← Кененим

Жүйрүн дөөнүн жомогу

Чынгыштын үнү чыкканда, Күн чагылып чартылдап, Мөндүр түшүп тарсылдап, Жердин бетин суу алып, Сел каптады калкылдап. Алмамбеттин Гүлүстөн, Сыйкырдын иши экен, деп, Топтолуп келген булутту, Токтоосуз муну таратты, Көрүнүп калды Суумерген, Баса минип кара атты. Жамгырдай кылып жаа тартып, Мөндүрдөй түшкөн ак атып, Жазайыл деген мылтыкты, Ага кошуп дагы атып, Тирүүлөй жандан тойгузуп, Турган элди жадатып. Алмамбет уулу Гүлүстөн, Бекер эмес ар иштен, Жерге түшкөн бир окту, Абдан тиктеп карады, Коргошун, чойун, коло эмес, Адам өлөр ак эмес. Будагы сыйкыр иши, эмес, Алмамбеттин алма баш, Аткын, уулум, аткын, деп, Кененимге аттырды. Жааган күндөй түшкөн ок, Бири калбай жок болду, Суунун уулу Сурмерген, Найзасын күүлөп кезенип, Кененимге жол кошту. Суумергенди Кененим: “Сыйкыр менен күн кечкен, Сырдап өзүн көрсөткөн, Анча-мынча неме экен, Мага качан тең экен?” Деп ойлонуп эреним, Акымдан алган куу найза, Алды колго Кененим. Бет келген жерде Кененим Суумергендин найзасын, Сайдырбай кагып жиберип, Кайра тийди айланып, Кеңкула оозун имерип, Суумерген чыдап, тура албай, Кененимден ийменип: “Кененим сайса өлдүм, — деп, Алдымда өлгөн бешөөнө, Кошулуп алты болдум” деп, Өлүмдөн коркуп Суумерген, Качып берди калдаңдап, Этек-жеңи салбаңдап. Камчыга басып кара атты, Качып чочко баратты, Кеңкула менен арбытып, Артынан түштү Кененим, Аркадан чаңын баргытып. Кара ат менен Кеңкула, Топуракты сапырып, Суумерген барат ойунда; “Жетер-жетпес качпасам, Кара деңиз кечпесем, Жүйрүн дөөгө жетпесем, Сыйкырлуу күмбөз анда бар, Ошол жерге беттешем, Кененимди жоготуп, Кайта келип кыргызга. Өмүр бойу кектешем. Калтырбай тирүү тукумун, Бооз катынын жарбасам, Боз-улан боорун албасам, Суумерген болбой өлөйүн!” Чендеп качып Суумерген, Кененимди тосоттоп, Албан сыйкыр иштетти, Сыйкырдан айла болбоду, Чынгыш айткан калыңдын, Бири болгу башынан, Кара деңиз аралы. “Мен деңизге барганда, Асман менен кетемин, Амал менен өтөмүн. Өчөшүп кирсе Кененим, Өзү агып өлбөйбү, Сууда нечен балык бар, Көргүлүктү көрбөйбү, Бир буткулда жатпайбы, Баткакка башы батпайбы, Өлбөй өтсө деңизден, Аралды издеп табабы, Издеп тапса тушугуп, Жүйрүн дөөдөн кутулуп, Өлбөй аман калабы?” Качып жүрүп Суумерген, Арбын ойлоп амалды, Азгырып жүрүп ар түрдүү, Кара деңиз алпарды. Деңиздин жетти жээгине, Качкан жерден бул жерге, Жыйырма алты күндө жетти эле. Арамзада Суумерген, Кечпей койот кенен, деп, Жакындатып Кененди, Өлчөп качып чебердеп, Кармаарына калганда, Чылбыр бойу барганда, Сууга түштү чулп этип, Кеңкуланы камчылап, Кошо түштү Кененим, Алдындагы Кеңкула, Жалын жайып кайыктай, Толкуп жаткан деңизге, Тулку бойу жашынбай, Суумергенди карасаң, Кара ат менен калкылдап, Учуп чыкты асманга, Кененим! деп бакырып, — Эми кантип барасың, Кайра айланып Таласка? Арзыңды айтсаң угабы, Өлүп калган Манаска? Каныңды сенин жайбасам, Өлбөй чыксаң аралдан! Өмүр бойу издесең? Амалың жок табарга, Сөөгүң калат кагжырап, Кара деңиз аралда! Деп ошентип Суумерген, Көрүнбөй калды асманга. Кайыктан бетер Кеңкула, Сууга батпай жебелеп, Калкып барат чоң сууда. Күн тийгенде жаркырап, Суудан чыгат жылтылдап, Күн батканда кечинде, Сууда жүрдү Кененим, Күнү сегиз, түн сегиз, Он алтыга жеткенде, Алдынан кургак болду кез, Кургакка чыкты Кененим, Кайраты болгон өтө тез. Суудан чыга бергенде, Кеңкула калды шалдырап, Кийген кийим ээр-токум, Суу болуп баары шалбырап, Тердик менен желдиктен, Агып суусу тамчылап, Жана жүрдү Кененим, Ат айабай камчылап. Адырды кирип аралап, Кетип барат куркулдап, Учурап калды алдынан, Шылдыраган бир булак, Булактын келди жээгине, Турбай өтө берерде, Кеңкулага тил кирди: — Э, Кененим баатыр, ай, Эрдигиң бар, эсиң жок, Эчтеке менен ишиң жок. Суумергендин артынан, Кубалап жолго киргели, Кургакта күнүң жыйырма алты, Сууда жүрдүң сегиз күн, Күнү-түнү санаты, Алтымыш сегиз болуптур. Арада бир күн дем албай, Сен келесиң талыкпай, Мингениңе мен чыдап, Келемин кылча чалыкпай. Алдыңдагы бул булак, Суусу сүттөй бек аппак, Башкача сонун көрүнөт, Кургакта жүрдүң чаң басып. Көңүлүңдү дат басып, Менин бүткөн бойумда, Топо аралаш тер катып, Ошондон бери карата, Өзүң жуунуп албадың, Оозуңа маар салбадың, Астыңдагы мен дагы, Керт этип чөп чалбадым. Булакка түшүп жуунуп ал, Андан кийин жолго сал. Деп Кеңкула айтканда, Эп келиптир арстанга. Түшө калып куладан, Алдындагы кула аттын, Ооздугун чыгарып, Булактан канык сугарып, Турган чөптөр буралып, Өзү бекем буулуп, Ат чалсын деп олтуруп, Уктап калды торойуп, Алыстап кетпей Кеңкула, Кененимди караандап, Күн кызарып баткандан, Күн чыккынча жаркырап, Кененимди кайтарат, Кененим жаткан жылгага, Кайберенди оттотпой, Азуулуну жолотпой, Канатууну кондурбай, Жыйырма бир күн кайтарды. Бир күнү шашке мезгилде, Тура калып Кененим, Кеңкуланы кармады, Үзөнгүгө жакындап, Бутун калды салгалы, Өтө жаман сасык жыт, Каңылжарын жарганы. Жытты байкап караса, Кеңкуланын жонунда, Оңдоп токуп минем деп, Ээрин сыйрып алганы, Куйушкан, тердик, жүгөндүн, Көмөлдүрүк, олоңдун, Ордунда тери калбады. Ириңдеп кеткен кулгуна, Агып жатат балбаарып, Тамчылап жерге зардабы. Айласы кетип турганда, Байакы булак кайнады, Кайнаганын байкады. Сөөмөйдөй болгон ак чабак, Чыга калды жалт этип, Аркасынан бир кылыч, Кошо чыкты жарк этип. Кылычтын учу жетерде, Балыкты кесип кетерде, Өктөмгө өч Кененим, Кылычты кармай алды эле. Кененим колу жеткени, Кылыч ээрип кеткени, Адамча сүйлөп ошондо, Ак чабак айткан кептери: — Адам уулу азамат, Куткардың мени саламат, Кургакка чыга албаймын, Жакын келип амандаш. Ким экениң билбеймин, Өз абалым сүйлөймүн. Суу перинин баашасы. Кызы элем жапжалгыз, Сууда жиндин баашасы, Уулу болду мага кас, Эки бала дартынан, Эки бааша болду кас. Алты сапар алышып, Жин бүркүшүп салышып, Жетинчиге калганда, Атам болду андан пас. Мага жардам кылалбай, Атам калды мааналап, Атамдын элин кыйратып, Келейткан мени кубалап. Кара жанга күч келип, Ачык турса эшик деп, Чыга качар тешик деп, Курган жанга себеп деп, Мен кирипмин маана издеп. Эми байкап карасам, Кутулар жерим жок экен, Айак жагы булактын. Жерге сиңип жатыптыр, Мени кармап душманым, Өлтүрөөрү аныктыр. Адамзат, сага кез болуп, Ажалдан калдым кутулуп, Кандуу душман каракчы, Колуңда өлдү тутулуп. Кылыч болуп кескели, Калганда жакын жеткели, Кылычты, адам, кармадың, Кан-жин түгүл сөөгү жок, Кан жуткурду жайладың. Өтүнүп сенден сураймын, Өзүң кимсиң айтаарсың. Балык деп мени кармабай, Кылычты кандай кармадың? Атамдын аты Каннас шаа, Менин атым Жаналыс, Атыңды айткын, адамзат, Бололу эми биз тааныш. Кененим анда кеп айтат. Кыскартып мындай деп айтат: — Сен душмандан качыпсың, Мен душманды качырып, Кууп келе жатыпмын. Түп атам аты зор Манас, Жери Кеңкол, чоң Талас, Өзүмдүн атым Кененим, Издегеним Суумерген, Качырып койуп келемин. Куткарып алам сени деп, Ушул жерге келбедим, Ата салтым меники, Алсызга жардам бермегим. Сууну карап олтурсам, Жаман чыктың шашылып, Аркаңда кылыч келатат, Учунан канын тамызып. Кармадым кылыч экен деп, Сен айтасың жабырап, Баашанын кызы элем деп, Жалынар сага кебим жок, Мага жардам бергин деп, Колумдан качты Суумерген, Ошондо издеп мен келгем. Кененим мындай дегенде, Көркөм сулуу кыз болуп, Тура калды Жаналыс: — Издегениң Суумерген, Калганы жок көп алыс, Эки күнү жол жүрсөң, Күн батышты бетке алып, Үчүнчү күнү барасыз. Суумергенди билебиз, Күндөп көрүп жүрөбүз, Жүйрүн дөөнүн котчусу, Алты күндүн алдында, Айлына барсам Жүйрүнгө, Жүйрүн дөө менен Суумерген, Олтурат экен бир жерде. Суумерген айтат кеп салып, Мен тыңшап калдым серп салып: “Алдында келем, Жүйрүн дөө, Чыныкедей кызды алып, Өзүңдөн мөндүр окту алып, (Эсеби жок көп алып) Кайра бардым күч алып. Баарысы керге келбеди, Теңдигин душман бербеди, Качып келдим алдыңа, Кайра мында темтейип, Кара ат баспай сенделип. Издеп келет Кененим, Кара деңиз суусуна, Агып өлдү бекендир? Суудан агып өлбөсө, Кайда жүрөт экендир?” Деп олтурган Суумерген, Кууган киши экенсиң, Угуп эми мен билсем. Жарты күндүк калганда, Жаркырап күмбөз көрүнөт, Күмбөздү көздөй басканда, Жалындап кызыл от келет, Челектеп суу куйсаң да, Өчпөйт жалын күч кирет. Кармаганың сыр найза, Манастан калган найза окшойт, Отко уруп жиберген, Жалыны жок жер болот. Найзаңды алып болгунча, Жерди каптап сел толот, Боронбайдын жез камчы, Булгап кирсең аралап, Агыза албай жоголот, Алды баткак, үстү кар, Бир укмушка айланат, Жез камчыны булгалап, Жана киргин аралап. Баткагы жок, кары жок, Карап турсаң баары жок, Шамал чыгат аркырап, Таштар учат зыркырап, Ийниңдеги алма баш, Аралата атып бак. Шамалы жок, жели жок, Күн бүркөлүп карарат, Жалтыраган көпкөк муз, Жердин бетин бүт алат. Шыргалаңдап карсылдап, Муз жарылып тарсылдап, Түрү катуу көрүнөт. Жаныңдагы ак шамшар, Алып аны музга чап, Муз жоголот ошол чак. Жолборс келет чакчаңдап, Шерлер келет сапсаңдап, Баштары жүндүү саксаңдап; Айуу келет апсайып, Тууралжын болуп балчайып; Бууралар келет куркулдап, Оозунан көбүк бартулдап; Пилдер келет колтоңдоп, Куйруктары чолтоңдоп; Чөөлөр келет шыңкылдап, Келарыс келет кырсылдап; Ажыдаар сойлоп жыйрылып, Көп экен деп шашпагын, Кереги жок башканын. Колуңда бар сыр найзаң, Алдында келген жолборсту, Жазбай сайсаң оозуна, Айбандын баары жоголуп, Дөөлөр келет чогулуп. Ооздорун карасаң, Бир ууртунан заар чачып, Бир ууртунан от чачып. Нак ошондо Кененим, Бүчүлүк чечип төшүң ач. Гүлчоро берген эт көйнөк, Биртке жери чыкканда, Дөөлөрдүн баары тоо болот, Сыйкырдын баары жоголот, Бара-бара кийинче, Дөө дөбө деп ат конот. Күмбөзгө барсаң атчан бар, Көк чойундан уйуткан, Ат башындай кулпу бар, Сенден мурун сыйкырдан, Себеп кылып өткөн бар, Же керексиз кылып бузалбай, Күмбөздүн ичин көрө албай, Көп убара тарткан бар, Же аркасына өтө албай. Үйүнө аман кете албай, Ойлогон ойго жете албай, Ошондо өлүп жаткан бар, Кулпунун оң кол жагында, Күмбөзгө ойгон текче бар, Ал текчеге койулган, Текчечелик сандык бар, Сандыкты ачсаң кагаз бар, Кагазды алгын унчукпай, Аттан башка немеге, Алынбайт кагаз деги эле. Колуга кагаз тийгенде, Ачылып кетет шарт этип. Күн көрүнөт жарк этип, (Ал күн эмес көхар элеси), Атыңды таштап ичке кир, Кайрылбастан утур жүр, Кагаз болсун колуңда, Бир эшик бар жолуңда, Аралап кирип басасың, Жан жагыңа карагын, Кишинин этин бышырчуу, Көрөсүң Жүйрүн жарагын. Жолугат жана бир эшик, Эшик ачыш жолдору, Кагазы жок ачылбайт, Бары ошол болжолу. Ачылса катар үч эшик, Жабуусу көздү уйалтып, Ичинде бар бир бешик. Колуңдагы кагазды, Ал бешикке тийгизсең, Таңылуу жаткан бир кыз бар, Ошол сүйлөйт тил бүтүп. Андан ары кандай бар, Аны биздер билбейбиз, Кыздан кепти угарсыз, Ошол кандай кеп айтса, Ошондой жумуш кыларсыз, Мен суу пери улугу, Баашанын жалгыз кызымын, Менден уксаң ушул иш. Бир аз карап туруңуз, Кебим болсо угуңуз, Кызматым болсо көрүңүз. Сууперинин бары ажыз, Жынысы ургачы болгон соң, Айрыкчасы мен ажыз, Өлүмдөн койдуң куткарып, Болуп калдык чоң тааныш, Атама айтып кабарды, Соогасын алып чыгалык, Кызматыңды кылалык. Айтып болуп суу пери, Сууга кирди жылт этип, Ачып көздү жумганча, Кайра чыкты кылт этип, Кененимге баш ийип, Карап турду жарк этип. Ал бир тиштем эт берди, Этти мындай деп берди: — Атама барып мен келдим, Душмандын шаарын кошо алып, Атама такта ээлеттим. Оозго салгын, Кененим, Кырк күн тамак ичпейсиң, Кардың ачпайт бөксөрүп, Күйүкпөйсүң жөтөлүп. Канча күндөн бер жакка, Каптап кирген топо-чаң, Баарын чыгат көтөрүп, Сагын кор балык эти эле, Таба албайт бенде деги эле. Бир жалбырак чөп берди, Чөптү мындай деп берди. — Эки түгөй жалбырак, Бири саргыч, бири көк, Көгүн атка бериңиз, Так токсон күн болгунча, От чалдырбай, сугарбай, Чабышка мине бериңиз. Бири саргыч жалбырак, Минген атың куланын, Тумшугунан куйрука, Бүт териси жок турат, Күнгө күйүп жалтырап, Ириң агып балбырап, Өзү кичик болсо да, Жаба салсаң жалбырак, Бүт баарына жабылат. Жаап тартып алсаңыз, Кулпуруп жаңы жүн чыгат, Аттын эти семирип, Сууту канып кутурат, Бу суу перинин баашасы, Сизге кылган чоң кызмат. Тилекти кабыл кылыңыз, Бир жалбырак чөп менен, Бир кесим этти алыңыз, Бир шишеде суу берди. Муну жута салыңыз, Кубатыңдан айрылбай, Көп жашка чыгып карыңыз, Ишиңиз келсе оңунан, Эркек бала табыңыз, Өзүңдөн артык эр болсун, Ошол тапкан балаңыз. Эт менен эки жалбырак, Бир кишиге куйган суу, Кош колдоп келип сунду эле, Адимий тууган эр неме, Этке, сууга карабай, Жалбыракты колго алды, Кеңкуланын жанына, Айарлап басып барганы, Көк жалбырак бир чөптү, Кеңкуланын оозуна, Өзү алып барып кармады, Кеңкула ирмеп чайнады. Түптүчтөй ийип жал алды, Камчы этин жаап жиги жок. Бооруна казы май алды. Саргыч келген жалбырак, Эр Кененим жапканы, Кенедей болгон жалбырак, Тоодой болгон куланы, Туйактан бери каптады. Баса келди чүмкөлүп, Бир элидей жүн келип, Башкача болуп Кеңкула, Өтө сонун түрдөнүп. Сагынкор эти бир кесим, Бир тиштеди Кененим, Бир шишеде суу ичти, Калбай иши бүттү эми. Сууперинин сулуу кыз: — Жумуш болсо айтыңыз, Ал келгенче кылалык, Ал келбей калган жеринде, Анан карап туралык. Кандай амир кылат деп, Сизди карап турабыз, Керек болсок бирерде, Бир белгини билербиз, Айткан бойдон кылсаңыз, Ошондо жетип келебиз, Жер астында, үстүндө, Бар нерсени билебиз. Ажыздык кылып Суупери, Билген менен аларды, Күчүбүз жетпейт аларга, Алып келип жүрбөйбүз, Качкын качып жоголсо, Табылар чама болбосо, Кабар берсең барабыз. Көк асмандын үстүндө, Каттуу жердин астында, Жүргөн болсо мааналып, Ал жетсе алып келебиз, Амал кылар чара жок, Ал келбесе ал кезде, Ачык айтып беребиз. Теги, баатыр Кененим, Ала жүргүн жаныңа,- Кыр аркадан бир кылкан, Чыгарып берди колуна,- Керек болгон заманда, Катуу кармап ушала, Тайар болом заматта. Балыктан белек көп алып, Кундуздай жүнүн кулпунтуп, Кеңкула минтип аттанып, Жүрүп кетти Кененим, Адырды кыркып жол тартып. Перинин кызы айткандай, Эки жарым күн өттү, Көзү көрдү алыстан, Жаркыраган күмбөздү, Суу перинин кызы айткан, Пайда болду сыйкырлар, Кылып барат Кененим, Кыз айткандай унутпай. Сыйкырдын баарын бүт жойуп, Кеңкула менен шарт койуп, Күмбөзгө келди жанашып, Киремин деп жөө басып. Түшө калды куладан, Колун сунду текчеге, Ар канча кылса аракет, Жетпеди колу дегеле. Таманына таш койсо, Өйдө карай узарып, Туурасынан кол сунса, Нары карай узарып, Колу жетпей койгондо, Кулпусун буза чабам, деп, Чоң балтаны колго алып, Качырып барып чабарда, Бой жеткиз кетти узарып, Күн баткалы барартат, Ошол кезде кызарып. Эсине келип байагы, Суу перинин айтканы, Кеңкула минип умтулду, Текчеге жетип кол сунду. Сандыкты ачып ийгени, Кулпуга кагаз тийгени, Кулпу ачылды шарактап, Ачылды эшик тарактап, Кеңкуланы жетелеп, Кирип Кенен баратат. Күмбөздүн ичин караса, Канча бөлмө бөлүнгөн, Ар бөлүмгө ар башка, Арбын дүйнө төгүлгөн. Жетти экинчи эшикке, Ачылды эшик даркырап, Башын салып караса, Аркынын ичи жалтырак, Жакуттай жаркып от чыгып, Турган темир жалтырап, Адамдын сөөгү тизеден, Жерде жатат кагжырап. Үчүнчү эшик жетти эле, Кагаз барып тийгенде, Ачылып эшик кетти эле. Айландыра караса, Бир бешик турат жабылуу, Ал бешиктин ичинде, Өлүгү менен тириги, Дем алганы билинбей, Бир сулуу кыз таңылуу. Кагазды Кенен тийгизди, Кагаз кызды тиргизди, Көзүн ачып кайран кыз, Тирүүлүгүн билгизди: — Каңкордун уулу кара Көк, Аман-эсен келдиңби? Аманат жаным кейиди, Кыйналганын билдиңби? Башкадан билип алдыңбы? Же кабарсыз келип калдыңбы? Түндө жатсам түшүмдө, Көрүнүп бирөө көзүмө, Мага айтып берди эле: «Эртең келет Кененим, Баарын айткын баатырга, Унутуп калбай кептерин.» Бошонбойум бешиктен, Кирбесин бирөө эшиктен, Өзгөрүп дүйнө кетпесин, Мында туруп кечиксең. Аркаңдагы бөлмөдө, Көпкөк болгон темирден, Жетөө турат жанаша, Аппак болуп бөлөкчө, Экөө турат ар жакта. Ортодо жалгыз бирөө бар, Кара күрөң көрүнгөн, Башканы жаза кармаба, Ошол шишти аларсың, Мында келип жүрбөгүн, Маңдайында эшик бар, Ошондон чыга каларсың, Башы жылаан, дени адам, Белден ылдый кара таш, Ирмелбей кирпик чакыйып, Уктап жатат бир адам. Таманында ошонун, Күйүп жаткан жалын бар, Алып барган темирди, Күйгөн отко аны сал. Дөбө-дөбө көп отун, Отундан арбын адамдын, Сөөгү жатат кошулуп, Азы отун, көбү сөөк, Кучактап отко аны сал, Отко салган темирди, Унутуп калабай кебимди ал, Темир отто кызарат, Андан кийин карарат, Андан өтүп агарат, Агарганда темирди ал, Как киндиктин чункурга, Жазбай сайып темирди, Кара жерге мыктап сай. Көзүн ачып акырат, Жолдошторун чакырат, Киндикте темир турганда, Жолдоштору келе албайт. Ай бузулут карарып, Күн артынан кызарып, Туман келет эң сасык. Сасыгынан качпагын, Зыйаны тийбейт ал сага, Мурдуңду бассаң кыйшайып, Оозуңду ачсаң ырсайып, Күйгүзүп кетет өрт алып. Шамал болот дабырап, Жамгыр куйат шабырап, Суу кылалбайт шабырап. Күн жарк этип ачылат, Ошол кезде мен айткан, Башы жылан жаткан дөө, Адамча сүйлөп тил чыгат, Айканына көнбөгүн, Аны арзан көрбөгүн, Башын кесип алганда, Тилин жулуп жеп алгын, Жүрөгүн сууруп алып кел, Азаптан мени куткаргын, Канын сыйпап бешиктен. Алп кара куш сыйкырда, Койо берет сыйкыры, Өпкөсүн мунун жегизсең, Ошондо келет Суумерген, Албан сыйкыр сүр менен, Таманын жерге түшүрбө. Мурун качып жүрсө да, Мойун бербей сойулдайт, Таманы жерге тийгенде. Менин атым Чыныке, Чынгыш хандын кызымын. Чыныке айтып билгенин, Кененимди карады. Кайра басып бурулса, Экинчи эшик ичинен, Айткандай алды ал темир, Бөйрөгүндө эшик бар, Чыга турган жол кеңир. Эшикке чыкса Кененим, Күмбөзгө мурун келгенде, Күн батар болгон кез эле, Эми чыкса эшике, Күн барыптыр бешинге. Сыйкырдын иши нечен түр, Бир үйдүн, алды аркайсы, Окшобойт экен карап көр, Чыга калып караса, Өтө сасык жаман жыт, Чыныкенин айтканы, Эсине түштү азыр кылт. Тууралай басты кылчайбай, Жайнаган кызыл чок турат, Жалбырттап жалын от турат, Отунга сөөк аралаш, Жыйналган отун көп турат, Отко салды темирди, Отунду салды кеңири, Сөөктүн майы сызганда, Дүрүлдөп жалын чыкканда, Кененим байкап караса, Көргөнгө сонун тамаша, Башы жылаан, дени адам, Бутун отко кактаган, Жаткан адам ал экен. Чайыттай көзү ачылып, Тоңуп аткан уйга окошош, Ирмелбей кирпик чакйып, Жаткан экен акыйып, Белинен ылдый караташ, Барча тоодой лакыйып. Иймерип Кенен караса, Киндиги казган ородой, Куйругу басып жаткан жер, Үч жүз койлуу кородой, Сасыгынан бетбактын, Качып чымын жолобой. Темирди барып карады, Кызарды да, карарды, Акырында агарды. Агарган кезде темирди, Сабынан Кенен кармады, Баамдап туруп эрнеме, Дал киндикке сайганы, Боортоктой түшүп бир ныктап, Жерге ныктап салганы, Ачуу үн чыгып өкүрүп, Ошондо салды айгайды. Күн кызарып өрт болду, Ай карарып оңолду, Жерди туман каптады, Арылып туман кеткенде, Жыландын сүйлөп жатканы: — Менин атым Жүйрүн дөө, Өзүмдү буруп бөлөкчө, Жаткан жерде жолуктуң, Кененим Сарык сен болсоң, Мен айтамын сен уккун. Сегиз миң жыл жашадым, Сендей нечен мыктыдан, Канчанын башын ашадым, Адам угуп көрбөгөн, Далай ишти жасадым. Дин жаратым нечен түр, Ишендирдим аны көр, Биөөнү отко чокунттум, Бирөөнү уйга багынттым, Бирөөнү күнгө караттым, Бирөөнү бутка караттым, Бирөөнү ташка караттым, Бирөөнү сууга караттым, Дамбал кийбес молдону, Аны кудай жараттым. Ошондой кылып көп ишти, Чаңбейсиндин ойунда, Деңизге кирип аралап, Туташкан кургак аралда, Жан жыргатып жай жаттым, Өнөрлүү болчуу келсин деп, Ар кайда кабар тараттым, Таратып кабар ар кайда, Башыма балаа мен таптым. Тирүүлүккө эсирип, Өлбөймүн деп семирип, Сыйкырымды жок кылчуу, Алма баш мылтык жасаттым, Ар бир балка чапканда, Сыйкыр өтпө деп чаптым. Андан өтүп аралап, Өз канымды төгүүчү, Денимден башым бөлүүчү, Ак шамшарды жасапмын. Бөлөктүн колун тийгизбей, Өз колум менен жасадым. Өнөр алчуу көп келди, Кара келбей, бек келди, Каканчындын элинен, Алты жүз бала бир келди,. Өлүп кетип чанданы, Алтымыш бала калганы, Алтымыштан жана өлүп, Алты бала бир калды. Кантондун батыш жагында, Бунтун деген калаада, Соорандык деген хан анда, Соорандыктын Сошойа, Алтынын бири ал калды Соорандык аты жойулуп, Азиз хан деген ат алды. Азиз хан ооруп калды, деп, Бир күнү мага кат барды. Хан баласы экен деп, Кетпесин мындан бекер деп, Ойума кетти меники, Белек берсем экен деп. Алмабаш берди аткын деп, Жубай шамшар эки эле, Бирин бердим чапкын деп, Жубайды мыктап карабай, Өлөрүмдү санабай, Өлүмгө болжоп жасаган, Шамшарды берип салыпмын. Муңгул, манжу биригип, Хакан менен кас болду, Муңгул менен манжуга, Ар жылы берип алымды, Маанайы какан пас болду, Кантондогу Эсен хан, Каканчынга баш болду. Каңкайга бөлүп жер берди, Соорандык жерин бергени, Окуп жүрүп далай жыл, Сошойанын келгени, Эсен канга арыз болду, Алып жерин бербеди. Атасына айтканда, Соорандык кошо тилдеди, Теңдиги кетип колунан, Соораандиктин Сошойа Алашка качып келгени. Муңгул, манжу, анжу бар, Шибе менен Солон бар, Чогулушуп ушулар, Кыргызга азап салганы, Алаштан Манас чыгат, деп, Бооз катынын жарганы. Кыргызда Манас туулуп, Алаш урук чогулуп, Мурунку өткөн өчүн кууп, Бежинге чейин барганы. Соорандиктин сошойа, Алашка качып барганы, Алманбет атты алганы. Алаштын колун аздырбай, Муңгул, манжу, анжуга, Шибе, солон,- буларга, Баштап жүрүп барганы, Кыргыздан коркуп беш урук, Кытайга кабар салганы, Эсен хан менен Соорандик, Баштап элин барганы. Барган менен ал келбей, Алаштан келген Манаска, Тарттырып ийди калааны, Угуп турам кулактап, Күндө болгон кабарды, Азгаш берген ак шамшар, Шамшардан качып айбыгып, Жердеп турдум аралды. Алмамбет өлдү дегенде, Орун кылдым бул жайды, Каңкайдан алгач келгенмин, Чыныгыш деген бир жанды. Айтбүнү таштадым, Алманбет жолун карады, Алманбет өлдү дегенде, Абыдан басып санаамды, Ээлеп жатып турганмын, Кара деңиз аралды. Жалаңгыч сарык аталып, Жан койбоочу кейпиң бар, Көрүнүп турат көзүмө, Белиңде турган ак шамшар. Ак пейл кебим айтамын, Менден канык өнөр ал, Тилимди жебе заарым бар, Жүрөгүмдү жеп алгын, Жүз жылдыкка дары ал. Өлтүрбөсөң кебим бар, Жер жүзү толгон зарым бар, Айагы алтын, ак күмүш, Аны койбой такыр ал. Дүйнөнү айап кантемин, Калса болду Азиз жан, Деп заркырап Жүрүн дөө, Кененимден суранды. Агарайын кыларбы, Чыныкеден Кененим, Угуп алган кабарды. Шамшарды күүлөп имерди, Айры шили кара куш, Кесер жериң ушу деп, Болжоп тартып жиберди. Кесилген башты кармады, Тилин сууруп алганы, Бир аз кармап турбады, Тилди оозуна салганы, Алкымдан өтүп болгунча, Кунагына кудурап, Томолонуп жаткан кум, Чыккан жердин чөптөрү, Өз керегин сайрады. Аңгычакты болбоду, Жүрөгүн сууруп алганы, Самсаалатып көтөрүп, Күмбөзгө кирип барганы, Жүрөктүн кызыл канына, Чыныке жаткан бешиктин, Баш-айагын майлады, Чыныке тура калганда, Шыбыраган күн жаады, Шарылдап кызыл кан акты, Шуулдап шамал жел алды, Үйдөй болгон таштарды, Асмандан жерге кулатты. Кара туман каптады, Карыш жер үкү таппады, Алма бышты Кененим, Аралата атканы. Бөлүнүп туман сүрүлдү, Кара ат менен Суумерген, Жүз миң дөө бирге көрүндү, Асмандан жерге дөөлөрү, Таруудай болуп төгүлдү, Адам эмес кайыптан, Ошол жерде болгон жан, Мойнуна алды өлүмдү, Жүйрүндүн сыйкыр эмес, деп, Арстан Манас найзасын, Ыргап турду белендеп, Таманы жерге тийерде, Табарсыкка муштады, Таштан жанбас сыр найза, Жүлүндү жарып чыкканы, Бөөрү тилме өткүр миз, Учу канга чыккталды. Сундуйуп мерген кулады, Дөөлөр турбай чубады, Кененим карап турбады, Жүйрүндүн алды өпкөсүн, Суумергендин бөйрөгүн, Экөөнүн тең жүрөгүн, Көтөрүп алып Кененим: «Алп кара куш кайдадыр? Аны кайдан көрөмүн?» Деп издеди түнөгүн. Аргасы кетип табалбай, Амалы эми жок калды, Суу перини чакырбай. Белги берди Кененим, Бирге болду Суу пери: — Мына бу турган карылуу тоо, Кара куштун өзү ушу, Типтик кеткен эки муз, Асман тиреп каңкайган, Алп кара куш колу ушу, Жүрөк кандын Жүрүндүн, Сыйпап көрсөң болучу. Музга канды сыйпады, Муз тыбырап туйлады, Кардын баары кулады, Кара куш өзү калганы, Бөйрөк менен өпкөнү, Чокуп оозго салганы, Канатын ачып дактайып, Куш сүрөтүн алганы: — Кутказдың мени, Кененим, Басылып кардын алдында, Карып болгон мен эле, Отуз жыл болду нак быйыл, Мага болгон иш кыйын, Жүйрүн дөөгө жем элем, Тартып жээр менде чама жок, Дөөнүн эти чылыгын, Өпкө, боор, жүрөгү, Өзөккө түшүп шылыйдым, Суумерген менен дөө этин, Кескилеп берди, бүт жеди, Мурункудай оролго, Алп кара куш жетти эми, Муну мындай таштайлы, Кененимдин Чыныке, Алганынан баштайлы.