Кененимдин төрт баатырды кутказышы
Капчыгай өрдөп барганда, Күндүк жери капчыгай, Ак элечек тоо экен, Этек жагы жалама, Мелтилдеген зоо экен. Башы жети төр экен, Жети суунун куйушу, Шайтан көл деген көл экен. Сеңселип жээги чөп экен, Кайың, четин, табылгы, Каранай, арча, төө куйрук, Жыгачы калың көп экен. Тегерете байкаса, Тегерек туйук коо экен, Киши эмес тоо теке Чыгар жолу жок экен. Көлдүн аты Шайтан көл, Тоонун аты Шабырым, Албарсты, азыткы, Мисти мийан, жин-пери, Ээлеген экен баарысын. Тазкара барса жазган тоо, Канаты тоңуп каткан тоо, Карышкыр кирип барган тоо, Кетерине жол таппай, Кадамы анын каткан тоо. Айуу барса аралап, Кемирчек менен балтыркан, Саз менен сайдан казган тоо, Жай өтүп кышка айланса, Тоңкойуп өлүп жаткан тоо. Бугу барбас муздуу тоо, Тирүү жанга муңдуу тоо, Мына мындай муз менен, Капталган экен ушул тоо. Өрөөндүн баары жайык куз, Жандоонун баары жалтыр муз, Кылайган кара жери жок, Көз уйалткан аппак муз. Жайдын күнү болгондо, Элиги ойноп талында, Булбулу сайрап шагында, Кураны түздө бакырып, Улары төштө чакырып, Көлү толкуп шарпылдап, Куулары сүзүп калкылдап, Балыктары кылтылдап, Кундуздары жылтылдап, Көлдү бойлоп жарышып, Чөөлөрү күлүп шыңкылдап, Сыдырым жүрүп зыркырап, Кардыгач учуп зыпылдап, Жыргалы сонун күз кече. Чөптүн башы саргарып, Жана айланып кыш келсе, Калбайт экен тирүү жан, Бир эле күнү кетпесе. Кандай жан калса ажерде, Турушу менен муз болуп, Кыш айланып жаз келсе, Эрип кетип жок болот. Өлүм кыйын баарыдан, А жерге жандар токтобойт, Сырын билип болгондон, Мурунку өткөн кишилер, Шайтан көл деп ат койот. Төрт баатыр барды ал жерге, Жан корголоп тоо бойлоп, Жай кетип мезгил кыш экен, Таман койор жери жок, Баары аппак муз экен, Кары Бакай, хан Семең, Алымсарык шер Гүлүс, Капташкан жери ушу экен. Кыргыздын жайын угуңуз, Бейлеп угуп туруңуз- Энеси суу кыргыздын! Атасы тоо кыргыздын! Көрдүңбү сөздүн уңгусун! Алатоо бойлоп көчкөн журт, Аркайган тоодо өскөн журт, Кирин карда жууган журт, Киндигин музда кескен журт, Заңкайган нечен тоо менен, Салгылашып келген журт, Ак элечек арсак тоо, Жалтырак муз, аппак кар. Жамбаштап жатып көнгөн журт. Малын карга жайган журт, Кыргыз деген неткен журт? Мөңгүнүн суусун ичкен журт. Күрпүлдөгөн жыттанып, Күүлөнүп аккан сууларды, Күн эмес түндө кечкен журт! Таш жазданып көнгөн журт, Талашып салкын шамалды, Булут менен келген журт, Булуттуу тоонун ичинде, Тоодо өнүп өскөн журт! Кыдырып тоону жүрөт деп, “Кыр кез” атка конгон журт, «Кыр кез» ди элдер биле албай, Кыргыз атка өткөн журт! Эмне кылат кыргызды, Шайтан көлдө тоңгон муз?! Шабырым төргө толгон муз, Орун берет өзү эле, Кыргызды көрсө ошол муз. Муну койо туруңуз, Эми Таластан кабар угуңуз, Каткалаң, Жакып бир тууган, Каткалаңдын кыз Сайкал, Калмактарга кошулуп, Кыргызга канча чуу салган. Манас менен сайышкан, Качан Сайкал майышкан? Кечээ Бейжиндеги урушта, Билишип булар табышкан. Баатыр Манас өлгөндө, Өзү барып кыз Сайкал, Бир боорум деп үн салган. Ошол эжең кыз Сайкал, Болоорун мурун болжогон, Болжобой артын койбогон. Мергендин кызы Байтору, Сайкалдын досу болучу, Асманда учса канатуу, Абалтан мындай адаттуу, Байтору келип Сайкалга, Мына мындай кеп айтты: — Айкөлдүн уулу Семетей, Ак сакалдуу Бакай хан, Алымсарык жаш арстан, Алмамбетин шер Гүлүс - Буларга түштү мүшкүл иш. Жаралуу болду Саламат, Сак болуп араң келатат. Жанжүрбөстүн чөлүндө, Желжетпести жетелеп, Куйалы жүрөт туз көлдө. Камалып калды төрт баатыр, Шайтан көлдүн жээгинде, Жети суу келип бир куйган, Шабырымдын тегинде. Жору куйрук Кызыл алп, Коппой жатат жол тосуп, Такалып калган жеринде. Кыйын заман күн болду, Кылымга дайын эрлерге. Деп айтканда Байтору, Угуп алып кыз Сайкал, Арамдык жок кылайган, Өзү жетип барууга, Аппак чачтуу карыган, Мурункудай кубат жок, Бел бүкчөйүп арыган. Кыз Сайкал уккан окшош кеп: «Манастын тукумдарынан, Жалаңгыч Сарык чыгат» деп. Сейитектин эки уулу, Экөө тең сары туулду, Улуу катын Гүлнардан, Алымсарык болуучу, Алымсарык жашында, Камалып жатса муздакта, Жалаңгыч Сарык ал эмес. Кыз Куйалы балбандан, Кененим Сарык туулган, Туулду деп угулган, Көргөн эмес кыз Сайкал, Көрөйүнчү барып, деп, Сынга толсо Кененим, Угузайын анык, деп, Жесир кемпир түр алып, Жетим уулдан бирди алып, Алачык тигип коргонго, Айыл болуп конуптур, Конгонго он күн толуптур. Сейтек жатат коргондо, Манастан калган борбордо. Аш түгөтчүү Кененим, Алты жылы баспаган, Үч жылы болду басканы, Тогуз жашка толгону, Тойор заман болбоду, Ашпоздору ашташып, Үлгүртө албай койгону. Күндө көрсө кыз Сайкал, Тетири карап жатканы, Бери карап жатпады. «Тамак барбы мага?» — деп, Ушул экен айтканы, Жадаган экен ашпоздор, Калгандарга туйгузбай, Токочтун күйүп калганын, Күкүмүн кошо салганы, Муздак, жылуу дебестен, Ашып-ташып калганды, Көтөрүшүп алпарды, Бул эмине? дебеди, Тетири карап жегени, Сөөктөн өтөт билгенге, Ашпоздордун бул кеби: — Жатып алып жей бербей, Отун алып кел! — деди, — Отун алып келейин, Тойгунча тамак бер! — деди. Отун алып келгин, деп, Алты аркан бергени. Арканды алып басканда, Кырынан көрүп кыз Сайкал: «Анык өзү турбайбы, Жалангыч Сарык дегени, Бүгүн абдан билейин, Эртең, аркы күндөрдө, Бир беттешип көрөйүн». Акылга түйүп кыз Сайкал, Өрмөк курду чубалган, Ар качан кыргыз өрмөгү, Элөөсүз жерди чуу салган. Жакшы менен жамандан, Пайда менен залалдан, Адал менен арамдан, Эчтеме менен иши жок, Отун алды аралдан. Аңдуучусу Сайкалдын, Байкап жүрөт ар жайдан. Жыгачты сууруп түбүнөн, Жаман экен камандан. «Чатак салып эбин таап, Кеп угайын жамандан.» Келе жаткан жолуна Өрмөктү курду чубалган, Эбин таппай кыз Сайкал, Тимеле кепти сурардан. Өрмөккө залал жетпеди, Аттай басып кеткени. Мына ушинтип Сайкалдын, Айтылбай калды кептери, Мүкчүңдөй басып атайы, Аркасынан жеткени, Кененим отун таштады, Ашпаздардын үйлөрүн, Басып кала жаздады. Жер козголуп солк этип, Үйдө отурган ашпаздар, Жүрөгү чыга таз калды. Баары калбай жабылып, Эшикке чыга чуркады. Отунду көрүп таң калды, Күдүңдөшүп күбүрөп: — Ким көтөрөт мындайды, Баралына келгенде, Баарысынан Кененим, Балбан болот турбайбы. Тамак берип көбүрөөк, Эртең дагы жумшайлы, Эртең алып бир келсе, Бир ай жатып отунчу, Бекер ойноп жыргайлы. Эртеси кетти отунга, Бийик курду өрмөгүн, Кененим жолун тосууга. Кийинки күнү он аркан, Онду жалаң тартыптыр, Колтурмачтап көтөрбөй, Бир ийинге артыптыр, Чыкырып алып баласын, Сайкал мындай айтыптыр: — Отунду оор алыптыр, Келе жатат Кененим, Үзүп кетсе өрмөктү, Ага чатак салалы, Бир неме таап алалы, Эптеп жанды багалы. Баласына үйрөтүп, Байкап турду кыз Сайкал. Ачамай бутак илинди, Койбой үздү бир жипти. Жүгүрүп бала жеткени, Өрмөгүм төлөп бергин, деп, Жакадан ала кетти эми, Койгунуң, деп айтпады, Сырты менен сол колдун, Баланы Сарык жазгады. Колу тийген оңобу? Кайтып өөдө кобобу, Ошол бойдон дым тартпай, Бала өлүп жоголду. «Жолу болду балам, — деп, Өлдү жөөт арам, — деп, Сатып келген жөөттөн, Мындан калба табам» деп Баласына карабай, Басып барып жайма-жай, Сөз баштады мамундан: — Атадан кеткир айланып, Эки айактуу пендеде, Сендей жаман табылбай, Өз ашыңа ээ кылбай, Бербей койсо ашпаздар, Отун алып тартайып, Жан бакканың кай ишиң?! Жыга чаптың баламды, Бөлүндү кылдың санаамды, Мындай күчтүү экенсиң, Куткарып келчи сен жаман, Семетей аттуу бабаңды! Ак сакал Бакай абаңды! Алымсарык агаңды! Алмамбет уулу шер Гүлүс, Куйалы балбан апаңды! Деп айтканда кыз Сайкал, Ийниндеги отунду, Жерге таштап жиберди, Айландыра Кеңколду, Бир тиктеди имерип. Көзүнөн чыккан жалындан, Өңүнөн чыккан заарынан, Сайкал калды ийменип, Бурулбай басып Кененим. Он эки катар тай чабым, Тартып салган желеден, Жылкы аралап келди эле, Асый, бышты сандан көп, Тобурчак, чалыш аралаш, Толуп жаткан аты көп, Эч бирине карабай, Көзүнө жылуу көрүндү, Кысыр эмди азоо тай. Желкеден кармап жетелеп, Алып келди козудай. Эшигине Сайкалдын, Алып келип жыкканы, Бир киши басып чыкпады, Басып туруп тизелеп, Улактан бетер мууздады. Ашканадан бир казан, Алып келип асканы, Кеп кылалбай ашпоздор, Түрпөтүн көрүп жазганды. Тайдын этин бүт салды. Чоң чарага көтөрүп, Кыз Сайкалга алып барды: — Кел эт жегин, чоң эне, Өз балаңбы, кулуңбу, Кеп кылбачы мунуңду, Өлдү кайта тирилбейт, Бошотпочу муунуңду, Жээниңби, тайыңбы, Сурабайым аныңды, Бакай менен Семетей, Гүлчоро, Алымсарыкты, Абдан айтчы дайныңды. Өрмөгүң, эне, үзүлүп, Мага эрмек табылды, Тирилтмек болдуң, энеке, Дайынсыз жаткан жанымды. Кыз Сайкал угуп карк этип, Үнүн жасап даңк этип, Карыса да кыз Сайкал, Жез комуздай шаңк этип; — Сурадың, балам, угасың, Укканда кандай кыласың? Сен баргыча чыгарат, Ал төртөөнүн жыласын. Өзүңдүн атаң эр Сейтек, Кишиден чыккан эр эле, Жумуру баштуу пендеден, Кашкайа жалгыз эр эле. Ат көтөргүс дөө болду, Карыш жерге жылалбай, Ырысы жок жөө болду. Күн батыштын тарабы, Кар болуптур кыйналып, Барып келген соодагер, Киши сойуп жеди, деп, Семетейге кеп салып, Угуп ушу кабарды, Аттанып кеткен Семетей, Миң кишини котчу алып, Хан Бакайды кошо алып, Гүлүстөн, Алымсарыкты, Ага кошуп кошо алып. Айтумуштун эли деп, Айтүбүнүн жери деп, Келгендерден кеп уктум, Жеткенди жеңди деп уктум. Биринен бири угушуп, Жети дөө келип чогулуп, Артыкчасы Кызыл алп, Тепсеп кирип оолугуп, Жел жетпес бутун аксатып, Саламат сөөгүн какшатып, Жан жүрбөстүн чөлүндө, Куйалы жүрөт ат багып, Саламат кетти жерине, Сакайса кайтып келүүгө. Буурулдун мойну кылжыйып, Ооз омуртка тайыптыр, Кара санга ок тийип, Суркойон аксап калыптыр, Айтылуу төртөө калыптыр, Амалы кетип шай кетип, Шайтан көлгө барыптыр, Шабырындын тоосунда, Солонуп булар калыптыр, Талыкпастан жол жүрсөң, Так токсон күн мол жүрсөң, Табасың элдин караанын, Азыр колго түшө элек, Барсаң тирүү табасың. Деп айтканда кыз Сайкал, Одурайган Кененим, Болжоп акыл ойлобой, Сен кимсиң деп сурабай, Ошол жерде туралбай, Тобурчак, чалыш, үкү, айак, Сүрдүү жылкы терс айак, (Жыйнатып койгон эр Сейтек) Бирден кармап бут артат, Көтөрө албай бүк түшүп, Мүргүгөнү оңолду, Жыгылганы копподу, Сандап жаткан жылкыдан, Көтөргөнү жок болду, Бут артар жылкы табалбай, Кененим ичи чок болду. Эми айласы кеткенде, Кербендин жолун тоскону. Соодагер өтөт топ болуп, Унчукпай барып бут артса, Көтөргөнү жок болуп: «Атамдан бетер мен дагы, Жөө жатамбы жыла албай!» Деп ойлонуп чок болуп. Күн бешимге барган кез, Кененим кайра жанган кез, Кара буура Чаткалда, Топ караан келет сандалып, Тосуп турду Кененим, Батыраак келсе экен, деп. Санап көрсө ат санын, Отуз жети ат экен, Ат ээси такыр сарт экен. Алдында кармап аттарды, Жибин кыркып жүктү алып, Кененим бутун артканы, Көтөрө албай жатканы. Отуз жети дегенде, Кара жал кула бышты экен, Жүгүн алып жиберип, Бутун арта саларда, Сүйлөп ийди тил кирип: — Аркам менин алты жоор, Эки бөйрөк, далым жоор, Чом басып жүрөт сээрим жок. Ушу бойдон сен минсең, Көтөрө албай мүргүсөм, Атың жок сага жөө азап, Бир кишини көтөрбөй, Мага калат жаман ат, Сенин атың Кененим, Менин атым Кеңкула, Сени кандай табам деп, Ар күнү эстеп жүрөмүн. Арстандын аты Аккула, Акырына байласаң, Кубантып жаным жайласаң, Он беш күндө семирем. Андан кийин сен минсең, Ойлогон жерге жеткирем. Унчукпай атты жетелеп, Араң келди Кеңкула, Басалбай араң сенделип. Арстандын аты Аккула, Акыры бар бул жакка, Ал акырга байлады, Так он беш күн болгуча, Аттан карыш ажырап, Эч бир жакка барбады, Күрүчтөн жеми эки убак, Арпакан берет бир убак, Жетелеп өзү сугарат. Он беш күнү толгунча, Кундуздай жүнү жылтылдап, Оролто тартып чылбырды, Ойкуштанып ыргыштап, Ополдун суусун бургандай, Он эки карыш казанды, Үч ашташтын кошууга, Асып койсо тургундай, Жетелеп жүрсө Кененим, Көргөндүн баары таң калат, Мүчөдөн өөн таба албай, Кээ бир сынчы айтышат, Жетпейт деп буга жагалмай. Күн он бешке жетиптир, Ат семирип бүтүптүр, Ойрон болгон Кененим, Ээр-токум алам деп, Казынагын тинтиптир. Тердиги көп, ээри көп, Кеңкулага чак келген, Дегеле ээрдин бири жок. Кийерге кийим таба албай, Жарактан канча бар экен, Мунун бирөө жарабай, Үстүндө эчки тону бар, Бутунда кийген көн өтүк, Бастырып үйдөн жөнөдү. Чом менен минип очойуп, Айылдан узай бергенде, Байкап көрсө кыз Сайкал, Берекелүү бар алптан, Кененим эмес көзүнө, Олуйа Кошой көрүндү. «Душманын жеңет экен, — деп, Берекелүү бек айбат, Белдүүдөн үчөө бар эле, Аман келет экен» деп, Кыз Сайкал калды үйүндө, Өз ойун өзү бекемдеп. Батышты карай бет алып, Эрен Манас баатырдын, Желесин тарткан керүүдөн, Жалгыз булак мазар суу, Жетип келди жээгине. Кеңкула анда кеп айтат: — Э, Кененим, — деп айтат, Эрдигиң бар, эсиң жок, Эчтеке менен ишиң жок, Түп атаң Манас жуунган, Мазар булак мына бу, Мени байлап жыгачка, Өзүң чуму булакка, Алыска сапар аттандың, Эбегейсиз ыраакка. Унчукпады Кененим, — Колуңду салып көр, — деди, Жылуу бекен, муздакпы, Анан айтып бер, — деди. Аттуу кетип баратып, Колун салды булакка, Ымчам жылуу туйулду. Жан алуучу чунакка, — Ысык экен суу, — деди, Кеңкула көөнү толду эми. Арыстан Манас кабылан, Барар болсо бир жакка, Ал булакка баруучу, Барып колун салуучу, Колго жылуу туйулса, Бастырып кетип калуучу, Муздак болуп калганда, Барбай жатып алуучу. Артуу-артуу сары бел, Аңкып жүргөн сонун жел, Чөптүн башы буралып, Жеген айбан кубанып, Чыга калды белеске, Батыш жагы тунарык. Алдында минген Кеңкула: — Мен чыдайын жүрүүгө, Сен чыдасаң минүүгө, Ыйык жалдан кармасаң, Өнөрүмдү карматам, Көзүңдү жумуп сен алсаң, Төрт айагым бир кезде, Тепе-тең түшөт бир жерге, Ошондо менин жеткеним, Болжолду барчуу жериңе, Кеңкула тилин алганы, Ыйык жалдан кармады, Көзүн жумганы, Кудай өзү туш кылган, Кененимге куланы, Арып-чарчап калбаган, Алты ай чапса бууданы. Туйагы ташка карсылдап, Какыр жерде тарсылдап, Каткан жерде такылдап, Өйүз-бүйүз тоолордон, Аттай чуркап закымдап, Жал-куйругу жазылат, Аркасында чаң калат, Кузгун учуп жете албай, Канаты талып салпылдап, Кулан кууп жете албай, Тилин салып акылдап, Эңишке салып ителги, Жетпей калды баркылдап. Нечен агым суу келди, Туйуктанып калбады, Нечен токой чер келди, Чулганып ага калбады, Ашуусу бийик тоо келди, Буйдалып мында калбады, Үч ай - токсон күндүк жол, Үч күндө жетип барганы, Кеңкула минген кишинин, Калбады бекен арманы. Бир убакта куланын, Төрт айагы тең түштү, Көзүн ачты Кененим, Аркайган тоонун этеги, Тоосу аппак кар экен, Ойдуңу көпкөк көл экен, Өзөнү агын суу экен, Айагы токой чер экен, Шайтан көл деген жер экен. Капчыгайы тар экен, Кененим келе жатканын, Кырда жаткан Семетей, Көрүп турган чак экен. Дүрбү салып олтурса, Чыгыштан келет бир адам, Бул жерге келген ким, деди, Дүрбүнү кармап имерди, Бышыктап карап олтурса, Кененим Сарык билди эми. Бакайды карап кылчайып, Семетей турду муну айтып: — Абаке, сенде кебим бар, Кебимде кетик жерим бар, Дүрбүнү салып олтурсам, Чыгыштан келди бир адам, Айландырып карасам, Кененимдей ченим бар, Көкжал атам Манастын, Тукуму эми үзүлүп, Калабы деген шегим бар. Сейтек жатты жылалбай, Төрт ай болду биз жаттык, Кетер амал табалбай, Келген окшойт Кененим, Калгандарга тил албай. Жып-жылма болсок баарыбыз, Үзүлбөсө неткени, Же душман менен алышар, Онго жашы жетпеди. Абаң Бакай алдырап, Ак сакалы жарк этип, Ителгидей барк этип, Сүйлөдү үнү заңк этип: — Э, Семетей кулунум, Мен айтайын сен уккун, Жан досум Манас айтчуу эле: «Менден калган урпактан, Жан бүткөндө жаралган, Өз-жат дебей жан алган, Жалаңгыч Сарык чыгат, — деп, Жаанды тындым кылат” — деп, Атаң Манас айткандын, Белгиси анда болуучу, Келген болсо Кененим, Кекенишкен душмандан, Кегимди алат экенимин, Чын Чыныке Сулуудай, Келинди алат экемин. Бир атанын уулусуң, Буурулду минип бачымдап, Алымсарык кулунум, Кененимге жетип бак, Баатырдан калган сыр найза, Жеткирип ага берип бак. Ээрчитип кел бер жакка. Келбей койсо тил албай, Сен болбогун аа капа. Абасынан кеп угуп, Буурулду минип чу койуп, Буластаган жаш сарык, Кененимге жолугуп, Агасын көрүп Кененим, Саламга алы келбеди, Аман-эсен дебеди, Алымсарык жаш арстан, Кенениме дегени: — Келипсиң элден Кененим, Аман-эсен, ден - сообу, Каныкей, Чүрөк эненин? Сейтек атам аманбы? Семетей, Бакай, Гүлүскө, Амандыгын билдирип, Бересиңби саламды? Кыйа карап заар төгүп, Жат душмандай каар төгүп: — Тоодо жатсаң муз тиштеп, Бошотуп алсам силерди, Саламым ошо эмеспи! Атынын башын бурбастан, Айал кылып турбастан, Бастырып жүрө берерде, Алымсарык алдырап: — Кагылайын карагым, Карагым, мени карагын, Жоого кандай барасың, Колуңда жок жарагың, Чоң атам Манас көк жалдын, Энчиге калган бул найза, Колуңа муну кармагын, Олпоктон кийип дагы алгын, Ээри жок жайдак ат минип, Энтелебей, чунагым, Ээр токуп минип ал. Токтолуп калган Кененим: — Сенден токум дебедим, Камалып кандай жатасың, Колуңдагы сыр найза, Мыкты болсо белегиң?! Бооруңду музга какшатпай, Аркамдан ээрчип келерсиң! Эски эчки тон менен, Ээри жок жайдак ат менен, Жүрүп кетти Кененим. Туйук баш бутта көн өтүк, Башында кийиз малакай, Кетип барат жайма-жай. Кененимден кеп угуп, Баштан-айак жеме угуп, Өрөпкүп барып агасы, Кайра келди деми сууп. Барганынан келгенин, Баарын айтты калтырбай, Бакай угуп бар кепти: — Мен айланам арбакка, Айткан Манас турбайбы, Жалганы жок чын кепти, Мында карап жатпайлы, Кармагыла аттарды, Калкалап башты катпайлы, Майданын барып көрөлү, Ажал жетсе өлөлү, Аттанып баары жөнөдү, Боз жорго менен зор Бакай, Жоо бөрүсү Гүлүстөн, Алымсарык жаш арстан, Кененимдин караанын, Кээде көрүп калышат, Кээде көрбөй калышат, Каза тулпар Кеңкула, Шамал менен жарышат, Ошол үчүн артынан, Жетер-жетпес баратат. Каардуу чочко Калыбек, Бүткүл пейли кара нээт, Өзүнөн башка алтооно, Өкүм жазып кат берет: “Баарыңар келип алдымда, Менин караанымды көрсөтпөй, Карсылдашаар душманга, Төрт ай бекер жаткырып, Салдыңар мени бушманга. Салпаңдаган Кызыл алп, Акыл ойлоп эсиң тап! Семетейди кармап кел, Отуз күндүн ичинде, Кармап алып келбесең, Өлүмдү алып мойнуңа, Өзүң бачым жетип кел! Экинин бирин кылбасаң, Тирүүлөй кактап жебесем, Жээниң менен тайыңды, Калтырбаймын баарыңды, Мен келгиче турбастан, Алыңды чактап билбестен, Не катыштың кыргызга?! Суунун уулу Суумерген, Жөлөгүң сенин Сурмерген, Бир кишинин уулусуң,” Түп жайыңды мен билем. Аскериңди кырдырып, Мага кабар бербеген, Жазыгыңа силерди, Тирүүлөй тытып жебесем! Алты шаар элиң бар, Ар тарапка таратып, Соогат сурап келгенге, Таратып бөлүп бербесем! Акым, Шакым эки дөө, Эрдигиң артык бөлөкчө, Үстүңдө соот күрөөкө, Уруксатсыз келдиңер, Каныңар дары жүрөккө, Чок кылбасам чачыңды, Найзанын тагып түпөккө! Бозчаар минген Боронбай, Пери менен дос болуп, Жез камчы алып периден, Өөдөсүнүп көп элден, Күйүп турбай кетесиң, Унутупсуң мени сен, Кактабай каның сорбосом! Бозчаар минип чолоңдоп, Жөн жүрбөйсүң сороңдоп, Чукуп алып көзүңдү, Койо берем өзүңдү, Элди таппай, жер таппай, Тентип өлгөн короңдоп, Жыгылып-кооп кумда жүр, Жер кодолдой кодоңдоп. Баарыңар угуп камынгын, Жыпжылма кылып баарыңды, Андан кийин кыргызга, Катылышар мен бармын, Кыргыздын алып кыйынын, Алдым деп кетип калбаймын. Айдап жүрүп аскерди, Орто Асийа Таласка, Туура жүрүп барамын, Уйпалайын жоготуп, Уксун дүйнө кабарым. Отуз түнгө калтырбай, Кызыл алп, жообун сен бергин, Өлүп кетсе Кызыл алп, Калганың мага жөн келгин! Тилимди албай калгандар, Катылышып кыргызга, Калыбектин каарына, Кандай калдык дебегин. Айтумуш, Чынгыш - эки хан, Эстетип сага мен айтам, Чыгарбагын эсиңден, Бүт элиңди таратам! Ээн жерге шаар салган, Айтумуш, сени хан кылган, Жүйрүн дөөнү кыйратам! Атың Чынгыш хансыңбы? Сулуу кызың Чыныке, Олжо катын кылбасам, Чыркыратып жаныңды, Өзүңдүү тирүү кыйнасам, Көзала урсун уккула, Айтканымды кылбасам! Жалпы баарың камынгын, Калыбек кебин укпасаң!» Деп жазыптыр Калыбек, «Эки күчтүүнү бир күчтүү, Кошот» деген бул бир кеп, Калган алтоо кат алып, Чогулуп кылды кеңеш кеп: — Кыргыз менен алышсак, Ар кандай болсо шай келет, Калыбекке катылсак, Алтообузду чогултуп, Жарты күндө түгөтөт. А көрөкчү, Кызыл алп, Калыбек отуз күн дептир, Камыналы баарыбыз, Калыбектин каарында, Чыкпасын тирүү жаныбыз. Сен кирбесең бул тоого, Бизге бергин нөөмөттү, Кармаш салып көрөлү, Калыбектен өлгөнчө, Кыргыздардан өлөлү. Анда айтат Кызыл алп: — Эки күнү тамак жеп, Отуз күн тамам болгуча, Мен жүрбөйүн тамак деп. Айтканыңар баары чын, Баарыбызды жоготот, Каарына алса Калыбек. Мен барайын кыргызга, Ачка өлүп жаткандыр, Аппак кар, көпкөк бул музда. Деп Кызыл алп айтып кеп, Айабай тамак ичип-жеп, Карды тойуп дардайып, Бармакка эртең камданып, Турганда дөөлөр кептешип, Кененим жетти кездешип. Жалаңгыч Сарык жаш бала, Чыга калса кайкаңдан, Кыбыраган кара курт, Чыккан аскер тайпаңдан. Кайкаңга чыга калганда, Тилге кирди Кеңкула: — Э, Кененим, кулак сал, Эрдигиң бар эсиң жок, Эчтеке менен ишиң жок. Жарагың жок колуңда, Чарайнаң жок бооруңда, Калканың жок далыңда, Олпогуң жок жонуңда, Туулгаң жок башыңда, Мен бармын атың алдыңда, Капчыгай ичи кең экен, Жыгачы көп жер экен, Тандап туруп чынардан, Сууруп алып өңөргүн, Эрдигиңди көрсөткүн, Кайнап жаткан аскерди, Аралап, баатыр, жөнөгүн. Алдыңкы аскер Кызыл алп, Карылардын кегин ал, Касиетиң эл көрсүн, Менин атым Кеңкула, Кайда калың топ болсо, Мен ошого жөнөйүн. Ушуну айтып Кеңкула, Басып барат шамалдай, Басканы сонун шаңданып, Кыраңдап баскан маралдай. Капчыгай кечип баратып, Жан-жагына карады, Токтомдуу көзгө көрүндү, Бир жыгачтын карааны. Жандай түшүп Кененим, Башынан бурдай кармады, Короо ордундай кара жер, Токтоо кыла албады. Жулуп алып чынарды, Алдына туура өңөрдү, Алдында минген Кеңкула, Албууттанып жөнөдү. Ошол кезде Кызыл алп, Семетей барам, деп баскан, Калыбектен корккондон, Калдалаңдап бек шашкан. Аттай басып адырды, Каттай басып аңдарды, Карбаластап келаткан, Түптүү чынар көтөрүп, Кененим кетип бараткан, Аркасынан бургуйлап, Шамал чыгат кула аттан. Жайнап жаткан аскерди, Аралап кирди Кеңкула, Алда эмне болот деп, Адамдын баары таң буга. Шагы тийип чынардын, Шагырап сөөгү жаткан бар, Туура белден үзүлүп, Үч бүктөлүп аткан бар, Колу сынып чолойуп, Буту сынып торойуп, Буркурап ыйлап жаткан бар. Көзү чыгып олоңдоп, Жыгылып-кооп сороңдоп, Коктуга кирип жөө качып, Койондон бетер кодоңдоп, Башы жок дени тулуйуп, Бүткөн бой канга жуурулуп, Жаткан өлүк андан көп; Аты тирүү, өзү өлүп, Өзү тирүү, аты өлүп, Басырык болгон сандан көп; Ичегиси иймелип, Учу жерге сүйрөлүп, Баратканы мындан көп; Канча түргө бөлүнүп, Өлгөн өлүк андан көп, Ошенетип баратып, Кызыл алпка туш келди, Жаш Кененим кара көк. Кененимди көргөндө, Кызыталак Кызыл алп, Кандай сонун неме деп, Карап турду зыңгырап. Жакын кирип келгенде, Колун сунуп Кызыл алп, Бул дагы алды бир жыгач, Кыйкырып кирди кысталак, Чоң чынарды булгалап. Ойротто жок Кененим, Жыгачты оңдоп кармады, Чынарга чынар оролду, Чын дүнүйө куурулуп, Топосу жерге куйулуп, Таштар учуп асманга, Зыркыраган үн чыгып, Үйдөй болгон нечен таш, Учуп жүрөт чыркырап, Кызыл алптын чынары, Чыдай албай чапканга, Тал-тал кетти быркырап. Ойрон болгон Кененим, Оңдоп кармап имерди, Оро-пара чоң дөөнү, Оройлото жиберди. Кызыл алп кайдан ийменди, Чынарды чыбык билбеди, Колун сунуп кармады, Тарткылашып калганы. Учу Кызыл алп жакта, Түп жагы Кенен арстанда, Үзүлүп кетти чоң чынар, Чиренише тартканда. Ошол үчүн алардын, Эрмеги калды дастанда, Акындын тили не кыска, Толуктап муну айтканга! Кенен сарык жаш бала, Мурун мындай көрбөгөн, Тогуз жашта боз бала, Карсылдашып тийишти, Кызыл алптай балага. Кыраан бала Кененим, Кыйгактуу чынар түп жагын, Кыйа кармап бекемдеп, Булгап-булгап ийгени, Жараңка башы чынардын, Кызыл алпка тийгени, Талаадай болгон кең бетти, Кыйа-чийе тилгени. Жолу каткан доңуздун, Бетинен каны жошулуп, Камчы саптай шырылдап, Топуракка кошулуп, Туулга жок жылаң баш, Коборгон таштай сокуйуп, Карап турат кеңгиреп, Кара бойу локуйуп. Кабылан балам Кененим, Кеңкула менен бургутуп, Ары өтүп он койуп, Бери өтүп он койуп, Аркадан келип он койуп, Алдынан келип он койуп, Кырк кабырга омуртка, Кырын бузбай сойулдап, Кеңкуланы мойундап, Баш аламан койгулап, Көз ачылбай турганда, Кызыталак чочкого, Кыйын болуп ошондо, Не кыларын биле албай, Мурункудай заңкайып, Былк этпей туруп бере албай, Кайра тартып далбактап, Качмак болду уйалбай, Опсуз баатыр Кененге, Оро-пара туралбай. Качып барат дардактап, Чылбыр бойу чубалып, Орто буту салбактап, Арбаң-тарбаң жүгүрүп, Алтымыш кулач жерлерди, Бир арымдап түйүлүп, Кетип барат тарбаңдап, Аманат жандан түңүлүп. Андан башка алты дөө, (Калыбектен башкасы) Беттешпей туруп Кененге, Белдери сынып бүгүлүп. Кызыл алпты Кененим, Жеткен жерде төбөгө, Койуп кетип баратат, Кыпкызыл канын агызып, Сойуп кетип баратат, Карга-кузгун, кажырлар, Кызыл алптын канына, Тойуп булар жыргашат. Ачып көздү жумгуча, Тогуз күндүк алыска, Жетип барды ошол чак, Капташа түштү алдынан, Кире берме жер кашат. Кызыл алп кире бергенде, Айры шили кара куш, Капташа түштү Кененге. Кабууга кире түшкөндө, Ачамай кеткен чынарды, Как шилиге муштады, Шилиге тийсе оңобу? Кененим сайса шилиге, Кызыл алп өөдө кобобу? Тоңкойуп чочко жыгылды, Топого башы тыгылды, Кимдер айтып мактанбайт, Жыгач менен дөө алган, Ат көтөргүс жөө алган, Кененимдей кыйынды! Ыргып түшүп куладан, Далысынан басканы, Кылычы тургай балка жок, Мээсин жара чапканы. Кырчак кара каңшаардан, Сууруп бир чоң ташты алды, Абыдан жанын кыйнады, Таш менен мойнун кыйганы, Башын бөлөк таштады, Денин бөлөк таштады. Кызыл алптын куу башы, Эки көздүн ордуна, Күн жааганда суу толду, Кулжа түшүп өлөт деп, Кылымда далай кеп болду, Жомок кылып айткалы, Токтоо кылбай Кененим, Кайта артына тартканы. — Тээ маңдайда көрүнгөн, Күдүңдөгөн төрт караан, Билдиңерби ким? — деди. Чынгыш айтты ошондо: — Кыргыздан келген Семетей, Жайдак атчан келгенде, Жан кириптир бил, — деди. Чынгыштан Акым кеп угуп, Байлап келе калам, деп, Бастырып чочко оолугуп, Алмамбет уулу эр Гүлүс, Алдынан чыкты жол тосуп. Аты-жөнүн сурабай, Ачууланып Акым дөө, Айал-үйөл кылалбай, Найзасын күүлөп сундуруп, Кара туман артынан, Топурак учуп буруксуп. Гүлүстөн каччуу эр эмес, Каары катуу Акым дөө, Жазганып калар неме эмес. Найзалары кагышып, Кайта-кайта сайышып, Колтуктарын чойушуп, Чокуга балта койушуп, Куйкалары куйушуп, Кыжырланып урушуп, Бузулуп өңү сурданып, Оролушуп курч алып, Найзанын үнү такылдап, Балтанын үнү чакылдап, Ач кыйкырык, куу сүрөөн, Баатырлар үнү бакылдап, Кан сагынган эрээндер, Тилдери батпай оозуна, Суусагансып лакылдап, Аманат жандан кечишип, Кымындай болгон бир жанды, Кылга байлап таштады, Кыйын уруш баштады. Күркүрөгөн үндөрү, Күнгө окшош түндөрү, Күжүлдөшүп жүргөндө, Таң кашкайып сүргөндө, Күн чыгып жерге тийгенде, Күркүрөгөн Акым дөө, Өзүнүн атын чакырып, Оозунан көбүк чачылып, Кыраан Гүлүс баатырга, Катуу тийди жапырып. Найзага илип кетем дейт, Как бөйрөккө батырып, Көрүп муну Гүлүстөн, Көңүлүндө шашылып, Сур аттын оозун бурганда, Сумсайып карап турганда, Кыбыладан чаң чыкты, Жалгыз аттчан жан чыкты. Ач кыйкырык үн чыкты, Айбаты катуу сүр чыкты: — Бадырек доңуз! — деп чыкты, Мен Кененим! — деп чыкты. Сур атчан киши, кайтып кет, Өчүгүшүп кайтпасаң, Жамандык менен жакшылык, Билесиңго айтпасам! Кененимден кеп угуп, Одурайган Акым дөө, Кайра тарты бурулуп, Семетейдин жанына, Гүлүстөн кетти чуу койуп. Акым менен Кененим, Айкалышты кең түздө, Адамдын баары айгине, Көрүп турат тал түштө. Э дегенде бул экөө, Этектен түрө кармашып, Эрдик күчүн арнашып, Эңишке салып жарышып, Этек менен жеңдерин, Түбүнөн жулуп алышып, Билектешип тартышып, Аттары баспай майышып, Кабактарын түйүшүп, Калды булар тайышып. Кабуусуна келтирип, Алды найза Акым дөө, Ал доңуздун кийгени, Бүтүн соот - үрөөкө, Кененимге найзасын, Урду болжоп журөккө. Кыраан туулган Кененим, Эңкейе берсе өбөктөп, Каңгып найза кеткени, Аттын оозун тарталбай, Капташып Акым жеткени. Жандап өтө берерде, Ач билектен кармады, Найзасын тартып алганы. Кеңкула оозун буруптур, Атынын оозун тарткыча, Алактаган Акымды, Көмө койуп жыгыптыр. Түшө калып Кененим, Өлтүрбөй туруп Акымды, Чечип алды чен тонун, Сыйрып алды соотун, Тартып алды олпогун, Бутундагы чопкутту, Далысында калканды, Андан башка калганды, Чечтирип баарын алганы, Өңүрүп кайдан жүрөм, деп, Чойун башты таштады, Чойун башты имерди, Дардайып жаткан Акымды, Чокуга тартып жиберди. Акымдын мээси чачылды, Кызыл алп менен Акымды, Кара жерге тапшырды, Кайраттуусун дөөлөрдүн, Кадамын минтип катырды. Акымдын атын кармады, Шыпырып ээрин алганы, Жайдак минген кулага, Жайында келип калганы. Найза өтпөс, ок өтпөс, Өгөтүп туруп болоттон, Ширелткен экен тердигин, Сары жез менен каптаткан, Быйданадан желдигин. Эки жаны темирден, Жасаткан экен ээрин, Арткы кашы кызыл мис, Алдыңкы ак кашы күмүш, Үзөнгү кара темирден, Бар шайманы тел экен, Кеңкуланын жонуна, Куйгандай келген ээр экен. Үч кабат темир сооттун, Үпчүлүгү үч тогуз, Үпчүлөндү Кененим, Тышынан кийген чен тондун, Топчулугу төрт тогуз, Топчуланды Кененим, Айбалта белге байлады, Кылычты кынга салганы, Бөрү тилме өткүр миз, Найзаны колго кармады, Эр кийими, ээр - токум, Баарысын минтип кармады, Кем - керчи неме калбады. Арак ичип мас болуп, Жатып калган Шакым дөө, Анычүн бара албады, Акым өлдү, көргүн, деп, Жесекчилер барганы. Акым өлдү деп угуп, Шакым чыкты оолугуп, Найзалашты күнү-түн, Кененимге жолугуп, Сундурган найза кагылса, Балтага балта чабылса, Чапкандан калкан жарылса, Темирдин үнү чакылдап, Ат дүбүртү такылдап, Жолум үйдөй кызыл чок, Асманда учуп жаркылдап, Токтоно албай кара жер, Дүр - дүр этип калтылдап, Күн экиге жеткени, Күркүрөгөн Шакымдын, Күчөп турган кездери. Үйдөй болгон чойун баш, Булгап колго алганы, Көзгала деп бакырып, Кененимге салганы. Чокморду баатыр тийгизбей, Күүлөп жаткан Шакымдын, Билегинен кармады. Каары каттуу, заары күч, Хан Манастын тукуму, Кармаган бойдон колунан, Чокморун сууруп алганы. Сууруп алып чойун баш, Айландырып имерди, Адырайган Шакымды, Бура тарта бергиче, Төбөгө тартып жиберди. Кененим чапкан оңойбу, Аты менен Шакым дөө, Катар өлүп торойду. Жеткендин баарын жайлады, Тийишип барган Кененге, Өлбөй тирүү калбады. Өлгөндөрдүн аскерин, Баарын айдап чогултуп, Калыбек жыйнап алганы. Боронбай атка мингиче, Сурмерген жетип барганы, Бири өлсө бири бар, Булардын бүтпөйт жаңжалы, Алып көнгөн Сурмерген, Мындай нечен канчаны. Каарына карк толуп, Кабагына кар туруп, Алдына минген атына, Айабастан камчы уруп, Оңдоп-солдоп теминип, Ачуусуна чыдабай, Өпкө орудай демигип, Сайышып көнгөн мурунтан, Талыкпаган эринип, Качырып кирди чамынып, Сыртынан кызыл жамынып, Кабагы карыш салынып, Машы чыккан неме экен, Найзада мурун таанылып. «Ошол көнгөн адатым, Томоро сайып алам, — деп, Жаңы келген баланын, Ар кылганы чала» деп, Карбаластап карпаңдап, Өзүнчө сүйлөп күрпүңдөп, Өлтүрөм деп дүпүлдөп. Күүлөп сайган найзадан, Күү чыгып шамал күркүрөп, Үңкүрдөй оозу ачылып, Көзүнөн жалын чачылып, Каттуу тийди бакырып. Карап турат Кененим, Шашып койбой аптыгып. Найзанын учу жетерде, Муштаса кирип кетерде, Манастын уулу кара көк, Турган эмес бекерге. Кирипигин ирмеп жибербей, Найзаны улай кармады, Баткактан тарткан тайактай, Буйдалбай сууруп алганы, Сууруп алган найзасын, Кайта өзүнө салганы, Капталга найза урганы, Дененси таштан Сурмерген, Урган найза сынганы. Кылыгы көп Сурмерген, Кылычты кындан суурганы, Кененге кылыч булгады, Сырты менен балтанын, Кагып ийип Кененим, Камаарабай турганы. Балта тийген оңорбу, Кылычы каңкып жоголду. Кылымдан чыккан Сурмерген, Чойун башын күүлөдү, Көрүп туруп Кененим, Күүлөгөндө күлгөнү, Ачууланып Сурмерген, Ардангандан өлбөдү, Өлүп жерге кирбеди. Өлбөсө да Сурмерген, Кара жерге тең болду, Кайраты мунун не болду, Күүлөп алган чокмордо, Кененимди бир койду. Сурмерген ылдый чапканда, Кененим кар жиликке какканда, Сынып кетип жилиги, Чокмор түшүп калганда, Балтаны таштап жиберип, Чокморду алды Кененим, Мыкты сынган Сурмерген, Билип калды өлөрүн: «Туруп берип өлгөнчө, Мындан качып жөнөйүн!» Кайраты качты калдаңдап, Этектери далбаңдап, Эки буту салбаңдап, Коркуп көзү алаңдап, Аркасын карап кылчактап, Качып жөнөй бергенде, Качаарын баатыр билгенде, Кеңкула менен тап берип, Жарак албай колуна, Этектен түрө кармады, Алты кабат темир тон, Аткый кармап чогултуп, Үзөнгү боого салганы. Аз келгенсип анысы, Өзүнүн минген атынын, Куйругун кошо ороду, Камчы берип кула атка, Эр Кененим чу койду. Алдындагы Кеңкула, Арбытып чуркап алганы, Капталга салды калдайтып, Аңга салды дардайтып, Жерге салды тарбайтып. Сурмергендин ошондо, Аты менен өзүнүн, Эти тургай сөөгү жок, Териси келди колуна. Калыбектен башкасы, Кара жандан түңүлдү, Сынбай туруп белдери, Сыздап ооруп бүгүлдү. «Агам өлдү, мен калдым, Албай өчүм турбаймын!» Суунун уулу Суумерген, Ичине батпай убайым, Көзүнүн жашын тыйалбай, Сабыр кылып туралбай, Башка амал кылалбай, Сундуруп найза-жаракты, Сыздырып сулуу кара атты, Суумерген кетип баратты, Өз күчүнө ишенип, Өзгөчө кылат талапты. Эбегейсиз Кененим, Эч нерсени кенебей, Бендеби деп бейлебей, Адамбы деп элебей, Карап турат зыңгырап, Бучкагына теңебей. Ичинен кызыл кан кеткен, Тартынбады Суумерген, Сундуруп келген найзаны, Кененимге урганы, Солк этпестен турганы. Кайта айланып тийерде, Камбыл туулган кара көк, (Кара көктө, чара көп) Найзасын кагып жиберип, Балтаны кармап сабынан, Чабучудай имерип, Колундагы найзасын, Кененим кайра какканы, Сынып кеткен быдырап, Балтаны алса Кененим, Чыдап ага ким турат? Балтаны көрүп Суумерген, Кара тер бойдон жыбырап, Карарып көзү тунарып, Тамандан үркүп бүткөн бой, Төбөгө чейин чымырап, Токтоно албай Суумерген, Сууну карай качканы, Этек-жеңи дирилдеп, Алдындагы кара аттын, Жал-куйругу бириндеп, Эр намысы жоголуп, Кетип барат Суумерген. Кененим жетип барарда, Этектен түрө кармарда, Боз чаар минген койгулап, Боронбай жетти аларга: — Кыргыздан келген Кененим, Эдебиң колго берейин, Өлгөндүн өчүн алайын, Өлтүрүп сени тынайын, Эрдигиң канча, Кененим, Майданда сени сынайын! Өрт-жалындай күйгүзүп, Ыштаныңа сийгизип, Эрдигимди билгизип, Керегим журтка тийгизип, Элдин кегин албасам, Боронбай атым курусун! Кулактап менин угушум, Түбүң сенин бурутсуң! Суумергенди карматпай, Жез камчысын булгалап, Жетип келди Боронбай. Качырып кирип Боронбай, Камчы менен чапканда, Камчынын иши канча, деп, Кененим турат жайма-жай. Камчы келип тийерде, Айбандан артык Кеңкула, Ордун сала берди эле, Азыраак ыкыс желди эле, Кененимдин жанында, Кара каңшар турган таш, Камчынын учу тийгенде, Коргошундай мөлт этип, Жайнап түшүп жок болду, Мөлтүрөп туруп көйкөлүп, Уйуган аппак шор болду. Өтө берип Боронбай: «Кандай жаза чаптым, — деп, Эми күйүп жаткын» деп, Камчысын шилтеп жиберди, Карап туруп Кененим, Камчынын сырын билди эми: «Куйкалап кетет экен, — деп, Камчысы таамай тийгенди» Камчыны бойго жеткизбей, Боронбайды Кененим, Карыга кагып ийди эми, Камчынын учу азыраак, Найзанын тийген белине, Жалындап найза күйдү эми. Кененим каккан жез камчы, Бута атым жерге түшкөнү, Бозчаар минген Боронбай, Жебеден мурун жеткени, Бүлдүргөдөн камчыны, Илип алып кетти эми. Алтымыш катар Боронбай, Ар айла менен чапканы, Айлага айла-амал таап, Жез камчыны тийгизбей, Кененимдин какканы, Ошондо Кененимге жакындап, Гүлчоронун айтканы: — Бери кара, Кененим, Менин уккан бир кебим, Падыша Манас айкөлдөн, Калган бизге сыр найза, Сыйкыр өтпөс бул найза, Жез камчы кесип кете албайт, Ороло тийсе найзага, Тартса чыгып кете албайт. Сыр найза алгын колуңа, Сыйкырлуу камчы Боронбай, Тосо чыккын жолуна, Айла кылып, амал таап, Жез камчы түшсө колуңа, Беттешип сага туралбай, Боронбай качат соңуна, Сыр найзаны Гүлүстөн, Айтып туруп берди эле, Карап калып мелтилдеп, Анан алды Кененим. Сыр найзаны Боронбай, Сырын уккан абыдан. «Кытайдан келген түгөт кул, Сыр найза берди Кененге, Жез камчыдан ажырап, Кур каламбы эми эле? Мени менен дос болгун, Жер айланган жин пери, Манас сайган сыр найза, Сыйкыр өтпөйт, деди эле. Атасынын бир көрү, Жанымды айап нетейин, Кызыл ооз жалтыр көз, Жалжылдаган Кененим, Каныңды сени ичейин!» Кудай бетин салбасын, Куйундатып Боронбай, Колундагы камчыны, Адамдан бетер сүйлөтүп, Куржулдатып Боронбай, Сыйкырдын баарын көрсөтүп, Камчыны булгап шилтесе, Коңгуросу чалынып, Доолбасы кагылып, Атышып жаткан немедей, Мылтыктын үнү жаңырып, Тоо кабышып жаңырык, Иттер үрүп ажылдап, Чөөлөр күлүп шаңкылдап, Көрүнүп көзгө элеси, Буура келет шалкылдап. Шер келатат чакчаңдап, Дөө келатат дактаңдап, Кыйан келет сел каптап, Жалын келет чок жайнап. Жалынды көккө учуруп, Шамал келет жер чаңдап, Күн күркүрөп чартылдап, Жылт-жылт этип кызыл чок, Жердин бети жаркылдап, Жети дөөнүн көп кошуун, Баарыбыз калбай өлдүк, деп, Коркуп турат калтылдап. Ал Боронбай акырып, Өзүнүн атын чакырып, Сала берди камчыны, Кененимди качырып. Манастын уулу Кененим, Кебелбейт да, кененбейт, Нечен түркүн сүр келет, Бучкагына теңебейт. Атадан калган сыр найза, Күүлөп колго алганда, Коңгуроо, доолбас, күлгөнчөө, Атылган мылтык, үргөн ит, Чамынган буура, келген шер, Жайнаган чок, жааган күн, Кайсы экени билинбей, Боронбай чапкан жез камчы, Найзага келип оролду, Сыйкыры эми не болду? Найзаны булгап тартканда, Боронбайдын колунан, Чыгып кетти жез камчы, Алда канча алыска, Ыргып кетти жез камчы. Жез камчы жерге түшкөнчө, Кошо жетти Гүлүстөн, Жердин бетин куйкалап, Жерге түшүп кеткинче, Бүлдүргөдөн найзага, Илип кетти Гүлүстөн. — Мына, уулум Кененим, Өз колуңа алгын, — деп, Барып жетти Гүлүстөн. Камчыны көрүп Кененим: — Муну менен жоо алмак, Ишенип жарак болот деп, Антип жүрүш чоң акмак! Албайм, аба, албайм, Керек болсо өзүң ал! Анда Гүлүс кеп айтат: — Боз чаар минген Боронбай, Булуттай сызып баратат, Өз камчысы өзүнө, Салбайсыңбы, Кененим! Абаң айткан акыл кеп, Албайсыңбы, Кененим! Камчыны колго албады, Боронбайдын артынан, Бурулбай жолго салганы. Өргө салып Боронбай, Өксүтүп кетип калалбай, Эңишке салып Боронбай, Эбин таап кете албай, Кандырга салып Боронбай, Качып такыр кете албай, Черге салып Боронбай, Ченебей качып дем албай, Музга салып Боронбай, Мындан айла таба албай, Сууга салып Боронбай, Суурулуп кетип калалбай, Аңга салып Боронбай, Антип айла табалбай, Так кырк күнү качыптыр, Такыр бир күн дем албай. Кайрат кылып качырып, Каңкордун уулу Кененге, Кайрылып найза салалбай, Төгөрөктүн төрт бурчун, Төрт айланып Боронбай, Кутулаар айла таба албай, Бозчаар баспай калаарда, Кененим кармап аларда, Жер алдына түшпөсө, Башка арга жок калды, Сыйкыр менен Боронбай, Кара жерди как жарды. Жер айрылып ачылып, Боронбай кирди жашынып, Ойрон болгон Кененим, Опсуз жаман ачынып, Өчөгүшкөн душманды, Өлтүрбөй тирүү качырып, Жер алдына түшөм деп, Кеңкулага камчы уруп, Жер жарыгы бүтөт деп, Дегеле жаман шашылып, Кененимге жараша, Кеңкула сүйлөйт ашыгып: — Эр Кененим, кебимди ал, Айтканыма кулак сал, Жез камчыдан айрылды, Жер үстүнө жарыкка, Эми чыкпайт Боронбай. Эр Семетей, зор Бакай, Алымсарык агаңыз, Шер Гүлүстөн абаңды, Ошолорду караңыз. Жер алдына түшпөгүн, Ал төртөөнү эске албай, Таштап кетсең жакшыбы, Калыбекти куткарбай? Үч айлык келдиң алыска, Сен турасың түк туйбай. Кара нээт Калыбек, Калды эми мага деп, Майдан куруп жаткандыр, Чыккын бери кана деп. Дембелешип урушуп, Нөөмөт менен жулушуп, Жан калкалап тургандыр, Эске алгын аларды, Үч айчылык жол калды, Үч күндө жетип баралы. Тирүүлөй кармап алабы, Адамдан асыл Бакайга, Айабай азап салабы, Кармап алып кеткиче, Ажыратып калалы. “Кеңкула айткан акыл кеп, Кең Таластан келгемин, Куткарып аны алам деп”, Бура тартты Кененим, Кеңкула менен макул деп. Муну мындай таштайлы, Калыбекти Кененим, Сойгонунан баштайлы.