← Манас

Манастын жети ханды чакыртышы

Казак-кыргыз чамалаш, Калган элдер аралаш, Калмак менен айылдаш, Капалда жатчу көп алаш. Жиберип колун Коңурбай, Алаштан башка уруунун, Бир кылына тийгизбей, Түк кишиге билгизбей, Түп көтөрө чаап алды. Өлтүрүлдү калбастан, Өлөсөлүү чалдары, Журтта калды тирүүлөй, Кызыл муштум балдары, Конушка куйун ойнотуп, Чөө бөрүдөй жалмады, Жакшыраак көзгө токтомдуу, Туткучтай эме калбады. Төөсүнө жүгүн арттырып, Толгоо салып тарттырып, Өзүнө койун айдатып, Болгунуң деп шаштырып, Айбаты бар жигиттен, Айдалган элге баш кылып, Эр-катындын ыктуусун, Иш кылуучу мыктысын, Келин-кыздын баарысын, Боз уландын жамысын, Жөөлөтүп айдап олтуруп, Кангайга сүйрөп айдатып, Эрлерин кул кылганы, Күң кылып кызын алганы, Өз жерине кетирбей, Тентитип айдап салганы. Он жылда араң жыйылып, Өлбөй тирүү калганы, Качып жүрүп самсаалап, Кыргызга жете барганы, жайдары Манас арстаның, Мындан кабар алганы. Алоокеден бер жакка, Калмактардын кылганын, Бирден бирден эске алды, Пейилинде кылды убада, Бейжинге чейин барарда, Менменсиген калчага, Бейпайлуу күндү салаарды. Бейкут жаткан жан сактап, Элге бүлүк не салды? Эртеси кечке ойлонду, Эми кандай кылаарды. Күн бешимге барганда, Эшикке чыгып баратып, Кылчайып туруп кабылан, Каныкейге муну айтты: — Ой, байбиче Каныкей, Сарамжал алып иш бүтүр, Эртең менен болгондо, Мен олтурган ордого, Такта олтурган хан келет, Таажысы бар жан келет, Эбегейсиз эр келет, Төрт тарабы тең келет, Качыргандан кан чыккан, Кармагандан жан чыккан, Кара кулак шер келет, - Каныкей айкын биле албай, Кайрадан жооп ала албай, Кылчайып артын караса, Кызыл-тазыл боо таккан, Кыдырата үй тиккен, Кырк чоронун айлы экен. Кыргый мүчө, кымча бел, Кырмызы көйнөк тасма бел, Барынча кийип буралып, Белдемчи белде чубалып, Хан баласы Каныкей, Кирип келсе айлына, Ырчы уулдун үйүндө, Чуркураган үн чыгат: Кечте, дешип кыйкырып, Кел бери деп чакырып, Кумалагын чачышып, Тиз бербейм деп качышып, Байымды жедим ат алып, Бол камын, деп шаштырып, Чатыраш менен чакмакташ, Жип катмай, чычкан жүгүрүк, Дымбырдым боло калышып, Ойноп жатат кутуруп, Каныкей кире маңкайып, Ойуна кедин кыстарып, Мындай деди тапшырып: — Эки жигит аттанып, Суусамырдын сыртында, Тескейде биздин субай бар. Алты айгырдын үйрүнөн, Ондон тандап бээ бөлүп, Кечки дигер мезгилде, Ордо баккан элдерге, Бүт тапшырып бериңер. Алтымыш болсун санаты, Кем болбосун карачы. Кайдасын казып кол бакыр, Жан казан ашын сагынып, Калган бейм ал баатыр. Алысыраак бир жерге, Сапар кылмак болгон бейм, Алакандай кыргызга, Азап кылмак болгон бейм, Кайра басып Каныкей, Көп дүйнөсүн карады, Ошондо арстан Манастын. Дүйнөсү ташып толгон кез: Алтыны аттын башындай, Ак жамбы сайдын ташындай, Кохары төөнүн башындай, Күмүшү какыр ташындай. От жакпаган он үй бар, Мейманкана беш үй бар, Ашманкана алты үй бар, Эт бышырган эки үй бар, Чоролор кирчү бир үй бар, Каныкейге караштуу, Баш-айагы жыйырма беш, Катар турган үй мындай. Айыл-апа жандардан, Келин-кызы барлардан, Чакыртып келип андайдан, Айуу талпак алдырып, Ала кийиз салдырып, Тикмелерин ачтырып, Түрлөмөсүн жаздырып, Бурчу келген жерлерге, Көмөрүп койгон чыныдай, Көрчөгөсүн бастырып, Карылар ордун, хан ордун, Калган жерден арттырып, Кара көрпө көлдөлөң, Тыштаган манат жайдырып, Зиркирете салдырып, Жаштар келчү жерине, Кара макмал, сур макмал, Байандоосун жаздырып. Түндүгүн түрпү тептирген, Керегесин керттирген, Айабастан жасатып, Абдан мыктап келтирген, Чамгарагы жылткалай, Заңгыраган чоң сарай, Санжыргасы бир далай. Жел боосу жез чынжырдан, Ыгы менен кылдырган, Баш босого сом алтын, Жан босого ак күмүш, Керегесин көктөбөй, Сары жез менен тээктеп, Төтөгөнүн этегин, Төрт эли кундуз жээктеп. Бастыргычы дейилда, Баардык боосун терген жип, Тегиричи кажары, Чийи жибек чырмалуу, Кырчоосунда чачысы, Мончоктору тагылуу, Сыпатын толук толтурган, Эшиктин тышын ойдурган, Бүркүт менен жолборстун, Сүрөтүн чегип койдурган. Анардай кызыл түндүгү, Кардай аппак үзүгү, Көргөн жанды таңдантып. Тигип койгон ак үйдү. Бекер күндөр болгондо, Төрөсү менен Каныкей, Төр жагында жатуучу, Аким-бийи бир жакта, Ойун ойлоп жатуучу, Ортосунда кырк чоро, Ордо салып атуучу. Эпчи жакта Тазбаймат, Казан асып жатуучу, Ошончонун баарысы, Жай-жай менен батуучу, Жыйын кылган мезгилде, Жети жүз адам батуучу, Ырасын айтсам учурбай, Үй чоңдугу ушундай.

Ханынан жардык жеткен соң, Канышы айтып кеткен соң, Чоролор мойнун бурчубу, Чормойуп карап турчубу? Ырчыуул, Бозуул аттанып, Экөө кетти жарышып, Эки үзөнгү кагышып, Тескейдеги субайга, Салып чыгып барышып, Алты айгырдын үйүнөн, Ондон тандап бээ бөлүп, Бээ бөлгөндө туу бөлүп, Улуу жолду чаңдатып, Көргөн элди таңдантып, Күүгүм кире, күн бата, Отуз нөөкөр, кырк шайы, Ордо баккан элдерге, Малдарды берди тапшырып, Кашында бар Каныкей, Карап турат эринбей, Жекеден жеке болушту, Жетелеп бээни сойушту. Келгендердин ыктуусун, Кыздардын эпчил мыктуусун, Ичеги, карын жуудуруп, Жин татып кокус калат, деп, Келгендер уйат кылат, деп, Жылыман сууга малдырды, Таза сууга салдырды. Казысын карыш кылгыртып, Этин барып бышырып, Эки бара бир табак, Этти жасап мыкамдап, Таңга тайап калганда, Төрөсүнүн кашына, Туйгузбай барып жатты эле, Аш кайнамча убакта, Агарып таң атты эле, Арстаның туруп ордунан, Эшикти карай басканы, Суйсала тепсеп Каныкей, Каалганы ачканы. Алтындан кемер курчанган, Айдай бети нурданган, Акылы менен журт алган, Алышкан жоосу муңканган. Күмүштөн кемер курчанган, Күндөй бети нур тамган, Жорук салбай бөтөнчө, Жүйөөсү менен журт алган, Тирешкен жоосу муңканган, Айкөл Манас келберсип, Коргондун барды оозуна, Он эки желдеп дапдайар, Турган экен ушунда. — Борончу, чукул кел, — деди, Керней менен сурнайды, Башкаруучу сен, — деди, Экөөнү бирдей тарттырып, Элге кабар бер! — деди. Жергемдеги жети хан, Анык уксун кабарды, Ала келсин билгичтен, Ар бири жүздөн адамды, - Айтып арстан бул сөзүн, Артын көздөй жанады, Мейманкана беш үйгө, Бетин салып карады, Ашманкана алты үйгө, Атайын барып карады, Башын салып караса, Сарамжалдап баарысы, Дайарланып турады. Агадан ар качан, Арка болот Каныкей, Иниден бетер белсенип, Иш бүтүрөт Каныкей, Буларды көрүп кабылан, Ыраазы болду мынакей. Аңгиликти чуулатып, Керней менен сурнайды, Аралаша койду эле, Кернейдин үнү бапылдап, Сурнайдын үнү шанкылдап: “Жүздөн киши ээрчитип, Жети хан жетип келгин” — деп, Айтылып чыкты тапатак. Жардыгы деп Манастын, Угузуп жатат кайралап, Ээн жай турган эрендер, Эми калды алдырап. Жакшылык кабар болгондо, Жай кагылып ордодо, Кернейдин үнү чыгуучу, Жамандык болсо байаны, Ызылдап калчу сурнайы, Экөө бирге чалынган, Көргөн эмес мындайды. Кай жакка барар кези? — деп, Кабылан белги берди, деп, Күмөнсүрөп күйнөлбөй, Көрүшөлү деги, деп, Жаакташкан Жакып хан, Ал аттанды жүз киши; Майбулактан Бакай хан, Бул аттанды жүз киши; Жайылмадан Жамгырчы, Ал аттанды жүз киши; Тескейдеги Текечи, Бул аттанды жүз киши; Кенкүнгөйдөн Шыгай хан, Ал аттанды жүз киши; Кара буура Чаткалдан, Буластаган эр Чубак, Бул аттанды жүз киши; Жергенин сары талаадан, Соорандыктын Алмамбет, Ал аттанды жүз киши. Жети хан келип күлдүрөп, Жети жүз билгич дүнгүрөп, Ордо баккан көп жигит, Ойротто жок кырк жигит, Баары катар турушуп, Хандардын атын алышып, Аркы-терки бурушуп, Сарт байлоо кылып салышты, Бошонуп кокус кетер, деп, Чийе байлап бекемдеп, Бошонуп кетсе кокустан, Уйат кылаар бекен, деп. Баймат эшик ачыптыр, Хандар кирип олтурду, Жергелей тартып жети жүз, Баары кирип олтурду, Кырын бузбай кырк баатыр, Булар да кирип олтурду. Ага чейин жигиттер, Дасторконун жазыптыр, Бир дасторкон бул элден, Алда канча ашыптыр. Жети кулак самоору, Жетимиш жерде кайнаган, Дасторкондун бетинде, Жер жемиши жайнаган. Сары кантын чактырып, Боорсокко кошуп чачтырып, Каймакка бышкан нан койуп, Капакка салып бал койуп, Куурдак менен май койуп, Кашташка койуп чай куйуп, Бар тамагын жай койуп, Чай-тамагын ичкенде, Дасторконун жыйдырып, Мыкты отуз жигитке, Туш-туштан суусун куйдуруп, Торкодон салып дасторкон, Эки бара бир табак, Эт тарттырды бул элге. Этке мыктап тойгондо, Бата-дуба кылганда, Дасторконун жыйганда, Колуна сууну куйганда, Тамылжыган зор Манас: — Тарт эшикке! — деди эле, Эшикке чыкты келген эл. Ошол кезде Манастын, Коргонунун алдында, Эки чынар бар деген, Абалап көккө жетүүчү, Сайасына миң киши, Ат-тону менен батуучу, Жылууда жыйын болгондо, Ошол жерге ачуучу. Өйүз-бүйүз койдурган, Бардыгын кызыл сырдаган, Көчүк койгуч жыгач бар, Төрүнө туура кынаган, Жети катар белденпай, Хан олтурчу тагы бар. Оң жагында үч такта, Сол жагында төрт такта - Жети хандын орду бар, Керебет алтын тактага, Жабылуу жибек макмалга, Кабылан Манас олтурду; Оң жагында үч такта, Абаң Бакай кеменгер, Алмамбет, Чубак - эки шер, Үчөө барып олтурду; Сол жагында төрт такта, Бай Жакып, Шыгай, Текечи, Алп Жамгырчы олтурду, Маңдай тескей жыйырмадан, Кырк чоро барып олтурду, Жергелей тартып жети жүз, Келгендер катар олтурду, Анда Манас кеп айтат, Агартып тишин кылайтат: — Бай Жакып менин атамсың, Алп Жамгырчы антташым, Текечи менин теңтушум, Хан Шыгай менин курдашым, Хан Бакай менин жан досум, Биттейинен бир өскөн, Кабылан Чубак жолборсум, Азиз хандын Алмамбет, Акыреттик жолдошум, Бери карап сөзүм ук. Бейжинге барам чын үчүн, Белдүү калча чыр үчүн, Казатка барам ким үчүн? Хан Коңурбай эр үчүн, Калкым алаш эл үчүн, Хан Коңурбай калчанын, Кеги калбайт эмне үчүн?! Бейжинге бирге баруучу, Белиме таңуу болуучу, Белдүү элим барсыңбы? Каканга бирге баруучу, Кашыма караан болуучу, Кайраттуу калкым барсыңбы? Байыркыңды куп билем, Башың боолуу өңдөнгөн, Маанайың бас журт элең, Анжийан менен Ташкендин, Арасында чана айдап, Араба тартып жүрчү элең.. Мен Манас атка конголу, Эч жамандык көрбөдүң, Жардың жок тегиз бай болдуң, Жарма ордуна ичкениң Жаркенден келген кызыл чай, Козу ордуна жегениң, Кысыр эмди азоо тай, Жаштарыңдын кийгени, Кокондуктун кызыл шай. Кар жазданып, мал таптым, Калың эл көрдүң пайдасын, Каканга барам, калчага, Тапкыла мунун айласын. Муз жазданып мал таптым, Ушул журт көрдүң пайдасын, Урушка барам Каңгайга, Тапкыла мунун айласын. Мында олтурган карылар, Ошол күндө барсыңар, Өз мүлкүңө ээ болбой, Өзгөчө кордук тарттыңар; Калмактардын колунда Кыдырып кылым жер бетин, Сандалып суудай актыңар, Берендер чөгүп санаага, белчеңерден баттыңар. Эркинче уруп калмактар, Бетиңдин төгүп берметин, Бооз катынын жарыптыр, Боздотуп кордук салыптыр, Эркиңе койбой таратып, Ар кимдин көзүн каратып, Акимдик кылган калмактар, Айбандан бетер кыйнашып, Уйулгуп турган булуттай, Тымтыракай тарапсың, Энесайда тура албай; Колчоктоп турат али да, Кутуруп калча Коңурбай. Алтай менен Анжийан, Туташып турат Тийаншан, Ээ болдуң ата конушка, Эл четинен бүлүнтүп, Айдап турат жылында, Жеке алаш биз эмес, Даты өттү Кытайга.

Бир беттешип көрбөсөм, Мен–менсинген кыйынга, Казатка барам Каңгайга, Алооке уулу калдайга, Кандайсың журтум, барганга? – Муну айтып Манас токтолду, Жооп кылган пенде жок болду, Аксакалы келгендин, Боз балдарын карады, Боз балдары кеп кылбай, Алды-алдынан тарады. Бир убакта эр Манас, Баш көтөрүп караса, Аттанып эл кетиптир, Алды үйүнө жетиптир. Алмамбет, Чубак – эки шер, Абаң Бакай кеменгер, Арстаның – төртөө калыптыр. Кыргыл баштап кырк арстан, Мындан башка калбаган. Ачуусу келип арбайып, Ант ичкендей саргайып, Сакал – мурут бириндеп, Кара бойдон жел чыгып, Этек – жеңи дирилдеп, Көзүнөн жалын төгүлүп, Ач арстандай күркүрөп, Көргөндүн бойу дүркүрөп: — Кызыталак ногойду, Кытайдан кырбасам, Кырып салып тынбасам, Андан кийин жылбасам, Жып-жылма, түп-түз кылбасам! Айап жүрүп нетемин, Не мураска жетемин?! Коп, Ажыбай, ат току, Айалдабай бат току! – Арстаның мындай дегенде, Турду Бакай ордунан, Кармай алып колунан, Тунук сөз чыгат оозунан, Алтынга башын бөгөгөн, Айагын датка жөлөгөн, Караңгыда жол тапкан, Кайчылыкта эп тапкан, Туйуктарда жол тапкан, Түртүшкөндө кеп тапкан, Аксакалың жайкаган, Аселдеп оозун чайкаган: — Ай, ай, досум, тура тур, Менин сөзүм уга тур. Эрдигиңе ишенип, Эмдеке өскөн элиң бу, Ташкенди бузуп талкалап, Тартынбай кирдик чалкалап, Кашкардагы калдайдын, Кармап башын кескенде, Кандабай тонун чечкенде, Аттанып чыкты кырк чоро, Анда булар бар беле? Сары ала айкын кең түздөн, Сары колдун үстүнөн, Коңурбайдай калчанын, Сан топозун бир алдык, Ат изин ага биз салдык, Азыркы ногой кайда эле? Анда бийлер бар беле? Баары журттан озгондо, Чыландын жолун тоскондо, Коңурбай менен Жолойдун, Миң төөдө чайын алганда, Ополдун тоосун айланып, Кең Үргөнчкө басканда, Мында ногой бар беле? Акундун кызы Чүрөккө, Бел куда болуп өткөндө, Айжаңжүндү алганда, Манастын шаарын салганда, Мында ногой бар беле? Оганга беттеп кол салдык, Оморуп белин эр алдык, Анда ногой бар беле? Бейжинге ногой бара албайт, Белиңе таңу боло албайт, Казатка ногой бара албайт, Кашыңа караан боло албайт. Жүрөгү түшкөн калмактын, Жүдөп калган ал жактан, Кадыры жанга гүл азык, Калың журтта не жазык?

Барар болсоң Бейжинге, Айкөлүм, сага демилге, Табамын, — деп хан Бакай, Эрлерди сынап калды эле, - Айтбашынын бетинде, Чечдөбөнүн четинде, Коргон салган Кошой бар, Кошойго кабар салабыз, Кошойдун колун алабыз, Кол бүтүп Бейжин барабыз, Эркечтамдын ойунда, Кебез тоонун бетинде, Кең Кашкардын четинде, Тогуз уулдун кенжеси, Бир кудайдын пендеси, Эламан байдын эр Төштүк, Төштүккө кабар салабыз, Кыпчактын колун алабыз, Кырдан урган салмордой, Кыйкырып Бейжин барабыз. Андан ары барганда, Анжийанда жүз башы, Маргалаңда миң башы, Наманган менен Ташкенди, Катарынан сураган, Чоң Коконду элеген, Айры сакал Сынчыбек, Кийген тоону чылк жибек, Коконго кабар салабыз, Колун түгөл алабыз, Коржоктогон калчага, Кул салып анан барабыз. Андан ары өткөндө, Кетментөбө жер деген, Келишимдүү эр деген, Кендирбайдын кер көкүл, Жетимдиктен жетилген, Эркин өсүп керилген, Ак болоттой келишкен, Эрдиги артык теминген, Жамынган аппак тону бар, Жарадай сары аты бар, Жыйырма беште жашы бар, Он сегиз кез бойу бар, Бул ааламдын баарысын, Бийлесем деген ойу бар, Жылдыздай кызыл көзү бар, Балдан ширин сөзү бар, Керкөкүл кабар салабыз, Керкөкүл колун алабыз, Келишип Бейжин барабыз. Андан өөдө жүргөндө, Жети өгүздү жердеген, Кулетенден кутура тууган алп Агыш, Бүткөн бойу тарамыш, Тепсете басса термелбес, Темир өзөк, таш жүрөк, Бул дагы мыкты эр деген, Ага кабар салабыз, Агыштын колун алабыз, Агыны катуу дайрадай, Анан Бейжин барабыз. Андан өдө жүргөндө, Улуу Кемин жайлаган, Улуу кара ат байлаган, Кичи Кемин жайлаган, Кичи кара ат байлаган, Кара эчкинин терисин, Халат кылып жамынган, Басма мурун кызалак, Туулган андан бала Үрбү, Көкөтөйдүн ордуна, Казактарга хан Үрбү, Үрбүгө кабар салабыз, Үрбүнүн колун алабыз, Үйөр аккан суу болуп, Анан Бейжин барабыз. Асманда жылдыз боз эле, Буудай хандын Музбурчак, Сакалы келген бир кучак, Мени менен акыр еттик дос эле, Ар качан камын жечү эле. “Жазатайып Бейжинге, Барып калсаң, Бакай хан, Кабар кылгын” – дечү эле, Казакка кабар салабыз, Калың болуп алабыз, Кангайга анан барабыз, Анда Манас муну айтат: — Ардактуу Бакай жан досум, Арымың сенин кыскарып, Арып калган белемсиң? Акылыңдан адашып, Карып калган белемсиң? Төгөрөктүн төрт бурчун, Төрт айланып ким чабат? Ага барчуу кишиң ким, Анын барын ким табат?.. Ачкан оозун жумгунча, Айткан кебин тыйгынча, Жалпак тилдүү жатыгай, Балтырын жанында турган Ажыбай, Колунан бирөө тарткандай, Ыргып туруп ордунан: — Буйрук кылып кат берсең, Булуттан күлүк ат берсең, Төгөрөктүн төрт бурчун, Төрт айлана мен чабам, Ошонун жолун мен табам, Хандарга кабар мен салам. Ашыктырсаң, падышам, Айылга түнөп жатбастан, Түндү улап күндөргө, Кирпиктүү көздү жумбастан, Он алты күндө келейин, Өзүңө жообун берейин. Ашыкпасаң, падышам, Жыйырма күнгө толгондо, Айкөлүм, болом ордоңдо. — Болду, Ажым, болду, — деп, Алмамбет, Чубак - эки шер, Абаң Бакай кеменгер, Сээрлүү таажы башында, Сексен катчы кашында, Серпөөлөнгөн эр Сыргак, Кат жазуучу үстөлгө, Катар барып олтурду. Кат жазуучу үстөлүң, Жан-жанынан ойдурган, Жакут таштан койдурган, Сары алтын бөрктөлүү, Дүбөтү менен калемин, Үстүнө катар койдурган. Койкоңдотуп калемин, Колу илинбей эр Сыргак, Катты жазып бышыктап, Караңгыда барат, деп, Карбаластап карайт, деп, Түн ичинде барат, деп, Дүпдүрөңдөп карайт, деп, Бүлбүлдөнүп көрүнбөй, Бүдөмүк чалып калат, деп, Ал күнү жазып кургатып, Айкөлдүн алтын чоң мөөрүн, Айагына бек басып, Тубардан калта жасатып, Бекитип оозун чаптатып, Эртең менен болгондо, Желеге кулун толгондо, Ажыбайды аткарды. Ажыбай деген аты бар, Алган печет каты бар, Кара сакал жайкалып, Кундуз ичик, суусар бөрк, Минген жорго чайпалып, Хандарыңдан кем эмес, Катардан калаар эр эмес. Учураган адамга, Улам келип саламга, Каадасы менен кеп айтып, Хан чакырам деп айтып, Анча-мынча кишиге, Саламга алик албастан, Кылчайып көзүн салбастан, Ат айабай жол жүрүп, Жол жүргөндө мол жүрүп, Күүгүм кире күн бата, Кең Кочкордун жээкке, Акмазардын тээкке, Кырк чоро өлчүү жерине, Салдырып атын келдиле. Кара койун өрдөдү, Туулгалы Ажыкең, Мындай жерди көрбөдү, Асмандагы жылдыздар, Кыбыла көздөй сыйлыкты, Өрдөп чыкты Ажыбай, Таш ырабат шыркты. Аркар баспас Каракум, Атын түшүп жетелеп, Ат башынын чоң сууга, Кирип келди энтелеп. Алдындагы Күрөңдүн, Ооздугун чыгарып, Азыраак чөптөн чалдырды, Катыра койуп суусунан, Чаңкаганын кандырды. Күндүн мурду чачыла, Боз мунарык жазыла, Серепчелеп Ажыбай, Маңдай жагын караса, Кең көчпөстүн токойдо, Тоодой тору аты бар, Толгомо саптуу камчы алган, Колунда конгон кушу бар, Ээрчиткен тайган ити бар, Артында жүргөн эрчишип, Албан-дубан киши бар, Куш жайылып токойго, Келген экен эр Кошой. Тааный койуп Ажыбай, Ооздугун салды эле, Оңдонуп минип алды эле, Кечип чыгып чоң суудан, Салып жетип барды эле. Бута атымча калганда, Бугу кайыш нөкөрү, Ажыбай хандын жөкөрү, Суруп белден ыргытып, Кендиргелеп бүгүлүп, Келинден бетер жүгүнүп, Кандыргалап бүгүлүп, Катындан бетер жүгүнүп, Олуйазада Кошойдун, Улуулугун билгизип, Салам айтып көрүшүп, Колдун учун өбүшүп, Эсен-соонун сурашып, — Жүрү Ажыбай, аттан — деп Кайра тартты чоң Кошой. Чоң коргонго барганда, Чуркашып эрлер жабыла, Чылбырынан алышты, Кошой менен Ажыңдын, Аттарын байлай салышты, Эшик ачып уландар, Урматтап баары калышты. Эр жагына койдурган, Кызыл алтын керебет, Керебет алтын тактага, Кебезден бүткөн макмалга, Тоодой болгон хан Кошой – Эрен барып олтурду. Маңдай жакта көрпөчө, Макмалдан түгү бөлөкчө, Шибер ыраң көйгөлгөн, Миң кубулжуп өзгөргөн, Тилдүүлөрдүн жоргосу – Ажыбек барып олтурду, Ал аңгыча ашпоздор, Алдыга тамак толтурду. Казы-карты, жал койду, Кездик салса бойлогуз, Жайа бычып май койду, Капагы менен бал койду, Каймакка бышкан нан койду, Кашыктары күмүштөн, Куурдак менен чай койду, Эзген курут аралаш, Томоруп сары май койду, Аңкагандар жутсун, деп, Токтотуп койду бозону, Кымыздан тарткан арактан, Болушунча аны ичип, Бата-дуба кылганда, Дасторконун жыйганча, Анан Кошой муну айтат: Кана, балам Ажыбай, Алда эмне ишиң бар? Караңгыда жүрүпсүң, Карбаластап келипсиң, Түнүчүндө жүрүпсүң, Дүпдүрөңдөп келипсиң, Түсөрүн качып, түн катып, Өтө ашыгыш жол басып, Хандан келген кат барбы? Камкордон келген кеп барбы? – Хан алдында көп жүрүп, Кандим болгон Ажыбай, Алтын саптуу ай балта, Тубардан кылган жан калта, Бечеттеген кагазды, Кош колдоп суна берди эле, Бечетин жыртып хан Кошой, Катка көзүн салды эле. Айагына чыкканда, Аппак сакал жайыла, Мындай деди хан Кошой: — Баракелди Манаска, Айжаркын асыл кайран эл, Жакшы эле кеңеш кылыптыр, Жанбашым эми тыныптыр, Кебез кепич кең белбоо, Кара чоктуу калмакка, Калка болгон Коңурбай, Анжы, манжу, Туңшага, Арка болгон Коңурбай, Кырк эшиктүү тешик там, Кытайлардын Чынгыш хан, Өлсөм чыкпас сөөгүмдөн, Өчүм турат ошондо. Аймангансып жүргүнчө, Барбайт деген немине? Айжан жүн кызы Бурулай, Эсенхан кызы Бирмыскал, Тартууга берсе сулуусун, Албайт деген немине? Олжо катын биз кылып, Ат сооруга сулууну, Салбайт деген немине? Сакалымдын агыбы, Сакалдын агы болбосо, Абаң Кошой карынын, Шалкылдай турган чагы бул. Мурутуңдун агыбы, Муруттун агы болбосо, Абаң Кошой карынын, Булкулдай турган чагы бул. Кескен терек сайда бар, Кечилдерден ок тийсе, Абаң Кошой карыга, Мындай өлүм кайда бар? Кыйган терек сайда бар, Коңурдан келип ок тийсе, Кошой абаң карыга, А, балам, мындай өлүм кайда бар? Токтунун этин ашадым, Токсонго чыга жашадым, Серкенин этин ашадым, А, балам, сексенден аша жашадым, Темир сандык ичине, Салып койуп бакса да, Ажал чиркин кес келсе, Тоңкойуп өлүп жатамын, Акыры салат чеңгелин, А, балам, ажалдан кантип качамын? Узун кулак балалең, Укмуштураак жан элең, Уктуң беле Бейжинди, Канча күндүк жолу бар, Качан келиш оңу бар? – Анда Ажыбай кеп айтат: — Уктум эле Бейжинди, Ары барыш алты айлык, Бери келиш алты айлык, Он эки айлык жолу бар, Ошончолук оңу бар, Таластагы төрөгө, Жети күндө барарсыз, Жети күндөн калсаңыз, Желпинип турган Манастын, Жекүүсүнө каларсыз. Кош эмесе, — деп айтып, Куйулдуруп эп айтып, Камчысын жерге тайана, Ордунан турду камына. — Ай, ай, балам Ажыбай Кудай билет өлүштү, Кудай билет келишти, Катын менен баланын, Кайтып жүзүн көрүштү, Биргелешип олтуруп, Бир дасторкон бетинен, Бир табактын ичинен, Биригип даам ичишти, Анда Ажыбай муну айтат: — Хан чакырар ишим бар, Катуу кыйын жумуш бар, Барыдан мүшкүл бир иш бар, Аркандап келген айым бар, Айтышып койгон жайым бар, Күрмөшүп келген күнүм бар, Күүгүм болжор түнүм бар, Күрмөөсү жиптин чечилер, Көк жалга барсам кечигип, Күнөөмдү кайдан кечирер? Көрүнөө башым кесилер, Бешбелчирдин Бешашуу, Маңдайында көрүнүп, Мазайыл аттуу бел турду, Кабыл көрсө кудайым, Мазайыл беттеп басайын, Деп ойлонуп Ажыбай, Мазайыл ашып чыкты эле, Арпанын түзүн басты эле, Тойун менен түштү эле, Сөөк менен зыркырап, Улам күчөп Карткүрөң, Учкан куштай дыркырап, Күүгүм кире күн бата, Эркечтамдын ойуна, Кан жуугандын бойуна Салып кирип барды эле, Эр Төштүктүн айлына. Так көтөрүп ордону, Талаага тиккен кези экен, Кудайдын берген иши экен, Короолош болгон коңшусу, Токсон түтүн киши экен, Отуз нөөкөр, кырк шайы, Ордону баккан жаштары, Алдынан тосуп Ажынын, Атын алып байлады, Эр Төштүктүн үстүнө, Эшик ачып баштады. Эр жагында тактыда, Кебезден бүткөн башкача, Тоодой болгон Эр Төштүк, Олтурган экен чалкайа, Саламдашып көрүшүп, Колдун учун өбүшүп, Эсен-соосун сурашып, Төрдөн орун көрсөтүп, Өзүңүз мурда өт, дешип, Сен, мен деген сенек сөз, Сиз, биз сөздү көп дешип, Төргө катар олтурду, Ашпоздору белендеп, Чай-тамагын толтурду. Аш-тамагын жай ичип, Алтымыш түрдүү даам ичип, Бата-дуба кылган соң, Дасторконун жыйган соң, — Алыстан келди Ажыкем, Ардык алсын, — деген соң, Улукка нечен жол барып, Мындай иш далай капташып, Кандим болгон Ажыбай, Капчыкка колун салганы, Каңкордун жазган кагазын, Калдайтып сууруп алганы, Тумардан кылган бечетин, Жыртып ийип Ажыкең, Кош колдоп сунуп калганы. Катты алып колуна, Айагына чыкканда, Төрө Төштүк күүлөндү, Коң төрө жакка сүйлөндү: — Дүңгүр-дүңгүр, дүңгүр таш, Ташына жези аралаш, Дүңү чыккан Бейжиндин, Түбү алтын оозу таш, Ноктолуу башта бир өлүм, Өйдө жатса өлбөйбү, Аттанып чыкса адамзат, Ар сонунду көрбөйбү? Аттанып сапар жол тартып, Алыскы жолго жөнөйлү, Калмак менен манжулар, Нескара менен Коңурбай, Кедендин уулу чоң Жолой, Кыргызды бөлүп четинен, Ар жылы талап жөн койбой, Кыр көрсөтүп жүрбөйбү! Айжаркын Манас айкөлүм, Абыдан кеңеш кылыпьыр, Эл таламы дегендин, Санасы эми тыныптыр. Узун кулак бала элең, Укмуштуураак жан элең, Уктуң бекен Бейжинди, Канча күндүк жолу бар? Качан келүү оңу бар? Кабарын баатыр айта сал, - — Уктум эле Бейжинди, Ары барыш алты айлык, Бери келиш алты айлык, Он эки айлык жолу бар, Ошончолук оңу бар. Таластагы Манаска, Жети күндө барасыз, Сегиз күндө тайаса, Бир балаага каласыз, - Конок болуп жай албай, Кош деп айтып Ажыбай, Камчысын сүйрөп жөнөдү, Жанбаштап бир түн жаталбай. Анда Төштүк кеп айтат: Бир күн мында конуп кет, Бир түн конок болуп кет, Тагдырдын ишин ким билет, Кимдер өлөт, ким келет? Катын менен баланын, Урук-тууган калгандын, Анын жүзүн ким көрөт? - Анда Ажыбай кеп айтат, Кеп айтканда деп айтат: — Кабарчы болуп калдаңдап, Күн-түнү жок чабамын, Сиз сыйактуу хандардын, Барына кабар саламын, Көрүнгөн жерге жатып – кооп, Эркимче жүрө бергенде, Болжолдуу күндөн каламын, Карап туруп өзүмө, Бир балааны табамын, Агарып таң кеч кирер, Апта кетер, ай кетер, Айтышкан күнү барбасам, Алмадай башка күч келээр, - Деп Ажыбай көнбөдү, Жолуна карай жөнөдү. Айылдан чыгып аттанып, Сымкананы өрдөдү, Туулганы Ажыбай, Мындай жерди көрбөдү. Уккан кебин улады, Эркечтам башын ашканда, Терс айланып калам деп, Улама аңырт ойлоду, Коңарт тоосун бойлоду. Аркар ашпас кара кум, Атын түшүп жетелеп, Капыстан кылтыс тепсесе, Кабакка кулап кетем, деп, Этегин кайра курганып, Буулум тобу кыргылып, Бутунда кепич жыртылып, Жетелеп атын жөө басып, Түн ичинде бел ашып, Тоо бөксөмөр күн тийип, Алдына минген көрүңдүн, Кыл куйругун чарт түйүп, Күн бешимге жакындап, Кирип келген болжолдо, Араң жетти Ажыкең, Күлүсөндүн токойго. Кембагалдын жери экен, Жер жемиши мал экен, Жалгыз эчки болсо да, Жан сактап кетер жер экен. Акбарсылдак, кызгалдак, Кемирчек менен мандалак, Козукулак, бээ эмчек, Жөргөмүш менен кымыздык, Балжууран менен ышкындык, Томотой менен карагат, Жермыйаз менен бүлдүркөн, Жердин бети бүр экен, Баашайы түрүн салгандай, Барысы жердин гүл экен. Аккан кара суу экен, Суусунун көбү май экен, Керсендин кени экен, Ача туйак мал багып, Адам жашар жер экен. Керди көрүп таңданып, Жерди көрүп шаңданып, Эңиш тартып зырылдап, Карткүрөң мурду бырылдап, Күүгүм кире бүрүлдө, Ажыкең атта алкындап, Чоң кокондун дарбаза, Кирип барды жакындап, Карт күрөңдүн төрт буту, Дооштонуп такылдап. Калаанын баары маң болуп, Караган киши таң болуп, Көчөнүн көбү маң болуп, Көргөн киши таң болуп, Ажыкең кирди борборго, Ханы жаткан коргонго. Дайар турган кырк жигит, Атын алып Ажыңдын, Жасалгалуу сарайга, Ажыкеңди киргизип, Аш-тамагын бергизип, Тай семизин жыгышып, Жакшылап конок кылышып, Суусунга арак куйушуп, Кош колдоп барын сунушуп, Тынч жаткырды Ажыңды, Уйкусун баса кандырды, Таң бозоруп сүргөндө, Көзү чайыттай ачылды. Асмадан атын чечтирип, Акырга беде салдырып, Күрөң атты чалдырып, Колу-жөгөн жуунуп, Бекемдеп белин буунуп, Жанга кылыч байланып, Сынчыбектин үстүнө, Күн чыга кирди шайланып. Тактысынан үстүндө, Отурган экен Сынчыбек, Жылаңайлак жылаңбаш, Барча тоодой дардайып. Салам айтып көрүшүп, Эсен-соосун сурашып, Төр жактан орун көрсөтүп, Төбөсүндө өткөрүп, Ашпоздорду белендеп, «Аа- аалашып» элеңдеп, Тизелери бүгүлүп, Бөйбөңдөшүп жүгүрүп, Аш-тамагын жай берип, Албан-албан чай берип, Жүзүмдөй тартып жетилткен, Кызыл арак да берип, Карын-курсак тойгондо, Дасторконду жыйганда: — Кана балам Ажыбай, Өңүң сары бөлүнүп, Аттан жароо көрүнүп, Шашылышта жүрүпсүң, Алыскы жолдон келипсиң, Кабыландан кабар барбы? Катуу буйрук шарт барбы? – Алтын саптуу айбалта, Алдында тубар жан калта, Кабылан жазган кагазды, Капчыктан сууруп алды эле, Безетин жыртпай кош колдоп, Ажыкең суна калды эле, Катка көзүн салды эле, Айагына чыкканда, Бармагын тиштеп баш чайкап, Бир далай туруп калды эле. Анда Ажыбай кеп айтат, Кеп айтканда бек айтат, Барасыңбы, барбайсың, Ашкере жооп айтпайсың, Бармагың тиштеп баш чайкап, Бир далай туруп каласың, Кечээ Манас бир келип, Арабалап жамбы алып, Алыш алган кездерди, Чыктыңбы сенин эсиңден? Көргөнүм айта барам – деп, Кооп Ажыбай жөнөдү. Коркуп калган кокондук, Кобо калып ордунан, Кармай алып колунан, Муну айтты араң да, Бош түшүп сөзү оозунан: — Узун кулак бала элең, Укмуштуурак жан элең, Уктуң бекен Бейжинди, Канча күндүк жол экен? — Уктум эле Бейжиңди, Нары барыш алты айлык, Бери келиш алты айлык, Он эки айлык жолу бар, Ошончолук оңу бар. Таластагы Манаска, Алты күндө барасың, Жети күнгө калганда, Кыраан Манас баатырдын, Кыйыгына каласың! – Деп ошентип Ажыбай, Акырдан атын алдырып, Кара суудан каптырып, Кокондон чыкты бастырып. Кетментөбө бет алып, Кетип барат жол алып, Карткүрөңдү чуратып, Артынан чаңын чубатып, Кетментөбө, чоң Кокон, Он алты күндүк жол болгон, Күн кызарып уйага, Кирип бара жатканда, Кетментөбө кең токой, Жете келди айлына. Алды жагы жар экен, Токсондой бар бараны, Топтошкон адам бар экен, Желмогуздай сыйагы, Желдирип чыкты бир адам, Жардай сары аты бар, Жамынган аппак тону бар, Жылдыздай кызыл көзү бар, Балдан ишерсен сөзү бар, Жыйырма беш менен отуздун, Ортосунда жашы бар, Так он кулач бойу бар, Бир көргөнгө сонун ал, Салган куштай тор салып, Салам айтып таптанып, Колун сунуп көрүшүп, Кол учунан өбүшүп: - Алыстан келип калыпсың, Ат жарытып алыпсың, Ажыбайдай кейпиң бар, Кабыландан кат болсо, Кабарыңды айта сал, - Көрүшпөгөн Керкөкүл, Көрүп жүргөн эмедей, Билбесе да Керкөкүл, Билип жүргөн эмедей, Кебин сурап калды эле. Хан алдында көп жүрүп, Кандим болгон Ажыбай, Унчукпай да сөз кылбай, Капчыкка колун салганы, Тубардан кылган калтаны, Түмөртөп сууруп алганы, Кош колдоп сунуп калганы. Бечетин жыртып Керкөкүл, Катка көзүн салганы, Бүдөмүк тарткан бүүрүлдө, Көз байлаган күүгүмдө, Күндүзгүдөй окуган, Бу да мыкты эр экен! Айагына чыкканда, Айкөлдөн кабар укканда: — Жүрү, Ажыкем, баскын, — деп, Чалыктың, ардак алгын, — деп, Колум сунуп тизгинге, Бура тартып бир эле, Буйдалбай Ажым муну айтат: — Борбордо Манас эрен бар, Болжогон күн белгим бар, Болжолдон өтүп кеткенде, Болбой калар жерим бар, Хан чакыраар жумуш бар, Кайдан конуп туруш бар, — Андай болсо, Ажыке, Узун кулак эр элең, Укмуштуурак неме элең, Уктуң беле Бейжинди, Канча күндүк жолу бар? Качан келиш оңу бар? Кабарын билсең айта сал. — Уктум эле Бейжинди, Нары барып алты айлык, Бери келгени алты айлык, Он эки айлык жолу бар, Ошончолук оңу бар. Таластагы төрөгө, Жети күндө барасыз, Сегиз күнгө калганда, Арыстан Манас баатырдын, Ачуусуна каласыз, - Деп ошентип Ажыбай, Кош эмесе, деп койуп, Бура тартты шамдагай, Из безгендин талаада, Сызып барат Ажыбай, Кутбаны карай бет алып, Кетип барат Ажыбай, Ат айабай жол жүрдү, Күнү түнү талыкбай, Арам өлгөн карт Күрөң, Улам күчөйт чалыкпай, Ооздук тиштеп кемирип, Сууган сайын семирип, Ай караңгы түндөрдө, Тура калып табыштап, Ала качып эрилип. Чыттуунун Кызылмойнокко, Таң ата салып келди эле, Алдындагы арпадан, Ат чалдырмай болду эле. Алты араба чөп тарткан, Алдынан чыкты алты адам, Ажыкеңди көргөндө, Айбатынан жазганган, Бир араба чөп алып, Ооздугун чыгарып, Карткүрөңдү тойгузду, Жетелетип сугарып, Атка минип алганда, Жанына колун салганда, Колуна кирди бир алтын, Өзү бир саны он алтын, Чөп ээсине карматты. Бир араба чөбүңдү, Кылайган неме калбады, Чөптүн ээси алтынды, Берсе да коркуп албады. — Айланайын эр жигит, Туура пулун бер жигит, Бир араба бир алтын, Бир араба чөп алдың, Маа бергениң он алтын, Араң жүргөн адаммын, Ашыгып кайдан табармын, Таштап берип колуна, Ажыкең түштү жолуна, Арпа менен зырылдап, Айнектей түздө дырылдап, Үзүктүн белин ашыптыр, Көрпөтоолоп басыптыр, Чатыркөлдү кылаалап, Кең Аксайды аралап, Көбүргөндүн Корумташ, Келинтайгак бел ашып, Таракай менен айланып, Жаңы жер менен Уланды, Чөбү белден буралды. Күр болуп жаткан тулаңы, Көз байланаар маалы, Жетөгүзгө барганы. Короодон чыгып эр Агыш, Талаага конгон кез экен. Короолош болгон коңшусу, Алты жүз түтүн киши экен, Ордош айыл жигиттер, Атын алып түшүрдү, Алып барып бир үйгө, Ажыкеңди күтүштү, Кысырдан ылгап сойдурду, Суусунун баса кандырып, Буудай арак куйдурду, Чарчап келген Ажыңды, Тынч алдырып кондурду, Таң агарып атканда, Тараза жылдыз батканда, Таң шамалы зуулдап, Ойготуп торгой быжырап, Асмандагы жылдыздар, Кыбыла көздөй зыркырап, Келин каш болгон маалда, Тура калып Ажыбай, Аркандан атты алдырып, Адырмак жерге чалдырып, Кермеден атын алдырып, Керүүлөй жерге чалдырып, Бир жигитке коштотуп, Жетелешип откозуп, Агытып койсо Суусамыр, Кетеби деп шарт койуп, Бети-колун жуунуп, Пери уулундай Ажыбай, Белин бекем буунуп, Жалаң кылыч байланып, Алп Агыштын үстүнө, Ажыңыз кирди шайланып, Керебет алтын тактада, Олтурган экен алп Агыш, Үлпөк жүн жумшак бахтада. Көкөтөй кызы Көкмончок, Эрке катын кез экен, Жакын алып жанына, Кийинип жаткан кез экен, Бар кийимин кийинип, Бети-колун жуунуп, Аңгычакты ашпоздор, Чай көтөрүп чубуруп, Чай-тамагын жай ичип, Албан түрдүү даам ичип, Бата-дуба кылганда, Дасторконун жыйганда: — Кана, баатыр Ажыбай, Саргарып өңүң самандай, Алмадай жүздөн нур кетип, Жадаңкы көзгө турасың, Чаалыгып өзүң калгандай, Айкөл шерден кат барбы? Айта турган кеп барбы? Бечеттеген кагазды, Кош колдоп Ажың сунганы, Эр Агыш алды колуна, Элөөрүй тиктеп турганы, Айагына чыкканда, Абдан кепти укканда, Желпинип Агыш күүлөнүп, Дегеле жаман сүйлөнүп: — Кара кытай манжуга, Калка болгон Коң төрө, Какандыктын баарына, Арка болгон Коң төрө, Айбыгып андан жатканча, Өлгөн жакшы ал көрө! Кебез өтүк Кендирбай, Келбеттүү чочко Коңурбай, Тынч уктатып ар жылы, Жатканы жок чуу салбай, Баш калкалап жатканча, Өлгөн жакшы жан калбай! Калмактардын Чыңгыш хан, Кырк эшиктүү темир нам, Кыйдырбай жалгыз чырпыгын, Ашып келет кылымдан, Чыңгыш хандан кат алып, Эсен хандан бата алып, Алоокенин Коңурбай, Капалда жаткан тынч элди, Талап алды деп угам, Эл оозунда аңырт көп, Шум кабарды көп угам, Ал өңдөнгөн бүрүккө, Барбайт деген эмне? Ата кегин душмандан, Албайт деген эмине? Үйдө өлүмдөн кутулуп, Өлбөй киши калабы, Кеңешти жакшы кылыптыр, Бара келди Манаска, Айбыкпастан баралы, Астын-үстүн салалы! Ажал жетсе өлөрбүз, Азап болсо көрөрбүз, Бейжиндин жолу канчалык, Таласка качан жөнөйбүз? — Бейжиндин жолун уккамын, Нары барыш алты айлык, Бери келиш алты айлык, Он эки айлык жолу бар. Ошончолук оңу бар. Таластагы төрөгө, Жети күндө барасыз, Жети күндөн калганда, Кабылан Манас баатырдын Казабына каласыз, Кош эмесе, — деп айтып, Чалуудан атын алдырып, Үстүнө токум салдырып, Ажыбай чыкты аттанып, Көл айлана жол тартып. Кызыл сууда кылаңдап, Кызыл тумшук Ажыбай, Кетип барат чубаңдап, Жаргылчакты жакалап, Жаңыртып атын такалап, Тескей тоо менен калкылдап, Нар буурадай шалкылдап, Кийгени күмүш күрөкө, Күн чагылып жаркылдап, Күрөң аттын касасы, Карчытында шалпылдап. Эшената Чокталды, Экөрүктү Күрмөнтү, Эңкейиши Торайгыр, Өөдө тартмай Бийкыштоо, Эрикбей жүрүп олтуруп, Күнү-түнү жол жүрүп, Кең Кеминди өрдөдү, Келишкен мындай сонун жер, Ажыбай мурда көрбөдү, Өтө кеңир жер экен, Ысыккөлдүн өрөөнү. Казактардын хан Үрбү, Кайраты толук жан Үрбү, Тили таттуу бал Үрбү, Эрте туруп ээлигип, Эриккен куштай жээлигип, Саардан туруп шаңданып, Колуна дүрбү карманып, Кашатка чыгып калдайып, Турнабайын алыптыр, Тушка–тушка көзүн салыптыр, Кең-кеминде келе аткан, Ажыңды көрө калыптыр. Кайра басып керилип, Коңшуларын келтирип, Ажыбай кул келе атат, Ардактап атын албаңар, Камап барса көп дөбөт, Чык деп айтып салбаңар, Талаага чыгып бирөөңөр, Таңыркап карап калбаңар, Албагансып теңдике, Тескери кеткин барыңар! – Кымыз, чайын жай берип, Төшөгүн калың салдырып, Башына мамык алдырып, Тескери карап жатты эми, Күн шашыке болгондо, Желеге кулун толгондо, Ажыкең келди айылга. Токсончо түтүн кишикен, Топтошуп айыл жыш экен, Токсончо дөбөт ажылдап, Тоокүрөңдү такымдап, Тегеректеп турду эле, Толорсуктап жакындап. Ажыбай менен иши жок, Арсылдаган иттерди, Чык деп койгон киши жок. Ачуусу келип Ажыңдын, Толгомо саптуу камчыны Толгой колго кармады, Атынын башын имерип, Күчүн жыйнап чиренип, Оро-пара маңдайдан, Эшектей болгон көк дөбөт, Тумшукка тартып жиберип, Камчыны тартып алганча, Тумшугу менен жер сайып, Өлүп кетти көк дөбөт, Тиши чыгып ырсайып, Камчыны булгап ийгенде, Канча итке тийгенде, Каны агып шорголоп, Калган иттин барысы, Кырчоого такап көчүгүн, Үй–үйүнө корголоп, Алдына минген Карткүрөң, Жүрүп кетти жорголоп. Оронтуп койгон мамыга, Атын өзү байлады, Алдына чыгып урматтап, Атын адам албады, Эсендик сурап, саламдап, Эшигин бирөө ачпады. Ажыкең кирди ал үйгө, Ак тубардан көшөгө, Бетине тартып койдуруп, Кары бойу төшөктө, Эки көзү койулуп, Жаткан экен чойулуп. Жеркендин кызы Жезбилек, Жеңеси мунун турбайбы, Дегеле кыйын керсейет, Амансыңбы, шүгүр жок? Ажыкең менен иши жок, Мурдун чүйрө көтөрүп, Медилин салаар пейли жок. Эринен бетер коркутуп, Бул бейбак бура карап олтурду. Те маңдайкы макмалга, Салып койгон жуурканга, Олтурду Ажым түз бара, Малдашын бузбай балпайа. Күн төбөдөн өткөндө, Бешим болгон кездерде, Ажыкең анда чыдайбы, Сары жез чылым колго алды, Анжийандын ак курма, Тамекиден мол салды, Кытайдын кызыл оттугу, Кырып алган жер куусу, Кой борумдай чок койду, Коркурата бир сорду Койо берди кекирип, Түндүктөн түтүн буркурап, Өрт алдыбы үйдү? – деп, Коңшулар калды чуркурап. Ошол кезде хан Үрбү, Калп эле күрс–күрс жөтөлүп, Төшөктөн башын көтөрүп, Көргөн болуп жаңыдан, Кээкерледи Ажымды, Жеткизе сүйлөп абыдан: — Чубуттанган чубут кул, Чубуттанып келдиң би? Чукурланган чукур кул, Чукурланып келдиңби? Алайынбы өчүмдү, Олуйун бу көзүндү? Тескери сыйрып териңди, Сойойунбу өзүңдү? Эки колуң байлатып, Жаза кылып айдатып, Куйкаңды тилип туз куйуп, Таманыңа шиш кагып, Унутулгус иш кылып, Бүтүрөйүн ишиңди! Кечөө Көкөтөйдүн ашында, Көп жыйындын кашында, Бардамды ачып башымдан, Берметим төгүп бетимден, Жаагымды жара чапканда, Уйалгандан өлбөдүм, Өлүп жерге кирбедим. Мен Манастай чоңду көрбөдүм, Жойлонуп турган шыйпаңдап, Мен сендей корду көрбөдүм! – Деп ошентип демитип, Кыны жок кызыл кылычын, Кармай алды сабынан, Калдастап Ажың ошондо, Катты алды жанынан, Эңкейип бели бүгүлүп, Тизесин ийип бүкүйүп, Башын ийип түңкүйүп, Кагазды сунуп турду эле, Аш кайнамда катты алды, Баш жагына таштады. Бир убакытта катты алып, Бечетин жырттып ачкалы, Тизелери калтылдап, Бели ооруп зыркырап, Кыйналып барат Ажыкең, Жаагынан тери шыркырап. Манастын каты момундай, Абаң Бакай кеп курап, Эр Сыргагы бышыктап: “Тууган деген чиркиндин, Тумшук учу таарынат Боору кайдан таарынат? Эки кайыш – бир тизгин, Ортосунан тилгин, деп, Бейжинге барат он төрт хан, Хан Үрбү келип бергин, — деп, Насип болуп туз буйруп, Алып калсак Бейжинди, Тактысына мингин” – деп. Үрбү окуп ал катты, Башын чайкап теңселип, Кыл муруту сеңселип: — Болбостур, Ажым, болбостур, Бара жатса он төрт хан, Мен бөлүнүп калсам оңбосмун. Ырас айтат эр Манас, Тууган деген чиркиндин, Тумшук учу таарынат, Боору кайдан таарынат? Узун кулак бала элең, Укмуштураак жан элең, Уктуң беле Бейжинди, Канча күндүн жолу бар, Качан келиш оңу бар? Кабарың билсең айта сал, - Анда Ажыбай кеп айтат: — Укканмын Бейжин, — деп айтат, Нары барыш алты айлык, Бери келиш алты айлык, Он эки айлык жолу бар, Ошончолук оңу бар. Таластагы жыйынга, Жети күндө барасыз, Жети күндөн өткөндө, Кеңештен куру каласыз, - Айтып койуп ушуну, Бир сындырым нан жебей, Жарты кашык суу ичпей, Аттанды кайран Ажыбай. Эңиш тартып бургутуп, Жолдун четин жулгутуп, Ыштыктан чыккан түтүндөй, Артынан чаңын уйултуп, Жел жетпеген күрөңдүн, Жейрендей бутун сунултуп, Айагы менен таш жарып, Адырларды аттатып, Жагалмай болуп тим эле, Тайаганда бешимге, Алматынын токойго, Салып кирип келди эле, Буудайык хандын Музбурчак, Ителгисин куу-куулап, Ит агытып, куш салып, Калдайтып бүркүт кошо алып, Өңчөй баатыр уландар, Үч жүзчө жигит котчу алып, Жүргөн экен токойдо, Калгандар калды элебей, Көрүп калды Музбурчак, Ажыбай келет ченебей, Ажыңдын көрүп караанын, Алдынан чыкты Музбурчак Салам айтып көрүшүп, Эсен-соосун сурашып, Кошо сөзүн улашып: — Кана, балам Ажыбай, Кабарың айткын жабырай, Тулпарың жароо минипсиң, Тон жаратып кийипсиң, Хандан келген кат барбы? Кабыландан кеп барбы? Айткан турчу сөз барбы? — Хан алдында көп жүрүп, Кандим болгон Ажыбай, Капчыкка колун салганы, Калдайтып сууруп алганы, Кош колдоп сунуп калганы. Бечетин жыртып Музбурчак, Катты окуп ошол чак: — Баракелде баатырга, Бизге тапкан акылга, Беттешип барып көрөлү, Белдүү калча капырга. Кун бербей жүрөт эмгиче, Казак менен кыргызга. Капалдан биздин элдерди, Чаап кетти жакында, Абалын айтып Капалдын, Бармак элем баатырга. Узун кулак эр элең, Укумчулдун бири элең, Уктуң бекен Бейжинди, Канча күндүк жолу бар? Качан келиш оңу бар? - — Уктум эле Бейжинди, Нары барыш алты айлык, Бери келиш алты айлык, Он эки айлык жолу бар, Ошончолук оңу бар. Таластагы төрөгө, Жети күндө барасыз, Жети күндөн калганда, Арстан баатыр Манастын, Ачуусуна каласыз, Кош эмесе, — дегенде, — Ай, ай, балам Ажыбай, Бүгүн барып конуп кет, Бир күн мейман болуп кет. Кудай билет өлүштү, Кудай билет келишти, Катын менен баланын, Кайрылып жүзүн көрүштү, Биргелешип олтуруп, Бир дасторкон бетинде, Бир табакка кол салып, Биригип даам ичишти, - Анда Ажыбай мындай дейт: — Айтканыңыз ырас кеп, Аркандап келген айым бар, Айтып келген жайым бар, Күрмөшүп койгон күнүм бар, Күрмөшкөн күндөн өткөндө, Болбой калар ишим бар, Болжошуп койгон кишим бар, Кош эмесе, — деп койуп, Бура тартты Ажыбай. “Күнүмдүн соңу болду, — деп, Он алтыга толду” – деп, Түн теңинен огондо, Кабылаң жатчу ордого, Кирип келди коргонго, Хан баласы Каныкей, Алда кандай заман, деп, Акыры кандай болор, деп, Уктабай жаткан кез эле, Ат дүбүртү угулуп, Ажыбай келген кептенди, Эшикке чыкса Каныкей, Атын байлап аркага, Бура таркан Ажыбай, Тосо барып Каныкей, Алып келип үйүнө, Эшик ачып киргизип, Эпчи жакка өткөрүп, Жатарда бышкан тамактан, Казы-карта, жалынан, Козунун куйрук майынан, Көбүрүп турган кымыздан, Айабай тамак ичирип, Тамактанып болгон соң, Капчыгы чыга тойгон соң,: — Кана, баатыр Ажыбай, Эми сенден сурайын, Барам деген кишиң ким? Барбайым деген кишиң ким? Маанисин айтчы угайын, - Анда Ажыбай муну айтат: Буйрук алып колума, Бурулуп түшүп жолума, Барган киши мен болсом, Барбаган жандар болобу? Атайлап барган Ажыңыз, Барбас ойго койобу? Жети күндөн күн болжоп, Келдим, жеңе мен мында, Барган кулуң, келди, деп Эртең менен болгондо, Айтып койуң баатырга, Деп ошентип Ажыкең, Чыгып кетти эшиктен. Эр назар кызы Урумкан, Ажыбайдын келгенин, Эр Манастын үйүнө, Басып анда киргенин, Баарын билген Урумкан, Ак чөйчөккө суу алып, Алдынан чыкты буралып, Үч-төрт жолу имерип, Башынан чачып жиберип, Алып кирди үйүнө, Урумкан аны ийгерип. Муну мындай таштайлы, Алыстагы хандардын, Келишинен баштайлы.