Жүйрүн дөөнүн жомогу
Чынгыштын үнү чыкканда, Күн чагылып чартылдап, Мөндүр түшүп тарсылдап, Жердин бетин суу алып, Сел каптады калкылдап. Алмамбеттин Гүлүстөн, Сыйкырдын иши экен, деп, Топтолуп келген булутту, Токтоосуз муну таратты, Көрүнүп калды Суумерген, Баса минип кара атты. Жамгырдай кылып жаа тартып, Мөндүрдөй түшкөн ак атып, Жазайыл деген мылтыкты, Ага кошуп дагы атып, Тирүүлөй жандан тойгузуп, Турган элди жадатып. Алмамбет уулу Гүлүстөн, Бекер эмес ар иштен, Жерге түшкөн бир окту, Абдан тиктеп карады, Коргошун, чойун, коло эмес, Адам өлөр ак эмес. Будагы сыйкыр иши, эмес, Алмамбеттин алма баш, Аткын, уулум, аткын, деп, Кененимге аттырды. Жааган күндөй түшкөн ок, Бири калбай жок болду, Суунун уулу Сурмерген, Найзасын күүлөп кезенип, Кененимге жол кошту. Суумергенди Кененим: “Сыйкыр менен күн кечкен, Сырдап өзүн көрсөткөн, Анча-мынча неме экен, Мага качан тең экен?” Деп ойлонуп эреним, Акымдан алган куу найза, Алды колго Кененим. Бет келген жерде Кененим Суумергендин найзасын, Сайдырбай кагып жиберип, Кайра тийди айланып, Кеңкула оозун имерип, Суумерген чыдап, тура албай, Кененимден ийменип: “Кененим сайса өлдүм, — деп, Алдымда өлгөн бешөөнө, Кошулуп алты болдум” деп, Өлүмдөн коркуп Суумерген, Качып берди калдаңдап, Этек-жеңи салбаңдап. Камчыга басып кара атты, Качып чочко баратты, Кеңкула менен арбытып, Артынан түштү Кененим, Аркадан чаңын баргытып. Кара ат менен Кеңкула, Топуракты сапырып, Суумерген барат ойунда; “Жетер-жетпес качпасам, Кара деңиз кечпесем, Жүйрүн дөөгө жетпесем, Сыйкырлуу күмбөз анда бар, Ошол жерге беттешем, Кененимди жоготуп, Кайта келип кыргызга. Өмүр бойу кектешем. Калтырбай тирүү тукумун, Бооз катынын жарбасам, Боз-улан боорун албасам, Суумерген болбой өлөйүн!” Чендеп качып Суумерген, Кененимди тосоттоп, Албан сыйкыр иштетти, Сыйкырдан айла болбоду, Чынгыш айткан калыңдын, Бири болгу башынан, Кара деңиз аралы. “Мен деңизге барганда, Асман менен кетемин, Амал менен өтөмүн. Өчөшүп кирсе Кененим, Өзү агып өлбөйбү, Сууда нечен балык бар, Көргүлүктү көрбөйбү, Бир буткулда жатпайбы, Баткакка башы батпайбы, Өлбөй өтсө деңизден, Аралды издеп табабы, Издеп тапса тушугуп, Жүйрүн дөөдөн кутулуп, Өлбөй аман калабы?” Качып жүрүп Суумерген, Арбын ойлоп амалды, Азгырып жүрүп ар түрдүү, Кара деңиз алпарды. Деңиздин жетти жээгине, Качкан жерден бул жерге, Жыйырма алты күндө жетти эле. Арамзада Суумерген, Кечпей койот кенен, деп, Жакындатып Кененди, Өлчөп качып чебердеп, Кармаарына калганда, Чылбыр бойу барганда, Сууга түштү чулп этип, Кеңкуланы камчылап, Кошо түштү Кененим, Алдындагы Кеңкула, Жалын жайып кайыктай, Толкуп жаткан деңизге, Тулку бойу жашынбай, Суумергенди карасаң, Кара ат менен калкылдап, Учуп чыкты асманга, Кененим! деп бакырып, — Эми кантип барасың, Кайра айланып Таласка? Арзыңды айтсаң угабы, Өлүп калган Манаска? Каныңды сенин жайбасам, Өлбөй чыксаң аралдан! Өмүр бойу издесең? Амалың жок табарга, Сөөгүң калат кагжырап, Кара деңиз аралда! Деп ошентип Суумерген, Көрүнбөй калды асманга. Кайыктан бетер Кеңкула, Сууга батпай жебелеп, Калкып барат чоң сууда. Күн тийгенде жаркырап, Суудан чыгат жылтылдап, Күн батканда кечинде, Сууда жүрдү Кененим, Күнү сегиз, түн сегиз, Он алтыга жеткенде, Алдынан кургак болду кез, Кургакка чыкты Кененим, Кайраты болгон өтө тез. Суудан чыга бергенде, Кеңкула калды шалдырап, Кийген кийим ээр-токум, Суу болуп баары шалбырап, Тердик менен желдиктен, Агып суусу тамчылап, Жана жүрдү Кененим, Ат айабай камчылап. Адырды кирип аралап, Кетип барат куркулдап, Учурап калды алдынан, Шылдыраган бир булак, Булактын келди жээгине, Турбай өтө берерде, Кеңкулага тил кирди: — Э, Кененим баатыр, ай, Эрдигиң бар, эсиң жок, Эчтеке менен ишиң жок. Суумергендин артынан, Кубалап жолго киргели, Кургакта күнүң жыйырма алты, Сууда жүрдүң сегиз күн, Күнү-түнү санаты, Алтымыш сегиз болуптур. Арада бир күн дем албай, Сен келесиң талыкпай, Мингениңе мен чыдап, Келемин кылча чалыкпай. Алдыңдагы бул булак, Суусу сүттөй бек аппак, Башкача сонун көрүнөт, Кургакта жүрдүң чаң басып. Көңүлүңдү дат басып, Менин бүткөн бойумда, Топо аралаш тер катып, Ошондон бери карата, Өзүң жуунуп албадың, Оозуңа маар салбадың, Астыңдагы мен дагы, Керт этип чөп чалбадым. Булакка түшүп жуунуп ал, Андан кийин жолго сал. Деп Кеңкула айтканда, Эп келиптир арстанга. Түшө калып куладан, Алдындагы кула аттын, Ооздугун чыгарып, Булактан канык сугарып, Турган чөптөр буралып, Өзү бекем буулуп, Ат чалсын деп олтуруп, Уктап калды торойуп, Алыстап кетпей Кеңкула, Кененимди караандап, Күн кызарып баткандан, Күн чыккынча жаркырап, Кененимди кайтарат, Кененим жаткан жылгага, Кайберенди оттотпой, Азуулуну жолотпой, Канатууну кондурбай, Жыйырма бир күн кайтарды. Бир күнү шашке мезгилде, Тура калып Кененим, Кеңкуланы кармады, Үзөнгүгө жакындап, Бутун калды салгалы, Өтө жаман сасык жыт, Каңылжарын жарганы. Жытты байкап караса, Кеңкуланын жонунда, Оңдоп токуп минем деп, Ээрин сыйрып алганы, Куйушкан, тердик, жүгөндүн, Көмөлдүрүк, олоңдун, Ордунда тери калбады. Ириңдеп кеткен кулгуна, Агып жатат балбаарып, Тамчылап жерге зардабы. Айласы кетип турганда, Байакы булак кайнады, Кайнаганын байкады. Сөөмөйдөй болгон ак чабак, Чыга калды жалт этип, Аркасынан бир кылыч, Кошо чыкты жарк этип. Кылычтын учу жетерде, Балыкты кесип кетерде, Өктөмгө өч Кененим, Кылычты кармай алды эле. Кененим колу жеткени, Кылыч ээрип кеткени, Адамча сүйлөп ошондо, Ак чабак айткан кептери: — Адам уулу азамат, Куткардың мени саламат, Кургакка чыга албаймын, Жакын келип амандаш. Ким экениң билбеймин, Өз абалым сүйлөймүн. Суу перинин баашасы. Кызы элем жапжалгыз, Сууда жиндин баашасы, Уулу болду мага кас, Эки бала дартынан, Эки бааша болду кас. Алты сапар алышып, Жин бүркүшүп салышып, Жетинчиге калганда, Атам болду андан пас. Мага жардам кылалбай, Атам калды мааналап, Атамдын элин кыйратып, Келейткан мени кубалап. Кара жанга күч келип, Ачык турса эшик деп, Чыга качар тешик деп, Курган жанга себеп деп, Мен кирипмин маана издеп. Эми байкап карасам, Кутулар жерим жок экен, Айак жагы булактын. Жерге сиңип жатыптыр, Мени кармап душманым, Өлтүрөөрү аныктыр. Адамзат, сага кез болуп, Ажалдан калдым кутулуп, Кандуу душман каракчы, Колуңда өлдү тутулуп. Кылыч болуп кескели, Калганда жакын жеткели, Кылычты, адам, кармадың, Кан-жин түгүл сөөгү жок, Кан жуткурду жайладың. Өтүнүп сенден сураймын, Өзүң кимсиң айтаарсың. Балык деп мени кармабай, Кылычты кандай кармадың? Атамдын аты Каннас шаа, Менин атым Жаналыс, Атыңды айткын, адамзат, Бололу эми биз тааныш. Кененим анда кеп айтат. Кыскартып мындай деп айтат: — Сен душмандан качыпсың, Мен душманды качырып, Кууп келе жатыпмын. Түп атам аты зор Манас, Жери Кеңкол, чоң Талас, Өзүмдүн атым Кененим, Издегеним Суумерген, Качырып койуп келемин. Куткарып алам сени деп, Ушул жерге келбедим, Ата салтым меники, Алсызга жардам бермегим. Сууну карап олтурсам, Жаман чыктың шашылып, Аркаңда кылыч келатат, Учунан канын тамызып.