← Кененим

Кененимдин Калыбек менен кармашуусу

Карала атчан Калыбек, Кан ичме чочко кара нээт, Майданга чыкты желденип: — Боронбай менен Кененим, Эми кайра келбейт, — деп, Боронбай оңой жан эмес, Кененимди аздырып, Жер алдына түшүрбөй, Койо берчүү ал эмес. Жер алдына түшкөндө, Жетимиш тайпа пери бар, Кененим кайра келчүү эмес, Кененим качан келет деп, Келбеске кеткен немени, Күйүп турчуу мен эмес. Намыс кылсаң бирден кел, Бирден келип бирден өл, Корксоң калбай баарың кел, Ажырап калбай бирге өл, Баатырдык кандай экенин, Байкап менден баарың көр! Деп күркүрөп турганда, Карап көрсө зор Бакай - Коңурбай, Жолой - дөөлөрдү, Нескара менен Мурадил - Аларды көргөн чоң Бакай, Жапандан келген Кызыл дөө, Жалгыз көздүү Мадыкан, Нескаранын Жубатай - Буларды көргөн зор Бакай, Андай нечен дөөлөрдү, Ат көтөргүс жөөлөрдү, Паанус менен Дөө ханды, Соксо, Сотой балбанды - Аны көргөн зор Бакай, Бейжиндеги урушта, Бендеде болбос жулкушта, Беш кулак менен Талапты - Муну көргөң зор Бакай, Маңгыттардын Бадыкүл, Сарыбай деген кутургур - Аны көргөн чоң Бакай, Көкөтөйдүн ашында, Көп жыйналган жыйында, (Мындай адам жыйылбайт, Ашырбай айтсак чынында) Муну көргөн зор Бакай, Ай менен күндүн кулагы, Тийишип турган күндөрдө, Кара келген, хан келген, Калбай бүткүл жан келген, Балбан келген, эр келген, Мен-мен деген шер келген, Опол тоодой дөө келген, Баарын көргөн зор Бакай, Жумуру баш, айры төш, Эки айактуу бендеден, Калыбектей немени, Карыйа Бакай көрбөгөн. Кең көкүрөк кууш айак, Балбандыгы көрүнөт, Танак мурун, табак бет, Талыкбас жайы көрүнөт; Балтыр эти салаңдап, Булчуң эти булчуйуп, Так кырк күндүк чабышта, Чалыкпас жайы көрүнөт; Кара мүртөз кайры жок, Карамдык жагы көрүнөт; Көзү чуңкур, дөң маңдай, Дүмөк далы, кыска бел, Томолок билек, манжа учтуу, Кармагандан кан чыкчуу, Каруусу артык көрүнөт; Капырай кандай адам, деп, Бакайдын көөнү бөлүнөт. “Карала атчан Калыбек, Калыбек менен кездешип, Тирүү калыш канымет,”- Карап туруп сыртынан, Бакай айткан бул бир кеп. Анткен менен хан Бакай, Калгандарга билгизбейт, Кан жыттанган Калыбек, Чык бери! деп күжүлдөйт. Кабылан Манас тукуму, Андайларды көзгө илбейт, Абаң Бакай ичинде: “Ташы кулап чыңк өөдө, Жүрүп турган нөөмөтү, Кененим жетип келсе” дейт. Келгин деген кеп угуп, Мен барам деп алдында, Алымсарык жулунуп, Жообун алып Бакайдан, Калыбекке жолугуп, Жаш баланы көргөндө, Калыбек кетти оолугуп: — Башкалардай көрөбү, Көрсөтөйүн өнөрдү, Билбейт экен кыргыздар, Күнү бүтпөй өлөрдү! Алымсарык балага, Армансыз болуп өлгүн, деп, Туруп берди закыйып, Тарпка канган кажырдай, Көөдөндү тосуп лакыйып, Ирмебей кирпик тиктесе, Тоңгон уйдун көзүндөй, Түбүндө кайнап чакыйып. Алымсарык жаш арстан, Оңой-олтоң эр эмес, Оңдуруучу жоо эмес, Оңойлук менен кишиге, Оморулчу тоо эмес. Ойноктотуп тору атты, Оңурайган чочкону, Оң бөйрөккө муштады, Ооп барып оңолду, Оодарыла тас калды, Оңой бала эмес деп, Ойуна алды Калыбек, Найзасын күүлөп тап берип, Мыкты болсоң келгин, деп, Ылаачындай жаш Сарык, Кайра тийди жапырып, Сол кыйрына бир сайып, Дагы оңолду Калыбек, Ооп барып кыйшайып. Камданып калды Калыбек, Кай тараптан келет, деп. Бет маңдайдан сарайда, Сайдырбастан балага, Найзадан көзүн айрбады, Учунан улай кармады, Жерден эңип алгандай, Сууруп алды найзаны, Сууруп алып Калыбек, Жаш Сарыкты сайганы, Сайган менен тийгизбей, Кагып ийди кайра аны. Опсуз балбан Калыбек, Найза колдон чыкпады, Балта менен кагылган, Белден сынып куу найза, Учу көккө учканы. Балта тийген бул найза, Тал-талынан бөлүндү, Өз найзасын колго алып, Калыбек каапыр өмүлдү, Каарын көргөн калганга, Бүткөндөй болуп көрүндү, Алымсарык өмүрү. Санаа санга бөлүндү, Семетейдин көңүлү, Ал Манастын тукуму, Алымсарык чунактын, Адистигин көрдүңбү? Көөдөнгө найза тийерде, Ат капталга шарк этип, Калыбектин найзасы, Алыс кетти жарк этип. Калыбек кайра тарткынча, Кууп жетти артынан, Туулгага чабылган, Балтанын үнү чак этип. Алымсарык мингени, Түрөгөй тору Тобурчак, Көз ачырбай доңузду, Төбөгө балта чака-чак, Манастап ураан чакырып, Үнү чыгат бака-бак. Өтө андес шамдагай, Калыбек көзүн ачырбай, Ойротто жок жаш Сарык, Он тогуз койуп жиберди, Ошол кезде Калыбек, Оңтойуна бир келип, Найзанын учун имерди. Жетер-жетпес болгондо, Күүсү менен найзанын, Тумактай учуп кеткени, Эми сайса өлөт, деп, Жарык күн кайдан көрөт, деп, Шер Гүлчоро жеткени, Түйшүктүү чочко капырдан, Алымсарык баланы, Ажыратып кетти эми. Баланы салып оңуна, Тура калды Гүлүстөн, Калыбектин жолуна. Келе жаткан карааны, Карап туруп Гүлчоро, Келе жаткан карааны, Карап туруп Гүлчоро, Калыбекти сынады: Салкыны сырттын желиндей, Ысыгы жайдын күнүндөй, Өңүнүн заары көрүнөт, Куу чаар жылан түрүндөй, Азыркы келе жатышы, Кирген нардын сүрүндөй, Алкымында күркүрөк, Толкуган көлдүн үнүндөй. Анда туруп Гүлчоро: “Каары катуу неме экен, Кан ичменин бири экен, Кызыл алпты баш кылып, Жети дөөнү ийгерип, Башкарары эп экен.» Качырып каапыр келиптир, Көзүнөн чыккан жалындар, Найзасынын белине, Жаба койуп барыптыр. Күркүрөп найза үн берип, Учу кызыл жалындап, Укмуштанып түрдөнүп, Муну көргөн адамдар, Тумтак күнү түгөнүп, Алмамбет уулу Гүлчоро, Мындай нечен эрди алган, Бул Калыбек турмайлык, Коңурбайга кол салган, Коркпой аны жалмаган, Нескараны жайлаган, Мадыканды кармаган, Жапандан келген Кызыл дөө, Кутулуп андан калбаган, Ошол кезде Гүлчоро, Жашы элүүгө барбаган. Көктөн арбап түшүргөн, Чынгожо менен Толтойду, Катар ишин бүтүргөн. Апкаарышты билбеген, Калыбекти көргөндө, Кара тер басып сүрдөгөн. Мелтиреген Бадырек, Белжемдүү жерге бир сайса, Бел сындырат экен деп, Сундуруп найза качырып, Манастап ураан чакырып, Оозунан чыккан көк буусу, Төбөсүндө жазылып, Адис болгон немелер, Найзага найза сайылып, Кызыл жалын от кетип, Жер бетине жайылып, Көрүп турган элдерге, Гүлчоро менен Калыбек, Эрендиги таанылып, Акылдан кетип тай кылбай, Бир-бирине сайдырбай, Адистик кылып Гүлчоро, Калыбекке чандырбай, Кабуусуна келтирип, Канча сайса Гүлчоро, Калыбек андан кайгырбай, Оң-тескери сайышып, Ороолонуп чабышып, Үч күн, үч түн болгондо, Найза кармап сайалбай, Гүлчоро колу карышып, Күчөгөн кези Калыбек, Ошондо өңү тамылжып. Каарланып Калыбек, Тарамышын чыйратып, Беттешип кирди жана экөө, Найзаларын ыргашып. Гүлчоронун найзасын, Кагып ийип Калыбек, Как далыга бир койду, Кутуруп өлгөн кара нээт. Суркойон жалын кучактап, Абадан башка кеп кылбай, Аркасын карап кылчактап, Үзөнгүдөн бут тайды, Ээрден көчүк кыйшайды. Өтө берип Калыбек, Оңолуп кайра жеткиче, Оморо сайып сур аттан, Башын кесип кеткиче, Арстандын уулу Семетей, Манастап ураан чакырып, Ашыгып ал ченебей, Калыбекке бет келди, Гүлчорого жеткирбей, Ач карышкыр өңдөнүп, Ач калган жолборс сүрдөнүп, Алп кара куш түрдөнүп, Каар салып, заар чачып, Катуу кирди күүлөнүп. Сыргактан калган жез найза, Темири болот тез найза, Кездемдин боосун чубалтып, Кез керип найза чунайтып, Алдында минген буурулду, Аркардай арыш чубалтып, Чаң асманга созулуп, Топуракты сапырып, Кандим болгон Семетей, Эр сайышка көп минип, Көнүк болгон Тайбуурул, Калыбекке капташып, Карчыткан найза муштады, Муштаганда Семетей, Найзаны камга чыктады. — Ата канат арман күн! Жарыгы жок кара түн! Атадан калган найза жок, Бир кумардан чыкпадым! Кудай урсун Калыбек, Кебелбеген тоо болду, Калыбектин карала, Мүргүй түшүп оңолду, Калыбек катуу мас экен, Көзү ачылып соо болду, Акылы башка келгенде, Айткан кеби бу болду: — Калкан кулак кан жүздүү, Калкан тоодой сен кимсиң? Кыл муруттуу кызыл бет, Кыргызда атың сен кимсиң? Караса көздөн от жанган, Кызарып беттен кан тамган, Караган бенде суктанган, Сулуу жигит, сен кимсиң? Сакалың тал-тал бөлүнгөн, Баатырдык сының көрүнгөн, Майга бышкан токочтой, Мадырайган сен кимсиң? Агарып тишиң кашкайган, Ак кулжадай маңкайган, Арбактанып көрүнүп, Ала тоодой заңкайган, Атыңды айткын сен кимсиң? Сымбатың сырдай кубулган, Кубулжутуп туудурган, Затыңды айткын сен кимсиң? Жериң кайда, элиң ким? Жигиңди айтып билдиргин, Бекер киши эмессиң, Кебетеңден мен билдим. Семетейдин кеби эми: — Теги-жайым терип сен, Тексиз киши дедиңби? Жерим Кеңкол, кең Талас, Элим кыргыз көп алаш, Аласы жок жай күнү, Ак чечекей ак калпак, Атамдын атын угуп ал, Ай-аалам уккан зор Манас, Эмгиче угуп билбеген, Айбанга окшош сен акмак! Өзүңө окшош Калыбек, Жергеси жок немедей, Тегимди терип сурайсың, Өзүмдүн атым Семетей! Атам Манас дегенде, Тегим жок сенин дегенде, Ардангандан Калыбек, Өлүп жерге кирбеди, Күүгүмдө көзү тунарып, Эмне дээрин билбеди. Ачуу басып калтылдап, Кылычты кындан тарканда, Күн чагылып жалтылдап, Карала атты камчылап, Көзүнөн жалын шыркырап, Учкундары бөлүнүп, Төбөсүндө чыркырап, Кыйкырыгы таш жарып: — Кызы талак Семетей, Тең жарбасаң тениңди, Темселетип элиңди, Куру талаа кылбасам, Кеңкол, Талас жериңди, Айдап жүрүп кырбасам, Ак калпак кыргыз элиңди, Өлөрүңдү ойлобой, Атам Манас дедиңби? Тең кишидей сен мага, Теңдешип айткан кебиңби?! Деп ошентип Калыбек, Кыйа мына келтирип, Кылычты шилтеп жиберди. Эр Семетей камынып, Сомдогон темир чоң балта, (Эшик эндүү ай балта) Кылычты какты каңгыта. Ай балта тийген оңобу, Кыйрап кылыч жоголду, Калыбек жарак алгыча, Качырып келип Семетей, Туулгага бир койду. Тогуз кабат туулга, Кийген экен бир башка, Тозуп кетти туулгасы, Чыдаштык кылбай чапканга, Чойун башты Калыбек, Күүлөп колго алганы, Качырып келип Бадырек, Хан Семетей абаңды, Чокулата салганы. Чойун башты тийгизбей, Балта мененСеметей, Алдыртан өөдө какканы. Кармаган сабын Калыбек, Калтырбай күчүн бекемдеп, Күчтүү каккан Семетей, Чокмор тийсе чокуга, Бекер өлүп кетем деп. Чапкан киши Калыбек, Каккан киши Семетей, Шылкы мойун чойун баш, Үзүлүп кетти мойнунан, Каары катуу Калыбек, Сабы чыкпай колунан. Ай балтасын колго алып, Найза, кылыч, чойунбаш, Сынганына арданып, Арта салып ийинге, Ай балтасын көрсөтүп, Ай балта менен бир койду, Жок кыламын деп ойлонуп. Калыбек балта алганда, Хан Семетей камынып, Качырышты бул экөө, Кирген нардай чамынып. Көргөндүн баары таң калып, Кимиси өлүп, ким калат, Күч ортосу ылганып, Балтага балта чабылды, Кубулуп тогуз жаңырды, Калыбектин балтасы, Уңгусунан жарылды. Семетейдин чоң балта, Түшүп кетти колунан, Толгой эшкен бүлдүргө, Чоң кисенин чагарак, Тагылуу экен байкасак, Жерге түшө ай балта, Ат капталда салаңдап. Оңдоп кармап найзаны, Оңбогон ал калыбек, Семетейге жеткени, Капталдан нары муштады. Хан Семетей абаңдын, Ээрден көчүк бултайды, Үзөнгүдөн бут тайды. Күчтүү тийген найзанын, Күүсүнө буурул туралбай, Кырданып барып жыгылды, Жер тайанып Семетей, Кар жиликтен оң колу, Сынып кетти карс этип. Калыбек артка таркыча, Кайра айланып абаңа, Кандуу найза сайгыча, Алымсарык жаш бала, Манастап ураан чакырып, Кирип келди аңгыча. Гүлчоро туруп албады, Тайбуурулдун чылбырын, Найзага илип алганы, Семетейди мингизип, Коштоп кетип калганы. Эки сайып Калыбек, Аңтара сайып алалбай, Алымсарык баланы: “Алдына келген бала эле, Анча-мынча жан эле, Эки сайып алалбай, Күчүм менин кана эле?!” Кайра кирди кезенип, Ээрдин кезе тиштенип, Өлбөй туруп Калыбек, Дагы жетти Бадырек, Карала менен тап берип. Алымсарык балта алып, Абайлап турат камданып. Калыбектин найзасын, Кайта кагып жиберди, Балага найза кактырып, Калыбек буга ардыгып, Өлтүрөйүн муну, деп, Кең дүйнөсүн тар кылып, Жалаң болот испанды, Кармай алды сабынан, Сууруй алды кабынан. Алымсарык ойунда, Кылычты кайра кагам, деп, Кыйамына келтирип, Мээсин чубай чабам, деп, Кыжырланып турганы, Калыбек кылыч урганы. Балта менен кагам деп, Какканга каным жетпеди, Калыбек чапкан өткүр миз, Алымсарык баланын, Оң ийнин таарып кетти эми. Төрт эли жердин териси, Кесилбей калды илинип, Карап турган Гүлүстөн, Жебеден мурун жеткени, Чылбырдан атты жетелеп, Баланы алып кеткени, Артынан кууп Калыбек, Жакындап калды жеткели, Баланы берип Бакайга, Кайра тартып Гүлүстөн, Калдаңдаган Калыбек, Карчылаша кеткени. Кандуу кылыч Калыбек, Качырып шилтеп жиберди, Кыйрынан туура чапканы, Өтө андес Гүлчоро, Ат капталга салаңдап, Өткөрүп муну жиберди. Кылыч чабат Калыбек, Кылына аны тийгизбейт, Найза сайат Калыбек, Сактанып муну киргизбейт. Эр жарагы нечен түр, Иштетти баарын Калыбек, Тумтак күнүн түгөтүп, Тийгизбеди Гүлчоро. Калыбектин ойуна, Далай кеп кетип ошондо: “Бирөө кары, шай начар, Экөө болду жарадар, Алмамбеттин Гүлчоро, Маа болбу барабар?” Өз ичинен Калыбек, Опсуз болуп санадар, Кара бойун безенип, Ээрдин кесе тиштенип, Кара жанга күч келип, Карала менен тап берип, Кармаарына калганда, Каарын чындап салганда, Гүлүстөндү түгөнгүр, Түп этектен аларда, Кудай бетин нары кыл, Ак сакалы жаркылдап, Келген Бакай каарынын, Акылым аз, тил кыска, Кантип айтам таарибин. Абаң Бакай жакындап, Калыбекке жеткенче, Гүлчорону Калыбек, Оодара тартып кеткинче, Ободо булут бузулуп, Манастап ураан чакырып, Кененим үнү угулуп, Бүдөмүк кылбай так айтып: Кененим сарык нак айтып: — Кайра тарткын катылбай, Абам Бакай сен кайтып! Гүлүстөн, кет элиңе, Мыкты болсоң Калыбек, Мен келем, келгин! — деди эле. Кененим үнүн укканда, Манастын аты чыкканда, Колу бошоп кеткени, Кутулуп Гүлүс кетти эми. Аркасынан Калыбек, Келгин деген кеп угуп, Кылчайып артын караса, Топурак учуп буруксуп, Тийип турган жарык күн, Сурданып булут бузулуп, Келе жатат Кененим, Кеңкула менен сыздырып. Гүлүстөнгө ачуусу, Келген бойдон Калыбек, Кан ичме жинди кара нээт, Каарын салып түрдөнүп, Кыл кыйма каман сүрдөнүп, Катынын кара баскандай, Жоо келип айлын чапкандай, Күңгүрөнүп күүлөнүп, Күрмөөгө тили так келбей, Күдүңдөп чочко сүйлөнүп, Селдей болуп түйүлүп, Артынан чаңы сүрүлүп, Эки көзү чакчайып, Сакалы ача бакчайып, Танак мурду дердеңдеп: — Мен да сендей эрмин, — деп, Менден качып, Кененим, Так кырк күнү талаада, Кайда жүрүп келдиң? — деп, Жору куйрук Кызыл алп, Акым, Шакым эки дөө, Катардагы Сурмерген, Кунун сенден куубасам, Кылычты канга жуубасам, Калыбек атым курусун, Болбой тирүү турушум! Суунун уулу Суумерген, Боз чаар минген Боронбай, Таптырып сенден албасам! Талпагын ташка кербесем, Жазаңды колго бербесем, Койдой башың кеспесем, Коондой кардың эшпесем, Ээрдиңен көзөп тешпесем, Бир сен үчүн, Кененим, Кара жандан кечпесем! Кара көзүң ойбосом, Каныңды ичип тойбосом, Семетей менен Гүлчоро, Алымсарык, Бакайды, Катары менен сойлотом, Токтобоймун ал бойдон, Таласыңды жойлосом! Шаарыңды жылма кылбасам, Кыргызыңды жыйбасам, Кылым жердин бетине, Таратып ийип тынбасам! Азаматың кул кылып, Ак жубаның күн кылып, Олжого алып кызыңды, Унуткусуз кылбасам, Ой-тоодо малың чогултуп, Айдап алып тынбасам! Найзаны күүлөп сундуруп, Күүсү кулак тундуруп, Бура тартпай Бадырек, Кененимге жолугуп, Тоо да болсо Кененим, Томолото сайам, деп, Токтобой жетти чу койуп. Жеткен жерде Кененим, Мындан кайдан айансын, Калыбектин найзасын, Учунан улай кармады, Кармаган сабын найзанын, Калыбектин колунда, Учу баатыр Кененде, Жиптей жыгач чойулуп, Үзүлүп кетти ортодон, Тарткылаша келгенде. Не деп айтсак эп келет, Бендеден чыккан эрлерге, Теминише тап берип, Колтуктарын чойушуп, Эшик эндүү айбалта, Чокулаша койушуп, Туулгага чабылып, Балтанын үнү чакылдап, Көөдөндөгү чарайна, Найзанын учу такылдап, Шилтеген кылыч шаң этип, күн чагылып жарк этип, Кетелек менен сом темир, Көк жашыл тартып жалтылдап, Алоолонуп тулпарлар, Ала качып алкылдап, Ок өтпөс буулум шым кийип, Багалеги балкылдап, Дем албастан күн-түнү, Урушуп жүрөт акылдап, Жарактан чыккан жаңырык, Эрден чыккан бакырык, Ат дабырты тапылдап, Доолбас үнү карсылдап, Сүр көрсөтүп түнүндө, Калыбектин аскери, Мылтык атып тарсылдап, Алай-дүлөй - барсылдап, Жер жарылып таш кулап, Агып суулар шаркырап, Боздоп учат аткан ок, Жердин бети кызыл чок, Кылымда мындай болгон жок. Таң агарып күн чыгып, Ачык туруп бүркөлүп, Туман түшүп чүмкөлүп, Күн бузулуп түмпүйүп, Ачык асман, жер бүркөк, Кимдер баатыр, ким коркок, Мындай күндө билинет, Кыбыладан жел жүрсө, Жылжып туман сүрүлөт, Салышкан эрдин зарпынан, Жыртылган жердин тарпынан, Топурак учуп созулат, Мурункуга кошулат, Жерге түшүп жай албай, Обого чыгып кете албай, Жыты сасык, өңү сур, Жер бетинде боз турат, Анда-санда эрлердин, Кыйкырыгы угулат. Алмамбеттин Күлчоро, Ар сыйкыры бар чоро, Калмакча жайды катуу окуп, Канча дуба жат окуп, Айалдабай бат окуп, Шамалга булут куудуруп, Айдап келип тундуруп, Алтысай мөндүр куйдуруп, Топуракты жуудуруп, Күн көрүнүп жарк этип, Күчтүү жел жүрүп шарк этип, Күн ачылды шаңк этип. Асман көпкөк шаңкайып, Эр Кененим, Калыбек, Эрэгишип сурданып, Кеңкула менен Карала, Кызыган кези бууланып. Чабына батпай суурулуп, Кара терге чумулуп, Калыбек менен Кененим, Качырышып умтулуп, Билегин салып кол сунуп, Ач билектен алышып, Айабай күчүн салышып, Амал кылып эбин таап, Жумуру кайыш канжыга, Билектен байлай калышып, Байлатып ийген ким болсо, Кезенип колун тартканда, Ортон колдой канжыга, Чыдатпай үзүп алышып; Этектен чулгай алышып, Үзөнгү боого салышып, Аттын башы кай жакта, Тулпар кетет жарышып. Кабат-кабат аң келсе, Айанбай атты чабышып, Кеңкула менен Карала, Аркардай арыш алышып, Мойнуна кайыш салышып, Туйдурбай байлап алышып, Эми алармын дегенсип, Эңишке кирет жарышып. Байлатып ийген ким болсо, Чирене түшүп тартканда, Мойун тери сойулуп, Үзүлүп кайыш кеткенде, Кызыл кан агып чубуруп, Ылайланып топурак, Канга калат жуурулуп. Атынан түшө калышып, Белинде курдан алышып, Орой-торой чалышып, Ача кармап силкишип, Тизелей түшүп оңолуп, Жыгылганы жок болуп, Жер кучактап торойуп, Көөдөндөшүп тирешип, Тепе-тең турат соройуп, Баштарында туулга жок, Кокодой башы кодойуп. Багалектер түрүлүп, Багалчектер көрүнүп, Кара тер бойдон жыбырап, Кара терге төгүлүп, Катары менен кабырга, Тал-тал болуп саналып, Кармаган жерлер кан талап, Көк ала болуп талаалап, Бирин-бири сыгышып, Белдеринен салаалап, Аманат жанга күч келип, Же сыйбай бели бүктөлүп, Күрс дегиче жөтөлсө, Ооздон мөжүк кан кетип, Көрүп турган элдерге, Кең дүнүйө тар келип, Жөө күрөштөн бөлүндү, Аттарга минип зоңкойуп, Барча тоодой көрүндү, Эрдемсинген далайдын, Эрдик мындай экен, деп, Көөнү нечен бөлүндү, Санаасы сан кыйал миң, Сабылып жашы төгүлдү. Калыбек чочко кеп айтат: — Э, Кененим, — деп айтат, Мен жекеге чыкканы, Бөлүнүп элден курган жан, Бир чекеге чыккалы, Элүү күн ашып баратат, Керек болгон окшонот, Эске түштү аш-тамак. Аттанып шаардан чыкканы, Маңдайында Калыбек, Нашта кылып тамак жеп, Оозунан наар сызбады, Каңгара какшап өзөгүм, Байкасам бүгүн сыздады. Белгим келип калыптыр, Отуз күн жатып уктачу. Жалаңкыч сары кыргыздан, Сен экенсиң, Кененим, Мени менен эрдигиң, Тең экенсиң, Кененим, Агызып кетчүү кыйандай, Сел экенсиң, Кененим, Оморулбас залкар тоо, Сен экенсиң, Кененим, Ак куулар ашып учалбас, Бел экенсиң, Кененим, Ак каздар учуп өтө албас, Көл экенсиң, Кененим, Казып адам түгөткүс, Кен экенсиң, Кененим, Алтымыш уруу алашка, Сен экенсиң, Кененим, Орто Азийа элинде, Эр экенсиң, Кененим, Күн батышта сага тең, Мен экемин, Кененим. Жору куйрук кызыл алп, Акым, Шакым, Сурмерген, Алдынкысын алты күн, Кийнкиси эки күн, Баарын жедиң, Кененим, Анткен менен, Кененим, Мага алың келбеди. Жарактын чыкты далбалы, Кийимдин дайны калбады, Аттар суусап чаалыкты, Эр билеги талыкты, Кайра келип жебесем, Сен Кененим сарыкты! Олпогумду оңдотом, Ойлоп кой сени сойлотом! Найзаны учтап чыгартам, Учун ууга сугартам, Кылычымды миздетем, Кененим, башын кеспесем! Чойун башты оңдотом, Орутпай сени онтотом! Балтамдын сырты жарылды, Кош билерик чырматам, Кайта айланып келгенде, Тирүү койбой кыйратам! Калкан менен туулга, Уста керек буларга, Абдан мыктап келбесем, Кезектешип урарга, Кесе тиштеп ээринди, Кел бери деп турарга. Чарайнамды кадатам, Телдеп келип шайманды, Сени кайдан жашатам?! Тогуз кабат темир тон, Топчулугун оңдотом, Бүчүлүгүн чыңдаймын, Кайратымды көрсөтүп, Андан кийин чындаймын. Эрлик кандай, күч кандай, Ошондо байкап ылгагын, Алың канча, Кененим, Андан кийин сындаймын! Ичээр тамак, жатар үй, Сенде жок бүгүн, Кененим, Намыс кылбай бирге бар, Тойунуп алып сен келгин. Калыбектин кебине, Кененим жообу бул экен, Жеткире айтып сээрине: — Барсаң баргың, Калыбек, Барып келгин элиңе, Убадаңа бекем тур, Калпайтпастан кебиңе, Ким жесин сенин тамагын, Итим барбайт үйүңө, Убадаңды бекемде. Отуз күн уктап дем алып, Тамак ичип тойунуп, Кырк күндө кайта келүүгө, Уруксат кылдым барып кел, Ачкалганда жеңди деп, Калбаймын сенин кебиңе. Акырэттик тамагың, Ошол болсун карагын, Керээз кебиң айтып кел, Көп кечикпей кайтып кел, Бар, Калыбек, баргын! — деп, Бастырып кетти Кененим. Аксакал Бакайга карыга, Эр Семетей, Гүлүскө, Алымсарык агага, Салам берип аларга, Эсендешип көрүшүп, Амандыгың билишип, Ак чатырга киришип, Арып-чарчап чаалыккан, Кармашта жүрүп талыккан, Эр Кененим Сарыкка, Тойгончо тамак беришип, Башы адам өтүнөн, Айагы балык өтүнөн, Кырк бир түрдүү өт эзип, Аны ичинен ичирип, Суу өгүзүнүн терисин, Алып келип жабышып, Таш баканы табышып, Боорун жарып алышып, Сууга эзип коймолжун, Бар жарага чабышып, Кырма кызыл дарыны, Кайнатмак кара дарыны, Керек деген баарыны, (Кем-керчи жок табылды) Каратып туруп жанына, Аксакал кары Бакайды, Жарага бүткүл чабылды. Эбеп менен себептен, Кубат менен Медеттен, Каныкей жасап иштеткен, Бар дарыны ичирип, Күн тогузга толгондо, Кененимдин бойуна, Койбой жараат бүтүрүп, Коңторуп картын түшүрүп, Жаткырып койду уктатып. Кененим уктап тынч алып, Уктап жатып семирип, Албырып бети нурланып, Бузук суу калбай денеде, Тер менен кетти бүт агып. Семетей колу сак болуп, Сайыша турган чак болуп, Болжоп кеткен Калыбек, Күнү кыркка карк толуп, Кырк көөкөр арак бүт ичип, Калыбек чочко мас болуп, Ат току, деп күпүлдөп, Көрсөтөм, деп дүпүлдөп, Жигиттери жүгүрүп, Жаны калбай дүүлдөп, Найзанын үнү угулуп, Бастырганда Бадырек, Чагылган күндөй күркүрөп, Өскөн жыгач, чыккан чөп, Айбатынан дүрүлдөп, Титирек кирип жаткан жер, Токтоно албай сүлкүлдөп, Кумдун баары шыбырап, Тоолор коркуп бүлкүлдөп, Атаңа наалат Калыбек, Айбаттуу келет кара нээт. Калыбектен бул жолу, Калыш тирүү кыйын кеп, Өлбөй калган кишиге, Тирүүлүгү канимет. Акпай суулар токтолуп, Көзү кызыл чок болуп, Жер жүзүнүн баарына, Кетүүчүдөй өрт койуп, Жайнай түшүп бириккен, Кыйан-селге окшонуп, Ызгаары капыр зыркырап, Ок жыландай октолуп, Калыбекти көргөндө, Кененим басты козголуп. — Аттанбай тура тургун, — деп, Гүлүстөн аны токтотуп, - Бул сапар атка минесиң, Мүшкүлгө далай көнөсүң, Ата бабаң баспаган, Арбын жолду көрөсүң. Суу каптаган селдерге, От каптаган жалынга, Ар бир сонун жандарга, Түркүм-түркүм айбанга, Жолборс өңдүү балбанга, Бойу тоодой төөлөргө, Ат көтөргүс дөөлөргө, Адам билгис сыйкырга, Учурайсың чынында. Калыбекти жеңгенде, Карала атчан Калыбек, Жарыктан өтө бергенде, Көөдөндөн жаны кеткенде, Жерге башы жеткенде, Суунун уулу Суумерген, Өтө сыйкыр куу мерген, Качып кеткен ал келет, Суумергенди алам, деп, Кетесиң, уулум, артынан. Чаңдан мүшкүл көрөсүң, Ал чочконун зарпынан. Атабыз Манас болгон соң, Абийирибиз калабы, Андай иштен тартынсаң. Белек бердим, уулум, саа, Айтканыма тил алсаң. Алмамбеттин Алма баш, Айдалыңа аса жүр, Кереги тиет ар качан. Боронбайдын жез камчы, Кармай жүргүн колуңа, Сыйкырга сыйкыр чоң себеп, Ишиңди салат оңуна. Касиеттүү бир көйнөк, Калган менин колумда, Кийе жүргүн жонуңа, Аман-эсен келгенде, Абамдын кеби акыл деп, Аларсың аны ойуңа. Баарысынан чоң белек, Басташкан жоого эң керек, Сайганын тешпей калбаган, Бүктөлүп бели сынбаган, Тийген жери ырбаган, Андан болгон жараны, Түбүндө жакшы кылбаган, Айкөл атам Манастан, Аманат калган абама, Калыбекти сайарда, Намыска жарайт сыр найза, Ала жүргүн жаныңа, Аман-эсен келгенде, Абамдын бергин колуна. Менин атам Алмамбет, Жүйрүн дөөдөн жазгырып, Ала келгин ак шамшар, Бүгүн менин жанымда, Ала жүргүн жаныңа, Жаткан дөөгө туш келсең, Мала келгин канына. Айтып сырын угузуп, Баарын берди балага. Албаймын деп айтпады, Көйнөктү кийип алганы. Ак шамшар байлап жанына, Алма баш асып далыга, Сыр найза алып колуна, Боронбайдын жез камчы, Ортонго илип жулуна, Кечигип туруп албады, Абаң Бакай, Семетей, Эр Гүлүс, Алымсарыктан, Абыдан бата алганы, Күүлөнүп жөнөп калганы, Арбак кубулуп түрдөнүп, Мурункудан сүрдөнүп, Аркасынан караса, Ак жолборстой сын берип, Маңдайынан караса, Алгыр бүркүт түрдөнүп, Төбөсүнөн караса, Алпкаракуш өңдөнүп, Сонун иши дагы бар, Түргөн чийдей артынан, Сойлоп барат ажыдаар. Жетер-жетпей жакындап, Кеңкуланы такымдап, Баш жүндөрү саксаңдап, Көздөрү жайнап чакчаңдап, Эки түгөй шер барат. Шапкат кылар бири жок, Шаштыруучу баары бар, Ракым-Мейир анда жок, Ич жаруучу баары бар. Ошол сындан караса, Жан бүткөндө жаралган, Өз-жат дебей жан алган, Жалаңгыч Сарык дегени, Көргөн көзгө таанымал, Кененим кетип бараткан. Карала атчан Калыбек, Найзасыз күүлөп кезкерип, Беттешип чыкты алдынан: — Кел, Кененим, келгин! — деп, Кененим андан качабы, Мен да сендей эрмин, деп. Кененимди бир карап, Келе жаткан керемет - Баарын көрдү Калыбек, Бүдөмүк эмес элестеп, Анык көрдү Калыбек, Шери менен ажыдаар, Канык көрдү Калыбек. “Кандай болгон жумуш? — деп, Менде дагы барбы?” деп, Жан жагынан көп издеп, Эчтеме жок көрүнгөн, Кайгы жеди Калыбек, Ого бетер чыйралып, Теминип кирди Калыбек, Өлтүрөм деп элөөрүп, Демигип кирди Калыбек, Ашыгып кетпейт Кененим, Өтө оор Калыбек. Калыбектин найзасы, Күркүрөгөн үнү бар, Кызыл жалын түрү бар, Бул чочконун ал күнү, Адам айткыс сүрү бар. Каарданып Калыбек, Качырып найза урганы, (Тоо да болсо бул сапар, Томкоро сайып жыкмакчы) Ошончо урган найзаны, Тоготпой Кенен турганы, Калыбек катуу арданды, Жаны ачып карарды, Жан алуучу заар салды, Качырып келип көкжалга, Калыбек найза муштады, Тоготпой турган Кененим, Ошол урган найзадан, Кеңкуланын үстүнөн, Учуп кете жаздады. Акымдан алган темир тон, Тогуз кабат бүчүлүк, Токтоо кылбай үзүлүп, Чымчык көз темир бадана, Туш-тушунан бөлүнүп, Чарайна темир чатырап, Талаа-талаа жарылып, Тап кетирбей сактаган, Ичинен кийген була тон, Булаасы булап чубалып, Гүлчоро берген эт көйнөк, Учу жетип найзанын, Кайра жанды так этип, Жез доолбас ургандай, Үн угулуп заңк этип. Өтө берип Калыбек, Кайра айланды бурулуп, Найзасын күүлөп алганда, Боронбайдын жез камчы, Толгой кармап Кененим, Калыбектин найзасын, Камчы менен какты эле, Жез камчы тийген куу найза, Тең бөлүнүп кеткени. Камчыны кайра имерди, Калыбекти Кененим, Оройлото жиберди, Калыбек капыр жазганбай, Жез камчыны кармаган, Кененимдин колуна, Балта менен какканы, Кененимдин билеги, Сынып кете жаздады, Колундагы жез камчы, Алда кайда учканы. Жез камчы жерге түшүрбөй, Эр Гүлүстөн жеткени, Бүлдүргөдөн камчыны, Найзага илип кеткени, Көрө салып Кененим: — Керек эмес, абаке, Өзүң ала кет, — деди. Акым дөөнүн чоң балта, Аткый кармап сабынан, Ачуусу келип абыдан, Качырып барып чапканы, Калыбектин башында, Тогуз кабат калканы, Дайыны калбай жок болуп, Чыгып кетти талканы, О дедирбей Кененим, Удаа жана чапканы. Чак дегени угулду, Топурак учуп бургуду, Беш кабат темир туулга, Калыбектин башында, Кумдай болуп чачылып, Тозуп кетти ар кайда. Туулга жок, калкан жок, Тулку бойу калганда, Кененимдин үстүндө, Сооту жок, олпок жок, Калыбекти караса, Туулга жок, калкан жок, Экөө болду оп-окшош. Өчүгүшкөн бул үчөө, Элден талап кылбады, Калкан, туулга, күрөөкө. Сооту жок, олпок жок, Солкудаган Кененим, Туулга жок, калкан жок, Калдаңдаган Калыбек, Күч ортосун сынар кез, Кимиси өлүп, ким жеңет. Калыбектин аскери, Алып келди туулганы, Мына, баатыр, кийгин, деп. Туулга башта алты кат, Калкан сырта он кабат, Кененимди жедим, деп, Калыбек чыкты чалкалап, Кененим калар эр эмес, Андан жанын калкалап. — Көсөк чубак жолборстун, Ичинен кийген олпогу, Сакталуу менде болуучу, - Деп Гүлчоро, Кененге, Алып келди кийгин, деп. — Атаңдан калган сыр найза, Кереги тийээр кези — деп, Сен жаш бала, мен кары, Кебимди уксаң ушу, — деп. Калканды кабат артынып, Чарайнасын тартынып, Туулгасын көмөрүп, Уруп кеткен Калыбек, Ого бетер күркүрөп, Үйдөй болгон чойун баш, Арта салып ийинге, Жолум үйдөй көрсөтүп, Карала атты камчылап, Казабына алыптыр, Каны көздөн тамчылап, Кененимден башка жан, Турар эмес аа чыдап. Чокморду күүлөп имерди, Эрней түшүп Калыбек, Кененимди чокуга, Кош колдоп тартып жиберди. Найза менен Кененим, Калыбекти карыга, Алдыртан өөдө кагыптыр, Күүлөп чапкан чокмору, Жерге түшүп жатыптыр, Түшкөн жерге бул чокмор, Үчтөн бири батыптыр, Калыбектин тилеги, Кара таштай катыптыр, Кененимдин ошондо, Кер сары болуп өң азып, Каны ичине тартыптыр. Кабылан баатыр Манастын, Сыр найзасын колго алды. — Камдангының, Калыбек, Келгениң болду беш күнү, Акыреттик ашың жеп, Эми бүгүн жаткының, Өзүңдүн кара башың жеп! Манастап ураан чакырып, Калыбекти Кененим Жан айабай качырып, Сыр найзанын учунан, Кызыл жалын чачылып, Бороон болуп жер чаңдап, Кеңкула чуркап ыкчамдап, Кош кулагын жапырып, Ошо кезде Калыбек, Кененимди караса, Өңүнөн заар төгүлүп, Көзүнөн жалын бөлүнүп, Караганда кан чыгып, Кармаганда жан чыгып, Аркасынан баатырдын, Айдар сары жал чыгып, Бул түрпөтүн көргөндө, Теңсинбей жүргөн Калыбек, Эми калды аптыгып, Кененим жети аңгыча, Калыбекти шаштырып. Найзасын кайра кагам деп, Балта ала албай Калыбек, Найза алып калыптыр, Кененимди качырып, Калыбек найза сайыптыр. Найзага найза сайылды, Калыбектин найзасы, Учунда темир жарылды, Калыбеке капташып, Ажал-өлүм кабылды. Кабылбаса неткени, Карала аттын үстүнөн, Калка тоодой капырды, Бала баатыр Кененим, Аңтара койуп өттү эми. Кайра айланып Кенемин, Как жүрөккө муштады, Таштан жанбас сыр найза, Кыр аркадан чыкканы. Так көтөрүп Кененим, Найзага илип ыргады. Кененим менен Калыбек - Эки дөөнү көтөрүп, Кең кулак карыш жылбады. Сокмогу менен найзасын, Аңтарылып Калыбек, Алдындагы карала ат, Бели сынган турбайбы. Калыбек башы кесилди, Ээрдинен көзөп тешилди, Өз башына күч болду, Ойрон иттин кесири. Аңгычакты дөөлөрдүн, Көп жыйналган аскерин, Айтумуштун элдерин, Баарың мында кел, деди. — Жору куйрук Кызыл алп, Акым, Шакым эки дөө, Бозчаар минген Боронбай, Карала атчан Калыбек - Ошолордун аскери, Жериңе жанып кет! — деди. Аты-тонуң силердин, Тоноп алып жүрбөйүн, Баш кишиңер жоголду, Калганыңды билбейм. Суумерген менен Сурмерген, Кырылып эли түгөнгөн, Сурмерген өлүп жоголду, Суумерген тирүү не болду? Айтумуш, Чынгыш, жакын кел, Жардам кылып силерге, Жети дөө эли бүт келген. Улуктан тогуз жам болдуң, Уруш кылып жеңем деп, Уйпаланып жоголдуң, Упурак болуп башында, Ойлобой акыл не болдуң?! Алып келгин Чыныке, Экөөңөрдү сапырбай, Жай-жайыңа койойун! Деп Семетей айтканда, Шашмалап Чынгыш муну айтат: — Арстандын уулу Семетей, Чыныкенин калыңын, Чыдап таап бере албай, Жүрүүчү эле Суумерген, Жадатып кызын алам, деп, Киши сойуп эт жеген. Үч күн болду Суумерген, Ушул жерге бир келген. Асмандап учса санаты, Балыктай сүзөт дайрадан, Балдыртан берки адаты. Чыныкенин калыңы, Мындай эле карачы. Кара деңиз аралын, Аралап жүрүп кыдырып, Барып келген кишиге, Алп кара куш дегенди, Кармап берген кишиге, Сегиз миң жыл жашаган, Чандандын башын ашаган, Башы жылан, тили адам, Белден ылдый кара таш, Жылбай жаткан Жүйрүн дөө, Башын алып келгенге, Кумар элем мен Чынгыш, Башын анын жегенге, Убадам бар меники, Ошонун баарын бүтүрсө, Чыныкени берерге. Эми эле алып кел дедиң, Анын баары жок туруп, Чыныке кандай беремин? Мейли десем, Семетей, Чыныке жок колумда, Анан кимди беремин? Суунун уулу Суумерген, Үч күн болду келди деп, Сага айтып мен бердим, Алып кетти Чыныке, Кайда кетти билбедим? Колумда жок Чыныке, Сага кимди беремин? Чынгыш мындай дегенде, Чымырканып Семетей: — Айтумуш, шаарың бошоткун, Биз барабыз ал жерге, Чыныкени издетем, Адам жетээр бар жерге? Деп Семетей айтканда, Алмамбеттин Гүлүстөн, Сурабайт акыл эч кимден, Кармап алды Чынгышты, Камчылап аны чыңыртты. Алмамбетке Жүйрүн дөө, Жасап берген тору бар, Чынгышты ага салдырды, Айтумушту жиберип, Шаарынан чатыр алдырды. Чатырды тигип үй кылып, Хан Бакайды баш кылып, Айтумушка бактырды, Алымсарык баланын, Бир колу бар, бири жок, Бир жагына жаткырды. Кыз Куйалы, Саламат, Келип калган ал кезде, Абаң Бакай, хан Семей, Алымсарык баланы, Ал экөөнө бактырды, Торго салып Чынгышты, Бир баканга астырды. Семетейдин кеби деп, Тирүү калган аскерди, Жай-жайына кайттырды, Кененимди чакырып, Кебин эми баштады: — Чыныке издеп, Кошой издеп, Суумергенди дагы издеп, Жүйрүн дөөнү табалы, Каадасын такыр бүтүрүп, Чыныкени алалы, Каадасыз алсак калың жок, Бизге опа кылабы. Деп Гүлүстөн айтканда, Кыйын эмес ушул иш, Жаш Кененим арстанга. — Абаке, кандай дедиңиз, Жарабаган кебиңиз, Мен аман-эсен турганда, Сиз да жата бериңиз. Эби келсе Таласка, Эми кете бериңиз. Каадасын хандын бүтүрүп, Калыңын берип жеткирип, Чыныкени Таласка, Алып барат иниңиз, Чоң атамдын жанына, Жүр, абаке, баралы, Алымсарык жарты жан, Хан Бакайды баш кылып, Калганды жолго салалы. Ошол жерде бар адам, Өзүң менен алты жан, Эртең менен жолго сал. Баарыңарды кетирип, Баардык ишти бүтүрүп, Кызды ээрчитип мен барам, Жүйрүн кайда, кыз кайда? Арал кайда, куш кайда? Баарын билет Чынгыш хан, Айтумушта айып жок, Өзү араң олтурган, Кыйнап туруп Чынгышты, Иштин баарын айттырам. Деп Кененим жүрү деп, Күлчоро менен Кененим, Бакай менен Семеңдин, Барып кирди үстүнө, Байатадан айткан кеп, Баарын айтып бүттү эле. Эр Семетей серпилип; — Кыйнайбыз деп Чынгышты, Чыныке издеп табыштан, Башты тартуу дуруспу? Биз кетпейбиз Таласка, Кай жүз менен барабыз, Арбагы тирүү Манаска? Чыныке колго тийбесе, Биз менен бирге жүрбөсө, Мен кетпеймин дегеле. Семетей мындай дегенде, Темир тордун тээгине, Тийип койду Гүлүстөн. Тор чеңгелдеп куурушуп, Сийдиги агып чубуруп, Мурдунан агып кан чыгып, Кетээринде жан чыгып: — Колдоор болсоң колдо! — деп, Чынгыш салды чыңырык. Муну мындай таштайлы, Кененим менен Жүйрүн дөө, Жомогунан баштайлы.