← Кененим

Чиктейдин жер каптырылышы

Муңгулдардын Чиктей хан, Бастырып барбай жанына, Убалына карабай, Агып жаткан канына; Аралашып мен кирсем, Манжу Дөрөт канын кууп, Бөлүнүп менден чыкканда, Турган эле эл угуп. Кененимди алганда, Талпагын ташка жайганда, Кыргыздын малын олжо алып, Топтоп айдап барганда, Ошондо анан көрүнөм, Анжу, шибе айбанга. Солондун элин кул кылып, Таратпасам ар кайда, Анжу, шибе, солонду, Үй башына бөлбөсөм, Каранды кылып муңгулга» Деп Чиктей хан ойунда, Беш урук турган жерлерге, Өзү ээлик кылууга, Кененимден кантем деп, Дегеле келбейт кыйалга, Кененимдин пейли жок, Ээн талаага турууга, Эби келген кез экен, Эр Чиктейге Кененим, Угунтуп кепти кыларга, Келеби деп Чиктей хан, Карап турду кыйлага. — Муңгулдардын хан Чиктей, Арыбың көп ченебей, Ээрчип келип үчөө өлдү, Арамдыкты элебей, Кырылып жатса канча жан, Оорунбайсың кенедей. Арамдык кылып элиңе, Адал нээт сенде жок, Узап кетер жериң жок, Карап көрсөм пейлиңе. Кененимден кеп угуп, Сырдашып бирге жүргөндөй, Жалганы жок чынды угуп, Адырайган чоң калмак, Токтоно албай удургуп, Кармап жутуп ийчүдөй, Топтон чыкты жулунуп. Туулгасы тултуйуп, Туурасы жоон култуйуп, Сакалы жок мултуйуп, Саадагын асып мойнуна, Жебесин кармап колуна, Ууга учун сугарган, Ишенич бар уугуна, Жебени кездеп жаа тартып, Кененимди сойууга, Жайылып уусу кетер деп, Ок кадалса соотуна, Бир окту алып тиштеди, Бир окту жаага кездеди, Кененимге Чиктей хан, Айтып турган кептери: — Баш аламан урушту, Баштабайлы биз, — деди, Кезегимди бер, — деди, Менден кезек ал, — деди, Жебең барбы сеники, Көрсөткөнүң сен, — деди. Кененим бекер жан эмес, Жебеси жок ал эмес Ала жүргөн белекке, Гүлүстөн берген жебе бар, Үч карыштан чоң эмес. Белеке алган жебени, Көрөм деп эми керегин, Колум сага кол салып, Бүктөп салган жебени, Кененим турду колго алып, Байкап турат Чиктей хан, Ал жебеге көз салып. Уккан болчу жети хан, Көкөтөйдүн ашында, Жамбы атканы барганды, Жойкаранын жебесин, Алмамбет олжо алганын, Уруусу муңгул Шыпшайдар, Жебеден куру калганын, Ал жебени көргөндө, Чиктей калды туралбай, Кайрат кылып тайраңдап, Жебени кездеп тартаңдап: «Чечекейдин чети, — деп, Ак чел менен кара чел, Аралашкан чеги, — деп, Алыс кетсе аткан ок, Туулгага тийер, — деп, Туулгасы жарылса, Кененим жаны ас калар, Балта менен чабышса, Куралдары кетилсе, Кошууну жок артында, Жаңылап курал беришке» Көңүлүнө жат кылып, Башынан калса туулга деп, Чиктей өзү шарт кылып, Тарткан жебе зыр деди, Өтө адис эр Кенен, Ат жалына жыгылып, Өткөрүп окту жиберди. «Жебени салса керичке, Ажалым жетет менин, — деп, Шыпшайдардын жебеге, Кененим окту кездесе» Деген ойду ал Чиктей, Балтасын алып бакырып, Каңкайлап ураан чакырып, Таамай чапсаң Кененди, Кетем деп жерге жапшырып, Кененим жебе кездээрге, Жакын жетти шаштырып. Баатыр тууган кара көк: — Катын баасы сен калмак, Жебеге туруп мен бердим, Жолуң эле сеники, Кезегин берип сен турмак! Колуна алды найзаны, Чиктей жетти чапкалы, Балтаны башка жеткирбей, Найза менен какканы. Чиктей алды найзаны, Кененим жетти сайгалы, Кененимге сайдырбай, Чиктей кагып таштады. Найзаларын кагышып, Бар өнөрүн салышып, Кылычты кындан суурушуп, Кыйа шилтеп урушуп, Кылычка кылып туруштук, Балталашып урушуп, Баатырдык менен турушуп, Чойун баш менен койушуп, Алакан тери сойулуп, Найзалашып сайышып, Намыстанып кайышып, Так эки күн урушуп, Опсуз жаман бул уруш, Ойду-кайгы чабышып, Оң-тескери салышып, Бири каңкай, бир кыргыз, Кең Иледе табышып, Билектешкен тартышта, Ажырата тарталбай, Аттары турат тайышып, Багалчеги малынып, Басалбай тулпар майышып. Арамкор калмак ал Чиктей, Акыл ойлоп алганы, Арбытам деп калбаны. Аскерди салып урушка, Өзү качып шарт койуп, Салбарды тоого баргалы, Салбардыга барганда, Калмакка жакын калганы, Алтайдан алып азыкты, Тартырып элге жазыкты, Каңкайдан алып аскерди, Сайышты чындап салгалы: «Өз акылым акыл, — деп, Эптеп-септеп кыргызды, Четтетейин карактан, Сайдырып салсам окустан, Саат чырмап кокустан, Салбарды ашып калмактар, Коктукат кетсе жол жакын. Ушул жерде сайдырсам, Дым чыгарбай бул элди, Казак талап албайбы, Олжого кыргыз тынбайбы, Азап салдым алты жол, Какан менен Чынмачын, Укса шылдың кылбайбы, Баш көтөртпөй муңгулду, Кытайдын эли эң жакын, Көз каранды кылбайбы» Урушуп жүрүп акыл деп, Табылды кеңеш макул деп, Ойлонуп алып Чиктей кул, Кезектешип жүргөнсүп, Четтей түшүп күүлөнүп, Камчысын булгап жиберди, Хандан жарылык жетти, деп, Нөшкөй калмак он беш миң, Ат койуп калмак кетти дейт. Эл аралап ал Чиктей, Кара жанын калкалап, Качып кирди ал Чиктей, Калмактарды аралап, Коркпогондо неткени, Качып кирсе мааналап. Тегеректеп калмактар, Теминип кирди сабалап, Короодон чыккан дөбөттөй, Коржоңдошуп камалап. Кенебеген Кененим, Көп экен деп шашпаган, Мындай канча кошуунду, Сапырып көнгөн баштатан. Сайаар найза карманып, Баатыр Кенен барбайып, Кеңкула менен дардайып, Каптап келген калдмакты, Качырып кирди аралап, Сабын бузбай калмакты, Сайып барат сабалап, Каны суудай акканда, Кашты калмак талаалап. Он беш миң калмак кошууну, Көбү кетти кырылып, Өлбөй тирүү калганы, Коктукат көздөй сыйлыгып, Алтайдын тоосун бойлоду, Каңкайды калмак ойлоду. Кетип барат Кененим, Чиктейдин түшүп артынан, Чиктеген жери Чиктейдин, Салбардынын этеги. Самаган жерге чоң Чиктей, Сапырылып жетти эми. «Сайа кууп Кененим, Салбардыга келбейт, — деп, Салпылдап келсе өчөшүп, Саламат кайра кетпейт» деп, Санап туруп сегиз күн, Салбардыда жатканы, Санаасы тынып Чиктейдин, Аттанып чыккан күнү эле, Алтайдагы Казакты, Түп көтөрө чапкалы, Бейкут жаткан казакка, Бөөдө кайгы тапкалы. Казактан алган мал-пулду, Кызы менен боз улан- Колго түшкөн гүң, кулду, Кытайга берип өткөрүп, Андан аскер алгалы, Айдап алып Кытайды, Таласка кайра баргалы, Айабай колдон келгенин, Кыргызга бүлүк салгалы, Азыраак калган калмагын, Айдап алып чоң Чиктей, Бастырып жөнөй берерде, Кененим келип калганы. Келген жерде Кененим: — Кеңгиреген калмагым, Качтыбы баштан арбагын? Качып кайда барасың, Кара жерди майлайын! Качпыгының келгин, — деп, Кагышып көнгөн экөөбүз, Кененим жете келдим, — деп, Жалгысың деп ойлойсуң, Кажыбаган эрмин, — деп. Караанын көрүп Кенендин, Кебин угуп берендин, Хан Чиктей чыкты дердеңдеп. Желке чачы сепейип, Көк наакы бутта тепейип, Камчылап атын дардаңдап, Тайган кууган текедей, Таноолору барбаңдап, Өзүнүн бойун жыйнабай, Этектери далбаңдап, Кара темир калканы, Аркасында калдаңдап, Качырып кирди чоң калмак. Кененим чыкты жол тосо, Оң айланып сол болуп, Сол айланып оңболуп, Омбул-домбул секиртип, Ойрон болгон чоң Чиктей, Олоңдорун бекитип, Белин тартып мекитип, Олбуй-солбуй камчы уруп, Согончоктап теминип, Иледеги урушта, Башында калган жеңилип, Жанын айаар жери жок, Сайыштан качып ээринип. Найзаны чыңдап карманып, Кап сени деп арданып, Жан алчуудай каарданып, Жылан менен чайандай, Эт-бетинен заарданып, Алда канча түрдөнүп, Кирген буура сүрдөнүп, Гүүлөп найза ыргады, Гүүсү кулак тундуруп, Күркүрөгөн чоң калмак, Ызгаары шамал зыркырап, Тушуна келген урчуктоо, Токтобой кулап быркырап, Топ-топ учкан канаттуу, Бирден учуп дыркырап, Адырда жүргөн айбандар, Үн алышып чуркурап, Жер ойулуп кетет деп, Тешикке кирген айбанат, Баары ыйлап буркурап, Агын суулар аркырап, Токтоо суулар шыркырап, Аңкуш-аңкуш дей албай, Суурлар калды кыркырап. Жумурткадай жаткан таш, Токтоно албай зыркырап, Кайратына кырк толуп, Кан төгүшөр чак болуп, Эки балбан беш болуп, Эңише турган кез болуп, Өнүп турган жыгачтар, Дени өлүп нес болуп, Ат куйругун чарт түйүп, Күүлөп сунган найзанын, Учунан жалын от күйүп, Кабуусуна келтирип, Как далыга муштаарда, Күркүрөгөн чоң доңуз, Найзасын канга чыктаарда, Далыга найза жетээрин, Тийсе найза далыдан, Жүрөктөн чыгып кетээрин, Билип калып Кененим, Жер силкинип таш кулап, Аңтарылып кетсе да, Кененбеген берениң, Кыйшайа берип шалк этип, Ат капталга сулады, Калмактын сайган найзасы, Ээрдин кашын сыйпалап, Каңкып кетип кур калды. Алдына өтө бергенде, Оңолуп минип Кененим, Үк дедирбей жеткени, Одурайган калмактын, Сооруга найза жеткени, Соолуп калган калмагың, Найзанын учу жеткинче, Оодарылып кеткени. Канкытып сайган найзасын, Алдына өтө бергенде, Алактаган чоң калмак, Аркыратып ат менен, Артынан кууп жеткени. Камынып баатыр Кененим, Балтаны кармап сабынан, Найзанын учу жеткенде, Балта менен какканы, Найзанын учку темири, Быркырап сынып жатканы, Учу мукур найзаны, Ал ыргытып таштады, Балтасын алып бул айбан, Кененимди чапканы. Кененим артка бурулду, Балтага балта урулду, Жер жайнап кызыл чок болуп, Заманы элдин куурулду, Үстүндөгү эрлери, Алдындагы аттары, Кара терге жуурулду, Айтпай кантип чыдасын, Булардай мыкты уулду, Бул өңдөнгөн азамат, Калың элден туулду! Эл мактап эрди эргитет, Эргитип көөнүн сергитет, Элдин актап туз-нанын, Эр жигит бойун тердетет. Арзан эмес эл бакмак, Элине конуш жер тапмак, Кыргыздын карап арат жагын, Кененим тулпар арытат, Ат арыктап, эл чарчап, Эл үчүн эмгек тартышат. Чиктей менен Кененим, Эрикпей экөө сайышат, Канча түрдүү арыпты, Бир-бирине салышат, Алдында минген аттары, Басалбастан кайышат. Туулга, калкан калбады, Туруштук кылып чыдабай, Чыкты баары далдалы. Найзада сайаар курч калбай, Кылычта кесер миз калбай, Балтада уңгу сырт калбай, Чыгып кеткен дал-далы, Чарайынасы бүт калбай. Аскерди салып кыргынга, Качмак болду Чиктей хан, Чыдаштык кылып туралбай, Айласы кетип чоң калмак, Камчысын булгап уйалбай. Хандан кабар алышып, Жайнап турган калың кол, Калбай кирди жабылып, Аралап кирди элине, Адамкор Чиктей камынып. Жаны ачып Кененим, Токойдо шердей чамынып, Түрүн көргөн Кенендин, Түгөнгөн калмак айбыгып, Үч катар мурун кырылып, Калмактар жүргөн кайгырып. Мөкүбалдуу найзасын, Булгап кирди аралап, Эт бышым чыдап туралбай, Калмактар качты талаалап, Ач кайкалаң кезеңде, Чиктей хан турат сагаалап, Эчтемени элебей, Кененим барат кан жалап. Чиктей хан алды ойуна: «Беттешип чыгып Кенендин, Мен барбайын жолуна, Канчалык кылсам кайратты, Кармалып калам колуна, Капылетте өлбөйүн, Кадалып найза бооруна.» Асынганы асказан, Атышты алып ойуна, Мылтыгын алып дүрмөттөп, От койуп милте түтөтүп, Арта салып ачадан, Тиктеп жатты өбөктөп. Калмактар качып калганда, Талаалашып ар кайда, Тартып алып найзасын: «Бейбечара бул калктын, Бекерче канын чаппайын, Боздотуп башын чачпайын. Касташканым Чиктей хан, Суутпай изин чалайын, Качкан болсо адаты, Кайдан болсо табайын» Деп ойлонуп Кененим, Чиктей изин каралап, Салаа-салаа адырда, Салып кетип баратат. Арада алты арту бар, Кенендин көрүп караанын, Чиктей көрүп чыдабай, Кароол менен Жыдыман, Катар экөөнү беттеди, Келе жаткан Кенендин, Тизесин деп чиктеди. Машаны ирмеп жиберди, Ооз отунун дарысы, Кызыл жалын жылт этти, Оң жаккы бутун көкжалын, Тизеден үзүп ок кетти. Кебелип койбойт кенедей, Солк этип койбойт Кененим, Чымын чаккан немедей, «Аткан ок тийбей калды, деп, Эми дүрмөт салгыча, Келип калса Кененим, Өпкө, боор, жүрөгүм, Өлтүрбөй сууруп алды» деп, Камына минип атына, Кылчайбастан артына, Коктукат көздөй зуулдап, Жөнөдү качып шашыла. Жолу катып Кененим, Жолборс жүрөк береним, Салаңдатып оң бутун, Олбуй-солбуй камчылап, Алдындагы Кеңкула, Омбул-домбул түйүлүп, Ачып көздү жумгуча, Чиктей аткан Кайкаңга, Салып жетип караса, Милтеге койгон чогу бар, Жолум үйдөй болжолу. Аттын изин караса, Ары карай качыптыр, Туйагы тийген жерлери, Жер очоктой казылып, Жолум үйдөй топурак, Жол бойунда жатыптыр, Эңкейип жерди караса, Оң бутунан Кененим, Кан куйулуп атыптыр. Сынган бутун карманды, Кайра артына айланды, Канжыгага байланды. Качып кеткен Чиктей хан, Капкайда барып бир жерден, Дүрбү салып карады, Көрүнүп калды көзүнө, Кененимдин карааны. Жүрөгү өлгөн Чиктей хан, Токтонуп тура албады, Кылчайып артын карабай, Караганга жарабай, Качып жолго салганы. Эр Кененим элирип, Эркин аттай желигип, Эрегишер жолу жок, Олбуй-солбуй теминип, Каңкара какшап буту ооруп, Сынган бутун айабай, Шишик басып челектей, Ычкыр кашат, белкырчоо, Чыгып барды шишиктер. Атка жүрөр ал калбай, Карсылдашып Чиктейге, Качырышар жан калбай, Кайра артына бурулду, Бөөрүдөй окшош жуп күчүк, Кара жолдо урунду, Алда кайдан бул жерге, Келип калган ит тууду? Эңкейип эки күчүктү, Салып алды баштыка, Туптуура кубат калбады, Таласка кетип калууга. Уудан кошкон Чиктей хан, Мылтыкка салган дарыга, Өөдөлөп шишик жабылып, Эмчеке барды аңгыча. Жер бетинде адырда, Чөптө нечен дары бар, Ал дарынын ичинде, Сүт эмчек деген дагы бар. Жүйрүндүн тилин жегеле, Чөптүн тилин Кененим Толук билген жайы бар. Туура келди сүт эмчек, Эңкейип үзүп алам деп, Түшүп калды Кененим. Далайга жатып көз ачып, Оозуна салды чөптү алып. Туура келсе тарткылык, Ким калат качып кутулуп? Күн чартылдап чагылып, Мөндүр түштү куйулуп, Суулар акты шаркырап, Таштар кулап калдырап, Буту сынык бой шишик, Кененим жатат жалдырап. Салаңдаган урчук тоо, Томорулуп түбүнөн, Сан-санаксыз таш келет, Салаа-салаа зыркырап, Сак калган бутун таш басып, Талкаланды быркырап. Алладан тагдыр ошондой, Аманат жаны чыркырап, Эки күчүк баштыкта, Уулуп-уңшуп кыңшылап. Чөөлөр келди топтошуп, Кененимге чукулдап, Кыз келиндей шыңкылдап, Чөөлөр чубак каткырат. Арстандын аты кеңкула, Айбандан башка жаныбар, Чөөлөрдү тиштеп ыргытып, Туйагы менен тепкени, Мээсин чубай мылгытып. Чапчыганын жапшырып, Каражерге капшырып, Сандап чөөлөр келгенде, Кеңкула калып шашылып, Кош кулагын жапырып, Чөөлөргө тийди качырып. Капталдап ташты өткөндө, Баштыктын боосу илинип, Күч келгенде чыдабай, Боосу кетти үзүлүп. Күчүктөр жерге чачылды, Караңдаган чөөлөргө, Арсылдашып үрүштү, Күчүктүн үнүн укканда, Чубап жолго түшүштү. Кененим келип түшкөн жер, Терең деген жылга эле, Адам барбас ээн жер, Чөөнүн кени мында эле. Башы мөңгү Ала-тоо, Этеги туйук көк аска, Кайберен барат капталдап, Эки жаны заңгыр зоо, Капчыгайдын өзөнү, Карагай, кайың, тал анда. Төө куйрук, шилби, кожогат, Жапайы терек бар мында. Боз кийик топ-топ жайылып, Аңдып чөөлөр жабылып, Илбирс басат суналып, Аңдып жатып кыйыктан, Текени тандап бул алып. Текелер зоодо кыйналып, Топозу жумшак тумшукта, Айуулар жатак суур казып. Жапайы жаңак, жапа алма, Шагы ийилет караса. Карагай, терек, кайыңда, Куштар турган чурулдап, Үн алышып канаттуу, Сайрап жатат чырылдап. Суу бойлоп шамал зыркырап, Алда канча аңкыган, Атыр жыт чыгат буркурап. Эмчек сүт деген чөптү жеп, Тарады шишик шимилип, Күндө бирден суур алып, Күчүктөр кетти семирип, Кийик кууду таш-таштан, Эриккенде элирип, Буту сынык туралбай, Кененим жатат зеригип, Тайгандан качкан кеийиктер, Ташка чыга бергенде, Ээригип жаткан Кененим, Жаага окту кергенде, Беттешип турган текеден Беш-алтыдан бир атып, Таштан кулап түшкөндө, Күчүктөр менен Кеңкула, Сүйрөп алып келгенде, Баспай калган семизден, Текенин төшүн жегенде, Такандап турду Кененим, Күн токсонго жеткенде. Бекер оттоп кеңкула, Куландай болуп бүттү эле, Алгыр эки тайганды, Кошо ээрчип турду эле. Жана жатты он беш күн, Баш-айагы жүз беш күн, Белсенип баатыр Кененим: «Тирүү болсоң Чиктей хан, Эдебиң колго берейин» Деп аттанды жол тартып, Коктукат көздөй оң тартып, Капташып калды Чиктей хан, Келайтыптыр кол тартып. Коктукатта зор Чиктей, Токсон күн жатып кебелбей: «Кененим издеп келбеди, Аткан огум тийгенби? Тийсе болот-уу кошокон, Салдым эле дарыны, Баалап кетип Кененим, Талаада өлүп калганбы? Же болбосо тамтайып, Таласына барганбы? Дем алдырбай барайын, Таласын талап алайын, Ак калппак кыргыз дегенди, Такыр чаап тынайын. Өлбөсө да Кененим, Өлүмчө болгон кезеги, Менин огум даарыган, Эмгиче өлбөй жүрөбү?» Кененим тирүү бардыр деп, Ойунда жок күмөнү. Элден арбын мол жыйнап, Элүү миң саны кол жыйнап, Жекеге чыкса сайышаар, Балбандан тандап зор жыйнап, Келе жаткан Чиктей хан. Капташкан жер кең экен, Күрпүлдөп жаткан суусу бар, Орхундун суусу дээр экен. Ээн жерде Кененим, Элкин жалгыз бараткан, Элүү миң аскер, он балбан, Чиктей хан өзү келаткан. Чыга калып белестен, Кездешип калды касташкан, Бири калып, бири өлбөй, Санаасы тынбайт басташкан. Кененим айтат:-Ой, калмак, Барасың кайда калдаңдап?! Кармашка чыдап тура албай, Качып кеттиң антаңдап, Эми келе жатыпсың, Элүү миң калмак самсаалап, Кененим өлүп калды деп, Ойуңда, калмак, ушубу? Каарланса Кененим, Каныңды төгөр тушубу! Качканы чын, жалган жок, Менменсиген хан Чиктей, Сөз талашар дарман жок, Калжаңдап намыс талашып, Качырар шайы калган жок, Чиктей хан мойнун бурганы, Кастарлап келген он балбан, Карап булар турбады, Батак деген немеси, Балбан сынып найза сунганы. Жалгыз башы апкаарбай, Көп экен деп жазганбай, Көкжал төрө Кененим, Качырып найза урганы. Кененден найза жеткени, Балбансынган батагы, Баладай ыргып кеткени. Аркасынан Кененге, Сетер калмак жетти эми. — Сен Кененим, мен Сетер, Кутулуп менден ким кетер? Багым артып маңдайда, Бет келдим сага майданда. Хан Чиктей мактап маа берер, Жиңзы ташты алганда, Сетерде арман калабы, Караан дүйнө жалганда! Деп күркүрөп чоң Сетер, Мурункудан беш бетер, Булгалап найза качырып, Буркандап Сетер бакырып, Тике карап Кененге, Типтик тийди акырып. Ойунда келет Сетердин, Оодара сайып алам деп, Оорагын баштан качырып. Короңдогон калмактан, Кененим коркпойт шашылып, Айбандан күлүк кеңкула, Арандай оозу ачылып, Оозунан чыккан ак көбүк, Омороого чачылып, Оолукандай Кененим, Манастап ураан чакырып, Жеткен жерде Кененим, Тоодой болгон Сетерди, Тоңкойтту шорун катырып. Жыгылды Сетер тоңкойуп, Желип чыкты Кененим, Темгектүү найза койкойуп. Ондон эки эр өлдү, Эми өлүмдү таштап унутуп, Тоодой Чиктей көгөрдү, Сом темирин артынып, Үстүнө соотун жамынып, Чарайнасын тартынып, Далыга калкан жамынып, Башына туулга салынып, Ач жолборстой чамынып, Кабагы карыш салынып, Колуна найза карманып, Касаба тоодой жарданып, Жан алуучу периште- Азырейилдей каарданып, Таноолору барбайып, Тамылжып өңү саргарып, Оозунан жалын от чачып, Көзүнүн чаарын чыгарып, Минген атын камчылап, Казабынан каапырдын, Көзүнөн жашы тамчылап, Көзү көрбөй күүгүмдөп, Күүгүмдөгү устадай, Көк жашыл тартып бүрүлдөп: — Кыйынсыган Кененим, Кыргызыңда болбодуң, Кытай менен муңгулдун, Кошулушкан чегинде, Капилет өлүп сойлодуң! Деп качырып хан Чиктей, Кененимди беттеди, Кезек бер деп кеңгиреп, Кезектеп найза кескерди. «Кезек деп чыкты оозунан, Кезегин мунун берейин, Алдында берип кезегин, Өзүмө кезек келгенде, Талпагын ташка керейин» Деп ойлонуп Кененим, Туруп берди далдайып. Алдадым деп Кененди, Ааламдан ашкан немени, Ого бетер күүлөндү, Туруп берген баатырга, Май соорунун өзү, деп, Тоодой да болсо күчү бек, Томорулуп түштү, деп, Найзаны муштап жиберди. Олпогуна оролду, Ороп тартып өткөндө, Күркүрөгөн Чикетейдин, Найзасы сынып жоголдк. Эр Кененим баатырдын, Ээрден көтү бултайып, Үзөнгүдөн бут тайып, Кеңкула жалын тайанып, Арбагы колдоп Манастын, Жыгыла жазып тас калды, Оңолуп минип кула атка, Оморо сайып Чиктейди, Жетемин деп муратка, Найзасын ыргап сундуруп, Оң тартып атты бурулуп: — Кезегин бергин Чиктей хан, Кел майданга түз туруп! Эр Кененим баатырдын, Көзүнөн өрттөй от жанып, Өрдөктөй мойну узарды. Муну көргөн Чиктей хан, Майданда туруп бере албай, Балта менен качырды, Бура тартып уйалбай. Анча кирген Кененим: «Өзүн сайып нетем, — деп, Балта менен бир салса, Найзам сынып кетер, — деп, Жаңылап найза берер жок, Ишим болор бекер» деп, Кар жиликтин булчуңга, Кагып өттү найзаны, Жарылып кетип булчуң эт, Сөөгү сынбай какшады. Кар жиликтен кан агып, Балтасы түшүп шаңк этип, Өлбөгөн тирүү жан калып, Кайра кирсе Кененим, Өлөмүн деп саргарып, Качмакчы болду кар нээт, Эбин тапса жанды алып. Оозу кургап кан катып, Улум-улам тамшанып, Камчысын булгап бакырып: — Баарың кел! — деп чакырып, Элүү миң киши ат койду, Топуракты сапырып, Аралап кирди тобуна, Өзү тулку бойун жашырып. «Элүү миң аскер, сегиз эр, селдей каның ага бер, мен таппасам болбоду, баш калкалар маана жер. Баатыр Манас тушунда, Араникте урушта, Дөөхан менен Панусхан, Соксо, Сотой балбандан, Анжыдан деп ат койуп, Араникти алганда, Соксо, Сотой өлгөндө, Дөөхан качып келгенде, Соксо, Сотой экөөнөн, Эки бала келди эле, Дөөхандын тукуму, Алдагы мыкты эр эле, Өзүм такка мингенде, Элебедим дегеле. Калдагай кулак чойун алп, Темир тондуу Шалкымат, Жез киндиктүү Кикимат- Үчөө тең мыкты деди эле, Ушул бойдон бурулбай, Мен барайын тигиге, Үчөөнүн колун чакырып, Алып келсем бул жерге, Жалгыз башы Кененим, Өлбөйбү ушу тим эле,» Тоодой болгон Чиктейдин, Ойлогону бул эле. Бул үчөө жердеп турган жер, Сарыкум, Бейтик дер эле, Батышка башын буруптур, Түштүктү көздөй ыңгайлап, Тулпарга камчы уруптур. Күндү улап түн басып, Түнгө улап күн басып, Так жыйырма күн жол тартып, Келип жетсе Чиктей хан, Бейтиктин кулан кумунда, Чогулуп үчөө бир жерде, Олтурган экен жыйында. Тоодой болгон чоң Чиктей, Жолоочудан кеп угуп, Келип калды чогууга. Көрбөгөн мурун Чиктейди, Кабарын угат бир жери, Аты арыктап ыргайдай, Бит семирип торгойдой, Бел ничкерип мойну кес, Өңдөн азып сары жез, Шашылып кебин айтар тез: — Өзүм муңгул урукмун, Атым Чиктей улукмун, Муңгул менен кыргыздын, Арасында кек бар деп, Көп кишиден кеп уктум. Семетей кайып болду, деп, Сейтек өлүп солду, деп Шибе, солон, муңгулдан, Манжу менен анжудан, Алтымыш миң колду алдым, Сотолу, Дөрөт, Тетеги, Мен-менсиген зорду алдым. Манастын шаары Таласты, Чабайын деп Алашты, Батышка кетип бараттым. Түгөнгөн Манас тукуму, Түтөгөнүн билбепмин, Илебиндин кырында, Кененимге жолгоштум, Туу сайышып жол тостум, Куйругун басып алыпмын, Уктап жаткан жолборстун. Какан менен Чынмачын, Мен ошондой деп ойлопмун. Сотолу, Дөрөт, Тетеги, Сойдурдум катар үчөөнү, Алты күнү керт башым, Жан айабай кармаштым, Чыдай албай каарына, Чымын куйун мен качтым. Артыман кууп келет деп, Салбардыдан жол тостум, Уудан кошуп дарыга, Мылтыгымды октодум, Тосуп туруп мен аттым, Токто кылбай келе атат, Тосолбай жолун мен качтым, Коктукат бардым жериме, Үч ай жаттым элимде, Кененимден кабар жок, Төрт айгача дегеле. Ок даарыган белемдеп, Өлгөн экен Кенен деп, Элүү миң аскер, он балбан, Кыргызды чаап келем деп, Келе жатсам дердеңдеп, Жолуман чыкты капташып, Найзага темир ашташып, Сайыштык кайра басташып, Он балбандан экөө өлдү, Ал келбеди чакташып. Карап бекер туралбай, Качырыштым карпаңдап, Айбат кылдым канчалык, Түр көрсөтүп барпаңдап. Кезек берди сайгын, деп, Ойлодум сайып алдым деп. Туруп берген Кененим, Томоро сайып алалбай, Найза сынды, кур кол, Качып чыктым туралбай, Түбүбүз бирге тууган деп, Айтып турам уйалбай, Жатасыңбы, үч баатыр, Кененимден кек албай? Улуктук колдо турганда, Унутупмун силерди, Ошол кезде эске албай. Улук болуп журт сурап, Урмат көргөн күнүңдө, Какан менен Чынмачын, Катарлап чаап олжо алып, Карк алтынга бөлүнүп, Кабың толгон күнүңдө, Катарга албай, эске албай, Эч болбосо кепке албай, Дердейип жүргөн күнүңдө, Жерге-жээк, тууган деп, Толуп турган күнүңдө, Келбедиң, Чикетей, десеңер, Өзүң билгин, үч баатыр, Бар сырымды жашырбай, Айтып турам мен такыр. Деп зарланып зор Чиктей, Айтып кебин түгөттү. Темир тондуу Шалкымат, Жез киндиктүү Кикимат, Калдагай кулак чойун алп, Бирин-бири карашып, Туруп калды бир далай, Намысы кеткен Чиктей хан, Дагы айтты туралбай: — Олтурасың үч балбан, Алдыңа келип мен турам. Кокусунан Кененге, Мен катылдым бекерге, Катышып өзүм барбасам, Келбейт эле бу жерге. «Коңурбай, Манас тушунан, Мөөр басышкан кат бар» деп, Кененим келди бул кепке. Менден коркуп Кененим, Кебин айтып жатат деп, Ойума келди ал жерде, Ойлогонум күч болуп, Алдыңа келдим силерге. Калмактар бизге ар качан, Кастык кылар экен деп, Эрдемсип калды Кененим, Келбей койбойт бул элге, Кабар кылбай силерге, Качып кетсем Каңкайга, Таппай калса Кененим, Бурулуп кайра тартканда, Келип калса бүтүмгө, Менде калат болучу, Арылбаган жаман ат, Ачык жооп бергиле, Барыңар болуп саламат. Чиктей кебин бүтүрдү, Калгандар кепке түшүндү, Ошол кезде Чиктей хан, Оозунан түтүн буркурап, Улутунуп үшкүрүп, Кечилдин ханы үшкүрсө, Жыйналышта көпчүлүк, Көзүнүн жашы төгүлдү. Чиктейдин көрүп кабагын, Элинин көрүп абалын, Калдагай кулак чойун алп, Капаланып өкүрдү: — Темир тонду Шалкымат, Жез киндиктүү Кикимат, Сен кебиңди ачып айт. Жыл он эки ай камынып, Мен барамын келер жаз, Бүгүн жүрүп кетерге, Дайардык жок, Шайман аз. Мен билемин көп ишти, Тажиктин эли ага кас, Бармак болсоң баарыңар, Мени менен акылдаш. Кашкар менен басабыз, Жоодардын элин чабарбыз, Олжону андан табабыз, Үч бөлүнүп кашкардан, Үч араандап барабыз: Торукарттап бирибиз, Чечдөбөгө баралы, Кошойдун уулу жалгызек, Карып калган мезгили, Аны талап алабыз. Эркечтамдан бирибиз, Алты шаар, Анжидан, Өлөр-өлбөс жаны бар, Өлүмчү болгон Сынчыбек- Өзүбекти талайбыз. Тажиктин шаары Дүйшөмбү, Теңдеши жок Темирбек, Кошулуп бизге колберет, Ташкоргонду аа берсек. Чечдөбө, Кашкар, Анжидан, Тажикти кошуп алганда, Хотен, Жеркен, Лопнурдан, Каттабай тосуп салганда, Кара калпак, түркмөнгө, Шаңхай менен бараңга, Кылдырбай кабар аларга, Жолун тордоп алганда, Чиктей менен төрт болуп, Жалындап күйгөн өрт болуп, Темирбек менен беш болуп, Ойдогудай иш болуп, Оодарылгыз тоо болуп, Оморулгус бел болуп, Чогулуп биздер барганда, Алакандай Таласка, Кененим жалгыз калганда, Кумардан чыгып кайтабыз, Кыргызды талап алганда. Калдагай кулак чойун алп, Чогултуп айтып салганда, Шалкымат менен Кикимат, Убада кылды барарга. Жол бөлүштү олтуруп, Кыргызга кылып жол туйук. Калдагай кулак чойун алп, Жана кепти ал деди: — Иле бойлоп, хан Чиктей, Сен Таласка бар, — деди, Жеткен жерде кыргызга, Четинен талоон сал, — деди. Бул олтурган үчөөбүз, Кең Кашкарга барабыз. Лопнур, Жеркен, Хотенге, Түк туйгузбай бул элге, Жоодарды чаап алабыз. Кабарсыз кылып буларды, Жол тостуруп салабыз. Чатыркөл бойлоп жаңарттап, Таласка барат Кикимат, Чечдөбөдө кыргызга, Өзү барат Шалкымат. Ташкоргон берип тартууга. Дүйшөмбүгө мен барам, Темирбекти кошо алып, Анжиданга кол салам. Чогултуп келип бөлөбүз, Алтын,күмүш,олжо мал. Таласты талоон кылганда, Талап алып тынганда, Эгин эк деп койобуз, Хотен, Жеркен, Лопнурга, Бой бербей келди Лопнурлук, Карача хандан бер жакка. Үйдө олтуруп Муңгулдар, Кыргыздын элин бөлүштү, Эсине алып койгон жок, Дегеле булар өлүштү. Кайра тартып калган жан, Каарына калсын мунун деп, Буркандарын өбүштү, Убадасын токтотуп, Чиктей кабар беришти, Тарап булар жөнөштү. Аттанып алып хан Чиктей, Кайра тартып барганы, Элүү миң черүү, сегиз эр, Селдей канын агызып, Тирүү калган Муңгулга, Кененим өзүн таанытып. Ээсиз калган аттарды, Казака жыйнап таратып, Эр Кененим келиптир. Кененимдин жанында, Бирге жүргөн күчүктөр, Бир күндүк жерден жыт алып, Арсылдап үрүп үн салып, Таскактап желип тайгандар, Эчтекеден тайманбай, Чиктей карай жүгүрдү, Ылдамдап тайган кеткенин, Эр Кененим көрүптүр, “Жан көрбөсө жаныман, Жарым кулач кетпеген, Доңуздан башка жандарга, Жолдон чыкса үрбөгөн, Жаныман кетти ажырап, Үргөнчө кетти арсылдап, Аңдып жүрүп чоң Чиктей, Келатканбы жакындап? Айбанда доңуз эң жаман, Адамда Чиктей көк каман” Ойуна алып Кененим, Ат койуп баатыр келаткан, Сары кумдуу куу чөлдө, Кулагын салып Кененим, Тайгандардын үнүнө. Жанада бар ойунда: “Качкан болуп чоң Чиктей, Таластабы бул күндө?” Тайгандын бири кыңшылап, Кененимге жоолукту, Таң атардын бүрүлдө, Кененимге жакындап, Куйругун булгап шыйпаңдап, Алдына түшүп жөнөдү, Бол жүргүнүң дегенсип, Аркасын карап кылчактап, Эр Кененим жөнөдү, Кеңкула менен ыкчамдап. Эки тайган закымдап, Калмактын ханы Чиктейге, Жакын барды такымдап. Тайганды көрүп эр Чиктей, Бир көргөнү эсинде, Көрүнгөн тайган көзүнө, Кененим менен беттешип, Эрегишкен кезинде. “Ээн калган кошуунду, Кырган белем бурут, — деп, Мени тосуп жүргөнбү, Ушул жерде туруп”деп, Жааны алды колуна, Эки окшош тайганды, Салайын деп жолуна. Беттештирдим деп ойлоп, Жебени чойуп жиберди, Жанаша экөө келаткан, Жебенин огу тийгенде, Кулап кетти куу тайган, Кайра качты булт берип, Ок тийбеген суртайган. Кененимди тосот деп, Кайта артына келаткан, Кененимге жолугуп, Жолдошум өлдү дегенсип, Жолду баштап келаткан. Ок тийген жерге тайганга, Келип жетти Кененим. Тайгандагы жебени, Колуна алып караса, (Ал кездеги эрлердин, Жебесинде белги бар) Хан Чиктейдин огу экен, Көргөндө болду таанымал. “Кайда барган хан Чиктей? Качып тоодо жүргөнбү? Же качып барып бир жерге, Баш мааналап келгенби? Таппасам ишим бекер”деп, Изине түштү аргытып, Кеңкула менен кекерлеп. Өңү сары,көзү көк, Өткүр тууган Кененим, Кекенсе башын кесүүчү, Жеткир тууган Кененим. Кара нээт зор Чикетей, Тайганды атып өлтүрүп, “Кутулам кайда барып? — деп, Кайкалактап үшкүрүп,- Каканчын барсам батпаймын, Кантип жанды сактаймын? Оогандын бизде кеги бар, Чоң аралдын элдери, Бир кондурбай кубалар. Барар жерим калбаптыр, Аа көрөктү буруттан, Ажалым жетсе өлөйүн, Азабым болсо көрөйүн, Бактым артса буруттун, Башын кесип жөнөйүн” Маана болор эл таппай, Баш калкалар жер таппай, Бадырек доңуз башында, Балбансынбай жөн жатпай, Кайран жан калды жай таппай. Качып жүрүп кыдырып, Далай жерди сыдырып, Барар жерин билалбай, Кетип барат шылыйып, Артынан чыкты аңгыча, Манас деген кыйкырык. Кыраандын үнүн укканда, Кыйкырыгы чыкканда, Айанар жери калган жок, Хан Чиктейдин ушунда. Түпөктүү найза булгалап, Каңкайлап ураан чакырып, Жан айабай зор Чиктей, Жаман тийди качырып. Алдындагы тулпары, Кош кулагын жапырып, Араандай оозу ачылып, Ак көбүгү буртулдап, Омороогу чачылып, Ал белгиси келгенде, Чанданды алчуу жапшырып. Зыркаары шамал зыркырап, Учкан куштай дыркырап, Ырсайып оозу ачылып, Азуулары кычырап, Маңдайында эки көз, Учкундап оту чачылып, Артынан чаңы сүрүлүп, Аркасында айдаары, Аргамжыдай түрүлүп, Кененимди беттеди, Жалаңгыч сарык атанган, Апкаарып мындан кетеби? Эки балбан бет келди, Күч сынашар кез келди, Кездемдин боосун чубалтып, Кезкерип найза чунайтып, Эр Кененим жаш арстан, Кеңкуланы чуратып, Качырып найза сайышып, Найзаларын кагышып, Адашып кеткен эки дөө, Эми калды табышып. Ач кыйкырык бакырык, Аскарлуу зоолор жаңырып, Үнүн уккан айбанат, Акылынан жаңылып, Кумдагы кулан оттобой, Топ-топ болуп чогулуп, Секирип койон ойнобой, Адырды түлкү жойлобой, Текелер таштан түшө албай, Булардын иши бүтө албай, Жыртылды жердин далайы, Тулпарларга түтө албай, Жолборстун жолу байланды, Черден чыгып кете албай. Бөксөдө бөрү көналбай, Көөнүнчө жандар жүрө албай, Балтадан чыккан чакылдак, Түн ичинде болгондо, От чагылып жалтылдап, Кош көрүнүп корконго, Муунуна кирип калтылдак, Чарайнага найзанын, Учу тийет такылдап. Калкандары быркырап, Олпоктору жыртылат. Уйалбаган бул калмак, Дагы туруп кеп кылат: — Ортобузда биздердин, Далай болду көп чатак, Эп келсе сага,Кененим, Кезектешип урушсак. Кененим айтат мындай деп: — Мундан мурун эки ирет, Уйалбай кезек сурадың, Атам Манас шер үчүн, Кезекке чыдап турганым, Кезегиң алып болгондо, Сен кезекке чыдап турбадың. Туруп берчи сен Чиктей, Мурун кезек алайын. Жооп жандырбай алайып, Жана кирди карарып, Ажал жетип күн бүтүп, Улам ээрдин жаланып, Качырып кирди Кененге, Жалаң кылыч колго алып, Бөйөн менем чайандай, Уусунчачып каарданып. Кылычты шилтеп ийгенде, Кылыч келип тийерде, Каары катуу,заары күч, Камбыл тууган Кененим, Найза менен карыга, Кагып өттү калмакты. Кылычы ыргып кеткенде, Кайра тартып оролду, Капкадай болгон калмакты, Как шилиге бир койду, Кененим сайган оңорбу, Томолонуп атынан, Тоодой калмак торойду, Жаны ачыган Кененим, Коондой болгон башына, Балта менен бир койду, Айрандай мээси чачырап, Ааламдан Чиктей жоголду. Коштоп алып тулпарын: “Калмакка барып нетем, — деп, Кадиксиз жаткан тынч элге, Салбайын калба бекер, — деп, Дагы чыкса жаталбай, Кек алам деп кекерлеп, Өчүгүшүп көрөйүн, Ошол кезде бекемдеп” Деп ойлонуп Кененим, Тулпарды жолго жулкунтуп, Жолдун чаңын бургутуп, Калмакты сайып кан кечип, Эл-журту менен көрүштү, Аман-эсен алжетип. Душманга болуп күйүнчү, Ак калпак кыргыз элине, Абыдан болду сүйүнчү. Муну мындай таштайлы, Кейиш тарткан Кененим, Кеселинен баштайлы.