Түшө калды куладан, Колун сунду текчеге, Ар канча кылса аракет, Жетпеди колу дегеле. Таманына таш койсо, Өйдө карай узарып, Туурасынан кол сунса, Нары карай узарып, Колу жетпей койгондо, Кулпусун буза чабам, деп, Чоң балтаны колго алып, Качырып барып чабарда, Бой жеткиз кетти узарып, Күн баткалы барартат, Ошол кезде кызарып. Эсине келип байагы, Суу перинин айтканы, Кеңкула минип умтулду, Текчеге жетип кол сунду. Сандыкты ачып ийгени, Кулпуга кагаз тийгени, Кулпу ачылды шарактап, Ачылды эшик тарактап, Кеңкуланы жетелеп, Кирип Кенен баратат. Күмбөздүн ичин караса, Канча бөлмө бөлүнгөн, Ар бөлүмгө ар башка, Арбын дүйнө төгүлгөн. Жетти экинчи эшикке, Ачылды эшик даркырап, Башын салып караса, Аркынын ичи жалтырак, Жакуттай жаркып от чыгып, Турган темир жалтырап, Адамдын сөөгү тизеден, Жерде жатат кагжырап. Үчүнчү эшик жетти эле, Кагаз барып тийгенде, Ачылып эшик кетти эле. Айландыра караса, Бир бешик турат жабылуу, Ал бешиктин ичинде, Өлүгү менен тириги, Дем алганы билинбей, Бир сулуу кыз таңылуу. Кагазды Кенен тийгизди, Кагаз кызды тиргизди, Көзүн ачып кайран кыз, Тирүүлүгүн билгизди: — Каңкордун уулу кара Көк, Аман-эсен келдиңби? Аманат жаным кейиди, Кыйналганын билдиңби? Башкадан билип алдыңбы? Же кабарсыз келип калдыңбы? Түндө жатсам түшүмдө, Көрүнүп бирөө көзүмө, Мага айтып берди эле: «Эртең келет Кененим, Баарын айткын баатырга, Унутуп калбай кептерин.» Бошонбойум бешиктен, Кирбесин бирөө эшиктен, Өзгөрүп дүйнө кетпесин, Мында туруп кечиксең. Аркаңдагы бөлмөдө, Көпкөк болгон темирден, Жетөө турат жанаша, Аппак болуп бөлөкчө, Экөө турат ар жакта. Ортодо жалгыз бирөө бар, Кара күрөң көрүнгөн, Башканы жаза кармаба, Ошол шишти аларсың, Мында келип жүрбөгүн, Маңдайында эшик бар, Ошондон чыга каларсың, Башы жылаан, дени адам, Белден ылдый кара таш, Ирмелбей кирпик чакыйып, Уктап жатат бир адам. Таманында ошонун, Күйүп жаткан жалын бар, Алып барган темирди, Күйгөн отко аны сал. Дөбө-дөбө көп отун, Отундан арбын адамдын, Сөөгү жатат кошулуп, Азы отун, көбү сөөк, Кучактап отко аны сал, Отко салган темирди, Унутуп калабай кебимди ал, Темир отто кызарат, Андан кийин карарат, Андан өтүп агарат, Агарганда темирди ал, Как киндиктин чункурга, Жазбай сайып темирди, Кара жерге мыктап сай. Көзүн ачып акырат, Жолдошторун чакырат, Киндикте темир турганда, Жолдоштору келе албайт. Ай бузулут карарып, Күн артынан кызарып, Туман келет эң сасык. Сасыгынан качпагын, Зыйаны тийбейт ал сага, Мурдуңду бассаң кыйшайып, Оозуңду ачсаң ырсайып, Күйгүзүп кетет өрт алып. Шамал болот дабырап, Жамгыр куйат шабырап, Суу кылалбайт шабырап. Күн жарк этип ачылат, Ошол кезде мен айткан, Башы жылан жаткан дөө, Адамча сүйлөп тил чыгат, Айканына көнбөгүн, Аны арзан көрбөгүн, Башын кесип алганда, Тилин жулуп жеп алгын, Жүрөгүн сууруп алып кел, Азаптан мени куткаргын, Канын сыйпап бешиктен. Алп кара куш сыйкырда, Койо берет сыйкыры, Өпкөсүн мунун жегизсең, Ошондо келет Суумерген, Албан сыйкыр сүр менен, Таманын жерге түшүрбө. Мурун качып жүрсө да, Мойун бербей сойулдайт, Таманы жерге тийгенде. Менин атым Чыныке, Чынгыш хандын кызымын. Чыныке айтып билгенин, Кененимди карады. Кайра басып бурулса, Экинчи эшик ичинен, Айткандай алды ал темир, Бөйрөгүндө эшик бар, Чыга турган жол кеңир. Эшикке чыкса Кененим, Күмбөзгө мурун келгенде, Күн батар болгон кез эле, Эми чыкса эшике, Күн барыптыр бешинге. Сыйкырдын иши нечен түр, Бир үйдүн, алды аркайсы, Окшобойт экен карап көр, Чыга калып караса, Өтө сасык жаман жыт, Чыныкенин айтканы, Эсине түштү азыр кылт. Тууралай басты кылчайбай, Жайнаган кызыл чок турат, Жалбырттап жалын от турат, Отунга сөөк аралаш, Жыйналган отун көп турат, Отко салды темирди, Отунду салды кеңири, Сөөктүн майы сызганда, Дүрүлдөп жалын чыкканда, Кененим байкап караса, Көргөнгө сонун тамаша, Башы жылаан, дени адам, Бутун отко кактаган, Жаткан адам ал экен. Чайыттай көзү ачылып, Тоңуп аткан уйга окошош, Ирмелбей кирпик чакйып, Жаткан экен акыйып, Белинен ылдый караташ, Барча тоодой лакыйып. Иймерип Кенен караса, Киндиги казган ородой, Куйругу басып жаткан жер, Үч жүз койлуу кородой, Сасыгынан бетбактын, Качып чымын жолобой. Темирди барып карады, Кызарды да, карарды, Акырында агарды. Агарган кезде темирди, Сабынан Кенен кармады, Баамдап туруп эрнеме, Дал киндикке сайганы, Боортоктой түшүп бир ныктап, Жерге ныктап салганы, Ачуу үн чыгып өкүрүп, Ошондо салды айгайды. Күн кызарып өрт болду, Ай карарып оңолду, Жерди туман каптады, Арылып туман кеткенде, Жыландын сүйлөп жатканы: — Менин атым Жүйрүн дөө, Өзүмдү буруп бөлөкчө, Жаткан жерде жолуктуң, Кененим Сарык сен болсоң, Мен айтамын сен уккун. Сегиз миң жыл жашадым, Сендей нечен мыктыдан, Канчанын башын ашадым, Адам угуп көрбөгөн, Далай ишти жасадым. Дин жаратым нечен түр, Ишендирдим аны көр, Биөөнү отко чокунттум, Бирөөнү уйга багынттым, Бирөөнү күнгө караттым, Бирөөнү бутка караттым, Бирөөнү ташка караттым, Бирөөнү сууга караттым, Дамбал кийбес молдону, Аны кудай жараттым. Ошондой кылып көп ишти, Чаңбейсиндин ойунда, Деңизге кирип аралап, Туташкан кургак аралда, Жан жыргатып жай жаттым, Өнөрлүү болчуу келсин деп, Ар кайда кабар тараттым, Таратып кабар ар кайда, Башыма балаа мен таптым. Тирүүлүккө эсирип, Өлбөймүн деп семирип, Сыйкырымды жок кылчуу, Алма баш мылтык жасаттым, Ар бир балка чапканда, Сыйкыр өтпө деп чаптым. Андан өтүп аралап, Өз канымды төгүүчү, Денимден башым бөлүүчү, Ак шамшарды жасапмын. Бөлөктүн колун тийгизбей, Өз колум менен жасадым. Өнөр алчуу көп келди, Кара келбей, бек келди, Каканчындын элинен, Алты жүз бала бир келди,. Өлүп кетип чанданы, Алтымыш бала калганы, Алтымыштан жана өлүп, Алты бала бир калды. Кантондун батыш жагында, Бунтун деген калаада, Соорандык деген хан анда, Соорандыктын Сошойа, Алтынын бири ал калды Соорандык аты жойулуп, Азиз хан деген ат алды. Азиз хан ооруп калды, деп, Бир күнү мага кат барды. Хан баласы экен деп, Кетпесин мындан бекер деп, Ойума кетти меники, Белек берсем экен деп. Алмабаш берди аткын деп, Жубай шамшар эки эле, Бирин бердим чапкын деп, Жубайды мыктап карабай, Өлөрүмдү санабай, Өлүмгө болжоп жасаган, Шамшарды берип салыпмын. Муңгул, манжу биригип, Хакан менен кас болду, Муңгул менен манжуга, Ар жылы берип алымды, Маанайы какан пас болду, Кантондогу Эсен хан, Каканчынга баш болду. Каңкайга бөлүп жер берди, Соорандык жерин бергени, Окуп жүрүп далай жыл, Сошойанын келгени, Эсен канга арыз болду, Алып жерин бербеди. Атасына айтканда, Соорандык кошо тилдеди, Теңдиги кетип колунан, Соораандиктин Сошойа Алашка качып келгени. Муңгул, манжу, анжу бар, Шибе менен Солон бар, Чогулушуп ушулар, Кыргызга азап салганы, Алаштан Манас чыгат, деп, Бооз катынын жарганы. Кыргызда Манас туулуп, Алаш урук чогулуп, Мурунку өткөн өчүн кууп, Бежинге чейин барганы. Соорандиктин сошойа, Алашка качып барганы, Алманбет атты алганы. Алаштын колун аздырбай, Муңгул, манжу, анжуга, Шибе, солон,- буларга, Баштап жүрүп барганы, Кыргыздан коркуп беш урук, Кытайга кабар салганы, Эсен хан менен Соорандик, Баштап элин барганы. Барган менен ал келбей, Алаштан келген Манаска, Тарттырып ийди калааны, Угуп турам кулактап, Күндө болгон кабарды, Азгаш берген ак шамшар, Шамшардан качып айбыгып, Жердеп турдум аралды. Алмамбет өлдү дегенде, Орун кылдым бул жайды, Каңкайдан алгач келгенмин, Чыныгыш деген бир жанды. Айтбүнү таштадым, Алманбет жолун карады, Алманбет өлдү дегенде, Абыдан басып санаамды, Ээлеп жатып турганмын, Кара деңиз аралды. Жалаңгыч сарык аталып, Жан койбоочу кейпиң бар, Көрүнүп турат көзүмө, Белиңде турган ак шамшар. Ак пейл кебим айтамын, Менден канык өнөр ал, Тилимди жебе заарым бар, Жүрөгүмдү жеп алгын, Жүз жылдыкка дары ал. Өлтүрбөсөң кебим бар, Жер жүзү толгон зарым бар, Айагы алтын, ак күмүш, Аны койбой такыр ал. Дүйнөнү айап кантемин, Калса болду Азиз жан, Деп заркырап Жүрүн дөө, Кененимден суранды. Агарайын кыларбы, Чыныкеден Кененим, Угуп алган кабарды. Шамшарды күүлөп имерди, Айры шили кара куш, Кесер жериң ушу деп, Болжоп тартып жиберди. Кесилген башты кармады, Тилин сууруп алганы, Бир аз кармап турбады, Тилди оозуна салганы, Алкымдан өтүп болгунча, Кунагына кудурап, Томолонуп жаткан кум, Чыккан жердин чөптөрү, Өз керегин сайрады. Аңгычакты болбоду, Жүрөгүн сууруп алганы, Самсаалатып көтөрүп, Күмбөзгө кирип барганы, Жүрөктүн кызыл канына, Чыныке жаткан бешиктин, Баш-айагын майлады, Чыныке тура калганда, Шыбыраган күн жаады, Шарылдап кызыл кан акты, Шуулдап шамал жел алды, Үйдөй болгон таштарды, Асмандан жерге кулатты. Кара туман каптады, Карыш жер үкү таппады, Алма бышты Кененим, Аралата атканы. Бөлүнүп туман сүрүлдү, Кара ат менен Суумерген, Жүз миң дөө бирге көрүндү, Асмандан жерге дөөлөрү, Таруудай болуп төгүлдү, Адам эмес кайыптан, Ошол жерде болгон жан, Мойнуна алды өлүмдү, Жүйрүндүн сыйкыр эмес, деп, Арстан Манас найзасын, Ыргап турду белендеп, Таманы жерге тийерде, Табарсыкка муштады, Таштан жанбас сыр найза, Жүлүндү жарып чыкканы, Бөөрү тилме өткүр миз, Учу канга чыккталды. Сундуйуп мерген кулады, Дөөлөр турбай чубады, Кененим карап турбады, Жүйрүндүн алды өпкөсүн, Суумергендин бөйрөгүн, Экөөнүн тең жүрөгүн, Көтөрүп алып Кененим: «Алп кара куш кайдадыр? Аны кайдан көрөмүн?» Деп издеди түнөгүн. Аргасы кетип табалбай, Амалы эми жок калды, Суу перини чакырбай. Белги берди Кененим, Бирге болду Суу пери: — Мына бу турган карылуу тоо, Кара куштун өзү ушу, Типтик кеткен эки муз, Асман тиреп каңкайган, Алп кара куш колу ушу, Жүрөк кандын Жүрүндүн, Сыйпап көрсөң болучу. Музга канды сыйпады, Муз тыбырап туйлады, Кардын баары кулады, Кара куш өзү калганы, Бөйрөк менен өпкөнү, Чокуп оозго салганы, Канатын ачып дактайып, Куш сүрөтүн алганы: — Кутказдың мени, Кененим, Басылып кардын алдында, Карып болгон мен эле, Отуз жыл болду нак быйыл, Мага болгон иш кыйын, Жүйрүн дөөгө жем элем, Тартып жээр менде чама жок, Дөөнүн эти чылыгын, Өпкө, боор, жүрөгү, Өзөккө түшүп шылыйдым, Суумерген менен дөө этин, Кескилеп берди, бүт жеди, Мурункудай оролго, Алп кара куш жетти эми, Муну мындай таштайлы, Кененимдин Чыныке, Алганынан баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим». Элдик эпос. Басмага даярдаган Оргалча Кыдырбай. Булак: bizdin.kg.