Мааникер сурайт дедиңби? Олураңдап калмактар, Оозуна келген кепти айтып, Ушинтип бокту жеди деп? Кайта бүгүн алгындай, Калмактар берген мал бекен? Мааникер сурап, биздерге, Же берүүчү кызы бар бекен? Сураса бере бергиндей, Ошончо Манас кар бекен?! Коркутуп атты алгыдай, Коңурбай кандай зал экен?! Эсен хан минсе жарашып, Бокмурун минбес мал бекен? Бокмурундан Эсенхан, Артык жери кайда экен? Кайда жүрөт алар?! — деп, Ачууланып алганы, Жалын чыгып көзүнөн, Жаалы келип калганы, Бошоду оозу эми деп, Үрбү келе калганы: — Амансыңбы, баатыр?! – деп, Кепти баштап жатканда, Арка жактан чуркурак, Жаңжал чыгып калганы, — Булар эмне болду? – деп, Баатыр Манас сурады. — Эт талаган калмактын, Ызы-чуусу экен, — деп, Үрбү айта салганы. Ушул кепти укканда, Ойон Манас баатырдын, Кармай калды шайтаны: — Хан болбой кара жерге кир, Эт талаган калмак, -деп, Уйалбай мага айтканы... Кара жаак булдурсун, Кармап колго имерди, - Адам болбой өлгүр! – деп, Үрбүнү тартып жиберди, Камчынын көгү жетиптир, Бети айрылып кетиптир, Аркасына бурулса, Мөндүлөгөн көп калмак, Мөндүрдөй болуп эт талап, Жылгын шишин колго алып, Жыла басып баратат, Балгын шишин колго алып, Балпаңдай басып баратат... Каарданды кабылан, Кар жаагансыйт кабактан, Арстан айткан кептери, Ат чабым жерге угулган: — Аш көргөнү келдиңби? Же ач өлөрдө келдиңби? “Жаман үйдү эзелтен, Конок билет” деген бар, Бул макалдын мааниси, Турбайбы так ушундай. Чакырдым ашка келсеңер, Айрым жерге түшүп бер, Башка пейлиң бар болсо, Ачык айтып жооп бер! Тартылып калар чамам жок, Жан айоочу адам жок. Ачуум келсе каңгайга, Ушул жерде жагам от! – Айкырыгы таш жарып, Таштан алкып баш жарып, Кара жаак булдурсун, Оңдоп колго карманып, Оң -тескери булгалап, Топоңдотуп калмакты, Тобун бузбай кубалап, Кыжылдаган капырга, Кырк чоро бары жабылды, Арстан үнүн укканда, Туш-тушка калмак жайылды, Карышкыр көргөн кой өңдүү, Так ортодон жарылды. — Алаш бөлүн бир жакка, Күн чыгыштан келген журт, Күлдү барың бир жакка!- Деп ошентип айкырды, Арык уйдай сабады, Кетечинин ийри жар, Айдап барып салганы. Айдоосуна чыдабай, Атактуу калча оңбогур, Атына мине калганы, Бастырбай кармап чылбырдан, Нескаранын айтканы: — Андай эмес, баатыр, — деп, Айал кылгын акыр, -деп, Чакырып келсе ашка деп, Бышкан этин талап жеп, Бизден өттү такыр кеп, Бейбаштык кылган бул тургай, Хан Үрбүнүн жаагыны Жара чапты Манас, — деп, Мурун чапты ал ашты, Баш бербей бара жатканда, Анан элди сабады, Кетечинин жарына, Мына минип камады, Жан айабай тийербиз, Капташа түшсө убакты, - Кармап алды ошентип. Нескара болбой кара атты, Минген атын камчылап, Көзүнөн жашы тамчылап, Келип түшө электе, Көкөтөйдүн Бокмурун, Дартын төктү Манаска: — Болот экен түрдүү иш, Акылдан адам адашса, Чакырыпмын элебей, Келиптир калмак ченебей, Сизден мурда бул элди, Бучкагына теңебей. Коркуп калмак калчадан, Нескара манжу, анчадан, Жолой менен үчөөнү, Алты бедөө ат бердим, Алты атанды комдотуп, Алтын, күмүш көп бердим. Абийиримди кетирип, Гүлайымды алам, дейт. Мааникерди минем, дейт, Амалы канча буруттун, Өз эркимди билем, дейт, Көкөтөйдүн көп дүйнө, Уйум менен кирем, дейт. Үрбү, Кошой биле элек, Күптүн оозун ачтырып, Кара атанга арттырып, Жатарда бердим көп алтын. Мааникер сындуу атты алсын, Айкөлүм Манас, угуптур, Аманат чымын жан калсын. Тентитип түпкө жетеби? Же, ашка келген Алашты, Такыр чаап кетеби? Ачкөз Коңур ант ургур, Талабына жетеби? Айтур, оңой эме эмес, Оңойлук менен адамга, Оморулар бел эмес, Адам өлчөөр тоо эмес, Тие турган жоо эмес... — Божураган, акмагым, Өз алыңа бакбадың, Атаңдын ашын беребер, Бекер Манас мен эмес, Калчага түшүп ат берер, Мелчемдүү киши ал эмес, Менден келип ат минер! – Деп ошентип зор Манас, Тура бербей тай талаш, Жыра басып, түз кылып, Талкалап кеткен кемеге, Кемеге кайра ойдуруп, Жаңылап малын сойдуруп, Бардыгы келди хандардын, Баатыр шерге чогулуп. Хандарга Манас кеп айтат: — Кебимди уккун, — деп айтат. Келген элдин санын көр, Жакшы-жаман барын көр, Каркыранын туш-тушу, Тоосу жок мунун жайык жер. Азыр болгун малыңа, Астыңда минген атыңа, Жатып алып тайрайып, Миңген аттан айрылба. Миңгениңен айрылсаң, Датың өтпөйт айылга, Туздай татыйт бир калдай, Чогултуп туруп барыңа.
Чогоолдук кылып жаш балдар, Чокчоңдоп барып катышпа, Катыгын анан беребиз, Өзү келип катышса. Ок дарыңды мол камда, Ойунга кызып жай жатпа, Кыскартып айтар бир кебим, Көз жибергин туш-тушка, Түнүнкүсүн аз укта!- Деп айкөлүң кеп айтты, Кеп айтканда эп айтты. Эртеси этти тартпады, Өзү баатыр бастырды, Жайы менен бердирди, Жалпыга бирдей жеткирди, Жаймада ачка калганды, Бүгүн тойдук дедирди. Муну мындай таштайлы, Ашта болгон шан-шөөкөт, Ошолордон баштайлы.
Ырамандын Ырчы уулу, Ычкыры бапык кырк муундуу, Тебетейи чоктуу уул, Оозу бейбаш шоктуу уул, Көкөтөйдүн Бокмурун, Төө баштап тогуз мал берип, Дейылда баштап Бокмурун, Тогуз сарпай да берип, Шаңшуур жамбы пул берип: — Элдер тарап болгуча, Ээлене жүргөн салтыңча, Боло турган иштерди, Элге айтып бер, — деди. Ырчы уул чыкты элирип, Аргымагын теминип, Жагалданган өзүндөй, Жаш Айдарды ээрчитип. Ырчуул минген Кыланбоз, Айдар минген Куланбоз, Ырчы уул кирди шакылдап, Жаттагандай жапылдап, Аркандай айтса оозу шок, Айтса сөзү чачырап: — Хан Көкөтай ашына, Катышкандар уккула, Жыйылып келген калың топ, Эртеңки күнү эрте коп. Каада ойун башталды, Камда тулпар аттарды. Көкөтөйдүн баш байге, Кырк миң кызыл алтындан, Чыгымы жок сак болот, Биринчи атка ал болот, Аты чыккан бай болот. Оонабасы бир жүз тай, Ошол замат айдап ал. Калп айтты деп калбагын, Хан Манас айтты ушундай! – Кабар салды калкына, Калың элдин жалпына, Ырдап жүрүп угузду, Эрекче хандын барына. Калбай баары угуптур, Аттын баарын суутуптур. Аккуланы караса, Бир күндүк эти бар экен. Кылар айла кайсы экен? Хан Кошойдун элинде, Нармарт деген бар экен, Аргымакты көп таптап, Сайыпкери ал экен. Каныкей киши жиберди, Алдырып Нармарт келдирди, Ээрчитип барып көрсөттү, Эр Манастын Кула атты. Көрүп Нармарт күлүңдөп, Келини эркек туугандай: — Бир күндүк сууту бар экен, Анча эмес чак экен, Ашка чапкан көп буудан, Баштап келчү мал экен. Өргө салса чаалыкпас, Көөдөнү кең турбайбы, Эңишке салса талыкпас, Өркөчү бийик турбайбы, Телегейи теп-тегиз, Бул баатырдын багы турбайбы. Жем бербей кургак тер алып, Кара тер кезде сугарып, Жеңилирээк жабуу жаап, Сыдырым соккон белеске, Жетелеп жүрүп таң атса, Койо берер жерине, Арты коно сууй барса, Чагын көрбөй Куланын, Чанда күлүк калбайбы, Тил жазыктуу болбосун, Кырк миң кызыл алтынды, Башкага бербей албайбы! – Нармарттан угуп Каныкей: — Андай болсо Нармартым, Бүгүн өзүң багып бер, Сага кошуп берейин, Уктабастан эки эр, - Бозуул менен Байматты, Башчы кылып Нармартты, Чылбырынан Каныкей, Кула атты карматты, Таң аткынча чыдабай, Кандай кылып жатат, деп, Ошол түнү үч барды, Кирпиктүү көздөр жумулбай, Күн чыгып кайра таң атты. Ырчы уул салып кабарды, Аттарды элдер чубатты, Чоң куланы мингизди, Койоналы чунакты (Көкбөрүнүн жалгызы, Баладын чыккан чыйракты), — Айланын болот айласы, Адамдан болот өткүр көз, Көзү чекир - карасы, Окшош эмес санаасы, Манжуулардын Нескара, Ошол итти карачы, - Айкөл Манас баатырга, Каныкей айтты мындайды. Эң алдында аттардын, Карачанын кыз Сайкал, Коңуркула бээси бар, Ашкере тулпар чыгаан мал, “Кырк чачы кыздын улуу, — деп, Ургаачы жолу ачык” – деп, Эң алдына өткөрдү. Анын арка жагынан, Чоң Жолойдун Ачбуудан, Анын арты жагынан, Хан Кошойдун Тоотору, Анын арты жагынан, Айап койчу чабуулдан, Калтырчу эмес чабуулдан, Нескаранын Күрөңкер, Анын арты жагынан, Эртөштүктүн Чалкуйрук, Анын арты жагынан, Мурадилдин Кылжээрде, Анын арты жагынан, Бозкертиктин Бууданы, Кызыл ээк Кыйынбоз, Анын арты жагынан, Эркөкчөнүн Көгала, Анын арты жагынан, Борончунун Чоңбуурул, Көкбөрүнүн Карасур.
Санаты ондо Аккула, Адамдар айран калышта: «Кандай иш, деп ушуга, Айкөлүң кошуп жиберди, Аккуланы чабууга». Минемин деп Коңурбай, Алып калды кара атты, Эби келсе чабуулга. — Мааникер менен ат айдайт, Ала качкан ат болсо, Өз-жат дебей тең кармайт. Чыгып келсе байге алат, Биринчи ат болбосо, Мааникер байге албайт, — деп, Ырчы уул айта салыптыр, Ашка келген көпчүлүк, Бул кепти угуп алыптыр. Кызыл чоктуу кытайдан, Кара чоктуу калмактан, Ала байрак манжудан, Шибээ, солон – баарынан, Чоң Нескара баш болуп, Манаска келди көп адам: — Теңдикке, баатыр Манас кел, Байге алар болсо Мааникер, Убара кылбай аттарды, Өзүбүзгө кайта бер. Силердеги Мааникер, Калбыр өпкө жез канат. Аны менен жарышса, Канаты бар куш калат. Төрт айактуу айбандан, Кантип андан байге алат? – Айтканын кабыл алыптыр, Мааникерге байге жок, Ат айдоого калыптыр, Аңгычакты Ырчы уул, Айкырып кабар салыптыр: — Аттын саны алты миң, Ат чабуучу жерди бил. Иле бойлоп чабылат, Шибердин белин ашырат. Илебиндин кырынан, Кароолчу чыгып ат карайт. Он алты күн ары айдайт, Төрт күн атты өргүтөт. “Алла акбар” айтканда, Сай күлүк кайра тартканда, Беш күндө келет бул жерге, Шиберден бери эңкейе, Атыңды таанып эл сүрө, Изчи барбы көп элде, Калтырбастан бергиле. Кайра келе жатканда, Чапкан ат азса түндөрдө, Жолуна салып жүргөнгө, - Көпчүлүктө изчи көп, Алты жүз изчи келди эле, Кадыр Жайнак, Шуутуга, Бир тапшырып берди эле. Келген элди санаса, Жүз кырк төрт уруу экен. Көбүнөн көп, азы аз, Бир миң беш жүз киши ылгап, Жаш Айдарды кылып баш, Булар кетти ат айдап.
Ат чубуртуп Айдарды, Арылып чаңы калбады. Алаштын эли камынып, Жамбы атуучу жерине, Жыгачка жыгач улатып, Бир-бирине куратып. Темир менен кадатып, Жер каздырып бекитип, Мамыны койгон орнотуп, Узундугу бул жыгач, Бир миң элүү беш кулач. Жетимиш танап тактырып, Жамбысын ага астырып, Дайарлатып койуптур, Жамбы атуучу эрлердин, Тамашасын угуптур, Аңгычакты болбоду, Айылдан элдер чубурду, Көкөтөйдүн белгилүү, Желпилдеди көк туусу, Алаштын эли калкылдап, Майданга барып турушту, Калган хан да аттанды, Деңиз боло чайпалды. Мергендин бары жыйылды, Көкөтөйдүн ашында, Байгисинин кыйыны. — Жамбыны атып ким алса, Жамбыга кошуп алары Тогуз атан комдуу төө, Тогуз бедөө жакшы ат, Тогуз ичик булгундан, Топо жукпас кулпунган, Жүз сарыпай чапан бар, Жамбы байге утуп кал! – Байгени утуп алсак деп, Хандар калбай бүт барган. Карасы бар, ханы бар, Мылтык аткан бары бар. Коңурбай барды алдында, Миң балбан баштап туралбай, Миң балбандын ичинде, Жойгарасы дагы бар, Жойгара келди дегенде, Чыр табышты калгандар: — Жойгара чыкса атууга, Аттырбай, Коңур, жеке ал! – Элейип калып Коңурбай: “Мааникерди кечээ эле Калтырып койдук чаптырбай, Ага кошуп чектейин, Алманбетти аттырбай” – Деп ойлонуп Коңурбай, Баштап калды сөзүн жай: — Жойгара эмес угуп кал, Мунун аты Шыпшайдар, Алаш уулу силерде, Сорандыктын уулу бар, Тең окуган бул экөө, Алмамбет менен Шыпшайдар. Биринен бири корккондон, Эл аралап келбеди. Экөөнө тең булардын, Аттырбайлы жамбыны. Шыпшайдар менен Алмаңа, Өнөрдүн тийди зыйаны. Келип турса кезеги, Коңурбай кайдан токтоду, Очогорун октоду, Алтын ээр калмакча, Жамбаштай түшүп чоң калча, Тарс эттире бир койду. Танаптын боосу жетимиш, Жарымын кыркып кеткени. Жанындагы миң балбан, Миңи бирдей камынган. Мылтыгы бар, жаасы бар, Айанбай атты ушулар, Аталбай өтүп кеткени, Кошойго кезек жетти эми. Ээрчиткени миң киши, Абаң өзү баш болуп, Аталбады бир киши. Нескара келди топ болуп, Барында мылтык октолуп, Жамгырдай жаап жебеси, Асман калды чок болуп, Алар да өттү сел боло, Аткан адам жок болуп. Хандар карап турбады, Катары менен чубады, Мылтык үнү дүмкүлдөп, Түтүнү туман булады, Балбандардан эрсинген, Бирөө дагы калбады. Эл суйулуп калганда, Кара көк өзү аттанып, Аккелтени колго алып: “Абам Бакай атайлап, Алып келген Аккелте, Төкөр уста Бөлөкбай, Өзү жасап берди эле. Айтты эле ал кезде, Асынып жүрсөң Аккелте, Ай далыга белек, деп, Атып жүрсөң Аккелте, Аманат жанга эрмек, деп, Айтканы ырас кеп болсо, Атышым бүгүн керек” деп, Атайлап жоого тийчүүдөй, Аккүбө тонун кийинип, Аккелтени колго алып, Ак жамбыны бет алып, Аралап элге киргени. Арасын ача бергени, Аталабы, жокпу, деп, Адамдын бары тиктеди, Алчаңдата бастырып, Арстан жөнөп баратып, Айманбоз оозун бош койуп, Кыйшайа түшүп оңдонуп, Карап калды эр Манас, Окчо кармап бир койуп. Мылтыктан түтүн бур деди, Жер дүңкүлдөп шуу деди, Түтүн менен жалпы эл, Кош жаңырык чур деди. Жетимиш танап жибинин, Теңин аткан Коңурбай, Андан калган танапка, Шонгочо турган ок жанбай, Танаптын бары кыркылды, Талаага жамбы ыргыды, Арстан минген Айманбоз, Ал шамалдай зыргыды. Топуракка түшүрбөй, Кармап алды эр Манас, Баарысынан бул иши, Укмуш болду абыдан, Соогат, деп элдер барыптыр, Жамбыга сайган көп байге, Бардыгын бөлүп алыптыр. Жамбы атканга аралаш, Таздар өпкө чабышып, Тазга сайган байгени, Баймат алган жайы бар, Аны дагы алалбай, Алоокенин Коңурбай, Комсунуп турган жагы бар.
Аңгычакты Ырчы уул, Ыргып минип атына, Ырдап айтып келатат, Ушул турган жалпыга: — Күрзү урса талбаган, Күжүрмөн иштен калбаган, Тал чыбыктай толгонуп, Тамызда бышкан балбандан, Кум-чөлдөрдө жол жүрсө. Аңкабаган адамдан, Азаматты тандаңар! – Хан Коңур баштап Нескара, Кабарчыдан кеп угуп, Карап турбай удургуп, Калкынан балбан карашты, Жеңмек ушул алашты. Өзү каңгай калкы эле, Оронгу деген алп эле, Эсенхандын алдында, Эл башкарып жатчуу эле, Кара кытай дегенде, Нескара айткан кеп эле: — Эсенхан келбей сен келип, Эл башкарып жүрөсүң, Эмгичекти деңкейип, Алдырып мөөрөй баарыдан, Биз турабыз күч келип, Кара кытай эли дейт, Күрөшкө түшүп бергиниң, Картайып кетип барасың, Көрөбүз качан эрдигиң? – Коңурбай, Жолой, Нескара, Эп келиптир буларга, Оронгуда чама жок, Эми карап турарга. Кармаса жиптей чойулган, Койо берсе чогулган, Караса нечен кубулган, Белине темир курчанып, Буулумду кийип шымданып, Белден өйдө кийим жок, Ортого келип олтурду, Орто тоодой даңкайып. Колу-бутун карасаң, Чынардай бар тарбайып, Үстүңкү ээрди калбайып, Астыңкы ээрди шалбайып, Өтөктө жатып жуушаган, Кара атандай дардайып, Эки эмчеги бултулдап, Эки эне эмген танадай, Эки бети томтогой, Баспаган бечел баладай, Ортого чыккан ошону, Тик багып элдер карабай. Менменсиген көп баатыр, Караганга жарабай, Ортого чыкты бадырек, Таназарга түк албай. Арстан Манас акырып, Алптын барын чакырып, Келбей калган алп болсо, Атайын киши чаптырып, Чогултуп келди барысын, Бирин койбой таптырып. — Балбанга билин салгының, Абаке, муну жактырып. Каруусу жогу барбасын, Каран түндү салбасын, Балбансып өзү барбасын, Барбайып жатып калбасын, Айланайын абаке, Абдан баарын байкагын, Жараганы ким болсо, Бурбастан аны калмагын, - Деп кабылан айтканда, Абаке Кошой карыйа: — Бери тартчы атты, — деп, (Өзүнүн аты чабууда). Талкумандын тору атын, Туура тартты алдына. Ак сакалын жайкалтып, Абаң минип алыптыр, Алтымыш ашуун алп экен, Барысын байкап калыптыр, Буруттун эрин көрөм, деп, Нескара келип калыптыр. — Балбандыкка Эр Төштүк, Түшө турган эр экен, Барасыңбы Төштүк? – деп, Абаң айткан кеп экен. — Бар десеңер барайын, Жалтангансып калбайын, Жер алдында жети жыл, Жаным тынбай күнү-түн, Жетимиш алпты бүт алып, Намыс кылып кармашып, Каран кылаар бирөө жок, Мени менен карашып, Жер үстүнө чыкканы, Жети айга таамай толо элек. Каным калган бир кашык, Этимдин бары көк жашык, Орунгу жыгып салбасын, Мүшкүл иш болуп калбасын, - — Ырас айтат баатыр, — деп, Андан өтүп кетти эле, Айкандын уулу Көкбөрү, Абаң ага жетти эле. — Чыгасыңбы, Көкбөрү, Оронгуга? – деди эле. — Жыкпасаң мени айыпка, Чыга албаймын карыйа, Чыдабаймын чочконун, Чын заарына калууга, Ишенчим жок жерим бар, Сыныгы бар карымда, Чактап туруп айтпасам, Өзүмдү туштап алыма, Барыңды уйат кылбайын, Барбаңдап алып алды да. — Сыныгың болсо карында, Кыр аша албай кыркындуу, Жарабайсың сен анда, - Атын чу деп теминип, Андан өттү карыйа. Айдаркандын эр Көкчө, Алптыгы журттан бөлөкчө, — Оронгуга барып бер, Бул сапар намыс алып бер, Бел ашып бир сапар, Уулум Көкчөм, жарап бер,- Анда Көкчө муну айтат: — Олуйазада кишисиң, Үч жылы удаа кан кусуп, Өпкө оорулуу кишимин, Сак болсом да барбаймын, Ким чыдайт барып жанына, Ал окшогон айбандын? Оронгу улук дечү эле, Көрбөсөм да уккамын, Абаке Кошой, чыкпаймын,- — Жарым өпкө сен болсоң, Укпагамын мен болсом,- Андан өтүп баратып, Утур келди Акбайга. Он жетиде бала Акбай, Балбандык сыны бар Акбай, — Чыгасыңбы уулум? — деп, Тура калды хан Кошой. — Чык десең, аба, чыгамын. Кубатым жетсе жыгармын, Жыгылып калсам жаш чырпык, Ийилбестен сынармын, Эки түлөк боло элек, Кимге болор убалым? – Анда Кошой мындай дейт: — Акбай бала тың экен, Баатырлыгы чын экен, Өткөн күнү Нескара, Жаңы катын алып деп, Сынаганы чын экен, Солкулдак жумшак тарамыш, Ого бетер балпылдап, Күндө тердеп былчылдап, Болбой калган чак экен. “Бирден-бирден элдерге, Айып койуп өткөндө, Оронгудай кары экен, Абакемдин ошого, Чыгаар көөнү бар экен”- Деп ойлонуп кабылан, Бастырып барып алдынан: — Айланайын абаке, Жарым күн өтүп баратат, Чыккан балбан канаке? Мен барайын дегенге, Оозум барбайт теги эле, Жөө күрөшүп көрбөпмүн, Ушул күнгө келгенче, Аттуу болсо балбаным, Чыкпайт белем мен эле, Өзүңдөй кары Оронгу, Ылайык көрдүм сизди эле - Кабыландан кеп угуп, Барасызбы, деп угуп, Барбаймын, деп айтпады. Барайын, деп, басканы, Теңтуштар келип чогулуп, Кийимин чече баштады. — Эки түрлүү кебим бар, Келбеттүү көкжал, угуп ал. Катындын бели бош эле, Күрөшкө чыксам кийерге, Күдөрү шымым жок эле, Жаштардын баары тил албай, Сен жумшасаң баргын, деп, Чечинип жатат туралбай. Капшыра кармап чоң калдай, Каткан тери айрылып, Олтура калып жүрбөйүн, Ошондо өйдө туралбай, Бир кебим айтаар бул эле, Жана бири кебимдин, Кыйчылдак тери бар эле, Оморушта белимдин, Беш-алты тың балдарга,- Ушалатып бергиниң. Жаза албаса кармалап, Чогулуп калган желимди, Кыйчылдак болгон теримди, Унутуп калбай эске ал, Менин айткан кебимди, Коржоңдоп калмак бек кармайт, Булкуп-силкип белимди, Тарата кармап желимди, Сеп алып жаным калганда, Уктап кетсем мемиреп, Тоңкойтуп таштап кетпесин, Чокумдан мени тебелеп. Кыйкырсаң кулак угабы, Кармаса уйку кумары? Эр кишиге белектир, Бир чочутуп ийгенге, Бир шилтем найза керектир, Унутуп калба, туйгунум, Абаңдын кеби керээздир, - Аңгычакты чыгууга, Саймалуу сары шым кийип, Самсыган жорго ат минип, Салып Көкчө келиптир, Агеркеч ишмер катын, деп, Абаң угуп жүрүүчү, Шымын сурап кийиптир, — Керек болсо сизге,- деп, Чечинип Көкчө бериптир. Алып көрүп алп Кошой: Бир-эки булкса айрылбас, Үч булкканга чыдабас, Ашы өтүп бул тери, Кеткен экен көп жумшап, - Айтып кийсе абаңдын, Балтырынан өткөндө, Кара санга жеткенде, Чытырап батпай турду эле, — Тартып кийиң бекем,- деп, Көкчө чуркап барды эле, Чытырата тартканда, Чычылып чыгып кетти эле, Уйалып Көкчө томсорду, Унчукпай кетип жоголду. Ошол кезде кабылан, Ойуна алып жаргактан,
— Байагы шым барбы?- деп, Сурап калды ажыңдап, Сууруп келди бир шымды, Көрпөчөнүн астынан, Алп Манас барбаңдап, Көтөрүлө дардаңдап, Алып барып Кошойго: — Абаке, кийип көрчү, — деп, Кандагайды сунду эле. Кармап Кошой караса, Көрүнүшү башкача, Көз тайгылткан тамаша, Эчтемеге окшобойт, Байкап Кошой аңтарса, Алда кандай буйум, деп Карап абаң таңданып, Кийип жаткан кезеги, Багалеке бут салып, Карасанга барганда, Жүрбөдү буту шыкалып. Ошондо Манас кылчайып: — Каныкейди чакыр! — деп, Ачуусу келип үн салып. Каардуу Манас турган чак, Көзүнөн жалын-от жанып. Жетип келди Каныкей, Акырын басып суйкайып. Бетине жоолук бүркөнүп, Карысы бар, ачы бар, Көз тиет деп чүмкөнүп, Келбейт эле бул жерге, Арстан келсин дегенде, Кара жанга күч келип, Каныкейди каардап: Берген күнү бул шымды, Сен айткансың көп мактап, Алып келе калыпмын, Мындайын билбей далбактап… Камынтпай Каныш алдырап, Эр Бакайды бир карап, Ушул аштын болоорун Алдын болжоп билгемин, Ар качан абам кийет деп, Атайы арнап тиккемин. Болжодуң, кантип аны? – деп, Жолборсум айтат экен – деп, Сайган жерин билгизбей, Ичине бүйрө тиккемин. Арстаным, керип, тартып көр, Андан кийин тилдегин,- Жаалы чыгып кабылан, Чамынып калган абыдан, Айанып калар жери жок, Айра тартып салуудан. Ажыбай алып бериптир, Капшыра кармап кашаттан, Абыдан баатыр кериптир, Тырс деген жиптин тайыны жок, Далбырап шымы кеңиптир, Көрүп туруп ошону, Ашыга Бакай келиптир, Манастын алып колунан, Хан Кошойго бериптир. Тартып кийсе абакең, Татыгы менен бап келди, Чак келгенде абаңа Каныкей ыйлап жиберди, Көзүнүн жашын имерди, — Зайыбың канча, Манас?- деп, Кошой сурайт бир кепти. Калчадан алдым бир катын, Калмактан алдым бир катын, Букардан алдым бир катын, Баш-айагы үч катын. Букарлыктан мына бул Шым жасаган мына шул, Анда Кошой мындай дейт: — Букардын кызы болгондо, Өз уругум турбайбы, Чоң атам Ороз өткөндө, Жыйырма миң үй менен, Үч бай көчүп кетти эле, Өзүбүздүн элден, – деп, Таалайың артык, арстаным, Жараткан сага берген, — деп, Чүмбөтүң алып, чырагым, Жакыныраак келгин,- деп. Эмгичекти куу туйак, Туубай жүргөн мекен! — деп. Башынан алып чүмбөтүн, Кошойго салып нур бетин, Эки колу боорунда, Келиндиктин жолунда, Жүгүнүп тура калганда, Абаң Кошой карыйа: — Бир жеринде жакшынын, Кемтиги болот ар качан, Куруп калган Каныкей, Кара сурдун сулуусу, Катындардын нурдуусу, Ургаачынын мыктуусу, Узун чачтын ыктуусу, Кең көйнөктүн тазасы, Зайыпзаттын баашасы, Кежиге чачы жүн менен, Кешигинен эмгеги – Кейиши мунун көп экен! Төбө чачы жүн экен, Туубас болчу неме экен! Асылынан азабы, Арбын болчу күң экен, Ургаачынын узу экен, Өзү хандын кызы экен, Маңдай сөөгү дөң экен, Арылгыс шору көп экен. Сыртына өтө кайкы экен, Арстандан калганда, Таалайы мунун тайкы экен! Өмүрү узун, шору көп, Жыргалынан кору көп, Ушул айып болбосо, Бендеден пери туулуптур, - Мындай Кошой айтканда, Көзүнүн жашы он талаа: — Кудайдан сурайын бир бала. Батаңыз тийип бир жакка, Төрөп алар күн кана… Токтоно албай буркурап, Каныкейди ким көрсө, Чыдай албай Кошойдун. Бузулуп, сөөгү быркырап: — Жоолугуң салгын мойнуңа, Куруп калган куу туйак, Батамды сага берейин, Бир Алладан мен сурап, - Абаң Кошой карынын, Кызматына каныштын, Мойнуна курун салганы, Кыбыла карап эр Кошой, Алаканын жайганы. Алтымыш уруу, көп алаш, Аламан колун көтөрдү,? …Мусулман кантип атат, — деп, Каапыр да колун көтөрдү. Колунун учун имерди, Бата кылып жиберди, Абакеңдин батасы, Буруусу жок тийгени. Тийгенин абаң билгени, Касиеттүү абакең, Кылчайбай алдын караса, Каныштын алды жер чаңдап, Жерден чыккан топурак, Тегеренип айланып, Уйулгуп барып токтоду. Жалындап кызыл чок болду, Күлүмсүрөп абакең: — Сүйүнчү, арстан, маа болсун. Тууруңа туйгун куш консун, Ардактап сүйгөн жалгызды, Семетей атын койорсуң, Аз кечигип төрөйсүң, Узун болуп өмүрү, Көп жашасын, өлбөсүн!- Деп абакең, кайра тартканда, Каныкей кайра тартканда, Арстан Манас айтты анда: — Күлдүрдүн уулу Алыбай, Серек менен Кутубай, Сен үчөөңөр тың балдар, Абакеңдин карчытын, Ушалап бирге салыңар, — Келдиңерби, балдар?- деп. Үстөмөндөп жатыптыр, Алакан менен абаңды, Салмак менен басыптыр, — Оо, кагылайын, жаш балдар, Чыгып тепсеп багыңар, Бирине бири көз шилтеп Катар чыга калыптыр.
Абаңдын жели күч экен, Жону талаа түз экен, — Түшпөдү мага салмагы, Чиркей болуп калганбы, Кесек иттер, тепсе! – деп, Абаң айтып салганы. Ажыбай, Мажик барыптыр, Бешөөлөп тепсеп алыптыр, Ошол кезде Нескара Ал жерге барып калыптыр: — Тепсетип, Манас, чалыңды, Өлтүрүп туруп биздерге, Бересиңби аныңды? Аңдап Кошой алыптыр, Ордунан тура салыптыр. Ушул турган бойунча, Ортого жетип барыптыр. Ортодогу Ороңгу, Урсун кудай ошону: — Эртеден, Кошой, жоо каалап, Өтүп кетти далай чак, Кандай айла табаарсың, Кайра артыңа кылчактап? Келбеген менен чараң жок, Баргының десе хан жумшап. Ороңгу чыкты дегенде, Оройуң сенин учкандыр. Оозуңа келип жүрөгүң, Өлбөй жаның чыккандыр? Тиригиңден өмүрүң, Көрүнүп көзгө тургандыр?- Деп ошентип турганда, Абаң Кошой айтты анда: — Сен коркутуп, мен коркуп, Качандан бери эр болдуң? Эчен жыл жүрүп мааналап, Сөзүң менен тең болдуң. Сен экөөбүз чамалаш, Отуздарда бар чакта, Бул кайратың ошондо, Калган эле кайакта? Көзүр калмак сен белең, Көрбөгөн Кошой мен белем? Алты сапар беттештик, Качан мага тең элең? Төрт сапары көрүнбөй, Качып кеткен сен элең. Кечээкини унутуп, Бүгүн мындай дээр белең? Нарындагы урушта, Кокуйлаткан мен элем, Оодара сайган артыңдан, Ушул Кошой мен элем. Хан болгондо дардайып, Унутупсуң, айбан сен. Коржоңдогон калмак, — деп, Колпороң өскөн акмак,-деп. Арыштап басып барганы, Олураңдап Ороңгу, Кобо калып кармады, Олуйа Кошой абаңдын, Айанар жери калбады. Колдорун катуу салышты, Ача кармай алышты, Көөдөн менен тирешип, Буттары жерде жирешип, Жан айабай күрөштү, Булкуп-силкип имерип, Бута атымча жерлерге, Ыргытышып жиберип, Айкырышып шилтешип, Айабай жанга күч келип, Белден бура кармашып, Күркүрөтүп айлантып, Күүлөп атып ыргытса, Кошо көбөт жармашып. Күнү- түнгө айланды, Эсеби жок шам жарып, Банус чырак элде бар, Карыса да кайраты, Абаң Кошой элде бар. Кээде үнү угулат, Кээде үнү угулбайт, Боз чалмалап топурак, Тери менен жуурулат. Буларды көрүп турушуп, Менменсинген далайдын, Заманасы куурулат, Дене бойдон аккан тер, Күн жаагандай куйулат.
Беттешип барган бендеден, Бул экөөндөй ким чыдайт? Көрөгөчтөн ылгашып, Көрүп кел деп жумшашып, Көздөрүнөн жаш агып, Сакалдарын ыргашып, Кары менен кармаса, Бойу бойго тирелип, Буту тийген жерлери, Нак буурусундай жирелип, Жердин бети тытылып, Чөптүн көбү кырчылып, Былкылдак саздаң жерлерден, Чыпылдаган суу чыгып, Кимиси жыгып, ким калат, Уйкусу келип чыдабай, Далайы аттан жыгылып. Абакеңдин бел жели, Ороңгу калмак мыкчыса, Сүйгөндөй болуп бир жери, Кырчылдагы басылып, Абаңдын жарпы жазылып, Мемирек кирип денеге, Уйкусу келип басынып, Ар канча бардап тиктесе, Көзү кетпейт ачылып. Күн шашке мезгилинде, Кошуун тартып абакең, Көшүп уктап калыптыр, Капилет басты муну деп, Күркүрөгөн Ороңгу, Так көтөрүп алыптыр, Көрүп каапыр Жолой дөө, Үйдөй болгон бир ташты, Нескара, Коңур алдына Томолотуп салыптыр. Көтөрүп алып Кошойду, Айланта басып ортону, Талпагын ташка чабууга, Ороңгу жакын барыптыр, Ошол кезде шер Манас, Кошойдун айткан бир кебин, Эми эсине алыптыр. Калкамандын кара атын, Камчыланып калганы,
— Карма, Кошой, карма!- деп, Алчыланып алганы, Ар канча салса акыры, Аны Кошой туйбады, Жаш баладай шолоктоп, Ого бетер уктады, Ойготмокко эр Манас, Найза менен Кошойду, Көнөктөй этин бөлүнтүп, Жыра сайып таштады, Ачылып көзүн умачтай, Ташты көрүп шашканы, Ойготпосо анчалык, Абакеңди Ороңгу, Ташка чаба тас калды! Найза тийген эт ооруп, Агып барат кан оргуп, Ошондо абаң ойгонуп, Ачуусу менен бек кармап, Айагы жерге тамандап, Астыртан өйдө көтөрүп, Төбөсүнөн артылта, Аркасынан таштады, Жетимиш төрттө абаңдын, Кайратты тоодон ашканы, Бура тартып абакең, Башынан аттай басканы. Аттап өтүп баратып, Чыкыйга тээп таштады, Көрүп туруп ошондо, Чырды Коңур баштады: — Балбан жыкмак бар эле, Баш аттамак кайда эле? Баш аттасын шашылып, Башка тепмек салт беле? Буруттар жөнүң ушундай, Башкача баркың бар беле?!- Коңурбай муну айтканда, Айкөлүң мындай деди эле: — Эки балбан күрөшүп, Өжөрлөнүп өчөшөт, Колу сынат, бут сынат, Ага кайдан чыр кылат? Күнөөлөнүп жөн эле, Чыр табасың сен калмак, Ороңгу, Кошой тең кары. Бура тартар калган жок, Бул экөөнүн шайманы, Боло ала албаган карынын Буту тийе тийгендир, Табасыңбы калбаны? Калбадан качаар жерим жок, Чындасаң, калча, чыга кал, Мындан башка кебим жок. Манжу менен кыргыздар, Балбаныңды чыгаргын, Ойундун арты улансын, Коңурбайдын адаты, Коржоктосо мен бармын!- Коңурбай атта зоңкойуп, Ичи жалын, от болуп, Эмне дейсиң, бурут,-деп, Кармашар шайы жок болуп, Айла издеп таба албай, Эки көзү бозоруп, Не болдуң деген киши жок, Нес болгондой томсоруп, Ок тийгендей бурала, Ордунан кетти козголуп. Кошойго тийген байгенин, Жайын уксаң, мамындай: Абаң мөөрөй алганы, «Ороңгуну жыкты деп, Жетимиштен ашканда, Жекеге Кошой чыкты»- деп, Айтылып калган ушул кеп. — Азбы, көппү байгеси, Ата уулу бөлүп алган, — деп, Абаң Кошой кубанып, Ага кошуп мындай дейт,- Байгени мурун кабылан, Берген мурун алдым, — деп, Алдында кийер шым алдым, Кыр аркамда кыйчылдак, Ушалатып калмакка, Кутулуп андан да калдым. Мындан кийин жекеге, Бир чыгарга мен бармын,- Бел оорудан кутулуп, Түз басып абаң калыптыр, Өзү айтканы чын экен, Эки байге алыптыр. Муну мындай таштайлы, Нескарага эр Агыш, Чыкканынан баштайлы.
Манжулардын Нескара, Өзү түштү майданга, Кулач мойну узарып, Өпкөдөй бети бышаарып, Өкүмдөнүп турган чак, Үкүдөй көзү кызарып, Ийилбейт бели дүкдүйүп, Төбөсүндө чыккан чач, Бирден тарап үксөйүп, Мөөрөйдөн байге ала албай, Чөк түшкөндөй от күйүп, Алп мүчөлүү далдайып, Баштыктай мурду барбайып, Салынган кара кеңирдей, Карааны бар калдайып, Ортого чыгып олтурду, Оңолбогур заңкайып. Манжулардын Нескара, Эки айактуу, жумур баш, Бендеден чыккан бир балаа, Аркасынан караса, Эки далы айнеги, Тай чабуучу бир талаа. Жолум үйдөй башы бар, Жаткан иттей кашы бар, Толгон кези бул доңуз, Кырк бештерде жашы бар. Карарып өңү бузулуп, Ачууланып, сурданып, Эр күрөшүү, жамбы атуу, Баарысынан куру калып, Кабагы карыш салынып, Карадан чапан жамынып, Каарына алыптыр, Кармаганды жутчудай, Кабылганды урчудай, Ортодо турат калдайып, Таш дөбөдөй даңкайып, Манжалары белгилүү,
Чоң устундай байкалып. Анда Манас муну айтат: — Абам Кошой карыганда, Жарап салды намыска, Ак чач болгон абышка: Кыйыктанбай чыга кал, Кимиң болсо барышка!- Анда Бакай муну айтат, — Асылым Манас, — деп айтат. Чыканактай эр Агыш, Көкөтөй кызы Көкмончок, Алгалы жүрөт, — деп айтат. Сөөбү ушак болсо да, Нескарадан кем эмес, Бүткөн бойу тарамыш, Чымырканган эр эле, Чыкса Агыш чыга алат, - — Кайда, барбы Агыш?- деп. Кабылан карап калыптыр, Алты-жети чоросу, Аттарга камчы салыптыр, Көкмончоктун чатырга, Чаап жетип барыптыр. Кулетендин эр Агыш, Кызды жандап кылаңдап, Кыргыектей сыланат. Келинди көрсө керилип, Кеп сүйлөбөй эринип, Катынды көрсө кампайып, Катарга албайт тегеле. Көкмончоктон кырк котчу, Баары кыздан болуучу, Агыш барып ал жерге, Жеңеден таап жетини, Балдыздан таап нечени, Көкмончоктун чатырда, Жаткан экен жайкалып, Арак сунуп кыз балдар, Кериле басып чайпалып, Бозуул кебин баштады: — Угуп турган, эр Агыш, Хан Манас бизди жумшады, Нескара чыкты балбанга, Чыгармак болду сени ага. Хан катарда жок болуп, Не кылат деп чатырда, Чындап уйат болбосун, Эми киши чаптырса, - Угуп Агыш алдырап, Бадана тону шалдырап, Барбагын деп айта албай, Көкмончок калды жалдырап, Уйалып келген эр Агыш, Манаска айтат жабырап: — Чукулга өтө тың элем, Узакка анча жок элем, Кармаганда Кошой эле, Каткырыкты салчу элем, Кабуусун таппай кармаштым, Далайга жүрүп калчы элем. Оорагың бар арстансың, Айбатта журтту баскансың, Оозумда тишим жаркылдап, Күлүп берсем шалкылдап, Ачуу үндө баркылдап, Эки-үчтү тартып жибергин, Камчы менен жакындап,- Кепти айтып алп Агыш, Баштады барып чайкалыш. Нескара өтө чоң эле, Адамдан чыккан зор эле, Алп Агышты булгалап, Ыргытып ийет жөн эле. Мышыктай Агыш айактап, Жана келип жармашат. Мас болгондой шылкылдап, Күлкү кыстап баратат. Күн чачырай алышкан, Бешимге калды жакындап, Арстан Манас акырып, Катуу сүйлөп бакылдап: — Күрөшүп жүрүп күлгөндү Ким көрүптүр сендейди? Жыгылар болсоң тырмышпай, Байгени анда бер!- деди, Шыңкылдай берсең ушинтип, Кыргыздан намыс кетпейби? Кошой алды үч күндү, Бүгүнкү күн кеч болду! – Деп арыстан кезенди, Качырып келип кабылан, Экини чаап жиберди. Ана-мына дегенче, Ачып көздү жумганча, Эти ачышып жан ачып, Нескарадай чоң дөөнү, Чалкасынан таштады, Кыйган терек баштанып, Нескаранын жатканы, Кайра басып баратып, Нескара башын аттады, Өтүп кетип баратып, Агыштын ушул айтканы: — Күйөө болуп, кыз жандап, Күлкүм менин кана элек, Байгеге сайган мал-пулуң, Керек эмес ушунуң, Кимиң алсаң, аның ал, Чатагы жок бөлүп ал, Сенин камчың болбосо, Жыга албайт элем, кабылан, Көбүрөөгүн өзүң ал,- Агыштан угуп бар кепти, Байгени бөлүп эл кетти.
Ырчы уул атка мингени, Ырын баштап ийгени: — Айактап жөө күрөш, Бар ойунубуз түгөдү. Эр сайышуу мөөрөй бар, Баатырларың ылгап ал, Көп кечикпей чыга кал! – Кабар угуп камынып, Жыңзы ташын тагынып, Үстүнө үкү сайынып, Кебез өтүк, кең белбоо Келбеттүү чочко Коңурбай, Бели кындай, бети айдай, Белдүү чочко Коңурбай, Жанказандай башы бар, Өңөргөн койдой кашы бар, Жаркыны көккө тартылган, Башында көөхар ташы бар, Чоңдугу төөнүн нарындай, Толкуну көлдүн шарындай, Аркасында айдары, Тору айгырдын жалындай, Көзү көлдүн буткулдай, Көрүнгөндү жуткудай, Мурду тоонун кырташтай, Муруту чөлдүн камыштай, Сакалы саадак кабындай, Жакшы чыккан муруту, Чоң балтанын сабындай, Көзү аскардын жалындай, Бат атарын койундап, Алгарасын мойундап, Алтындуу саадак жаркылдап, Чоң кисеси шалпылдап, Көргөн жанды каратып, Көркү менен таңдантып, Алдындагы кара атты, Найдай кылып жаратып, Алгарасын аргытып, Артына чаңын баргытып, Кырк жайсаңы жанында, Айбаттанып башкача, Коңурбай өзү жөнөдү, Ат сайышка барууга. Коңурбай чыкты деп угуп, Айкөл Манас баатырың, Токтоно албай удургуп, Хан Кошойдон сурады: — Кайсы атты минем? – деп, Аркасынан бурулуп, — Калкамандын кара аты, Толкумандын тору аты, Токтобой турат суурулуп, Калкамандын кара аты, Картайып калган чагы экен, Карт муун болгон мал экен, Кара жолтой жагына, Чалып калган дагы экен: Толкумандын тору аты, Өзү толук мал экен, Эр сайууга көп минип, Болбой калган мал экен, Күч келтирип сайышта, Жыгылып калар чагы экен, - Деп Кошойдун сын берип, Айтканы таамай так экен,- — Билбей калган экенмин, Мурдараакта ой таппай, Мына калдым ушинтип, Минерине ат таппай! Чаппай койбой Кула атты, Ат байгеси курусун, Коңурбайдын чыгышын, Билбей калып турушун! – Аккуладан айрылып, Кабылан Манас кайгырып, Айласын таппай турганда, Анда Ажыбай мындай дейт: — Сиз минерге бир атты, Кечээ көрдүм эле,- дейт, Айдаркандын тобунда, Калмак ээр жонунда, Чыйкандай кызыл жээрде ат, Байлалуу турат кадаада, Алмамбеттин аты окшойт, Укмуштан уккан кабарда, Кызыл түктүү пил экен, Кызымталдуу жылкы экен,- Ажыбайдан кеп угуп, Тура албай баатыр токтолуп, Калкамандын кара атын Камчыланып шарт койуп, Ажыбайды котчу алып, Атты көздөй оң тартып, Айдаркандын элине, Арстан Манас жеткенде, Кадаада турган закыйып, Жээрде атты жаратты, Кыраан Манас башкадан, Кимдики деп айтпады. Байлалуу турган мамыда, Чечип жээрде атты алды. Кылжейрен неге чабылбайт, Мунун жайын айталы: Кытайдан келген Алмамбет, Кордук көрүп Коңурдан, Шекшине ойлоп ар жактан, “Кыл тулпардын бардыгы, Ат чабууга кетти, — деп, Эр сайышат ар качан, Коңурбай чыкса кокустан, Мен чыксам, — деп,- огуздан” Алып калган жээрде атты. Бир акылы Алмамбет, Коңурбай чапса кара атты, Чапмак болчу жээрде атты, Коңурбай чаппай кара атты, Алакең алып калган ал атты. Ат чабуунун алдында, Коңурбай киши жиберип, Каратып турган жээрде атты, Чабылбай калды дегенде, Коопсунуп Алмаңдан, Алып калган кара атты. Коңурбайга чыгам деп, Мамыда турган болучу, Алакеңдин жээрде аты. Үч борум чатыр тиктирип, Эч кишиге билгизбей, Шыпшайдардан шекинип, Алмамбет жаткан бекинип. Алеңгир жаа, сур жебе, Алакеңдин колунда, Оозу менен жээрде атка, Кастык кылган ким болсо, Атмак болчу ойунда. Атты Манас чечкенде, Жетелеп жөнөр кездерде, Сур жебе огун кездеди, Чындап Алмаң тиктеди: “Унчукпай келип ат чечкен, Кандай көзүр эр?”-деди, Жааны чойуп баратса, Бир кол келип кайыптан, Колунан кармай кетти эми! Акылы артык Алмамбет, Айттырбастан билди эми, Көргөн эмес, угуучу, Кыргызда Манас дегенди. “Аккула чаап байгеге, Сайышка минип чыкканы, Атайын өзү келгенби? Ушул кезде болжолу, Отузга чыкпай жаш экен, Арбак берип ак таалам, Ушунча элге баш кылган, Колумдан менин кармаган, Колдоочусу экен,-деп, Жакшы жаман иштерин, Жолдоочусу экен, — деп, Ат меники, бербейин,- деп, Айтышым болбос экен, деп,- Көрүнөө болду бир шумдук, Түбү кандай болор?”- деп, Ойуна алды ошондо, Ойрон Алмаң эчен кеп, Колун булгап чакырды: — Ат алгандын чоросу, Бура тарткын бери кел, — деп, Жетип келди Ажыбай, Карткүрөң менен тепеңдеп, — Атты алган сен кимисиң, Сурабай чечип жетелеп? Анда Ажыкең мындай дейт: — Ат кадырын эр билет, Эр кадырын эл билет, Жакыптын уулу жаш Манас, Кадырымды билээр деп, Майданга чыкты Коңурбай, Мен сайышка минем, — деп, Ойунда болуп ушул кеп, Сурабай алды жетелеп, — Деп Ажыкең айтканда, Алмамбет айткан бул бир кеп: — Тилиң таттуу, кебиң жай, Ыкчыл жигит экенсиң, Аккуланы чапты деп, Алгараны бек кармап, Алооке уулу жатты деп, Кылжейрен алып калгамын, Сайышка минсем бекен, деп, Бербей койсом атымды, Баатырдын шагы сынар, — деп, Бул бойдон минсе арстаның, Өзүмдү да, атымды да, Жаманатты кылар, — деп, Арам өлсүн Кылжейрен, Асыйы кыркта бар эле, Карт муун болгон чагы эле, Сөөгү каткан Кылжейрен, Бир алар тери бар эле, Эби болсо, сиз, жигит, Төрөгө жетип ат минип, Айабай атты тердетип, Алты катар аң келсе, Же алты арыктуу жер келсе, Кыйгабай туура чапкыла. Туйагын какпай аттаса, Анан минсин сайышка, Аркан бойу жар келсе, Адырдан өйдө чыккыла, Кыл жалынан кармаба, Токуму бышык жонунда, Куйругун жарга чаппаса, Анда минип чыккыла. Алооке уулу Коңурдун, Айласы көп Комурдун, Абыдан жайын уккула, Алгарасы Коңурдун, Айбандан башка мал эле, Анча-мынча кишиден, Арбы арты ал эле, Агайар деген жашыруун, Бир кишиси бар эле, Жер кучактап кынтайып, Жыгылбайт каапыр теги эле. Алты кабат аркан, жип, Мөшкөй жибек тарткан жип, Ок өтпөс буулум шымынын, Аласынан өткөрүп, Тартып алып жүрчү эле, Алгарадан кыйшайса, Ээрден көчүк бултайса, Жыгылган менен тең эле, Ачык жолу шар болсо, Ал кайраты бар болсо, Алла өзү жар болсо, Ак олпок тону бек болсо, Алмамбет айткан эп болсо, Кезектешип, сайышсын, Келер ишин карасын, Көмөрө сайып кулатса, Алгара кууп барбасын, Жетимиш алп, кырк жайсаң, Арасында калбасын, Кытайлардын Жойкара, Андан күмөн кылбасын, Алмамбет бар мында деп, Ашкере билем алып калмак, Аралап элге барбасын. Арамдык кылып баратса, Абайлап турчу мен бармын, Алмамбет айткан кептерди, Айкөлүң Манас байкасын, - Ажыкең кайра чапканы, Ат жетелей бараткан Арстанына айтканы, Айкөл Манас, Ажыкең Адырды барды аралап, Ат тердетип, чапкылап, Аңга салды ат сынап, Алоолонгон кезинде Агыны алты бутача, Адырдын аңы капташат, Арстаның минип алыптыр, Атын аңга салыптыр, Арка буту илинбей, Аттап чуркап калыптыр, Ээрчип басып артынан: — Маа берсеңиз, арыстан, Айнектей түзгө салайын, Айабай терин алайын,- Ажыкең айтып ийди эле, Арстан анда мындай дейт: — Сыныма толду Кылжейрен, Барган сайын кызыган, Калбыр өпкө, жез канат, Ашкере тулпар мал экен, Сайышар жерге баргынча, Болуп калат Ажыкең, - Камчыланып жөнөдү. “Манас чыгат экен” – деп, Малдын баары элеңдеп, Мойнун өйдө созушуп, Кулактары делдеңдеп, “Эки баатыр кармашса, Кайсысы жеңээр экен” – деп, Чымчык болуп быжылдап, Турган эле чуулдап.
— Эп келбейт экен токум, — деп, Алып келип жээрде атка, Аккаңкыны току, — деп, Алаштан чыкты эр Манас, Ата журт элден бата алып, Аттанганга арстанга, Адамдын баары таң калып, Айкөлүң сыны бир башка, Алатоодой заңкайып, Алдында минген Кылжейрен, Кең соорусу даңкайып, Аккүбө тонун жамынып, Ак жолборстой чамынып, Алда канча түр чыгып, Айбаттанып сүр чыгып, Аркасынан арстандын, Айдар кара жал чыгып, Карагандан жан чыгып, Кармагандан кан чыгып, Кылжейрен менен болкойуп, Чоң ополдой зоңкойуп, Сырнайза колдо койкойуп, Нөөкөрү бутта чойкойуп, Көзүнөн жалын төгүлүп, Көптөн чыкты бөлүнүп, Ээрчий чыкты кырк чоро, Топтуу караан көрүнүп. Беттешер жерге барганда, Арстан мойнун бурганда, Кыргыл баштап кырк чоро, Кыраандар бары калды анда. Коңурбайдын кырк жайсаң, Кошо ээрчип бир барган, Жалгыз өзү Коңурбай Желип чыкты арадан. Айкөл Манас анда ойлоп, Албан түрдүү көп ойлоп: “Алоокенин калдайга, Алдында кезек берейин, Арманы жок болсун, Деп,- аркада калып ар убак, Абдан жаман болду”- деп, Ал кезегиң, Коңурбай, Алдында сага бердим, — деп, Аңтара сайсаң жыгылдым, Аңтара сайып албасаң, Анда кезек бергин! – деп, Баатыр Манас чамынып, Туруп берди камынып. Алп Коңурбай алактап, Эки буту салактап, Алдындагы Алгара, Арышын жайып дардактап, Албарска учун сугарган, Учундагы темири, Кытайдын кызыл курчунан, Бөрү тили чыгарган, Сайганын тешпей калбаган, Заары учуна ойногон, Сайганы жакшы болбогон, Көң түпөк найза карманып, Нар кайратын бойго алып, Аркасында кара аттын, Буркураган чаң калып, Кетемин деп, келатат, Сайган жерден жанды алып. Күүлөп найза сундуруп, Күркүрөгөн бул найза, Күүсү кулак тундуруп, Күүсү менен кара аттын, Көк жал шерге найза уруп, Таш муштаган эмедей, Кайта кагып так этип, Учундагы темири, Учуп кетти жарк этип, Кебелип койбойт кара көк, Жел соккондой солк этип. Темири сынган эл көрдү, Учуп жүрөт зыркырап, Найзанын нечен бөлүгү, Ободой барат чыркырап, — Кезегиңди бергин, — деп, Келбеттүү көк жал жөнөдү. (Көзүңө алар бекенсиң, Көчүп барган дөбөнү?) Кара аты менен калдайып, Кара тоодой далдайып, Койнундагы алтын бут, Ала койуп колуна, Ишимди өзүң оңдо, — деп,
Көкө теңир колдо, — деп, Канча миң калмак жыйылып, Оңколошуп, жыгылып, Коңурбайдын колунда, Кудайына сыйынып, “Көкө теңир колдойт, — деп, Колумда кудай ал туруп, Манасты Коңур койбойт, — деп, Манас деген бул бурут, Томолонуп сойлойт, — деп, Жаш Манасты бул Коңур, Жазгы талдай болжойт” – деп, Чуркураша кетишти. Кичиртип келди Нескара, Эчен албан кечилди: — Дубаңды окуп, бата кыл, Сактагыла тигини, Кокустан болсо адысе, Калтырбай кырам бириңди! — Деп, бакырып Нескара, Калмак, кытай, манжуга, Шибе, солон, анжуга, Тар болуп турат кең талаа. “Колдо, кудай, колдо, — деп, Коңур ишин оңдо – деп, Каарына ханымдын, Кашайтып бизди койбо”, — деп, Тилек тилеп чуулдап, Ыйлап турду буркурап. Майданга келип оңбогур, Баатыр Манас арстандын, Кезегин берип туруптур. Кылжейренди сыздатып, Манастап ураан чакырып, Алооке калдай уулуна Арстан кирди качырып: Касиеттүү Сырнайза, Сайганын тешпей калбаган, Таш муштаса жанбаган, Ай-ааламдын элинин, Айдыңын уккан даңдаган. Мингени тулпар Кылжейрен, Бото көздүү келишкен, Ары-бери ойнотуп, Жаңы асыйдай элирген, Сээри бийик, омоктуу, Өтө сонун мал экен. Ортодо турган Коңурду, Опол тоодой доңузду, Айкөл Манас кабылан, Капталдан ары бир койду. Катар-катар бадана, Катары менен жыртылып, Калпактай нечен буланы, Калдайтып шамал учуруп, Капталга койуп өткөндө, Кара кан кетти чубуруп, Качып калды калдаңдап, Кайра тартып чуу койуп, Кылжейренге камчы уруп, Качып калган калчаны, Капталдан канын чубуртуп, Как далыга бир койсо, Калмак болчу жыгылып. Картайып калган Кылжейрен, Кара атка жетпей чойулуп, Качып барган калдайып, Калкалап жайсаң чогулуп, Казганактап котолоп, Калды коргоп койулуп. Алмамбет кебин эске алып, Ажыбай тилин чын алып, Кылжейренди талаага, Келген болсо бир барып, Кылжейрендин колтугу, Ачылбай калган кеп экен Акпай муунда суу калып. Кабырга башы кыйчылдак, Каткан анда тер калып, Талган тери болбосо, Кетирбейт эле куткарып! Кайра тартты кайран шер, Байгеге берген пулду алып. “Атаганат катыгүн, Таппапмын иштин тетигин, Чыгарын билсем калчанын, Чаппай койбой Куланы, Куткарат белем анда мен, Алдыма келип турганды!” - Эстеген сайын үшкүрүп, Эсепсиз баатыр муңканды. Ал кезекте Алмамбет, Ак кементай кийинип, Таанылып калар жери жок, Түк кишиге билинип, Көздөгөнү Коңурбай, Кездегени Шыпшайдар, Элге келбеди, Кутулуп Коңур кеткени.
Жаш Айдар минген Мааникер, Жал-куйругу жайылып, Суулугу жерге салынып, Ооздук тиштеп кыйгачтап, Токтоно албай ыргыштап, Кирип келип чогууга, Жаш Айдар туруп муну айтар: — Арстан Манас баштаган, Чогулуп турган алптарга, Кебим бар менин айтарга, Эки күн кийин калгамын, Аттар кайра тартканда, Үчүнчү күнү жөнөдүм, Кең Иленин бойунан, Илебиндин ойунан, Буудандарга жеткенмин, Кайсы экени таанылбайт, Абдан таанып өткөнгө, Ала качып Мааникер, Алактап жүрүп таанытпайт, Он бир эле ат келет, Калгандары көрүнбөйт, Асты чыкты белеске, Азыраак калды чапкан ат, Бешимде жете келишке, - Айдардын кебин эл угуп, Чапкан ат келет дегенде, Токтоно албай удургуп, Бура тартты жаш Айдар, Мааникер менен бурулуп, Кайра тартып баратып, Карап койуп Сыргакты, Камчысын булгай дыр койуп. Анда Сыргак ойлонду, Ойлогону бул болду:
“Айкөлүмдүн Аккула, Астыга чыгып алганбы? Алдынан тосуп алгын, — деп, Айтканы келе калганбы? Чыгыштын эли капташса, Бир чатакты салат, — деп, Же андай да жери барбы?” – деп, Күлдүрдүн уулу Алыбай, Күлдүргүчү Ажыбай, Шууту менен Кутубай, Ырчы уул менен Бозуулду, - Алты эрди ээрчитип, Бастырды Сыргак жүрү, деп, Бастырарда кылчайып, Арстан шерге мындай дейт: — Аллам берген оорагың, Туу түбүнө жакындап, Дайарланып турарсың, Тилимди алсаң, арстаным, Айманбоз мине калсаңыз, Туу түбүнө жакындап, Дайарланып турсаңыз, Чукулга өтө курч эле, Бүргөдөй ыргып турчу эле. Укурук мойун, кең соору, Көркөмдүк жайы бар эле, Жаш Айдар бура тартканда, Дайарданып турууга, Белги бере кетти эле. Айтып койуп арстанга, Өңкөй кара кыйышып, Ок жетпес буудан минишип, Аккуланы тосот, деп, Жеткилең Сыргак эр баштап, Каркыра өрдөп, айланып, Илебин көздөй баратат, Белестин чыгып кырына, Белдүүлөр дүрбү салышат, Аңгычакты Коңурбай Алдынан өттү алактап, Арстан Чубак баратат, Алдындагы Көктеке, Кош кулагы шалактап, Оо, шумдук эмне болду, деп, Ойго батып эр Сыргак: “Алоокенин Коңурбай, Алгара оозун бурган бейм? Арстан Чубак курбалдаш, Атасынын көрү, деп, Айыгышып кууган бейм?” Алдындагы Телкызыл, Айабай камчы салыптыр, Арстан Чубак Коңурга Куйрук улаш барыптыр. Көргөндө Чубак эмне дейт: — Баатырдын аты чоң Кула, Көрдүңбү аны, кана? – дейт, Чубак оозун тарткыча, Ат дабырты дүпүлдөйт, Баатыр Чубак караса, Аккула келип калыптыр, Анын арты жагынан, Жолойдун аты Ачбуудан, Тай жарышып калыптыр. Чапкан аттар бурууда, Көрбөй калып Коңурбай, Өтө берген ар жакка, Бара түшүп Коңурбай, Кылчайып артын караса, Жолойдун аты Ачбуудан, Айабай арыш алыптыр, Арбыта чуркап салыптыр, Алгара менен сыздырып, Коңурбай жете барыптыр, “Чыккан экен Ачбуудан, Эми алдына жылкыны, Өткөрбөймүн мен турсам”,- Дегенди ойго алыптыр. Ана-мына дегиче, Ачып-көздү жумганча, Эр Төштүктүн Чалкуйрук, Кирип келди такымдап, Анда Коңур муну айтат: — Буруттун тийбе атына, Бөөдөсүнөн чыр чыгат, Чалкуйрук алдын тосоттоп, Өткөрбөгүн көп калмак! – Коңурбай атка болуптур, Сыргактын кебин угуп тур, Сегиз баатыр биригип, Аккуланын артынан Ат дүбүртүн салыптыр, Жаныбарың Аккула, Анчейин арыш жайыптыр. Төрт туйагы Куланын, Тийген жери билинбейт, Кереге бойу жар келсе, Канаты бардай илинбейт, Ат күүсүнө чыдабай, Үстүндөгү баланын Эки этеги дирилдейт, Жазылып жал-куйругу, Тал-тал болуп бириндейт. Анда Сыргак эмне дейт, Акыл сөз айтып мындай дейт: — Баатырлар, сүрөөн салбаңар, Манастап ураан чакырып, Бир балаага калбаңар. Артыбызда биздердин, Хан Коңурбай калча бар, Келет эле бул кезге, Аккуланын өткөнүн, Билбей калган жайы бар, Ат караанын көрсөтпөй, Тегеректеп калыңар, Таанылбайт минген атыңар, Башкача жабуу жаптыңар, Шибердин белин ашканда, Улуу жолго салбайлы, Бөксөдөн тайып калбайлы, Чоң бөктөрдөн чыкканда, Анан атты жандайлы, - Баарысын кабыл алыптыр, Сүрөөнчүгө көрсөтпөй, Тегеректеп Кула атты, Тетири жолго салыптыр, Чубак, Сыргак жанашат, Калган алтоо жете албай, Караандаша келатат. Түз жандоого киргенде, Көөдөнгө шамал тийгенде, Сыдырым шамал жел менен, Сызып баратат чоң Кула, Өзүнүн чаңы бөлүнүп, Учуп барат чоң Кула, Телкызыл менен Көктеке, Өксүп калды бир кыйла, Ошол кезде чыгыптыр, Куу Коңурбай туу кырга, Ачбууданга таң калып, Өз дүңүнөн шаңданып: “Анык күлүк экен – деп, Жалгыз жылкы жанашпай, Озуп келген экен, — деп, Сай буудандар сандалып, Мүдүрүлүп ыргалып, Артта калган экен”, — деп, Териге сыйбай кубанып, Камсыз болуп калыптыр, Канжасын колго алыптыр, Кызыл оттук кытайча, Кырып алды жер кууга, Канжасын салып оозуна, Мойнун буруп караса, Жаш Айдар өтүп баратат, Жапыс тумшук туурада, “Кызыталак буруттун, Мааникерин алайын, Үстүндөгү Айдарды, Бир кемерге тыгайын!” Деп Коңурбай көрөдү. Кара атка салып камчыны, Калдалаңдап жөнөдү, Жөнөгөнүн Коңурдун Байкап Айдар көргөнү: “Кастыгы менде экен, — деп, Кез келип калсам калчага, Бөөдө өлүп кетем”-деп, Буруу жолго салыптыр, Бурулуп кетип калыптыр. Кара ат менен калдаңдап, Каралжын тону далдаңдап, Болжоп чыкчу жеринен, Чыга калса салбаңдап, Айдар тургай эме жок, Көрүнгөн көзгө караан жок. Кайда кеткен Айдар? – деп, Кайрылып дүрбү салыптыр, Хан Коңур карап алыптыр, Алдындагы кеткендер, Утур келип калыптыр. Көрүнө түштү көзүнө Аккуланын карааны, Аркасында элдерди, Бу кимдер деп карады, Чубак, Сыргак баш болуп, Сегизи кетип барады! “Куланы куусам жете, — деп, Сегизин андан кантем? – деп, Булар бөксө салыптыр, Өндүргө салып сур атты, Өткөрүп кетсем экен” – деп. Ачууланып Коңурбай, Жан алчуудай зарданып, Кынына батпай каарданып, Алдыга Кула кеткенге, Өлүүчүдөй арданып, Ачбуудандын артынан, Аргытып Коңур жеткени, Сүрөөн салып акырып, Суулуктан кармай өттү эми. Үзөңгү боого салыптыр, Арам нээт бул чочко, Айабай сүрөп алыптыр. Эңишке келсе зыргытып, Колун жерге тийгизбей, Кара ат менен сүйрөтүп, Өргө келсе өксүтүп, Суулуктан өйдө көтөрүп, Олураңдап калыптыр, Опсуз сүрүп алыптыр. Мына шунтип зор калча, Кулага жете барыптыр. Бөксөдөн түшкөн ойдуңда, Бөйрөктөн чыкты чоң калча, Муну көрүп эр Чубак, Куланы урган камчылап: — Тизгинди жыйдыр, койо бер! – деп, Балага катуу айкырат, Манастап салып ураанды, Бардыгы тегиз бакырат. Ай-талааны бир алды, Ат туйагы дабырттап, Куйрук-жалы чачылып, Кула учуп баратты, Бурулуп жолго салганча, Ачбуудан жетип жанашты. Чылбырдан Сыргак кармады, Чымырканып Кула атты, Сүйрөтмөк тургай Аккула, Телкызылдын астына, Өтө койуп баратты. Кара ат менен сүйрөтчү, Карматты калча адатты, Өткөрбөй карыш алдыга, Коңурбайды жадатты, Коо болуп, орто ачылды, Эл бөлүнүп чачылды. Ошондо, көрүп айкөлүң, Эң эле жаман шашылды, Алдында минген Айманбоз, Араандай оозу ачылды, Мааникер менен жаш Айдар, Жете келип аркадан, Урматтуу күлүк Куланын, Чылбырына асылды. — Айдарым, чылбыр алгын, — деп, Үзөңгү боого салгын,- деп, Айкөл Манас акырды, Жандай түшүп Кулага, Соорусу көпкөн экен – деп, Ушинтпесем, бекер, — деп, Май сооруга бир сайды, Баатырдын аты Аккула, Кабыргасы как Кула, Эмеле койо бергендей, Ыргыштады ошондо, Эми канаттуу учуп жете албайт, Байкап көрсөк, Кула атка, Мааникер менен Аккула, Тең чуркады жанаша. — Баланы майып кылбасын, Чылбырын аттын бек карма! – Желдей сызып ошондо, Жетип келди байракка, Муну мындай таштайлы, Чатакташып Жолойдун, Качышынан баштайлы.