Кармадым кылыч экен деп, Сен айтасың жабырап, Баашанын кызы элем деп, Жалынар сага кебим жок, Мага жардам бергин деп, Колумдан качты Суумерген, Ошондо издеп мен келгем. Кененим мындай дегенде, Көркөм сулуу кыз болуп, Тура калды Жаналыс: — Издегениң Суумерген, Калганы жок көп алыс, Эки күнү жол жүрсөң, Күн батышты бетке алып, Үчүнчү күнү барасыз. Суумергенди билебиз, Күндөп көрүп жүрөбүз, Жүйрүн дөөнүн котчусу, Алты күндүн алдында, Айлына барсам Жүйрүнгө, Жүйрүн дөө менен Суумерген, Олтурат экен бир жерде. Суумерген айтат кеп салып, Мен тыңшап калдым серп салып: “Алдында келем, Жүйрүн дөө, Чыныкедей кызды алып, Өзүңдөн мөндүр окту алып, (Эсеби жок көп алып) Кайра бардым күч алып. Баарысы керге келбеди, Теңдигин душман бербеди, Качып келдим алдыңа, Кайра мында темтейип, Кара ат баспай сенделип. Издеп келет Кененим, Кара деңиз суусуна, Агып өлдү бекендир? Суудан агып өлбөсө, Кайда жүрөт экендир?” Деп олтурган Суумерген, Кууган киши экенсиң, Угуп эми мен билсем. Жарты күндүк калганда, Жаркырап күмбөз көрүнөт, Күмбөздү көздөй басканда, Жалындап кызыл от келет, Челектеп суу куйсаң да, Өчпөйт жалын күч кирет. Кармаганың сыр найза, Манастан калган найза окшойт, Отко уруп жиберген, Жалыны жок жер болот. Найзаңды алып болгунча, Жерди каптап сел толот, Боронбайдын жез камчы, Булгап кирсең аралап, Агыза албай жоголот, Алды баткак, үстү кар, Бир укмушка айланат, Жез камчыны булгалап, Жана киргин аралап. Баткагы жок, кары жок, Карап турсаң баары жок, Шамал чыгат аркырап, Таштар учат зыркырап, Ийниңдеги алма баш, Аралата атып бак. Шамалы жок, жели жок, Күн бүркөлүп карарат, Жалтыраган көпкөк муз, Жердин бетин бүт алат. Шыргалаңдап карсылдап, Муз жарылып тарсылдап, Түрү катуу көрүнөт. Жаныңдагы ак шамшар, Алып аны музга чап, Муз жоголот ошол чак. Жолборс келет чакчаңдап, Шерлер келет сапсаңдап, Баштары жүндүү саксаңдап; Айуу келет апсайып, Тууралжын болуп балчайып; Бууралар келет куркулдап, Оозунан көбүк бартулдап; Пилдер келет колтоңдоп, Куйруктары чолтоңдоп; Чөөлөр келет шыңкылдап, Келарыс келет кырсылдап; Ажыдаар сойлоп жыйрылып, Көп экен деп шашпагын, Кереги жок башканын. Колуңда бар сыр найзаң, Алдында келген жолборсту, Жазбай сайсаң оозуна, Айбандын баары жоголуп, Дөөлөр келет чогулуп. Ооздорун карасаң, Бир ууртунан заар чачып, Бир ууртунан от чачып. Нак ошондо Кененим, Бүчүлүк чечип төшүң ач. Гүлчоро берген эт көйнөк, Биртке жери чыкканда, Дөөлөрдүн баары тоо болот, Сыйкырдын баары жоголот, Бара-бара кийинче, Дөө дөбө деп ат конот. Күмбөзгө барсаң атчан бар, Көк чойундан уйуткан, Ат башындай кулпу бар, Сенден мурун сыйкырдан, Себеп кылып өткөн бар, Же керексиз кылып бузалбай, Күмбөздүн ичин көрө албай, Көп убара тарткан бар, Же аркасына өтө албай. Үйүнө аман кете албай, Ойлогон ойго жете албай, Ошондо өлүп жаткан бар, Кулпунун оң кол жагында, Күмбөзгө ойгон текче бар, Ал текчеге койулган, Текчечелик сандык бар, Сандыкты ачсаң кагаз бар, Кагазды алгын унчукпай, Аттан башка немеге, Алынбайт кагаз деги эле. Колуга кагаз тийгенде, Ачылып кетет шарт этип. Күн көрүнөт жарк этип, (Ал күн эмес көхар элеси), Атыңды таштап ичке кир, Кайрылбастан утур жүр, Кагаз болсун колуңда, Бир эшик бар жолуңда, Аралап кирип басасың, Жан жагыңа карагын, Кишинин этин бышырчуу, Көрөсүң Жүйрүн жарагын. Жолугат жана бир эшик, Эшик ачыш жолдору, Кагазы жок ачылбайт, Бары ошол болжолу. Ачылса катар үч эшик, Жабуусу көздү уйалтып, Ичинде бар бир бешик. Колуңдагы кагазды, Ал бешикке тийгизсең, Таңылуу жаткан бир кыз бар, Ошол сүйлөйт тил бүтүп. Андан ары кандай бар, Аны биздер билбейбиз, Кыздан кепти угарсыз, Ошол кандай кеп айтса, Ошондой жумуш кыларсыз, Мен суу пери улугу, Баашанын жалгыз кызымын, Менден уксаң ушул иш. Бир аз карап туруңуз, Кебим болсо угуңуз, Кызматым болсо көрүңүз. Сууперинин бары ажыз, Жынысы ургачы болгон соң, Айрыкчасы мен ажыз, Өлүмдөн койдуң куткарып, Болуп калдык чоң тааныш, Атама айтып кабарды, Соогасын алып чыгалык, Кызматыңды кылалык. Айтып болуп суу пери, Сууга кирди жылт этип, Ачып көздү жумганча, Кайра чыкты кылт этип, Кененимге баш ийип, Карап турду жарк этип. Ал бир тиштем эт берди, Этти мындай деп берди: — Атама барып мен келдим, Душмандын шаарын кошо алып, Атама такта ээлеттим. Оозго салгын, Кененим, Кырк күн тамак ичпейсиң, Кардың ачпайт бөксөрүп, Күйүкпөйсүң жөтөлүп. Канча күндөн бер жакка, Каптап кирген топо-чаң, Баарын чыгат көтөрүп, Сагын кор балык эти эле, Таба албайт бенде деги эле. Бир жалбырак чөп берди, Чөптү мындай деп берди. — Эки түгөй жалбырак, Бири саргыч, бири көк, Көгүн атка бериңиз, Так токсон күн болгунча, От чалдырбай, сугарбай, Чабышка мине бериңиз. Бири саргыч жалбырак, Минген атың куланын, Тумшугунан куйрука, Бүт териси жок турат, Күнгө күйүп жалтырап, Ириң агып балбырап, Өзү кичик болсо да, Жаба салсаң жалбырак, Бүт баарына жабылат. Жаап тартып алсаңыз, Кулпуруп жаңы жүн чыгат, Аттын эти семирип, Сууту канып кутурат, Бу суу перинин баашасы, Сизге кылган чоң кызмат. Тилекти кабыл кылыңыз, Бир жалбырак чөп менен, Бир кесим этти алыңыз, Бир шишеде суу берди. Муну жута салыңыз, Кубатыңдан айрылбай, Көп жашка чыгып карыңыз, Ишиңиз келсе оңунан, Эркек бала табыңыз, Өзүңдөн артык эр болсун, Ошол тапкан балаңыз. Эт менен эки жалбырак, Бир кишиге куйган суу, Кош колдоп келип сунду эле, Адимий тууган эр неме, Этке, сууга карабай, Жалбыракты колго алды, Кеңкуланын жанына, Айарлап басып барганы, Көк жалбырак бир чөптү, Кеңкуланын оозуна, Өзү алып барып кармады, Кеңкула ирмеп чайнады. Түптүчтөй ийип жал алды, Камчы этин жаап жиги жок. Бооруна казы май алды. Саргыч келген жалбырак, Эр Кененим жапканы, Кенедей болгон жалбырак, Тоодой болгон куланы, Туйактан бери каптады. Баса келди чүмкөлүп, Бир элидей жүн келип, Башкача болуп Кеңкула, Өтө сонун түрдөнүп. Сагынкор эти бир кесим, Бир тиштеди Кененим, Бир шишеде суу ичти, Калбай иши бүттү эми. Сууперинин сулуу кыз: — Жумуш болсо айтыңыз, Ал келгенче кылалык, Ал келбей калган жеринде, Анан карап туралык. Кандай амир кылат деп, Сизди карап турабыз, Керек болсок бирерде, Бир белгини билербиз, Айткан бойдон кылсаңыз, Ошондо жетип келебиз, Жер астында, үстүндө, Бар нерсени билебиз. Ажыздык кылып Суупери, Билген менен аларды, Күчүбүз жетпейт аларга, Алып келип жүрбөйбүз, Качкын качып жоголсо, Табылар чама болбосо, Кабар берсең барабыз. Көк асмандын үстүндө, Каттуу жердин астында, Жүргөн болсо мааналып, Ал жетсе алып келебиз, Амал кылар чара жок, Ал келбесе ал кезде, Ачык айтып беребиз. Теги, баатыр Кененим, Ала жүргүн жаныңа,- Кыр аркадан бир кылкан, Чыгарып берди колуна,- Керек болгон заманда, Катуу кармап ушала, Тайар болом заматта. Балыктан белек көп алып, Кундуздай жүнүн кулпунтуп, Кеңкула минтип аттанып, Жүрүп кетти Кененим, Адырды кыркып жол тартып. Перинин кызы айткандай, Эки жарым күн өттү, Көзү көрдү алыстан, Жаркыраган күмбөздү, Суу перинин кызы айткан, Пайда болду сыйкырлар, Кылып барат Кененим, Кыз айткандай унутпай. Сыйкырдын баарын бүт жойуп, Кеңкула менен шарт койуп, Күмбөзгө келди жанашып, Киремин деп жөө басып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим». Элдик эпос. Басмага даярдаган Оргалча Кыдырбай. Булак: bizdin.kg.