← Манас 2/2

Алдына чокмор өңөрүп, Өлүмдү койуп унутуп, Чынаача чыкты көгөрүп, Калканын тартып далыга, Чарайна чатып алдына, Аттанып чыкты камына, Аккула менен болкойуп, Арстан Манас зоңкойуп, Сырнайза колдо койкойуп, Көкжеке бутта чойкойуп, Эркештенип шаңданып, Туурага кылыч байланып, Эрениң найза карманып, Кырк баактыр турат жарданып, Чынаача менен бет келди, Салгылашаар кез келди, Чынаачанын кыйалы, Бүгүн алам деп келди. Апкаарытып шаштырып, Арбагын баштан качырып, Ала койсом экен деп, Чынаача тийди жапырып. Ийинде мылтык, колдо жаа, Ойрон болгон Чынаача, Чымырканып баатырга, Чындап найза урду анда. Элебей да, кенебей, Күркүрөгөн ооганды, Бучкагына теңебей, Зым-зым этип зымырап, Ай мейкин зоодой зымылдап, Какпай дагы жөн койуп, Карап турду зыңгырап. Отуз кулач чоң найза, Күч жыйнап урду Чынаача, Тараша кетип талаалап, Сынып кетти кырк барча. Кебелбей да, телтейбей, Чочугансып чекчейбей, Мелтиреп карап турганга, Чынаача батып убайга, Кыйын жумуш, мүшкүл күн, Болуп калды ооганга, Ачуусуна жеңдирип, Кылычын алды Чынаача. Айкөл Манас ошондо, Куланын башын урганы, Сырнайзасын ыргады, Ыдыгына Чынаача, Чыдап тура албады. Калкын карай калдаңдап, Качып берди далбаңдап, Аккула менен аргытып, Артынан чаңын баргытып, Элине кире бергенде, Как далыга бир койду, Минген аттын үстүнөн, Учуп кетти далп этип, Кайдасындай кара баш, Жерге тийди шалк этип, Тегеректеп каптады, Оогандын элин чур этип. Томолонгон Чынаача, Ыргып туруп ордунан, Өзүнүн кылып каадасын, Курун салып мойнуна, Олтура калды чөк түшүп, Эр Манастын жолуна. Көп өткөн мурда баатырлар, Алардын өзгө салты бар, “Суурулган кылыч кабынан, Сунган мойун кеспейт” деп, Ушундай жерде айтылган. Колунда найза арстаның, Бура тарта бергенде, Тоңкочуктап Чынаача, Таазим кыла кетти эле, Бастырып кетти айкөл шер: — Болду, баатыр, болду, — деп, Акылга дыйкан кеменгер. Ал аңгыча Чынаача: — Кеп билги, Мөтө, бешти ал, Кечикпестен жолго сал, Кабылан Манас төрөнү, Хан ордого баштап бар, - Киши койуп Чынаача, Мөтөнү элчи салганы, Чынаача кебин бүт айтып, Мөтө чечен барганы, Киши койуп Акун хан, Карап жүргөн жакынтан, Чынаачаны маа бер деп, Сурамак болуп Манастан. Акун хан менен Мөтөнү, Чынаачаны чакыртып, Акун ханга өткөрдү, Ал жерден алчу мүчөнү. Чынаачадан кеп угуп, Коңурбай менен Жолойдун, Жибек жүктөп, чай жүктөп, Миң төөсү келет, деп угуп, “Кербендин башы Көкчөкөз, Эки сапар ал мага, Келип кеткен көзмө-көз”, Бул кепти Манас дагы угуп, Көкчөкөздүн кабарын, Анык угуп бар жайын, Кубулжуп жүзү Манастын: — Курбалдашым, Акун хан, Алдынан тосо барайын, Көкчөкөздөн кек алып, Коңурбай менен Жолойдун, Чай, жибегин бүт алып, Анан келип Акун хан, Айлыңа барып жанайын, Чынаачаны, - эр Манас, - Акун ханга бердим, — деп, Мыкты болсоң, Чынаача, Дагы бир күн келгин, — деп, Ошол күнү дагы бар, Ошол Манас менмин, — деп, Көкчөкөздү көрсөм, — деп, Көксөп Көкжал желпинет. Муну мындай таштайлы, Көгөрүп калган Манастын, Көкчөкөздү өкүртүп, Жарганынан баштайлы.