Какан менен Чынмачын, Мен ошондой деп ойлопмун. Сотолу, Дөрөт, Тетеги, Сойдурдум катар үчөөнү, Алты күнү керт башым, Жан айабай кармаштым, Чыдай албай каарына, Чымын куйун мен качтым. Артыман кууп келет деп, Салбардыдан жол тостум, Уудан кошуп дарыга, Мылтыгымды октодум, Тосуп туруп мен аттым, Токто кылбай келе атат, Тосолбай жолун мен качтым, Коктукат бардым жериме, Үч ай жаттым элимде, Кененимден кабар жок, Төрт айгача дегеле. Ок даарыган белемдеп, Өлгөн экен Кенен деп, Элүү миң аскер, он балбан, Кыргызды чаап келем деп, Келе жатсам дердеңдеп, Жолуман чыкты капташып, Найзага темир ашташып, Сайыштык кайра басташып, Он балбандан экөө өлдү, Ал келбеди чакташып. Карап бекер туралбай, Качырыштым карпаңдап, Айбат кылдым канчалык, Түр көрсөтүп барпаңдап. Кезек берди сайгын, деп, Ойлодум сайып алдым деп. Туруп берген Кененим, Томоро сайып алалбай, Найза сынды, кур кол, Качып чыктым туралбай, Түбүбүз бирге тууган деп, Айтып турам уйалбай, Жатасыңбы, үч баатыр, Кененимден кек албай? Улуктук колдо турганда, Унутупмун силерди, Ошол кезде эске албай. Улук болуп журт сурап, Урмат көргөн күнүңдө, Какан менен Чынмачын, Катарлап чаап олжо алып, Карк алтынга бөлүнүп, Кабың толгон күнүңдө, Катарга албай, эске албай, Эч болбосо кепке албай, Дердейип жүргөн күнүңдө, Жерге-жээк, тууган деп, Толуп турган күнүңдө, Келбедиң, Чикетей, десеңер, Өзүң билгин, үч баатыр, Бар сырымды жашырбай, Айтып турам мен такыр. Деп зарланып зор Чиктей, Айтып кебин түгөттү. Темир тондуу Шалкымат, Жез киндиктүү Кикимат, Калдагай кулак чойун алп, Бирин-бири карашып, Туруп калды бир далай, Намысы кеткен Чиктей хан, Дагы айтты туралбай: — Олтурасың үч балбан, Алдыңа келип мен турам. Кокусунан Кененге, Мен катылдым бекерге, Катышып өзүм барбасам, Келбейт эле бу жерге. «Коңурбай, Манас тушунан, Мөөр басышкан кат бар» деп, Кененим келди бул кепке. Менден коркуп Кененим, Кебин айтып жатат деп, Ойума келди ал жерде, Ойлогонум күч болуп, Алдыңа келдим силерге. Калмактар бизге ар качан, Кастык кылар экен деп, Эрдемсип калды Кененим, Келбей койбойт бул элге, Кабар кылбай силерге, Качып кетсем Каңкайга, Таппай калса Кененим, Бурулуп кайра тартканда, Келип калса бүтүмгө, Менде калат болучу, Арылбаган жаман ат, Ачык жооп бергиле, Барыңар болуп саламат. Чиктей кебин бүтүрдү, Калгандар кепке түшүндү, Ошол кезде Чиктей хан, Оозунан түтүн буркурап, Улутунуп үшкүрүп, Кечилдин ханы үшкүрсө, Жыйналышта көпчүлүк, Көзүнүн жашы төгүлдү. Чиктейдин көрүп кабагын, Элинин көрүп абалын, Калдагай кулак чойун алп, Капаланып өкүрдү: — Темир тонду Шалкымат, Жез киндиктүү Кикимат, Сен кебиңди ачып айт. Жыл он эки ай камынып, Мен барамын келер жаз, Бүгүн жүрүп кетерге, Дайардык жок, Шайман аз. Мен билемин көп ишти, Тажиктин эли ага кас, Бармак болсоң баарыңар, Мени менен акылдаш. Кашкар менен басабыз, Жоодардын элин чабарбыз, Олжону андан табабыз, Үч бөлүнүп кашкардан, Үч араандап барабыз: Торукарттап бирибиз, Чечдөбөгө баралы, Кошойдун уулу жалгызек, Карып калган мезгили, Аны талап алабыз. Эркечтамдан бирибиз, Алты шаар, Анжидан, Өлөр-өлбөс жаны бар, Өлүмчү болгон Сынчыбек- Өзүбекти талайбыз. Тажиктин шаары Дүйшөмбү, Теңдеши жок Темирбек, Кошулуп бизге колберет, Ташкоргонду аа берсек. Чечдөбө, Кашкар, Анжидан, Тажикти кошуп алганда, Хотен, Жеркен, Лопнурдан, Каттабай тосуп салганда, Кара калпак, түркмөнгө, Шаңхай менен бараңга, Кылдырбай кабар аларга, Жолун тордоп алганда, Чиктей менен төрт болуп, Жалындап күйгөн өрт болуп, Темирбек менен беш болуп, Ойдогудай иш болуп, Оодарылгыз тоо болуп, Оморулгус бел болуп, Чогулуп биздер барганда, Алакандай Таласка, Кененим жалгыз калганда, Кумардан чыгып кайтабыз, Кыргызды талап алганда. Калдагай кулак чойун алп, Чогултуп айтып салганда, Шалкымат менен Кикимат, Убада кылды барарга. Жол бөлүштү олтуруп, Кыргызга кылып жол туйук. Калдагай кулак чойун алп, Жана кепти ал деди: — Иле бойлоп, хан Чиктей, Сен Таласка бар, — деди, Жеткен жерде кыргызга, Четинен талоон сал, — деди. Бул олтурган үчөөбүз, Кең Кашкарга барабыз. Лопнур, Жеркен, Хотенге, Түк туйгузбай бул элге, Жоодарды чаап алабыз. Кабарсыз кылып буларды, Жол тостуруп салабыз. Чатыркөл бойлоп жаңарттап, Таласка барат Кикимат, Чечдөбөдө кыргызга, Өзү барат Шалкымат. Ташкоргон берип тартууга. Дүйшөмбүгө мен барам, Темирбекти кошо алып, Анжиданга кол салам. Чогултуп келип бөлөбүз, Алтын,күмүш,олжо мал. Таласты талоон кылганда, Талап алып тынганда, Эгин эк деп койобуз, Хотен, Жеркен, Лопнурга, Бой бербей келди Лопнурлук, Карача хандан бер жакка. Үйдө олтуруп Муңгулдар, Кыргыздын элин бөлүштү, Эсине алып койгон жок, Дегеле булар өлүштү. Кайра тартып калган жан, Каарына калсын мунун деп, Буркандарын өбүштү, Убадасын токтотуп, Чиктей кабар беришти, Тарап булар жөнөштү. Аттанып алып хан Чиктей, Кайра тартып барганы, Элүү миң черүү, сегиз эр, Селдей канын агызып, Тирүү калган Муңгулга, Кененим өзүн таанытып. Ээсиз калган аттарды, Казака жыйнап таратып, Эр Кененим келиптир. Кененимдин жанында, Бирге жүргөн күчүктөр, Бир күндүк жерден жыт алып, Арсылдап үрүп үн салып, Таскактап желип тайгандар, Эчтекеден тайманбай, Чиктей карай жүгүрдү, Ылдамдап тайган кеткенин, Эр Кененим көрүптүр, “Жан көрбөсө жаныман, Жарым кулач кетпеген, Доңуздан башка жандарга, Жолдон чыкса үрбөгөн, Жаныман кетти ажырап, Үргөнчө кетти арсылдап, Аңдып жүрүп чоң Чиктей, Келатканбы жакындап? Айбанда доңуз эң жаман, Адамда Чиктей көк каман” Ойуна алып Кененим, Ат койуп баатыр келаткан, Сары кумдуу куу чөлдө, Кулагын салып Кененим, Тайгандардын үнүнө. Жанада бар ойунда: “Качкан болуп чоң Чиктей, Таластабы бул күндө?” Тайгандын бири кыңшылап, Кененимге жоолукту, Таң атардын бүрүлдө, Кененимге жакындап, Куйругун булгап шыйпаңдап, Алдына түшүп жөнөдү, Бол жүргүнүң дегенсип, Аркасын карап кылчактап, Эр Кененим жөнөдү, Кеңкула менен ыкчамдап. Эки тайган закымдап, Калмактын ханы Чиктейге, Жакын барды такымдап. Тайганды көрүп эр Чиктей, Бир көргөнү эсинде, Көрүнгөн тайган көзүнө, Кененим менен беттешип, Эрегишкен кезинде. “Ээн калган кошуунду, Кырган белем бурут, — деп, Мени тосуп жүргөнбү, Ушул жерде туруп”деп, Жааны алды колуна, Эки окшош тайганды, Салайын деп жолуна. Беттештирдим деп ойлоп, Жебени чойуп жиберди, Жанаша экөө келаткан, Жебенин огу тийгенде, Кулап кетти куу тайган, Кайра качты булт берип, Ок тийбеген суртайган. Кененимди тосот деп, Кайта артына келаткан, Кененимге жолугуп, Жолдошум өлдү дегенсип, Жолду баштап келаткан. Ок тийген жерге тайганга, Келип жетти Кененим. Тайгандагы жебени, Колуна алып караса, (Ал кездеги эрлердин, Жебесинде белги бар) Хан Чиктейдин огу экен, Көргөндө болду таанымал. “Кайда барган хан Чиктей? Качып тоодо жүргөнбү? Же качып барып бир жерге, Баш мааналап келгенби? Таппасам ишим бекер”деп, Изине түштү аргытып, Кеңкула менен кекерлеп. Өңү сары,көзү көк, Өткүр тууган Кененим, Кекенсе башын кесүүчү, Жеткир тууган Кененим. Кара нээт зор Чикетей, Тайганды атып өлтүрүп, “Кутулам кайда барып? — деп, Кайкалактап үшкүрүп,- Каканчын барсам батпаймын, Кантип жанды сактаймын? Оогандын бизде кеги бар, Чоң аралдын элдери, Бир кондурбай кубалар. Барар жерим калбаптыр, Аа көрөктү буруттан, Ажалым жетсе өлөйүн, Азабым болсо көрөйүн, Бактым артса буруттун, Башын кесип жөнөйүн” Маана болор эл таппай, Баш калкалар жер таппай, Бадырек доңуз башында, Балбансынбай жөн жатпай, Кайран жан калды жай таппай. Качып жүрүп кыдырып, Далай жерди сыдырып, Барар жерин билалбай, Кетип барат шылыйып, Артынан чыкты аңгыча, Манас деген кыйкырык. Кыраандын үнүн укканда, Кыйкырыгы чыкканда, Айанар жери калган жок, Хан Чиктейдин ушунда. Түпөктүү найза булгалап, Каңкайлап ураан чакырып, Жан айабай зор Чиктей, Жаман тийди качырып. Алдындагы тулпары, Кош кулагын жапырып, Араандай оозу ачылып, Ак көбүгү буртулдап, Омороогу чачылып, Ал белгиси келгенде, Чанданды алчуу жапшырып. Зыркаары шамал зыркырап, Учкан куштай дыркырап, Ырсайып оозу ачылып, Азуулары кычырап, Маңдайында эки көз, Учкундап оту чачылып, Артынан чаңы сүрүлүп, Аркасында айдаары, Аргамжыдай түрүлүп, Кененимди беттеди, Жалаңгыч сарык атанган, Апкаарып мындан кетеби? Эки балбан бет келди, Күч сынашар кез келди, Кездемдин боосун чубалтып, Кезкерип найза чунайтып, Эр Кененим жаш арстан, Кеңкуланы чуратып, Качырып найза сайышып, Найзаларын кагышып, Адашып кеткен эки дөө, Эми калды табышып. Ач кыйкырык бакырык, Аскарлуу зоолор жаңырып, Үнүн уккан айбанат, Акылынан жаңылып, Кумдагы кулан оттобой, Топ-топ болуп чогулуп, Секирип койон ойнобой, Адырды түлкү жойлобой, Текелер таштан түшө албай, Булардын иши бүтө албай, Жыртылды жердин далайы, Тулпарларга түтө албай, Жолборстун жолу байланды, Черден чыгып кете албай. Бөксөдө бөрү көналбай, Көөнүнчө жандар жүрө албай, Балтадан чыккан чакылдак, Түн ичинде болгондо, От чагылып жалтылдап, Кош көрүнүп корконго, Муунуна кирип калтылдак, Чарайнага найзанын, Учу тийет такылдап. Калкандары быркырап, Олпоктору жыртылат. Уйалбаган бул калмак, Дагы туруп кеп кылат: — Ортобузда биздердин, Далай болду көп чатак, Эп келсе сага,Кененим, Кезектешип урушсак. Кененим айтат мындай деп: — Мундан мурун эки ирет, Уйалбай кезек сурадың, Атам Манас шер үчүн, Кезекке чыдап турганым, Кезегиң алып болгондо, Сен кезекке чыдап турбадың. Туруп берчи сен Чиктей, Мурун кезек алайын. Жооп жандырбай алайып, Жана кирди карарып, Ажал жетип күн бүтүп, Улам ээрдин жаланып, Качырып кирди Кененге, Жалаң кылыч колго алып, Бөйөн менем чайандай, Уусунчачып каарданып. Кылычты шилтеп ийгенде, Кылыч келип тийерде, Каары катуу,заары күч, Камбыл тууган Кененим, Найза менен карыга, Кагып өттү калмакты. Кылычы ыргып кеткенде, Кайра тартып оролду, Капкадай болгон калмакты, Как шилиге бир койду, Кененим сайган оңорбу, Томолонуп атынан, Тоодой калмак торойду, Жаны ачыган Кененим, Коондой болгон башына, Балта менен бир койду, Айрандай мээси чачырап, Ааламдан Чиктей жоголду. Коштоп алып тулпарын: “Калмакка барып нетем, — деп, Кадиксиз жаткан тынч элге, Салбайын калба бекер, — деп, Дагы чыкса жаталбай, Кек алам деп кекерлеп, Өчүгүшүп көрөйүн, Ошол кезде бекемдеп” Деп ойлонуп Кененим, Тулпарды жолго жулкунтуп, Жолдун чаңын бургутуп, Калмакты сайып кан кечип, Эл-журту менен көрүштү, Аман-эсен алжетип. Душманга болуп күйүнчү, Ак калпак кыргыз элине, Абыдан болду сүйүнчү. Муну мындай таштайлы, Кейиш тарткан Кененим, Кеселинен баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим». Элдик эпос. Басмага даярдаган Оргалча Кыдырбай. Булак: bizdin.kg.