← Кененим

Кыргызга келген кырсыктар

“Атбашынын бетинде, Чечдөбөнүн четинде, Олуйазаада Кошойдун, Жалгыз уулу жалгызек, Атасынан бер жакка, Биз менен болгон бир тилек, Карып калган кезимде, Каттабай мага койду, деп, Калбасын анын эсинде, Алдына барып келейин, Абалын анын билейин” Деп ойлонуп Кененим, Таластан чыгып жол тартып, Атбашы көздөй барыптыр, Учурашып калыптыр. — Абаке, келдим алдыңа, Барып келдим жакында, Капкайдагы Каңкайга. Барганынан келгенин, Жашырбай айтып бар кебин, Ашырбай айтып чын жерин, Эки күн өрүн алыптыр, Кетемин деп айтканда, Жалгыз ээк кебин салыптыр: — Ээ, кулунум Кененим, Менин бар сага бир кебим. Мени кылдың ыраазы, Ушул сапар келгениң, Үч айдан артып баратат, Батырып тамак жебедим. Агарып сүрүп таң атып, Жаркырап тийип күн чалып, Карарып кайра түн келип, Мен жүрөмүн ошентип, Келер бекен сени деп, Жүрчү элем мунетип. Ооруган жердин дайны жок, Сиркечелик алым жок, Денем турат, шайым жок, Мурункудай чагым жок. Жалгыз бала Бакытбай, Жашы толуп жетелек, Балапан жүнү бата элек, Балтыр эти ката элек, Аттанып жолго баса элек, Быйыл чыкты он үчкө, Жаңы түлөк жаш эле. Багып алгын,Кененим, Тилегим келди оңунан, Саа тапшырайын дегемин. Тил алсаң, балам, бастырба Үч күндөн артык күнүм жок, Аркаңдан киши чаптырба. Ополдун түбүн жердеген, Олуйа чал дээчү элек, Арпанын башы жайыктан, Чоң атаң,балам,Семетей, Ак шумкар Алган уйадан, Алдында алдым бир бүркүт, Ак ийин деп атыккан, Шер Гүлчоро, эр Сейтек, Эрмекке салып жатышкан. Кийин алдым бир бүркүт, Кыл канат болду бул бүркүт, Көзү көргөн жанды алды, Топ-топ чыккан карышкыр, Кутулуп кете албады. Олуйа чал суратып, Алып кеткен Кененим, Эки жыл болду бербеди, Барып алып келүүгө Менин алым келбеди, Абамдан калган мурас деп, Салып жүргүн, Кененим, Адамга сонун эрмеги. Атам Кошой карыйа, Арыстан Манас барында, Бейжинге барса бир барган, Кошо жүргөн жанында. Айкөл Манас өлүмүн, Ак калпак кыргыз көрүптүр, Көмгөн жерин төрт киши, Көзү менен көрүптүр- Каныкей, Бакай, алп Төштүк, Кошой төртөө көмүптүр. Атасы Жакып көрбөгөн, Абыке Көбөш билбеген, Арыстан Манас, дөө Кошой, Мына ушундай жүрчү экен. Каныкей чапты төлгөгө, Атымдын аты тай тору, Табылды уулу Семетей, Кол кармашып келгенбиз, Эмгичекти бөлүнбөй, Каламбы деп коркомун. Өлүгүм менин көмүлбөй Өзүң келдиң жолборсум, Менин Кызыр болду жолдошум, Бүрсүгүнү чаршенби, Балам мага жол болсун, Жума күндөн калтырбай, Чечдөбөгө койорсуң. Сый-сыпатын толук кыл, Аш берем деп кыйналба, Көз кырыңды сала жүр, Бакытбай жалгыз балама, Деп жалгызек тапшырып, Эки күнү жаткырып, Тогуз бээни алдырып, Тоодогу малга чаптырып, Жатуучу жерин көрсөттү, Жалгызек өзү бастырып, Тирүү туруп Жалгызек, Көрүн мыктап каздырып, Он беш киши көр казды, Ошол жерге жаткырып, Кемегесин ойдуруп, Жанына казан астырып, Жаңылап бээни сойдуруп, Арчадан чапкан чөмүчүн, Эт котортуп бастырып. Баш-айагын чойдуруп, Найза бойу ойдуруп, Чаршенби күнү шашкеде, Жалгызек кетти чойулуп, Уктагансып баратат, Сурмалуу көзү куйулуп, Чирене түшүп жок болду, Кызыл өңү кубулуп. Катыны какшап зыркырап, Бакытбай ыйлап буркурап, Кара кыргыз калың эл, Баарысы ыйлап чуркурап, Көпчүлүк ыйлап бергенде, Жалпы кыргыз элине, Аа дүйнө кеткен жалгызек, Жаккандыгын билди эле, Жаназага келсин деп, Туш-тушка кабар берди эле. Ар тарапка чабарчы, Ат жетер жерге атказды, Атайлап анан кат жазды: «Жалгызек өлдү, — деп жазды. Азыр жайлоо жайлаар кез, Чыңыртып кулун байлаар кез, Болжогон күндө келгин тез. Шаршенби күнү жалгандан, Жаннатка кетти Жалгызек, Жума күнү койобуз, Арпага чыгып конобуз, Кат жазгандын баарысы, Кең Арпада болорсуз.» Бакытбайдын катынан, Кененимдин атынан, Так кырк күндү болжоду. Кашкар, Жеркен, Хотенге, Лопнур, Азык, Баркөлгө, Алтай, Чөйчөк, Илеге, Үчкаркыра, Капалга, Кең Ысыккөл, Текеске, Түштүк, Чыгыш, Түндүк деп, Кат жазып буга бүттүк деп, Бадакшан, Балык, Үркөнчүгө, Кең Букарга караган, Кыйба, Шанхай, Баранга, Жетисууда жедигер, Ошол элге кабар бер, Кара калпак, Түркмөнгө, Урумда кыргыз жүргөнгө. Самаркан, Ташкен, Наманген, Кокон менен Маргалаң, Өзүбек турган он шаардан, Ашка келсин деп жазган, Ар тарабы санаты, Кырк бир киши атказган. Таластагы кыргызды, Сапка баарын тургузду, Кызмат кылгын барып деп, Бүт кыргызга угузду. Болжогон күнү кырк күндө, Арпага элди чубуртту. Арпага кайкап эл конду, Бир үйгө алды беш конок, Күндө бирден тай сойуп, Беш күн өрүүн алдырды. Уй мүйүз тартып олтуруп, Уругу кыргыз болгон журт, Кеңеш кылып алышты, Ошол күнү кечинде, Жедигердин элинен, Кабарчы жетип калышты: «Коросон эли козголуп, Жетисууга келди, — деп, Тай семизин калтырбай, Такыр сойуп жеди, — деп, Андан башка угушта, Жана дагы бу бир кеп- Хотен, Жеркен, Кашкарга, Ким экени билинбейт, Буга аскер келди» деп. Шумкабар элге жайылды, Хотен, Жеркен, Кашкарлык, Жедигер ага кошулуп, Турпан, Баркөл алардан, Ат арытып баргандан, Күмөн кылып Каңкайдан, Баары калбай чубаган. Алтай, Чөйчөк, Иледен, Казактын эли көп келген. Ашка кетти баары деп, Келдиби кытай чабуу, деп, Катын менен баланын, Көрөлү жүзүн жүрү, деп, Аттанып жүрдү дүркүрөп. Аттанып жаткан элдерди, Токтото албай койгун, деп, Хандардан барды канчалап, Калбай кетти анталап. Топ-тобу менен жөнөдү, Бирин-бири караандап, Кара кыргыз элдерин, Аман болгун баарың, деп. Бактыбайга Кененим: — Жаман-жакшы иш болсо, Мага кабар салгын, — деп, Ээлик болгун элиңе, Жаман атты болбо, — деп, Таластык такыр аттанды, Арбагы Манас колдо, деп. Таласка барып жай алды, Мал семирип май алды, Айак оона айында, Күн бузулуп карарды. Кыра жака Кеңколго, Тердикке чыга кар жаады, Бөксөдөн өөдө кар калды, Бөксөдөн ылдый карарды, Кесик оору дарт болуп, Кененим ооруп ал калды. Эккен эгин дегенден, Кылайган неме калбады, Кардын жатып түбүндө, Сасып чирип куурады, Бештин айы дегенде, Азык издеп ар кайда, Элдин алды чубады. Күндө шамал ырылдап, Суук болуп зырылдап, Тумандап күндө куроо бар, Жылт-жылт этип зымылдап. Түшкөчө шамал батыштан, Түштөн кийин чыгыштан, Бугу айлары болгондо, Чыдай албай сууктан, Жылкыдан калды азыраак, Кара малдан калбады. Жер чымырап көк чыкпай, Текенин айы дегенде, Титиретип суук чыкпай, Жай күнү кыштай кылчылдап, Ала канчык шыбыргак, Жана кайта айланып, Оона айына уланат. Он эки айга жыл толду, Кененим өөдө туралбайт, Мындайчылык күндөрдө, Түбү тууган туралбайт. Алты шаар, Анжыйан, Ташкен мененСамаркан, Кененимди соога деп, Далай аштык алпарган. Кененим ооруп жаткалы, Булар кайта баш тарткан. Атбашыда Бактыбай, Жаман чылык деги жок, Мурункудай жай жаткан. Таластан алды кабарды, Ачарчылык жаманды, Жерге келип катаалдык, Малдан неме калбады, Таластын угуп кабарын, Бактыбай тура албады. Жарлык кылып элине, Тогуз миң улоо камдады. Азык артып баарына, Аргамжы менен чамдады, Үч жүз киши котчу алып, Таласты көздөй айдады. Жолдо бара жатканда, Бактыбай көрдү бир жанды, Көзү кызыл, ак сакал, Күдүңдөгөн бир чалды, Тосоттоп жолун бастырбай, Чалдын жайын сурады: — Кайдан келген адамсың? Кайсы жакка барасың? Менин атым Бактыбай, Таласка кетип барамын. Тогуз миң унаа малым бар, Баарына арткан даным бар, Ал сурайым Таластан, Кененим аттуу агам бар, Айкөл Манас бабам бар. Таластагы кыргызды, Үч жылы багаар чамам бар, Бир мал калбай өлдү деп, Мен угамын шум кабар. Анчүн кетип барамын, Атбашыда туралбай. Жолуккан чал кеп айтты: — Атым Жоодар, — деп айтты. Уругум менин Жедигер, Кененим менен айлым бир, Королош жүрөм жай-кышы, Жайыттагы малым бир, Үч күндө бирден даам ичем, Ошол үчүн жанымбир, Өлүп кетти Кененим, Бул кезгече баарыбир. Кебимди ук, Бактыбай, Даныңды жеп жаның бак, Өз элиңде көөнүң жай. Жедигерге барамын, Жеримен кабар аламын, Алып келип унаа таап, Көчүп кетип каламын, Кененимден айрылсам, Кимди карап турамын? Бадакшанда жээним бар, Жедигерге жетпесем, Жээнимен унаа табылар. Кош эмесе, — деп койуп, Бура тартып жөнөдү, Бактыбай ачык түшүндү: «Бул жөөттүн өнөрү, Далайдан бери Темирбек, Тажикти бөлүп кыргыздан, Каңкай менен кабарлаш, Ар кимден сурап угушсам, Атамдын ашын берерде, Чакыртсам Тажик келбеди, Уккандын баары чын болду, Ачык турат күмөнү, Кененим ооруп калды, деп, Ачарчылык Таласта, Дарманы кетип кыргыздын, Дайынсыз болуп калды, деп, Бараткан экен жоодар чал, Тайыны кеткен Таласка, Темирбекти баргын деп. Айттырып сөзгө канайын, Жоготпостон караанын, Чакырып келе калайын, Убара кылбай бирөөнү, Өзүм эле барайын, Жол узарып кетпесин, Бачымыраак чабайын» Деп ойлонуп Бактыбай, Бура тартып чуу койду, Көмөскөгө жоодар чал, Кире берип жоголду. Байкап барат Бактыбай, Төмөн жаккы белестен, Башы чыгып коройду. Ойуна алды Бактыбай: «Ойлогонум чын болду, Куткарып ийсем бул чалды, Түгөнгүсүз чыр болду.» Бура тартып Бактыбай, Жоодар чалга туйдурбай, Адырды карай бет алды, «Жаш Бактыбай адырдан, Аркар көргөн экен» деп, Алдастаган Жоодар чал, Ат айабай жол жүрүп, Күндөп-түндөп мол жүрүп: «Бактыбай кайра кеткиче, Тажиктердин кошуунун, Баштап келсем үлгүрүп, Кош олжолуу болдук» деп, Бити батпай ичине, Жоодар чал барат сүйүнүп, Жолду байкап Бактыбай, Жоодар чалдан оозуптур, Жолу каткан бул чалдын, Жолунан чыгып тосуптур. Элеңдеген жоодар чал, Чыга калса сеңирден, Алдында турат Бактыбай, Кылмуруту керилген. Сырымды билген, экен деп, Ойуна алып Жоодар чал, Кутулам кантип, деп, Акыл-эси болду дал. Кеп сурабай Бактыбай: — Жүр бастыргын, Жоодар чал, Ачарчылык Таласта, Үйүңө жетер аштык ал! Деп катуулап айтканда, Арамзаада Жоодар чал: — Ээ, кулунум Бактыбай, Айтар сага кебим бар, Сен жаштык кылбай тилим ал, Барган менен Таласка, Уйат болуп калбагын, Кененимди табалбай. Жылмайа түшүп Бактыбай: — Бул айтканың чын болсо, Сен экөөбүз биригип, Бачымыраак баралы, Эр Кененим төрөдөн, Жетип кабар алалы. Жакшылыгы бар болсо, Учурашып жанайын, Жамандыгы бар болсо, Көзүм менен көрөйүн, Алып барган соогамды, Аман калган тууганга, Ата уулу кылып бөлөйүн, Амандашып калганга, Андан кийин жөнөйүн. Бастыргының, болгун, — деп, Жоодардын атын соорулап, Бактыбай жөнөй берегенде, Баспаймын деп айта албай, Баш булгап кайра тарталбай: «башыма боолук түштү, — деп, Башын жесе Кененим, Башым тирүү каламын. Бар болсо тирүү Кененим, (Барбай баскан экемин) Башымды билдим алаарын» «Үйрөнүшкөн жоо болсо, Айтышарга ийиги» деп, Элден калган бул бир кеп. Акылдан танып эндиреп, Айласы кетип темселеп: «Өтөгү бай эр эле, Унутуп калар бекен» деп, Эсинен чыкпайт Жоодардын, Эси жок айткан чогоол кеп. Бастыраарда Жоодар чал, — Барасыз кайда өзүң? — деп, Сураган экен Чыныке, Жайын айтпай түз кебин, Чогоол айткан ал жерде: — Бастырамбы, турамбы, Эрк өзүмдө меники, Ооруп жатат Кененим, Ошону багыш сеники. Дагыдаарбай, Чыныке, Сен жайыңча жүргүнчү! Деп аттанып кеткен болуучу. Бир буудайга семирген, Акылсыз киши болуучу, Ичкенин кузган оозунан, Чабалдын иши болуучу, Бергенин алган доолашып, Жамандын иши болуучу, Ичкен тузга кас кылган, Качан киши оңуучу? Бактууга барып тийишкен, Башын жеп анан тынуучу, Байыртан калган бар элге, Бабаңдын салты болуучу, Кылымдар бойу кыдырган, Кыргызга калган нарк ушу. Зордук менен Бактыбай, Соорулап атын айдаган, Кайра качып кете албай, Калбалуу Жоодар бараткан, Таласка булар баратса, Алдынан бирөө келаткан. Тандап атын жараткан, Жан айабай келаткан, Көргөн жерде кааранын, Тааныды аны Жоодар чал. Жаманбай деген бар эле, Кененимдин үйүндө, Казан басар бала эле. Көргөн жерде Жоодар чал, Көзүнүн жашы буурчактап: — Айланайын Бактыбай, Жаманбай бала келатат, Ат айабай ыкчамдап, Жыгылган бейим Кененим, Жылмайып жерди кучактап. Ак калпак кыргыз көп алаш, Эми кандай жан сактайт? Душманга кылын алдырбай, Кыраан эле Кененим, Кыргызды баккан сак сактап. Бактыбай байкап караса, Жоокалатып Жоодар чал, Кайра качар чагы бар. — Жүр, Жоодар чал, Жоодар чал, Өлүмдөн качып ким калган?! Алдына салып айдады, Аңгычакты болбоду, Жаманбай келип калганы. Бактыбайды көргөндө, Жаманбай тили байланды, Бузулуп ойу саргарды. Жоодар чалга Жаманбай, Кебин айта алалбай, Бактыбайды тааныбай, Жан кыйналып калганы. Аны көрүп Бактыбай, Жайын сурап калганы: — Ат жаратып минипсиң, Тон жаратып кийипсиң, Качкын кууган немедей, Карбаластап жүрүпсүң. Айткын, жигит, кебиңди, Айтпасаң да жумушуң, Жүрүшүңдөн билинди. Аман барбы Кененим? Кененимге жолгошуп, Кетейин деп келгенмин. Кара кыргыз калкынан, Атбашыдан келгенмин. Деп Бактыбай айтканда, Көзүнүн жашы он талаа, Көөдөндө бар көп санаа, Чыдай албай Жаманбай, Сөзүн айтты мамындай: — Кененим аман элде бар, Далай күндүн алдында, Ордунан калган туралбай, Эми эшике чыгып кире алат, Элдин көөнү болду жай. Кененим мени жумшаган, Бара турган иш мындай: Мына турган Жоодар чал, Кененим менен бир жүргөн, Күнүнө бир убак туз ичкен. Кененим киши тааныбай, Кер сары болуп жатканда, Ат жаратып тон кийген, Караан тутуп Чыныке, Жүрчүү экен курдашсып, Күнүгө кирип-чыкканда, Жакын келип сырдашып. «Барасың кайда, Жоодар?» деп, Чыныке антип сураса, «Дакдаарыба, Чыныке, Эрк меники» деп айткан. Үч күндөн бери Кененим, Баш көтөрүп калганда, Жоодар чалды сураган. Билген киши жок экен, Жаман кеп уккан Чыныке, Ичи жалын чок экен. Мурдун чүйрүп Чыныке: «Жоодарың менен куруп кал, Тонун кийип толуктап, Атын минип бел чыңдап, Бастыргалы жатканда, Барасың кайда, Жоодар деп, Жай сурасам жөн эле, Ооруп жатат Кененим, Багып алгын эриңди. Бастырамбы, турамбы, Эрк өзүмдө меники, Деп ошентип Жоодарың, Жаман айтты мага» деп, Ыйлап салды Чыныке. Чыныкеге Кененим, Жакшы-жаман кеп кылбай, Олтуруп алды унчукпай. Чыныкени Кененим, Жумшап ийип, жумушка, Чыныке жокто мага айтты: «Тур Жаманбай, бастыргын, Эл четинде акмалап, Жүргөн болсо Жоодарды, Чакырып кел, Жаманбай. Тил албаса Жоодарды, Байлап келгин, Жаманбай, Жакшы-жаман дебестен, Жүндөй сабап Жоодарды, Айдап келгин Жаманбай. Эл ичинде болбосо, Күндү күнгө улагын, Түндү түнгө улагын, Чырым уйку албагын, Чыканак жерге салбагын. Ат айабай жол жүрүп, Атбашыда Бактыбай, Айтып кабар сен салгын, Кененим айтты деп баргын. Тажиктердин Темирбек, Тентек эле бендеден, Тажиктин жолун байкасын.» Барар жумуш бул эле, Жоодарды таптым бул жерде, Тааныбайым, баатыр,мен, Атың сенин ким эле? Жаманбай кебин бүтүрдү, Бактыбай угуп түшүндү, Улутунуп Жоодар чал, Опсуз жаман ич күйдү. Опул-топол Бактыбай: — Жүр бастырыгын, Жаманбай, Жоодар чалды ээрчитип, Бактыбай келе жатат деп, Сен айлыңа айтып бар. Бактыбай деген кепти угуп, Жаманбайдын көөн тынып, Сакалы жок немеле, Кененимдин үстүнө, Кирип барды мулжуйуп, Сүйүнгөндөн Жаманбай, Саламды калган унутуп. Жаманбай кирип барганда, Кененим айтты мамындай: — Мен жумшаган жумушка, Барбадыңбы, Жаманбай? Же болбосо Жоодарды, Таап алдыңбы, Жаманбай? Кеп жандырды Жаманбай, Сүйүнгөндөн Жаманбай, Маңдайдан терин шыпырып: — Аттанып жолдо баратсам, Келайтыптыр Бактыбай, Жалгыз эмес Бактыбай, Жанында Жоодар дагы бар. Келип калды эшикке, Мен турбайын ат албай! Кайра кетти калдаңдап, Айагы тийбей далдаңдап, Этектери далбаңдап, Теке жаргак сары шым, Багалеги балбаңдап. Эшикке чыкса Жаманбай, Жоодарды салып алдына, Босогонун түбүнө, Келген экен Бактыбай. — Ой, Жаманбай, Жоодарды, Алып барып бир үйгө, Буттарына кишен сал! Үйгө кирди Бактыбай, Эки колу боорунда, Салам айтып оозунда, Таазим кылып турганда, Кененим айтат мындай деп: — Кой, Бактыбай, койгунуң, Кел колуңду сунгунуң, Өз колум менен узаттым, Жалгызек абам уулусуң, Жашырбай чынын айтканда, Кара кыргыз туурусуң. Урматыңа ашамат Төргө өткүн, бөбөгүм. Мен агаңмын, сен бөбөк, Бирибизге бирибиз, Баш тартышпас чоң жөлөк. Бактыбай айтты бул сөздү: — Таластагы көп иштер, Мага жүргөн угулбай, Кулагым чалып калганда, Мен жөнөдүм туралбай. Ачарчылык бар деди, Түгөнүп калды мал деди, Кеселмен болуп залкар тоо, Таластын күнү тар деди. Ошол кепти мен угуп, Туралбадым удургуп, Төө менен аттан топтотуп, Токсон миң алдым унааны, Идишке эгин салдырдым, Аркамжы менен таңдырдым, Айлыңызга келайтып, Жоодар чалга кабылдым. Кезигип калып кеп уктум, Өзүң менен Жоодар чал, Айылым бирге деп уктум. “Ноокасы катуу баатырдын, Унаа алып келем деп, Бадакшан бара жатамын, Барып тирүү көрбөйсүң, Тилимди алсаң барбагын” Деген кепти укканда, Мундан күмөн мен алдым. Эли болсо жедигер, Унаага барса Бадакшан, Биз чакырсак арпага, Кебелбей койгон Темирбек, Темтеңдеген Жоодардын, Тажикке бара жатканы, Ачык- айкын болду кеп. Койо бердим баргын деп, Акмаладым артынан, Анык кабар алсам деп. Белги- бетте көп болду, Айдап келдим жүргүн деп. Жаманбайга карматтым, Бутуна кишен салсын деп. Бактыбайдан кеп угуп, Баатыр тууган Кененим, Сылап жакшы кондуруп, Эки күн өрүүн алганда, Кепке- сөзгө канганда, Ат менен төөсү чубуруп, Алды келди аңгыча. Батпай аштык жык толду, Казынада бар тамга, Эгин экпей Таласка, Эгин келди караса. Кырылып кеткен бодо мал, Төө менен жылкы жык толду, Жылгындуу Кеңкол сазына. Кеңколдун башы жети төр, Келсин деди баарысын, Чубап жаткан элди көр, Келгендин сурап баш, малын, Берип жаткан аларга, Эгинди көр, малды көр. Бактыбайдын барганын, Жоодарды кармап алганын, Анжийан, Кокон, Маргалаң, Наманген, Ташкент, Самаркан- Баары уккан кабарын, Баш көтөрүп Кененим, Кирип- чыгып калганын, Кеңеш кылып улуктар, Үй башына бирден мал, Төөсү бардан төө алды, Жылкысы бардан жылкы алды, Көбү жылкы, азы төө, Койбой элден бүт алды. Куру унаа калбады, Эгин артты, тон тартты, Аз артпады мол артты, Мал эсеби санаты, Токсон миң унаа уратты. Алып барган Бактыбай, Эгин менен малдарын, Элге берип жатканда, Кокондон барган токсон миң, Токтосуз келип калганы, Эгин менен тонду алды, Малынан бирди албады, Алып барган кишилер, Таштап атып малдарын, Качып кетип калганы. Таластын эли тойунду, Мурункудай койулду. Тондору жалпы бүтөлдү. Төлдөп малы түтөдү, Жыдыгы чыгып кеткенби, Мурункудан күчөдү. Муну мындай таштайлы, Кененимдин сыйкырдуу, Жомогунан баштайлы.