← Манас

Алмамбеттин Көкчөкөздү өлтүрүшү, Айчүрөккө бел куда болушу

Ооганды таштап түз басып, Аттанып Манас жөнөдү, Сараттын артуу Сарыбел, Ортосу бөксө кенен жер, Асты ойдуң, үстү тоо, Арсайган жондур чалка зоо, Керүүлөй баатыр жол жүрүп, Аз гана эмес мол жүрүп, Киркит дөбөт ашыптыр, Кашкарды карай басыптыр, Катуулай келе жатыптыр. Кула ойноп ыргыштап, Көкүлүн көккө ыргытат, Көөдөнүнөн мончок тер, Агып турат чылпылдап, Бир караса Манасты, Кылайып айың туугандай, Кабагыңда кайгы жок, Көгөрүп асман тунгандай, Кай бирде Манас бөлөкчө, Турганда деңиз түнөрө, Карарып түндөй айлана, Күн күйгөндөй тал түштү. Аркада Ажы, Чубагы, Айкөлдү толук байкады, Бузулбасын ойу деп, Бучкактап чукул барбады, Калчакташып өздөрү, Катар келет тулпары, Желе-жорто чаптыра, Кырк чоро катар чубады. Аркасында калгандар, Жарым күндүк алдыда, Кытайдан келген Алмаң бар, Жеркендин сайы Сайрам бар, Алыскы жерден келе аткан, Караандуу эки адам бар. Дүрбү салып караса, Экөөнүн бир Көкчөкөз, Көкчөкөздү көргөндө: “Жолум болгон экен, — деп, Чынаача айткан байагы, Коңурбай менен Жолойдун, Төөлөрү эми келер деп, Бир амалды кылбасам, Качырбай кармап албасам, Манастын көөнү калар, — деп, Көкчөкөз алып барбасам” Ойлонуп муну Алмамбет, Караңгы туман топурак, Шамалды салып жиберет, Элебей калды Көкчөкөз, Бура тартып бир үйгө, Түшүп калды мааниктеп, Аттанып үйдөн чыкканча, Жете барды Алмамбет. Күлдүрдүн уулу Алыбай, Ырчы уул, Бозуул, Шууту бар, Караногой эр Мажик, Кашында бирге Сыргак бар, Басташканын койобу, Баары өңкөй шылуундар, Көкчөкөздү кармады, Колу-бутун байлады, Түйдөктөй кылып жаткырып, Минтип ишин жайлады. Көкчөкөздүн кашында, Ээ болгон Жолой малына, Канпалаң аттуу балбаны, Артында алты киши бар, Алар келип калганы. Тыбыратпай кармады, Кыңк эттирбей байлады, — Кербенчилер кайда? — деп, Ошондо Алмаң сурады, Байланып калган алтоонун, Көздөрү анын жалдырап, Берүүгө жооп алдырап, Канпалаң менен Көкчөкөз: — Төө аралда калган, — деп, Ички жолду тууралап, Биз жүргөнбүз черчендеп, Чылан деген кароол бар, Бизден кабар болгончо, Төө турмак анда чубабай - Баштан-айак калтырбай, Барып укту жайма-жай. Алмамбет айтат ал мындай: — Кырааным Сыргак жолго сал, Мажикти таштап бул жерге, Төрт баатырды жолдош ал, Күн-түн дебей ылдамда, Күн чыгыш алгын маңдайга, Кутбаны алгын сол колго, Кечикпей кайра жетип кел, Он алты күндүк болжолдо. Баарын айтып болдубу, Көкчөкөз менен Канпалаң, Жашырып жана койдубу, Алдында эрден эсеп ал, Төөнү санап катка сал. Кашкарга барып дүрбөтпөй, Жеркендике билдирбей, Ооган ашуу деген бар, (Көрбөгөнмүн укканмын), Ошонун көздөй жолго сал. Даңдунбаштын тоосунда, Тандалуу теке анда бар, Арстан Манас баштаган, Кишинин баары ал жерден, Келгениңде кабылар, Туу белден тосуп алам — деп, Сыргакты жолго салыптыр, Бөлүнүп Алмаң калыптыр. Көкчөкөз менен Канпалаң, Эр Мажикке айдатып, Экөөнүн алты кишисин, Аркага колун байлатып, Алып кирип Жеркенге, Малабекке каматып, Зынданга салып бактырып, Малабекке тапшырып, Жолдош алып Мажикти, Алмамбет кетти бастырып. Арстан менен көрүшүп, Жеркенге сегиз өргүшүп, Көкчөкөздү алдырып, Көрсөтүп туруп Манаска, Киндиктен ичин жардыртып, Өпкө, боор, жүрөгүн, Өлтүрбөй туруп алдырып, Сүйрөтүп итке салдырып, Кампалаңды карматып, Кишендеп колун байлатып, Кошо алып айдатып, Камап койгон алтоону, Малабекке карматып, Тогуз айга күн болжоп, Койо бер деп ошондо, Даңдунбаш карай жөнөдү, Ополдун бойу Даңдунбаш, Эчки-теке аралаш, Далай жердин тоосунда, Теке андай чоң чыкпас, Теке тери өтө баа, Саймалуу жаргак шымдарга, Кемип калса табылбай, Бир тери алат бир тайга. Аралап тоону басышып, Текесин таштан атышып, Карсагын атып тоосунан, Бүркүтүн кармап зоосунан, Бүлдүрүп кайып эренди, Эркин ойлоп жатышты. Чөө бөрүсүн, түлкүсүн, Уларын койбой атышты, Тоону бойлоп сапташып, Үргөнчтү көздөй жылышып, Акун хан карай бет алды. Абаң Бакай баш болуп, Акун ханга барышты, Арбайып түшүп калышты. Жигиттери Акундун, Жетелеп атты байлады, Жергелей тартып жай алды, Муну койо туралы, Сыргактан кабар алалы.

Чыланды карай бет алып, Төрт баатырды котчу алып, Узун кара адырдын, Урчугунда баратып, Энесиз жетим бир тайлак, Учурап калды эр Сыргак, Өзү ургаачы тайынча. Өтө көркөм алынча, Боздоп ээрчип алыптыр, Болбой жөнөп калыптыр, Чалганым чалгын талаада, Ээрчитип жүрүп Тайлакты, Калбайын, деп балаага, Кетели десе сойуп жеп, Кол барбады жаш малга, Адамга акыл айткандай, Сыргак айтат Тайлакка: — Ушу жерде куу Тайлак, Күндүгү кара аргымак, Керт этээрге чөбү жок, Каргышка кеткен жер экен, Түзөңү аппак шор экен, Тоорогу кыйла мол экен, Жылгындын кени мында экен, Кеми анык жок экен, Сага жери жай экен. Акылымды уга тур, Ушул жерде тура тур, Кайтканда ала мен кетем, Күн баашасы Кумара, Арстанга соога кылды, деп, Кумара берген Куу инген, Көрсөңөр малы ушу, деп, Келе жаткан чагымда, Кел, тайлак деп чакырам, Келе калгын анда, — деп, Маңдайынан бир сылап, Бура тарта бергенде, Кош эмесе дедиби, Же унутуп калдыбы, Башын силкип мыкчыңдап, Туруп калды Куу тайлак. Буудандарын тердетип, Түгөнбөс кандай чөл дешип, Эки күнү бир түндө, Чыланга келди түз жетип, Бешимде келсин чыланга, Төөсүн жыйнап жүрүптүр, Соодагерлер дүрбөшүп, Караанын көрүп булардын, Калды баары жүдөшүп. Доолбасын кагышып, Төөчүлөрүн табышып, Эки-үчөөнөн сурашып, Кишинин санын алышып, Баш билгиңер ким? — дешип, Дайнын айтып бер, дешип, Кысмакка алып сурады, Апкаарыган байкуштар, Айтпай карап турабы? — Коңурбай менен Жолойдун, Төөлөрү беш жүз он бештен, Төөнүн саны миң отуз, Миң төөдө жибек, чайы бар, Отуз төөнү бош койуп, Чатыр жүктөп, аш жүктөп, Алып жүргөн жайы бар. Үч төөгө бирден жумушкер, Мунун жайы ушундай, Жүккө колун тийгизбей, Жүргөн сегиз киши бар, Алардын кылар иши бар, Баарысы бизге башчылар. Көкчөкөз менен Канпалаң, Башчыбыз ошол экөө тең, Манас деген хан экен, Коңурбай-Жолой - дөөлөрдүн, Ошондо кеги бар экен, Ошол келе жаткан жер, Такыр кыргыз шаары экен, Көкчөкөз менен Канпалаң, Алты киши котчу алып, Чалгынга кеткен чагы экен. Ошол экөө тең кеткен, Бизден кабар болгончо, Тургула мында деп кеткен. Ичибизде биздердин, Бир Ламабыз бар эле, Өзү билгич жан эле, Китеп ачып жана эле, Төөнү жыйнап эми эле, Болбой калды! — деди эле, Төөнү жыйнап келе атып, Учурап калдым силерге, Кишинин баары короңдоп, Төө жыйганы ошол эле. Мен бастыра берейин, Болгун, деп бизди шаштырып, Бастырып кетти эми эле. Алпарсаңар мени бир, Көрсөтүп берем, — деди эле. Анда Бозуул кеп айтат: — Ичеги-кардың эзилтип, Ич сырыңды көп айттың, Кыргыз болбо, — деп айтат, Жашырбай айтчы чыныңды, Уккум келет сырыңды, Мен Манастын чоросу, Бирге жүргөн жоросу, - Угуп болуп айтканды, Өкүрүп ыйлап ал байкуш, Арызын айтып даттанды: — Элим кыргыз Шанкайдан, Жерим Бетпак тоосунан, Алып барган Алооке, Айдатып малды ушундан, Манастын элин бир көрбөй, Ичимде жүрөт көп бушман! Ылдамыраак чачкыла, Амалкөй Лама бир шайтан, Кутулуп кетип калбасын, Ушул Лама зор душман - Ал төөчүнү кошо алып, Күлдүрдүн уулу Алдырбай, Артынан түштү жол алып, Аңгыча Лама шек алып, Ылгап төөдөн миниптир, Тайраңдатып чапкылап, Качып жолго кириптир, Артынан кууп жете албай, Же уйалбай кайта кете албай, Кууп келет Алыбай, Барган сайын күч алып, Төөсү барат талыбай. Алыбайдын өнөрү, Жаа тартышка маш эле, Бөдөнөнү бүрүлдө, Чечекейге атчу эле. Койчагыр мылтык ийинде, Атайын десе Ламаны, Ок жетер жерде теги эмес, Жааны күчөп чиренип, Тартып калды Алыбай, Койчаптар менен кубалап, Куураган төөгө жете албай. Жебенин огу зыр деди, Лама минген желмайан, Колу-бутун ок кечти, Лама ыргып талп этти, Жыгылганда кошо эле, Ламадан чыгып жан кетти. Куржунга салып артынган, Кыймылдагыс тартылган, Кызыл алтын, сары алтын, Аппак күмүш баары, алтын, Куржун башы пул экен, Койнунда буту бар экен, Катып жүрсө атайы, Колдобоптур кудайы. Пулун алып Алыбай, Кайра келди жайма-жай, Миң жыйырма тогуз төө, Катарлап төөнү чиркетип, Чай, жибегин жүктөтүп, Үч төөгө бирден кишиси, Бастырып күнү-түндөтүп, Куу тайлак калган какырга, Чөбү жок аппак такырга, Келген кезде эр Сыргак: — Кум баашасы Кумара, Белек берген куу тайлак, Барсыңбы калган жериңде? Айбан да болсоң жаныбар, Кирдиң эле кебиме, Байагы айткан кеп менен, Келдим мында мен эми, Кел тайлагым, кел, деди, Сыргактын үнүн укканда, Боздоп ийин букулдап, Эки өркөчүн койкойтуп, Желип келди чукулдап, Атам Жакып эни, деп, Кулагына эн салды, Түшө калып эр Сыргак, Жанында бар Сыргактын, Кенептен нокто ага чак, Ноктосун салып башына, Ээрчитип төөнүн артында, Эр Манастын Куу инген, Аты өчпөй жарышып, Айтылып келет азырга. Кел Тайлактын какыр деп, Бир күн өргүп аттанды, Ошол чактан ушул чак, “Келтайлак” жерге ат калды. Кашкарга барбай чубатып, Ооган карай бел ашып, Манас өргүп калган күн, Сыргак барды төө тартып. Эртең менен Алмамбет, Эшикте турса теңселип, Бир келин өтүп баратат, Ымыркай бала көтөрүп, Сыйкырлуу киши Алмамбет, Серп салып карап калыптыр, Ороп алган баладан, Нур жангансып алыптыр, Абдан Алмаң байкаса, Ородо бала башкача, Өткөзө үнү сүйкүмдүү, Чыркырап бала ыйласа. Жаңылбасам кынгырап, Кыз-баланын үнү деп, Чакырды Алмаң бер кел, деп, Бура салып арымдап, Келин келди жакындап, Ашкере нуру көрүндү, Алакеңе жаркылдап. — Эркекпи бала кызбы? — деп, Энчилүү аты барбы? — деп, Ардактоочу айгине, Атасы муну кайсы? — деп. Анда келин муну айтты:

— Айкын сизге айлыбыз, Атактуу Акун ханыбыз, Алты күндүн алдында, Аңчылап көңүл ачууга, Айылдан чыгып Акун хан, Аттанып кеткен талаага, Кайтып келди шат-шайыр, Түш кыйа элек маалда. Адам барбас адырдан, Тапкан бала Акун хан, Ороосу менен кыз экен, Бир сыйкыры бар экен, Көргөн адам таң калаар, Жонунда эки канат бар, Бул өңдөнгөн баланы, Кандай пенде таба алаар? Келгени жети күн болду, Бетине чымын конбоду, Али атын койбоду. Кабарданып ар жайга, Бешик той берем деп турса, Силер келип калдыңар, Тойду улуу ханыбыз, Токтотуп турган чагы бар, - Көрөйүн десе Алмамбет, Көзүм тийер бекен, деп, Көрбөйүн десе бир туруп, Ойунда турат далай кеп. Актыгынан ниети, Кармай түшүп эрдиги, Оңтойлуу жумуш бүтүрүү, Оңой келбейт кезеги, “Арстан Манас баатырга, Мен кылсамбы бийликти, Кечээ Көкөтөйдүн ашында, Көп жыйындын кашында, Биз турганда чакташып, Бир жумушка капташып, Бакты сүйрөп келгендей, Бата алган Каныкей, Төрөбөй жүрөт эмгиче, Төрөп калаар бир эркек, Кудай берсе эми, — деп, Капыр менен мусулман, Батасы тийсе теги — деп, Кайда калбайт бир топ мал, Атасынын көрү” — деп, Каалагандай кылганы, Сабыр кылып турбады, Атактуу күлүк Сарала, Аны кайдан айады, Маңдайында көкүлгө, Айактай кебез байлады, Дайар кылып белендеп, Басып кирсе Алмамбет, Абаң Бакай, Акун хан, Айкөл Манас, эр Чубак, Олтурушкан ошол чак. Чубакка барып жанаша, Чукул Алмаң олтуруп, Чүңкүлдөшө кетишти, Ойундагы кептерин, Ойон Алма көк жалың, Чубакка айтып бериши. Анда Чубак эмне дейт: — Ой, Алмамбет арстаным, Акылың терең, сөзүң ак, Эп келет бу айтканың, Сараланын артынан, Жүгү менен миң төөнү, Бузбай айтып таштагын, - Акылдашып эки шер, Алмамбет анда мындай дээр: — Абам, акыл ээсисиң, Азыркы билги маа бергин, Абам Кошой карынын, Батасы жалган дебеймин. Эркек бала деди эле, Уулуңдун аты Семетей, Төп келип калса ак тилек, Төрөп калар Каныкей. Акун хан кызы бар экен, Ааламга толгон нур экен, Акун ханга Семетей, Күйөө болсо канетет? Айкөл шерге тиги кыз, Келин болсо канетет? Акун хан менен айкөлүм, Сен экөөңө кеп кетпес. Сараланын башына, Айактай кебез байладым, Куйругуна чиркедим, Коңурбай, Жолой нарларын, Ак сүтүн берди энекем, Сен экөөбүз эмчектеш, Баарыңды жайдым бермекке, Бирмыскал берген белекке, Жыңзы ташым мынаке, - Билдирип урмат хандарга, Алмамбет мындай деди эле. Акун хандын Зулайка, Чакырып алды ал үйгө, Айран-азыр таң калды, Акун хан менен Зулайка, Угуп туруп ал кепке; Кыңк этпей Манас олтурду, Кулакка жаккан бул кепке. Абаң Бакай барк этип, Жез доолдой заңк этип; — Айланайын Алмамбет, Сенден чыгат кеп-кеңеш, Чубак экөөң кеңешип, Ар кандай кылсаң эп келет, - — Жүрү эмесе аба, — деп, Айсарала жетелеп, Акун хандын чоң үйгө, Сараланы заңкайтып, Кең соорусун даңкайтып, Аса байлап салышты. Сап алтындан уйуткан, Он эки түрдүү кубулткан, Сагагы турат салбаңдап, Кулагына саларын, Мойнуна илди баланын. Атын атап койсом, деп, Алмамбет айтты Айчүрөк, Айчүрөк аты болсун, деп. Кайтарына калганда, Каада билген Акун хан, Кабар кылып калкына, Мыктынын баарын жыйнатып, Мукамчысын ылгатып, Сап жакшыны, Манасты, Салтанаттап ырдатып, Арагын куйуп токтотуп, Албан түрдүү дуулатып, Уй мүйүз тартып олтуруп, Эркинче элди чуулантып, Сөз баштады мындай нук: — Ханың төртсүң,, чороң кырк, Кыраан Бакай, сөзүм ук, Манас, Бакай, Чубакка, Бирден суптар, бирден суп, Кырк баатырга кырк торко, Таарынбаңар чак болсо, Куру кетпей ала кет, Канжыгага чала кет, Баш кийитке Сарала, Кийгизген тонуң Алмаңа, Өлүүнү, Бакай, маа бердиң, Толтура жүктөп миң нарга. Азырынча хандарым, Абалым болду ушунча, Ылайыктуу мүлкүм жок, Айабайт элем дагы да, Алышып кол жүрөлү, Алдыда өмүр бир кыйла, - Анда Аламабет кеп айтат: — Жыйырма тогуз төө менен, Өз оозуңан угайын. Келиним атын сурадым. Анда Акун хан мындай дейт: — Өзүң койдуң Чүрөк деп, Уксаң аты Айчүрөк, Мен дагы сенден сурадым, Күйөөнүн атын айтып кой, Кызыл уул атын угайын. Күйөөнүн атын укканга, Баатыр менен аталаш, Жатын башка, сийдик бир, Суп тондон бирөө калыптыр, Жамынып кетсин эр Сыргак, - Жамынып суп тон султандар, Көтөрүп торко калгандар, Кубанды баары балбандар. Көбү жүргөн кайгы жеп: “Алмамбет атын берди, — деп, Жасакер кулду карачы, Жөөлөп өзү калды” — деп, Чороңор калып күдүңдөп. Баш кийити Сарала, Алакең чыкты жетелеп, Айыңдаган жигиттер, Жүгүрүп жүрөт энтелеп, Жолго чыкты ойондор, Эртең менен эртелеп, Таласка келип жай алып, Жамбашына май алып, Бекер жатып зеригип, Күндө ордо атышып, Көк бөрүсүн тартышып, Шерине жешип, тай сойуп, Сүт бото, тайлак - төө сойуп, Түйшүгү жок тынч болуп, Баары жатып калыптыр. Муну мындай таштайлык, Кыраандын көбү кыйраган, Казаттан кабар баштайлык.