Алмамбет менен Чубактын чатагы
Алмамбет баатыр жээлигип, Эрте туруп эригип, Колу-жүзүн жуунуп, Белин бекем буунуп, Арстан баатыр Манастын, Үстүнө кирди жолугуп, Абаң Бакай аксакал, Ага бирге Кошой бар, Эламандын эр Төштүк, Элебеген дөөлөр бар, Музбурчак менен Сынчыбек - Салакалуу хандар бар, Балта дөө менен Жамгырчы – Күмүш сакал чалдар бар; Эр Алмамбет киргенде, Улуктугун урматтап, Келгин, баатыр келгин, деп, Төрдөн орун көрсөттү, Төр жагына өткөрдү. Ал аңгыча болбоду, Дасторкондун бетине, Түрдүү даам толгону. Нашталашып чай ичип, Аш-тамагын жай ичип, Бата дуба кылганда, Дасторконун жыйганда, Алмамбет баатыр кеп айтат: — Ат семирип нык болду, Аттана турган чак болду, Эр семирип бук болду, Эңише турган чак болду. Көзгө атар машың ким? Көңүлү бузук касың ким? Атканын жазбас мерген ким? Айтканы туура келген ким? Тиктегенин көргөн ким? Тилегин кудай берген ким? Тигилгенин жеңген ким? Өлүмдөн коркпос жиндиң ким? Өткүр чечен тилдүүң ким? Сындырып найза тартпас ким? Сумсайып жоодон качпас ким? Бейжинден чалгын чалчууң ким? Беттешип жоого барчууң ким? Какандан чалгын чалчууң ким? Чарк жеткиз жоого барчууң ким? - Бул өңдөнгөн көп сөздү, Алмамбет айтып бүткөздү. Кырка турган кырк чоро, Баашалуу журт Бакбурчун, Баруучу баатыр жоктоно, Унчугушпай дымбыр-дым, Улуктар калды токтоно, Сурдана түшүп ошондо, Сүйлөдү Манас оштоно: — Дөөлөргө нечен чыгышкан, Ушалап белин сыгышкан, Кылчтабай толгошуп, Алмадай баштар жулушкан; Жоолуу күнү элирген, Жоон эли семирген, Сенин билбегениң бар беле. Ушул турган эрлерден? Чачып ойуң олтурбай, Чалгынга жумша бир четтен! Каканда туулуп өскөнсүң, Хан жайлоосун көргөнсүң, Кадыр-сыйга сен батып, Калкын бийлеп көнгөнсүң, Канчанын тартып запкысын, Кайгы-муңга чөккөнсүң, Хан Коңур менен тирешип, Кызыл канды төккөнсүң. Менче, Алмам, өзүңдүн, Мындайга кыйла эбиң бар, Ар тарабын ойлосоң, Эрдик кылып өзүң бар, Кара башка күн түшсө, Каралды болор өзүм бар. Азамат тандап адам ал, Аргымак тандап аттан ал, Алмам, элге айтар кандай кебиң бар? Алмамбет анда кеп айтат: — Бар десең, баатыр, барайын, Барып чалгын чалайын. Береки турган Бейжинге, Беттеп бенде баралбас, Белсенип чалгын чалалбас, Титинип бенде баралбас, Тиктенип чалгын чалалбас, Тирүү кайта жаналбас, Экиден киши артканда, Этегине сыйалбас. Сундуруп найза тартпаган, Сумсайып жоодон качпаган, Өкүм-өткүр сөзү бар, Өлүмдөн коркпос өзү бар, Сырттан Сыргак жолборсум, Ошол болсун жолдошум, Анан чоң Бейжинден жол болсун, Улап Сыргак кеп айтат. — Угуңуз айкөл, — деп айтат, Кош болсун десең көөнүбүз, Кош атты бизге бериңиз, Кабылан Манас кеп айтат, Катуу үн чыгып бек айтат, Калың эл уксун деп айтат: Жолборс Манас кеп айтат, Доош салып бек айтат, Тобум уксун деп айтат: — Толкумандын тору аты, Тоорулчу эрдин канаты, Тобуна барып айтып кел, Тору атка көңүл айтып кел, Тору атты тобу бербесе, Токмоктоп туруп тартып кел, Калкамандын кара аты, Кароолчу эрдин канаты, Калкына барып айтып кел, Кара атка көңүл артып кел. Кара атты калкы бербесе, Какшатып уруп тартып кел! Алмамбет анда кеп айтат. Кеп айтканда эп айтат: — Толкумандын тору аты, Толук тууган мал экен, Асыйы жетип токсонго, Карт муун болгон чагы экен, Калкамандын кара аты, Кароолчу эрдин канаты, Карып калган мал экен, Кара жолтой жагына, Чалып калган чагы экен. Өргө салса чарчабас, Өркөчү бийик, сээри баш, Алты айга минсе арыбас, Алтымыш асый болгончо, Азуусун сөйкөп карыбас, Жаңы асыйдан дагы жаш, Жерине жетпей калбаган, Жекендин башын чалбаган, Жети айга минсе талбаган, Чаалыккансып калбаган, Жетимиш асый болсо да, Жээгин сөңкөп карыбас, Үч ирет жоого кирсе да, Өксүп кийип калбаган, Мээ кайнаган ысыкта, Бок ачыган сасыкта, Белсенишкен кызыкта, Куйушкансыз минсе да, Куйулма шагыл кум ылдый, Куйундатып кирсе да, Кыр аркадан өтпөгөн, Кыл жалына жетпеген, Бөктөргөлүү мал экен,
Бөлөкчө сонун жан экен, Караңгыда калк этпес, Башка чапса жалп этпес, Азар түмөн жылкы алып, Кошуп ийсе жылкыга, Ай караңгы болсо да, Бир изин жаза баспаган, «Ай, ай» лап тоссо болбогон, Жалтанып анда койбогон, Кулундан бетер кутуруп, Куйругун тээп ойногон, Ажыбайдын Күрөңү, Айгай укса сүрөөлүү, Алып берсең, арстаным, Айалдабай жөнөйлү, Анда Манас кеп айтат: — Ырчы уул менен Бозуул, Аттаныңар, — деп айтат, Ажыкеме баргыла, Күрөң атты Ажымдан, Сурап келе калгыла! Эки уул кетти жарышып, Үзөңгүсү кагышып, Ажыкеңдин тобуна, Салып жетип барышып, Салам айтып бөкчөйүп, Олтурушту чөкчөйүп. Келгенин Ажым билди эле, Кыл муруту былк этип, Мыйыгында күлдү эле. Аңгыча Бозуул кеп айтат, Кеп айтканда деп айтат: — Биз билбеген мал экен, Сиздин малдын ичинде, Бир күрөң ат бар экен, Арбагы бийик Алмамбет, Азыраак мактап салды деп, Бачым берсин атты деп, Каңкоруң мында жиберди, Алып келгин бизге, деп, Анда Ажыбай мындай дейт: — Ат кадырын эр билет, Эр билбесе ким билет? Алып калсак Бейжинди, Кол сунсам олжом тең келет, Манас, Алмам кубанса, Бойум бирге теңселет. Табылабы жылкынын, Мындай сонун элеси, Айбандан баалуу күрөң ат, Берүүгө келген кезеги, Байлалуу турган кадаада, Үртүгүн Күрөң алдырып, Кенептен нокто салдырып, Карматып Ажым чылбырын, Алгын деп тура берди эле, Күлүңдөшүп эки улан, Күрөң атты жетелеп, Дердеңдеп кирип келди эле. Ат дүбүртүн укканда, Чыга калып Алмамбет, Маңдайынан сылады, Чылбырын Сыргак кармады, Белсенип чыкты эки эрен, Бейжинден чалгын чалганы. Алтын айдар нур жүздүү, Азыз хандын Алмамбет, Алтын кемер бото кур, Күн чагылса жарк этет, Узун бойлуу, ак беттүү, Ийриси жок түз кептүү, Бадана тонун жамынып, Бар кудайга жалынып, Башында көөхар диңзи таш, Жаркыны көккө тартылып, Сом темирин артынып, Доолбасын байланып, Асабасын колго алып, Алмамбет чыкты аттанып, Ала тоодой заңкайып, Телкызыл менен болкойуп, Темирден найза койкойуп, Жез такалуу нөөкөрү, Жарашып бутта чөйкөйүп, Сырттан Сыргак шаңданып, Бейжинден чалгын чалуучу, Белдүүдөн кабар алуучу, Берендер кетти аттанып. Алмамбет, Сыргак кетиптир, Эми калгандары нетиптир?
“Бекер жатып нетели, Чүкө атыша кетели, Бейжинге кеткен эки бек, Бекер куру келеби? Миң да болсо, бир болсо, Бирге жүргөн биз кыркка, Бирден байтал берери; Мөрөй кылып сайалы, Ордо чийип, чүкө атып, Салгылаша калалы” - Муну айтып кай бири, Бабырашып калыптыр, Барысы кабыл алыптыр, Ордону чийип салыптыр, Ырчуул болуп башчысы, Чубак жак болду бир тарап, Алмамбет жак бир болуп, Башчы болду Бозуул, Алар жакка анталап. Алмамбеттин тарабы - Бозуул деген жанагы, Удаа салды эки тай, Эки тайды салдырып, Арданып калды Ырчы уулдар. Жыдыманда хан калды, Ата албаса тай минмек, Ырчы уулдун тарабы, Атып алса хан чокон, Болмок эле жанагы. Жайнак деген бар эле, Жулунуп өскөн жан эле: — Келе берди томпойду, Өзүм атам, — деди эле, Ошондо Шууту айткан кеп эле: — Качантан бери сен Жайнак, Атмачыл болдуң? — деди эле, Аңдап муну эр Жайнак, Колуна алып томпойду, Чийинди басып тоңкойду, Намыстанды жан чыкты, Аткан жерден кан чыкты, Эл көрбөй ханды калыптыр, Эптеп Бозуул алыптыр, Ылдамдай басып билдирбей, Жыдыманга салыптыр, Жыдыманга салганын, Ырчы уул көрүп калыптыр: — Ой, Бозуул сен болбойсуң, Минтип жүрсөң оңбойсуң, Удаа салдың эки тай, Чүкөгө кандай тойбойсуң?! Араң алсак биз ханды, Уйалбай кантип уурдайсың?! Ууру колуң тыйбасаң, Жаш жаныңда жайрайсың, Кырчыныңда кыйрайсың, Өз башыңдан башканы, Түгөл акмак ойлойсуң, Мындай болсоң, Бозуул, Эгерде эки болбойсуң! - Анда Бозуул кеп айтат, Акыраңдап бек айтат: — Аңылдаба, Ырчы уул. Аңылдаган капыр кул! Кабарымда жок жумуш. Кандай айткан сөзүң бул?! Сак кишини ууру деп, Сасыган бокту жебей тур! Жүйөлүү жигит сен эмес, Жүйөсүз байкуш мен эмес, Тең кишиче кеп кылып, Темтеңдешиң эп эмес! Алмамбет жаңы келгенде, Тартуу кылып арстаным, Айсарала бергенде, Алкынтып Алмаң мингенде, Айкөл Манас урматтап, Аргымак оозун жайганда, Адамдан байге сайганда, Баш байгеге мен турдум, Жети аттан кийин сен турдуң, Теңир ургур, болбостон, Сен тең кишидей кеп урдуң! Өзүңдөн өзүм өйдөмүн, Байыңдан байым өйдөдүр - Менин байым Алмамбет, Жол өкүмүн алганы, Жолго бир күн кондурбай, Жоболоңду салганы; Кол өкүмүн алганы, Колду бир күн кондурбай, Кордукту журтка салганы. Аз келгенсип анысы, Бүгүн чалгын чалганы, Сенин байың Чубакчы? Кеңеште жок, кепте жок, Оорукта жатып калганы! - Уккан соң муну Ырчы уул, Арданганга чыдабай, Аралда жаткан Чубакка - Албуут кыйал чунакка, Арыз айтып барганы: — Жергеңде жүрүп каралаш, Жериңде жүрүп аралаш, Же мени кудай албады, Же сени кудай албады; Алмамбетти көтөрүп, Тээ Бозуул деген эменин, Жебеген богу калбады! Байымдан байым өйдө дейт, Өзүңдөн өзүм өйдө, дейт, Менин байым Алмамбет, Баашалуу такка минди, дейт, Башкарып элди кирди, дейт, Олжоктогон хандарга, Опурулуп тийди, дейт, Кыргылыңа кесенсе, Ыштанына сийди, дейт, Өзүңдүн байың Чубак да, Өкүмүнө кирди, дейт, Жол өкүмүн алды, дейт, Чалгының өзү чалды, дейт, Хандарды аттан түшүрүп, Каалаган атын алды, дейт, Кеңеште жок, кепте жок, Чубагың четте калды, дейт! - Аңдаган соң бул сөздү, Акбалтанын Чубагы, Ачууланып бу дагы, Көктекесин алдырып, Көмкөрмө ээр-көк токум, Көзөл Чубак салдырып, Көк ырапыс тон кийип, Көкала сындуу ат минип, Чарайнасын тартынып, Сом темирин артынып, Көк ала желек жапырып, Нойгуттап ураан чакырып, Оолугуп Чубак күркүрөп, Аттанды нойгут дүркүрөп. Мунун койо туруңуз, Башкадан кабар угуңуз. Колдун ары четинде, Абакеңиз Бакайдын, Ар нерсе түшүп ниетине, Азыгын жасап кийиктен, Кароолун карап бийиктен, Уларлуу таштын бетинде, Дүрбү салып караса, Алмамбет, Сыргак жанаша, Жетегинде Күрөң ат, Өтүп кетти байкаса. Айланып дүрбү аңгыча, Аскер жагын караса, Нойгуттун эли бузулду, Тозоңу көккө созулду, Топурак учуп обоого, Булутка барып кошулду, Аны көргөн абакең, Акыл ойлоп олтурду. Токтотпосом бекер, деп, Калба чыгып кетер, деп, Көкчолок минип тепеңдеп, Көмүскө менен желиптир, Көк жалга жетип келиптир: — Бузуктуу колдор барыптыр, Бузуп айтып салыптыр, (Бузук айтуу биздерге, Мурдатан калган салыттыр!) Чаргы кулдар барыптыр, Чалып айтып салыптыр, Нойгуттун ойон Чубагы, Жайылданып калыптыр, Жалпы аттанып нойгуттар, Жан калбай жөнөп алыптыр, - Ичи кенен кең Талас, Ойлоно түшүп эр Манас: — Акылман Бакай датка — деп, Миниң ылдам атка — деп, Аксаргылды жетелеп, Тезирээк жолго салыңыз, Ойон Чубак баатырдын, Ачуусун сурап алыңыз, Дарбазачы Сарытаз, Жолдош кыла барыңыз, - Аксаргыл тартуу ат алып, Сары тазды котчу алып, Азыр датка аттанып, Жете барып калыптыр, Жеткен жерде Чубакка, Буларды айта салыптыр: — Ой, ой Чубак, ой Чубак, Оолукмаңды кой, Чубак! Ушул кылган бир ишиң, Болбой турган чыр Чубак, Эси жоктой бул ишти, Энтеңдебей тый Чубак! - Сарытаз карап турбады, Датканын сөзүн улады: — Тартууга келди атыңыз, Арстан Чубак кайтыңыз... — Абакем азыр датка деп, Аттанып жолго чыкпа деп, Жетпей жүргөн экенмин, Аксаргыл сындуу атка — деп, Атыңды бердим миниңиз, Жатпастык сырды билиңиз! Тонуңду бердиң, тойуңуз, Торгобой мени койуңуз! - Калбаны Чубак баштады, Дарбазачы Сарытаз, Жыга чаап таштады, Опурулуп ошондо, Олуйа Бакай айтканы: — Ой, ой Чубак, ой Чубак! Осолдукту кой, Чубак! Кангайдан келген бул бир эр, Ким да болсо Алмаңды, Кыжыраган кытай дээр. Кылган кызмат ким үчүн? Кылым кыргыз эл үчүн! Кыргызга кызмат кылды деп, Кыйкырып чабыш кай күчүң?! Аткарган кызмат ким үчүн? Ак калпак кыргыз эл үчүн! Ага кызмат кылды деп, Айкырып чабыш кай күчүң?! Балам деймин өзүңдү, Бакырайган көзүңдү, Баатырлыктын чени бар, Байкап көрчү сөзүмдү. Бөлүнүп калды кыргыз, деп, Бөлөк элге кеп кетет. Жарылса ууру алуучу, Жай уксаң акыл нак ушул, Манастын Манас болмогу, Экөөбүз менен болуучу. Бузулуп биздер чыкканда, Бутунан тартып жыкканда, Ким да болсоң жыгылдың, Миң да болсоң кырылдың, Кары-жашың, хан-бегиң, Жалгыз менин дегениң, Бир чуңкурга тыгылдың! - Анда Чубак кеп айтат: — Ой, абаке, ой — деп айтат, Бир жүргөнсүз өзүңүз, Көрүп турган көзүңүз, Унутуп койор сен белең? Кеңеште жок, кепте жок, Оорукта калаар мен белем? Ойлоп көрчү абаке, Мен кайсы эриңден кем элем? Кыйалымда мен Чубак, Ушундай болоор дээр белем? Ташкендеги урушта, Талкалашкан жулушта, Насаранын Карылып, Аккуланын үстүнөн, Аңтара сайып кеткенде, Анда айрып бир алдым Кай жеринде кем калдым? Кашкардагы Калдайдын, Кармап башын кескенде, Кандабай тонун чечкенде, Каткалаңдын Сайкалы - Катындан чыккан арстаны, Көмүскөдөн чыкканда, Күүлөп найза сунганда, Көмөрө сайып далыдан, Көмөлөтүп жыкканда, Жебеден мурда жеткенмин, Кестирбей башын Сайкалга, Куткарып андан кеткемин. Билип туруп билбейсиз, Көрүп туруп көрбөйсүз, Көрүп билген көзүңүз, Көрө албай да, биле албай, Жылмайып калган өзүңүз. Торгобо жолум, абаке, Менменсиген калмагын, Белде жетип жалмайын, Бейжиндиктин жылкысын, Бери карай айдайын, Айдап келсем жылкыны, Албаганын көрөйүн, Айтканымды кылбасаң, Адам болбой өлөйүн, Тоспогун, аба, жөнөйүн! - Аңгычакты болбоду, Айманбоз минип албайып, Ак күбө тону далбайып, Арстаның келип калганы: — Не калба болуп кетти? — деп, Айтыңарчы баатырлар, Болуп жаткан кепти, — деп, Манас айта салганы. Аңдап алып эр Чубак, Ачууланып чунаңдап, Бакайды таштап жиберип, Манаска тийди имерип: — Алтайдын Арал көлүнөн, Акчамбыл таштын белинен, Тогуз жашта мен келдим, Он бир жашта сен келдиң, Ошондон бери карата, Аркаңда жүрүп сенделдим. Ак болот мизин жалаштым, Ал жеткиз жоого караштым, Айкөлүм Манас сен үчүн, Ар-намысың талаштым. Айрышканда бөз кана? Айтышканда сөз кана? Алышканда кол кана? Ким урунат арбакка, Теңебедиң ар качан, Тентип келген калмакка! Чобур жылкы баса албайт, Чоң күлүктүн изине, Күлүгүм Манас сен болдуң, Күймөлгөн чобур мен болдум, Күйгүзүп Манас не болдуң?! Унутуп койор сен белең? Оорукта калаар мен белем? Ойуңдан койдуң чыгарып, Мен кай эриңен кем элем?! - Жүйөлүү сөзгө келгенде, Жүйөсүн айтып бергенде, Жүдөгөндөн эр Манас: — Ан үчүн мында келдим, — деп, Арманың болсо чалгындан, Аттанып кошо жүргүн, — деп, Арстан Манас жөнөдү. Барбаймын деп айта албай, Баатырдын көөнүн кайтарбай, Бастырышты бул жерден, Манас, Чубак жанаша, Башка элге болуп тамаша. Аркасында көп колун, Абаң Бакай үркүтүп: — Кызыталак, санталак, Кытай деп мында кыйкырып, Не келдиңер анталап?! - Нойгуттар жанды артына, Эр Бакайдан тайак жеп, Чеке-башы канталап. Айдап келип эр Бакай, Нойгуттун элин түшүрдү, Көөнүндө ишин бүтүрдү. Муну койо туруңуз, Алмамбет менен Сыргактан, Алардан кепти угуңуз. Алмамбет менен эр Сыргак, Ат айабай жол жүрүп, Ылдамдата мол жүрүп, Капкайда кетип калыптыр, Артуу-артуу Сарыбел, Жүрүп турган салкын жел, Жете барды бир кезең. Кезеңде кара ташы бар, Буркураган гүлдөрү, Буралып турган чөбү бар, Көгөрүп турган көркүнө, Көргөн адам суктанаар. Ат чалдырып алам, деп, Эр Алмамбет баатырың, Атынан түшүп акырын, Суулуктарын чыгарып, Чалдырып алып басканы, Сарала менен Телкызыл, Карт күрөң менен үч атты, Отко койуп таштады. Кезеңдин чыгып башына, Көмүрдөй кара ташына, Көчүгүн койуп олтуруп, Кылчайып артын карады, Көз жеткиз элдин карааны, Аз болгондо Алмамбет, Төрт күндүк кеткен чамасы. Дүрбүсүн алып колуна, Карап көрдү Алмамбет, Аскерди алып ойуна. Колундагы дүрбүнү, Оңдоп кармап имерип, Олутуна толтуруп, Оңдонуп Алмаң караса, Күмсарынын ойунда, Учту десе каргадай, Карга десе бутадай, Эки караан көрүндү, Түтүндөй чаңы бөлүндү. Алты имерип чойгондо, Кыйамына койгондо, Алты күндүк жерлерди, Алты ар канча келтирген, Алмамбеттин чоң дүрбү, Абыдан тиктеп караса, Өкүм күлүк Көктеке, Өрчүй басып алыптыр, Өрүү калган Айманбоз, Өксүп артта калыптыр, Мунун көргөн Алмамбет, Ойуна муну алыптыр: “Ушул тушта болчу эле, Күмсарынын Ачбели, Ар жагында жүрчү эле, Чоң Жолойдун көп эли. Биздин колду капталдап, Атышып калба салганбы? Аккуладан ажырап, Күнү каран калганбы? Ашыкканда баатырым, Мага жөнөп алганбы?” Аны ойлоп Алмамбет, Алда кандай болоор? деп, Мунун ойлоп Алмамбет, Буйурганы болоор, деп, Тегеретип имерип, Теги чындап жиберип, Бет маңдайын караса, Пейли Чубак башкача - Жүзүнө каар толуптур, Жаалы чыгып болуптур; Эрегишип келгенин, Эми билди Алмамбет, Кас санашып келгенин, Канык билди Алмамбет. Дүрбүсүн катып койнуна, Боосун илип мойнуна, Көк түпөк кызыл найзаны, Имере кармап алганы, Түпөктүү найза тайанып. Дайарданып турганы, Алакеңдин ал сырын, Арстан Сыргак туйганы. Келе жатып эр Чубак. Эсине келип бул чунак: “Акыл айтып абакем, Билдирген экен, билбепмин, Билген болсом ал жерде, Ушул жерге келбесмин. Кангайдан келген бул калмак, Калк үчүн жүрөт тамтаңдап, Бакайдын кебин угайын, Жакшы-жаман иш кылса, Былк этпестен турайын.” - Муну ойлоп Чубакең, Аттан түшүп өзү жөө, Кара бойу бир дөбө, Кыйа карап олтурду, Өйүз-бүйүз эки дөө, Сыргак турду ортодо, Сыр билгизбей бирөөнө. Ал аңгыча болбоду, Айманбоз минип албайып, Ак күбө тону далбайып, Адамзаттын арстаны, Айкөл келип калганы, Калагандай кашка тиш, Калайыктан башка тиш, Кара күчкө каткырып. Айтып сөзүн салганы: — Ортодон кандай кеп өттү, Айтыңар, деп, - калбаны? Аңдап муну Алмамбет, Чубакты таштап жиберип, Арстан Манас баатырдын, Өзүнө тийди имерип: — Ой, ой Манас, ой Манас! Аңкоосубай кой, Манас! Айтпасаң да билинди, Билиптир мобу Чубагың, Менин кытайдан болгон зилимди! Каканда хандын уулу элем, Хан кыл дедим кимиңди? Каалап келдим билдиңби, Кааладым келдим диниңди, Калпа султан пириңди! Хан Манас экөөң бирикчи, Калжыраган Чубак кул, Кагайын сенин жиниңди! Бейжинде бектин уулу элем, Бек кыл дедим кимиңди? Мелжедим, келдим диниңди, Мекеде султан пириңди! Бек Манас экөөң бирикчи, Мен бузайымбы динимди? Бузуп туруп динимди, Урайынбы жиниңди?! Сойойунбу өзүңдү? Ойойунбу көзүңдү? Чечейинби бүчүңдү? Көрөйүнбү күчүңдү? Алайынбы өчүңдү? Алактабай абдан ук, Айтып турган сөзүмдү! Эл таба албай эндиреп, Элсиздиктен келди, деп, Эсиңде сенин ушубу? Карчаша чыксаң Алмамбет, Каныңды төгөр тушу бу! Калк таба албай кангырап, Калксыздыктан келди деп, Кадигиңде ушубу? Каарданса Алмамбет, Кардыңды жарар тушубу! Алтын так минсин, хан өлсүн, Азапты тартпай жан өлсүн, Алланын иши болбосо, Айлыңдын четин ким көрсүн?! Ар түрдүү тарттым мээнетти, Азабыңа ким көнсүн, Акмакты коштой чабышкан, Акылсыз кандай төрөмсүң! Күмүш так минсин, хан өлсүн, Күйүттү тартпай жан өлсүн, Кудурет иши болбосо, Корооңдун четин ким көрсүн, Не түрдүү тарттым мээнетти, Кордугуңа ким көнсүн? Көөпайды коштой чабышкан, Көөдөнсүз кандай төрөмсүң?! Атканым мылтык, топ дейсиң, Албагым жерим жок дейсиң, Кунан уйдай ок дейсиң, Коркутпас жерим жок дейсиң, Чоролорум эр дейсиң, Чубагыңды шер дейсиң, Эне сүтүн бир эмдим, Эмгегимди билбейсиң! Аткарып Чубак “шериңди”, Артынан өзүң келдиңби? Алмамбеттин айлында, Агызам канын дедиңби? Кангайлыкка көрсөтүп, Кайырмак белең белимди?! Булкунтуп Чубак “шериңди”, Бөксөлөй тартып келдиңби? Туулган кошун журтунда, Төгөйүн канын дедиңби?
Коңурбайга айрөктөп, Комормок белең белимди?! Көктөгү айдын шооласы, Көлдө бар кургак сайда жок, Сүйбөгөн адам коногу, Нанда бар бирок майда жок, Адашкан жалгыз экенмин, Айткан менен пайда жок, Асманда жылдыз шооласы, Ак музда бар сайда жок, Арзыбаган меймандар, Чайда бар, бирок майда жок, Жалгыздыгым билинди, Жаңшаган менен пайда жок! Алган жериң бар бекен? Ашкан белиң бар бекен? Баскан жолуң кайда экен? Коңшу болгон Коконду, Койдой багып алыпсың, Коркутуп алман салыпсың, Ар кайдан келип куралып, Араникти алыпсың. Кашкардагы Калдайдын, Кармап башын кесипсиң, Чет Бейжинди алдым, деп, Элге айта жетипсиң; Бешбалыкты алыпсың, Айжаңжүн качып кеткенде, Манас шаарын салыпсың, Орто Бейжин алдым, деп, Ошону ойлоп калыпсың. Бейжин кайда билдиңби? Кытай кайда көрдүңбү? “Айкөлүм”, абдан байкагын, Мен жеримди айтайын: Күн чыгышты бүт деңиз, Түндүк жагы муз деңиз, Түштүк жагы түз тегиз, Жамгыры жааган үзүлбөй, Байчечектүү жер семиз, Уй түгүндөй жыш келген, Баары кытай, билсеңиз! Сансыган кытай көп элди, Менин элим болсо деп, Самабай турган эл бекен?
Саңоорулуу калаа - чоң Алчын, Менин шаарым болсо деп, Сагынбай турган жер бекен? Элиңиз бизден көп бекен? Элсиз киши мен бекем? Жериңиз бизге кеп бекен? Жерсиз киши мен бекем? Индичиндин Үчарал, Ачынгандан мен айтам, Жеринин аты Ботала, Чыккан чөбү күчала, Ичкен ашы аларын, Күрүчтөн кылган атала. Казылуу жаткан ору бар, Алтымыш капка Бейжинди, Алаканда башкарган, Эсен хан деген зору бар. Беш сугарган аштыктай, Беченди деген чөбү бар, Айбан жесе тойбогон, Алты күнү жол жүрсө, Ачып карды койбогон; Түйүн чач деген жыланы, Жүз кулач жерге сойлогон, Деңизинин четинде, Булгун, кундуз ойногон. Ал жердеги элдердин, Ак малдан арбын доңузу, Ташбакадан дагы чоң, Талаалуу деген коңузу, Арбын ошол элимде, Айтылуу менин жеримде, Алтын казан атала, Ичсе карды тойбогон, Соргоктору дагы бар, Түндө эшикке чыкпаган, Коркоктору дагы бар, Төөнү жаза муштаган, Чоркоктору дагы бар; Мүйүзү менен башында, Найзадан мурда качырып, Сайгандары дагы бар, Тап бергенин куткарбас, Тайгандары дагы бар, Тайманбай туруп дөөлөрдү, Алгандары дагы бар. Хан Коңур менен кектешип, Хан атам менен беттешип, Ошол жерден мен келдим, Окшотуп канды жошого, “Казакка барып жай таппай, Кыргызга келди бай таппай, Аңырып келген бир кытай, Айагы жүрөт сай таппай” - Кулжуңдаган Чубагым, Кыйалыңда ошого?! Сорандыктын доорунда, Турганда Туңша колумда, Жүйрүн дөөгө окууга, Алты жүз бала бир бардык, Алты айга жетпей жеп болуп, Алты бала бир калдык. Кийинки жылы болгондо, Тогуз жүз бала бир барды, Тогуз ай болбой жеп болуп, Тогуз бала бир калды. Үч жылдык окуу билээрге, Биз турганбыз ал жерде, Үч жылы бүтүп, үч айлык, Окушум калган күндөрдө, Сорандык ноокас болду, деп, Кат барыптыр бир күндө. Жүйрүн мени чакырып. Жатагына алпарып: — Азиз хандын баласы, Мынаке, атаң кагазы, Барбасаң болбойт атаңа, Чечекейдин карасы. Бир жолу кеткин келбе, — деп, Маа берүүгө кат жазды. Сырты калың, өткүр миз, Учу кайкы, мойну түз, Саптаган сабы сап алтын, Кыны кызыл дагы алтын, Бир шамшарды колго алды. Колго аларда карасам, Экөө экен жанаша, Бирин кармап таштады, Бирин алып маа берди, Белегим сага бул, деди.
Катыма мөөр басканы, Жерди карай эңкейди, Мага мындай ой келди: “Мага тигил шамшарын, Кармады, көрүп бербеди, Же купуйа бардыбы, Касиеттүү бир жери?” Эптүүлүк менен билгизбей, Мага берген шамшарын, Ордуна асып таштадым, Илип койгон шамшарын, Мен белиме аскамын, Билбей калды Жүйрүн дөө, Катты салып чөнтөккө, Шаарымды карай баскамын. Чоң Бейсендин тумшукта, Салынып келген урчукта, Сары деңиз үстүндө, Сыр көпүрө келгемин, Көпүрөнүн үстүндө, Мен Куранды көргөмүн. Мурунку тарткан чоң Куран, Пайгамбардан калыптыр, Кийинки тарткан кураны, Кытайлар тартып салыптыр. Куранды барып карасам, Алмадай кылып бейишти, Жети тозок-кейишти, Көрсөтүп айкын жайыптыр. Бейиш жакшы жай экен, Ал бейиштин ичинде, Мусулман адам бар экен; Тозок жаман жай экен, Көрүнгөн ал тозокту, Түгөл капыр бар экен. Тозоктун оту каар экен, Ичкен ашы заар экен. Бейиш менен тозоктун, Баарын көрүп көз менен, Ойума кетти бир күмөн: Бек болуп минтип жүргөнчө, Бекер дооран сүргөнчө, Куру калып бейиштен, Куурулуп отко күйгөнчө, Мусулман жакшы белем деп.
Туңшага жакын келгенде, Каттоочу кабар бергенде, Сошойа келет бекен? деп, Алдынан тоссок экен, деп Жаңжүндөн кыркы чогулуп, Алтымыш амбал жам кылып, Алтындан соккон араба, Амбалдардын мойнунда, Алдыма көпчүк салдырып, Бар керегин так кылып, Күтүнгөн экен кам кылып. Аттан сүйөп алышты, Жөө көтөрүп амбалдар, Туңша калаа барышты, Чоң калаага барганда, Асылдан килем салышты. Ал килемдин үстүнө, Олтургузуп алышты, Колмо-колдоп көтөрүп, Алып кетип калышты. Сошойа келип калды, деп, Атама кабар салышты, Атанын кылып урматын, Алдына Алмаң барышты. Ноокасы жок сак экен, Жибербей койот аны, деп, Кат жазган жайы ал экен, Алтымыш жаңжүн бар эле, Ар бири тоодой зал эле, Кыркы турат, жыйырма жок, Акылымды курадым, Кай кеткенин сурадым. Бар жумушун бүтүргөн, Катчысы бар атамдын, Ошол катчы айткан кеп: Алооке калдай чоң уулу - Коңурбай келип Кангайдан, Эсен хандын алдына, Токсон төөгө зар арткан, Топ-топ тулпар ат алган, Буруттан Манас чыкты, деп, Даңзага атын жаздырып, Азийанын батышын, Бурут ээлеп алды, деп, Кангайдын жери калмакка, Тарлык кылып калды, деп, Жер сурап келдим сизге, деп, Жардам бериң бизге, деп, Түндүктө жыйырма жаңжүндү, Коңур сурап алган, деп. Бул кабарды укканда, Жүрөгүмдө кызыл чок, Ичим болду жанган от. Уктабай таңды аткардым, Ой менен купкуу саргайдым, Сапырылып самандай, Өлүп кетет тас калдым. Таң агарып атканда, Талаага шоола чачканда, Кыл жейрен атты алгамын, Үстүнө токум салгамын, Туңша калаа баргамын. Тамактын даамын татканда, Ой-тоонун баарын аралап, Жеримди койбой чардадым, Туңшада жүрөт көчөөдө, Шайандагы байларым, Шайанда кытай байлары, Айак жарды дегени, Миңден жылкы айдады, Шаарга айдап таштаптыр, Араласам аларды, Мал көбөйткөн жайларын. Баарысын калмак алганы. Эл аралап, жер чардап, Келе жатсам далдаңдап, Учурап калды бир жигит, Минген тору аты бар, Алп мүчөлүү салты бар. Анын дайынын сурадым. Сураганда ал айтты: — Карагул атым, — деп айтты, Алооке, Катал бир тууган, Алоокенин Коңурбай, Мен Каталдын баласы, Токсон сан жылкы тоодо бар, Башчысы болом, карачы. Эсен хан берип биздерге, Жаңыдан келдик бул жерге, Өтө жакшы жер экен, Жылкы арбып төлдөргө, Байлар жатса эң сонун, Малын айдап төр-төрдө.... Ачуум келип чыдабай: — Коңурбайың кайда?! — деп, Сурап ийдим тура албай. Кезенгеним билбеди, Кеп жашырып жүрбөдү: — Аркы бети кургак төр, Ошол жерде Коңтөрө, Издесең барып ошондон көр, - Коңурдун угуп кабарын, Кантип чыдап турамын? Ач белди ашып баргамын, Эңкейгенде көргөмүн, Көп чатырдын караанын. Жакын барсам чатырга, Байлоодо турган бир ат бар, Айран калдым кара атка, Күмбөзгө тарткан сүрөттөй, Бир имерип карашка. Алтын ээр калмакча, Алты артайыл тартылган, Төрт айактуу айбандан, Сөөлөтү башка артылган, Арманым бар эмгиче, Ажыратпай атынан! Аста эмес бакыргам, Атынан айтып чакыргам, Көрмөк түгүл Коңурду, Атын мурда укпагам, Алактаган бир адам, Чыга калды чатырдан. Узун бойлуу кара сур, Кан ичменин бири бул, Аңылдаган Чубак кул, Азапты тарттым канчалык, Абыдан муну угуп тур! Чыкканча минди кара атка, Түз багар киши көрүнбөйт, Байкасам бул капырга. — Атуу туруп качырган, Ой, азамат, атың ким? Бар белең мага бир кебиң? — Атымды уксаң Сололу, Элдер айтат Сошайа, Атың сенин ким? — дедим. — Атамдын аты Алооке, Калдайлык менсеп бул күндө, Өзүмдүн атым Коңурбай, Төрөлүк кылам көп элге, - Атым Коңур дегенде, Ачуума мен чыдабай, Катуу айтым ал жерде: — Алты атадан бер жакка, Ата конуш жер болуп, Энчиге тийген биздерге, Не келесиң бул жерге?! Анда Коңур кеп айтты, Кеп айтканда бек айтты: — Айтканың угар кишиң жок, Сени менен ишим жок, Жерди берген Эсен хан, Кете бергин топоңдоп! - Башын булгай сүйлөсө, Түрү башка кокоңдоп, Катуу тийди бу кеби - Кет дегени топоңдоп. Айал кылып турбадым, Көк түпөк кызыл найзамды, Так көтөрүп ыргадым. Алоокенин Коңурбай, Каарданды, карарды, Ал да найза кармады, Анчалык найза алган мен, Айанып туруп аламын? Калбаны катуу баштадым, Жеткен жерде Коңурдун, Найзасын кагып таштадым, Имергенде өкчөдүм, Алгаранын үстүнөн, Аңтара сайып өткөмүн, Тап этинде Кылжейрен, Алгара менен койгулап, Көрүп калдым караанын, Кетип бара жатканын. Жер түбүнө кирсең да, Жетпей саа калбайм деп, Кылжейрен менен сабадым, Жеткирбеди Алгара, Кээде көрөм караанын, Кээде көрбөй каламын. Коңурбай кылбай туруштук, Эки күнү кууштук, Аралап кирди ал капыр, Кантундун кенен калаасын, Ошондо билдим Коңурдун, Эсен ханга барарын. Хан ордосу дарбаза, Аттуу кирип баргамын, Хан сарайдын оозунан, Бир кыздын көрдүм караанын, Он эки-он үч жаштарда, Нуру окшобойт башкага, Торой басып алдымды, Нишарат менен чакырды: — Айтаарым бар мен сага, Тура турчу аз гана, Өчөшүп келген кейпиң бар, Алп Коңурбай калчага, Алп Коңурбай тууралуу, Айтканың өтпөйт атама. Сүрөтүң көрүп башында, Бир көрсөм деп жүргөмүн, Сүйлөшүп сага тил албай, Сүрөтүңдөн сүйгөмүн. Эрегишип калчага, Эп көрсөң кебин атамдын, Сен үстүнө кирбегин, Кирип калсаң тил албай, Арызын айт, ишиң айт, Ачуусуна тийбегин. Үйгө кирбей турайын, Көп кечикпей чыгарсың, Ишиңдин кандай болгонун, Андай кийин угармын, Көз жиберип сыр бербей, Атыңды карап турамын,- Жалпы журтка билинүү, Чен тонум бар кийилүү, Мени менен иши жок, Тосуп койор киши жок, Алгараны жалт карай, Ичке жүрдүм ылдамдай, Эшикке жакын барганда, Сакчылар турган алдымда, Токтоо кылбай бүгүлүп, Тоңкочуктап жүгүнүп, Тобо-томук кылышты, Кол куушуруп турушту, Баашанын кирдим үстүнө, Кайрылбастан эч кимге, Алиги кеткен Коңурбай, Кадайып турган кезинде. Кебин айтып бүтүрүп, Болгон экен ал кезде, Киришеме Коңурбай, Чыгып кетти эшикке. Ханга айттым кебимди, Ичиме толгон черимди: — Калмак ээлеп алыптыр, Жыйырма жаңжүн жеримди, - Угуп болуп Эсенхан, — Бурут алды неченин, Башкалар алды көп жерин, Мен алтоону Коңурга, Четинен бөлүп бергенмин, Кырк жаңжүн бар алдыңда, Жетишээр сага ал деймин,- Эсенхандан кеп угуп, Мен бергемин деп угуп, Эшикке чыктым айласыз, Мына минтип демим сууп. Эшикке чыксам кара ат жок, Кетиптир калча караан жок. Кылжейрен миндим, жөнөдүм, Хан сарайдын оозунан, Байагы кызды көргөмүн. — Бура тарткын, Сошойа, Мен айтар сөзүм аз гана, Абалыңды айттыңбы, Эсенхан менин атама? Кебиңди укпай койгондур, Сен болбогун аа капа. Эми барып атаңа айт, Атаң да кошулбайт, Эрегишпей калчага, Эсенхан менен атаңа, Ушул жерден кайра тарт. Жана албасаң пейлиңден, Алаштан башка башмаана, Барар жер сага табылбайт. Кыз бойумча жүрөмүн, Кырк жылы сени күйөрмүн, Кыйалы башка болот деп, Болбосун ойдо күмөнүң. — Кош эмесе — деп койуп, Токтобостон жөнөдүм. Алты күнү жол бастым, Дайра кечтим, бел аштым, Кажалып кектүү санаага, Чоң Туңшага баргамын, Ай тийгендей жарк этип, Ачылсын кайдан кабагым? Аттан түшүп жуунуп, Атакемдин түрүнө, Айалдабай киргемин, Баштан-айак кебимди, Баарын айтып бергемин, Атакемдин үстүнөн, Кошулбасын билгемин. Айтып кебим болгондо, Атам мага октоло: — Жерди берген Эсенхан, Желденип келдиң сен кайдан, Элди берген Эсенхан, Эрдемсип келдиң сен кайдан? Хан берсе эли-жериңди, Кайгырып ага не чараң? Кырк жаңжүн жетет биз үчүн, Басылсын эми бул калбаң?! Атамдан угуп мындай кеп, Айтканыма бушман жеп, Жеримди көрүп келем деп, Алты күнү камын жеп, Чыгып кеттим калаадан, Басып өтүп ортодо, Тогуз күндүк арадан, Ар кимден сурап мен угуп, Башка-башка кеп угуп, Айагы бардым ал жерге, Аңкүр деген жер угуп. Аңкүрдүн ичи кең экен, Баш-айагы Аңкүрдүн, Он беш күндүк жол экен, Албан түрдүү жыгач бар, Түгөл токой жер экен, Кайберени мол экен, Батыш жагы күүрөктүү, Ээн жаткан төр экен. Аркар-кулжа, бугусу, Алжып карып өлбөсө, Анда-санда кокустан, Илбирс, жолборс жебесе, Жолборстон коркуп ал жерге, Карышкыр жойлоп келбесе, Адам уулун көрбөгөн, Алыс качып жүрбөгөн, Үркүштү туура билбеген, Адамды көрсө топтогон, Топтоп келип жыттанган. Доңузу жүрөт корсулдап, Торошону топулдап, Экөөнү кармап байланып, Белге чыктым айланып, Туш-тушка салдым көзүмдү, Турнабайым колго алып, Батышта жаткан жер көрдүм, Жер бетинде эл көрдүм, Эл башкарган эр көрдүм; Эл менен турган жеримди, Ат чабымдай жол көрдүм, Арасында жаркыган, Кызыл алтын туу көрдүм, Айгайлаган чуу көрдүм, Кайсы тайпа элден деп, Кайсыл жерден келген деп, Барып билсем экен деп, Этек-жеңим делбиреп, Жетип келдим кеңгиреп. Элге чукул келгенде, Топтон чыкты эки адам, Алдымдан утур жол тосуп, Найзага темир аштаган, Атышкан жоодон качпаган, Айдаркан уулу Көкчө хан, Жаңы келген кези экен, Йаврупа менен толгонуп. Жакын келди бир киши, Жанында бар тилчиси - Кытайдын тилин билчүсү. Салам айттым: - Кома? — деп, Ал комамды билбеди, Айткансыды ооба деп, Андан кийин бакылдап, Айтты жана мындай кеп: — Саламдан кеткир садага, Текебуруң артыкча, Теңебейсиң бойуңа. Билбеген соң не даба, Ак талаанын бирлигин? Көкүрөктөн жойбопсуң, Көңүлүңдүн кирлигин. Сапардын тоосун айланып, Чочколордун күчүгүн, Жүрүптүрсүң байланып, - Анда туруп мен айттым: — Абайлап сүйлө, — деп айттым, Жашаган кыйла жашыңда, Сакалдуу ушул башыңда, Каапыр, каапыр дей бербе, Калжырап бокту жей бербе, Мусулмандын капырдан, Артыктыгын билгизип, Анан мени жемеле! - Алыбай деген бир киши, - Жанында анын тилчиси: — Көкчө деген ушул — деп, Көп такашып кантесиң, Көп кылган мунун иши, — деп, Бул өзү көөпайыраак киши, — деп, Олуйа жолун ал айтты, Пайгамбарча жол айтты; Айдаркандын баласы - Ашкере молдо оң айтты. Айтканда көөнүм туйунду, Агып жашым куйулду, Алла Таала жараткан, Алмага алаштын тузун буйурду. Көкчөгө төшөп кулагым, Аныктап андан сурадым: — Канткенде мен боломун, Капыр эмес мусулман? — Ла иллаха иллалла... Мусулмандык шарттары, Башталат, — деди - ушундан. Канча айтсам да “келмени”, Ага тилим келбеди, “Лала, лала, лалалап”, Ошол кезде мен кулдун, Ушул болду эрмеги. Ошондо эр Көкчөкөз мындай дегени: — Келбеген менен тили “келмеге”, Дили келип баланын, Кара дили агарды, Үйрөнүп алат калганын, - Элүү миң колун түшүрүп, Көөнүндө ишин бүтүрүп, Сары улагын таптырып, Садагасын кактырып, Чоң куржунун ачтырып, Кыйла миң кызыл алтынын, Садага кылып чачтырып, Айдарканга айткын, деп, Алдына киши чаптырып, Көкчө турган ушундай, Көөнүндө ишин так кылып. Үйүнө жетип барганда, Эки күн өрүүн алганда, Эл чогултуп той берип, Аз бербестен мол берип, Аалы Мухаммед деп ат койуп, Анан турду эр Көкчө, Кечиктирбей бат койуп, Эртең менен карасам, Казандай селде башында, Катчы, вазир башында, Кол башындай “аптиек”, Кошо кармап колуна, Эшиктен кирди эр Көкчө: — Алмамбет, балам, келгин — деп, Ыйман айтып, “келме” айтып, Ислам динге киргин, — деп, Такта кат окуп башынан, Алланын атын билгин, — деп. Жети күнү болгуча, Жиниккендей киргемин, Такта кат менен “Аптиек”, Жарты арыбын билбедим. Жетинчи күндүн түнүндө, Көп нерсе түшүп көөнүмө, Жалгыз жатып ыйладым, Кара жанды кыйнадым, Ыйлап жатып уктадым, Уктап жатып түш көрдүм, Түшүмдө сонун иш көрдүм: Эшиктен кирди бир киши, Адам айран калгандай, Жыт бурады үй ичи. Орто бойлуу нур жүздүү, Өзү кызыл тегерек: — Алмамбет, балам келгин, — деп, Мухаммед деген менмин, — деп, Көп кыйналдың Алмамбет, Ак исламдын дини деп. Ачкын, балам, оозуң, — деп, Оозумду ачсам-ичкин, — деп, Бир ууртам сууну маа берди; Суу тамактан кылт этип, Көз ачылды жарк этип, Көкүрөгүм коолдоп, Көөн ачылып шаңк этип, Эже, сүрөө турмайлык, Кошо айттым маанисин, Токтоосуз окуп шар кетип. Эртеси көрүп эр Көкчө: — Кана, баатыр Алмамбет, Не болгонун айта сал, Сениң көркүң бөлөкчө, - Көргөн түшүм мен айттым, Айат, адис, маани айттым, Көңүлү куунап эр Көкчө: — Кудайдын кылган иши, — дейт, Түшүңө кирген Мухаммед - Исламдын ээси киши, — дейт. Эрте туруп бир күнү, Кирсем Көкчө үйүнө, Карап менин жүзүмө: — Не жумушуң бар эле, Келипсиң эрте? — деди эле. Сураганда мен айттым: — Эл сагынбас эр болбос, Жер сагынбас жан болбос, Сагынбас үйүрүн ат болбос, Кудай буйруп хан Көкчө, Сага болдум мен жолдош, Элим менен жеримди, Жергем менен жээнимди, Айрыкчасы энемди, Дегеле кыйын сагындым, Уйку жок көздө сабылдым. Уруксат берсең барайын, Болжолдуу күндөн өтпөстөн, Кайра келе калайын, - Андай-мындай дебеди, Ачык жооп бербеди, Арадан алты күн өттү, Айылда киши дүрбөдү, Элүү миң аскер кол айдап, Айчыгы алтын туу кармап, Алып келди токутуп, Кыл жейрен атты да камдап. — Алмамбет баатыр, жүргүн — деп, Өзүм көргөн байагы, Күйрөктүүнүн ойуна, Көк жаңгактын бойуна, Көкчө элин түшүрдү, Эртең менен болгондо, Аттарга мине алкына, Мени менен тилмечи, Үчөөбүз чыктык кайкыга, Көкчө ошондо муну айтты, Атынын башын тарттыра: — Кана, балам Алмамбет, Сен элиме барам деп, Мага айттың далай кеп. Барсаң, балам, бат келгин, Батамды бердим ак келгин, Аман-эсен сак келгин. Үйгө барбай бул жерде, Үч ай сени күтөмүн, Үч айда кайта келбесең, Пенде кирбес Бейжинге, Бир сен үчүн киремин, Алты ай сени күтөмүн, Алты айда келбесең, Ата журтуң Бейжинге, Атайлап балам, киремин, Баргын, балам, кош, — деди, Болсун жолуң бош, — деди.
Алла деп андан жөнөдүм, Далайды андан көргөмүн, Бир нече күн жол жүрүп, Туңша калаа киргемин; Тура албастан Туңшада, Мен барып Бейжин калаага, Эки күн өргүп көрүштүм, Сорандык деген балага. Эшиктен кирсем атакем, Олтурган экен тактада, Башымды салып ал үйгө, Кирип бардым салам деп, Алик албай хан атам, Тиктеп туруп мелтиреп, Айтты мага мындай кеп: — Ал саламың албайым, Биздин салам кома, — деп, Атаңдын жолу турганда, Башка жолго ообо! — деп, Өзгө жактан шек берип, Бу айтып турган сөзүңбү?! Чантууга койо бергенче, Чаап салып өзүңдү, Тазалайын көзүңдү,- Муну айтып хан атам, Туруп кетти ордунан, Бир убакта карасам, Тура калып ордунан, Чойундан куйган чоң сүрөт, Чокунгун, деп күпүлдөйт, Чокунбасаң сен буга, Көз көргүс жерге сени мен, Жоготом, деп дүпүлдөйт. Кудай деген эмне? дейт, Оозуңа алба “келме”, дейт. Анда туруп мен айттым: — Кудай деген бар болот, Кубаты менен кудайдын. Бул дүнүйө карк толот, - Менден угуп хан атам, Үксүйүп башка чыккан чач, Имере кармап качырды, Үйдөй болгон чойун баш. Кара жандан түңүлүп, Кабагым менин түйүлүп, Кыны кызыл, сабы алтын, Кылычты кындан суурганда, Кыйкырып мен да турганда, Чабалбай атам токтолду, Чабаарга чама жок болду, Кылычтап башын алсам деп, Кыйаматка жиберип, Анан туруп калсам деп, “Өз атасын өлтүрүп, Өзөктөн канын жайган” — деп Артыма калаар бул бир кеп, Муну ойлоп эшикте, Кылжейренди минээрде, Кылчайбай жолго кирээрде, Энекем келип ал жерге: — Айланайын кулунум, Кушу сенсиң туурумун. Талапты башка кылыпсың, Алып келгин колуңду, Атаң да болсо зор душман, Тазалап жүргүн жолуңду. Соорандык деген каман бар, Каарына калбастан, Кайда барсаң аман бар, Жакамдагы кундузум, Чекемдеги жылдызым, Айланайын жалгызым, - Анда туруп мен айттым, Агызып жашым кылайтып: — Асман алыс, жер жакын, Акыры кечкин сүт акың. Асман да бар, жер да бар, Жарык дүйнө кайда бар? Жылдыз да бар, күн да бар, Жыргалдуу дүйнө кайда бар? Ушуларды жараткан, Баарынын ээси кудай бар - Анда энем кеп айтат, Кеп айтканда нени айтат: — Кайда барсаң ала кет, Аркаңа бала, сала кет, Сен мусулман болгону, Алты айга дагы толбоду, Мен мусулман болгону, Нечен жылдар болгону.
Алдымда бар беш катын. Баштап аны койбоймун, Мусулман болгон бүт азыр, - Энемдин угуп бул кебин, Кеңдемеде аттардан, Алтыны алып келгемин, Мени менен жети жан, Атка мине камынып, Бастырып чыга бергенде, Кент коңгуроо кагылып, Кеңдемеде көп аскер, Туш-туштан чыкты жабылып, Көк түпөк кызыл найзамды, Көп кытайга мылгыттым, Көчөдөгү душманды, Көгүчкөндөй ыргыттым, Сулаттым султандарыны, Сумсайттым аскер баарыны, Суудай төгүп каныны. Кереметтүү зор калча, Келгенимди билиптир, Кетеримди билиптир, Шамдай болгон кырк бала, Жол тостуруп койуптур, Маңдай-тескей карашып, Булар көчө болуптур. Кырк баланы көргөндө, Кара бойум экчедим, Качырган бойдон жеткемин. Качырып кирип барганда, Баарысы турду чуркурап, Бөлүндү балдар чыркырап: — Төрөбүзсүң Алмамбет, Төгүн эмес айткан кеп, Таштабай бизди ала кет, Жаныбызсың Алмамбет, Калпыбыз эмес айткан кеп, Каканга койбой ала кет, Аркаңа бизди сала кет, - Анда туруп мен айттым: — “Келме” айтсаң келгиле, Кетели бирге жүргүлө, - Айтканга тили келбеди, “Лала, лала” дегенин, Жүрүгүлө дегемин, Жүрүп кете бергемин, Алты күн жүрүп арада, Туңша калаа бергемин. Алоокенин чоң Коңур, Каспаңда жаткан оңбогур, Билбепмин кабар бергенин. Кытайлардын Буудан көк, Болгон аскер кумдан көп, Кырккүрөң деген аты бар, Буудаңчаң деген капыр ал, Чалкалаган чоң капыр, Тосуп чыкты жолуман. Башымдагы туулга, Казандай кара темирден, Кара бойу кем эмес, Кара тоонун сеңирден, Баса мени жыгылса, Кыймылдаткыс көрүнгөн. Найзамды кармап ыргадым, Денеме күчүм жыйнадым, Жыйнаган бойдон жеткемин, Кырккүрөң аттын үстүнөн, Чалкалаган капырды, Каңтара сайып кеткемин, Эркин жүргөн Алмамбет, Бу эрдигим эмей неткеним? Эсирген Чубак, саа айтам, Бу ээн талаада кептерим! Кырккүрөң аттан жыгылды, Кемерге башы тыгылды, Буудаңчаңды сайган, деп, Бооруна найза малган, деп, Кылым кытай журтума, Кылганым менин угулду, Кумдай болгон көп аскер, Кылчаңдабай куйулду, Кыны кызыл, сабы алтын, Кылычын Алмаң сууруду. Арбын жерин аскердин, Аралап кирди талкалап, Албарс менен кайсалап. Касташып келген капырлар, Соо чыкпады колумдан, Кытайлардын өлүгү, Кем болгон жок дегеле, Кырдагы кара корумдан, Кызыл кан кечип кытайдан, Кыргызга келген мааналап, Чубак кул, маңдайдагы шорум ал! Тосуп бирөө чыккан жок, Курган менин жолуман, Кырк миңден бири калган жок, Тирүү кетип колуман. Жан жагыма карасам, Жанымда киши калбаптыр, Ат айабай жол тартып, Токтоно албай кылчайып, Күн батыш карай бет алып, Келип калды бир жерге, Салынган тумшук тар жерге. Чыга калсам сеңирден, Бойу тоодой керилген, Бели кындай кең белбоо, Кебез өтүк Кендирбай, Аркасында айдары, Тору айгырдын жалындай, Көзү көлдүн буткулдай, Көрүнгөнү жуткундай, Жанказандай башы бар, Жаткан иттей кашы бар, Сакалы саадак кабындай, Жакшы чыккан муруту, Чоң балтанын сабындай, Салкыны сырттын желиндей, Сайышаарга жоо болсо, Чоңдугу төөнүн нарындай, Толкуну көлдүн шарындай, Жумуру баш айры төш, Пендеде мындай табылбай, Алгара минип болкойуп, Темирден найза койкойуп, Барча тоодой зоңкойуп, Турган экен жамынып, Көзүнөн жалын чагылып. Анын арка жагында. Манжулардын Нескара, Беттешип калса пендеге, Табылбас ага эч даба, Кулач кез мойну узарып, Өпкөдөй бети бышарып, Өрттөй көзү кызарып, Көн кисеси шалпылдап, Чоң кылыч белде жаркылдап. Анын ары жагында, Каркап кырк миң кол баккан, Кагышканда кан аккан, Кырмусшаанын Мурадил, Кызыл жээрде ат минген, Кыл куйругун чарт түйгөн, Кароолчу эле бир чети, Ханга ылайык келбети, Турган экен бул айбан. Анын ары жагында, Калмактардын Уушаңы, Жердин бетин тордогон, Жайылган мунун тузагы, Калмактардын тунугу, Келип турган бу дагы. Анын ары жагында, Каткалаңдын Сайкалы, Качып барып кыргыздан, Каранды болгон калмакка, Мунун кайсынысын айталы! Бейжиндин эли беш урук, Беш уруктун чоңунан, Чыкпады Жолой жолугуп, Калганы келген чогулуп, Кайра тартар чама жок, Кутулар анда арга жок, Кара жанга күч келди, Кимдер баатыр, ким коркок, Сынала турган кез келди. Найзаны кармап кезендим, Алачыктай Коңурдан, Айырбай көзүн тиктедим, Кыл жейрен оозун бурбастан, Качырган бойдон жеткемин, Найза менен бир муштап, Алгаранын үстүнөн, Аңтара сайып өткөмүн, Аңгычакты болбоду, Жазайыл мылтык, жаа тартты, Дүңгүрөтүп топ атты, Очогор менен ок атты, Үнү кулак тундурган, Замбирегин кошо атты. Не болгонун билбедим, Көөнүм айнып кирдедим, Көзүм ачып карасам, Жети кабат кене тор, Ортосунда экенмин. Атым менен оролуп, Калыптырмын тордолуп, Кайнаган аскер, калың кол, Баштаган Коңур зор болуп, Турган экен эр жайнап, Камалып анда калыпмын, Кайран жанда шор кайнап. Тордогон бойдон чогулуп, Айдап алып жөнөдү, Жандоочу деген сепилге, Барганын көзүм көрбөдү, Хан туруп качкан караан, деп, Калкынан безген арам, деп, Аты менен өлсүн, деп, Ачка кордук көрсүн, деп, Кырк кулач бойу сепилге, Атым менен таштады, Азапты минтип баштады. Э дээрге эсим жыйбадым, Эки күнү ыйладым, Күн үчүнө жеткенде, Эсимди кайта жыйгамын. Ыйлай берсем бул жерге, Ыйым өтпөйт бул элге, Күч-кубатым кетирип, Не ыйлайм бекерче? Жараткан кудай сен дедим, Жалбарган пендем мен дедим, Мурунку өткөн эрлерди, Кулагым уккан кептерди, Ойума алып эстедим. Өткөндөргө жалындым, Пайгамбарга баш урдум, Ошентип жатып шай кетип, Бир убакта көз жумдум. Ат үстүндө шалк этип, Уктап кетип түш көрдүм, Бир шумдуктуу иш көрдүм: Анттуу досум эр Көкчө, Көкала тулпар, көк күбө, Көрүндү көзгө бөлөкчө, Аккула минип болтойуп, Айкөл шер турган зоңкойуп, Келген экен экөө деп, Көзүмдү ачсам булар жок, Жандоочу турат томсоруп. Бар кубатым жыйнадым, Шааймардан деп туйладым, Жети кабат кенеп тор, Чалды-барча кылгамын, Тордон чыксам кутулуп, Анда кайдан турамын? Бир бакса салып өндүргөн, Бир аттатып көндүргөн, Эки бакса өндүргөн, Эки аттатып көндүргөн, Алтымыш бакса дубалдан, Аттантып аны үйрөткөн, Жаныбарым Кылжейрен, Кыйа тартып чуу десем, Жандоочу деген сепилден, Кыл тийгизбей секирген. Жандоочу сепилден, Токтобостон кеткемин, Тогуз күн болот дегенде, Туңша калаа жеткемин, Түгөнгөн Туңша жери түз, Кырк миң кытай кырылган, Жерге келип болдум туш. Жер жарымын жездедим, Энемдин сөөгүн издедим, Келе жатсам бир жерде, Ак кулжадай маңкайып, Ак кочкордой даңкайып, Кутбаны туура баштанып, Кыбыланы бетке алып, Жаткан экен энекем, - Баа жеткис менин берекем, Энемдин сөөгүн көргөндө, Оң бөйрөгүм тайанып, Оодарылып бүк түштүм, Олуйам энем деп түштүм; Сол бөйрөгүн тайанып, Солкулдап ыйлап бүк түштүм, Солтонум энем деп түштүм. Башымды өйдө кылбадым, Боздогон үнүм тыйбадым. Күн убагы болгондо, Эсимди араң жыйгамын. Ыйлай берсем бул жерде, Эс-акылым кетер деп, Кой дээрге киши жок, Ыйлаганым бекер деп, Ойума түшүп ушул кеп, Буйрук ушул шүк дедим, Алдымдагы тулпарга, Апамдын сөөгүн жүктөдүм. Капчыгайды өрдөдүм, Атымды минбей жетелеп, Он сегиз күн жөө жүрдүм. Ошентип жүрүп сенделип, Белге чыгып келгемин, Пейлиңди салып бекем ук, Бекзат Чубак - береним! Акыл-насаат кеп айтам, Агайын болгон кырк жигит, Айрыкча Чубак сени айтам, Мен атадан безген бир кулмун, Акбалтанын Чубагы, Аңкылдаба деп айтам! Эстесең насаат кеп айтам, Эркин өскөн элге айтам, Элимден безген бир кулмун, Эсирбе, Чубак, деп айтам, Эмгегим мынча болбосо, Элге муну не айтам, Эчен жол тарттым эмгекти, Эсирдиң Чубак не үчүн? Эр Көкчөдөн айрылдым, Алтымыштын жини үчүн, Эненин сүтүн эмишкен, Айрыла берем Манастан, Эсирген Чубак сен үчүн! - Көзүнүн жашы он талаа, Алмамбетти караса, Тура калып ордунан, Жолум үйдөй кара таш, Эки колдоп аңтарса, Учу жерге мадалган, Сабы өйдө караган, Шамшар турат ал жайда. Сууруп алып шамшарды, Анда Алмамбет муну айтты: — Энемдин сөөгүн жашырган, Мына ушул жер эле, Шамшарын сайып башына, Аманат койгом туу белге, Алакан жайып кол ачып, Келдиң бул жерге, — деп, Шамшарын байлап белине, Ташты койуп жерине: — Кош эмесе арстаным, Бастырайын, — деди эле. Кыймыл этпей былк этпей, Арстан баатыр Манаска, Кайран Чубак ошондо, Астыртан айтты шыбырын: — Аткарбай кармай көргүн, — деп, Алмамбеттин чылбырын,- Арстан Манас кабылан, Эр Алмамбет баатырды, Кармай алды чылбырдан. Аттанган бойдон кете албай, Же Манастан кече албай, Алмамбет турду арада, Арстан эрден өтө албай. Ошондо Манас кеп айтат, Кеп айтканда эп айтат: — Ой, Алмамбет, жан досум, Өзүң жалгыз зордойсуң, Өзгөнүн баарын кордойсуң, Башың жалгыз зордойсуң, Башка элдин баарын кордойсуң, Антип жүрсөң болбойсуң, Акыры бир күн оңбойсуң. Тороңдойсуң эки шер, Тооксуз да таң аткан, Эрегишер ар убак, Эминең бар талашкан? Күрпүлдөгөн бир далай, Көрдүңбү күнөө Манастан? Жеткилең ойлон Алмамбет, Жетпеди залал кыргыздан, Керек болсо арналуу, Сага биздин кара жан, - Деп айкөл Манас айтканда, Жеткенсип башы асманга, Каарлуу Алмаң жарк этип, Күн тийгендей балк этип, Кылгыртып жашын кирпиктен, Күлө сүйлөп шанк этип, Сараланын үстүнөн, Ыргып түштү талп этип: — Куйу менен Чубактын, Куйундаган чунактын, Жемеңизге калдың, — деп, Жеңил баа болуп алдым, — деп, Кечиресиң айкөлүм, Жоголдук кылып салдым, — деп, Этек-жеңи делбеңдеп, Алмамбет турду элпеңдеп, Анда Манас турабы, Атынан ал да кулады, Атырылткан байагы, Ачуусу анын тарады, Уйалгансып эр Чубак, Чукулап жерди карады..... Чырды булар бүт таштап, Манас айтты сөз баштап: — Байатан айткан Бейжиндин, Байанын уктум жериңин, Кыйын уктум кабарын, Кытай деген элиңин. Мурунтан айтсаң элиңди, Баштатан айтсаң жериңди, Бирге барып чалгынга, Толтурбайт белем кемиңди, - Анда Алмамбет кеп айтат: — Абалтан айтсаң арзыңды, Мурунтан айтсаң дартыңды, Алпарбайт белем чалгынга, Мине келсең атыңды, - Манас анда муну айтат: — Кул пендеге ар качан, Кудай салат ажалды, Кудай салган ажалдан, Куу Коңурбай тажаалдан, Аккула ат айрып калабы? Ажысына ар убак, Алла салат ажалды, Алла салган ажалдан, Ал Коңурбай тажаалдан, Аккула айыра калабы? Алладан ажал чын жетсе, Баштан сыймык бак кетсе, Очогор огу кечпейби, Мага окшогон ойонуң, Булут минип жүрсө да, Оодарылып кетпейби, Оо дүйнөгө жетпейби, Аллам берсем сыймыкты, Алдымдагы Айманбоз, Канат жасап учпайбы, Кашымдагы эр Сыргак, Кашкайган сулуу куштайбы, - Алмамбет баатыр ичинде, Кудай бардыр Чубак, дейт, Куйундаган чунак, дейт, Аккуланын жогунан, Арстан эрден кайгы жейт. Ал анткени Айманбоз, Кең сооруда майы жок, Кез-кездеп душман качырса, Кенен чуркап шайы жок, Өзү чабал-алы жок. Кыр арка биздин Алмамбет, Байкап баарын көрөдү, Бабырашып төрт баатыр, Бастырып жолго жөнөдү, Мунун мындай таштайлы, Чалгынчылар жетишкен, Ийгиликтен баштайлы.