Жыга чаптың баламды, Бөлүндү кылдың санаамды, Мындай күчтүү экенсиң, Куткарып келчи сен жаман, Семетей аттуу бабаңды! Ак сакал Бакай абаңды! Алымсарык агаңды! Алмамбет уулу шер Гүлүс, Куйалы балбан апаңды! Деп айтканда кыз Сайкал, Ийниндеги отунду, Жерге таштап жиберди, Айландыра Кеңколду, Бир тиктеди имерип. Көзүнөн чыккан жалындан, Өңүнөн чыккан заарынан, Сайкал калды ийменип, Бурулбай басып Кененим. Он эки катар тай чабым, Тартып салган желеден, Жылкы аралап келди эле, Асый, бышты сандан көп, Тобурчак, чалыш аралаш, Толуп жаткан аты көп, Эч бирине карабай, Көзүнө жылуу көрүндү, Кысыр эмди азоо тай. Желкеден кармап жетелеп, Алып келди козудай. Эшигине Сайкалдын, Алып келип жыкканы, Бир киши басып чыкпады, Басып туруп тизелеп, Улактан бетер мууздады. Ашканадан бир казан, Алып келип асканы, Кеп кылалбай ашпоздор, Түрпөтүн көрүп жазганды. Тайдын этин бүт салды. Чоң чарага көтөрүп, Кыз Сайкалга алып барды: — Кел эт жегин, чоң эне, Өз балаңбы, кулуңбу, Кеп кылбачы мунуңду, Өлдү кайта тирилбейт, Бошотпочу муунуңду, Жээниңби, тайыңбы, Сурабайым аныңды, Бакай менен Семетей, Гүлчоро, Алымсарыкты, Абдан айтчы дайныңды. Өрмөгүң, эне, үзүлүп, Мага эрмек табылды, Тирилтмек болдуң, энеке, Дайынсыз жаткан жанымды. Кыз Сайкал угуп карк этип, Үнүн жасап даңк этип, Карыса да кыз Сайкал, Жез комуздай шаңк этип; — Сурадың, балам, угасың, Укканда кандай кыласың? Сен баргыча чыгарат, Ал төртөөнүн жыласын. Өзүңдүн атаң эр Сейтек, Кишиден чыккан эр эле, Жумуру баштуу пендеден, Кашкайа жалгыз эр эле. Ат көтөргүс дөө болду, Карыш жерге жылалбай, Ырысы жок жөө болду. Күн батыштын тарабы, Кар болуптур кыйналып, Барып келген соодагер, Киши сойуп жеди, деп, Семетейге кеп салып, Угуп ушу кабарды, Аттанып кеткен Семетей, Миң кишини котчу алып, Хан Бакайды кошо алып, Гүлүстөн, Алымсарыкты, Ага кошуп кошо алып. Айтумуштун эли деп, Айтүбүнүн жери деп, Келгендерден кеп уктум, Жеткенди жеңди деп уктум. Биринен бири угушуп, Жети дөө келип чогулуп, Артыкчасы Кызыл алп, Тепсеп кирип оолугуп, Жел жетпес бутун аксатып, Саламат сөөгүн какшатып, Жан жүрбөстүн чөлүндө, Куйалы жүрөт ат багып, Саламат кетти жерине, Сакайса кайтып келүүгө. Буурулдун мойну кылжыйып, Ооз омуртка тайыптыр, Кара санга ок тийип, Суркойон аксап калыптыр, Айтылуу төртөө калыптыр, Амалы кетип шай кетип, Шайтан көлгө барыптыр, Шабырындын тоосунда, Солонуп булар калыптыр, Талыкпастан жол жүрсөң, Так токсон күн мол жүрсөң, Табасың элдин караанын, Азыр колго түшө элек, Барсаң тирүү табасың. Деп айтканда кыз Сайкал, Одурайган Кененим, Болжоп акыл ойлобой, Сен кимсиң деп сурабай, Ошол жерде туралбай, Тобурчак, чалыш, үкү, айак, Сүрдүү жылкы терс айак, (Жыйнатып койгон эр Сейтек) Бирден кармап бут артат, Көтөрө албай бүк түшүп, Мүргүгөнү оңолду, Жыгылганы копподу, Сандап жаткан жылкыдан, Көтөргөнү жок болду, Бут артар жылкы табалбай, Кененим ичи чок болду. Эми айласы кеткенде, Кербендин жолун тоскону. Соодагер өтөт топ болуп, Унчукпай барып бут артса, Көтөргөнү жок болуп: «Атамдан бетер мен дагы, Жөө жатамбы жыла албай!» Деп ойлонуп чок болуп. Күн бешимге барган кез, Кененим кайра жанган кез, Кара буура Чаткалда, Топ караан келет сандалып, Тосуп турду Кененим, Батыраак келсе экен, деп. Санап көрсө ат санын, Отуз жети ат экен, Ат ээси такыр сарт экен. Алдында кармап аттарды, Жибин кыркып жүктү алып, Кененим бутун артканы, Көтөрө албай жатканы. Отуз жети дегенде, Кара жал кула бышты экен, Жүгүн алып жиберип, Бутун арта саларда, Сүйлөп ийди тил кирип: — Аркам менин алты жоор, Эки бөйрөк, далым жоор, Чом басып жүрөт сээрим жок. Ушу бойдон сен минсең, Көтөрө албай мүргүсөм, Атың жок сага жөө азап, Бир кишини көтөрбөй, Мага калат жаман ат, Сенин атың Кененим, Менин атым Кеңкула, Сени кандай табам деп, Ар күнү эстеп жүрөмүн. Арстандын аты Аккула, Акырына байласаң, Кубантып жаным жайласаң, Он беш күндө семирем. Андан кийин сен минсең, Ойлогон жерге жеткирем. Унчукпай атты жетелеп, Араң келди Кеңкула, Басалбай араң сенделип. Арстандын аты Аккула, Акыры бар бул жакка, Ал акырга байлады, Так он беш күн болгуча, Аттан карыш ажырап, Эч бир жакка барбады, Күрүчтөн жеми эки убак, Арпакан берет бир убак, Жетелеп өзү сугарат. Он беш күнү толгунча, Кундуздай жүнү жылтылдап, Оролто тартып чылбырды, Ойкуштанып ыргыштап, Ополдун суусун бургандай, Он эки карыш казанды, Үч ашташтын кошууга, Асып койсо тургундай, Жетелеп жүрсө Кененим, Көргөндүн баары таң калат, Мүчөдөн өөн таба албай, Кээ бир сынчы айтышат, Жетпейт деп буга жагалмай. Күн он бешке жетиптир, Ат семирип бүтүптүр, Ойрон болгон Кененим, Ээр-токум алам деп, Казынагын тинтиптир. Тердиги көп, ээри көп, Кеңкулага чак келген, Дегеле ээрдин бири жок. Кийерге кийим таба албай, Жарактан канча бар экен, Мунун бирөө жарабай, Үстүндө эчки тону бар, Бутунда кийген көн өтүк, Бастырып үйдөн жөнөдү. Чом менен минип очойуп, Айылдан узай бергенде, Байкап көрсө кыз Сайкал, Берекелүү бар алптан, Кененим эмес көзүнө, Олуйа Кошой көрүндү. «Душманын жеңет экен, — деп, Берекелүү бек айбат, Белдүүдөн үчөө бар эле, Аман келет экен» деп, Кыз Сайкал калды үйүндө, Өз ойун өзү бекемдеп. Батышты карай бет алып, Эрен Манас баатырдын, Желесин тарткан керүүдөн, Жалгыз булак мазар суу, Жетип келди жээгине. Кеңкула анда кеп айтат: — Э, Кененим, — деп айтат, Эрдигиң бар, эсиң жок, Эчтеке менен ишиң жок, Түп атаң Манас жуунган, Мазар булак мына бу, Мени байлап жыгачка, Өзүң чуму булакка, Алыска сапар аттандың, Эбегейсиз ыраакка. Унчукпады Кененим, — Колуңду салып көр, — деди, Жылуу бекен, муздакпы, Анан айтып бер, — деди. Аттуу кетип баратып, Колун салды булакка, Ымчам жылуу туйулду. Жан алуучу чунакка, — Ысык экен суу, — деди, Кеңкула көөнү толду эми. Арыстан Манас кабылан, Барар болсо бир жакка, Ал булакка баруучу, Барып колун салуучу, Колго жылуу туйулса, Бастырып кетип калуучу, Муздак болуп калганда, Барбай жатып алуучу. Артуу-артуу сары бел, Аңкып жүргөн сонун жел, Чөптүн башы буралып, Жеген айбан кубанып, Чыга калды белеске, Батыш жагы тунарык. Алдында минген Кеңкула: — Мен чыдайын жүрүүгө, Сен чыдасаң минүүгө, Ыйык жалдан кармасаң, Өнөрүмдү карматам, Көзүңдү жумуп сен алсаң, Төрт айагым бир кезде, Тепе-тең түшөт бир жерге, Ошондо менин жеткеним, Болжолду барчуу жериңе, Кеңкула тилин алганы, Ыйык жалдан кармады, Көзүн жумганы, Кудай өзү туш кылган, Кененимге куланы, Арып-чарчап калбаган, Алты ай чапса бууданы. Туйагы ташка карсылдап, Какыр жерде тарсылдап, Каткан жерде такылдап, Өйүз-бүйүз тоолордон, Аттай чуркап закымдап, Жал-куйругу жазылат, Аркасында чаң калат, Кузгун учуп жете албай, Канаты талып салпылдап, Кулан кууп жете албай, Тилин салып акылдап, Эңишке салып ителги, Жетпей калды баркылдап. Нечен агым суу келди, Туйуктанып калбады, Нечен токой чер келди, Чулганып ага калбады, Ашуусу бийик тоо келди, Буйдалып мында калбады, Үч ай - токсон күндүк жол, Үч күндө жетип барганы, Кеңкула минген кишинин, Калбады бекен арманы. Бир убакта куланын, Төрт айагы тең түштү, Көзүн ачты Кененим, Аркайган тоонун этеги, Тоосу аппак кар экен, Ойдуңу көпкөк көл экен, Өзөнү агын суу экен, Айагы токой чер экен, Шайтан көл деген жер экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим». Элдик эпос. Басмага даярдаган Оргалча Кыдырбай. Булак: bizdin.kg.