Кененимдин Чыныкени алышы
Жүр турбагын, Кененим, Бүт алгын дөөдөн керегиң, Семетейге сени мен, Жеткирип койуп келейин, Алты жүзгө мен чыктым, Касиетүү Бакайдан, Карага салам берейин. Деп каракуш айтканда, — Дөөнүн нээсин алайын, Убара кылбай, Сумурук, Өзүм кетип калайын. Деп Кененим айтканда, Алп кара куш айтты анда: — Айлар аттап жыл өтүп, Арты-артынан баратат, Бул жер менен Айтүбү, Үч айчылык жол жатат. Кара деңиз дайрадан, Сен кечпедиң, Кененим, Үстүңө кийген эт көйнөк, Батырбай сууга сен келдиң. Алып берген сага ким? Жусуптун кандуу көйнөгүн, Бул көйнөккө, Кененим, Жакыптын жашы чыкталган, Эч кандай неме дүйнөдө, Жакын келип жукпаган, Каканчын түшкөн бул көйнөк, Казынада сакталган. Жүйрүн дөөдөн Алмамбет, Көйнөктүн жайын укканда, Ала келген атайын, Бейжинден качып чыкканда. Бейжинге кайта барарда, Аруукеге таштаган, Күлчоро туулуп келгенче, Арууке катып сактаган. Алмамбет өлдү дегенде, Кетеринде Арууке, Каникейге каттырган, Катып жүргөн Каникей, Күлчорого тапшырган. Күлчоро билет бар ишти, Ошол үчүн Күлчоро, Чечип сага кийгизди, Артыктыгын көйнөктүн, Абыдан угуп билдиңби? Үч айлык жолго бир демде, Алып сени барамын. Аш бышымда барбасам, Чирип калсын канатым! Кара куштан кеп угуп, — Мени менен Кеңкула, Чыныке менен үч жанбыз, Жабыр салып сизге биз, Кантип чогуу барабыз? Деп Кененим айтканда, Алп кара куш айтты анда: — Оор болуп калам деп, Мени начар ойлойсуң, Ушул турган үчөөңөр, Чеңгелиме толбойсуң. Сыйлап сени алпарам, Сырт жагыма чыгарам, Канатымды жайайын, Кеңкулаңды жетелеп, Далыма чыга сен калгын, Үрпөйтөмүн билгиниң, Бир жүнүмө киргиниң, Кара куш жайды канатын, Кең таладай Кененим, Жетелеп барат кула атын, Жергеден өтүп кеткенде, Жамгырлуу жайга жеткенде, Жүндөрү тал-тал бириндеп, Тал токойдой көрүндү, Жылмайтып жыйнап алганда, Күндү көрбөй чөмүлдү, Козголуп жерден былк этти, Канатын кагып серппеди, Качан учат деп турса, Кененим, жерге түш, деди, Кудай өзү бериптир, Кара кушка катуу күч, Төштө чыккан канатка, Айтбүбүнүн жери түз, Алпкаракуш көрүштү, Бакай менен жүзмө-жүз. Калгандар менен таанышып, Кетмек болду кара куш, Калгандарга кош айтып, Кененимге өтүндү, Бир жүнүн сунуп залкайтып: — Кара жанга күч келсе, Кармагын оттун табына, Кайда болсо Кененим, Мен боломун жаныңда, Чыныкени көргөндө, Жалынды Чынгыш аңгыча, — Бар шартымды бүтүрдүң, Алп кар куш кетирдиң, Кесип келген баш кана? Кененим алып ыргыты: — Керек болсо баш мына! Караса баштын тили жок, — Тили кана бул баштын, Кереги баштын деги жок, Тилин жеген тил билет, Башын жеген киши өлөт, Мени үйгө койуп бер, Чыныкени кошуп бер, Эки күн өрүүн алдырып, Андан кийин кетиңер. Чынгыш айткан кепти угуп, Күлчоро турат чыйрыгып. — Койо бер, — деп Чынгышты, Семетей айтты бурулуп,- Чынгышты тордон бошотуп, Чыныке кошуп бер, — деди, Убадаңды танбасаң, Эки күндө кел! — деди, Чыныкени ээрчитип, Чынгыш кетти айлына, Эми кандай болоор деп, Күлчоро турат кайгыда, Эки күн өттү аңгыча, Көрүнбөйт Чынгыш караса, Айтумушту чакыртып, Кана Чынгыш кайда? — деп, Айтумуштан сураса, — Чынгыш кетти тегине, Текши тоонун жерине, Дамбалы жок кожосу, Кызыл жапан жайдак төш, Өзүнүн туулган элине, Жүйрүн дөө менен бир келип, Турду эле бул жерде. Он жети кабат кызыл там, Салган үйү бар, — деди, Адамдын алы келе албайт, Кудайдын үйү ал, — деди, Кетпеймин деп Чыныке, Көшөрүп кыйла чыр кылды, Чыныке болбой койгондо, Колуна салды чынжырды, Шишеге куйган суу кылды. Өзү болду көгүчкөн, Көкөлөп учуп жөнөшкөн, Кетеринде ал Чынгыш. Мага кепти үйрөткөн: Үйүңө баштап кел, деген, Диңсийа уудан бер, деген, Уу бербейм эч кимге, Баарыга окшош кең элем, Айтумуш кебин укканда, — Чынгыш колго тийбесе. Кетпейм! — деп - Таласка! Семетейдин айтканы. — Текши тоого барам, — деп, Кызыл чапан жайдак төш, Чынгыштын элин табам, — деп, Чынгышты кармап торго алып, Чыныкени колго алып, Анан келе калам, — деп, Кененим калды шайланып. Каргылданып хан Бакай: — Кана, балам, Кененим, Сумурук берген белегиң? Сумурукту чакыргын, Ага айтар бар кебим, Бакайдын кебин кыйалбай, Бала баатыр туралбай, Жүндү отко кармады, Алп кара куш-Сумурук, Азыр келип калганы, Алп кара куш келгенде, Бакай кебин салганы: — Аллам азиз жараткан, Алп кара куш ат берген, Кастарлуу жандар сен элең, Айкөл Манас аты бар, Азиз бенде ал эле, Тукуму менен Манастын, Турасың бирге бул жерде. Казабы менен Жүйрүндүн, Отурдуң учпай бул жерде. Жүз көрүшүп турабыз, Буйрук менен бул жерде. Бизге душман, саа душман, Сурап алып Чыныке, Эки күндө келем, деп, Чыныгыш качып кетиптир, Текши толу бир жерге. Барганы турат Кененим, Чыныке менен Чыныгышты, Мында алып келгүүгө, Кабарын уктук ал жерден, Он жети кабат, кызыл миз, Салган үйү бар, деди, Дамбалы жок молдосу, Кирүү киши кудайы, Жел тийгизбей коргоочу, Кызыл чапан жайдак төш, Кыжыраган эл, деди, Түбүндө Чынгыш ал элдин, Жүйрүн менен бул жерге, Бирге келген жан, деди, Уккан кабар ушундай, Айтумуш айтып бергени, Ушул жерден текши тоо, Канча күндүк жол деги, Билесиңби сен? — деди, Алп кара куш кеп айтат, — Азиз Бакай, — деп айтат, Мен билбеген кылымда, Кыймыл эткен жан барбы, Бул жер менен текши тоо, Жер менен жүргөн адамга, Жети жылдык жол ошо, Аты менен Кененим, Чыкса болот желкеме, Жети күндө жеткирем, Текши тоонун жерине. Ар кимдин сайы ар башка, Алардын салты бир башка, Нечен түркөн иши бар, Албан-албан киши бар. Кененим барса ал жерге, Асманда туруп көз салып, Мен болойун аа бирге, Ал жерден качса Чыныгыш хан, Наркы жагы алды эле, Чынмачындын үч арал, Аралдын баары бүт жылан, Береки элден ал жаман, Канча түрдүү сүрөткө, Кире берет Чынгыш хан, Кубулуп качса башкача, Убара болот Кененим, Жер түгөткөн Чынгышты, Өзүм кармап берейин. Деп ошентип Сумурук, Желкеге салып Кененди, Асмандап учуп жөнөдү, Күндүзү учуп, түн учуп, Эринбей учуп олтуруп, Текши тоонун жерине, Жетип келди элине, Жер ортосу бир белги, Кеңкула менен болкойуп, Кененим белде зоңкойуп, Түштүк жагын караса, Адамдар жатат тоңкойуп, Не да болсо адам, деп, Алардан кабар алам деп, Аралап келсе бастырып, Боору менен жатыптыр, Төрт айактап басыптыр, Мойундарын караса, Алды миңден, арты жүз, Мончок ташты асыптыр. Буркан, Буркан дегени, Боортоктоп жүргөнү. Четинен келип Кененим, Бирөөнөн жооп сурады: — Эмне кылган элсиңер? Башка кебиң билинбей, Буркан, Буркан дегенде, Бооруң менен басасың, Жер кучактап жатасың, Бул эмне адатың? Кеп сураса кеп кылбай, Кылганын кылып жатышты. Аңгычакты болбоду, Четте турган бир киши: — Кебиң болсо кел бери, Менден жооп ал, — деди, Буларды менден сурасаң, Эки күндүк ар жакта. Он жети кабат кызыл там, Жасалгалуу сарай бар, Ал сарайдын ичинде, Теңдеши жок кудай бар, Кудайдын ишин кылуучу, Адамдын арзын угуучу, Узун чапан лаама бар, Кудайга башын урууга, Молдонун кебин угууга, Араң келген ушулар, Үч күндүк жолго келгенде, Басып барбайт сарайга, Басып барса эгерде, Күнөөкөр болот кудайга. Каңкайдын кар тоосуна, Канча кабат артуудан, Араң келсе бул жерге, Сураган менен жооп жок, Канчалык айтса бул элге. Кудайдын калба каарына, Сенда атыңды таштагың, Жаман болот кудайга, Ушул бойдон барганың. Угуп муну Кененим: — Кудайыңды билбеймин, Боортоктоп жүрбөймүн, Качып келди душманым, Чыгарып аны бер деймин. Душманымды бербесе, Талкалаймын сарайын, Жок кыламын кудайын! Кененим мындай дегенде, Ачуусу келип ал деген: — Аңылдаган ким элең, Кудайды кудай билбеген? Лааманы лаама билбеген? Каарына калсаң кантесиң, Жаңыдан келди бир лама, Теңдеши жок жалганда, Күлкаакы деген бир куш бар, Кызыл мистен сарайда, Сарайга көзүң салганың,- Кудайга көзүң салганың, Күлкакыга катышсаң, Адашып жолдон калганың. Угуп калса сөзүңдү, Билип калса өзүңдү, Жерде чирип калсын деп, Итке, кушка жегизбей, Көмдүрүп ийет сөөгүңдү, Сенин айткан сөздөрүң! Өрттөдү менин сөөгүмдү, Азыр эле турбастан, Сарайга жетип барбасам, Тирүү кудай молдого, Сени айта салбасам, Кызмат кылып кудайга, Бар күнөөдөн арылып, Бир соопко калбасам, Жаңы келген молдону, Зийарат кылып жанбасам! Деп ошонтип кабарчы, Айагы анда-мында бир тийип, Алек-далек жүгүрүп, Өпкөсү жок кургуруң, Опсуз жаман сүйүнүп, Жүрүп берди далбактап, Минген котоз букасы, Мүйүздөрү каркактап, Басалбай минген букасы, Тилин салып акактап, Келеберсин кабарчы, Жан айабай тартактар. Көк кептер болуп көкөлөп, Учуп кеткен Чынгыш хан, Күн батыштан түңүлүп, Маана издеп келген чыгыштан. Өзү күн батышта болсо да, Үч жылдан ашпай келүүчү, Бу жерде тирүү кудайга, Көп жолжорук берүүчү, Баштан тартып бул элдер, Чынгышты жакшы билүүчү. Бир шишеге суу алып, Чынгыш келди сарайга, Келер маалы боло элек, Кандай келип калды, деп, Булар калды аң-таңга. Чыныгыш келип киргенде, Баары калды дүрбөшүп, Карай албай Чынгышты, Айбатынан жүдөшүп. — Мен келдим Чынгыш батыштан, Баш маана издеп чыгыштан, Кененим деген барыптыр, Орто Азийа кыргыздан. Тартып алды шарымды. Жүйрүн өзү тургузган. Батыштагы жети дөө, Куралышты намыстан, Өлүп кетти баарысы, Бири тирүү калбастан, Кененим барды жүйрүнгө, Калганга канаат кылбастан. Жүйрүндү сойуп тилин жеп, Жолу каткан Кененим, Башы адам болгондон, Айагы чиркей, чымынга, Мунун тилин бүт билет, Өнгөн чынар жыгачтан, Жерге жайнап чыккан чөп, Мунун тилин бүт билет, Адам өткүс Ала тоо, Айагы кум, түбү коо, Анын тилин бүт билет? Жүйрүн билчүү башында, Жүйрүндүн тилин жеп алды, Кененимдей ким билет? Ики-дики олтурам, Аркаман кууп келет деп. Ушул жерге келгеним, Биле албаса Кененим, Тетир издеп калар дейим, Билген болсо Кененим, Бүгүн-эртең бүл жерге, Кууп келип калар дейм. Алп кара куш-Сумурук, Аны менен дос болду, Изимди билсе Кененим, Издээр жолу шар болду, Келип калса кокустан, Бул жер бизге тар болду. Кол куушуруп жөн эле, Туруп бериш кыйын кеп. Кылычташсак урушуп, Кан агызып суу кечет. Салтанаттуу сарайды, Талкалап таштап саларбы? Кулкаагыны аларбы? Шишеге куйуп суу кылып, Кубултуп койдум Чыныке, Унутуп аны каларбы? Же болбосо түз эле, Индичинге барсамбы? Жыландын кени ал жерде, Кызматка аны салсамбы? Айлам кетти алсырап, Акылым качып башыман, Билалбай калдым тамтырап. Ардык алып жаталбай, Качып жүрүп салпылдап, Канатым талып учалбай, Болбой калдым далпылдап. Чынгыш антип айтканда, Тирүү кудай молдосу, Жанында канча жолдошу, Жарыша сүйлөп жабырап, Баары сүйлөп бабырап: — Бул айтканың кеп эмес, Чынгыш, өзүң ойлоп бак, Атың сенин кет эле, Келип мында Жүйрүн дөө, Чынгыш койуп атыңды, Алып мында кетти эле. Ушул жерде туулдуң, Ушул жерде тургунуң. Келип калса Кененим, Кепке салып көрөбүз, Кебин угуп билебиз, Кепке-сөзгө келбесе, Өлтүрүп аны ийербиз, Чуңкур казып жерге көөмп, Төбөсүнө сийербиз. Өзүңүз салган шаарыңыз, Он жети кабат кызыл там, Жүйрүн дөө кургун тагыңыз, Кадемиң тийди арман жок, Болдуңуз биздин ханыбыз. Кыжылдаган эл туруп, Жалгыз жүрсө Кененим, Келбесин кантип алыбыз? Ушул турган баарыбыз, Сени кармап бергиче, Кырылышып урушуп, Суудай аксын каныбыз: Сарайга тийсе кол салып, Колу куурап калбайбы, Кудай жанын албайбы! Күлкаакы ала албайбы? Кайда экенин таралы? Сууну көзгө илеби? Чыныкени билеби? Минтип булар дүрбөдү, Аңгычакты болбоду, Котоз менен каркылдап, Кабарчы келди байагы? Эшик ага күзөтчү, Не жумушуң бар? деди, Топоздун таштап жүгүрүп, Күзөтчүнүн бутунан, Шур-шур жыттап кучактап, Каңырыктап алыптыр, Ал байкуш кебин салыптыр: — Топчуну күзөт, деп, Кимиси ишти бузат, деп, Кожолорун тапшырды, Тоопчунун баарысы, Кудайды карап баш урду, Аңгычакты кула атчан, Бирөө келип жолукту, Менден сурап кеп угуп, Кудайды тилдеп оолукту, Буркан-шаркан көбүрдү, Кудайды тилдеп ал киши, Көңүлүмдү миң бөлдү, Тоопчуну таштадым, Айтайын деп ушуну, Ашыгып бери чапканмын, Мындан башка кебим, жок, Ушул менин айтарым. Угуп кепти күзөтчү, Молдого айтып угузду, Үйгө кирип бул кепти. Чынгыш баштап баарысы, Чын ашыгып калышты, Келген киши Кененим, Анык билип алышты, Алты лаама шайланып, Алдынан тосо барышты, Булар ойлойт ойунда, Кененимди азгырып, Алдап кармап алышты, Тирүү жан чыгып кеткисиз, Терең орго салышты. Түрдөп чапан жамынып, Мончок ташты тагынынп, Чапанын жерге сүйрөшүп, Күрөшкө чыкчуу немедей, Оң жеңдерин түрүшүп, Белдерин кыйа курчашып, Тесбелерин карчашып, Буркан, Буркан, Буркан, деп, Ичтеринен күбүрөп, Жыгылып-кооп бүжүрөп, Кененимге келгенде, Ого бетер дүбүрөп, Жыгылып-кооп бүжүрөп, Алдынан тосо барышты. Кененимди көргөндө, Жер кучактап баарысы, Таазим кылыа калышты. Кейпин көрүп Кененим: «Кошо барып көрөйүн, Хан сарайга киргенде, Чыныгышты кармап бер дейин. Кежирлик кылса кайшактап, Как боорунан тилейин. Жүр дегенде бир жүрүп, Ишенчисин алайын, Баары-жогун билген соң, Анан кебим салайын.» Кененим арзан эр эмес, Будагы ойлойт арганы, Бирге жүрдү эптенип, Эчтемени билбеген, Энөө киши кептенип. Байкап көрсө Кененим, Алты лаама бир-бирин, Алдыртан аста тиктешип, «Алдадык муну биз, — дешип, Энөө киши турбайбы, Сөз сурабайт шүк» дешип, Күлүңдөшүп калышып, Козголуп койсо Кененим, Баштарын жерге салышып, Мусапыр болуп алышат. Мен көрүнбөй турам, деп, Көмөскөдө Чынгыш хан, Кабар берген алдыртан. Көпчүлүгү чогулуп, Короону курчап келаткан. Эки кабат ээн топо, Эптеп салган коргону, Ички үйлөрү бүт таштан, Чоңдору жатчуу борбору. Алты молдо короого, Алып келди Кененди: — Не жумуштап келгенсиң? Айт кебиңди сен, — деди. — Сурап менден кеп уксаң, Менин атым Кененим, Айтүбүнүн жеринен, Айтумуштун элинен, Чыныгыш ханды качырып, Артынан кууп келгенмин. Чыныгышты бергин чыгарып, Чыныке тапшырып колума, Күлкаакы тарткын жолума. Чынгыш ханды бербесең, Чыныкени жок десең, Кантип мундан мен кетем? Бербес болсоң аларды, Чыйрак болсоң майданга, Балбаның чык маңдайга! Деп Кененим айтканда, Чынгыштан жарлык кеттиби, Салмооруна таш салып, Та-талашып жабылды, Кысталак бул элге, Бекер өлүм табылды. Кайраты артык Кененим, Кеңкула менен заңкайып, Кебелбей турат чалкайып. Ташты таштап бир кезде, Мылтыктап кирди атышып, Карап тура бере албай, Кененим тийди катышып. Найзаны Кенен имерип, Кырк-элүүдөй немесин, Беттей сайып жиберип, Кыйырына келип калганда, Аттарынан кулатып, Жуушаган койдой сулатып, Өлүмдөн коркуп баш тартпай, Өчөшүп кирди чуулашып, Ачууланды Кененим, Кеңкуланы чуратып. Басырык болгон кой кандай, Боолап салган чөп кандай, Оң-тескери жуушатып. Караганды таң кылып, Калаасын кызыл кан кылып, Кызыл чапан элдерин, Кыйратып көбүн нан кылып, Кызыгып кирген кезинде, Багылуу жаткан борбордо, Темирден чынжыр тагылып, Кереги бир күн тийет деп, Бекеринен багылып, Буйрук берип булугуп, Жетимиш миң немесин, Койо берди агытып. Эки миң киши жетелеп, Алып келди экөөнү, Эри өлгөндөй жулкунтуп. Кабаган иттей арсылдап, Экөө турат такылдап, Тишине-тиши шакылда, Кош колдоп жерди чапчышып, Уй букадай өкүрөт, Топурак башка чачылып, Тоо-ташты бузуп бакырып. Көрсөтүп туруп Кененге, Койо берди агытып, Буй кылчуудай ааламды, Экөө келет качырып. Чыныгыш турат ичинде, Жакшы кылган экен, деп, Душман үчүн камынып. Келе жаткан экөөнүн, Биринде бар чойун баш, Биринде бар сом темир, Чойун башчан келатып, Нечен тоону уратып, Талкалап ташты кулатып, Сом темирчен немеси, Кең көрүнөт дененси, Узундугу үч кулач, Он эки кыр темирде, Жерге муштап жиберсе, Уңгусунан батырат, Жерден тартып аларда, Жерди бузуп бакырат. Мына минтип бул экөө, Жарышып келе жатышат, Жолуна, келгендин, Бөөдө шорун катырат, Бул экөөнүн түрүнөн, Көпкө кирди калтырак, Жерден оро казылат, Таштар кулап калдырап, Сүр көрсөтүп нечен түр, Кененеимге бул экөө, Кирип келди жакындап. Кабаган элүү ит келет, Алардын аркасынан арсылдап, Казылган жерди камашып, Кулаган ташты талашып. Кызыл чапан эл ойлойт, Кененимди алат деп, Ойунда өлүм санашып, Кирип келди Кененге, Өтө чукул жанашып. Чоң экен деп санабай, Экөөнүн катар кармады, Беш жашар ойноо баладай. Чокмор менен сом темир, Ээсиз калды талаада, Капташып калды шордуулар, Эр Кененим балаага. Желкеден кармап имерди, Сүзүштүрүп жиберди, Маңкалары куйулду, Мээси агып чубурду. Өлүгүн жерге таштады, «Ит жеңгенин талайт» деп, Өз ити өзүн талады, Жабылып кирди жан калбай, Жетимиш миң балбаны. Мазарым деп тийбеген, Жанына жакын сийбеген, Мунардай болгон чынарды, Кененеим сууруп алганы, Оң-тескери булгалап, Аралап кирди буларды. Учурап калып өлүптүр, Колдоочу тирүү кудайы, Өжөр мүнөз ушул журт, Өлүмдөн коркуп турбады. Улуу-кичүү, кары-жаш, Катын-эркек аралаш, Жан башына бирден ит, Кошо жүрөт абалап. Ат жүрсө да, жөө жүрбөй, Коргонго кызыл кан толду, Мелт-калт этип калкылдап, Кызыган кези Кеңкула, Алоолонуп алкылдап, Кармайбыз деп келгендер, Кененимге баралбай, Качып калды калтылдап. Кызыл мистен тамына, Кожо-молдо толгону, Чынгыш кирди мааналап, Калгандары сыртынан, Тегеректеп сагаалап, Тешик койбой кенедей, Отуз катар камалап, Адам кирер жери жок, Көпчүлүктү аралап. Өздөрү салган Кененге, Өлгөн иттин чокморун, Эңип алды Кененим, Кеңкуланын олоңун, Чындап тартып бекитип, Минип алды Кененим. Акымдан алган темир тон, Калыбектин салышта, Калбай баары жоголгон, Калыбектин чо тонун, Кийип алды Кененим. Манастап ураан чакырып, Катуу кирди качырып, Өтө өжөр бу элдер, Козголуп койбойт шашылып. Кеңкула менен тепсетип, Агызып кызыл кан кечип, Араң жетти Кененим, Ардактуу кызыл тамына, Тамга жеткен кезекте, Чындап алды каарына. Жандан тойгон Кененим, Көзүнөн оту чачырап, Күүүлөп кармап чокморду, Тамга жетти жакындап, Күүлөп келип урганда, Тамга кирди калтылдак. Аны көрүп Чынгыш хан, Катуу жаман шашылат: «Эми эки чапканда, Манастын уулу жалаңгыч, Кайран тамды жок кылат. Кызыл тамды чакты деп, Кылымга кетет жаман ат, Буздурду деп миз тамды, Мага калат көп наалат, Мен кетейин бул жерден, Кызыл там калсын салаамат.» Бир белгисин билдирди, Элин тарап кеткин, деп, Көк жору болуп сабалап, Канатын жыйбай самсаалап, Шишеге куйган суу кылып, Чыныкени кошо алып, Чыныгыш жолго салыптыр Алууга келбей курбаты, Гүлкаагы мында калыптыр, Калган башка байкушту, Жер зынданга салыптыр. Эр Кененим бир чапты, Эки чабар кезекте, Дегеле киши жок калды. Кеңкула таштап Кененим, Аралап кирсе көп жерин, Сүрөтү турат кишинин, Сап алтындан жасаган, Жан жагында көп турат, Майда-барат сандаган. Көрүнбөдү тирүү жан, Тинтип карап сарайды, Табалбады эч бир жан. «Гүлкаакы кайда калды экен? Шишеге куйган суу кылып, Чыныке мында бар бекен? Чынгыш өзү кайдадыр? Же качып кетип калгандыр,- Кененим турду элеңдеп,- Аларды кайдан табам? — деп, Мени качан келет деп, Зарыгып калат бабам, — деп, Мээ коротуп чарчабай, Суу перини келтирип, Анан кабар алам» деп, Ойуна кетти бул бир кеп. Балык берген кылканды, Отко жакын кармады, Шарактап эшик ачылды, Сулуу кыз келип калганы. Келгенинче божурап, Айта кирди кабарды: — Чыныкени бирге алып, Чынгыш качып баратса, Алп кара куш кармады, «Мен Чынгыш эмес, жору» деп, Эмгиче кайыл албады, Чыныке колго тийгенде, Таанууга келбейт дарманы, Гүлкаакы турат зынданда, Чыгарып аны алалы. Суу пери айтып болгунча, Сумурук келип калганы. Көк жоруну далбайтып, Гүлчоро берген темир тор, Алып баыр салганы, Тор жыйырылып кармады, Өлөргө жакын барганы, «Мен Чынгышмын, бошот!» деп, Чыңырыкты салганы. Чындыгына келгенде, Шишеге куйган суу кылып, Чыныкени колго алды, Кыз супатка барбады, Чыныкени шишеде, Суу бойунча сактады. Чынгышты кыйнап чыңыртып, Гүлкаакыны сурады, Зымдандан аны чыгарды, Заарыгып калды бабам, деп, Кененим анда турбады, Чынгыштын колго түшкөүнүн, Кызыл чапан жайдак төш, Булардын эли туйбады. Алп кара куш, Кененим, Чыныке менен Суу пери, Гүлкакыны кошо алып, Зор Бакайга барганы. Чынгышты отко күйгүздү, Адылдыгын билигизди, Айтумушту тагына, Аны кайра мингизди. Атактуу кыргыз алаш, деп, Жерибиз Кеңкол, Талас, деп, Алп кара куш, Суу пери, Жер жериңе кайткын, деп, Гүлкаакыны, Сумурук, Сен алыпбарып баккын, деп, Хан Семетей, зор Бакай, Алымсарык, Кененим, Эр Саламат, кыз балбан, Чыныкени алышып, Кыргызга кетип баратат, Жоону сайып жол басыш, Кырыгз элге жарашат. Таласка аман барышты, Шер Сейтек баштаган, Кол беришип көрүштү, Каникей менен Айчүрөк, Колдун учун өбүштү. Кыргыздар келип атышты, Төрт-беш күн өркүп жатышты. Аксакалдар кошо айтып, Жай-жайына кайтышты, Жамбаштары май алып, Жадырап кыргыз жатышты. Муну мындай таштайлы, Оору менен жоо тийген, Кыргыздан кепти баштайлы.