← Манас 1/11

Көкөтөйдүн ашы

Казак, кыргыз элинде, Албандардын Көкөтөй, Айылбашы ханы эле, Уй түгүндөй малы эле, Анткен менен Көкөтөй, Калмактардан кар эле. Ороз өлүп кеткенде, Калган кыргыз элдерин, Калмактар бөлгөн кездерде, Алыстап турсам белем деп, Ташкенге көчүп кетти эле. Ташкенге көчүп баргалы, Арбып малы төлдөдү, Азайбады көбөйдү. Ак жамбы таштай кулады, Алтынын күпкө куйганы, Малдан арбын өлүүнү, Бай Көкөтөй жыйганы. Дем албай басып беш жүз төө, Шаар кыдырып чубады, Өлүү-тирүү жик болду, Бирок бала жок болду, Өңүнүн жадап Көкөтөй, Саргайган саман чөп болду, Бир күнү үйдө жаталбай, Же көр дүйнөнү ката албай, Же көзү кыйып талаага, Бекер таштап аталбай, Адырлуу тоону басам деп, Аң уулап көөнүн ачам деп. Коросон оттук жагыптыр, Котчудан отуз алыптыр, Кара урчук деген адырга, Калың топ Көкөң барыптыр. Ыйлап жаткан бир бала, Адырдан таап алыптыр, Арка бети адырдын,. Кайыпчы деген жер эле, Кайыпчы мага берди деп, Хан Көкөтөй алыптыр, Алып барып багыптыр, Малын чачып той берип, Бокмурундун тойу деп, Айтылып элге калыптыр. Үч күндө бирден кийимин, Кедейлерге бердирип, Садага чаап күнүгө, Бирден эчки мууздатып, Кескилетип бирден уй, Келгендерге талатып, Катындан алты ылгатып, Ар кайдан издеп таптырып, Толук берип акысын, Көтөртүп жүрүп бактырып, Таманын жерге тийгизбей, Эски кийим кийгизбей, Эркелетип багыптыр, Эр жеткизип алыптыр. Тогузунда Бокмурун, Мааникер минип ойнотуп, Барбаган жерге барыптыр, Жерди көрүп алыптыр, Он экиге келгенде, Алгыр бүркүт салыптыр, Бокмурун антип жүргөндө, Көкөтөй ооруп калыптыр. Боз кыроолуу мезгилде, Сонордун сонун кезинде, Бүркүт салып Бокмурун, Келбей калды кечинде, Шайы кетип бошоду, Ошол күнү бешимде, Бокмурунду чакыр, дейт, Келе түшүп эсине. Чапкылап бирөө кетиптир, Бокмурунга жетиптир, Коркутту атаң дей албай: — Кара атан, өлдү, бар деди, — Сойулар өлсө -деп койуп, Адырдан бери баспады. Кайра келип барганда: — Хан атаң өлдү!-деп барды. Кара атан өлсө сойулар, Хан атам өлсө койулар, Кан сонор кайдан табылар! — Деп ошентип Бокмурун, Эмгиче макал кеп калды. Жайма көкүл жаш Айдар, Бирөөнүн жалгыз баласы, Мааникер минип жол тартып. Дайра кечип бел ашып, “Бегимдин кебин алам-деп, Бүт элге кабар салам”-деп, Бастырып жөнөп кетерде. Бокмурун айтты мындай кеп: — Үрбү жакын агабыз, Ага кабар салабыз, Андан кийин калганга, Анан кабар кылабыз-, — Үрбү агасын чакыртып, бар керегин жам кылып, Белендеп турган Бокмурун, Жайын жакшы каздырып, Чарасын терең ойдуруп. Топурагын тарттырып, Кыштын күнү тонгон жер, Үстүнө чатыр жаптырып, Жай казганды кетирбей, Ошол жерге жаткырып, Казанагын ойдуруп, Баш-айагын чойдуруп, Жай казганы он киши, Он асый байлап койдуруп; Маргалаң, Кокон, Наменген, Бадакшан, Балык, Букарга, Кабар берип буларга, Самарканга айттырбай, Көкөтөйдү койуптур. Доораны токсон толуптур, Жуугандарга тогуздан, Баарына окшош болуптур, Ыскат атын токутуп, Жаназасын окутуп, Аруулап таза жуудуруп, Ак кепинге салдырып, Айак-башын буудуруп, Жасатын жерге жашырып, Бүгүн мында түнө деп, Он кишини жаткырып, Уктатып койуп Үрбүнү, Кыркына эли күтүндү. Кайрылышат туугандан, Кадыры өткөн жатынан, Белдүүсүнгөн, бийлеген, Билимдүү мырза залынан, Кыркына тегиз чакырды, Ата конуш айлынан. Сураштырса Манас жок, Шүкүрлүү кеткен уу кылып, Кабарчыда кайыр жок, Барбай койду бурулуп. Кыркын берип болгондо, Бокмурунду бала Үрбү, Көчүрүп алып кетиптир, Кең Кеминге жетиптир. Кыш өтүп жайга айланды, Желеге кулун байланды, Суйкал аттуу бир келин, Бокмурун жаткан чатырга, Түштө кирип барганы. Тайрайып жаткан Бокмурун, Сунган бутун тартпады, Өз алдынча пейилсип, Жумган көзүн ачпады, Суйкалдын келип кыжыры, Мына мындай айтканы: — Эсирген байкуш эсиң жок, Эчтеме менен ишиң жок, Тышың тери, ишиң бок, Бутун тартпай чойкойот! Хан атаң өлсө келбепсиң, Калкыңдан угуп жүрөмүн, Күнүгө чаап садага, Баккан экен сарбаптап, Ашы–жытын бербейсиң! Үрбү алат бир күнү, Элиңе кошуп малыңды, Асыранды билбейсиң, Жок экенин арыңды, Ээ болбойсуң мал-пулга, Эми эбиң табылды! Чыканактай эр Агыш, Куда болду эжеңе, Кеңеш кепке алдыбы? Арак ичип шылкылдап, Үйдөн чыкпай калдыңбы? Көрбөй сени ал күнү, Мен көзүмдү жуумп алдымбы? Эки жыл өтпөй арада, Кыр көрсөттүң сен мага, Баккан акын жандырбай, Атадан кеткир садага! Кокондуктун элинен, Бир жүн төш катын алыпсың, Күндүз жатып уктайсың, Күн жанынан чыкпайсың, Түндө жатып уктайсың, Түн жанынан чыкпайсың, Сен жетипсиң катынга, Какчаңдаган кара сур, Ара күрмөй качырга- Шылдың кылып абыдан, Күлө сүйлөп шылкылдап, Эликтеп бетин чымчылап, Чыгып кетти эшикке, Белдемчиси буластап. Ардыккандан Бокмурун, Ачык көргө кире албай, Ажалдан мурда өлө албай, Чок түшкөндөй ич күйүп, Ок тийгендей бүк түшүп, Эки күн жатты түнөрүп, Өлүүчүдөй көгөрүп. Үрбү бир күн үч келип, Кара жанга күч келип, Тайын сойуп атайлап, Чакырганга болбоду, Козголмок тургай ордунан, Тике карап койбоду. Жезбилек келип баланы, Жетелеп барды колунан, Кеткендей болду Үрбүнүн, Эми иши оңунан. Үрбү сурап калыптыр: — Айланайын чунагым, Эмне мындай аваңдын, Коркутуп жанын чыгардың? Күнөөлүк өтсө айтып кой, Ачууңду сенин сурайын,- Суйкалдан уккан кептерин, Коройтуп айта албады, Аштын кебин салганы: — Абаке сени каралап, Ташкенден келсем сабаалап, Шылдыңдап жүрөт теңтуштар, Кышында өлгөн атаңа, Аш бере албай койдуң»- деп, Мени кылып жаман ат. Ташкенге көчүп кетейин, Көнүк жерге жетейин, Короолош элге кошулсам, Аш бере алар бекемин? Агам деп сизди каралап, Мен бекер келген экенмин, Толтурат деп көөнүмдү, Көчө келген экенмин, Толмок тургай көңүлүм, Өчкөлү келген экенмин, Баш көтөртпөй жаман ат, Каран дүйнө жалгандан, Кайгыда өтөт экенмин! Бокмурундун кебин укканда, Кумсара түшүп Үрбү да, Капаланып кайгырып, Жаны чыгып ушунда: — Үч күндөн бери Бокмурун, Койдуңбу коппой ушуга? Кыйарлык кылсам мен сага, Иним койгун тузуңа! Келберсиген чунагым, Кейишке мынча батпагын, Келүүгө элге кат жазам, Эптүү киши атказам. Олуйа Кошой кыргызда, Айылда Көкчө казакта, Өзүбекте Сынчыбек; Бадакшанда Малабек. Букардагы Карахан, Балыкта бар Алабек, Дүйшөнбүдө Козубек, Кебез тоодо Эр Төштүк, Жети өгүздө Алп Агыш, Бетбактыда Көкбөрү, Айланасын карасак, Дагы турат көптөрү. Коросондо Мырзакмат, Кыйбада турат Дабытай, Жети сууда Багыш бар, Кең Үргөнчтө Акун хан, Бу да кыргыз уулунан. Жеркен,Котен, Лопнурда, Таабалды, Нура, Карача, Бел болуучу ушулар, Берели кабар буларга. Ара жерде Кеңтокой, Кетментөбө калаасы,

Мыкты чыгып келатат, Кендирбайдын баласы. Сөзү таттуу, нурдуу жүз, Керкөкүлдү алалы, Ошолордун баарысы, Биз менен бирге санаасы, Кара мүртөз кан ичме, Жакып байдын Манасы, Бүтүн элди башкаруу - Колунан келсе чамасы, Ал Манастын чунагым, Олуйа көрсө урушуу, Оңолбогон жумушу, Очоктуу байдын баарына, Одураңдап турушу, Кожону көрсө урушу, Коркоңдоп келип турушу, Короолош байдын баарына, Кордук экен жумушу. Тууганды тууган билбесе, Кишини көзгө илбесе, Мунайым айткан кеби жок, Такыр өкүм сүйлөсө, Ашка бузук салбайбы, Манас мында келгенде. Кечээ Араникте урушта, Агаң Үрбү, эр Көкчө, Кызмат кылдык бөлөкчө. Бүлдүргө олжо бербеди, Бооруна басып бирөөгө. Ошонун баарын чакырып, Алып келсек кеңешке, Кыйын түшөт биздерге, Алар дагы кыйналат, Кыйын жана келерге. Азыркысын кеңешке, Кошой менен алп Төштүк, Музбурчак менен Керкөкүл, Сен экөөбүз кошулуп, Кеңеш кылсак эп келет, Үй тикчү жер, келчү эл, Ошолорду белгилеп, - Хан Үрбү мындай айтканда: — Айланайын абаке, Акылдын кени береке, Жеткирдиң эми тилекке, Жатса уйку кангысыз, Сүйүнүч кирди жүрөккө, Көөрүктөн чыккан ширөөдөй, Курч байладың билекке. Чакырчу элдин билгисин, Ал күнү мага бергиле, Бокмурундун айтканын, Хан Үрбү кабыл алыптыр, Кеңешке келчү кишиге, Он беш күндө келүүгө, Үрбү кабар салыптыр.