← Манас

Манастын түшү, Алмамбеттин келиши

Айдын он беш күнүндө, Жуманын кадыр түнүндө, Эрен Манас көкжалың, Түндө жатып түш көрдү, Түшүндө сонун иш көрдү: Аккула атын мингени, Аккүбө тонун кийгени, Жайбаракат бастырып, Жалгыз жолго киргени, Кызымталдуу бир кылыч, Жолдон таап алганы, Өткүрлүгүн билем деп, Аны сынап калганы. Жаткан уйдай кара таш, Баатыр Манас чапканы, Кылычтын мизи кетилбей, Таш бөлүнүп жатканы, Таштан өтүп бул кылыч, Зардабы жерге батканы! Курчтугуна суктанып, Сол жагына байланып, Аккула оозун жайганы, Арышын керип калганы. Алкылдап бара жатканда, Салмактап кылыч башкача, Боосу узарып кеткени, Учу жерге жеткени, Жеткен жерде камырдай, Кара жерди тилгени, Кылычы бөлөк сүрөткө, Так ошол жерден киргени. Кыйшык айткан сөз болбос, Кылычы болду сур жолборс, Жандай чаап сурданып, Жолборс болду а жолдош. Ай талаанын түзүндө, Алдында бийик бир дөбө, Дөбөнүн чыкты башына, Жолборсу жүрөт кашында, Чар тарапка чакчайып, Жыт алган тайган баштанып Атылчуудай комдонуп, Алуучудай оңдонуп, Көзүнөн жалын шыркырап, Жолборсу турду зыңгкырап, Күркүрөп доошу башкача, Жаңырык толгон асманга, Кабышып кашат солкулдап, Кулап жатат таштар да. Алиги турган жолборсу, Ак тунжур болуп калганы, Канаты аппак жаркылдап, Үнү ачуу баркылдап, Алпкаракуш аралаш, Асманга батпай калкылдап, Канаттуулар жыйылды, Сейил жасап сыйынды. Коңур үндүү шыңгырттап, Коңгуроосу баш жарат, Конгону тунжур куш болду, Түшүндө сонун иш болду, Кондуруп жүрүп колуна, Ошол түштөн ойгонду... Оңой эмес, бул түш, деп, Ойунда Манас ойлонду, Эртең менен болгондо, Окторулуп эр Манас, Кабар салды ой-тоого, Анжийан менен Кашкардын, Самаркан менен Ташкендин, Эсепке байын алыптыр, Элүү миң болуп калыптыр, Эң алдыңкы байлары, Беш жүздөн бээ байлады, Экинчиси үч жүздөн, Тойторуп жылкы айдады, Нокто, чыкта таба албай, Көбүнүн шору кайнады. Улуу түнкү укмушту, Уксам деп түштөн байанды, Ар тарапка чаптырды, Алтымыш бир чабарды: — Кырк күндө тойго келүүгө, Кабар кыл, — деп аларды, Атпай журтум кыргызым, Тамыр тарткан жылдызым, Айтып муну угуз, — деп, Сырт жайласын тегиз, — деп, Сыйыр сойсун семиздеп, Каруулусу төө сойсун, Казы чыгар бээ сойсун, Кант, жемишин камдасын, Камсыз конок албасын, Бадакшан менен Самаркан, Ортосунда Кыркууга, Буга киши барбасын, Чөбү белден булаган, Башка жакка жайласын. Кой арыгын сойбосун, Тарткылатып тарамыш, Таарынтып элди койбосун, Канкор Манас баатырдын, Каарын баары ойлосун! - Алтымыш бир чабарга, Жерин айтты барарга: — Түндүк, түштүк чакыргын, Индистан менен испанды, Көңүлү сүйсө келсин де, Күлдү жаткан шаңкайды, Бадакшан бар, Балык бар, Байралып өскөн тажик бар, Өмөнүн бойу Үргөнч бар, Андай кыргыз жүргөн бар, Манасты той берет деп, Барчасында дүрбөн бар, Ламдын бели Кыйма бар, Боз үй тиккен Кыйба бар, Чакырса тойго келүүчү, Алардын эли кыйла бар. Коросондо кыргыздын, Жедигери дагы бар, Багышына айтыңар, Кабар берип кайтыңар. Букар, Чамбыл түркмөнгө, Каракалпак, чүрчүткө, Жуда менен калчага, Андай жана канчага, Айдың көл менен Нурадан, Эринбей келсин бар адам, Бабыл менен Сарыкандан, Барскоон менен Даркандан, Айагы Мунар Суусадан, Айдарканга айтыңар, Андан кийин кайтыңар! - Кабарчылар бөлүнүп, Талыкпай кабар салыптыр, Бардыгы күндү эсептеп, Бармак болуп калыптыр.

Эл келер кези болуптур, Эңкейип сыртка конуптур, Күлүктүн баарын байлатып, Күлгүндүн баарын жайнатып, Байандоозун бүктөтүп, Салтанатын баарысын, Жайлоону карай жүктөшүп, Камылгасын бүтүрдү, Манастын эли дүрбөшүп, Казандай селде чалынып, Кожо келди бу тойго, Ханы, беги, карасы, Кошо келди бу тойго, Үйдөй чокмор көтөргөн, Балбан келди бул тойго, Хан балбанын башкарган, Залдар келди бул тойго, Колтуктап жүргөн комузун, Ырчы келди бул тойго, Айтканы таамай так болгон, Сынчы келди бул тойго, Булбулдай сайрап сүйлөгөн, Чечен келди бул тойго, Олутун оңдоп жүрбөгөн, Бечел келди бул тойго, Куудум-шуудум-батбаадай, Кешел келди бул тойго. Алыстан келген коногу, Жайлоого кайкап карк толду, Тойго келген меймандар, Жетимиш миңче калк болду. Кыргыз, казак, кыпчагы, Майга жүрбөй бычагы, Барган сайын коноктун, Той тартуусу кычады, Көп ойунду башташып, Күрпүлдөшүп дуулады, Акырында күлүгүн, Алыска айдап чуулады. Жийденин түзү кысыкта, Шылуундар байге бөлүштү, Беш жүз жылкы бир миң кой, Баш байгеден көрүштү, Улам-улам кемитип, Жакшы болду дегизип, Он беш атка байге бар, Оонабаска сайганы, Санаты кырк беш кара мал. Дуулашып эл жатыптыр, Тамашага батыптыр, Көп күндөрдүн биринде, Чапкан ат келип калыптыр. Багыштын аты Суркийик, Жейренден бетер түйүлүп, Али эле оозун жайгандай, Арышын кере жүгүрүп, Көй күлүктөн чыгыптыр, Көтөргөн туусун жыгыптыр. Намысы бирге кыргыз, деп, Дардаңдап Багыш калыптыр, Байгени баштап этекке, Ортолукка салыптыр, Элдер бөлүп алыптыр, Шыгайдын уулу чыр Чабак, Чыр чыгарып калыптыр, Жакшыларга жамгырдай, Жаман сөзүн салыптыр: — Атаңдын көрү жедигер, Атың чыкса ээ болбой, Абыдан бокту жедиңер! Сенин да түбүң түрүк, деп, Алаш болдуң, жүрүп, деп, Кызыталак канкордун, Кылган тойу ушубу, Кыргыздын баары бөлүп жеп?! - Жайылданып эр Манас, Кылычын жалаң алыптыр, Кыйып ийсем жанын, деп, Кыйа карап калыптыр, Эки-үч-төрт октолуп, Акыл ойлоп токтолуп: “Өзүм берген тойум, — деп, Кандай кылсам оңум?” – деп, Азууларын тиштенип, Астакбыралла келтирип, Бузулган күндөй карарып, Оозу-мурдун жаланып, “Той деп алдап кычырып, Өлтүрдүдөн” уйалып, Араңдан зорго токтолду, Курмушудай кубарып: — Тилеген актан тилегим, Бул ирет каның кечейин, Чыркыраган ит Чабак, Чырылдатып нетейин? Жазгы көргөн түш үчүн, Жакшылык багыт иш үчүн, Кайыр мындан кечейин, Тар кыйада капташпай, Табармын бир күн эсебин! Кымыз ичсең чак ичпей, Кызымтал болуп аласың, Жоорго туз салгандай, Кычык сөздөн саласың, Бул кылыгың койбосоң, Бир балаага каласың, Балбан менен тирешип, Пайданы кайдан табасың? Кежириме тийбесең, Кеңири оозур көрөсүң, Тел кулундай тайтаңдап, Тегеле эркин жүрөсүң, Тескериленип куйлансаң, Менден бир күн өлөсүң! - Муну айтып Манас сурданып, Кыжырлуу күлдү кашкайып, Кендиргелеп чыр Чабак, Качып кетти жалтаарып, Өзгөнүн баары кетиптир, Үйүнө алды жетиптир, Буйактан кабар угуңуз, Манас эми нетиптир?

Карахан кызы Каныкей, Айлада асыл ургаачы, Ак кептердей сыйагы, Кадимкиден өткөргөн, Кайгы менен жыргалды. Кастык, шумдук, жалаалар, Каршы алдынан табылар, Арамдардын кылыгы, Жүрөккө салды жалынды, “Ишенгиче эриңе, Босогоңо ишен, — деп, Бирде көрсөң жыргалды, Бирде турмуш кишен” – деп, Каныкей айткан кеп калды. Айкөл болуп жаралуу, Айыктырып Каныкей, Кайтып үйгө барганча, Накылай менен Карабөрк, Жалгандан тапты далай кеп. “Көкөтөйдүн ашында, Көп жыйындын кашында, Бак берип кудай тосоттон, Бата алган Кошойдон. Аз келгенсип анысы, Аккула байлап чапканы, Ар айланы тапканы, Катын мынча болор, деп, Калктын баары мактады. Олуйа Кошой карынын, Батасы бекер кетеби? Эми бирди төрөсө, Бизге Манас жетеби?” Деп муңдарын салышты, Арамдык ойго канышты, Ойлонуп ойго бекинип, Бир амалды табышты. Катындын тилин албайт, деп, Каалаган элден барбайт, деп, Кабыландан тартынбас, Тазбаймат ишке жарайт, деп, Тазбайматты колго алды, Атын берип алдады, Эбине аны келтирип, Тонун берип жалдады, Эшиктен кирсе шарт туруп, Урматтап көпчүк салганы, Сүрсүгөн эттен дайардап, Тапканын туура кармады, Аты-тону турмайлык, Өздөрүн айап калбады. Кырк чоронун бири эле, Күүлөп койсо өпкө жок, Кудай урган эме эле, Чубактын атын чыгарып, Айттырып койгон кеп эле, Баатырдын кайтып көңүлү, Түк кишиге туйгузбай, Таштап койгон кеп эле, Ушундай болуп Каныкей, Ушул тойдо жок эле. Карабөрктүн ак ордо, Алтымыш киши киргенде, Тар келбеген чак ордо, Айабай мыктап жасаган, Аксакал болгон элинде, Акбалта менен Бердике, Алп Жамгырчы, Байжигит, Текечи, Шыгай хан баштап, Кыргыл баштап кырк чоро, Карабөрктүн ордого, Чакыртып келип киргизди, Хандык, бийлик билгизди. Казы-карта, керткен жал, Чака-чака шекер-бал, Табактарда дөдөлүү, Жамбаш, куйрук эти бар. Кырк чанач кымыз киргизип, Эр башына бир кесе, Сыр айактан тийгизип: Чактабай кымыз ичирип, Чарадай айак сунушуп, Каргыт дешип урушуп, Баланча кыйын ичти, деп, Байандаша турушуп: Кызымтал болуп дуулашып, Күлкүгө күлкү улашып, Олтурган орчун бийлери, Сүйлөп жатса билгенин, Түрүлүү эшик маңдайдан, - Накылайдын үйүнөн, Чыгып калды арыстан. Уруштуу күнү узарган, Учу өрттөй кызарган, Шилтегенде эр Манас, Темирди талдай таарыган, Ачалбарсын колго алып, Желбегей тонун жамынып, Барктууланып башкадан, Башына сары чалынып, Кер жолборстой чамынып, Жайынча чамдап теригип,

Жайылта карап элирип, Орто жерде токтолду, Дымбыр-дым ойун жок болду. Жамынып турган тонунун, Жайын уккун ушунун, Тигиштери билинбес, Топо чаңда кирдебес, Алты миң дилде берсеңиз, Арзандык менен ме дебес, Төгөрөк ирктен төрт миңге, Бир өңүрүн теңебес. Кут төккөндөй көйкөлүп, Кубулжуп улам өзгөрүп, Козголсо сонун балкылдап, Кундуз сырт болуп жалтылдап, Ал тонду азыр ким кийсе, Алты сан колго баш болгон. Айкөл Манас кеп баштап, Ачуусу менен бек баштап: — Уккула, менин кебимди, Таап айткын кебиңди, Жазында сонун түш көрдүм, Жоруй албай тим жүрдүм, Жоругула түшүмдү, Жоготомун калчактап, Буруп айткан кишиңди, Бүтүрөмүн ишиңди... Деп Манас сөзүн баштарда, Мындайча деп айтарда, Бай Жакып бойун күүлөдү, Манаска карай сүйлөдү: — Катының эркек туур, — деп, Как ошол туура жообу, — деп, Кармап байсал сакалды, Хан Жакып жана айткалы, Обдулуп бир аз калганда, Оозун камдап жатканда, Кабылан Манас баатырың, Карматып калды шайтанын. Кызыл жалын көзүнөн, Чамгаракка жабылып, Айтмак түгүл атасы, Кусууга кирди сабылып, Кандайча куршук болот, деп, Калгандар калды шашылып.

Жоктон азап табылды, Олтургандын көбүнө; Кускан кымыз көл болуп, Бирдемде чыгып барыптыр, Ирегенин көгүнө, Апкарышып туруптур, Бул ойлор болуп көбүндө: “Байжигит менен Бердике, Ошур менен Саламат, Орчун жыйын тамамат, Шыкай берип кымызын, Жегин, ичкин, тойгун, деп, Жергесинин баарысын, Жедирмек экен анысы, Энебей калып мунусун, Эт жегени курусун, Билбей калып курудук, Бизди мындай кылышын, Камап алып бир үйгө, Капылетте кырышын!” Кыпчактын уулу Абдылда, Карай калып Манаска, Ошондо бойун күүлөдү, Арстанга айтып сүйлөдү: — Эшикти тосуп калдыңыз, Элдин эсин алдыңыз, Мунтсеңиз түпкө жеттиңиз, Көрүнөө мындай күчөнүп, Көмө салсаң, неттиңиз? Мынча келип куршугуң, Кайратың кандай кармады? Бирге жүргөн кырк баатыр, Бирөөнүн да эси калбады. Түрүн айтсаң түшүңдү, Түрмөгүн айтсаң ишиңди. Айтпасаң түшүң, билбесек, Кандай кылып жоруйбуз? Айтып түшүң угузуп, Билгизип салсаң азапка, Укпай туруп түшүңдү, Кандай калдык казапка? - Абдылда айтып салганы, Апындын сөзү ырас, деп, Кырк баатырдын баарысы, Тили чыгып калганы. Заары чыгып жүзүнөн, Түгү тешип кийиминен, Байандады эр Манас, Байагы көргөн түшүнөн: — Бөксөдө улуу жол экен, Боорунда жемиш мол экен, Аккүбө тон кийгеним, Аккула экен мингеним, Жайбаракат бастырып, Жалгыз жолго киргенмин. Кызымталдуу бир кылыч, Жолдон таап алганым, Жаткан уйдай кара таш, Жазганбай шилтеп калганым, Алгачында шаңк этип, Айдай мизи жарк этип, Бөлүп таштан өткөнү, Бор кескендей шарт этип. Сырты калың, өткүр миз, Учу кайкы, мойну түз, Байланып алып жаныма, Бастырып барам дагы да. Салмактанып бир кезде, Боосу узарып кеткени, Учу жерге тийгени, Камырга кирген бычактай, Тийген жерин чийгени, Кылычым бөлөк сүрөткө, Так ошол жерде киргени. Кыйшык айткан сөз болбос, Кылычым болду бир жолборс, Жортуулда бирге чоромдой, Жолборс болду маа жолдош, Ай талаанын бетине, Жолборс жолдош кашымда, Алдыман дөбө кезикти, Бирге чыктык башына. Туш-тарапка бир карап, Көтөрүп тумшук жыт бурап, Жоболоң тартып оштонуп, Жолборсум турду зыңгырап, Куйругу жерди токмоктоп, Токтоно албай омсоңдоп, Жолборсум турду күркүрөп, Дөбө турду дүңгүрөп, Төрт тараптан айбанат, Түрүлүп келди дүркүрөп. Дөңдөгү жалгыз өзүмө, Таазим кылып көшүлө, Айбанат тарп алганы, Алиги турган жолборсум, Ак туйгун болуп калганы. Үңкүр кабак, үнү ачуу, Карыш болот тырмактуу, Качырганын узатпас, Сегиз аршын буту бар, Куйругунда куту бар, Саңоорлору сары алтын, Канаты күмүш ак туйгун, Таштак бутак конушун, Талпынды көккө карата. Ачуу чыкты доошу, Асманды карап чаңырып, Алпкаракуш баш болуп, Айак жагы королу, Акылынан жаңылып, Дөңдө жалгыз өзүмө, Таазим кылып жабылып, Кукулуктап унчукса, Куштан башка үнү бар, Куйрук-башы жалтылдап, Куудан аппак жүнү бар, Ачуусу келип караса, Алпкаракуш сүрү бар, Конгону туйгун куш болду, Коңгуроосу баш жарат, Түшүмдө сонун иш болду. Кондурган бойдон колумда, Ошол түштөн ойгондум, Ойго батып толгондум, Жоруңар эми түшүмү, Кылыч, жолборс, кушуму, Сөзүн Манас бүтүрдү, Айтып элге ушуну. “Арзан эмес, бул түш, — деп, Акылмандын баарысы, Санаасы санга бөлүндү, Абдылданын көзүнө, Айкөлдүн айткан бул түшү, Айнектен тунук көрүндү.

Манасты билет мурунтан, Жан чыгарат айбаттан, Уу ичкендей карарса, Өлүп кетет далай жан. Дайыны болуп мурунтан, Алмамбет Көкчө келди, деп, Аңырты анын угулган. Ойуна алды Абдылда: “Ошол эмей, кандай? — деп, Келет окшойт биз жакка, Казактар кармай албай”, — деп. Акылына токтолду, Абдылда чечен октолду: — Ак олпок болсо кийгениң, Аккула болсо мингениң, Жайбаракат бастырып, Жалгыз жолго киргениң Жалпы алаш калкыңды, Жалгыз бийлеп жүргөнүң. Жолдон тапкан кылычың – Өткүрлүгү кылычтай, Төтөп болгон эренге, Түгөнбөгөн ырыстай, Өмүр бойу бек турган, Убада сөз жылышпай. Кылычтай өткүр жолборсуң Алмамбет экен жолдошуң; Бөктөр-бөктөр белиңиз, Мөмөлүү куттуу жериңиз. Көркү тартып таңданткан, Күжүлдөп турган элиңиз, Күркүрөткөн жолборсту, Көкжалым сиздин демиңиз, Урматтаса кыйылып, Кыркылып чөптөй душмандар. Кылымда түгөп бушмандар, Айланып сага турганы, Алыскы журтта адамдар, Алынат экен өзүңө, Аталаш өскөн туугандар. Аны менен түгөнбөйт, Атайлап кулак салыңар, Колдоочуң жанда бар болуп, Көрүнөө Кызыр жар болуп, Ак туйгун болсо кушуңуз – Душманга тийип мушуңуз, Күлдү жооңун баарына, Күндөй тийип табыңыз, Көңүлү мейип багынып, Күлдөгөн экен багыңыз. Күкүрттөн бетер күч алып, Күлүп ойнойт экенбиз, Күндө сайран, күндө той, Көңүлдү дуулайт экенбиз. Ан сайын чыңып тагыбыз, Ачылган экен багыбыз, Экөөңдүн көзүң өткөнчө Сынбайт экен шагыңыз, Көктөй берсин түбөлүк, Таалай аттуу багыңыз, Келе турган Алмамбет, Кең көкүрөк сом далы, Туткандын чыгар далдалы, Булкушуп душман беттебес, Бул замандын балбаны. Соолабанын тукуму, Өз атасы Соорандык, Өкүмөттүн башында, Өңкөй Бейжин мыктысы, Өнчөңдөп турган кашында, Бөлүнүп жалгыз урушуп, Он сегизден жашында, Капсалаңдын суусундай, Канды төккөн журтунда, Баатырларга, баашага, Баш ийбеген бир күн да, Качырганы илбирстей, Кайсаганы жолборстой, Кадимтен эр атанган, Касташканы соо болбой. Кызыл чоктуу кытайдан, Кыргын болгон далай жан. Кылычташкан кармашта, Кылчайары калбаган: Кара чоктуу калмактан, Кансырап өлгөн далай жан, Канжарлашкан майданда, Кайаша айтар калбаган, Каккылашып күнү-түн, Кармашып эч ким албаган. Баатырдыгы башка, деп, Бардык элден ашкан, деп, Коң төрө, Жолой баш болуп, Коркуп алар шашкан, деп, Угулган артык кайраты, Азыркы өсмүр жаштан деп, Какырдын ташын казылтып, Кумдардын көккө чачылтып, Уландырып кармашты, Былкылдатып саздарды, Кезегинде Алмамбет, Кеңири ачкан майданды, Кытай, калмак, чубуртуп, Манжу, заңын кошултуп, Шибээ, солон, аралаш, Топого канын жуурултуп, Кагылышта хан өлүп, Карапайым жан өлүп, Каракулак кабылан, Карчашып жүргөн көгөрүп. Казакка келип эл болгон, Айдаркандын Көкчөгө, Агасындай бел болгон, Алты жүз эле жылкысы, Азыр алты миң болгон, Байлыгы журтка дүң болгон, Көңүлү калып казактан, Козголуп чыгып бер жакка, Келет окшойт сиз жакка, Көргөн түшүң төп болсун, Тууруңа сыймык бак консун, Жорудум сенин түшүңдү, Азырети Жусуптун, Арбагы колдоп кут болсун! Чарыйар сага жар болсун, Жазымыш жолуң оңдолсун, Көрө албаган душмандын, Көзү агып көр болсун! Адырда малың алты сан, Алтының аккан суу болсун, Таалайлуу болуп эл көктөп, Тагыңа өчпөс кут консун, Оомийин! – деп шаңдана, Кол көтөрдү Абдылда, Бай Жакып баштап карысы, Бата кылды баарысы. Жолборстук сыны тарады, Жолдошторун сынады, Арстандык түрү тарады, Азаматтарын сынады: — Жаактууда жанашпас, Таалайың адам талашпас, Тыңдуусунуп тиркешип, Тилдүүдө бирөө тыйа албас, Арзандык менен бул тонду, Кыргыздын уулу кийе албас, Бий болдуңуз, ажым, — деп, Бийлик тонду алың, — деп, Кыпкызыл түлкү жакасы, Кара баркут кыргагы, Булуңдарда каргыма, Боржуйган сонун саймасы, Хан Манас сунуп Ажыма, Калдайган тонду карматты, Мына укмуш тамаша, Менсеп берди башына, — Куттуу болсун сыйлык, – деп, Курдаштар келди кашына. — Төгүлдү тунук ойуң, — деп, Куп ачылды жолуң, — деп, Бай Жакып баштап балкылдап, Баарысы күлдү шалкылдап, Ажыкең турду ошондо, Алтынды кийип жаркылдап. Кубулжуп Манас жазылып, Кубаныч кирди баарына, Шаттык ойун баштады, Бир жумадан бир жума.

Бейшемби күнү таң менен, Бозоруп чыккан шаң менен, Аккелте үнү айкырды, Асманда күчтүү жаңырды, Арстаныңда айрыкча, Ач кыйкырык чаңырды. Айылы чукул баатырды, Келиңер, деп чакырды, Алыстагы чорого, Алты муршап чаптырды. Абаң Бакай, эр Чубак, Ата уулунун баарысы, Ашыгышып калдаңдап, Азыр келип калышты, Кызмат барбы бизге, деп, Кыраандар сурай салышты. Анда Манас кеп айтат, Кеп айтканда деп айтат: — Бекер беш ай жаттыңар, Беш теңге кайдан таптыңар? Тамактан бөлөк олжоң жок, Талабың тыштан болгон жок, Бекерликтен семирип, Айактай чүйлө конгон жок, Төрдө жатып керилип, Төбөңөр көккө жеткен жок. Алты жылдан бер жакка, Айылдан карыш жылбадык, Аңгеме менен ушактын, Айтылганын тыңдадык, Арыгандай дардайып, Ак ордо кирип уктадык, Ара күндө чоорлоп, Арак ичип дууладык. Кулан болуп семирип, Күлүктөр куру ат болду, Беттешип жоого ок атпай, Мылтыктын ичи дат болду, Сайыша чыкпай майданга, Сай кашкалар жат болду, Жайлоодон кулжа атпадык, Жан казан ашын сагындык, Жай билбеген катынга, Жакшы эле биз багындык. Жаздан бери көрдүңөр, Жаканын дымык ысыгын, Аттанып барып ойнойлу, Ал кийиктин кызыгын. Уламадан уладым, Улам бирден сурадым, Атпай Чүйдүн талаасы, Адамсыз деп угамын. Жерин барып байкайлык, Жеткилең элин чардайлык,

Эрмен чөлү жок болсо, Кыртыштуу тулаң чөп болсо, Чарба үчүн ылайык, Жайыты анын көп болсо, Айрыктарын түбөлүк, Ата уулу кылып бөлөлүк, Кыйшыгы болсо душмандын, Кыйындыгын көрөлүк, Ат токунгун арстандар, Айалдабай жөнөйлүк, - Он бир жаштан бер жакка. Асылып аттын жалына, Бар кереги жамдалуу, Бар шайманы камдалуу, Аттар болсо сапарга, Аргымагы байлалуу. Жем баштыгы манаттан, Жем үзүлбөйт ар аттан, Жайы-кышы аттарды, Куйрук берип, май берип, Кындырдай кылып жараткан, Жазгы бээнин туутунда, Бир маал сүткө сугарткан, Айрыкча кубат болор деп, Ак туз берип жалаткан. Сары арпаны түктөткөн, Балтыр атка жүктөткөн, Казатка минчү аттары, Кара бойу чапталуу, Кандагайга капталуу; Тулку бойу күймөлүү, Туйагынан башкасы, Баары күмүш күймөлүү. Кездеп атса ок өтпөйт, Кастап калса чок өтпөйт, Сайса найза теше албас, Чапса кылыч кесе албас, Өздөрүнүн кийгени, Жөнөкөй кийим буулумдан, Ар окшобос буруудан, Теңгечелик ачык жок, Темирлерден куйулган, Чарайнасы алдында, Көй кашканын баарында. Кырк баатырдын саны бар,

Атын уксаң мамындай: Караногой Мажиги, Камбардын уулу Чалиги; Кайгуул, Бөкүл, Торолчу, Кабарга кыйын болуучу; Шыңгынын уулу Кербени, Шыптуу кашка дүрбөөнү; Саргыл аттуу Затайы, Ал жандардын Атайы; Үйшүндөрдүн Үмөтү, Үмөтаалы Жайсаңы; Бообек, Шаабек, Шүкүрү. Аргындын Каракожосу, Акылга жугат жошосу; Калктын башы Калкаман, Элдин башы Элеман, Топтун башы Токоной; Казактардын Борончу, Каргылданбас обончу; Каракалпак Турнасы; Коржоңдогон Кутунай: Кош башкарган Кошалдаш, Башчысы Кыргыл, бала Алдаш, Төлгөчү Каратөлөгү, Төлгөсү журттан бөлөгү; Актай далы көрүүчү, Ашкере айтып берүүчү, Алымдардын Алакен, Ашкере баатыр ал экен, Ырчы уул, Бозуул ыктуусу, Ырга кыйла шыктуусу, Эл аттанып жол жүрсө, Элирип мурда чыкчусу, Эсиркенип кетпеген, Эр Тазбаймат мыктуусу; Күлдүрдүн уулу Алыбай, Кеп-кеңеште Алымбай: Көөндөгүнү табуучу, Көптүн бийи Ажыбай, Караңгыда кол жүрсө, Калың алаш жол жүрсө, Карышкыр изин жаңылтпас, Кадыр Жайнак, эр Шууту, Калкынан чыккан эң куусу, Түмөн алаш жол жүрсө, Түн ичинде кол жүрсө, Түлкүнүн изин жаңылтпас, Түмөн Жайнак, эр Шууту, Түмөндөн чыккан эң куусу; Бай Жакыптын балдары – Серек менен Сыргагы, Серпишкен жоого чыйрагы. Санаты кыркка кошулбай, Абаң Бакай кары бар, Арстандан баш тартпас, Алп мүнөз Чубак дагы бар, Баштап жүргөн баарысын, Ай көл Манас залы бар, Огу менен дарысын, Олбун алып баарысын, Казанчы бар, төөчү бар, Калк башкарып жүрүүчү бар, Бастырып чыккан айылдан, Төрт жүз сексен киши ал. Бадамдын башы дегенге, Барып түшүп бешимде, Эки күн кийик уулашып, Кызык кылды чуулашып, Беш жүзчө кийик сулатып, Текесин таштан кулатып, Ийри мойун төө атып, Илбирс менен чөө атып, Мастан айуу дегенден, Жетини катар сулатып, Жолборстун атып сегизин, Бугунун атып семизин, Кайыптын жешип жайасын. Мынча кызык көргөн соң, Булар кайдан жай алсын? Алатоо башын сапташып, Ат күлүгүн тапташып, Бир-бирине асылып, Билектешип чакташып, Тумшуктан чыга бергенде, Топ кулжага капташып, Капкара болгон кулжадан, Элүү төрттү атыптыр, Кара кулжа атакка, Жер атанып калыптыр. Түрс эттирип бир койбой,

Сайа түшүп кубалап, Сай күлүктү булартып, Ар сонундун терисин, Салаңдата чубалтып, Өткөрдү сонун кызыкты, Өз алдынча кубантып. Көтөлөк көздөй жылышып, Күндө кызык кылышып, Баштап жүргөн Манасы, Он беш күн болду дегенде, Нарынына барбаспы, Баары качып буруттан, Нарындын шаары бузулган, Аңырайып эшиги, Ар жерде ити улуган, Акылынан шашыптыр, Алтайды көздөй качыптыр. Барган менен соо койбой, Малын талап топодой, Кагылышта калмактын, Каны агыптыр жошодой, Алмамбет, Көкчө биригип, Айанбастан тигилип, Алтынын тартып алыптыр, Азапка кыйла салыптыр, Баштап жүргөн Алооке, Каңгайга кетип калыптыр. Айланма ноого салыптыр, Чүйдүн башы Сарыкыр, Султаның чыгып барыптыр, Чачылып кеткен калмактар, Төрт жүзүн үйчө калыптыр. Калмактардын эң карты, Аны менен бир жүргөн, Кыргыздардан бай Кошой, Мазардын тоосун жайлаган, Мал семирбей калбаган, Казанда майы кайнаган, Катагандын кан Кошой, Бир күнү мындай ойлогон: “Нуранын суусун атташпай, Учурашып катташпай, Кандай жатып алдым? – деп, Кайберен болуп калдың? — деп, Катынга жатып багындым,

Кабылан эрди сагындым”. Актатып күрүч арттырып, Алты атанга тарттырып, Ак кулжадай маңкайып, Айылына келди бастырып. Калгандардан кеп угуп, Аңчылап кетти деп угуп, Алып барган малдарын, Жанындагы балдарын, Манастын таштап айылына, Эки киши кашында, Аргымак изин чалам, деп, Ар кайда болсо табам, деп, Абалдашып жанам деп, Карт Кошой менен баш кошуп, Алты семиз бээ алып, Артынып кымыз көп алып, Кабыланды тааптыр, Бул жерде калмак турганда, Тыргоот деген уругу, Жердеп жүргөн жер ушул, Алгы келген карт Кошой, Төрт жүз үйдүн улугу, Кара кыргыз хан Кошой, Калмактардын карт Кошой, Кыргыздардын бай Кошой, Баш кошкон жер болуптур, Үч Кошойдун бөксө деп, Ошол атка конуптур, Капканын алды кыркууга, Үчкошой атын койуптур, Айкөл Манас, үч Кошой, Кырга чыгып жер көрдү, Кызымталдуу төр көрдү; Өлкөгө бүткөн сазын көр, Өрдөгү менен казын көр, Бөлөк-бөлөк сазын көр, Бөлүнүп учкан казын көр; Кумунда кийик чубаган, Курбуда кулжа жуушаган, Адырда аркар жайылган, Кайдан келип бул жерге, Кайберен кандай жыйылган? Жылтырканы, шыбагы, Жылжып аккан булагы, Томуктай болгон тоосу жок, Толкуган дайра суусу жок. Ашмура башы Жетитөр, Ишенбесең барып көр, Бетеге менен кызгалдак, Жел аңкыса, аңкып жыт бурап, Кара кыйак, буудай баш, Шамал ыргап кулпурат. Кара чөп менен айуу чач, Жоогазын менен мандалак, Канчасы турат самсаалап, Козу кулак бээ эмчек, Кымыздык менен кемирчек, Жерди көрүп таңданып, Ээсиз жаткан кур калып, Кан Манас койгон суроого, Кадим тээден жергелеп, Жердин сырын бүт билген, Карт Кошой айтат мындай деп: — Ушул турган жерибиз, Тыргоот деген элибиз, Долуланса бүктөчү, Дөөлөс эле эрибиз. Майда аты көп эле, Дөөлөс ээлеп турганда, Көтөлөк деген жер эле, - Анда Манас мындай дейт: — Көтөлөк деген кандай кеп? Башка бир ат койолу, Баарыңарга келсе эп, - — Тыргоот экен уругу, Дөөлөс экен улугу, Ошонун атын койолу, Эп көрсөңөр ушуну - Айта салды бул кепти, Кырк чородон бир уулу, Бакай анда кеп айтты, Баарыга жагар эп айтты, — Калмакча атты койбойлу, Кайра баштан оңдойлу Талас болсун, – деп айтат, Таластын эми ээси, Манас болсун, — деп айтат, Айагы Талас, башы Чүй, Адыры кооз жашыл гүл, Конушуна конгон, деп, Короодон бээсин сойгон, деп, Аркарын кууп түзүнөн, Ак кула оозун чойгон, деп, Азыркы турган дөбөгө, Айкөл көчүк койгон, деп, Таласта Манас турган, деп, Тактасын шондо курган, деп, Акыр заман элине, Айтылып калган ушул кеп. Кымызын чайкап сабаадан, Кылкылдатып жуткан жер, Ойду-дөңдү карабай, Ала-деңгил чапкан жер. Аракты койуп, токтотуп, Обондошуп жуткан жер, Бура кармап жалынан, Боз байталды жыккан жер: Шамшардай болгон ак бычак, Кекиртектен чалган жер, Салтанатын ашырып, Сайрандарга баткан жер, Каттама менен мычкыма, Баатыр колду салган жер, Таман чыккан казыга, Макилерди малган жер. Боорсок менен куймакка, Болгунча жеп тойгон жер, Чындыгында эр Манас, Жалпайа көчүк койгон жер. Чылк жибектен боосу, Ороздунун кызыл туу, Абаң Кошой карыйа, Туу байлатып алган жер, Делбиретип асманга, Бийик кадап алган жер, Үчкошойду чатырдан, Узатып туруп калган жер, Эки күн өргүп кетмекчи, Эрен Манас кеменгер.

Эркинче дуулап ойногон, Эми Манас нетиптир, Кайтарга жакын калды, деп, Калган жер көрүп кетиптир, Как ошонку күндөрдө, Айрылып чыгып Көкчөдөн, Алмамбет чукул жетиптир. Эр Алмамбет баатырың, Шашкелик жолго бурулуп, Жаңгактуу жерге урунуп, Жер ортосу туу белде, Ат откозуп бир жерге, Кайгысы кумдай эшилип, Кайрылып көзү тешилип, Барганча чөгүп тереңге, Улутунуп эчкирип, Самандай өңү кубарып, Сакалдан ылдый жаш агып, Олтурган кези муңайып.

Эртеси Көкчө туруптур, Таза кудай уруптур, Карды ачып кайышып, Кабыргасы майышып: — Тамагың барбы, катын? - Таба көргүн бачым, — деп, Көтөрүп башын алыптыр, Айакка назар салыптыр. Дайарлатып сорпосун, Дасторкон кылып торкосун, Кошкон майга шекер-бал, Сары казы, керткен жал, Карын-карта, куйруктан, Алып келип койду эле, Кокойто созуп ал мойнун, Абыдан өйдө болду эле, — Шектүү даам ал ичпейт, Шекер менен бал, — деди, Казы-карта, жал, — деди, Алмамбетти чакырып, Алып келе кал – деди. Кеткени менен иши жок, Үч-төрт айтты эр Көкчө, Жооп берген киши жок, — Уругу казак элибиз, Опсолоң кылган кебиңиз, Араңарда көрүнбөйт, Алмамбет арстан бегибиз. Үч күндөн бери жыйынга, Жыйылып тегиз келдиңиз, Кой менен бээни көп сойуп, Айабадык деги биз, Сырттан Алмаң баатырды, Кашыңарга чакырбай, Кантип тамак жедиңиз? Кычыргын десем унчукпай, Кимиңдин бардыр кегиңиз? Азмунке деген бий экен, Алмамбетти жектеген, Алтымыштын бири экен: Козубай деген бар экен, Короолош жүргөн бай экен, Бири бий да, бири бай, Азмунке айтты сөзүн жай: — Мастыктан баатыр, билбепсиң, Маанисиз жерден тилдепсиң, Алдыңда айткан көп сөздү, Кулагыңа илбепсиң. Мас болгон сага теңелип, Ачууланып кекенип, Агеркечиң алам, деп, Жайы келсе Көкчөнү, Сапса кылып салам, деп, Көгала атты минем, деп, Көк күбө тонду кийем деп, Көз каран кылып казакты, Көпчүлүктү билем, деп, Көрүнөө болсо каршылык, Бетиңди бирден тилем, деп, Көзүңө сөөмөй шилтеди, Ордоңо эми тием, деп, Унуткусуз сыр кылды, Ушул бизге чыр кылды, Топ жигит карап турбады, Туш-тушунан жаалады. Кайгырып эмне кыласың, Калкың аман турбайбы? Каныңды кулга төктүрсөк, Казакты кудай урбайбы? Элирген аттай сыйагы, Элиң аман турбайбы, Элкин кулга өлтүрсөк, Элиңди кудай урбайбы? Канжарлап кардың эшерде, Каныңды төгөр кезинде, Тайрайтып төргө жаткырып, Таарып мойнуң кесерде, Айлансаң болот жалпыдан, Айрып алдык кулуңан, Тосоттоп чыгып бөөдө өлдү, Карагулуң жолунан, Жин даарыган бакшы эмес, Кесир урсун кытайды, Кечеги сөзү жакшы эмес! – Азмунке сөзүн сүйлөдү, Ак шамшардай бүлөдү, Ага Көкчө ишенбей, Азыраак турса күмөнү, Сөз артынан жанагы, Козубай сүйлөйт күбөлүү: — Мен айтайын калыс кеп, Бузуп айтпа, баатыр, — деп, Бузукулук биздерде, Мас болбой анда соо жүргөн, Агеркеч каныш такыр – деп, Агеркеч айтты акыл кеп, Элебей койдуң кайра – деп, Чыдай албай толгонуп, Чыгып кетти запкы жеп, Алмамбет көзү мында жок, Андай бузук кылган жок. Көрүп Көкчө жайыңы, Көгала атты сурады, Минейин деп майыны, “Көк атты берет дегиче, Көкчөнү өлдү десеңчи”, Кетирип шайын анетип, Көк куштан бетер чырт этип, “Каалаган атың мингин – деп, Кайра бачым келгин” – деп, Айтканың элге дайындуу, Азамат кетти жалындуу, Анты-шертин тапшырып, Акырегин жаш кылып, Чыгарында соо койбой, Мойундарын узартып, Билегин түрүп муш атып, Канжарын шилтеп канчасы, Кылычын урду анчасы, Ушундай кетти Алмамбет, Каар көрүп ханынан Калк бийлеген баарыңан. Алмамбет анык эр экен, Албарсын кындан сууруду, Катышкан кулду талкалап, Каргадай башын кутултту, Урматтуу ханым, окуйа, Ушундай болду – деп турду. Айтканды Көкчө туйунду, Айдай бети кубулду, Тамчыдан бетер мөлтүлдөп, Тарамдап жашы куйулду. Алымсейит, Жутуну, Тынымсейит, Шуутуну, Аш кайнамда чакыртып, Алдырып келип ушуну: — Хан Алмамбет душманбы Качырыпсың султанды?! Болорун мурда болжодум, Чырмап жүрүп кырк жигит, Чыгармак элең ойронум! Абасы таза асманым, Кармаганын куткарбас, Карысы болот капканым, Ажыдаардай сүрү бар, Алмамбет эле арстаным. Качырып тийер жолборсум, Карчашып турган кезекте, Каралды болор жолдошум, Иримчик тартты көңүлүм, Ишимдин билдим оңбосун! Кабарым алыс кеткенде, Канатым өсүп жеткенде, Жетилгенде куйругум, Аткарылып буйругум, Оңшомок экен кулдарым, Сынган экен айагым, Сыздаган экен туйагым, Кетилген экен канатым, Кемиген экен санатым, Мурдарчылык кылышын, Мурдатан эле адатың, Качкан экен арбагым, Бузулган экен чарбагым, “Куш качырган көк карайт, Көрүнгөн талга көп карайт; Ат айаган жер карайт, Ажааттан адам чыгарбайт” Сураган болсо атайын, Көгала атты тартайын, Көңүлү менден ооруду, Көк күбө тонду жабайын. Ним Көкчөнү өлтүрбөй, Тирилтип алып кайтыңар, Талаадан таап Алмаңды, Таттуу сөздөн айтыңар. Көкчө тосуп чыгат, де, Коркор бекен кудайдан, Кайтар бекен ырайдан?! - Бардашы журттан бөлөкчө, Бармак болду эр Көкчө, Айыл башы алтымыш, (Абалтан ага кол кабыш) Астыртан кабар салышты, Азыр келип калышты, Буудайбекти чакырып, Арасына алышты. Ашыгышып элеңдеп, Арактан калды белендеп, Көзү менен жаңдашып, Күчтүү арак алдырып, Күчү жанып, калат, деп, Күчаладан салдырып: — Аз-аздан жутуп, алалык, Анан жолго салалык, Куршукканың жазылсын, Буулукканың басылсын... Экини берип элиртип, Эрендин көөнүн семиртип, Үчтү берип үшкүртүп, Оолуктуруп алганы, Оң-тескери сүйлөшүп: — Аттаналы, чабалык, Алмамбет кулду табалык, Атайлап киши жиберип, Алашты түгөл жыйалык, Алып келип ал кулду, Агеркеч нике кыйалык! – Укканда муну эр Көкчө, Буулугуп өңү бөлөкчө: — Арагың болсо, куй! – деди, Арты-артынан бол! – деди. Буластай басып Буудайбек, Сүйүнүп ойго жеттим, деп, Буудай арак куйуптур, Суусуну канып туруптур, Үргүлөтүп көздөрүн, Көкчөнү кудай уруптур. Мындайча арга табышты, Мас кылып аны салышты, Арбак ургур жатсын, деп, Тарап кетип калышты.

Мас болуп Көкчө жыгылды, Баатыр Алмаң не кылды? “Ат оттосо жай алган, Аркардын оту бөксөнүн, Ат чалдырып чөптөрү, Аркасын эч бир көрбөдүм, Айдаркан уулу Көкчөнүн. Мал оттосо жай алган, Маралдын оту бөксөнүн, Мал жалгаган чөптөрүн, Пайдасын эч бир көрбөдүм, Башымды кошкон Көкчөнүн. Аркамды карап көп жүрдүм, Ак ышкын терип жеп жүрдүм, Айаш атам иш билги, Айдаркан кыйбайт деп жүрдүм: Көт жагым карап көп жүрдүм, Көк ышкын терип жеп жүрдүм, Жан кыйышпас дос элек, Көкчө кыйбайт деп жүрдүм. Бир күндүк жолду үч күнү, Бекер ачка бастым, деп, Карайлап көзүм талды – деп, Карыптык жанга батты” – деп, Кайгы булут сүрдүгүп, Хан досунан түңүлүп: “Мында туруп нетейин, Не мураска жетейин?

Башымды алып кутулуп. Башка жакка кетейин, Бурулбай жүрүп батышка, Мекенин суусун ичейин”. Ойуна муну алыптыр, Оолугуп жолго салыптыр, Түз Манаска барууга, Баарын билген Алмамбет, Самаркан жолун биле албай, Ошондон куру калыптыр. Казактан чыгып кайгырып, Кадырлашы Көкчөдөн, Каргаша болуп айрылып, Күн батыш алып маңдайга, Тили кургап таңдайда, Чыканак жерге салбастан, Чырым уйку албастан, Тирүүлүктүн кубаты – Тырмактай даам татпастан, Аты керт этип чөп жебей, Чөп жесе да, көп жебей, Эр кылт этип суу ичпей, Көйнөгүн желпип бел чечпей, Ай талаада жүргөн кез, Аманат жаны күн кечпей. Ачкадан боору эзилип, Айнектей көзү сүзүлүп, Керсаргыл тартып ыраңы, Кетүүчүдөй үзүлүп, Арман кылат эр Алмаң, Азаптана үшкүрүп: “Меккени алдым бетиме, Өлүмдү алдым нээтиме, Каралашкан казагым, Казагым берип азабым, Каңгып жүргөн бир жаным, Кайсы жолду басамын? Залалын тартып калдайган, Карга учпас талаанын. Элинен азган элкинмин, Эгем таала сен үчүн, Элимди кырып желпиндим. Тобунан азган тозгунмун, Токтоторуң өзүң бил, Караан калган дүйнөдөн, Кайып болуп жоголсом, Казактарды жок кылып, Жоктоторун өзүң бил. Парбардигер кудайсың, Бизге окшогон карыптын, Бере көргүн мурадын! Алсызга колуң суна жүр, Арына көңүл бура жүр, Йа, парбардигер жараткан, Датын төксө уга жүр, Айтсам сөзүм түгөнбөйт, Жамгыр болуп төгүлөт, Кабыргалар кайышып, Капталыман сөгүлөт. Жекендей болгон бир жанмын, Жергелеш жок бутагым, Өңгөдөн мага жардам жок, Өзүңө жаным тапшырдым. Кокодо өскөн бир жанмын, Короолош жок курдашым, Кулум десең, жараткан, Кудайым сунгун жардамың, Эрте менен кечинде, Кайта ойлонуп санасам, Кайгым батпайт ичиме”, Адам таппас талаада, Алмаңдын кетип амалы, Арбып санаа ырбады. Ташыркаган ат өңдүү, Талаада жалгыз куурады. Алмамбет жүрүп барган жер, Аралкөл деген жер экен, Айагы деңиз суу экен. Күн ысып, тери жошулуп, Мусаапырлык түшкөн кез, Муңайып көңүлү бузулуп, Кабагынан кар чыгып, Мурутуна муз туруп, Ачкалыктан Алмамбет, Кабышып карын турган кез. Күн жактан Алатоо көрүп, Үңкүрдөй кара коо көрүп, Ойду көздөй бет алып, Оттой ичи тутанып, Казак, кыргыз – түрүк деп, Каерде өлөм, жүрүп, деп, Кара кырчын кара суу, Хан Алмамбет султандын, Капташкан жери мана бу. Ийри-буйру кара суу, Илебинде кырчыны, Найза сайса бойлобойт, Ирими кайнап бороктойт. Бөлөк-бөлөк чулугу, Илек-илек, көк кытан, Ийри тумшук бирказан, Төрт канаттуу чалгыны, Султан Алмаң караса, Суу кушунун баары бар, Саздуу жерин ээлеген, Ызыллдап ызгыч дагы бар. Учуп жатат башка куш, Ызгыч кара кашка куш, Ызылдаган ызгычка, Алмамбет ушул болгон туш. Канаттары дүрүлдөп, Катуу учат күрүлдөп, Күүлөнүп кыйын канаты, Адамды көрсө тийүүчү, Башынан бери адаты, Аттанып кара суулардан, Асылы Алмамбет кутулбайт, Ызылдаган булардан. Жакынынан жат болуп, Көңүлү кирдеп дат болуп, Элкин болуп элинен, Медери кетип белинен, Кужуру келип куршугуп, Кыжыры кайнап кырданып, Кыраан Алмаң сурданып, Суу көтөрбөй сиркеси, Ызгычка айткан бир сөзү: — Ызылдаба, ызгыч куш, Кайдан болдум сага туш? Сайраганың сүйбөйүм, Тийгендей болот катуу муш. Ызылдаба, ызгыч куш, Темселеп болдум кайдан туш? Ылжырап турган жарама, Куйгансыйсың ачуу туз.

Канаттуудан сен жалгыз, Какшыган чөлдө жүрүпсүң, Кара баштан мен жалгыз, Кайыр элде бүтүпмүн; Куйруктуудан сен жалгыз, Кубарган чөлдө жүрүпсүң, Жумуру башта мен жалгыз, Бөтөн элге бүтүпмүн, Кубанышты билбеймин, Күндө күчөп кирдеймин, Уйаң менен ишим жок, Учурарга кишим жок, Ушул жерде жаныбар, Улуп калар итим жок. Балаң менен ишим жок, Барсам сыйлар кишим жок, Басса ажал тоосу, Башымды сактар итим жок, Койсоңчу, ызгыч коштобо, Жолуман чыгып торгобо, Өжөрлүк кылып өлүмгө, Өзүңдү өзүң зордобо, Айдаркандын Көкчөдөй, Жалгызсың деп кордобо! – Ал сөздү айтып далайып, Ачкалыктан шалайып, Муундары калтылдап, Эки буту салайып, Алмамбеттин көздөрү, Аңтарылып алайып, Жыгылар кезде эндиреп, Тумшугу менен жер сайып, Кайран ызгыч аңкылдап, Өз тилинде сүйлөнүп, Келип тийди күүлөнүп: “Өз жериңде жүргөндө, Өкүмөт күткөн бир далай, Өзүнчө келип Көкчөгө, Нөөкөр болгон бир малай” Туңшасында турганда, Журт сураган бир далай, Саптап келип Көкчөгө, Санаттуу жүргөн бир малай: Элиңди таштап шимшилеп, Эмине келдиң бок бардай?!” – Малайлык ойлоп башына, Эрдемсип ызгыч да келди, Эр Алмаңдын кашына, Санаасы санга бөлүнүп, Заманасы куурулуп, Ысык күндө аккан тер, Ат мойнунда жуурулуп. Кандай жумуш биле албай, Кайышып тиши буулугуп, Камынып келген каркыбар, Жаага кыйын салты бар, Колумсага кол салды, Ошол куш үчүн ок алды, Керичке жаба салыптыр, Ызылдаган ызгыч куш, Чыйылдап келип калыптыр. Атага кылыч суурушкан, Алмамбет кайдан айанды? Тагдырың таштай катсын, деп, Тартып жааны атканы. Алмаңдын көргүн санатын, Ызгычтын атты канатын, Оң канатын сындырды, Ызгычтын жанын тындырды. Чыйраксынып көккө учуп, Айланып жерге жыгылды. Кармап аны колуна: — Жаның худаа жолуна, Кайаша айтып тызылдап, Кабылып калдың ажалга, - Деп ошентип Алмамбет, Карап көрсө жаныбар, Канаты сынган калы жок, Былк этерге алы жок, Бөдөнөдөй өзү бар, Бүтүрөйгөн көзү бар, Насыйкат кылып ызгычка, Алмамбет айткан сөзү бар: — Артык сенин канатың, Ага эмине дардайдың? Ар канча жерде жүрсөм да, Акылга дыкан адаммын. Аңдабай өзүң алыңа, Айланып келдиң жаныма, Ачуумду ого курчутуп, Аңылдап алдың бир кыйла. Адамга келип катылдың, Армандуу болуп атылдың. Тийбейин десем болбодуң, Титиреп жолум торгодуң, Тилегиң катты ушинтип, Тикесинен торойдуң! Катылба десем, болбодуң, Карайлап жолум торгодуң, Кармаштың эле оңбодуң, Кара жер тиштеп торойдуң! Жөөлүгөн чөлдө сен болдуң, Чөккөн арстан мен болдум; Аңкаган чөлдө сен болдуң, Алсыз жолборс мен болдум: Алыңды билбей катылып, А байкуш бекер торойдуң! Берсе кудай жолумду, Чечейин өлүм тонуңду, Бекерче жанга катылбай, Таба жүргүн обуңду, Бүтүрөйүн канатың, Кудай берсин сообумду, - Кайнатма кара дарыга, Шыбап алып жарага, Сынып калган канатты, Кынабына салганы, Алып Алтай кырмызын, Канатын жайча таңганы. Кырма кызыл дарыны, Сыртынан кенен чапканы, Таамайына келтирип, Тал жибек менен таңганы, Учурмакка ызгычты, Алакең кармап ыргады; Ызгыч учту көк жакка, Алмамбет карайт арт жакка.

Аккула менен болкойуп, Арстан эр кырда зоңкойуп, Байатан болгон жумушту, Анык байкап турушу. Арстан Алмаң арбайып, Аралдан чыкты дардайып, Боз жерге келген чагы бар, Ошол келген боз жери, Ашмуранын бойу дейт, Акармандын ойу дейт. Куланы чөлдө жайнаган, Куусу көлдө кайнаган, Аркардай арбын айбан жок, Айдап мал адам жайган жок, Өркөчтөрүн кокойткон, Өрүшүндө төөсү жок, Бараны чоң күнгөйдө, Бадырайган жылкы жок; Өкүрүшүп сүзүшкөн, Өзөнүндө уйу жок. Ыраң чөбү жалтылдап, Көлдөрү сонун шарпылдап, Адам атын билгисиз, Асманда куштар калкылдап, Жыбырап жүрөт кайыбы, Жерди чапчып чайкылдап... Бөксөгө чыкчу жол менен, Бөлүнүп келе жатыптыр, Бөрү жолдо Алакең, Карк алтындан уйутма, Каралжын ыраң тон менен, Адамсыз ээн жол менен, Көрүнүп келе жатыптыр, Айбаттанып алыптыр, Эрмеги жок кашында, Зеригип келе жатыптыр. Анда Манас муну ойлоп, Арстан үчүн так болжоп: “Алла бердиң бишарат, Аң уулап мында келишим, Аңдаса марттык ишарат. Түшүмдө көргөн кылычым, Алмамбеттин кайраны, Жандап жүргөн жолборсум, Алмамбеттин айбаты, Кыргыйдан учкул ак шумкар, Алмамбеттин айласы. Кашымда турса жутунуп, Кай душман кетет кутулуп? Акылын адам тапкандай, Ажыдаар менен жаткандай, Адамзат эмес жырткычтын, Арасына баткандай, Азамат сыны бөлөкчө, Ар кандай адам баккандай, Адашып калар күн болсо, Ар айланы тапкандай, Сунса колду узартып, Жумулса көздү ачкандай, Бала айкөл мен тургай, Те байыркы пайганбарга жаккындай. Бас киши менен тең жүрчү, Карапайым көрүнөт, Кабагын көр, кашын көр, Караса көңүл бөлүнөт. Орто бойлуу, кең далы, Туткандын чыгар далдалы, Туруп душман бет албас, Бул замандын балбаны. Баатыр болчу башы бар, Жеңдей болгон кашы бар, Жылдызы чыгат бетинен, Жыйырма сегиз жашы бар. Өмүр бойу жолдошум, А дүйнөлүк колдошум,” Деп ойлоп Манас кылт этип, Кайра тартып жылт этип, Кайкыга Манас киргени, Элесин көрүп эр Алмаң, Элейип тура калганы, Эби толук келди деп, Эр Манас абдан байкады. Мергендей мелжеп бет менен, Чекесинде чет менен, Карап калган калкайып, Карааны тоодой заңкайып. Алдында минген Кылжейрен, Келишкен сонун мал экен. Кең соорусу даңкайып, Кызыл түктүү пил экен, Айгайлашкан күндөрдө, Адамзат эрге бел экен, Ат үстүнө жарашкан, Айыкканды жараткан, Кыраакы эрдин бири экен. Айбаты менен ар кимди, Алгандардын бири экен, Атышканын мент кылып, Салгандардын бири экен. Аты да бар бир тоодой, Алышканын куткарбай, Анча-мынча кишини, Ат-тону менен жуткундай. Арстан Манас баатырың, Айыбын таппай Алмаңдын, Аккула менен балкылдап, Кайра чапты калкылдап, Өзүнүн бойун жыйнабай, Өңүрү кетти далпылдап: — Сөз айтамын туйунчу, Төрөлөрүм сүйүнчү, Кеп айтамын туйунчу, Кеңешкорлор сүйүнчү! Баштап жүрсө Төтөбүң, Калкыңда турса бактыңа, Калт этпеген түркүгүң, Айтышар душман жат жерде, Акылы ашкан күкүгүң, Алмамбет келет мен көрдүм, Ар мүнөзүн айбатын, Арстан менен тең көрдүм. Хандык буйрук сактаңаар, Качкын кул деп айтпаңар, Тырмак асты кир чукуп, Тизгинин артка какпаңар. Сай барбы сел акпаган, Саз барбы унаа батпаган? Сапырылса көр дүйнө, Санааны кимдер тартпаган? Алмамбет баатыр бар элде, Алышса душман ар жерде, Ал жетпеген душманды, Жутардын камын кылыңар, Буйрук кылса жардыгын, Тутардын камын кылыңар. Керүүдө түлкү атканың, Көк жайыкта жатканың, Түлкүсүн көрсүн ишиңдин, Түрүн көрсүн кишиңдин, Эки жүз адам биригип, Кеңири ордо салыңар, Элүү-кыркың биригип, Ат откозуп барыңар, Кыркың кызык ойношуң, Чатыраш ойун салыңар, Топ-топ болуп чуулдап, Тогуз коргоол алыңар, Кеште ойноочу кырк уулуң, Кештеге кире калыңар, Топ таш–чакмак ойноңор, Салтанат кылып тойлоңор, Комуз черткен бар болсун, Кошулган обон ыр болсун, Илбирстей болуп суналып, Сөөлөт күтүп барыңар, Султандан артык дуулаңар. Төрт төбөлүү көк чатыр, Дөөкүрсүгөн көп баатыр, Алмамбетти уккансың. Билбейсиң алын эч кайсың. Саксаңдап басып барбаңар, Саламга алик албаңар, Жакшы экен деп көрүшүп, Жалпалаңдап калбаңар, Опол тоодой заңкайып, Олутуңар сактаңар. Күлдүрдүн уулу Алыбай, Күлдүргүчүм Ажыбай, Сырттаным Сыргак, Кутунай, Акимдин бири бу дагы, Акбалтанын Чубагы, Белиме таңуу беш баатыр, Толкундап турган убагы. Көк колот ылдый салыңар, Көрүнбөстөн барыңар, Жаныңа жакын келгенде, Жа азырет! — деп акырып, Жалаң бешөөң жапырып, Капысынан качырып, Доолбасты карс койуп, Мылтык атып тарс койуп, — Капталдан чыга калыңар, Топоңдотуп кубалап, Топту көздөй салыңар, Кожойтуп айдап алыңар, Колду көздөй жаныңар, Койбойум тирүү жаның, деп, Коркутуп айткын баарыңар. Атын коштоп алыңар, Айдап жолго салыңар, Аптыктырып келиңер, Акылын сынап билиңер, Ботонун белин ашыңар, Бол жүргүн деп шашыңар. Бирок менин айтарым, Кармабасын шайтаным, Арстан сындуу эрлерди, Ар канча мыкты болсо да, Алып келип үстүмө, Аттуу салам бердирбе, Жөөлөп айтсын саламын, Жөнүн билип аламын, Басып айтсын саламын, Баркын билип аламын, Беш баатырын белендеп, Көк колот ылдый салыптыр, Көй төрөдөн бул бешөө, Көрүнбөй тосуп калыптыр.

Төрө Алмамбет баатырга, Суу түгөнүп сай болду, Түштүк жагын караса, Тоо азайып бел болду, Жол айрылып үч болду, Армандуу болуп кайгырып, Агып жашы сел болду, Айыл сураар адам жок, Жол сураган жоро жок, Тоодой болуп керилип, Токтой калып элирип, Тобокел деп түштүккө, Жөнөп калды теминип. Оңду таштап оолугуп, Алакең кирди сол колго, Абал кудай кез кылган, Алтымыш жигит осолго, Көңүлү кетип бириндеп, Көлдөттү ойун ошондо: “Жалгыз агым жараткан,

Жардыгың уккам байандан, Тууган сени эне жок, Тулку бойуң дене жок, Талаада жалгыз кыйналдым, Тагдырыңа дабаа жок, Өлүмгө баскан кургурмун, Өзүңдөн башка панаа жок. Эчен түрдүү жан кылдың, Бир өзүңдө кубатың, Бар кудай кар кылба деп, Байкуш менин муратым, Отуз жети бөлүмдө, Бул дүйнөнү жараттың, Ошолордун баарысын, Орду менен тараттың, Өңгөдө канча бийлик бар, Өкүмүңө караттың, Отуз жети бөлүмдүн, Онунда көл, ону чөл, Көлдө күңдү чөл көрбөй, Чөлдө күндү көл көрбөйт, Узактыр алла тагдырың, Өкүмүңө ким көнбөйт? Борошоңдо буйугуп, Бүрүшүп турган мен бөжөк, Боздото бербей ботодой, Болор бекен бир жөлөк? Баранды менен чаранды, Дөөлөр менен адамды, Инсу-жин деп аталып, Он бөлмө жерге таралды. Жетөөнү бүткүл тоо алды, Орунсуз жери калбады,...” Элкин бара жатканда, Эгесине жалбарды, Жондон көргөн белгиге, Бет алып жолго салганы. Белендеген беш баатыр, Таанымалдуу баары алгыр, Кабактан чыга калганы, Мылтык атып тарс койуп, Доолбас уруп карс койуп, Жалаң бешөө жабылып, Жеп ийчүдөй бакырып, Чукул жерден чуу тартып, Жакын жерден жаа тартып, Качырып чыга калганы, Бирлигин санап алланы, Минтип келген Алмамбет, Чил учкандай жалт этип, Бир да карап албады, Коргошун жүрөк таш билек, Коркпой турган Алмамбет, Жайык маңдай жазык төш, Ажыдаар ооз, жалын көз, Жан катылчу неме эмес, Арзандык менен бендеге, Оморулуп кебелбес. Кылжейрен атын кылдыйтып, Кымбаттуу найза зыңкыйтып, Салам айтып шалкайып, Кылыч кында кыңгырап, Айбалта белде шыңгырап, Адамдан башка түрпөтү, Ак мейкин зоодой зыңгырап, Кол салса кокус кыргындай, Кырып койуп тынгындай, Кылгылыкты кылгындай. Айбаты жолборс, ач бөрү, Ашкере башка көрүндү, Ким катышса катышсын, Мойнуна алса өлүмдү, Бар турушу келбети, Баашалык сыны көрүндү. Байкап көрсө баатырды, Манасынан кем эмес, Бар кудай берген, деп, Баатыр Сыргак жол баштап, Алдына түштү тепеңдеп. Ашты Мойнок белинен, Жалгыз ооз жайын укпады, Алмамбеттин кебинен, Алмамбетти көргөндө, Айрылып калды ал бешөө, Алактап жүргөн желинен. Муну мындай таштайлы, Алмамбеттин Манаста, Калганынан баштайлы.