Семетей баштаган берендердин кайып болушу, Каңгайдын ханы Чиктейдин кол салышы
Жатканга жалган койобу, Ар шумдуктун болгону, Алымсарык жаш арстан, Калибек чапкан жарааттан, Жаздыктан өөдө болбоду. Кош аттап киши чаптырды, Момунжанды таптырды. Жараны көрүп момунжан: — Буга даба табылбайт, Кишинин этин чиритип, Жасаган ууга сугарган, Кылыч менен чабылган. Төрт жүз кырк төрт мүчөгө, Үч жүз алтымыш алты тамырга, Ала койбой таралган, Жүлүндү кеткен аралап, Бүткүл тамыр чириген, Тарамыштар куураган. Момунжан табып мындай деп, Табалбады амалдан. Төрт беш күндүн ичинде, Көз жумду сарык жалгандан, Жыйырма бир жашында, Бу дагы кетти ааламдан. Арстандын уулу Семетей, Күндөн-күнгө арыктап, Беттеринин териси, Балбырап кетти салаңдап. Буга даба барбы? Деп, Момунжандан сурашат. — Дабасы бар мунуку, Табылмак кыйын бир иши, Кырк беш күндө айыгат Керектүү кайдан табылат? Түнүнкүсүн эки кыз, Боору менен сыртына, Беттештирип таңылат, Токсон кыз кайдан табылат? Күндүзкүсү баатырды, Жолборстун тулум териге, Куландын сүтүн толтуруп, Ошол сүткө салынат. Ар күндүгү сорпого, Кызыл койдун этин жейт, Айунун өтүн куйдуруп, Бал чайкаган кымыздан, Суусунуна берилет, Ушунун баары бүт болсо, Семетей анан берилейт. Шайтан көлдө жатканда, Бакай зорду каркыттап, Олпогун жапкан абам деп, Олпок зейди өткөрбөй, Бакай турат саламат, Эт көйнөктөн неме өтпөй, Гүлчоро турат саламат. Момунжандан кеп угуп, Унчукпай кыргыз буулуп, Адам уулу укпаган, Өтө шумдук кеп угуп, Тура калды кыз балбан: — Жаным тирүү турганда, Керек болсо атама, Күндө жолборс мен табам. Күлүмсүрөй Гүлүстөн: — Куландын сүтүн мен табам. Тура калды Кененим: — Кеңкуланы айабай, Күндө жолго мен чабам, Куландын сүтү, жолборсту, Алып келип мен турам. Кой кыргыздын колунда, Айунун өтү кыргызда, Мурунтан бери көп экен, Жаңысы менен көөнөсү, Айрылбаган неме экен. Куйалы балбан, Гүлүстөн, Жолборс менен куланга, Кудай ишин оң кылган, Манастан бери буларга. Капташып калды Гүлүстөн, Куландын туут маалында. Тобун бузбай Гүлүстөн, Сур койон менен имерип, Камап туруп бир жакка, Тостуруп койоп суратка, Өзү түшүп сааганда, Чаначка сүттү толтуруп, Чыккыс кылып оозун бууп, Тирүүлөй ысык болсун деп, Кыз балбан берген жолборсту, Кененим келет өңөрүп. Сүттү артына бөктөрүп, Эрдик менен Кененим, Кырк беш күнү уктабай, Кызмат кылды көгөрүп. Айчүрөк кетти алыска, Капкайда жаткан Арапка, Көбүнчөсү Багдадга, Уул-кызды сатуучу, Базары бар аларда. Экиден кыз алтынга, Сатып алат Айчүрөк, Перилерге көтөртүп, Алып келет кечикпейт. Кырк төрт күнү таңганда, Сексен-сегиз кыз өлдү, Кырк беш күн болот дегенде, Таңган кыздар өлбөдү, Ошол бойдон эки кыз, Өлбөй өмүр күн көрдү. Күндүзү салган сүт кара, Тери жыдып аксазан, Күнү кырк беш болгондо, Семетей турду ордунан. Бир далай күн өткөндө, Арбын сойду армалдан, Сүт бото Тайлак баштаган. Кыргыздын элин чакыртты, Ат жетер жерде калбастан. Кеңколго жайкап эл толду, Казактан барды канчасы, Өзүбектен Сынчыбек, Тажиктен барды Акылбек, Бадакшан, Балык, Букардан, Самаркан, Ташкен, Кокондон, Бүт келишти ошондон. Коросон менен Шаңкайдан, Ламдын бели, Кыйба эли, Үркөнүчтөн барды Ахун хан, Хотен, Жеркен, Кашкардан, Лопнур, Баркөл, Турпандан, Калбай кыргыз бүт барган. Арал менен Азыктан, Сайкалдын эли калбаган, Атабашы, Нарын, Жумгалдан, Кетментөбө, Наманген, Ош кошулуп чубаган. Ысыккөлдө бүт кыргыз, Көтмалды, Токмок, Кеминден, Калбай кыргыз бүт келген. Эрикпей эки кондуруп, Эт менен майга тойдуруп, Тайбуурулду токутуп, Хан Бакайды кошо алып, Гүлчорону котчу алып, Каникейди дагы алып, Айчүрөктү бирге алып, Алда эмне кылат, деп, Кыргыздар турду таңданып. Ат минип бешөө бөлүнүп, Эл четине көрүнүп, Эр Семетей төрөнүн, Оозунан гөхар төгүлүп: — Атпай алаш көп урук, Ак калппак кыргыз элин ук, Өзбек, тажик кошулуп, Жакшы-жаман күндөрдө, Башынан келдик бир туруп. Жыл эсеби толуптур, Ушул турган бешөөбүз, Элим, сенден бөлүнүп, Кетээр мезгил болуптур. Баарың болгун ынтымак, Ынтымактуу болсоңор, Куусаңда кетпейт ырыс-бак. Четтен келген жоо болсо, Малга келген доо болсо, Сейтек алат асырап. Уруксат алдык арбактан, Көптөн бери жооп сурап. Кайыр эмесе калгыла, Улуу-кичүү, кары-жаш, Эркек-айал аралаш, Болгула баарың саламат! Бөлдүрүп элди четинен, Болбогула жаман ат. Анжу менен манжудан, Шибе, солон, муңгулдан, Болуп турат ар убак, Жамандык күндү туудурган. Деп ошентип Семетей, Абасы менен энесин, Алганы менен инисин, Ачык-айкын ээрчитип, Жүрүп кетти кыргыздан. Ошол жерге баргандан, Ыйлабай киши калбаган, Өлгөндү өлүм айырган, Болбогон иш бул өңдүү, Тирүү минтип айрылган. Карап турса тикийип, Күнбөзүнөн Манастын, Айланганы көрүнгөн, Андан кийин көргөн жок, Атайлап барып карашып, Аттын изин тапкан жок. Кыргыздар калды чуркурап: «Арстандан тирүү айрылдык, Атаңдын көрү дүйнө шок!» Айлар аттап жыл өттү, Күн айланып түн өттү, Тирүү жандын баарысын, Өлүм жалмап түгөттү. Ич өтмө оору жабылып, Кең Таласка жайылып, Кары өлдү, жаш өлдү, Катын өлдү, эр өлдү, Уул өлдү, кыз өлдү, Кыйын жумуш иш болду, Кыргызга мүшкүл туш болду. Эр Сейтек дагы өлдү, Тирүүлөр келип көмүштү, Уйпалаган жалгандын, Шумдугуна көнүштү. Атасы өлүп бала жаш, Бул жалгандын боору таш, Эне-атасы тең өлүп, Жетим калган бала көп, Баласы өлүп буркурап, Ата-эненин көзү жаш, Кең Таластан басылбай, Чыгып жатты чуркурак. Семетей кайып кеткенин, Сейтек өлүп бүткөнүн, Каңгайдын эли угуптур, Кеңеш кылып туруптур: «Манастан бери карата, Талкалап бизди курутту, Таптакыр чаап алалы, Тазалайлы бурутту. Кайра таап конолу, Самаркандан бержакка, Тартып алып конушту.» Дүбүрөшүп беш урук, Эстүүлөрү чогулду - Чиктей муңгул баатырды, Шибелердин Сотолу, Манжулардын Дөөрөтү, Анжулардын Тетеги, Беш уруктан бул төртөө, Белгилүү чыккан тентеги. Кытайга сурак бербеген, Кырчылдашып Чынмачын, Дегеле алы келбеген; Баашалуу журт Бакбурчун, Басташып келген нечен жол, Айдап келген дүрбүтүп, Азар түмөн канча кол; Анын да алы келбеген, Түндүк жагын Кытайдын, Түп көтөрө ээлеген, Белдүү чыккан бул төртөө, Беттешип бирөө жеңбеген; Анткен менен бул төртөө, Кененимдин кабарын, Укпаган да, билбеген. Бурутту алып келсек, деп, Үйлөрүндө күпүлдөп, Бол жүргүн, деп дүпүлдөп, Бирин-бири жөөлөштү, Колдорун айдап жөнөштү, Ат куйругу бүлкүлдөп. Жер чаңдатып жол тартып, Алтымыш миң кол тартып, Чолк куйрук нарларга, Ок-дарысын мол артып, Келет булар чубашып. Алтай ашуу бир белге, Алды келди бул жерге, Казактан канча камбылдар, Тосо барды ал жерге, Оозун ачып оп тартып, Соруп койду бир демде. Буруу жерде казактан, Кутулган бар азаптан. «Бизге кооңшу болгула, Ажырап чык алаштан, Өч алабыз биз барып, Манастын эле Таластан» Деп күркүрөп коркутуп, Казактарды кошо айдап, Илени бойлоп келиптир, Иледеги эл билип, Калбай баары биригип, Кабар берди кыргызга, Караандашып турушка. Казака жакын олтурган, Кыргыз укту кабарды, Кемин менен жөнөттү, Кененимге чабарды. Чабарчы кабар салыптыр, Чакчалекей-будуңчаң, Кыргыз дүрбөп калыптыр. Өлүм каптап бир жактан, Кененим жалгыз аттанды, Таластагы кыргыздан, Алдындагы кеңкула ат, Арбытып жолду бараткан. Илебиндин кырында, Жоонун алдын тосоттоп, Кененим жетти чынында. Желегин жерге жаптырып, Бол жүргүн, деп шаштырып, Муңгулдардын Чиктейи, Жиңзы ташты тагынып, Башына бапек сайынып, Кебез өтүк, кең белбоо, Кечилдин ханы болуучу, Кезеги келсе эр сайган, Эсирдин бири болучу, Журт башкарып так минген, Баашанын бири болуучу. Борбор кылып ал Чигетей, Коктукатта туручу, Сары деңиз бойунда, Кыштын күнкү конушу. Жайдын күнү болгондо, Кулун байлап чыңыртып, Бээ саадырып ачытып, Арак тартып кымыздан, Келгендерди мас кылып, Эриккенде чыгуучу, Ал үйүнөн бастырып. Чаңбейсиндин чыгышы, Салынып кирген аралда, Жыргап жаткан көп элге, Бөөдө колун сунучу, Талап алып мал-пулун, Темселетип койуучу. Чын ачуусу келгенде, Чыгыш түштүк жактагы, Кантонго чейин баручу, Каканчынды какшатып, Чаап алып жануучу. Шиңшиңшанын кара таш, Калдыраган баары таш, Батыш түштүк тарабы, Түндүгү каңкай, муз деңиз, Орто жерин Чигетей хан, Өз эркинче башкарып, Алым алып мал алып, Ар кайсы жерге шаар салып, Дардаңдап жүргөн ал Чиктей, Анча-мынча кишини, Тушарына теңебей, Бендеби деп бейлебей, Адамбы деп элебей, Анжу, Манжу, Солондор, Буга Шибе кошулуп, Көз каранды чененбей. Бир тентекти баш кылып, Антип элди кош кылып, Шибелердин Сотолу, Жакын коштоп ошону, Манжулардын Дөрөтү, Чукул кошотоп экөөнү, Анжулардын Тетеги, Өзү менен төрт болуп, Бет алган жагы өрт болуп, Келе жаткан Чиктей хан. Илебиндин кең шибер, Тосо чыгып Кененим, Жерге сайып таштады, Айчыгы алтын кызыл туу, Баатыр Манас желегин. Желекти көрүп Чиктей хан, Жүзү өңүп сумсайган: — Жиндиби, сакпы, тиги ким, Жалгыз жүрүп туу сайган?! Бириң барып келгинин, Чыдабай алаш уругу, Кол куушуруп алдыман, Тосуп келген белгиби? Ошентип киши жумшады, Беш уруктан барбады, Бир казакты жумшады, Бир калмак кошо барганы. Кененимге кезигип, Келген жоону билдирди, Казак кепти баштады, Ачып айтып таштады: — Карарып турган калың кол, Хан Чиктейдин колу ошол. Жанындагы үч киши, Таанымал элге бир иши, Сотолу, Дөрөт, Тетеги, Чиктей хан төртөө турганда, Теңдешип бенде жеңеби? Кармашып жүрүп какан чын, Өчүгүшүп Чынмачын, Буларга алы келбеди. Алаш урук жалпыга, Кара кыргыз жалпыңа, Калка болгон Семетей, Алтымыш уруу Алашка, Арка болгон эр Сейтек, Бири кайып болду дейт, Бири өлүп кетти дейт. Өткөн өчүм көп эле, Кара кыргыз калкында, Эми аламын кекти дейт. Мурун колум кыска эле, Эми нөөмөт жетти дейт, Жумшады мени бул жерге, Байрак сайган ким эле, Барып аны билчи дейт. Эрегишип мен менен, Жолум тоскон кишиби?, Же кол куушуруп кыргыздар, Тизе бүккөн ишиби? Келген ишим бул эле. Кененимге ушул кеп, Катуу жаман тийди эле. Токтогун деп Калмакты, Тургузуп койуп арбакты, Каратып койуп Казакты, Хан Кененим муну айтты: — Кайып болсо Семетей, Өлүп кетсе эр Сейтек, Алаш ээсиз калабы? Укпай менин кабарым, Арбак урган бул калмак, Таласка колун салабы? Талатып койуп Таласты, Жалаңгыч Сарык атанган, Кененим жатып алабы? Какандын каны Эсен хан, Кечелдин ханы Коңурбай, Каңкор Манас, зор Бакай, Катылышпай жүрүүгө, Кат жазышып мөөр баскан. Айкөл Манас өткөндө, Өктөмдүк кылып Коңурбай, Таласка келип катышкан. Жеңдирип кайра качканда, Нескара менен Мурадил, Ороккыр-үчөө өлгөндө, Көзү менен көргөндө, Анда жана кат жазган, Алты жылга жай жаткан, Семетейди келсин деп, Алдап жанан чакырткан, Жаранын оозу ырбаган, Коңурбай өлүп сулаган, Казакты бузуп Калмактар, Күрпүлдөккө кондурган. Кармашып келип Семетей, Казакты кайра көчүргөн, Андан бери Каңгайга, Калмактын эли тынч жаткан. Семетей кайып болду деп, Сейтек өлүп калды деп, Ким экен эми чыр тапкан? Кененим атым укпайбы, Чигетей акмак келеткан! Күн батышта жети дөө,- Жору куйрук кызыл алп, Калыбекти баш кылып, Катары менен сулаткан, Сегиз миң жыл жашаган, Жүйрүндөнү куураткан, Он жети кабат кызыл там, Кызыл чапан жайдак тон, Кылкылдаган көп журтан, Гүлкаакыны кутказган! Айтып баргын, калмагым, Жан айабай Чиктей хан, Өзү өлүп калбасын, Кол куушуруп кой сойуп, Кош колдоп сунуп тургундай, Мен Шибе, Солон болбосом; Же айттырып ийсе саламды, Алдынан тосуп Муңгулду, Мен Анжу, Манжу болбосом! Менин атым угуп ал, Жан бүткөндө жаралган, Жалаңгыч Сарык атанган. Атамдын аты эр Сейтек, Энемдин аты Куйалы, Урааны чыккан кыз балбан. Өзүмдүн атым Кененим, Ат бастырып келгиндей, Акимсинген калмактын, Акын алып жебедим! Ак куржунун ачпадым, Ак теңге пулун чачпадым, Аласын ала качпадым, Абийирин анын ачпадым! Кууп албадым куласын, Чийки орбодум буудайын, Айдамак кошуун кол тартып, Неге келет калмагың?! Терең ойлоп иш кылсын, Темтеңдебей ар жагын, Өчүгүшсө калмагың, Өчүрөм баштан арбагын! Кайра кетсе катышпай, Артынан кууп барбадым, Барып айткын ханыңа, Бастыр, турба, калмагын! Эми барба калмака, Калгын мында, казагым, Ээрчип барсаң калмакты, Кулуңа берет азабың. Калтырап казак калалбай, Же бастырып кошо баралбай: «Алтымыш миң кол турса, Окшош төртөө зор турса, Жалгыз атчан, жалаң тон, Такандашып бул турса, Болбой кетсем калмакка, Арбак урса, туз урса; Барбай койуп бөлүнсөм, Кайра түшсөм колуна, Боорумду жарып өттү алса…» Калмак мыкты көрүндү, Ойлоп казак караса. Барамын деп калмакка, Карабады арбакка, Казак кайра басканда, Катышпай койду казакка, Калса өзү калаар, деп, Туз ургур өзү казапка. Калмак барып калдаңдап, Этегин жыйбай далбаңдап, Баштан айак калтырбай, Укканын айтты барбаңдап, Аңгычакты артынан, Казак жетти салбаңдап: — Карабадым кыргызга, Саа келдим, — деп дардаңдап, — Мыкты болсо Кененим, Айырганын көрөйүн, Азабын бер казактын, Акчыланып келгенин! Коркуп менден Кененим, Эсенхан, Манас, Коңурбай, Козгогону беркини! Деп күүлөнүп Чектей хан, Казактан бар элүүчө, Жол баштатып келаткан, Жыйдырып келип баарысын: — Уруп жатып талкала, Кабыргасын, далысын! Жети дөөнү жеңдим деп, Кененим деген эрмин деп, Шек келтирген кептерим! Ажыратып алганын, Көрүп турам эрдигин, Кетирейин сүр менен, Көрсөтүп туруп теңдигин, Казакты жипке тиздирип, Өгөөсүнөн жаткырып, Колун-бутун кердирип, Бир казакка эки эр, Колуна тайак бердирип, Тегеректеп келгенде, Тебелеп ура берерде, Манастап ураан чакырып, Кененим келди качырып: — Атаңдын көрү сен калмак, Адам болбой кет каман! Колу түшкөн кишини, Өлтүрсөң болот эреже, Кыйнап уруш кишини, Эрежеде жок эле! Качырып кирип барганда, Тайак кармап тургандар, Кача берди ар кайда. Кайра тосуп жеткини, Чечтирди четтен экини. Анжулардын Тетеги, Жете келди ал деги: — Айбыкпай кирген биздерге, Атың болт ким? — деди. — Атамдын аты эр Сейтек, Өзүмдүн атым Кененим, Укпасаң мени бил, — деди, Тааныбаган кишисиң, Атыңды айткын сен! — деди. — Элим манжу меники, Өзүмдүн атым Тетеги, Мени менен бет келип, Тирүү пенде кетеби? Айкырасың оолугуп, Ажалың жеткен сеники. Казагың мына ал, — деди, Мыкты болсоң Кененим, Жекеге чыга кал, — деди. Элүүчө казак кутулуп, Четке чыкты чогулуп, Дем алышты байкуштар, Тууга барып олтуруп. Анжулардын Тетеги, Атанып чыккан тентеги, Найзаны кармап кезенип, Каарын салып белсенип, Ыргытып жанды таштады. Кыйын уруш баштады. Кабаттап темир тон кийип, Кандуу найза өткүр миз, Качырып тийди Тетеги, Сайдырбай баатыр Кененим, Кагып ийип найзасын, Кайра айланып тиерде, Тетеги мыкты шамдагай, Ал дагы кылды айласын, Кененимге сайдырбай. Карчашып кирди ал экөө, Эрикпей да, талыкпай, Тулпарлар сызып шамалдай, Арыгансып чаалыкпай. Амал кылып амал таап, Бирин-бири чаптырбай, Ат үстүндө чабышып, Ооп түшүп калбады, Ээрге көтү жабышып. Жарактан айла болбоду, Ач билектен алышып, Ат күчүнө салышып, Тамандашып тарканда, Күч келгенде аттарга, Айра тартып кете албай, Оодара тартып алалбай, Алакан тери сойулуп, Тарамыштар чойулуп, Кочкордон бетер койушуп, Чыйкылары чулуйуп, Ээриндери кесилип, Бүткөн бойлор эзилип, Эки күн өттү арадан, Таң атып кайра кечкирип. Манастын уулу каракөк, Өңү сары эмеспи, Көк таргыл болуп көгөрүп, Так көтөрүп тетени, Жулуп алды атынан, Кеңкулага өңөрүп. Анжулардын аскери, Каптап кирди бөлүнүп. Каптаган аскер келгенде, Бөгөөсүнөн таштады, Көк далыга тепкени, Оозунан чыгып жүрөгү, Бута атып жерге түшкөнү, Он эки миң киши экен, Анжуудан келген элдери, Найза күүлөп сунганда, Чиктей, Дөөрөт, Сотодон, Бир да киши келбеди. Кырк, элүүсүн катарлап, Бирден сайып жыкканда, Ат жайылып бош калып, Тизгинин сүйөп чыкканда, Туу түбүндө казактар, Ээрчен атка жабышты, Бирден кармап алышты, Ачкалыктын дартында, Араң турган курган жан, Кармап келип аттардан, Семизин тандап жарышты, Тойунуп жыргап калышты. Ана-мына дегиче, Ачып көздү жумгуча, Залкар тоодой Кененим, Сапырып баарын салышты, Болбой калды ал Чиктей, Колунан кетип намысы, Буйрук берди ошондо, Сотолорго барышты. Шибелердин Сотолу, Түз багып бенде туралбайт. Бетине чыдап ошого. Чын ачуусу келгенде, Чач-сакалы бириндеп, Этек-жеңи дирилдеп, Кабагына караса, Бурганактап жааган күн, Бүдөмүктөп көрүнбөй, Күүгүм кирип жаткан түн, Кабагына кар тоңуп, Ызгаары кыштай ышкырып, Оозунан түтүн буу чыгып, Көзүнөн жалын от чыгып, Күүлөп чыккан найзадан, Күркүрөгөн үн чыгып, Айбатынан аптыгып, Анча-мынча кишиден, Кетүүчүдөй жан чыгып, Топчулугун топчулап, Тоодой болгон Сотолу, Үпчүлүгүн үпчүлөп, Өңшөңдөгөн Сотолу, Буткулдай көзү жылтылдап, Бука мойун бултулдап, Кең көкүрөк куш айак, Баарысы балбан сын турат, Туулгасы тултуйат, Көмөрө кийип мултуйат. Минген аты кара сур, Бастырганда Сотолу, Байкап баарын карап тур. Карасурду камчылап, Кан агып көздөн тамчылап, Арданганы аттан чоң, Тетегиден айрылып, Кордолгону койдон чоң. Он эки миң колду кырдырып, Бастырып жөнөй бергенде, Калмактардын аскери, Бөлүнө койуп дырдыгып, Кирип келди жакындап, Оозунда тиши шакылдап, Кененим чыкты жол тосо, Кез керип найза чунайып, Кездемдин боосун чубалтып, Кеңкуланы чуратып, Сотолу келет ойунда, Жеткен жерде Кененди, Кетемин деп сулатып, Кеңкуланын үстүнөн, Аңтара сайып кулатып. Байкап көрсө Кененим, Калыбектен өөдөрөк, Оңой-олтоң эр эмес, Оңойлук менен адамга, Оморулар бел эмес, Белебеске бендеге, Жооп берер неме эмес. Жеткен жерде Сотолу, Кепке-сөзгө келбеди, Аты жөнүн билбеди, Найза менен качырып, Жан айабай тийди эми. Балта менен найзаны, Кагып ийди Кененим, Кандим найза кагарга, Тийгизбеди берениң. Кененим тик качырып, Манастап ураан чакырып, Сотолуга кактырбай, Кый сүбөөгө бир сайды, Кудай бетин нары кыл, Козголбостон турганы, Акым дөөнүн куу найза, Чыдай албай сынганы. Кененимден найза жеп, Чындап каапыр чыйралды, Шылкы мойун, чойун баш, Булгап колго алганы, Бура тарта берерде, Как төбөгө салганы, Урдурбастан Кененим, Билегинен кармады. Капшыра кармап билегин Тарамышы какшады, Күүлөп чапкан чойун баш, Томолонуп жатканы. Эрегишкен эрендер, Балталарын алышты, Унутуп койуп өлүмдү, Өчөшүп катуу чабышты. Балталарда сап калбай, Найзаларда уч калбай, Кылычтарда курч калбай, Кызык уруш мамындай, Күндү-түнгө улашып, Чырым уйку алабай, Чымын жан калды жайалбай, Чымырканып урушуп, Чын айласын табалбай, Аманат кара бир жанды, Кылга байлап таштады, Кыйын уруш баштады. Жарактан айла табалбай, Жакалашып тартышып, Мындан жеңип алалбай, Найзаларын сайышып, Жөө куралын алышып, Билектерин түрүшүп, Белден алып күрөшүп, Көөдөндөшүп тирешип, Күн бешимге барганда, Күчөгөнсүп Сотолу, Чыңдап тартып кучанып, Белиндеги ботону, Кененимди бөйрөктөк, Бурдай кармап камтырып, Бармагын туштап салууга, Кош бөйрөктү табууга, Кирди чочко камына, Байкап турат Кененим, Маш күрөштү табууга. Бөйрөккө бармак маларда, Жата калып Кененим, Эки буттун арада, Талуу жерди тапканда, Тизе менен какканда, Табарсыктан көтөрө, Оң бут менен тепкенде, Ойрон болгон Сотолу, Тоңкобаш атып кетти эле. Тура калып Кененим, Кабырганын тушуна, Чоптор өтүк нөкөрү, Чойулуп келип тепти эле. Кабыргасы карс этип, Осурагы тарс этип, Жини кетти барт этип. Өткүр-өкүм Сотону, Өлтүрүп койду ошону, Мен менсинген Чиктей хан, Чын эле мууну бошоду, Манжулардын Дөрөтүн, Кычырып калды ошону. — Жаткан жерде жатып бир, Баскан жерде басып бир, Жүргөн киши төрт элек, Бейжиндик беттеп келе албай, Жалындап күйгөн өрт элек, Чаңбейсенден ашчу элек, Чойулуп биздер жатчу элек, Арлдагы жапанды, Келте кийген чапанды, Соодагерин тосчу элек, Сонун олжо тапчу элек, Чогулуп ойноп жатчу элек. Каканга казап салчуу элек, Карт алтынын алчуу элек, Чыныга зордук кылчуу элек, Чыны менен карачай, Жылда алып турчу элек. Чын ачуубуз келгенде, Чынма-чын менен какандан, Чолок куйрук нар алып, Өз нарына жүктөтүп, Жибек менен чай алып, Батышка карай чубатып, Соодагерлик кылчу элек, Чогултуп дүйнө жыйчу элек, Кыр көрсөтүп ар кимге, Чыр чыгарып турчу элек. Семетейди кетти деп, Сейтекти өлдү деп, Кыргызды чаап алсак деп, Алтымыш уруу алашты, Азапка башын салсак деп, Самаркан, Ташкен, Наманген, Алты шаар, Анжийан, (Абалында Анжийан, Араник деп аталган, Дөө хан менен Панус хан, Соксо, Сотой баатырдан, Тартып алып кыргыздар, Жер анжисин бөлдүк деп, Анжыдан деп ат калган) Ошолордун баардыгын, Кайра колго алсак деп, Конуш кылып консок деп, Ойубузда бул эле. Ойрон болгон Кененим, Угулбаган кеп эле, Келип калып Кененим, Кездешип калдык Иледе. Тетеги менен Сотолу, Бендеден белдүү уул эле, Анжу менен Шибеге, Арка болгон туу эле, Өлүп кетип бул жерде, Анжу, Шибе аскерин, Кырып койду бир демде, Жардамга барып койбодук, Карап туруп бир бенде. Муңгул, Манжу бир тууган, Жакын элек түбүндө, Экөөбүз карап турабыз, Өлбөй тирүү бул күндө. Койбойт окшойт Кененим, Бирден-бирден киргенде. Каптап кирсек канетет, Карап турбай жалпы эле, Тосотоп жолун келтирип, Тор таштайлы Кененге, Кененим торго илинсе, Кыргыздан киши келген жок, Каршы чыкчуу биздерге. Кеңеш салды Чиктей хан, Манжулардын Дөрөтү, Макул болуп көнгөнү, Камчысын булгап Чиктей хан, Аламан койуп жөнөдү. Айкөлдүн уулу Кененим, Кенебеген эреним, Теңине албас бендени, Теңдеши жок береним, Кеңкула минип болкойуп, Опол тоодой зоңкойуп, Сотолунун найзасы, Колунда турат койкойуп, Кебелбейт да, кенебейт, Нөөкөрү бутта чойкойуп, Аскердин алды келгенде, Качырып кирди ат койуп. Манастап ураан чакырып, Ач кыйкырык бакырык, Алдында минген кеңкула, Кош кулагын жапырып. Чиктей айтат акыл кеп, Он миң балбан чакырып: — Дөрөт кирет беттешип, Кезенип ээрдин тиштенип, Байкап тургун камынып, Тор таштагын Кененге, Туш -тушунан жабылып. Ылат-мынат колдосо, Торго калар чалынып. Киреринде Кененим, Элүүчөлүк казакка: — Эми тийсин керегиң, Эси жок калган бош атты, Айдап ала бергиниң. Пейли башка калмактын, Катын баасы акмактын, Тор таштаса жабылып, Мага барба жакындап, Балаага калба камынып, Торго калсам чалынып, Кененим колго түштү, деп, Кете бербе жайылып. Туу түбүнөн айрылсаң, Кармап алат калмактар, Качпагыла, акмактар, Уруштун нечен түрү бар, Кештенин шакмат ташындай. Деп айтып койуп Кененим, Аралады калмакты, Кызый кирип калмакка, Кызыл кыргын салмакчы. Каңкордун уулу кара көк, Кененим жалгыз, калмак көп, Аралап кирген жеринде, Кандан кыйан сел акты. Эңкейиште эр сайып, Элүүнү беттей бир сайып, Жүздөн сайып жүдөтүп, Миңден сайып бөлүнтүп, Күнү-түнү сайганда, Койучудай түгөтүп, Көрүп туруп Дөрөтү, Кирди ошондо күчөнүп. Кара жанга күч келип, Кара жаак ай балта, Арта салып ийинге, Кененимге бет келип, Кезенишип киргенде, Ээрдин кесе тиштенип, Жабылып кетти тор таштап, Миң балбаны бүт келип. Маңдайлашкан эки дөө, Таштаган торго тең түштү, Чырмалып калды темир тор, Кезенишкен экөөнө, Чиктей жетти күркүрөп: — Сүйрөтүп алып кетем, — деп, Суракка тартып Кененди, Мен муратка жетем, — деп. Келе бери, балбандар, Торду бергин мага, — деп, Мойун бербейт Кененим, Тарткан менен сага, — деп. Тордун боосун ал Чиктей, Толгоп-толгоп чыралтып, Үзөнгү боого салыптыр, Кетемин деп сүйрөтүп, Кызытып келген кара атты, Камчыга бөлөп күүлөнтүп. Алты жүзү чамбардын Дөрөткө түшкөн карагын, Үчжүзү түшкөн Кененге, Жүзү түшпөй эч кимге, Ошондо түшүп жаадына, Жүүрүндө берген канжарды, Кененим сууруп алганы, Торду тилип жарганы, Темирдин баары шыркырап, Агып түшүп калганы. Байыркылар айткан кеп: «Ороо казсаң кишиге, Бутуңду салып казгын, — деп, Өзүң түшсөң чыгарга» Жалганы жок ырас кеп. Дөрөттү барат сүйрөтүп, Кененимди тордо деп, Туш-тушунан чуркурап, Калмактары айтат кеп: — Кененим жок дөрөттү, Сүйрөтүпсүң, Чиктей хан! – Апей,Көтөк! Кантесиң? Минткенде түпкө жетесиң! – Өз- жатты айрып билбеген Төбөңдөн ургур экенсиң! Чуркураган кеп угуп, Ламга оозу барбаган, Калмактардан жеме угуп, Арка жагын карады, Ал Чиктей хан мурчуйуп. Каңгайдын ханы бу Чиктей, Уйат болуп ченебей, Дөрөттү тордон чечтирип, Туруп кетти чекчейип. Чиктей ханга карабай, Бура тартып Кененим, Казактарга кезигип; Алганыңды алгын, — деп, Акылдан калмак калган кез, Бачымдап кеткин элиңе, Төтө ылдам болгун тез! Элиңе айтып баргыла, Кененим сарык келди деп, Теңдешемин деп келген, Тетеги менен Сотолу, Катары менен жеди деп, Көзүн көрдү калганды, Билгениңче айтып кет, Көп кечикпей талаада, Өз элиңе бачым жет! Бери өткөн кошуун көрүнсө, Койо бергин калмакты, Кайра качып баратса, Талап алгын арбакты. Каркыттап алып сыртынан, Калкалаймын казакты, Катылышкан ким болсо, Качпай салам азапты! Жол бойуна олтурба, Чиктей менен Кененим, Бирөө өлүп тынгыча. Казактарды кетирди, Өз жерине Алтайга. Санаасын басып казактан, Куткарып аны азаптан, Хан Чиктейге барам деп, Эр Кененим келаткан. Тордон Дөрөт кутулуп, Дөрөтүн өңү бузулуп; — Калыптырсың,сен Чиктей, Өз алдыңча кутуруп. Каңкайды жалгыз сурамак, Ойуңда жүргөн турбайбы, Үчөөбүздөн кутулуп! Тетеги Анжу өлгөндө, Анжулардын аскери, Ашкере кордук көргөндө, Унчукпай турдуң кумтунуп, Ойума кеткен болуучу, Сенден күмөн мен кылып. Күмөнүм болду чыныгы, Ашкере кылдың сырыңды, Мени чыкпай койот деп, Алдаганың турбайбы, Кыдыртып айтып кылымды! Ат-тонум менен тарбайтып, Сүйрөтүп жүрдүң дардайдып, Таанымаксан болупсуң, Өлүп болду Дөрөт деп, Анан чечтирмиш болупсуң. Алың келсе, Чиктей хан, Кененимден өчүңдү ал, Боорун жарып өтүн ал, Жетпесе алың, сен Чиктей, Кененимден өлүп кал, Сен өлгөндө кыргыздан, Кунуңду куучу өзүм бар! Деп сүйлөнүп Дөрөтү, Манжу, шибе, жүрү деп, Кошунум бөлүп жөнөдү. Анжунун эли кырылган, Башы өлүп, бел сынган, Сапырылып журт кетип, Күмсары ашып бүт чубап, Көчүп кетти анжуулар, Көчкөн бойдон анжуулар, Текши тоону жердеди, Дегеле кайтып келбеди. Эр Чиктейден күмөнсүп, Шибе менен солондун, Бөлүнүшү чектелди, Муңгул, шибе, солон деп, Уруулары жиктелди, Майданда эли бөлүнүп, Хан Чиктейге күч келди. Чиктейдин күчүн көрөм деп, Манжу, Дөрөт токтолду, Шибе, Солон бөлүнүп, Кете турган окшонду. Манжу Дөрөт жөн койду, Кой дээр киши жок болду, Шибе менен солондун, Кетишине жол койду, Жүр, кетели жүргүн деп, Чуркурап булар жоголду. Ала болуп беш урук, Алдырмак болду чогулуп, Ушундайга ылайык, Карылар айткан макалды ук: «Ала болсоң алтооңор, Алдыңдагы атты алдырдың, Топ болсоңор төртөөңөр, Төбөдөн жылдыз кармайсың» Чындыкты айткан чеги жок, Байыртан калган макалда, Жалган айткан жери жок. Жетип келип Кененим, Кеткендерди көрүптүр, Көөнүн нечен бөлүптүр: «Элди талап келгин деп, Бөлгөн белем элди,деп, Бузулган бейим муңгулдун, Бул Чиктейдин пейли, — деп, Барса барсын мейли» — деп, Дөрөттү Кенен чакырды: — Качпай бери келгин! — деп. Буктурма койуп торчуну, Келиптирсиң эрмин деп, Чиктей өлө жаздады, Куткарамын сени деп, Эркиңерге жөн койдум, Кетсең кеткин мейли деп. Катынча кылсам урушту, Сүйрөлүшүп жүргөндө. Катарың менен башың жеп, Катар кесип башыңды, Байланып кетиш турган кеп. «Амал кылып жоо алыш, Атага наалат келет, деп, Эрдик менен алгын» деп, Аталар айткан бизге кеп, Теңдик менен сайышып, Эрдик менен өлсүн деп, Ошол үчүн турган кез. Деп Кененим айтканда, Намыс кылып чоң Дөрөт, Күркүрөгөн чоң дөбөт, Найзасын булгап жөнөдү, Тик качырып Кененди, Чиктей менен айтышкан, Сөзү калды талаада, Ажал айдап күн бүтүп, Капташмак болду балаага, Эр Кененим, зор Дөрөт, Эрегишип сайышты, Эрикпестен чабышты, Колтуктарын чойушту, Чокуга чокмор койушту, Калкандары калбады, Кара темир чыдабай, Бирин-бири албады. Туулгага балта чака-чак, Көөдөнгө найза така-так, Бакырыгы баш жарып, Баатырдын үнү бака-бак, Чарайналар чачырап, Жарылып темир бадырап, Сооттору жыртылып, Олпоктору кырчылып, Найзаны күүлөп сунганда, Күркүрөгөн үн чыгып, Ак көбүк ооздон чачылат, Азуулары качырап, Торгой көз темир бадана, Чыдай албай чатырап, Куйкалары курушуп, Чындап булар урушуп, Булуп-булуп тартышып, Буулумдарын жыртышып, Мас болгон нардай кеңгиреп, Таамай чокмор тийгенде, Кете жаздап эндиреп, Эми сайды чоң Дөрөт, Кененимди капталга, Жыртылган жерин белгилеп. Чыпалактай кара кан, Карчытынан куйулуп, Жаны ачыды Кененим, Чоң Дөрөттөн найза жеп. Элебей жүргөн Кененим, Манжу Дөрөт канча деп, Сотолунун найзасын, Чыңдап кармап сабынан, Чымырканып Кененим, Качырып кирди абыдан, Түрүн көрүп Кенендин, Түгөнүп калган чоң Дөрөт, Оңдоп соотун жамынган, Каары ашып Кененим, Ач жолборстой чамынган. Өтө берип алдына, Кайта тартып имерди, Тоодой болгон Дөрөттү, Бакалоордун безине, Таамай муштап жиберди, Муштаганда мылк деди, Аркы кулак түбүнөн, Найзанын учу жылт деди, Найзаны тартып алганда, Тоодой болгон чоң Дөрөт, Томолонуп шылк деди, Денеден жаны бөлүндү, Тентектин бири бул Дөрөт, Бул дагы көрдү өлүмдү, Карап туруп манжулар, Түп көтөрө өмүлдү. Арстандын уулу эр Кенен, Талыкпаган эр немең, Акым дөөнүн ак кылыч, Кармап алып сабынан, Сууруп алып кабынан, Аралап кирсе манжуну, Адам коркот каарынан. Кеңкууланы камчылап, Кылычтын каны тамчылап, Калың жерин кайсалап, Албарс менен талкалап, Топтолгон жерге кол салып, Тобун бузуп жол салып, Жетер –жетпес келгенин, Найза менен сулатып, Оң - тескери түшүрүп, Баш –аламан кулатып, Айдап чыкты майдандан, Канкайды карай чубатып. Муну мындай таштайлы, Кененим менен Чиктейдин, Кармашынан баштайлы.