← Манас

Манастын Алмамбетти кабыл алышы

Арстан баатыр Алмамбет, Аты менен келүүгө, Ачылуу турган эшиктен, Атту салам берүүгө, Түз бастырып өттү эле, Карап койбой черүүгө. Урматын Манас кылууга, Оолактан атын алууга, Эки желдет жүгүрүп, Жейрендей болуп түйүлүп. Жете келип бир желдет, Чылбырынан кармады, Тегинен мойун ийбеген, Тизгинге бенде тийбеген, Ачуусу келип Алмамбет, Катуу кармап бек силкип, Кармабагын, деп силкип, Чылбырды сууруп алыптыр, Чыканагы бирөөнүн, Чыгып кетип калыптыр. Аңгычакты болбостон, Ажыкең жете барганы, Айтып муну салганы: — Сапат берип тайбасам, Сабагыңды байкасам, Сары алтындын кенисиң, Сапарыңыз кут болсун, Самап бизди келипсиң, Куйругу кучак буудайык, Азуусу болот арстансың, Ак дин издеп баскансың, Амири менен алланын, Алтайдын жолун ашкансың. Акыр заман журтуна, Айтылып калар дастансың, Капаланып чыгыпсың, Казактардын элинен, Арстан эрге жолуктуң, Ашмуранын белинен. Өкүмү эки болбогон, Өзүн кудай колдогон, Өкүмү күчтүү төрөбүз, Өткүрлүк кылып койсоңуз, Биз өзгөчө кордук көрөбүз. Жарлыгы жалган болбогон, Жаратканы колдогон, Жаасы катуу төрөбүз, Жайылдык кылып койсоңуз, Жалпыбыз бирдей өлөбүз. Кара сууга кан куйган, Канкор эрдин бири ошо, Айтканынан жанбаган, Анткор эрдин бири ошол. Дүнүйөнү чайкаган, Түлүктүү эрдин бири ушул, Түндөсү чырым албаган, Сүлүктүү эрдин бири ошол. Беш тараптан жоо сайса, Кетет деп көөнүн албаган, Бекемдик жайы дагы бар, Нуска менен сөз сүйлөп, Чечендик жайы дагы бар, Кызыр даарып мурунтан, Абалы болгон чагы бар. Аттуу барсаң тил албай, Бирге келген бешөөбүз, Төгүлүп кетет каныбыз, Кесилип кетер саныбыз, Бүт өлөбүз барыбыз, Эп келсе бизге баатырым, Аттан түшүп алыңыз,- Эптүү Ажым айтып кеп, Алмаңды алды жылоодон, Кол тийгенде жылоого, Козголуп кетүү кыйын иш, Алмамбет кирди ыйлоого: — Өлбөй тирүү бар туруп, Өнөрүн көрдүм жалгыздан, Көтөрбөскө не чарам, Көтөрдүм башка салганын. Карып болгон хандырмын, Кайгыга баткан жандырмын, Төмөн турган төрөмүн, Муну кимден көрөмүн? Мурунтан ишим бузулуп, Тактадан тайган төрөмүн, Тагдырым кимден көрөмүн? Не да болсо эр Манас, Көрүнөө конгон сыймыгы, Бу жерде эми ким угат, Боздогон менен ыйымды? Деп ошентип Алмамбет. Аттан оой калганы, Көрүшүүгө Манаска, Асталай басып барганы, Салакалуу кайран эр, Салам айтып салганы, Арбактуу Манас, эр Бакай, Алик алды барк этип, Айдай жүздөр жарк этип. Баатырларды аралай, Башкасына карабай, Отургандын баарысы, Кол сунууга жарабай, Абакеси Бакайга, Кол узатты жайма-жай. Эр Бакайдан кол алып, Төрө Алмамбет баатырың, Төр жагына жол алып, Ортодон алды орунду, Ойон эрди карачы, Олутун таап олтурду. Колун сунуп акыры, Айбаттанып Алмаңдын, Козголуп Манас акылы, Алмамбет жүргөн жеринин, Чарт айрылган эринин, Чактап билген эр Манас, Нөөкөргө көзүн имерди, — Алып кел бачым тамак, — деп, Ашпазга буйруп жиберди: Баатыр Мажик көтөрткөн, Бал чайкаган кымыз бар, Чагарак күмүш карк алтын, Чарадай болгон айактар, Мелтилдете куйушун, Мемиреше сунушун, Байкап туруп барың ук, Баатырлардын жумушун. Кош колдоп айак сунуптур, Абакеме сунгун, деп, Алакең айтып туруптур, Бакай эрдин малыптыр, Эңкейе басып Ажыбай, Алмаңа суна калыптыр. Ачкалыгын билгизбей, Аз гана жуткан кылт этип, Башы калды шылк этип. Көздөрү барат алаңдап, Көкүрөгү кур этип, Кирпикке кирпик илинип, Ачкалыгы билинип, Өлө түшүп тирилип, Тамак ичти акыры, Олтуруп бойун тер басып, Тулку бойу бүт жашып. Анда Манас кеп сурайт: — Ой азамат, -деп сурайт, Бейпайлык менен бекерче, Жүрүптүрсүз ачка, — деп, Айлында адам даркан бар, Адырда жүрөт аркарлар, Аркардан неге атпайсыз? Аркардын этин татпайсыз? Айлуу түнү жайыкта, Ат өргүтүп жатпайсыз? Курбулуу жерде кулжа бар, Кумдай кийик мында бар, Кулжаны неге атпайсыз? Кулжанын этин татпайсыз? Ат чалдырып акырда, Айылда неге жатпайсың? Тектирлүү жерде теке бар, Текени неге атпайсыз, Теңирим берген ырыскы, Текенин этин татпайсыз? Тербелбей неге жатпайсыз? Эңкүүлөрдө элик бар, Ээн сайда жейрен бар, Андан неге атпайсыз, Алардын этин татпайсыз? Баткактуу жерде арал бар, Аралдуу жерде марал бар, Баткакта жүрсөң батпайсыз, Маралдан неге атпайсыз? Маралдын этин татпайсыз? Алтымыш айры мүйүзү, Бурчтуу жерде бугу бар, Байланып жүргөн огуң бар, Бугудан неге атпайсыз, Бугунун этин татпайсыз? Буруу жерде жатпайсыз? Муңдуу эрдин муңу бар, Муңдун да өз жолу бар, Жан аманат карыздыр, Жан бакмактык парыздыр, Айат келген киши бар, Пайгамбарга периште, Айтып келген иши бар, Алдыңда минген Кылжейрен, Алыстан келген жылкы окшойт, Ийниңдеки алмабаш. Атканын жутчу мүлк окшойт, Алаңгыр жаа, сур жебе, Ал жок болсо бир неме. Кийген кийимиң башкача, Поруму турат кытайча, Ат жарагы салтыңыз, Айрыкча турат жалпыңыз, Атаңыз ким, атың ким? Айтып берер жайың деп, Ал үчүн сурап турам тим,- Деп ошентип эр Манас, Айтып сөзүн токтоду, Акылы терең Алмамбет, Айтып сөзүн козгоду: — Айлыңда адам даркан бар, Адырың толгон аркар бар, Аркарыңды атармын, Аркардын этин татармын, Ак кайыңды аралап, Ат өргүтүп жатармын, Антип жанды бакканча, Атамдын этин татармын. Кобурлуу жерде кулжаң бар, Кумдай кийик мында бар, Кулжаңды макул атайын, Куйкалап этин татайын, Корголоп зоонун түбүндө, Курушуп бир түн жатайын, Кунсуз жанды бакканча, Кубаарым этин татайын. Эңкүү жерде элик бар, Элигиңен атайын, Эт-сорпо кылып татайын, Ээн жерде чүйгүндөп, Эт бышырып жегинче, Энемдин этин татайын. Баткактуу сууда арал бар, Аралыңда марал бар, Маралыңан атайын, Маралдын этин татайын, Антип жанды бакканча, Бабамдын этин татайын. Түйшүктөнүп жүргөнчө, Торойуп өлүп катайын. Бурчту жерде бугуң бар, Белге таңган огум бар, Муңум жок киши кептенип, Бугуңду неге атайын? Бугуңдун этин татпайым, Булгап этин жегенче, Мууздап өлүп жатайын. Алты атамдан жети атам, Билишинче кубарсан, Аш ойлогон киши эмес, Азып келе койдум деп, Ал ишти кыла койгондо, Алмамбет андай киши эмес, Алты атамдан жети атам, Түшпөгөн алтын тагынан, Босогосу сары жез, Болуп өткөн кубарсан, Аркы атабыз Сылаба, Сылабадан Солаба, Солабадан Солала, Солаладан Сорандык, Шол жактан болот биздин жик: — Өзүмдүн атым Солалы, Эркелетип кийинче, Сошойа, деп ат койду, Талашканым жер болду, Таалайым андан кем болду, Атышып чыгып тогоштум, Коңурбайга жолгоштум, Жалгыздыктын айынан, Жалтаарып чыккан жолборсмун. Азып келип Алмамбет, Айдарканга эл болдум, Акырында казактан, Кара жерге тең болдум, Азып жүрүп талаада, Агып жашым сел болдум. Капкасы бийик кара тоо, Уйадан учкан балапан, Канатым талып жыгылдым, Ыгын билбей конордун, Караган менен көз жетпей, Ырыскым кайда болордун, Ата-энеден айрылган, Канатым сынып кайрылган, Безип жүргөн бир жанмын, Кесирим кара какырды, Кезип жүргөн бир жанмын. Басарыңа жерим жок, Батарыма элим жок, Басып жүргөн бир жанмын, Өз элиме кас болуп, Жазып жүргөн бир жанмын. Батарыма жер таппай, Качып жүргөн бир жанмын, Кетмен өтпөс керүүнүн, Кече-күндүз арыгын, Казып жүргөн бир жанмын. Кара жерден ак жолду, Ачып жүргөн бир жанмын. Таттуу жанга туз чылап, Татып жүргөн бир жанмын, Бир башымды миң башка, Баалап жүргөн бир жанмын.

Өз элиме өрт койуп, Жаалап жүргөн бир жанмын, Көрөйүн деп Мекени, Каалап жүргөн бир жанмын, Анда Манас кеп айтат, Кеп айтканда эп айтат: — Кылбаган ишиң кылгын деп, Кыйнабайлы, — деп айтат, Какандын экен ханы, — деп, Каадасын кыл анын, — деп, Хан келгенде каршы ал, Каршы алганда ат чап, — деп, Айалдабай бат чап, — деп, Хан тартуусуз түшчү эмес, Сарамжалың жамда, — деп, Аккуланы баш кылып, Алып кел тулпар камда, — деп, Аккүбө тонду жапкыла, Асабаны аскыла, Алып келип ат-тонду, Алмамбетке тарткыла, Салтыбызча Алмаңа, Сары улактан тапкыла, Салтанаттап урматын, Садагасын каккыла. Асыл кийим жыйгыла, Акимдин жолун кылгыла, Кызматын кылып кары-жаш, Канча күндүк меймандыр, Барын карап тургула, Аккүбө тону жабылып, Асаба туусу жайылып, Сыр найзасы койкойуп, Аккелте жондо асылып, Кылычы ээрге илинип, Эшик эндүү айбалта, Кол канжыга байланып, Аккуланын артынан, Жана кетти чабууга, Тогуз тулпар айдалып, Калкамандын кара аты, Толкумандын тору аты, Ажыбайдын Карткүрөң, Эр Сыргактын Телкызыл, Эр Серектин Кууказык, Эр Мажиктын Тоотору, Кокондон келген Койчаптар, Кулжа көөдөн, теке сан, Койчуман берген кара сур, Аккулага кошкону, Тогуз болду мына бул. Ал тогуздун артынан, Алмаңа келген тартуудан, Ырыскы шерик малынан, Куйругу ашкан жалынан, Кулжадай төшү салынган, Жал-куйругу түпөктөй, Сулуулугун карасаң, Күмбөзгө тарткан сүрөттөй, Тумшугуна карасаң, Сынга тарткан күбөктөй, Аккуланын иниси, Макмал жүндүү аркар сын, Сарала менен он сегиз, Баары буудан теп-тегиз. Чабуучу аттын баарысын, Көкүлүн көккө шүйдүрүп, Куйругун ача түйдүрүп, Ат чабуучу балдардын, Барын тегиз сийдирип, Арчындап жолук байлатып, Машыроо тонун кийдирип, Ат чабууга салганы, Аккулага бир бала, Небак минип алганы, Ат меники чаппайым, — деп, Алмамбет алып калганы, Чапкан атка чубатып, Сараланы салганы, Ырчуул атты айдады. Сары улагын таптырып, Садагасын кактырып, Казыначы куу жигит, Кашына Манас чакырып, Чоң куржунун ачтырып, Кырк миң кызыл алтынды, Кымбаты үчүн чачтырып, Бедерлүү тонун кийгизип, Кан экенин билгизип, Дүрүйө менен карала, Түрлөнгөн бойун кийгизип, Такасы карыш нөкөрү, Айагына илгизип, Арстан Манас баатырдын, Кызматы артык сезилди, Булардын баарын көргөндө, Алмамбет боору эзилди. Аңгыча турган аламан, Күбүр-шыбыр болгону, Көпчүлүк муну ойлоду: “Атты чапты жеңишке, Байгеси кайда беришке? Артынып жүргөн пулу жок, Айдап жүргөн малы жок, Байге бербей ат чапса, Шылдың болуп ааламга, Калбайбызбы лакамга? Манаста кандай айла? – деп, Айтпаса байге кайда? – деп, Биринен бири сурашты, Манаска басып барышты, Билгичтер сурай салыптыр. Алмамбет менен муңдашып, Эндебей калган баатырың, Ойуна муну алышы: “Аттарын сайсам байгеге, Биринин аты келер, — деп, Атым чыкты алам, деп, Ал чатакты салар, — деп, Ат байгесин талашып, Уруштуруп жүрбөйүн, Ач бөрүдөй буларды, Жулуштуруп жүрбөйүн,” Саайасы салкын тереги, Санга тийер кереги, Турду Серек ордунан, Тунук сөз чыгып оозунан: — Атты чапкан өзүбүз, Макул болсо сөзүбүз, Кыйамында кырк буудан, Байгеге кирбей калабы? Силерди бирөө байге деп, Алып кетип жатабы? Жаш уландар чогултуп, Байге боло калалы, Адамдан байге сайды, деп, Алмамбеттин көңүлүн, Бир көтөрүп салалы, Эр Серектен кеп келди, Кабылан Манас баштаган, Барысына эп келди. Анда Манас муну айтат: — Ата кайран Серегим, Ар качандан бир качан, Тийе жүргүн кезегиң, Эби келген кеп экен, Серектин кеби эп экен, Бу кепти угуп баатырдан, Мен байгеси болом, деп, Болуучуң болсо жүргүн, деп, Бозуул чыга калыптыр, Он алты бала барыптыр, Бозуул менен он жети, Саны толуп калыптыр. Топто байге бекитти, Баш атка сайды жетини, Экинчи аты үч болсо, Үчүнчү атка экини, Калган атка бир бирден, Байге сайып салыптыр, Тогуз аттын бирөөнө, Байге жетпей калыптыр, Мен байгеси болом, деп, Мажик чуркап барыптыр, Ана мынча кылганча, Чапкан ат келип калыптыр. Ат алдына караса, Алмамбеттин Сарала, Суулугу жерге салынып, Туйагы тийген жерлери, Жер очоктой казылып, Аркасынан чыккан чаң, Жөө тумандай жазылып, Катуу арыш алыптыр, Аз болгондо тай чабым, Астына келип калыптыр, Кыргыл баштап кырк баатыр, “Алмамбет” деп чуу салып, Жабылыша барыптыр, Алакеңдин көңүлүн, Бир көтөрүп салыптыр. Алмамбетке ал жетөө, Жабыша бекем калышып: — Баатыр берди сизге, деп, Байыбыз болдуң бизге, — деп, Жан кудайга аманат, Айкөл берсе албастан, Алмамбет таштап кетти деп, Бизди кылба жаманат, Кайда кетсең ала кет, Артыңа баатыр сала кет, Жети чоро чуулдап. Айтып турган убагы, Алмамбетте ошондо, Акты достук булагы. Эр Мажиктин Тоотору, Оонабас тогуз болгону, Тизгинден барып алыптыр, Өзүнө келип калыптыр, Кыргыл баштап баарысы, Абаң Бакай карысы, Атыңа тилмеч белең? деп, Каткырып күлүп калышы. Эми кандай кылаар деп, Бул Манастын айласы, Атагы алаш журтуна, Тийип турган пайдасы, Анда Манас кеп айтат: — Э, Алмамбет, — деп айтат, Ээн талаада жолуктук, Ушунчалык болуштук, Аты-тону барысын, Мага берди анысын, Кетем десем бергенин, Барын тартып алар деп, Бейпайга башым салар деп, Беймаал кылып башымды, Баштагындан беш бетер, Төгөбү деп жашымы, Ойуңузда болбосун, Өзүм берип зору жок, Осол кылып койбосмун. Күн чыгыштан келипсиз, Күн батыш карай жолдосуң, Кайнаган түрктүн ичинде, Кашыңда жок жолдошуң, Калкыңа намыс болбосун, Кайда барсаң анда кет, Кашыңда жети баатырды, Артыңа аны сала кет. Аккула атым минип кет, Аккүбө тонум кийип кет, Азамат эрге жарашык, Аккелтемди алып кет, Алтындан кыным жасаткан, Ак албарс кылыч илип кет, Аны да айап калбайым, Айбалтамды кармай кет, Сырнайзаны таштабай, Бир карыңа илип кет, Алаштагы досуңмун, Абалымды билип кет. Түштүк жакка бет алсаң, Испан менен Индыстан, Бир жарым ай жол жүрсөң, Кутуласың кыргыздан. Арабка барсаң Меке бар, Майданга чыксаң жеке бар, Атажуртуң Какандан, Калгандай баатыр, пейлиң бар. Алчаңдарга атаң жок, Ал-жайың сурар апаң жок, Айланышкан ата журт, Ардактуу шаарың Какан жок, Керектүүң болсо табайын, Эминеден кемиң бар? Кайда барсаң анда бар, Акырет жагың камдай бар, Баш бар жерде маңдай бар, Тил бар жерде таңдай бар, Алмамбет досум, ойлосоң, Өзүм бердим, зорум жок, Мындан башка жообум жок, Анда Алмамбет ойлонду, Ак талдан бетер толгонду: Аты-тону - баарысын, Мага берип койгону, Март ушунча болобу? Акылы дайра ал экен, Ашкан баатыр зал экен, Дүнүйөдөй ичи кең, Бир туулган жан экен. Балталаса кыңк этпес, Зал ушунча болорбу, Так сураса айабас, Март ушунча болобу? Ат-тонумду бердим дейт, Алптарым ала кеткин дейт, Кылга байлап токтоткон, Шарт ушунча болорбу? Майрамдаган Каканда, Айт ушунча болорбу? Атадан кечип серпишип, Казакка батып туралбай, Мында келдим сенделип, Мындан кетип жай таппай, Бапестөөчү зал таппай, Баш калкалар жай таппай, Мен каламбы темтейип? Муну ойго алар кеп, Токтолбой кетсем Манаска, Ызаа болуп калар” –деп, Ошол кезде Алмамбет, Ойго батты делдейип, Кой оозунан чөп албас, Коңур чечен Ажыбай, Койулган сөздү ак таңдай, Айтып калды деп мындай: — Айлыбызга келгели, Араң эки күн болду, Эрчиген эки түн болду, Аттанаар болсоң аның айт, Узатып сизди койолу, Турар болсоң мунуң айт, Көөнүбүз өсүп тололу, Туруп калсаң баатырым, Жала какшык айтпайбыз. Жалгыз деп четке какпайбыз, Бир буудайды тең бөлүп, Бирге туруп татабыз, Бас десеңиз басабыз, Тур десеңиз турабыз, Чабуулга кылыч суурсаңыз, Мойнубузду сунабыз, Буйурсаңыз жумушка, Амириңды кылабыз, Арстан Манас экөөңө, Өмүр тилеп турабыз, Келсеңиз да, кетсең да, Ачып айтсаң угабыз, Деп ошентип Ажыбай, Токтотту сөзүн ушундай. Анда Алмамбет муну айтат, Тургандын баарын муңайтат: — Алмабаш мылтык сундурбай, Аска-ташта текеге, Нээтимде бар эле, Кетмекчи болгон Мекеге, Күнү-түнү жол жүрүп, Күн батыш алып чекеге, Үмүтүм үзүп баскамын, Чыкпастык жагын белгилеп. Мындан кийин жекеге, “Ырыс алды ынтымак” Ынтымагың бар болсо, Куусаң да кетпейт дөөлөт-бак, Мени койо салыңар, Ынтымактуу жүрмөккө, Бата кылгын барыңар, Жашың менен карыңар. Мындан мурда эки убак, Бузулуп элден ынтымак, Көңүлүм калган жайым бар, Кете турган Алмамбет, Кетпес болгон чагы бар, Кол көтөрүп дүркүрөп, Тилегин айтып күркүрөп, Бата кылды бардык жан, Эсен-аман жүргүн, деп. Абаң Бакай зор баштап, Айкөл Манас чоң баштап, Самаркан карай тартышты, Алдыга төрттү чаптырды, Алмамбеттин кабарын, Бай Жакыпка айттырды. Азыр келе жаткан жер, Аңкыган гүлдүү жашыл төр, Түзбулактын керүүсү, Буралып турат чөптөрү, Ушул болот Алмамбет, Эр Манаска келиши. Бээ байлап Белсаз Кырчында, Мелтиреген жайыкта, Малын багып Жакып бай, Жаткан экен жайма-жай, Төрөдөн барган төрт жигит, Төртөө тең бирдей өрт жигит: — Сүйүнчү, Жакып ата, — деп, Сүйлөсөк болбос ката, — деп, Кармаганы илбирстей, Качырганы жолборстой, Кармашкан эсен болбостой, Алмамбет келди балаң, — деп. Алар турду дереңдеп, Санап кырк бир мал берди, Сүйүнчүгө мына, — деп, Анталады Жакып бай, Туучунак атым кана? – деп. Алтымыш чалды ээрчитип, Аттанып жолго салыптыр, Алмамбетти тосом деп, Бай Жакып жөнөп калыптыр, Бозжорго минип чайпалып, Он беш кемпир котчу алып, Чыйырды жүрдү чалкайып, Бай Жакыптын Бакдөөлөт, Он эки катын ээрчитип, Ак элечек заңкайып, Алдагы келди даңкайып, Бай Жакып келет балкылдап. Аппак сакал жаркылдап, Алмамбетке Ажыбай, Бастыра келип жакындап: — Бай Жакып атаң келди, — деп, Атын атап туйунтат. Кыраандын көөнү бузулуп, Кызыл жүзү кубулуп, Атынан түшүп Алмамбет, Армандуу жүрөк элжиреп, Көзүндө жашы мончоктоп, Эриндери эбиреп, Арыштай басып алыптыр, Алдынан тосо барыптыр.

Бай Жакып ыйлай бакырып, Сакалын чыктап жаш кылып, Сагынышкан эмедей, Мейримдүү кучак жайышты, Бекем сыга калышты, Алмамбеттин мойнунан, Бай Жакып жыттап калышы. Айал-үйөл дегиче, Артынан барды байбиче, Бозжоргосу азынап, Үнү сонун даркырап, Үйүр жүргөн мурдагы, Туучунак атка тийиптир, Жаш төрөгөн келиндей, Байбиченин эмчеги, Ат үстүндө ийиптир, Балам Манас келгин, — деп, Сен эмгенсиң башында, Баштап ээмп бергин, — деп, Оң эмчегин алганы, Оозуна Манас салганы, Сол эмчегин алганы, Алмамбет соруп калганы. Зоңкойуп эмчек эмди, – деп, Отуздагы баласы, Бай Жакып баштап баарысы, Каткырып күлүп калышты. Эме берсин балдары, Байбиче кебин салышты: — Манасым эки жашында, Түш көргөн элем башында, Ак саргыл атын жетелеп, Алмамбет жүргөн кашында, Ийип турган эмчегим, Токтоп калган ал чакта, Эки эмчекке сүт сактап, Мен келгенмин бул чакка, Эмчектин сүтү эң татты, Экөөнү бирдей жыргатты. Атам Жакып бай экен, Ардактуу энем бул экен, Эчен жылы мен үчүн, Ак сүтүн сактап эмизген, Элечеги бир кучак, Бакдөөлөт келди кучактап, Жашы агып бурчактап, Акылга дыйкан Абыке, Он беш жашта бала экен, Алдындагы Актелки, Жаңы бышты мал экен, Айдап кырк беш мал алып, Кунанын чаап эл алып, Алдынан чыгып тосушту. Аттанып кайра басышты, Алып барып баатырды, Бай Жакыптын үйүндө, Мейман кылып күтүштү, Жай-жайына түшүштү.

Туш-тушка киши чаптырып, Ат жетер жерин чакырып, Айабай малды чалышты. Тойун бере салышты, Уккан жандын бардыгы, Калбай жалпы барышты. Бир күнү элди жаткырып, Тамашага балкытып, Тойдун салтын эрекче, Мурдагыдан арттырып, Күнү-түндүн ичинде, Беш маал этти тарттырып, Сай күлүгүн чубатып, Кубанышка чаптырып, Салтанаттап нускасын, Ырчыларга ырдатып, Жарылдатып Ырчы уулга, Ат байгесин айттырып, Үч жүз жылкы, үч жүз кой, Баш байгеси ал экен. Оонабаска сайганы, Жыйырма беш кара мал экен. Байжигиттин Малгара, Кой күлүктөн чыгыптыр, Көтөргөн туусун жыгыптыр, Байжигит айткан бир кеби: — Байге олжо меники, Алмамбетке өткөрдүм, Өзү билсин ал киши. Ырдап барып ырчылар, Алмамбетке билгизди, Алсыз менен жалчыга, Таратып Алмаң бергизди. Элдер тарап кайтыптыр, Өз адамдан калыптыр, Бай Жакыптын үйүнө, Барысы кирип алыптыр. Абаң Бакай, Жакып бар, Акбалта, Жамгыр – карты бар, Байжигит менен Бердике, Ошур, Шыгай дагы бар, Кыргыз баштап кырк баатыр. Саламат өңдүү далайлар, Чыйырдынын ордого, Бардыгы кирип болгондо, Дастаркону жайылып, Даамы келди ортого. Кирген адам жүз сексен, Баары тегиз билерман, Алар менен аралаш, Алмамбет да бир кирген. Эригип эрлер күүлдөп. Үзүгүн желпип дүүлдөп, Ошондо Бакай кеп баштап, Кеп баштаса эп баштап: — Ушул турган баарыңар, Алты хан деген атың бар. Бакайдын айткан кебине, Барыңар кулак салыңар. “Бөз жардамы үч күндүк, Сөз жардамы өмүрлүк” - Деген элде макал бар, Айкөлгө тоодой бир медет, Алмамбет келди уулуңар. Азамат элдин ырысы, Ап-айкын сыймык мунуңар, Каруулуу билек шер келди, Качырса кайсар эр келди, Жыгылсаң өйдө жөлөөчу, Жаныңа кубат бел келди.

Короосу тулаң Таластай, Конушуңа жер келди, Кумдай болуп чачылган, Жыйылып кыргыз эл келди, Борборуң болуп Самаркан, Соктурган тагын алтындан, Телегейи тең келди. Ырысы менен Манастын, Көл болуп жатат айраның, Каймактуу нанды карабай, Эркеледи балдарың, Алмамбет баатыр да келди, Калбады эми арманың. Таласка көчүп барыңар, Жайыктан конуш алыңар, Камкалуу жерди талашып, Калба кылып калбаңар, Жайылмага Жамгырчы, Кеңтескейге Текечи, Жакакташка Жакып хан, Кеңартууга Шыгай хан. Карабуура, Чаткалды, Конуш кылсын Балта хан, Мен аралаш болойун, Майбулакка конойун, Жер соорусу турбайбы, Көрүп келдик Таласты, Үч миң үйчө эл экен, Жергенин Сарыталаасы, Жерлеген жери кошулуп, Алмамбетке эп экен, Анда туруп Акбалта, Жалгады сөзүн мындайча: — Көтөлөктү көргөмүн, Кандай киши бул жерге, Үй тигет деп жүргөнмүн, Эми колго тийиптир, Түшкө кирбес бул бир иш, Алмамбет кошо келиптир, Төлгөбүз түп болуппуз, Жетинип жерге тунуппуз, Аркасында гүлдөдүк, Айкөл Манас уулубуз... Олтургандын баарысы, Жашы менен карысы, Ойуна келген сөз айтып, Аңгеме кылып алышты. Алмамбет анда кеп айтат: — Жатыным башка дебеймин, Бир эмчекти тең эмдим, Айылым бөлөк дебеймин, Алаш элин мен билдим. Какшыган көлдөй эр элем, Кайрылды канат дээр элем, Көңүлүм эми толгону, Мелтилдеп коштук орноду. Аккула экен атыңыз, Аккуладан айрылсаң, Айылга өтпөйт датыңыз, Алаш уулу журт болсун, Аккула сизге кут болсун, Сандаган журтуң түрк болсун, Сарала бизге кут болсун. Самсаалап жүрүп ар кайда, Жаңыдан мында келгенмин, Ак сакалдуу атамдын, Ак сүтү үчүн апамдын, Жоо жарагы тонуңду, Тапшырайын өзүңө, Ушул болсун бергеним, Деп ошентип Алмамбет, Дагы айтты далай кеп. Эл баркына Алакең, Мына шунтип жеткени, Акылыңа бали! — деп, Ал үйдөгү бар киши, Бабыраша кеткени. Муну мындай таштайлы, Каныкейдин алынды, Болгонунан баштайлы.