← Манас

Кыргыздардын таралышы

Э..., э..., эй... Уламадан уласак, Улуулардан сурасак, Мурунку өткөн чактарда, Батыш, түндүк жактарда, Энесай деген жер болгон, Жери сонун кең болгон, Өзөнү токой чер болгон, Төрлөрү тулаң күр болгон, Эгин эксе мол болгон, Аз айдаса көп болгон, Ороонун баары жык толгон, Азып-тозуп баргандар, Байыр алып токтолгон, Бай-жардысы билгисиз, Баарынын карды ток болгон, Энесай элин башкарган, Кал Мамай деген хан болгон. Хан болгондо Мамайга, “Кал” дегени жойулуп, Хан Мамай деп ат конгон. Хан Мамай өзү эр экен, Айткан кеби эм экен. Ошол кезде душманы, Теңдешип аны жеңбеген, Энесайды хан Мамай, Эч душманга бербеген. Жылдан-жылга жыл өтүп, Эли кетти көбөйүп, Ар кайдан келип олтуруп, Кырк уруу болду бөлүнүп, “Кырк уруулуу элим”, — деп,

Хан Мамай ага ат койду. Кырк урууну башкарып, Хан Мамай кырк жыл хан болду. Энесайга башка элден, Каш кайтарган болбоду. Кырк жылгача бузулбай, Жыргап жалпы ойноду. Беш катын алды хан Мамай, Биринен да бала болбоду. Көп төрөгөн бир катын, Эри өлүп жесир калганы, Төрөп берер бекен, деп, Кан Мамай аны алганы, Алганына жараша, Бир уул төрөп салганы. Атын койду Бөдөнө, Өтө сонун көрөргө. Бөдөнө келип тогузга, Бой тартып көкжал жарданды. Кимдер болжоп биле алат, Шум дүнүйө жалганды. Оору чырмап Мамайды, Онтотуп алын койбоду, Кайран жандын терегин, Ажал таарып койгону. Хан Мамай ошол өлгөндө, Калк чогулуп көмгөндө, Мекендеген жер-жерди, Кырк уруу бардык эл келди. Аксакалдуу карысы, Иш билгендин баарысы, Уй мүйүздөп олтуруп,

Жыйын куруп салышты. Бөдөнөнү чакырып, Ортосуна алышты. Жалтайбас деген бар экен, Айткан кеби шар экен. — Ойумдагы кепти айтам, Олтурган калың калкка айтам, Хан Мамайдын баласы, Бөдөнө мырзам, сага айтам. Хан Мамай мыкты хан эле, Кайраты бар жан эле, Акылы жетик ар ишке, Мактаганча бар эле. Катылган душман кан болуп, Катыгын андан жээр эле. Энесайдын бойунда, Хан Мамайдын доорунда, Кырк уруу биздин эл эле, Энесай бойу кең болду, Эгин эксек мол болду, Каптап калың короону, Кайкалаган кой толду. Жайылып жылкы төр-төрдө, Суу бойлоп уйлар топ болду. Өркөчтөрүн койкойтуп, Сай-сайга төөлөр жык толду. Төрт түлүк түтөп өрүштө, Телегейи тең болду. Кыдырып жүргөн ар кайда, Кырк уруу келип топтолду. Уруктап үрөн-бутактап, Кырк уруу кырк жүз болду.

“Кырылбай жооңду кыргын”– Кырк уруулуу кырк жүзгө, “Кыргыз” деп Мамай ат койду. Ошол күндөн ушул күн, Кырк уруу - кырк жүз элине, “Кыргыз” деген ат конду. Жыйылып, кыргыз, турасың, Айткан кебим угасың. Хан Мамайдын жалгызы, Бөдөнөнү бөпөлөп, Хан көтөрүп алалы, Билесиңер, баарыңар, Бөрү алгандын баласы, Тир жебей түлкү аларды. Атасындай баласын, Эрке кылып алалы, Эл башкартып мырзаны, Серке кылып алалы. Өтүп кетти хан Мамай, Минген атын жоорутпай, Душманга кебек алдырбай, Элинин көөнүн оорутпай. Мен билгенден хан Мамай, Жазыксыз камчы чаппады, Жаман кеп элге айтпады, Элкин койуп эл-журтун, Элиртип аттай таптады, Эгин эгип өрөөндө, Малын багып төр-төрдө, Жайнап элдин жатканы. Ошентип өтсө хан Мамай, Уулунан хандык талашып, Айта турган кеп барбы?! Жалтайбас айткан нуска кеп, Жалганы жок кыска кеп, Кыргыздар кабыл алыптыр, Бөдөнөнү бөпөлөп, Хан көтөрүп салыптыр...

Бөдөнө жүрдү хан болуп, Эл башкарып зал болуп, Мурдагыдан бай болуп, Кыргыздын көөнү жай болуп, Бөдөнө жаркын ай болуп,

Ачык жолу шар болуп, Элинин жолу кең болуп, Душмандын жолу тар болуп, Бөдөнө өттү дүйнөдөн, Канча жылы хан болуп. Бөдөнөдөн Бөтөй деп, Эрке бала болгону. Эркелиги курусун, Элине ээлик болбоду. Чилдей тозуп кыргыздар, Өчүп кайран жылдыздар, Он беш ата ортодо, Кайран кыргыз болбоду. Сапаасы кетип, саны аздап, Сандалып көчүп сай-сайлап, Канча кылым өткөндө, Анан кайта оңолду.

Укмушташып угушуп, Чогулушуп уйушуп, Бөдөнөнүн тукуму, Бөйөн деген баланы, Туу көтөрүп хан койду, Бөйөн хан деп ат конду. Бөйөн хандан Чайан хан, Чайан хандан Кара хан, Кара хандан уруктап, Орозду баатыр тараган. Орозду баатыр чоңойуп, Өрт жалындай эр болду. Этек жайып эл-журту, Эр уулу менен тең болду. Төрт түлүгү дүркүрөп, Жерге сыйбай мал толду. Кылымдан тандап кыз алды, Оймоктуудан уз алды, Уз алганда бешти алды: Ороздунун “беш уз” – деп, Эл ичинде кеп калды. Чоң катындан туулган, Жакып менен Шыгай хан; — Экинчи катын балдары, Катаган менен Каткалаң; Үчүнчү катын төрөптүр,

Жамгырчы менен Балтаны; Төртүнчү катын төрөптүр, Касиет менен Калканы; Текечи менен Кызылтай – Кичи катын балдары. Ороздунун он уулу, Беш катындан тарады. Орозду баатыр ал кезде, Энесайды жердеди, Кара кытай, калмакка, Дегеле мойун бербеди, Айбатынан коркушуп, Айлына душман келбеди. Арбып малы төлдөдү, Эч жамандык көрбөдү, Тукуму өсүп көбөйүп, Токсон миң үйлүү эл болду, Байлыгы артып баарыдан, Телегейи тең болду. Оорактуу он бай чыгып, Конушу өтө кең болду. Алардын атын угуңар: Адыбай, Көлбай, Ташбайдын, Дүнүйөсү толгон чагы бар, Мал-пулу батпай булардын, Жыйырма миң үйлүү эл менен, Букарга көчкөн жагы бар. Кулетен менен Элеман, Байлыгы элден эң чыгаан. Алаке менен Кендирбай, Күрөңкө, кочкор, кыпчактар, Иттери майды карабас, Атактуу байлар ушулар. Ошол кезде кыргыздын, Телегейи тең экен, Басташканы жоосу кем экен; Чайнаганы май экен, Ичкени кымыз, чай экен. Түштүгүнө жегени, Сүт бото тайлак төө экен; Кечкисине жегени, Кысыр калган бээ экен. Өз эркинче сайрандап, Кыргызың жыргап жаткан кези экен. Текесин атып тоосунан, Кулжасын атып коосунан, Аркарын атып адырдан, Түлкүсүн кагып аңынан, Ителгиге илдирип, Койонун кууп сайынан, Агытып шумкар аккууга, Каз-өрдөк кагып сазынан, Кайырмак салып, тор салып, Балык кармап суусунан, Көк иримдүү булактан, Кундуз кармап уусунан; Салкында ордо атышып, Эңишип улак тартышып, Шерне жеп, тай сойушуп, Кымыздын балын татышып, Текетырмыш, көлбука, Аркандарын тартышып, Эл чогулган кездерде, Эшикке чыксаң кечтерде, Ар бир үйдүн жанында, Казылуу турган кемеге. Казан толуп эттерге, Катар тиккен үйлөрдө, Конок келген күндөрдө, Самоору кайнап ышкырып, Дүр-дүнүйө дөдөлөп, Дасторкондун үстүндө, “Чийежол” деген күүсүнө, Толгонуп комуз күүлөнө, Булбулдай таңшып ырчылар, Кубулжуп обон түрлөнө, Он колго мурда кошулуп, Он бири окшош тең чертип, Алышып мөөрөй озгону, Адашып калса кем чертип, Саамайын сылап кыз-келин, Ооз комузун кагышып, Уктаса түшкө кирбеген, Сонун күүлөр табышып. Кажары согуп таңдайлап, Гүл төгүп туштук сайышып, Кашкулак, жолборс, бөрү ичик, Карылары жамынып, Жамбашына жумшактап, Айуу талпак салынып.

Кыздары үкү сайынып, Катыны сөйкө салынып, Боз улан кемер курчашып, Кемерге канжар тагышып, Өрүшкө батпай котолоп, Төрт түлүк мал жайылып, Көчкөндө нарга жүк артып, Жүк үстүнө асемге, Кырмызы килем жабылып. Биринен-бири өткөрүп, Атаандашып жасатып, Алтын, күмүш, жез менен, Ээр-токумун каптатып, Достошуп кымкап кийдирип, Алдына жорго миндирип, Улуу-кичүү сыйлашып, Урмат-ызаат билдирип: Акыйнек айтып айлуу түн, Кыз-келин-жигит келишип, Алты бакан селкинчек, Асмандата тебишип, Уул үйлөп, кыз берип, Бешикке салып той берип, Байге бөлүп кунан чаап, Соогатына чоң берип. Бабырашып чуулдап, Өлүм өлсө аш берип, Конок алып беш-бештен, Кой сойуп куйрук, баш берип, Күлүктү чаап алыска, Салдырып жорго адырга, Эңиштирип эрлерди, Эңдирип жерден теңгени. Сайдырып найза баатырга, Керишип кулач жаа тартып, Устунга илген жамбы атып, Жыргалга батып сайрандап, Бейкут, бейпил тынч жатып, Кемпири майга карабай, Келини каймак жалабай, Кыргыздын толгон кези экен, Улагадан агып май.

Түп атабыз Угуз хан, Уулдан уул туулган.

Бузулбай баары хан болгон, Айрыкчасы аларда, Калаш деген бар болгон, Ай келбеттүү нур жүздүү, Көзгө көркөм чок беттүү, Дүйнөдө андай ким өттү, Элинде чаар бар болсо, Баарын койбой түгөттү. Өзүнөн бир уул болуптур, Жашы төрткө толуптур, Чечек чыгып чаар болуп, Мунун өңү соолуптур. Вазир-бегин чогултуп, Ортого калаш койуптур: — Элимде чаар бар болсо, Бирөөн да тирүү койбодум. Чаар болуп балам калат, деп, Муну качан ойлодум. Муну тирүү койгондо, Айтканым жалган болбойбу. Балачылап баккынча, Алып чыгып сойойун. Силерге салган кеңешим, Балам жалгыз дебесмин! Казабына алыптыр, Сойголу уулун калыптыр. Бир вазири ортого, Кеңеш кебин салыптыр: — Буйругуңду падышам, Бузбай ада кылабыз, Ар канча болсо жалгыз уул, Карап кандай турасыз? Чыркырап бала ыйласа, Сиз боор толгоо кыларсыз, Өкүмүң эки кылбайын, Өлтүрбөй муну турбайын, Мага кошуп бергиниң, Кашындагы уланың, Өлтүрүп элкин талаада, Үстүнө таштан жыйайын. Вазирине бериптир, Байкуш вазир канетсин, Уул-кыздан чогултуп, Бир топту алып келиптир. Алып келип бир тоого, “Барбагын элге сен болсо, Атың “Кыр кез” болсун” – деп, Айдап койо бериптир. Тоо бойлоп кетти жаш балдар, Кичүүсү бар, чоңу бар, Эркек, кызы бир-бирден, Жуп болушту ушулар. Калаш кандын уулунун, Алганы эркек тууптур. Киши көрбөй тоодо өскөн, Оозуна келген кепти айтып, Атын Бөйөн койуптур. Бөйөндөн Чайан төрөлдү, Чайандан туулду Каракан,

Каракандан “Кыркездин”, Бир далайы тараган. Каракандан Орозду, Ойротто жок чоң болду. Баш бербей Чыңгыш моңгулга, Токсон миң үйлүү эл болду. Жердеген жери Энесай, Моңгулга жүрдү баш бербей, Беш катындан он уул, “Ороздунун он уул”- деп, Айтылып калган кеби бул: Жакып, Шыгай бир катын, Катаган менен Каткалаң, Ал экөө да бир катын,

Акбалта менен Жамгырчы, Өтүп кетти үч катын, Касиет, Калка төрт катын, Айтылган сөзгө карасак, Казактар мындан таркасын, Текечи менен Кызылтай – Кичи катын балдары: Ороздунун он уулу, Беш катындан тарады. Адам айран калгандай, Кубулушту карачы, Муну мындай таштайлы, Көк жалың Манастын Төрөлүшүнөн баштайлы.