгай, каңгай, каңгай! — деп Калдай, калдай, калдай,” – деп Кадимкидей бакырды, Каңгайча ураан чакырды. Каңгайдын атын укканда, Калдайлап уран чыкканда, Уйкулуу көзүн ачыптыр, Карбаластап калыптыр, Жыгылып мүргүп турушуп, Кочкордой маңдай койушуп, Далдастап булар турганда, Алмамбет кылды жарлыкты: — Ат–атыңды карма! – деп, Арам өлгөн кырылгыр, Анан жатып жырга! — деп, Баландын аты жоору деп, Жолдошуна ошонун, Тийет экен оору деп, Оң кулагым укпасын, Угуучу болсом, калайык, Билесиңер өзүңөр, Жаныңдын тирүү чыкпасын! – Аттарын аскер байлады, Алмамбет көөнүн жайлады. Черүүнү баары күбүрөп: — Кудай бардыр калмак, — деп, Ушинтип жүрүп бул калмак, Барыбызды кырмак, — деп, Аскер жатып калыптыр, Колдун баары жалпайып, Уктап жатып алыптыр. Алмамбет баатыр ошондо, Аскерден көөнү жайланып, Жанына доол байланып, Күн эсептеп, ай санап “Кырмузшаанын Мурадил, Ханга ылайык келбети, Кароолчу эле бир чети, Кызыларттын Сеңирге, Жылда бирден келүүчү, Келген маалы болуптур, Кетүүгө күнү толуптур, Бачымраак барсам, — деп, Басташып жүргөн капырдын, Башын кесип алсам, — деп, Андан кийин Бейжинден, Бейкут чалгын чалсам” – деп, Ойуна түшүп ушул кез, Жолго түштү бачым – тез, Айалдабай жол жүрүп, Ат айабай мол жүрүп, Орчундун кызыл суусуна, Алмамбет жетип караса, Казанбактай кара таш, Суу түбүндө калдырап, Үзүктөй болгон ак муздар, Суу үстүндө калкылдап, Түрүлүп көбүк буу агып, Түрмөгү менен чөп агып, Таштын башы коройуп, Аттай, төөдөй балыктар, Серпинди менен ар жерде, Өлүп жатат торойуп. Чоңдугун суунун билбеди, Сараланы камчылап, Чуратып сууга киргени. Кирген кезде жоголуп, Бара түшүп оңолуп, Ортосуна барганда, Алы келбей калганда, Сарала ат акты улактай, Алмамбет барат тумактай, Салаңдай түшүп Алмамбет, Суулуктагы төнөлүк, Сол бармагын өткөрүп, Ит балдак уруп алыптыр, Сараланы жетелеп, Кашатка чыга калыптыр. Султан Алма баатырың, Чоң Бейжинде турганда, Солкулдап турган жаш чакта, Сууга кирип жүрчү экен, Суунун жайын билчү экен. Суксур мойун Сарала ат, Силкинип суусун жайбаңдап, Султан Алмаң ошондо, Суудан чыкты саламат. Булуту жок, күн ачык, Кийимин жайып кургатып. Бешимде Алмаң барыптыр, Мелчемдүү жерди чалыптыр, Шашып келген душманы, Шашкеде кетип калыптыр, Жаткан жерин караса, Жаадан калган огу бар, Канжадан кырып таштаган, Жолум үйдөй чогу бар. “Кез алдынан каапырдын, Бир чыкпадым акыр, — деп, Талабым келбей такыр, — деп, Чамбыл ала чаң кылып, Кызыл ала кан кылып, Кылычтап башын албадым, Сонун күлүк аттарын, Топтоп айдап барбадым, Соогат деп элим талашса, Калбайт эле арманым?”
Деп өкүнүп бир далай, Жол аруусун билгени, Жолуна Алмаң киргени, Кайта келип Алмамбет, Жараганы керекке, Алдындагы Сарала, Аса байлап терекке, Башына мамык жастанып, Жатып калды жай алып, Муну мындай таштайлы, Коңурбайдын сыйкырлуу, Кароолунан баштайлы.