Манастын Ооганга жортуусу, Чынаачынын жеңилиши
Орто Азийа жерибиз, Оркойуп турган Опол тоо, Кар кетпеген Кебез тоо, Ооганча айтат Памир тоо, Ошондо кыпчак элибиз, Батыш жагын ээлеген, Бадакшан тоону жердеген, Намысын колдон бербеген, Ооган деген эл экен, Оогандын элин башкарган, Чынаача деген эр экен. Ачууланып ар жанга, Айткан экен ар кайда: — Аңдалбай кыргыз анык, — деп, Ар кайда жүргөн калк — деп, Манастын даңын чыгарып, Кылым укса уйат кеп. Жоготойун барып, — деп, Чынаача минтип турганда, Өзүнчө жатып күүлөнүп, Муну кудай урганда, Коңурбай аны түрткүлөп, Оолуктуруп койуптур, Чаначтан бетер жел берип, Бучкагынан чойуптур: — Каңгайдын тоосу айланып, Амалайга туташат, Бир башында мен турсам, Бир башында сен турсаң, Орто Азийа элине, Манас салса чуулган, Кылым укса бул кепти, Кыжалат болуп уйалам. Коркунчуң барбы Манаста, Кандай дейсиң, Чынаача? Бир четиңде жедигер, Кыргыздын эли дейсиңер, Баш көтөрттүң Багышты, Сен Чынаача элебей, Жүдөтө жүргөн кыргызды, Талпагыңча тебелей, Жата берсең анэтип, Сени да чагат кенедей, Жүүнүңдү бошотуп, Жүрөккө кирет жебедей. Сары колдун сыртынан, Сан топозун бир алды, Токсон уруу түрк уулу, Топтолушуп аз калды, Чогулушса аларды, Тосо турган ал барбы? Жедигер менен Кыйбаны, Жеринен чаап сен алгын, Капалда жаткан казактын. Кайрууга шагын мен бармын, Түндүк менен түштүктө, Акимсинген түрктүн, Кетирелик амалын. Сен элебейсиң бурутту, Түндүктүн элин курутту, Орто Азийа ээлеген, Орун алган калмакты, Каңгайды карай чубуртту, Түптүү хандын бири элең, Туйбадыңбы ушуну? - Коңурбай күүлөп кеп берип, Акылы тайыз Чынаача, Арам итке эп келип, Кыйбанын элин улутуп, Талап алды дап берип. Ажалдан калган эмеси, Ар кайда кетти сенделип, Күүлөнүп калды Чынаача, Көпкөлөң мурду тенейип. Манаска ыйлап буркурап, Кыйбадан качкан эл келип, Тындырып көөнүн койуптур, Короодон бөлүп мал берип. Малды сүрүп чаткалдан, Уурулук кылды ар качан, Ийри колун тартпастан, Же ушак айтты тынбастан, Оймоктой оозун жумбастан” - Муну ойлоп Манастын, Чынаачанын Кыйбаны, Чапканы ойго сыйбады, Ошол үчүн бул ишти, Элебеди кабылан, Анча-мынча бир иш деп, Кенебеди кабылан. Муну менен турбастан, Дагы келди шум кабар, Жедигерден абыдан, Ооганга Манас барышы, Мына мындай табылган, Жедигердин шум кабар, Абдан байкап угуп ал: Оогандан кыргыз бөлүн, деп, Амалайдын сырт жактан, Опол тоонун батыштан, Ооганга чектеш катышкан, Ызардагы кыргыздар, Аралаш жайлап жатышкан, Үргөнчтөгү Акундан, Алым алды ай-айлап, Берип турду ай сайын, Котолотуп мал айдап, Кол салыша албады, Акун хан чыгып бел байлап. Коросондун четинен, Жедигердин элинен, Миң үйлүүнү бир чапты, Күмүшбулак керүүдөн. Жаткан үйүн кулатты, Жаш балдарын чуулатты, Чынаача өзү баш болуп, Ламдын белин ашырып, Айдап кетип калганы. Манаска барып айткын, деп, Жедигердин эр Багыш, Карт вазирин жумшады. Вазир келип атайын, Өз оозу менен айтканы, Жашырбастан бирин да, Уккан-көргөн, билгенин, Түгөл төгүп таштады. Ажалдан кыйын эмеспи, Арстан тирүү бар туруп, Ачуу сөздү укканы?! Угуп Манас жатпады, Ушул болот Манастын, Ооганды барып чапканы. Огу менен дарысын, Олбун алып баарысын. Миң нарга азык арттырып, Кыймылдагыс тарттырып, Кара калпак, калчаны, Тажик, жуда - барчаны, Аралай жүрүп айкөл шер, Чукулдап жете барганы, Куйтунут деген жерине, Манас түшүп калганы. Кабар салды Ооганга, Жолукпады бир жанга, Көргөн-билген таңданат, Кайнаган ооган журтуна, Төрт жүз сексен барганга. Кароолчу чаап барыптыр, Чынаача кабар алыптыр, — Манасыңа барам, — деп, Бооруна канжар малам, — деп, Толтодон кармап жүрөгүн, Кылдай сууруп алам, — деп, Сызгырылтып майларын, Жилигин отко жагам, — деп, Алтын тагын коморуп, Байсалды анан табам, — деп, Камынып калган кези экен, Ал Манаска барганга, Жаңдаган аскер өтө көп, Тиккен чатыр баары көк, Байкап көрсө адамын. Жүз элүү миңден саны көп. — Ажал айдап кыргызды, Келген экен өзү — деп, Бактым артык жаралгам, Бар кишиден өзүм тек, Убара болуп жол тартпай, Упурак болуп бел ашпай, Токойлоп жүрүп чөлдөбөй, Корумдуу коону өрдөбөй, Кечип жүрбөй саздарды, Кечеңдетпей аттарды, Колго келди талабым, Үч жүз он беш кишиге, Бирден эрен, карагын, Мен-менсиген Манасты, Эми тор салып кармап аламын! Манасты жумшап өлүмгө, Таласка барам көрүнөө, Он төрт ханы бар экен, Азап салам көбүнө! - Деп оолугуп Чынаача, Жалыны күчтүү от болуп, Чачыла түшүп токтолуп: — Кайнаган ооган калкыма, Төрт жүз сексен келгенин, Алы канча дегенин?! Тоодой бойуң бир барча, Алпым барсың бир канча, Айарым барсың сыйкырчы, Жакшылап жатта сыйкырды, Менден кабар болгондо, Айткандай кылгын кыргызды. Көрбөгөнү көр болсун, Көңүлү даттап кир болсун, Бастырып карга таштагын, Тура албай качып жоголсун, Жол таба албай кай бирөө, Талаада өлүп торойсун! - Чынаача буйрук бергени, Апы-напы дегени, Белсенип булар келгени: — Күндү мыктап жаадырам, Жай жатыңыз сиз, — деди, Кууратабыз биз, — деди. Жай таштарын алышып, Айакка сууга салышып, Дүрдүктүрүп булутту, Шамалга салып айдатып, Алып келип тургузду, Кудай урсун бул экөөн, Борошону кыргызга, Оң-тескери ургузду. Алдында жамгыр нөшөр жаап, Андан кийин мөндүр жаап, Ал аңгыча өзгөрүп, Ак кар түштү сапаңдап. Айкөл баатыр эр айтат, Акылы артык шер айтат: — Кандай шумдук билиңер, Бирөөң бачым барыңар, Чыйпы, Мыйтык - экөөнү, Кычырып келе калыңар. Силер - Чыйпы, Мыйтыгым, Эминеге кычырдым? Кырамын деп бурутту, Көрдүңбү кылган шумдукту, Оогандык алып келгенби, Айдап бизге булутту? Келеби алың бул ишке, Оодарып айдап ийишке? - Чыйпы, Мыйтык бакырып, Жообун айтып шар кылып, Арстан Манас баатырга, Андан калган жалпыга, Буга арга табышты, Убада кылып кайтышты; Ачып көздү жумганча, Топону алып колуна, Булутту салды жолуна. Көк көрүнүп бир демде, Күн ачылып кеткенде, Апы менен Напысы, Бүт Оогандын баарысы, Жандаган Чынаачаны, Жашы менен карысы, Алда кандай болду? деп, Аңкыйып карап калышты, Чыйпы, Мыйтык турган жок, Каркештешип калганда, Сыйкырчыдай урган жок. Куйун ойноп талаада, Куу булут толду асманга, Мылтык атып жаткандай, Шамалдын үнү күрүлдөп, Өнүп чыккан чынарлар, Жалбырагы дүрүлдөп, Сүрдүгүп булут чартылдап, Чагылган доошу тарсылдап, Өнүп чыккан жыгачтын, Шактары жерге чабылат, Ортосунан чарт кетип, Ачасынан жарылат. Жыгачтын баары кодоңдоп, Башаламан сороңдоп, Элдин баары эндиреп, Эсин таппай сендиреп, Элейип калды нечени, Эси оогандай темтиреп, Оогандын эли сандалды, Табыша албай далданы. Апысы менен Напысы, Болуп жаткан шамалды, Токтото булар калышты, Эки элде тең сыйкырдын, Бар экенин байкашты, Утур алды беттешпей, Ушинтип күчүн чакташты, Шамал чыгып, күн жаабай, Тынч алып калды жайланып, Желбирете туу сайып, Буйрук берди Чынаача: — Майданды көздөй чубур! - Жол тартты черүү дүркүрөп, Баатырлары күркүрөп, Топ-топ болуп чуркурап, Доолбас үнү чуулдап,
Жазык менен бир келет, Жер сойулуп былкылдап, Асаба көктө калкылдап, Адамдын башы кылкылдап. Жүз элүү миңче киши бар, Жетегинде үч пил бар, Балбандан бешти алыптыр, Ашырып айбат калыптыр, От чачып ооздон булкунат, Темирге байлап салыптыр, Кабааган иттен миң экен, Мойнунда жезден чагарак, Куйма чынжыр бар экен. Бирөөн бирден жетелеп, Айбаттанып кол келет, Жеп ийчүдөй атылып, Жер түгүндөй мол келет. Билеги жумур, кур экен, Чынаача жайы бул экен: Аттарын башка коштотуп, Сооту менен жарагын, Алып келип топтошуп, Үйдөй болгон чокморлор, Эшик эндүү балталар, Найзалары чынардай, Өздүрү бар мунардай, Колдору бар түркүктөй, Каштары кара тиктенип, Айланган кажыр кептенип, Маңдайга келип чогулду, Баш айланган чуу болду, Кулак тунган дуу болду. Манас да карап турбады, Баардыгы тегиз аттанды, Айчыгы алтын кызыл туу, Асмандата аштады, Сайып жерге койбостон, Колуна Бакай кармады.