← Манас

Каныкейдин алынды болушу, Алмамбеттин Аруукеге үйлөнүшү

Эриккенде Алмамбет, Эрен Манас баатырга, Эрмектешип келем, деп, Атына минип алыптыр, Айлына Манас барыптыр. Аттуу туруп Алмамбет: — Арстан барбы мында – деп, Накылайдын үйүнөн, Эшикте туруп сурады, Үйдүн ичи ызы-чуу, Оңой киши угабы? Эшикке чыгып эсиркеп, Накылай анда мындай дейт: — Байбичеден баш булгап, Бастырмагы кыйын кеп, Баштагысы бир жөндүү, Маа жолобойт быйыл, — дейт, Бастырып андан кеткени, Карабөрктүн үйүнө, Хан Алмамбет жеткени. Чукул келди Алмамбет, Бир неме уруп дүмпүлдөйт, Баа-чаасы өтө арбындуу, Угулбай ачык күңкүлдөйт, Көрүм көргөн бакшыдан, Беш алтоо бардай кептенди, Аттуу туруп Алмамбет: — Арстан барбы мында? – деп, Эшиктен туруп кеп берди. Ал Карабөрк катыны, Даңкайып чыгып акыры: — Канышынын кашында, Жаткандыр төрөң дегени, Какшыгын Алмаң билбеди: — Каныш деген ким? — деди. Көз жүгүртүп көркүнө, Көрө элек белең жеңеңди? Кашкаңдаган кара бет, Накылай сулуу дегенди! “Карабөрк менен Накылай, Катыным деп ойлоптур, Карасам бүгүн бул Манас, Кадимкидей бойдоктур. Чоң болгондо чор сүйлөп, Чогоол өскөн экен, — деп, Баатырлык менен балбандык, Мындай жерде бекер, деп, Айкөл Манас айалдан, Адашып калган экен, — деп, Алты күндүк ааламдан, Армандуу жүрүп кетер” — деп. Алмамбет кетти бастырып, Арстан үчүн ачынып, Айылды барса аралап, Аккула минип албайып, Аккүбө тону далдайып, Айкын көзгө таанымал, Ак кулжадай каркайып, Арстан Манас баатыры, Алдынан чыга калганы: — Кайда бардың баатыр? — деп, Кабарың укпай калдым, — деп, Жайын сурай салганы. Анда Манас байаны: — Өзүңө издеп катынды, Имиштеп угуп аңызды, Кыз чалыгар бекен деп, Кыдырып жүрдүм айылды. Жар чакырып кыргызга, Кыз барбы деп кыпчакта, Кырк жигитим чаптырдым, Кыйыркы сансыз кыштакка, Анда Алмаң мындай дейт, Айалдарын сындайт дейт: — Кечээ келип мен бүгүн, Арбыбасын дүрбөңүм, Катын алам дебеймин. Катындан кайгы жебеймин, Мени койуп кабылан, Өзүңдүн камың кылып бак, Карабөрк менен Накылай, Катыным деп ойлопсуң, Карап көрсөм мен бүгүн, Кадимкидей бойдоксуң, Алмамбеттен кеп угуп, Айалың болбойт, деп угуп, Алакеңден эр Манас, Бастырып өтүп кете албай, Накылай менен Карабөрк, Же үйүнө барып түшө албай, Бай Жакыптын үйүнө, Барып түштү бул экөө. Эртеси Алмаң ойгонуп, Эрте туруп ээлигип, Кашатка чыкты желигип, Айланага көз салып, Карап турса зеригип, Акбалтанын Чубагы, Ойондун бири бу дагы, Буулумду кийип желбегей, Бул дагы келип калганы, Эригип турган Алмамбет, Чубактан мындай сурады: — Айкөл Манас баатырдын, Зайыбы канча, эр Чубак, Анда Чубак мындай дейт: — Накылай менен Карабөрк, Бул экөө Манас зайыбы. Кылды кыйыш бөлбөгөн, Ала жип аттап өтпөгөн, Бүгүнү менен эртеңин, Опол тоодой так көргөн, Жатты тарткан жакындай, Кадыры эрге алтындай, Куйулма ооздуу ширин сөз, Кокойгон мойун, жалжал көз, Бети кызыл чыландай, Карахан кызы Каныкей, Кастарлап алган зайыбы бар, Топ жубандын ичинде, Чолпондой болгон дайыны бар, Айтылып жүргөн өр кыздай, Анын кайдан айыбы бар? Үзүлгөндү улаган, Ыктын баары ошондо, Жыгылганды жөлөгөн, Шыктын баары ошондо. Көкөтөйдүн ашында, Кошо бирге барды эле, Кызматы жагып карыга, Кошойдон бата алды эле, Көкчөкөз атып Манасты, Жарадар болуп өлөрдө, Айыктырып алды эле, Алаштын элин байкасак, Айалда андай аз эле, Накылай менен Карабөрк, Кара баштуу айалдан, Кашкайа чыккан жамандан, Катындын тилин албайт, деп, Тазбайматты алдаган, Далыга уруп жандаган, Атын берип азгырып, Тон беришип жаптырып, Каттама берип, эт койуп, Казы-карта таттырып, Алдына койуп аракты, Айабастан мас кылып, Көп санаадан козгошуп, Көз жашы менен дат кылып, Тазбайматты барганча, Таттуу кеп менен шат кылып, Кобурашып кээ бирде, Коноктоп аны жаткырып, “Чубак менен Каныкей, Ушундай” — деп айттырып, Каныкей менен Манасты, Как ошентти жат кылып. Айкөлүм конгон туурга, Адашып барып кономбу? Жамандыкты самасам, Жакшылык көрүп оңомбу? Алалык күмөн бар болсо, Арстан Манас оңойбу? Азыркыдай керилтип, Алтын такта койорбу? Каардап Манас катынын, Самаркандын Карасуу, Алып барып таштады, Алты жыл болду Каныкей, Ак жерден күйүп какшады. Айталбастан мен жүрөм, Сабырдан билбей башканы. Жыртык кара үй берген, Жырык кара үй берген, Жайдын күнү болгондо, Күнгөй бетте кондурат, Кыштын күнү болгондо, Тескейлетип кондурат, Чубактан угуп абалды, Кастыкты Алмаң байкады, Агеркечке чапталып, Алмам да мурун аксады, Кайерде болсо кастыктын, Кабылат экен капканы! “Эр эшиги сом темир, Эритүүгө жан керек, Арстан эмес алсызга, Алатоодой ар керек, Арстан менен Канышка, Арга тапсам белем, — деп. Шек алдырбай Манаска, Барып аны көрөйүн, Сынга толсо Каныкей, Ак жеринен болгон иш, Алынды кылып келейин”. Ошол күнү кечинде, Туйдурбастан эч кимге, Күндү жайлап Алмамбет, Чөп саргайган мезгилде, Сонор кылып койду эле, Үйүнө кетпей кабылан, Ошол жерге конду эле. Таң эртең турса арстан, Ак кары сонун жаалган, Жаштын баары жабылып, Ат-атына камынып, Айкөл Манас шер баштап, Кырк чоронун баарысы, Калбай жөнөп калышы. Каргылуудан ит койбой, Алгырдан шумкар куш койбой, Асынып мылтык алышып, Арстандын баары жарышып, Алмамбетти ээрчитип, Жүрүп кетти эргишип. Келгин келип болуптур, Көлдөр кууга толуптур, Токойдо кыргоол кулпунуп, Топ-топ болуп тоодактар, Куйругу жок мултуйуп, Каз-өрдөк келген кез, Каркылдап жүнүн жеген кез. Досуң Манас баатырдын, Шумкарын Алмам көргүн, — деп, Абаң Бакай, айкөл шер, Алмамбет, Чубак эрендер, Кыргыл баштап кырк арстан, Кыраан Сыргак - кеменгер, Сууну бойлоп барышты, Тамашага канышты. Ит агыткан элдерди, Адыр бойлоп бар, деди, Кыргыл баштап кырк арстан, Бузулбастан кал, деди. Арстаныңдын Акшумкар, Түлөктөн чыгып жетилген, Сегиз айдан бер жакка, Учпай туруп эриккен, Эркине койсо күн бойу, Эринип калбайт тебиштен. Тумандап үстү буулаган, Толкуну күчтүү шабырдан. Тоо көчкөндөй күркүрөп, Келгиндер учту дүркүрөп, Агытылган Акшумкар, Көл бетинде зыпылдап, Бара түштү кыпылдап, Көп өрдөктү качырды, Туш-тушуна бир өтүп, Түздү көздөй жапырды. Тобун бузбай тоодак тээп, Каркыра, турна, казды тээп, Катары менен таан тээп, Учурбай көлдөн өрдөк тээп, Кайырма менен чүрөк тээп, Качкандарын бөлөк тээп, Сарала мойун соно тээп, Салыңкы канат кунас тээп, Агын сууну жээктеп, Канжыгадан ашканын, Куйушканга тээктеп, Кечке дейре куш салып, Кекилик менен чил алып, Калың көздөй бет алып, Токойдо жүргөн бугуну, Топ-топ жүргөн кайберен, Кутулган бирөө болбоду, Эртеден кечке сонордо, Куру калган бир жан жок, Бары болду олжолуу. Күн бешимге барганда, Кетерине калганда, Ырчуул менен Бозуулга, Алмамбет айтат мындайча: — Алгыр экен кушуңар, Каз-өрдөк болду тушуңар, Алынбай агып көп кетти, Агынды бойлоп багыңар, Тебилсе сыртка сыйлыгып, Убал болот алыңар, Сайранга дагы батыңар, Айактан өйдө кагыңар. Ылдыйлап кеткен удургуп, Марал болсо табылар, Эми алар нетиптир, Эки баатыр кетиптир, Аркасынан Алмамбет, Сарала менен желиптир, Саздаңдын тектир дегенге, Салып жетип келиптир. Ырчуул, Бозуул баатырлар, Чыга калса кашаттан, Алдында тиккен төрт үй бар, Төрт дөбөдөй көрүндү, Салакасы үйлөрдүн, Кыргызда жок кыйасы, Ырчы менен Бозуулдун, Аркайда кетти кыйалы: “Мурда жүргөн бул жерде, Мындай эме жок эле, Карып болуп Каныкей, Как ушул жерде жатчу эле, Бизге бүгүн көрүнгөн, Периштеби, пендеби? Же болбосо жер соңгуп, Периден көчүп келгенби?” Көрө салып машыркап, Аңкыйып карап калыптыр, Аңгычакты артынан, Алакең жете барыптыр, Бакай менен Эр Манас, Алмамбет, Чубак катарлаш, Хандын кызы Каныкей, Хан Бакайга барбады, Алмамбет атын албады, Айкөл Манас баатырдын, Чылбырынан кармады, Жалпысы түшүп калганы. Эшик ачып киргизип, Эптүүлүгүн билгизип, Эзген курут, кошкон май, Боорсок, токоч дапдайар, Дастарконго койду эле, Кыйарлык менен Алмамбет, Кыраанга назар бурду эле, Тап бүркүттөй кылыйып, Дастарконго кол салбай, Тартынгансып турду эле. Кудай берсе ынтымак, Кайда качат дөөлөт-бак? Кырааным, чай ичкин, — деп, Алмамбет айта салды дейт. Албасам көөнү калар, — деп, Айады арстан Алмаңды, Айкөлүң эми турбастан, Табакка аста кол салды. Дастаркон жыйып Каныкей, Конок камын көргөлү, Ашкана үйгө жөнөдү, Кетеринде баарына, Жекендос салып алдына, Мамыгын койуп башына, Кээ бирөөнө айттырбай, Жөлөнчүк койду артына. Келберсиген айкөл шер, Кенебеген кайран эр, Башы тийип мамыкка, Уктап кетти аз гана, Дайарланып тамагы, Каныкейдин аңгыча, Үйгө келсе арстаны, Сунуп ийип буттарын, Кириптир катуу уйкуга. Алмамбетти Каныкей, Көрбөсө да көргөндөй, Билбесе да билгендей, Бирге жүргөн эмедей, Дайарланды даам, — деп, Тастайып карап турду эле. Манасты Алмаң ойготту, Санаты кырк төрт киши эле, Тойгуча жеди тамагын, Алмамбеттин акылын, Байкап эми карагын: — Ырчы уул, Бозуул баатырлар, Аттанып жолго салыңар, Төө башына төрт аркан, Казыналык нарлардан, Үстүндө кому барлардан, Буйласы жез танаптан, Алтымыш нарды белендеп, Күн чыгар маал келгин, — деп, Андан башка баатырлар, Бир үйгө баткың баарыңар, Жалгыз жанды кыйнабай, Өзүңөр орун салыңар, Деп ушинтти эр Алмаң, Кыргыл баштап кырк чоро, Бир үйгө барып жатышты, Тизеден баткан былкылдап, Жууркандан алышты, Асыл буйум анда бар, Өз эркинче жазышты. Абаң Бакай, Алмамбет, Кыраан Сыргак, шер Чубак, Айкөл Манас, Каныкей, Ошол үйдө калганы, Кечирим сурап Алмамбет, Манаска кебин салганы. Алмамбет айтып байагы, Күмөн кылган Чубакты, Күбөчү кылды ал күнү, Арам көргөн Чубакты, Алмамбет, Чубак, эр Сыргак, Күбөчүгө жүрүптүр, Калыска абаң Бакай бар, Арстан Манас күлүптүр. Төртөө чыгып бир үйгө, Төрөлөр барып жатышты, Айкөл менен Каныкей, Ошол үйдө калышты, Адашып кастык айынан, Алты жылда табышты...

Эртең менен Алмамбет, Эрте туруп заңкайып, Каныкейдин үйлөрүн, Тамаша кылып аңкарып, Жыйнап койгон мүлктөрүн, Көрүп жүрөт таңданып, Чоролорду чакырып, Катар турган үйлөрдүн, Тутууларын бүктөттү, Ар бир үйдө Алмамбет, Он бештен нарга жүктөттү. Түн түшүрбөй басат, деп, Томо менен Долондун, Катар белин ашат, деп, Алтымыш нарга арттырды, Тазбайматка тарттырды, Көчкө өзүң ээ бол деп, Эр Сыргакка тапшырды. Бел саздагы Жакыптын, Айылына кайра келгени, Келген менен Манасың, Карабөрк менен Накылай, Үйүнө басып кирбеди. Эл карысы эр Бакай, Жамгырчы менен Балта бай, Чыйырды менен Бакдөөлөт, Алар үйдө катар бар, Учураша келиптир, Олуйа Кошой жана бар. Бай Жакып анда кеп айтат, Кеп айтканда муну айтат: — Айдарканга Алмамбет, Он жыл бирге жүрүптүр, Айагын тушап койбостон, Акыры айдап ийиптир, Кандай иш өттү ортодон, Аны кимдер билиптир? Таш асылы көөхардай, Тал асылы чынардай, Талаадан учуп келиптир, Талыңа конгон булбулдай, Жамандык жагы билинбейт, Жай таппаган кургур, ай. Жаңыдан таап Таласты, Көчүшсүн дептир алашты, Биз дагы көчүп каларбыз, Таласына барарбыз, Баш-уч алып болгончо, Жыл оодарып саларбыз, Аксакалдар турасың, Алмаңды кандай кылабыз? Бойдок койуу жарабайт, Буга айалды кайдан табабыз? Эби келсе сиздерге, Алмамбет келди биздерге, Айагын тушай салалы, Болжолдуу таамай бир жерге, Жакып антип жатканда, Манас кирип келди эле, Жанында Каныш бирге эле, Карынын баары карсылдап: — Жакып бай сизге ырахмат, Айтканың чын, сөзүң ак, Майдай жагат сөзүң, — деп, Иликте мурда өзүң, — деп, Кимибизде бар болсо, Берет элек баатырга, Мынаке менин кызым деп. Кайнап жаткан Каканчын, Баашалуу журт Бакбурчун, Жалгыз ээлеп жатат ко, Дүнүйөнүн бир бурчун. Ошол жерден Алмамбет, Аттанып чыкты кек үчүн, Жалгыздык башта, миң кыйал, Жарасы оор аны үчүн, Баш катып келди кыргызга, Арстан Манас бар үчүн. Камыналы, жатпайлы, Суроо салып сурайлы, Кайда сулуу бар болсо, Сурамжалдап угалы, Жалпы сүйлөп токтолду, Балан жерде кыз бар деп, Айткан киши жок болду. Анда туруп Каныкей, Карыларга жүгүндү, Тизеси жерге бүгүлдү, Кайненеси Чыйырды, Жерге карап жымыйды, Билер-билбес кылыйды: — Айланайын энеке, Акылың бизге береке, Эки энем тең турасың, Көк ташты минген убагың, Мен баштайын бир байан, Кулак төшөп угарсын. Алмамбет келди Какандан, Айыккан душман айынан, Каркытын кылып атакем, Кайгысын тартып азыртан, Катын алып берем деп, Камынып калган кептенет, Кыз бар менде берем, деп, Күйөө издеп ким келет? Кара калпак, түркмөндү, Бараң, шаңкай, калчаны, Маңгыттар ээлеп жатканда, Чүржүт, жуда канчаны, Кыйноосуна чыдабай, Алты уруу кабар салганда, Айкөл уулуң барганда, Бадыкөлдү жеңгенде, Кутказып элди келгенде, Билинбей кетип Шаатемир, Бадыкөлдүн ордодон, Бир кыз алып келди эле, Кызы дешип кыргыздын, Сиңдиң сенин деди эле, Байкем мага берди эле, Чын болсо анын шол жашы, Жыйырма бирге тайады, Кыр-кырынан карасаң, Кыргыйектей сыйагы, Мактабайым сиңдимди, Менден өйдө кыйалы. Букардан келген дүрүйө, Пулу кыйбат бөлөкчө, Качан мурда бар эле? Ошонун баарын Арууке, Жасап чыкты деди эле. Мен кандагай жасасам, Келгенден уксам имишти, Ал бүтүрүптүр ырапысты. Билбегени калбаптыр, Бар жумушту тактаптыр. Алиге дейре кишиге, Шек чыгарып айтпаптыр, Ошол кызды атаке, Алып берсек канаке. Сегиз жыл болду келгели, Эки жылы алпеште, Алты жылдан бер жакка, Кезек күңдүн зарпынан, Ашкере салбар мен болдум, Айылда элден кем болдум. Апта болду алындым, Кайеримен жаңылдым? Сегиз жылдан бер жакка, Каттабайт деп бул жакка, Келмек түгүл Каныкей, Салбар болду деп укса, Айыңды элим айтпаспы, Айкөлүм Манас болсо да, Бай атам булар эмеспи, Өзү барып хан атам, Карахан менен сүйлөшүп, Сөз байлашып келбеспи, Алмамбетке Арууке, Ошону алып бербеспи? Кайран катын Каныкей, “Керегем сага кеп айтам, Келиним уксун деп айтам, Уугум сага кеп айтам, Уулум уксун деп айтат,” Как ушунун сыңары, Ой чыгарып туйгузду, Чыйырдыга айткансып, Калгандарга угузду, Кулакка жаккан жөндүү сөз, Үндөбөй тыңшап турушту. Энтелеңдеп бай Жакып, Эрте туруп ал шашып, Төлгөчү кара Төлөктү, Далы билчү Алакен, Котчу алып экөөнү, Короодон чыкты аттанып, Букарды карай оң тартып, Көрө жүргөн көпчүлүк, Бай Жакып келет экен, деп, Алдында алар чуулдап, Кайсы айылга түшөт деп, Эшиктен киши каратып, Шектүүнүн баары шектенип, Камсыз болуп калат, деп, Караңгыда кеч келип, Хан урматы сойом, деп, Тай тайлагын дайардап, Кээ бири семиз тай тандап, Жолдогу элдер мал камдап, Манас шердин атасы, Бай Жакып деп угушат, Букарлыктын тарабы, Камданып жалпы турушат, Алдына Жакып келиптир, Касиетти барынча, Караханга бериптир, Күн мезгили бүткөндө, Кара хандын айлына, Бай Жакып жетип келиптир, Көрө жүргөн мурдатан, Жигиттери Карахан, Баштап барып Жакыпты, Коноктоп үйгө жаткырды.

Эки күн өрүн алган соң, Ардыгы анын чыккан соң, Кайкалай басып калтаңдап, Жаш баладай мултуңдап, Кара хандын үстүнө, Кирип барды чултуңдап. Эсендик сурап жобурап, Жакып турат кобурап, Карагысы келбестен, Карахан турат кулжуңдап, Кулжуңуна койобу, Бай Жакып жолун тороду: — Атайылап алыстан, Алдыңа келдим, Карахан, Айтканыма кулак сал, Алдыңа келген жумуш бар. Какандан келген Алмамбет, Менин азиз уулум бар, Майтарылгыс кайраты, Манастай болгон муунум бар. Жакын кудам Кара хан, Сенин Арууке деген кызың бар, Жөнүн айтсам келгендин, Сурап келген ишим бар. Билип турам көөнүңдү, Жуулбаган кириң бар, Кир болбогон жериң жок, Мындан башка кебим жок, Карап койуп Карахан: — Уйатың жок Жакып хан, Эрке кызым Каныкей, Манаска бердим уулуңа, Салбар кылып таштаптыр, Аз күндөн бери угууда! Аруукени беремби, Кытайдан келген кулуңа?! Деп ошентип Карахан, Чыгып кетти талаага. Бай Жакып чыгып эшикке, Тура калып делдейе: “Күнөө бизден өткөн, — деп, Кеп албай кетсем кантет?” – деп, Санап муну көөнүндө, Келди жаткан үйүнө: — Төлөк салчы төлгөңдү, Айтчы балам көргөндү, Алыке балам далыңды ал, Не көрүнөт далыңда, Өң карабай айта сал, Төлөгү төлгө салганча, Алакен далы алганча, Үйдүн арты жагынан, Кыз сүйлөдү аңгыча. Сүйлөгөн кыз Арууке, Бай Жакып мында келгенин, Угуп дайнын билди эле: “Кагуурун жеген ашыкча, Көрүнөйүн Жакыпка, Аракет кылсын тартынбай, Көөнүндө мени жактырса. Атын уккам Алмамбет, Тегинде хандын уулу экен, Телегейи тең экен, Кара баштуу пендеден, Кашкайа жалгыз эр деген, Жашы жыйырма сегизде, Аңтарылбас бел деген” Агеркеч келип бир жолу, Аруукеге кеп салып, Айтып жүргөн иш экен, Ошол үчүн Арууке, Алмамбет жайын билчү экен. Билмексен болуп жай басып, Эки кызды бирге алып, Ырсаңдап күлбөй сумсайып, Кирип келди суйсалып. Бай Жакып карап туруптур, Кыйырынан көз салып, Көрктүү экен Арууке, Кыргоолдой болуп суйкайып. Сыртына кайкы моймол көз, Күйүмдүү эрке көрүнөт, Бар мүчөсү бир ыңгай, Жумуру баштан кем эмес, Караган киши кемтик таап, Кемите турган кыз эмес. Алганы менен тең карып, Жыргачудай көрүнөт, Азап тартып кайгы жеп, Калбачудай көрүнөт.

Бар тарабын тең көрдү, Бир тарабын кем көрдү, Соорусу такта, кууш айак, Туубачудай жан көрдү. Бир ишке жоока салгансып, Үйдөн нерсе алгансып, Арууке сулуу ошондо, Арт жагына бурулуп, Кирип кетти ордого. Жаратып кызды бай Жакып, Кылчайып артын каранып: — Алыңар, — деп төлгөнү, Тарткыла, — деди жаланып, Анда Төлөк күдүңдөп, Ак ташын жайган күлүңдөп, Алакен карап далысын, Сүйлөшкөнсүп күбүрөп: — Атаке Жакып сүйүнчү, Кара хан кызын берүүчү... Төлөк турду туурадан: — Бүгүн-эртең дегенге, Түз жооп кылбайт Карахан, Өзүңүзгө курбалдаш, Карыдан алып жаныңа, Тегеле куру келбейсиз, Алтының артпай нарларга, Каадасын кылып тартынбай, Той жагын толук берсеңиз, Төркүлөтүп жеңемди, Кошо алып келсеңиз, Арстан келсе аралаш, Алмамбеттин Кылжейрен, Кебез байлап башына, Киргизип отко Манасты, Төркүлөтсөң Канышты, Бөркүңүздөй көрүңүз, Аруукени алышты, Артынан улай Алакен: — Айланайын атаке, Көзүңө илбей бөлөктү, Кажылдаттың Төлөктү, Тегин билет төлгөнүн, Теңин билбейт төлгөнүн, Мен далыдан көргөнүм, Кулагың мага төшөгүн, Эртең менен наштада, Караханга жөнөгүн. Мүнөзүң бар тайманбас, Алдынан кебиң өткөргүн, Конок камың кылып тур, Аз күндө мен келем, де, Каныкей менен Манасың, Кастарлап отко кирет, де, Каныкейди алганда, Калың мал айдап келдим, де, Карайладың багалбай, Жоготтуң көбүн таба албай, Эми алтын, күмүш-зар берем, Байлап койсо туруучу, Буйласы менен нар берем. Карыганда Карахан, Алмамбет сага кубат, де, Алмамбет, Манас барында, Алдыңызда тамам жан, Кол куушуруп турат, де, Камык кылам тойуңду, Агартамын ойуңду, Ушинтип койуп кайтканың, Барысынан орундуу, Алдыратып Алакең, Барып бүгүн айтышты, Шаштырды кыйын Жакыпты. Алакеңден кеп угуп, Арууке берет деп угуп, Төлөктөн да кеп угуп, Төлгөм айтты деп угуп, Караханга жөнөдү, Токтоно албай удургуп. Алакең калды айылда, Төлөктү алды жанына, Алыстан келип каржалган, Аттарын тескеп багууга. Арууке менен эки кыз, Келберсип келди кайра да, Алакең турат болучу, Аттарынын жанында. Жакын кирип келгенде, Арууке карап жалт этип, Алтындан күбөк көөхар көз, Кулагында жарк этип, Күлө сүйлөп тамылжып, Жез комуздай шаңк этип: — Өзүң шаңдуу адамдан, Атың жалдуу айбандан, Чоочун жигит экенсиң, Келген жансың кайактан? Букарлыктан эмессиз, Буруп айтпас бекенсиз, Жоболоң тартып бул жерге, Жумуштап эмне келгенсиз? Биз дагы билип калалы, Жайыңды айтып берсеңиз. Атыңыз ким, элиң ким? Ааламга дайын жериң ким? Эл башкарган эриң ким? Эзелки түбү теңиң ким? Ашырбай да жашырбай, Айтып, жигит, билдиргин? Эр Манастын чоросу, Түбөлүккө жолдошу, Ага жооп таппаса, Манаска чоро болобу? — Самаркан бүгүн жерибиз, Залкарлуу ногой элибиз, Сан кийикте кулжадай, Санаттуу Манас эрибиз, Чойунду созчу камырдай, Чубак болот шерибиз, Бардык ишке жөндөмдүү, Бакай кары демибиз, Ажыбай менен Алмамбет, Алар биздин бегибиз, Алмамбетке кыз издеп, Аттанып мында келдик биз. Бай Жакып болот атабыз, Кара ханга сүйлөшүп, Сөйкө салып кайтабыз, Каныкей келет эжеңиз, Сиз дагы бизге жеңесиз, Атым менин Алакен, Айтканы жалган дебеңиз. Какандын ханы башында, Манаска курдаш азыр да, Анча-мынча киши үчүн, Болор болбос иш үчүн, Убара болуп келбейбиз, Сиз дагы арзан эмессиз, Акылга дыкан Арууке, Алакенден кеп угуп, Ала турган күйөөңүз, Алмамбет баатыр деп угуп, Көөнү тынып ал эми, Ичинде күлүп жымыйып, Жалдырап тиктеп туралбай, Жалынын сыртка чыгарбай, Тупадан туура болот деп, Токтомдуу сөздү айта албай, Аз гана сүйлөп жөнөдү, Салакасын бүт сактай: — Алмамбет Манас дегениң, Талгагыңбы, назыңбы? Ким билет айткан аныңды? Баштан айак бүт уктук, Бары болгон жайыңды, Толук айттың, жаш жигит, Түк калтырбай барыңды, Шакеги колдо жакыттан, Күн чагылтып жаркытып, Алмадай кызыл эки бет, Көп кубултуп албыртып, Жүрүп кетти Арууке, Алакендин жанынан, Кабар уккун калайык, Эми карыйа Жакып ханыңан. Карахандын ордого, Чоң чогулган борборго, Ээрчитип Төлөк баланы, Бай Жакып кийрип барыптыр, Ал үйдөгү бардык эл, Салам айтып салыптыр, Кара хан турат кулжуңдап, Карап койбой мулжуңдап, Ого бетер Жакып хан, Бара түшүп чукулдап, Сөз баштады мултуңдап: — Алдыңа келдим, Карахан, Айтар эки сөзүм бар, Тындырып санаа жолго сал, Сенин да кылаар ишиң бар. Өткөн күнү бир айттым, Өктөнүн барын мага арттың, Өжөрлөнүп алыстап, Өкүм кебиң агыттың, Өзүмдүн алып мойнума, Унчукпастан мен кайттым. “Жөндүү ишке жон тос” — дейт, Жүйөдөн торго чалынттың, “Кызы бардын назы бар” Канча болсо көтөрөм, Тилдемек тургай урсаң да, Дагы эле салам кадырым, Десең да мейли көк жашык, Тууган үчүн жана эле, Түгөнбөйт менин сабырым. Алмамбетти кул дедиң, Жарабайт сенин бул кебиң, Жанга жөлөк болучу, Эр кадырын билбедиң, Каныкей турат Манаста, Айрылышып кетпедим, Ушул жагы болбосо, Ушинтип сага келемби? Акыркы жообуң мен күтөм, Асмандап, кудам, кетпегин. Каныкей келсем Кара хан, Кагып-силкип болбодуң, Калың салып көп айтып, Качырам деп ойлодуң, Как ошол шартың укканда, Кабагым чытып койбодум, Калыңга айдап мал берсем, Каадаңды кылып мен келсем, Чаап алат ойлодуң, Калдайып жаткан талааңды, Кара малга толтурдум, Айтканыңдан ашырып, Төрүңө келип олтурдум. Уулдун жакшы чыгышы, Атанын болот канаты, Келиндин жакшы чыгышы, Кайнененин ырааты, Кыздын сулуу чыгышы, Бүткүл элдин сынааты, Теңтуш күйөө табылып, Эл чогулуп той жасаш, Элибиздин салты. Азизхандын Алмамбет, Мага бүгүн уул болду, Акылга дыкан жан чыгып, Арууке сага кыз болду, Ачыгын айтсам, хан кудам, Табылгыс күйөө туш болду. Он сегизде Алмамбет, Туңшасынан бөлүндү, Селдей аккан душманга, Баатырлыгы көрүндү, Кезенишкен жер болсо, Унутуп койот өлүмдү, Коңтөрө, Жолой, Нескара, Мурадил, Уушаң, Борончу, Койгулашып нечен жыл, Көбүрүп кандан төгүлдү. Уулум Манас түш көрдү, Түшүндө баарын төп көрдү, Алмамбетти урматтап, Атайын тойду өткөрдү. Билсең сен да атасы, Танасыңбы Манасты? Берсең дагы бербесең, Бүгүн элге жанамын, Кудалашып келдим деп, Айтып элге барамын, Күн токсонго толгондо, Айлыңа келип каламын. Кадырлуу келин Каныкей, Төркүлөп келет сиздерге, Айкөлүм Манас баш болуп, Төрөлөр келет бул жерге, Алтымыш нарга жүктөтөм, Алтын келет бул жерге, Жамгырчы менен Балта дөө, Олуйа Кошой, эр Төштүк, Алпым келет бул жерге, Айры сакал Сынчыбек, Сартым келет бул жерге; Жедигерден эр Багыш, Чоң Үргөнчтөн Акун хан, Кетментөбө Керкөкүл, Кенен журтка бир өкүл, Аргымагын темине, Алар келет бул жерге, Ысыккөлдөн эр Агыш, Бүткөн бойу тарамыш, Алматыдан Музбурчак, Алар келет бул жерге, Кытайдан келген Кылжейрен, (Жүргөн экен Алмамбет, Кылайтып жалгыз ат минбей, Кылым казак тиги элден) Айактай кебез байлатып, Артынан миңди айдатып, Ырымың келет бул жерге; Токсон төөгө чачылоо, Чагып койгон сары кант, Жанбаштыкка тогуз тай, Ал да келет бул жерге; Миң көөкөр арак буудайдан, Күйгүзүп ийбей тарттырган, От жактырып куурайдан, Кылым журтуң ичерге, Кыйгылым келет бул жерге. Камынып тургун Карахан, Ушул айткан убадам, Каныкей турат төрүмдө, Барасың кайда туйласаң? Айтып болуп опколжуп, Жакып калды козголуп, Чочуп турат Карахан, Ар жагын толук ойлонуп. Келүүчү элди айтканда, Жер дүңгүткөн жети хан, Барынын атын укканда, Аа кошолуп сырт жактан, Акун хан, Багыш чыкканда, “Таарынсам кечке болбос, — деп, Жумуштун арты оңбос, — деп. Бак тайгылса кокустан, Качкан куштай конбос, – деп, Иш оңунан өткөндө, Төгүлгөн айак толбос, — деп, Кайышып калса кокустан, Элпек төөчө бир демде, Эл-журтумду тонорбу? Тиги айткан хандарды, Келтирбе десем болорбу? Эркиме Манас койорбу? Бардыгы келсе хандардын, Жамандыкка бардырбас, Кошой, Бакай бар туруп, Шагымды менин сындырбас.” Акылы токтоп ушуга, Кара хан болду унчукпас. Бай Жакып турду ордунан, Унчукпастан Шаатемир, Ээрчип барат соңунан. Бай Жакып басып экчеңдеп: — Алаке, атты тарткын, — деп, Акмалап турган Алакен, Аттарды келди жетелеп, Жаткан үйдөн эр Төлөк, Көрпөчөнү көтөрөт, Жете келип Шаатемир, Аркасынан энтелеп: — Шашкалаң айттың, бай Жакып, Токсон күндө келем, деп, Анткени менен Карахан, Аруукени саа берет, Келер кишиң бай Жакып, Байкап көргүн сен ченеп, Өтүнөм муну бөтөнчө, Бизден кабар айтып кой, Айдаркандын Көкчөгө, Укпадым деп калбасын, Убайга бизди салбасын, Айтпадыңар силер, дейт, Агеркечти жибербейт, Ошондо Жакып шаңданып, Койнуна батпай коштугу, Жаш баладай барбайып, Шаатемирди кучактап, Кайралап айтып: - ырахмат Жакшылыкты билем, — деп, Көкчөгө кабар берем, — деп, Агеркечти залкайтып, Алдыда алып келем, — деп, Колун сыкты нечен ирет. — Чай ичиңиз үйдөн, — деп, Аш-тамагын жай берип, Канча түркүн чай берип, Атын тартып атказды, Кош аман, деп узатты, Иши келип оңунан, Жакып эми чуратты, Азыраак уктап, көп басып, Кези келсе түн катып, Үйүнө келди бир күнү, Мурдагынан көңүлдүү, Бээден төрттү сойдурду, Болжол кылып күүгүмдү. Айлындагы барларды, Акбалта, Жамгыр, Шыгайды, Акылга дыкан Бакайды, Текечи менен Ошурду, Теңселген зору Манасты, Байжигит менен Саламат, Бердике менен Канаат, Атагы чыккан жолборстор, Алмамбет менен эр Чубак, Кылкандай баары азамат, Кыргыл баштап кырк чунак, Кычыртып келип бай Жакып, Этин мыктап тарттырып, Бата-дуба кылганда, Дасторконун жыйганда, Төшүн кере көтөрүп, Тамагын жасап жөтөлүп, Бай Жакып турду муну айтып: — Бакай кары, калгандар, Менден тыңдап калыңар, Атайы бардым алыска, Айтаарга элге кебим бар, Баарыңар аман турганда, Менин эминеден кемим бар? Токсон күндө келем деп, Караханга оозуман, Убада кылган жерим бар. Уулум Манас, тилим ал, Жети ханга кабар сал, Багыш менен Акун хан, Булар дагы айтылган, Алыссынтып койбоңор, Ат айатып баруудан, Туш-туш жакка таратып, Жибергиле чабарман. Алмамбет менин уулум, Алпештеп багар кулунум, Арып келсе алыстан. Ээр-токумун жыйар жок, Оору болсо жалооруп, Маңдайынан сылар жок, Кара башка күн түшсө, Кан какшап ыйлап турар жок, Үч убак тескеп үйрүлүп, Күтүп турар айал жок. Алмамбетим камы үчүн, Токсон төөгө той артам, Алтымыш төөгө зар артам, Кылжейрендин башына, Айактай кебез байлатам, Окшош болот - өң-бойу, Жээрдесинен тандатам, Жалгыз койбой баш атын. Жана да миңди айдатам. Балыктай семиз жоону бар, Жамбаштыгы тогуз тай, Күйөө котчу Алмама, Чубак менен Сыргак бар, Каныкей мында келгели, Кабагым-кашым дебеди, Он жыл өттү чубуруп, Төркүлөп барып келбеди. Эл сагынбас эр кайда? Эне жыты башка да, Келиниме ырахмат, Күнөөлүк өткөн биз жакта. Төрөсү менен ээрчишип, Төркүлөп барсаң Каныкей, Отуна кирип уулум, бар, Ойлогону мынакей, - Бай Жакыптан кеп угуп, Кары-жашы тең угуп, Токсон күндө тойлук бар, Келин алам деп угуп, Токтоно албай кыргыздар. Баары калды удургуп. Кабарын угуп калган хан, Баш тартуу кайда баруудан? Алынча төөгө жүктөтүп, Асыл буйум зарларын.

Букарды көздөй топурап, Жөнөдү калбай хандарың.

Бай Жакып жөнөп кеткенде, Карахан баштап букарлык, Кол жеткен жерин жыйышып, Далай кеңеш кылышып. Бажылдаша талашып, Бир кеңешке тынышып, Тогуз чоңго астыртан, Кабарга жигит чаптырган, Чубата үйдү тиктирип, Түндүктөн күндү көрсөтүп, Түтүктөн сууну ичирип, Бермекчи болуп кеңешип, “Ушул акыл жөн, — дешип, Ким катылат Манаска, Сыйлашалы тим, — дешип, Кара кыргыз Манаска, Кайраты болот болсо да, Чыдай албайт эгешип, Азыркынын балбаны, Арстан экен Манасы, Ага жолдош болуптур, Алыскы эрен Алмасы, Чубак менен Сыргагы, Чоролор менен калганы, Кеңирсип жаткан деңиздей, Келишти мунун төрт жагы, Бакан төрө болгудай, Эми бизде ал барбы? Коңурбай менен Жолойдун, Талап алса топозун, Унчугушпай шүк болду, Созушуп гана кокосун. Көрүнө кызыр жар болуп, Шай колдоп муну койуптур, Тийишип койуп алты хан, Көз каранды болуптур, Кубаналы Букарлык, Күйөө болуп ушулар, Сыймык бизге конуптур”.- Деп ошентип букарлык, Карбаластап камынып. Абалкы тойду салт кылып, Аңгеме кылып айтышып: “Каныкейди алаарда, Калың мал батпай сай-сайда, Аңтара басып Букарды, Астын-үстүн кылганы, Топурак учуп, боз түшүп, Жут болгону тас калды, Дагы айдап келеби, Ошончолук көп малды? Баардыкка тегиз той болуп, Калчалар көрдү пайданы, Желип чыгар тай жогу, Желелеп кулун байлады. Букардын эли он урук, Албаганы калбады. Али да алып келерби, Алтын-күмүш - зарларды, Каныкейден Карахан, Аруукени жакшыраак, Кем-керчи жок камдады”. Бирине бири айтышып, Чуулдашып калганы, Эл чогулуп жатканда, Бай Жакып жетип барганы. Жигиттер чуркап ат алды, Аттарды аса байлады, Кабар берген тогуз дөө, Келбей бирөө калбады. Мурунтугу алтындан, Буйласы жибек чалынган, Ар бир нарга аземдеп, Түрдүү килем жабылган, Коңгуроолуу нар келди, Колбуган куржун зар келди. Сүмбөдөй болуп зыңкыйган, Кылжейрен баштап миң келди, Айтканы түгөл тел болду, Аңкайып турган эл болду. Жанбаштыгы тогуз тай, Мындан өөн таба албай, Кокондон келген Сынчыбек. Отуз төөдө буйум бар, Ала келген кур калбай. Манаска келген сооганы, Он беш киши сактады, Кашымдагы дөбөдөй, Капшытына батпады. Караханга жардам деп, Аз болсо да алгын, деп, Аруу шайы сунган бар, Ак бууржунун жетелеп, Ириктерин шатектеп, Мүйүздөн кармап турган бар. Алтыны кумдай чачылып, Казына оозу ачылып, Карып, жалчы, мискиндер, Миң койлук оокат табышып, Койун-кончко каткан бар, Чөнтөгүнөн ашырып. Отуз күнү той болду, Таң-тамаша көп болду, Тайталаш болуп бакылдап, Таталашкан жок болду, Карахандын бергени, Эки жүз төөгө жүк болду, Күйөө жандап келгендер, Жайкы гүлдөй теңселер, Алмамбет, Чубак, эр Сыргак, Келишкен булар ченебей, Кээ бир катын бушман жейт, Келип калып элебей. Үч баатырдын түрпөтү, Үч чынардай көрүндү, Арууке таап багынан, Как ушуга тушуккан, Бир жаздыкка баш кошуп, Өлүп кетсе арман жок, Бүт ургаачы болгон жан, Суктанбаган калган жан, Көзү көрүп уккандан, Кылжейрен көрүп кададан, Карахандан дүрбөшүп, Кырк хандын эли сураган, Урумдун ханы Орускан, Орусканга Карахан, Кудалыкка узаткан. Темиркандын Ысмайыл, Бешке чыккан бала экен, Орускандын ошондо, Үрпөк деп кызы бар экен, Кылжейренде Карахан, Сөйкө салып ошого, Башына берген чагы экен, Бир күнү жарап жуп кызга, Кылжейрен баалуу мал экен. Арууке жасап эки тон, Ырапыс деп ат койгон, Баш кийитке салбастан, Кадырын кийсе билет, деп, Бирөөн берди Чубакка, Азамат эрге керек, деп. Олпоктон канча өйдө тон, Мындай кийим болбогон, Айдаркан айаш атасын, Алмамбет көрдү ал тойдон: — Алтымыштын айынан, Ажырап кеттим мен болсом, Көкчө кийип койсун — деп, Алмамбет ага жолдогон. Алмамбеттин акылы, Чубак менен Көкчөнү, Тең көтөрдү акырды, Эр Чубактын Ырапыс, Аты өчпөй бар дагы. Букарлык тойду узатты, Каныкей тойду башкарды, “Салбар болду деди эле, Угуппуз жалган” — деп калды, Болуп турган иштерге, Букардын эли таңданды. Отко кирсе эр Манас, Төркүлөп келип Каныкей, Энчисине мал алды, Кому-чому жонунда, Санаты жүз нар алды. Арууке жүгүн жүктөгөн, Анын нары эки жүз, Манастын нары эки жүз, Соогага келген ар кайдан, Сырттан келген хандардан, Чиркеп туруп беш жүздү, Самарканга жолобой, Таласты көздөй чубатты. Каныкей менен Арууке, Эже-сиңди бул экөө, Бир айылда болгону, Эки жылга толбоду, Келбетин журттан ашырып, Келтирип салды коргонду. Устадан ылгап кылдатты, Көк-жашыл кылып сырдатты, Ошол чактан ушул жак, Сыр коргон деген ат калды. Муну мындай таштайлы, Чынаача чактап иш кылбай, Кутургандан баштайлы.