← Кененим 1/6

Кененимдин төрт баатырды кутказышы

Капчыгай өрдөп барганда, Күндүк жери капчыгай, Ак элечек тоо экен, Этек жагы жалама, Мелтилдеген зоо экен. Башы жети төр экен, Жети суунун куйушу, Шайтан көл деген көл экен. Сеңселип жээги чөп экен, Кайың, четин, табылгы, Каранай, арча, төө куйрук, Жыгачы калың көп экен. Тегерете байкаса, Тегерек туйук коо экен, Киши эмес тоо теке Чыгар жолу жок экен. Көлдүн аты Шайтан көл, Тоонун аты Шабырым, Албарсты, азыткы, Мисти мийан, жин-пери, Ээлеген экен баарысын. Тазкара барса жазган тоо, Канаты тоңуп каткан тоо, Карышкыр кирип барган тоо, Кетерине жол таппай, Кадамы анын каткан тоо. Айуу барса аралап, Кемирчек менен балтыркан, Саз менен сайдан казган тоо, Жай өтүп кышка айланса, Тоңкойуп өлүп жаткан тоо. Бугу барбас муздуу тоо, Тирүү жанга муңдуу тоо, Мына мындай муз менен, Капталган экен ушул тоо. Өрөөндүн баары жайык куз, Жандоонун баары жалтыр муз, Кылайган кара жери жок, Көз уйалткан аппак муз. Жайдын күнү болгондо, Элиги ойноп талында, Булбулу сайрап шагында, Кураны түздө бакырып, Улары төштө чакырып, Көлү толкуп шарпылдап, Куулары сүзүп калкылдап, Балыктары кылтылдап, Кундуздары жылтылдап, Көлдү бойлоп жарышып, Чөөлөрү күлүп шыңкылдап, Сыдырым жүрүп зыркырап, Кардыгач учуп зыпылдап, Жыргалы сонун күз кече. Чөптүн башы саргарып, Жана айланып кыш келсе, Калбайт экен тирүү жан, Бир эле күнү кетпесе. Кандай жан калса ажерде, Турушу менен муз болуп, Кыш айланып жаз келсе, Эрип кетип жок болот. Өлүм кыйын баарыдан, А жерге жандар токтобойт, Сырын билип болгондон, Мурунку өткөн кишилер, Шайтан көл деп ат койот. Төрт баатыр барды ал жерге, Жан корголоп тоо бойлоп, Жай кетип мезгил кыш экен, Таман койор жери жок, Баары аппак муз экен, Кары Бакай, хан Семең, Алымсарык шер Гүлүс, Капташкан жери ушу экен. Кыргыздын жайын угуңуз, Бейлеп угуп туруңуз- Энеси суу кыргыздын! Атасы тоо кыргыздын! Көрдүңбү сөздүн уңгусун! Алатоо бойлоп көчкөн журт, Аркайган тоодо өскөн журт, Кирин карда жууган журт, Киндигин музда кескен журт, Заңкайган нечен тоо менен, Салгылашып келген журт, Ак элечек арсак тоо, Жалтырак муз, аппак кар. Жамбаштап жатып көнгөн журт. Малын карга жайган журт, Кыргыз деген неткен журт? Мөңгүнүн суусун ичкен журт. Күрпүлдөгөн жыттанып, Күүлөнүп аккан сууларды, Күн эмес түндө кечкен журт! Таш жазданып көнгөн журт, Талашып салкын шамалды, Булут менен келген журт, Булуттуу тоонун ичинде, Тоодо өнүп өскөн журт! Кыдырып тоону жүрөт деп, “Кыр кез” атка конгон журт, «Кыр кез» ди элдер биле албай, Кыргыз атка өткөн журт! Эмне кылат кыргызды, Шайтан көлдө тоңгон муз?! Шабырым төргө толгон муз, Орун берет өзү эле, Кыргызды көрсө ошол муз. Муну койо туруңуз, Эми Таластан кабар угуңуз, Каткалаң, Жакып бир тууган, Каткалаңдын кыз Сайкал, Калмактарга кошулуп, Кыргызга канча чуу салган. Манас менен сайышкан, Качан Сайкал майышкан? Кечээ Бейжиндеги урушта, Билишип булар табышкан. Баатыр Манас өлгөндө, Өзү барып кыз Сайкал, Бир боорум деп үн салган. Ошол эжең кыз Сайкал, Болоорун мурун болжогон, Болжобой артын койбогон. Мергендин кызы Байтору, Сайкалдын досу болучу, Асманда учса канатуу, Абалтан мындай адаттуу, Байтору келип Сайкалга, Мына мындай кеп айтты: — Айкөлдүн уулу Семетей, Ак сакалдуу Бакай хан, Алымсарык жаш арстан, Алмамбетин шер Гүлүс - Буларга түштү мүшкүл иш. Жаралуу болду Саламат, Сак болуп араң келатат. Жанжүрбөстүн чөлүндө, Желжетпести жетелеп, Куйалы жүрөт туз көлдө. Камалып калды төрт баатыр, Шайтан көлдүн жээгинде, Жети суу келип бир куйган, Шабырымдын тегинде. Жору куйрук Кызыл алп, Коппой жатат жол тосуп, Такалып калган жеринде. Кыйын заман күн болду, Кылымга дайын эрлерге. Деп айтканда Байтору, Угуп алып кыз Сайкал, Арамдык жок кылайган, Өзү жетип барууга, Аппак чачтуу карыган, Мурункудай кубат жок, Бел бүкчөйүп арыган. Кыз Сайкал уккан окшош кеп: «Манастын тукумдарынан, Жалаңгыч Сарык чыгат» деп. Сейитектин эки уулу, Экөө тең сары туулду, Улуу катын Гүлнардан, Алымсарык болуучу, Алымсарык жашында, Камалып жатса муздакта, Жалаңгыч Сарык ал эмес. Кыз Куйалы балбандан, Кененим Сарык туулган, Туулду деп угулган, Көргөн эмес кыз Сайкал, Көрөйүнчү барып, деп, Сынга толсо Кененим, Угузайын анык, деп, Жесир кемпир түр алып, Жетим уулдан бирди алып, Алачык тигип коргонго, Айыл болуп конуптур, Конгонго он күн толуптур. Сейтек жатат коргондо, Манастан калган борбордо. Аш түгөтчүү Кененим, Алты жылы баспаган, Үч жылы болду басканы, Тогуз жашка толгону, Тойор заман болбоду, Ашпоздору ашташып, Үлгүртө албай койгону. Күндө көрсө кыз Сайкал, Тетири карап жатканы, Бери карап жатпады. «Тамак барбы мага?» — деп, Ушул экен айтканы, Жадаган экен ашпоздор, Калгандарга туйгузбай, Токочтун күйүп калганын, Күкүмүн кошо салганы, Муздак, жылуу дебестен, Ашып-ташып калганды, Көтөрүшүп алпарды, Бул эмине? дебеди, Тетири карап жегени, Сөөктөн өтөт билгенге, Ашпоздордун бул кеби: — Жатып алып жей бербей, Отун алып кел! — деди, — Отун алып келейин, Тойгунча тамак бер! — деди. Отун алып келгин, деп, Алты аркан бергени. Арканды алып басканда, Кырынан көрүп кыз Сайкал: «Анык өзү турбайбы, Жалангыч Сарык дегени, Бүгүн абдан билейин, Эртең, аркы күндөрдө, Бир беттешип көрөйүн». Акылга түйүп кыз Сайкал, Өрмөк курду чубалган, Ар качан кыргыз өрмөгү, Элөөсүз жерди чуу салган. Жакшы менен жамандан, Пайда менен залалдан, Адал менен арамдан, Эчтеме менен иши жок, Отун алды аралдан. Аңдуучусу Сайкалдын, Байкап жүрөт ар жайдан. Жыгачты сууруп түбүнөн, Жаман экен камандан. «Чатак салып эбин таап, Кеп угайын жамандан.» Келе жаткан жолуна Өрмөктү курду чубалган, Эбин таппай кыз Сайкал, Тимеле кепти сурардан. Өрмөккө залал жетпеди, Аттай басып кеткени. Мына ушинтип Сайкалдын, Айтылбай калды кептери, Мүкчүңдөй басып атайы, Аркасынан жеткени, Кененим отун таштады, Ашпаздардын үйлөрүн, Басып кала жаздады. Жер козголуп солк этип, Үйдө отурган ашпаздар, Жүрөгү чыга таз калды. Баары калбай жабылып, Эшикке чыга чуркады. Отунду көрүп таң калды, Күдүңдөшүп күбүрөп: — Ким көтөрөт мындайды, Баралына келгенде, Баарысынан Кененим, Балбан болот турбайбы. Тамак берип көбүрөөк, Эртең дагы жумшайлы, Эртең алып бир келсе, Бир ай жатып отунчу, Бекер ойноп жыргайлы. Эртеси кетти отунга, Бийик курду өрмөгүн, Кененим жолун тосууга. Кийинки күнү он аркан, Онду жалаң тартыптыр, Колтурмачтап көтөрбөй, Бир ийинге артыптыр, Чыкырып алып баласын, Сайкал мындай айтыптыр: — Отунду оор алыптыр, Келе жатат Кененим, Үзүп кетсе өрмөктү, Ага чатак салалы, Бир неме таап алалы, Эптеп жанды багалы. Баласына үйрөтүп, Байкап турду кыз Сайкал. Ачамай бутак илинди, Койбой үздү бир жипти. Жүгүрүп бала жеткени, Өрмөгүм төлөп бергин, деп, Жакадан ала кетти эми, Койгунуң, деп айтпады, Сырты менен сол колдун, Баланы Сарык жазгады. Колу тийген оңобу? Кайтып өөдө кобобу, Ошол бойдон дым тартпай, Бала өлүп жоголду. «Жолу болду балам, — деп, Өлдү жөөт арам, — деп, Сатып келген жөөттөн, Мындан калба табам» деп Баласына карабай, Басып барып жайма-жай, Сөз баштады мамундан: — Атадан кеткир айланып, Эки айактуу пендеде, Сендей жаман табылбай, Өз ашыңа ээ кылбай, Бербей койсо ашпаздар, Отун алып тартайып, Жан бакканың кай ишиң?!