← Манас

Башталышы

Э… э… э…й

Айтайын баатыр Манасты, Анын арбактары колдосо. Айтканым жалган болбосо. Жарымы төгүн, жарымы чын, Жарандардын көөнү үчүн. Жанында турган киши жок, Жалганы менен иши жок.

Көбү төгүн, көбү чын, Көпчүлүктүн, көөнү үчүн, Көрүп турган киши жок, Көбөйткөн менен иши жок, Күрпүлдөтүп ырдасак, Көпчүлүктүн көөнү ток. Атаңардын жомогу, Айтпай койсок болобу? Атадан мурас ыр болуп, Айтып калдык ошону. Айтып кумар жазбасак, Ай - кабыбыз толобу? Бабаңардын жомогу, Баштасак келер оролу.

Бабабыздан калган кеп, Баарын жеңген балбан кеп. Баары жоктон улуу кеп, Байчечекей сулуу кеп. Байыркыдан калган кеп, Балдары жыйнап алган кеп. Уруктап улам өнгөн кеп, Урматтап эли көнгөн кеп. Уламадан уккан кеп, Улам бирге жуккан кеп. Карылар айтып берген кеп, Калтырбай бирөөн терген кеп, Канча кылым өтсө да, Калбай бирге келген кеп.

Ааламдан ашкан сүрдүү кеп, Асманда күндөн нурдуу кеп. Айдан ачык турган кеп. Айта берсе түгөнбөс, Арт-артынан тууган кеп. Адам ата, Аба эне, Андан бери карата, Алда нечен эл өттү. Азар түмөн жыл өттү. Пилге минген шер өттү. Билеги күчтүү эр өттү. Унутулбай эстелип, Манас өңдүү ким өттү. Ошондон бери карата, Тоо упурап жер болду, Зоо упурап чөл болду, Жер жыртылып сай болду. Сай кубулуп саз болду. Атабыз Манас сыйактуу, Айтылып келген аз болду. Саз козголуп көл болду, Көл байып чөл болду. Адырлуу жерлер коо болду, Ак мөңгүлөр бузулду. Арстан Манас жомогу, Азырга чейин созулду.

Буудан Манас жомогу, Бузулбаган эл менен. Бурганактуу жел менен. Булбулдай таттуу тил менен. Буулукбаган үн менен. Ажыдаардай сүр менен, Аркыраган жел менен. Үйөрлөгөн сел менен. Ач кыйкырык чуу менен, Асман жарган дуу менен. Ат жарышып келген сөз. Баш байгени эңген сөз.

Аскар тоодон ашкан сөз. Артынан кууп жете албай, Асманда булут шашкан сөз.

Ыр деңизин кечкен сөз, Ырдын бермет шурусун, Акындар андан терген сөз. Балдан таттуу неткен сөз. Баарын басып кеткен сөз. Белес-белден бороондоп, Беш удургуп өткөн сөз. Бул жомоктун ичинде, Айары көп, алпы көп. Айтып болгус салты көп. Абайлап ук калайык, Апыртып айткан калпы көп. Алтыны көп, күмүш көп, Аттанып жоого жүрүш көп. Жапа тарткан кордук көп. Жанга баткан зордук көп. Шамалдан күлүк аты көп. Сайдырып иймей сааты көп. Ок өтпөгөн тону көп. Опол тоодой чоңу көп. Ок тиштешмей анты көп. Ойку-кайкы манты көп. Чырпык кыркмай шарты көп. Айтып адам билгисиз, Жарагынын аты көп. Акылы көп, үлгү көп. Насааты көп, күлкү көп. Төлгөчү көп, изчи көп, Чечени көп, сынчы көп. Боз торгойдой быжырап, Борумдап айткан ырчы көп. Ай-ааламга сыйбаган, Ар түрдүү нечен мүлкү көп. Бендеден арткан узу көп. Периден алган кызы көп. Кубулуп кетмей иши көп. Өлбөй жүргөн киши көп, Саңоору алтын кушу көп, Сайдакы кумдан саны көп, Сакталып келген ушу кеп, Кыргыздын сактап келгени, Салтанаттуу кара көк.

Жүз жылда болот жер жаңы, Элүү жылда эл жаңы. Улам укса уксам деп, Уккан сайын кеп жаңы. Нечен кылым өтсө да, Эскирбей кеби бозорбой, Эмгичекти эң жаңы.

Андай болсо калайык, Муну мындай таштайлы. Манас чыккан кыргыздын, Таралышын баштайлы. Жолборс Манас өзүнөн, Жомогунан баштайлы.