Хандардын келиши, Бакайдын хан болушу
Таң агарып атканда, Тараза жылдыз батканда, Сүзүлүп таң бозоруп, Супа салган чактарда, Арстан Манас баатырың, Уйкусунан ойгонуп, Ордунан туруп толгонуп, Эшикке чыгып айкөлүң, Даарат алып жатканда, Түрсүлдөткөн бир аттын, Дүбүртү кирди кулакка, Кылчайып артын караса, Ажыкеңдин Карткүрөң, Байлануу турат кадаада. “Келген экен Ажым, — деп, Койо элек отко экен, Сууду бекен деги?” – деп, Басып барып карады, Чылбырынан кармады. Чыйралып чылбыр калыптыр, Сууп калган экен, деп, Ээрин Манас алыптыр. Жүгөнү менен ноктосун, Шыйрып алды башынан, Арам өлгөн Карткүрөң, Башын жерге салбастан, Куйругун салып сыртына, Ойноп кетип калганы, Арасы алты күндүк жол, Үйүр болгон аттарга, Тоо башына күн чала, Ошого жетип барганы. Укмушу бар ушундай, Байыркынын малдары, Ажыбайдын Күрөңүн, Манас отко койгон, деп, Айтылып ушул калганы. “Кара мүртөз кан ичме”, Деп айтууга эп келбейт, Минтип турган Манасты. Аңгычакты болбоду, Ажыбай дайны дуу болду, Ал–жай сурап билүүгө, Ак ордого эл толду, Күн жабыкка түшкөндө, Ажыкең чочуп ойгонду. Желбегей чапан жабынып, Эки жеңи салынып, Эр Манастын үйүнө, Басып кирди далыйып, Кыраандын баары ошондо, Кырка отурган кырк чоро, Эшиктен бийи киргенде, Бары турду дүрбөшүп, Улуктугун урматтап, Төрдөн орун көрсөтүп, Төрөлөр жакка өткөзүп, Аш-тамагын татканда, Дастарконун жыйганда, Манас турду муну айтып: — Кана, баатыр Ажыбай, Келдиңби эсен көөнүң жай? Жумушуң жөнү кандайча, Бардыгын айткын жашырбай, - Ажыбай анда мындай дейт: — Буйрук кылып кат берген, Бузулбас баашам сен болсоң, Буйрук алып колума, Булуттан күлүк ат минип, Барган киши мен болсом, Барбачу киши болобу, Барбаган ойго койомбу, Жети күндөн күн болжоп, Билермендик мен кылдым, Бул күнөөмдү арстаным, Кечирсеңиз болгону. — Андай болсо, Ажыбай, Айбанбоз күлүк мингиниң, Ашыга жолго киргиниң, Алты сан кара ногойду, Эстек, нойгут ошондо, Койбой баарын жыйнагын, Кой семизин ылгасын, Алыстан келчүү хандарды, Конок алсын, сыйласын, - Анда Ажыбай баатырың, Ачып көзүн каранып, Алдынкы ээрдин жаланып, Айбанбозду алдырып, Үстүнө токум салдырып, Айылдан чыкты кайрылып. Арыгансып калбастан, Ажымдын артып өнөрү, Кеңкол өөдө жөнөдү, Шылтоологон эмесин, Камчыга шыбап бөлөдү. Кочкоруна асемдеп, Кош коңгуроо тактырган, Козголбогон эчен бай, Кокуйлатып сабаган; Текесине тектеп, Тел коңгуроо тактырган, Термелбеген нечен бай, Телпеңдетип сабаган, Кайаша берген эмесин, Чоң Кеңколго камаган. Жакып байга караган, Жаакташка конду эле, Бакай хандын конушу, Майбулакта болду эле, Жамгырчыга караган, Жайылмада болчу эле, Текечинин конушу, Тетиги турган кең Тескей, Шыгай хандын элдери, Чоң артууну жээктей, Бир келки аппак жабуусу, Эр Чубактын айылы, Карабуура, Чаткалдан, Алмамбетке караган, Жергенин Сарыталаага, Жергелеп тартып конду эле, Шык алып ногой толду эле, Капсалаң менен күн өтүп, Хан келер кези болду эле. Сүйлөгөндөн эринген, Жеңилген нечен мырза көп, Желбегей чапан жамынган, Жеткилеңдүү жаштар көп, Тоту куштай сыланган, Кыргоол сындуу кыздар көп. Муруту чыгып келе аткан, Керилген жаадай улан көп, Атка бергис кунан көп, Кызга бергис жубан көп, Жасалгалуу үйү көп, Салтанаттын түрү көп. Эртең хандар келет деп, Эл күтүнүп турганда, Суусамырдын белинен, Дүркүрөгөн чаң чыгат, Асманда мунар буу чыгат, Будургуган булуттай, Ак асаба туу чыгат, Алдынан тосуп караса, Коркуп калган Кокондук, Аргымагын кекейтип, Көк кебичин тепейтип, Жүргөн экен жол менен, Айры сакал Сынчыбек, Алтымыш санча кол менен. Кол эсебин алды эле, Колду катка салды эле, Баштан барып Сынчыны, Шыгай хандын айылына, Бир түшүрүп жанды эле, Үй башына эсептеп, Үчтөн конок алды эле, Айылдын көбүн мындан бил, Чайканды болбой калды эле. Артынан хандар чыкпады, Ал түнү жатты, таң атты. Абаң Бакай кеменгер, Алмамбет, Чубак эки шер, Сыр найзадай койкойгон, Сырттан Сыргак кайран эр, Аттарын алып токутуп, Дайарданып турду эле. Аңгычакты болбоду, Бурананын белинен, Булуттун алды четинен, Буркураган чаң чыгат, Бөлөк-бөлөк туу чыгат, Кой маараган сыйактуу, Кулакты жарган дуу чыгат. Алдынан тосуп караса, Айбаты элден башкача, Элеман байдын Эр Төштүк, Жетимиши санча кол менен, Кара жерди сойултуп, Жүргөн экен жол менен. Алдынан тосуп күтүнүп, Алып келип Төштүктү, Жамгыр чыга түшүрүп, Черүүнүн санын алышып, Чоң дептерге салышып, Үчтөн кылып бөлдү эле, Айылдын көбүн андан бил, Мага кана конот, деп, Таарынгандар болду эле, Төө жайлоонун белинен, Калкылдаган кол чыкты, Кара кочкул чаң чыкты, Абакең Бакай алкылдап, Алмамбет, Чубак шалкылдап, Алдынан тосо барышты, Арстан Сыргак жаркылдап. Кендирбайдын Керкөкүл, Жаңыдан колун кураган, Жалманган жоодон жанбаган, Табы күчтүү кор экен, Тамылжып турган зор экен, Ээрчитип келген кишиси, Жыйырма беш сан кол экен. Кол эсебин алышты, Эсепти катка салышты, Текечинин айылы, Ошого түшүп калышты, Катардагы ар бир үй, Үчтөн конок алышты. Эшилменин кумунан, Сурнайдын үнү чуркурап, Асман туман буркурап, Абаң Бакай кеменгер, Алмамбет, Чубак, эр Сыргак, Алдынан тосуп караса, Кулетендин эр Агыш, Токсон бир санча кол менен, Келип калды котолоп, Керүүлөй тартып жол менен. Кол эсебин алышты, Колду катка салышты, Эр Чубактын айлына, Баштап жүрүп калышты. Төө тыныштын тараша, Көз жүгүртүп караса, Кернейдин үнү барпылдап, Асабалар каркылдап, Алкынып турган аттары, Алтындуу саадак жаркылдап, Казактардын хан Үрбү, Келген экен жол менен, Жетимиш беш сан кол менен. Колду катка салышты, Кол эсебин алышты, Таарынып жүрчү эле, деп, Жакыпбайдын айылына, Жапырт баштап барышты. Аңгычакты караса, Капканын кара тоосунан, Уйулгуп чаң созулду, Учу бирге кошулду, Алмамбет менен зор Чубак, Ач жолборстой эр Сыргак, Алдынан тосо барышты, Абаң Бакай жол баштап. Буудайык хандын Музбурчак, Сакалы келген бир кучак, Саадагы күмүш, карк алтын, Салтанаттуу көп казак, Жеткен экен жол менен, Сексен төрт санча кол менен, Кол эсебин алды эле, Колун катка салды эле, Өзүмдүн досум дегенсип, Көк жоргосун түйүлтүп, Куйругун жерге шүйүлтүп, Баштап Бакай жөнөдү.
Келбей Кошой калды эле, Кошой эртең келет, деп, Кужур–кужур болгондо, Шоруктун кызы Накылай: “Кечээ Көкөтөйдүн ашында, Бата алып Каныкей, Бала тууду Семетей, Пайгамбардай зор Кошой, Бүгүн келбей калыптыр, Келе турган жолуна – Оролмонун Сеңирге, Көчүп барып жол тосуп, Бээни сойуп күтүнүп Өз үйүмө түшүрүп, Бата алсам экен” – деп, Үстүндөгү ордонун, Тутуларын бүктөтүп, Нарларына жүктөтүп, Накылай көчүп кетиптир, Каныкей эми нетиптир? Акылман Бакай кеменгер, Алмамбет, Чубак – эки шер, Сырттан Сыргак кайран эр, Кат жазуучу сарайда, Акылдашып олтурса, Каныкей кирип эшиктен, Кашкайып карап турду эле. Абаң Бакай Каныштан, Не келгенин сурады, Анда Каныш турабы? — Өзүңүз баштап, айашым, Олтурупсуң баарыңар, Байкуш менин кебиме, Барың кулак салыңар, Катындардан кеп уктум, Байагы катын Накылай, Абакемдин алдынан, Тосуп кетти деп уктум. Мурдатадан ойлогом, Болорун жумуш болжогом, Алты жылдан бер жакка, Кардыгачтын ичине, Жан бастырбай койгомун, Жаш жыгачын чоңойтуп, Кыйдырбастан коргодум. Усталарды жыйыңар, Жыгачтарды кыйыңар, Көпүрөнү бүтүрүп, Бир жакшылык кылыңар, Каныкейдин иши деп, Кылымга калсың мунуңар. Өнөрсүз киши барбасын, Одоно болуп калбасын, Өрдөп кайра жангандар, Бирден асый жылкы алсын, - Угуп Бакай карыйа, Алмамбетти карады, Чубак менен эр Сыргак, Болот дешип турганы. Каныкей чыгып кеткен соң, Борончуну чакырып: — Элге кабар салгын, — деп, Өз–жат дебей барсын, — деп Керней менен кабар бер, Такыр уксун турган эл, Керектүү жабдык калбасын, Өнөрлүү жатып албасын, Өзү куру барбасын, Жыгач менен темирге, Керек болор нерседен, Кемип бирөө барбасын, Кардыкачты өрдөсүн, Эт бышымча иш кылып, Бирден асый жылкы алсын, - Казактардын Борончу, Алмамбет сөзүн шарт кылып, Кернейчи менен сурнайчы, Алмамбеттин айтканын, Унутпастан жат кылып, Керней менен сурнайдан, Калың элге айттырып, Кернейдин үнү чыкканда, Аттангыла деди, деп, Чамданып калган аптыгып. Жылкынын аты чыкканда, Өнөрпоздун бардыгы, Өлгүчө чуркап шашылып, Араа, балта, чот-керки, Ала чуркап ашыгып, Темирчи көөрүк көтөрүп, Дөөшү менен барсканын, Көмүркөй менен кычкачын, Теңдеп таңып артынып, Күйнөлбөй тез жүргүн, деп, Көөрүкчүсүн чакырып, Токсон миңче эрендер, Токойго кирди жабырып, Кырчындын барын кыйратып, Жоонун кесип сулатып, Кемтигине куратып, Кыскасына улатып, Төрт кыр кылып кынатып, Башын ташка мадатып, Темир менен кадатып, Кош араба өткөндөй, Эт бышымдын ичинде, Көпүрөнү бүтүрүп, Кайра келди чубашып. Бөлүнүп үйгө кетерде, Субайдын баарын жыйнатып, Ал жерде турган каамытып, Жөнөтө берди эл алдын, Бирден асый карматып. Бозорук таң атканда, Боз торгой сайрап жатканда, Хандын баары калдаңдап, Камчысын сүйрөп далдаңдап, Таңдагы нашта даамын, Ашпоздору тез камдап, Айкөл баштап бардык хан, Кыргыл баштап кырк арстан, Жапырт жүрүп бастырды. Алтындаган наапаны, Жуп кара атка коштуруп, Тазбайматка айдатып, Жан кишиге көрүнбөй, Көпүрө менен Каныкей, Бу да тосуп алыптыр. Аккула минип арстаның, Айбаты журттан ашканың, Абаң Бакай жол баштап, Артынан чоро далбактап, Кошойду тосуп баратса, Кол кабылды астында, Сексен алты сан экен, Серпишер эрлер бар экен, Ырчы уул менен Боз уулга, Хан Бакай берип тапшырма: — Алып барып түшүр, — деп, Алмамбеттин айлына, - Айкөл Манас артынан, Арылай кетти бастыра, Калкылдаган кол менен, Келе жатса Ырчы уул, Шооруктун кызы Накылай, Турган экен ташкайып, Күзгүдөй бети тастайып: — Келгин, уулдар, жол болсун, Келдиби абам не болду? Мен үмүт менен жол тостум, - Ырамандын Ырчы уулу, Ычкыры бапык кырк муундуу, Өзү бейбаш шоктуу уул, Айтып турган сөзү бул: — Уйкудан калып түн катып, Жол тосупсуң, жеңеке, Келеби Кошой, келбейби, Мен көрбөдүм дегеле. Убара болбой мынчалык, Жатсаң боло шүк эле, - Бозуул деген бар экен, Кеп айтканы шар экен, Тили таттуу, боору таш, Өзү чүлүк бала экен. — Бактылуу менен байлашып, Багың тайды, билбедиң, Күчтүү менен күрөшүп, Күчүң жанган кезегиң, Саа береби Каныкей, Сабылып көчүп не келдиң? Жуп кара атты пар кылып, Алтындан наапа арттырып, Жөө Байматка тарттырып, Жолдон көрдүм Канышты, Көчүп кеткин эртелеп, Куру кылбай намысты! - Деп ошентип Бозуул, Кол артынан бастырды. Эсит катын Накылай, Эстен танып эндиреп, Эби кетип сендиреп, Кереге-уугу шалдырап, Кайра көчтү салбырап! Арстан Манас баш болуп, Хандын баары калдырап, Кошойдун жолун караса, Тоодой тору аты бар, Колуна алган кушу бар, Ээрчиткен тайган ити бар, Толгомо саптуу камчы бар, Жанында эки киши бар, Кадырлуу Кошой абаңдын, Көрө койуп караанын, Урматын кылып бардык хан, Түшүшүп тегиз атынан, Көрпөчөнү жайышты, Кадырлуу Кошой карыны, Каркыттап жөлөп алышты. Бышырып келген эттерин, Калтырбаган кем-керчин, Көөкөрдөгү кымызын, Арагы менен барысын, Астына койуп абаңдын, Тегерек тартып олтурду. Аңгычакты караса, Жуп кара атка тарттырып, Аруудан жабуу жаптырып, Коңгуроолор тактырып, Сарбаптаган кештелер, Сарамжалын так кылып, Каныкей келин ошондо, Кирип келди бул топко. Баба Кошой билбеди: — Бакай хан, мунуң не? – деди. Анда Бакай кеп айтат: — Асылы болот кениңдин, Ак курчу болот темирдин, Сизди алып кетем деп, Кылганы болот хан Кошой, Ал Каныкей келиндин. — Болот, Бакай, болот, — деп, Борсулдап Кошой күлдү эле, Кол куушуруп Каныкей, Жүгүнүп карап кирди эле. Кошой менен Бакайды, Ал напага салдырып, Керүүлөй тартып жөнөдү. Анда Манас кеп айтат: — Акылман Бакай, — деп айтат, Акылы жок жинди күң, Абамды сууга салабы? Кардыгачтын Карасуу, Түбү тартма кудук бу, Кирген тирүү калабы? – Арсаңдап күлүп эр Бакай: — Ким билет кандай сыры бар, Илгерилеп кабар ал, - Аккула минип албырып, Эки этеги салбырап, Арка этеги салбырап, Ат сооруга чабылат. Желип чыкты кашатка, Жеткилең Манас алдырап. Чыга калса кашатка, Көпүрө турат заңгырап, Көз тайгылып жиги жок, Келишкен экен зымылдап. Кем-керчи жок салынган, Кураксыздай жымылдап. Арстан Манас ошондо, Абалкы ишке токтоду: — Катында болсоң, Каныкей, Сага ыраазы болду, — деп, Арамдын тилин алам деп, Алты жылы көөнүңдү, Оорутупмун, атаң!” – деп, Албайыңкы эр Манас, Ай туугандай күлүңдөп, Каныкейге кайрадан, Назары түштү бир ирет. Хан Манастын үйүнө, Хандар келди чогулуп, Залдын баары сарайда, Сандаган черүү айылда, Чоңдун баары борбордо, Чогулган черүү айылда, Кечиндеси Каныкей, Дагы келди байагы, Төрт баатырдын жанына, Кеп бар айтар жадында:
— Айаштар, келдим бул жерге, Кебим бар айтар силерге. Кырк бир тамда зары бар, Арстан тапкан көп дүйнө, Бузулду пейли баатырдын, Көз жеткис жерге жөнөргө. Ушул келген элдерде, Аттуусу бар атсыз бар, Аты арык, чабал бар, Жону жоор жаман бар, Кабыргадан эт качкан, Карс муун болгон кары бар, Тор эти толбой шылкылдап, Кемирчек муун жашы бар. Аттан алсыз болгонун, Абыдан байкап баксаңар, Тоодо жүрүп кор болгон, Башынан нокто тийбеген, Токсон миң бизде субай бар, Семетей жаш ат минер, Ылайык деймин ушулар. Андан кала бергенде, Алдуусу бар алсыз бар, Камдуусу бар, камсыз бар, Пулдуусу бар пулсуз бар, Телегейи тең эмес, Жетиги бар кеми бар, Андайларын чогултуп, Өзү тапкан дүйнөсүн, Садага кылсак ал кандай? Аман болсо Семетей, Андай нечен табылаар, - Кара калпак кыргагы, Кабыландын Сыргагы, Каныкей сөзүн макулдап, Кадимден маш эр Сыргак, Калтырбай кебин бүт жазды. Борончуну чакырып Кагазды ага тапшырып, Керней менен сурнайын, Экөөн бирдей тарттырып, Жалпы журтка жарыйа, Жаздымы жок айттырды: — Топ эшиктен кирбесин, Турнадай сапка тизилсин, Аппак экен жакшы деп, Күмүш алып албасын, Байланып жүрүп ат жооруп, Балээге башын салбасын, Бир табактан зар алсын, Эки табак албасын, Эки табак алам деп, Чыгар жерге барганда, Уйат болуп калбасын. Аты жогу ат алсын, Аты жоору дагы алсын, Аты кары жаш алсын, Кармап берер киши жок, Көрсөтүп туруп агытып, Кошуп ийип ат алсын. Ат алчуулар таң эртең, Дайардалып шайлансын, Кардыгачтын кыпчактан, Ошол жерден кармасын, Ат алганга мен бармын. Казынан оозунда, Кирер жерде Алмамбет, Чыгаар жерде Чубак бар, Келгендер муну байкасын, - Сыргактын сөзүн угуптур, Борончу кабар кылыптыр, Алтын алчу немеси, Кырк миңге саны толуптур, Ат алчуусу отуз миң, Мындай сонун болуптур. Эртең менен болгондо, Эл жайыкка толгондо, Казыначы куу жигит, Чимирик болгон кол ийик, Кашына Каныш ээрчитип, Кайырма жака киш ичик, Желбегей Каныш жамынып, Эки жеңи салынып, Казына оозу ачылды. Чубап кирди бир-бирден, Бир табактан алтынды, Салып алып сүйүнүп, Чыгып жатты кужулдап. Кызыл алтын жанында, Табагы кызыл алтындан, Сары алтындан жанында, Табагы сары алтындан. Күн бешимге барганда, Келбей киши калганда, Каныкей келип караса, Кырк тамдагы казына, Алты тамды бүт алган, Жетинчи тамдын төрүндө, Жыйган жүктөй зар калган, Андан башка казынага, Адам басып барбаган. “Алган менен жетөөнүн, Түбү куру калбаптыр, Түбү жаман болбойт го, Түртүшкөн душман болбойт го, Теги куру калбаптыр, Тебишкен жоосу оңбойт го” – Деп ошентип Каныкей, Шыбырап алды билгизбей. — Укурук тандап салды, — деп, Отуз миң ат алды, — деп, Сыргак айтып жеткирди, Черүүнүн санын аныктап, Дептерге салып бекитти. Эртең менен зор Бакай, Айкөл шерди баш кылып, Он төрт ханды жан кылып, Кеңеш үйгө киргизип, Айтты сөзүн билгизип: — Атым Бакай болгону, Чогулуш мындай болбоду, Чогулушкан черүүбүз, Элүү төрт илек толгону, Бейжинге барып келгиче, Баш кишиңер ким болот? Азаматты бекитпей, Армандуу болуп калбаңар, Айткыла ушул майданда, Аркада өсөк жайбаңар, Абалдашып азыраак, Аңгеме куруп алыңар, - Анда Манас муну айтат: — Андай болсо угуңар, Улуу-кичүү баарыңар, Хан көтөрсөк Үрбүнү, Жарайбы сизге бул кандай? Менинмче мунун жөнү бар, - Жабылыша чур этип: — Болду, болду, — дешти эле, Анда Үрбү алдырап, Буларды айта кетти эле: — Акылым менин аз эле, Өз тууганым каз эле, Көрүнгөнгө тороңдоп, Көп киши мага жат эле. Атты чабат таптаган, Алысты көрөт чактаган, Акмактардан экемин, Абалын билбей мактанган, Мен көрбөгөн жер экен, Мен билбеген эл экен, Ушул ирет хандыкты, Бергенибиз чын болсо, Абаң Бакай карыны, Хан көтөрүп алалы, Карып калган кезинде, Абакемдин көңүлүн, Бир көтөрүп салалы. Айкөлгө жаккан иш болсо, Айтканыңар чын болсо, Алып калсак Бейжинди, Бир күн да болсо тагын бер, Бейжинде элдин ханын бер. — Бул айтканың акыл, деп, Сөзүңө Үрбү, макул, — деп, Тууга желек байлады, Турган жерде Бакайды, Хандыкка минтип шайлады. Тогуз миң төөгө тон артып, Тогуз миң төөгө дан артып, Тогуз миң төөгө ок артып, Төрт тогуз миң котолоп, Бейжиндин жолун төтөлөп, Абаң Бакай белендеп, Чубатып жолго салыптыр, Коргонуна барыптыр, Ордо баккан жигиттер, Баатырдан кабар алыптыр. Арстан Манас эр айтып, Ордо баккан элге айтып, Калганын түбүндө, Катар сайган терекке, Алтымыш аркан салдырып, Айабай мыктап таңдырып, Сандолун деген замбирек, Ак курчтан соккон сайлатып, Копурук салып козготуп, Өз ордуна токтотуп, Колодон сүмбө урдуруп, Куржун башы дарыны, Кулагына куйдуруп, Коло чойун, коргошун, Жаткан уйдай огу бар, Ичи кызыл дат болгон, Атпагалы көп болгон, Нуршапдар менен от берди, Атканда дүйнө солк этип, Чайкалды тоонун эгизи, Чайпалды көлдүн тегизи, Курма тамдар кулады, Төшөктө чалдар туйлады, Беймал тоок кыйкырды, Бешикте балдар ыйлады, Ат-атына жабылып, Аттанып колу чубады, Айылдан черүү козголду, Аттанууга чак болду. Шооруктун кызы Накылай, Эми акыл ойлоду: “Акборчукту жетелеп, Ак дейилди жабайын, Жолу кичүү болсо да, Хан баласы Каныкей, Атың менен тонумду, Катар тартуу кылайын, Сурап келип абамды, Өз колуман даам берип, Батасын алып калайын” Акборчукка Накылай, Жолборстон үртүк жаптырып, Ак дейилда, асыл тон, Аты менен кошо алып, Жетелеп келе жатканда, Каныкей калды жолгошуп, Тура калып Накылай, Алдынан утур жол тосуп: — Менин жолум улуу, акыл аз, Сенин жашың кичүү, элге баш, Баанайы менен баатырдын, Баарыга болдуң кадырлаш. Бактылуу менен байлашып, Багым өткөн, билбепмин, Күчтүү менен күрөшүп, Күчүм кеткен, билбепмин. Алдыңа атым тартулуу, Асыл тонум жабулуу, Алдыңа келдим Каныкей, Абамды бергин бир күнү, Биздин үйгө түнөсүн, Күнү да болсо бейбагың, Тилесин андан күнөөсүн, - Каныкей анда мындай дейт: — Келгениң чын, эжеке, Жалганы жок кебиңде, Үйүңө барып түнөйт деп, Айта албайм дегеле. Жашырбаймын, жаппаймын, Чынын айтып барайын, Барбайын десе абамды, Баргын деп айта албаймын, Барамын десе туйтуңдап, Барба деп тосо албаймын, Сен экөөңдөй жалганды, Чындай айта албаймын, - Ушуну гана айтканы, Каныкей бура тартканы. ОлуйаКошой, зор Бакай, Эрмектешип олтурган, Кошой анда кеп айтат: — Кадимтеден сырдашып, Кана, Бакай курдашым, Байатадан бир ишти, Байкабадың, туйбадың, Ат жетелеп, тон алып, Ар жактан келди бир катын, Жолун тосуп алдынан, Утурлады бир катын, Туткатташты бир далай, Айтчы, Бакай, угайын, - Анда Бакай муну айтат:
— Эрегишкен эки күң, Экөө тең сенин келиниң, Кечөө Көкөтөйдүн ашына, Көп жыйындын башында, Хан Манас менен бир туруп, Каныкей бата алганда, Ичи күйүп Накылай, Арыптанып бир далай, Жалгандан кеп курап, Алты жылы эр көрбөй, Салбар болду Каныкей, Ичинде болуп дүм өйүп, Манас жүрдү сыр бербей, Алмамбет келип Көкчөдөн, Алынды болду Каныкей. Хандар келип сиз келбей, Калган күнү кечинде, Жолунан тосо барам, деп, Батасын алып калам, деп, Жолуңду тосуп Накылай, Көчүп барды Оролмо. Туйунуп калып Каныкей, Кардыгачтын суусуна, Көпүрө салып ошондо, Напага салып өзүңдү, Алып келди үйүңө, Билсем деле билбесем, Бир жаңылыш кетпесем, Ат тартышып жүргөндүр, Сени сурап бул күндө. Аңгычакты болбостон, Каныкей кирип эшиктен, Карап туруп жүгүнө: — Шооруктун кызы Накылай, Баатырдын улуу зайыбы, Ат жетелеп, тон алып, Сизди сурап келиптир, Бир күн мейман болсо деп, Такилип кылып үйүнө, - Кыл мурутун кыйшайтып, Борсулдап күлүп хан Кошой: — Кекти берген каапырга, Кек сактабайт мусулман, Алыскы жолго барганы, Камынып калдык биз мындан, Кабыланды кошо алып, Бирге барып келели, - Байгамбардай зор Кошой, Мына муну дегени. Олуйа Кошой баш болуп, Накылайдын үйүнө, Конокко кетти он төрт хан, Муну мындай таштайлы, Айкөлүңдүн Бейжинге, Аттанганынан баштайлы.