← Кененим 3/4

Эмчек сүт деген чөптү жеп, Тарады шишик шимилип, Күндө бирден суур алып, Күчүктөр кетти семирип, Кийик кууду таш-таштан, Эриккенде элирип, Буту сынык туралбай, Кененим жатат зеригип, Тайгандан качкан кеийиктер, Ташка чыга бергенде, Ээригип жаткан Кененим, Жаага окту кергенде, Беттешип турган текеден Беш-алтыдан бир атып, Таштан кулап түшкөндө, Күчүктөр менен Кеңкула, Сүйрөп алып келгенде, Баспай калган семизден, Текенин төшүн жегенде, Такандап турду Кененим, Күн токсонго жеткенде. Бекер оттоп кеңкула, Куландай болуп бүттү эле, Алгыр эки тайганды, Кошо ээрчип турду эле. Жана жатты он беш күн, Баш-айагы жүз беш күн, Белсенип баатыр Кененим: «Тирүү болсоң Чиктей хан, Эдебиң колго берейин» Деп аттанды жол тартып, Коктукат көздөй оң тартып, Капташып калды Чиктей хан, Келайтыптыр кол тартып. Коктукатта зор Чиктей, Токсон күн жатып кебелбей: «Кененим издеп келбеди, Аткан огум тийгенби? Тийсе болот-уу кошокон, Салдым эле дарыны, Баалап кетип Кененим, Талаада өлүп калганбы? Же болбосо тамтайып, Таласына барганбы? Дем алдырбай барайын, Таласын талап алайын, Ак калппак кыргыз дегенди, Такыр чаап тынайын. Өлбөсө да Кененим, Өлүмчө болгон кезеги, Менин огум даарыган, Эмгиче өлбөй жүрөбү?» Кененим тирүү бардыр деп, Ойунда жок күмөнү. Элден арбын мол жыйнап, Элүү миң саны кол жыйнап, Жекеге чыкса сайышаар, Балбандан тандап зор жыйнап, Келе жаткан Чиктей хан. Капташкан жер кең экен, Күрпүлдөп жаткан суусу бар, Орхундун суусу дээр экен. Ээн жерде Кененим, Элкин жалгыз бараткан, Элүү миң аскер, он балбан, Чиктей хан өзү келаткан. Чыга калып белестен, Кездешип калды касташкан, Бири калып, бири өлбөй, Санаасы тынбайт басташкан. Кененим айтат:-Ой, калмак, Барасың кайда калдаңдап?! Кармашка чыдап тура албай, Качып кеттиң антаңдап, Эми келе жатыпсың, Элүү миң калмак самсаалап, Кененим өлүп калды деп, Ойуңда, калмак, ушубу? Каарланса Кененим, Каныңды төгөр тушубу! Качканы чын, жалган жок, Менменсиген хан Чиктей, Сөз талашар дарман жок, Калжаңдап намыс талашып, Качырар шайы калган жок, Чиктей хан мойнун бурганы, Кастарлап келген он балбан, Карап булар турбады, Батак деген немеси, Балбан сынып найза сунганы. Жалгыз башы апкаарбай, Көп экен деп жазганбай, Көкжал төрө Кененим, Качырып найза урганы. Кененден найза жеткени, Балбансынган батагы, Баладай ыргып кеткени. Аркасынан Кененге, Сетер калмак жетти эми. — Сен Кененим, мен Сетер, Кутулуп менден ким кетер? Багым артып маңдайда, Бет келдим сага майданда. Хан Чиктей мактап маа берер, Жиңзы ташты алганда, Сетерде арман калабы, Караан дүйнө жалганда! Деп күркүрөп чоң Сетер, Мурункудан беш бетер, Булгалап найза качырып, Буркандап Сетер бакырып, Тике карап Кененге, Типтик тийди акырып. Ойунда келет Сетердин, Оодара сайып алам деп, Оорагын баштан качырып. Короңдогон калмактан, Кененим коркпойт шашылып, Айбандан күлүк кеңкула, Арандай оозу ачылып, Оозунан чыккан ак көбүк, Омороого чачылып, Оолукандай Кененим, Манастап ураан чакырып, Жеткен жерде Кененим, Тоодой болгон Сетерди, Тоңкойтту шорун катырып. Жыгылды Сетер тоңкойуп, Желип чыкты Кененим, Темгектүү найза койкойуп. Ондон эки эр өлдү, Эми өлүмдү таштап унутуп, Тоодой Чиктей көгөрдү, Сом темирин артынып, Үстүнө соотун жамынып, Чарайнасын тартынып, Далыга калкан жамынып, Башына туулга салынып, Ач жолборстой чамынып, Кабагы карыш салынып, Колуна найза карманып, Касаба тоодой жарданып, Жан алуучу периште- Азырейилдей каарданып, Таноолору барбайып, Тамылжып өңү саргарып, Оозунан жалын от чачып, Көзүнүн чаарын чыгарып, Минген атын камчылап, Казабынан каапырдын, Көзүнөн жашы тамчылап, Көзү көрбөй күүгүмдөп, Күүгүмдөгү устадай, Көк жашыл тартып бүрүлдөп: — Кыйынсыган Кененим, Кыргызыңда болбодуң, Кытай менен муңгулдун, Кошулушкан чегинде, Капилет өлүп сойлодуң! Деп качырып хан Чиктей, Кененимди беттеди, Кезек бер деп кеңгиреп, Кезектеп найза кескерди. «Кезек деп чыкты оозунан, Кезегин мунун берейин, Алдында берип кезегин, Өзүмө кезек келгенде, Талпагын ташка керейин» Деп ойлонуп Кененим, Туруп берди далдайып. Алдадым деп Кененди, Ааламдан ашкан немени, Ого бетер күүлөндү, Туруп берген баатырга, Май соорунун өзү, деп, Тоодой да болсо күчү бек, Томорулуп түштү, деп, Найзаны муштап жиберди. Олпогуна оролду, Ороп тартып өткөндө, Күркүрөгөн Чикетейдин, Найзасы сынып жоголдк. Эр Кененим баатырдын, Ээрден көтү бултайып, Үзөнгүдөн бут тайып, Кеңкула жалын тайанып, Арбагы колдоп Манастын, Жыгыла жазып тас калды, Оңолуп минип кула атка, Оморо сайып Чиктейди, Жетемин деп муратка, Найзасын ыргап сундуруп, Оң тартып атты бурулуп: — Кезегин бергин Чиктей хан, Кел майданга түз туруп! Эр Кененим баатырдын, Көзүнөн өрттөй от жанып, Өрдөктөй мойну узарды. Муну көргөн Чиктей хан, Майданда туруп бере албай, Балта менен качырды, Бура тартып уйалбай. Анча кирген Кененим: «Өзүн сайып нетем, — деп, Балта менен бир салса, Найзам сынып кетер, — деп, Жаңылап найза берер жок, Ишим болор бекер» деп, Кар жиликтин булчуңга, Кагып өттү найзаны, Жарылып кетип булчуң эт, Сөөгү сынбай какшады. Кар жиликтен кан агып, Балтасы түшүп шаңк этип, Өлбөгөн тирүү жан калып, Кайра кирсе Кененим, Өлөмүн деп саргарып, Качмакчы болду кар нээт, Эбин тапса жанды алып. Оозу кургап кан катып, Улум-улам тамшанып, Камчысын булгап бакырып: — Баарың кел! — деп чакырып, Элүү миң киши ат койду, Топуракты сапырып, Аралап кирди тобуна, Өзү тулку бойун жашырып. «Элүү миң аскер, сегиз эр, селдей каның ага бер, мен таппасам болбоду, баш калкалар маана жер. Баатыр Манас тушунда, Араникте урушта, Дөөхан менен Панусхан, Соксо, Сотой балбандан, Анжыдан деп ат койуп, Араникти алганда, Соксо, Сотой өлгөндө, Дөөхан качып келгенде, Соксо, Сотой экөөнөн, Эки бала келди эле, Дөөхандын тукуму, Алдагы мыкты эр эле, Өзүм такка мингенде, Элебедим дегеле. Калдагай кулак чойун алп, Темир тондуу Шалкымат, Жез киндиктүү Кикимат- Үчөө тең мыкты деди эле, Ушул бойдон бурулбай, Мен барайын тигиге, Үчөөнүн колун чакырып, Алып келсем бул жерге, Жалгыз башы Кененим, Өлбөйбү ушу тим эле,» Тоодой болгон Чиктейдин, Ойлогону бул эле. Бул үчөө жердеп турган жер, Сарыкум, Бейтик дер эле, Батышка башын буруптур, Түштүктү көздөй ыңгайлап, Тулпарга камчы уруптур. Күндү улап түн басып, Түнгө улап күн басып, Так жыйырма күн жол тартып, Келип жетсе Чиктей хан, Бейтиктин кулан кумунда, Чогулуп үчөө бир жерде, Олтурган экен жыйында. Тоодой болгон чоң Чиктей, Жолоочудан кеп угуп, Келип калды чогууга. Көрбөгөн мурун Чиктейди, Кабарын угат бир жери, Аты арыктап ыргайдай, Бит семирип торгойдой, Бел ничкерип мойну кес, Өңдөн азып сары жез, Шашылып кебин айтар тез: — Өзүм муңгул урукмун, Атым Чиктей улукмун, Муңгул менен кыргыздын, Арасында кек бар деп, Көп кишиден кеп уктум. Семетей кайып болду, деп, Сейтек өлүп солду, деп Шибе, солон, муңгулдан, Манжу менен анжудан, Алтымыш миң колду алдым, Сотолу, Дөрөт, Тетеги, Мен-менсиген зорду алдым. Манастын шаары Таласты, Чабайын деп Алашты, Батышка кетип бараттым. Түгөнгөн Манас тукуму, Түтөгөнүн билбепмин, Илебиндин кырында, Кененимге жолгоштум, Туу сайышып жол тостум, Куйругун басып алыпмын, Уктап жаткан жолборстун.