Кызыл алптын кыргыны
Кара жанга күч келип, Калбай эли бүт келип, Жетимиш миң эл өлүп, Кырылып кетти түгөнүп. Күн батышта жети дөө - Эки мерген, эки дөө, Кабар укпай жай жаткан, Жана дагы бар бешөө. Жору куйрук Кызыл алп, Берки жаккы четинде, Суунун уулу Суумерген, Кызыл алпка жетти эле, Алдына барып кире албай, Чын айласы кетти эле. Кордук коргон Суумерген, Айал-үйөл кылалбай, Намысты таштап уйалбай, Саадагын салып мойнуна, Жөөлөп басып кирди эле. Бели ийилип бүгүлүп, Бирден басып жүгүнүп, Кайран бели бүгүлүп, Катындарча жүгүнүп, Каадасы менен турду эле. — Эминеге келдиң? — деп, Жору куйрук Кызыл алп, Жолу каткыр сурады. Келгендин жайын сураса, Жожурап байкуш турабы: — Айтумуштун элинде, Чынгыш хандын үйүндө, Чыныке сулуу кызы бар. Чынгыштан кызды сурадым, Калыңына миң киши, Алмак болду Чынгыш хан. Аркайдан киши жыйнадым, Алып келип бергемин, Ким экенин билбедим. Күн чыгыштын элинен, Качып кетти беш киши, Семетей деген эр экен, Кыргыз деген эл экен, Арыз-абалын айтыптыр, Андан кийин кайтыптыр. Санын миңге толтуруп, Эрикпей жүрүп олтуруп, Келген экен бул жерге, Элчи келди биздерге, Жарашарга болбодук, Урушар жерди болжодук, Жетимиш миң колумду, Алып бардым топтотуп, Айтумуш, Чынгыш чыгыптыр, Колун жыйнап колбултуп, Көздү ачып жумгуча, Алабыз деп ойлодук, Алмак турсун кыргыздан, Баарыбыз кыйрап сойлодук. Баатырдан өлдү кырк алты, Сурмерген менен Суумерген, Өлүмчө болуп жан калды. Күн батышта сен туруп, Сени ээрчип мен туруп, Акым, Шакым - эки дөө, Ага - ини тең туруп, Боз чаар минген Боронбай, Калыбектей эр туруп, Айтумуш, Чынгыш - эки улук, Сурмерген менен Суумерген, Калабызбы журтта улуп?! Калка болуп барып кел, Чынгыштын кызы Чыныке, Сулууну мага алып бер. Арманыма кулак сал, Баарысынан бир шумдук, Курушат куйкам мен угуп, Атасы Манас барыптыр, Бейжинге кыргыз чубуртуп, Кытайга колун салыптыр, Кыздарын олжо алыптыр; Ооганга бүлүк салыптыр, Баш көтөрөр жан койбой, Ат жетээр жерге барыптыр; Эки жолу сага кол салган, Сарыбайды сойуптур, Коркконунан кыз балбан, Кыргызга олжо болуптур, Мени алганда сени алат, Күн батышта жети дөө, Баарыбызды тең алат, Кытайды мурун алыптыр, Кылымда мындан ким калат? Жору куйрук, Кызыл алп, Сөздүн жайын угуптур, Сойлотойун баарын, деп, Кырк миң аскер жыйыптыр, Ат көтөрбөй өзү жөө, Үркөрдөй болуп жылыптыр. Келе берсин Кызыл алп, Суумергенден угуптур, Соолуп калган түгөнгүр, Изин башка буруптур. Акым, Шакым дөөлөргө, Баштан айак калтырбай, Кызыл алпка айткан кеп, Баарын айта калыптыр, Ага - ини эки дөө, Алтымыш миң кол менен, Алар да жолго салыптыр. Арамзада Суумерген, Боронбайга жолугуп, Булкулдап ыйлап соолугуп, Болгон кепти бүт айтып, Апыртма кошуп күч айтып, Жалган жерин чын кылып, Кичинесин чоң кылып, Боронбай болгон кепти угуп, Бу дагы жүрдү оолугуп, Кырк миң колун жардатып, Топуракты чаңдатып. Ишенгени жез камчы, Таштан кайтпас тез камчы, Пери менен дос болуп, Белекке алып кош болуп, Беттешкенин жоготуп, Боронбай жүрчү оштонуп. Кишиден кыйар Суумерген, Кылчаңдабай бу мерген, Дайрага келсе суу кечпей, Тоого келсе бел ашпай, Сыйкыры артык балакет, Жанына батып ала кет, Калыбекке келди эми, Камчысын салып мойнуна, Ханга салам берди эми. Алик алды Калыбек, Баарыдан жаман кара нээт, Калыбек менен кез болуп, Тирүү калуу кыйын кеп. Мелтиреген Калыбек, Көк мейкин зоодой зымылдап, Аш кайнамча кеп кылбайт, Кеп кылса да түз кылбайт: — Суунун уулу Суумерген, Чыныкени алдыңбы? Чын сулууга кандыңбы? Кишиден калың берем деп, Далайдын жашын алдыңбы? Айтумуш менен Чынгышка, Айабай мүшкүл салдыңбы?! Арамзада Суумерген, Өлүмүн санап бой берген, Айткан кеби бул экен: — Алдыңа келдим, Калыбек, Бүгүнкү бизге канимет, Эртеңки ишти ким билет? Семетей келди бизди деп, Беттешип чыгып кыргызга, Көзүмдүн жашы себелеп, Күн чыгышты алыптыр, Бүткүл баарын тебелеп, Атыңарды чыгарсам, Сүйлөндү мени жемелеп. Айтумуш, Чынгыш куурулду, Шайтан көлдүн талаасы, Кызыл канга жуурулду, Айтып кантип түгөтөм, Баатыр сага муңумду! Кыргыздын пейли бузулду, Кең дүйнө бизге кысылды, Аламын деп айтпады, Кармап сойду кысырды, Алдыңызга келгемин, Мен айткалы ушуну. Жору куйрук алп укту, Акым, Шакым дөө укту, Бозчаар минген Боронбай, Жолдо учурап бул укту, Баары калбай кыргызга, Барабыз деп оолукту. Айтып болуп Суумерген, Ыйлап ийип соолукту. — Ыйлабагын, арам ит, Баатыр болбой жерге кир, Семетей дедиң билбедим, Кыргыз дедиң сүрдөдүң, Түшүндүрүп жакшыраак, Мага толук сүйлөгүн. Кобо кылып Суумерген, Тоңкобаш атып тогуздап, Көзүнөн жашы тамчылап, Өкүрүп атып солуктап: — Сүйлө дедиң сүйлөйүн, Мурун сүйлөп бергенге, Айбатыңан сүрдөдүм, Жандан тойуп түңүлүп, Алдыңызга киргемин. Мында келген Семетей, Кыргыз элдин ханы экен, Семетейдин атасы, Манас деген зал экен. Күн чыгышта каханга, Күчүрөгөн жер толуп, Күллү кытай калкына, Жазганбастан барган дейт, Ата Бейжин калаасын, Аз күн да болсо алган дейт, Ага бүлүк салган дейт. Ташкент, Кокон, Маргалаң, Кашкар, Котен, Кешмирди, Көз каранды кылган дейт, Түндүктөгү Каңгайды, Түп көтөрө алган дейт, Урумдагы Орусхан, Баштагы өткөн хандардан, Будагы кыргыз уругу, Манас менен бир тууган. Ошондуктан урумдук, Уйпаланбай тынч калган. Өлгөн Манас тууралуу, Уккан кабар ушунча. Манастын уулу Семетей, Кийин чыккан эрлерди, Түк койбоптур кенедей, Эми мында келиптир, Өзүңүздү баш кылып, Бучкагына теңебей, Бендеби деп бейлебей, Адамбы деп элебей, Аскери көп немедей, Тоотпой жатат ченебей… Деген жерге келгенде, Кара көңүл Калыбек, Кара көк тартып түрдөнүп, Суумергенге сүйлөнүп: — Аскеримди кырды деп, Келесиң мында сүйрөлүп! Жоору куйрук Кызыл алп, Акым, Шакым эки дөө, Бозчаар минген Боронбай, Не келбейсиң түз мында, Аларга айтып угузбай?! Бачымыраак жолго сал, Бадырайып отурбай! Алдында алар барбасын, Ажыдаарга беттешип, Балакетке калбасын, Барып айтып токтоткун, Бекерче өлүп албасын. Такыр калбай кырылса, Эсебин алчу мен бармын, Мен эсебин алгынча, Күн батыш эли азыраак, Түгөнүп булар калбасын. Сен жеткинче түз барып, Кырылганы өзүнө, Менин кебим укпастан, Катылышса кыргызга, Көрүнбөсүн көзүмө, Каңгыраган кыргыздын, Көрүнөйүн көзүнө! Кыргыз эмес кылымда, Тең эмес бенде өзүмө. Алтымыш миң кол алам, Аттанып мен да жол салам! Деп күүлөнүп Калыбек, Суумергенди узатты, Бир сындырым нан бербей, Бир пийала чай бербей, Отураар орун - жай бербей. Калыбектен кутулуп, Суумерген кетти жутунуп: «Калыбек барса кыргыздын, Бирин койбой кырат, — деп, Ишим менин оң экен, Төртөө барса чогулуп, Кыргызга бүткөн шор экен.» Кабар уккан Кызыл дөө, Ат көтөрбөй өзү жөө, Арада канча жол басып, Уктабастан мол басып, Жетип келди Кызыл алп, Кыргын - чууга улашып. Эки мерген аскерди, Ээси жоктой өлгөн көп, Беттешкенин кыйратып, Белдүүдөн жаткан кара көк. Күн жайылган мезгилде, Кызыл алп жете келди эле, Айтумуш, Чынгыш караса, Жайнаган аскер көп келди, Жалындап күйгөн өрт келди, Жерде жылган тоо келди, Зоңкойгон бийик зоо келди, Мурун булар көрбөгөн, Ким экенин билбеди. Айтумуш, Чынгыш ашыгып, Кыргызга келген элби деп, Кыймыл этер жан калбай, Кыбыратпай жеди, деп, Сурмергендин алдына, Кирип барды энтелеп, Коркконунан айталбай, Алсырашып темтелеп: — Карааныбыз Сурмерген, Бизге калка сен элең, Колуңуз сынган сиздики, Кокуй күн болду биздики. Ат минбестен жөө жүргөн, Дөөнү көрдүк ыраактан, Кыркты көрдүк байрактан, Желпилдетип келаткан. Мурунку кыргыз барында, Кызыл кыйан кан аккан, Эми кыргыз келип кошулса, Бир адам калбайт биз жактан, Караанын көрүп бул дөөнүн, Түңүлүп калдык биз жандан. Сурмерген айтат сөзүн шар: — Айтумуш, Чынгыш, угуп тур, Акылдан танып абдыкпай, Дайынын угуп силерден, Болду менин көөнүм жай. Айттыңар силер, мен билдим, Күчүңөргө күч кирсин, Чыккан болсо жаныңар, Уйасына түз кирсин. Канча күндөн бер жакка, Көрүнбөдү Суумерген, Абкаарып калып кыргыздан, Кабарга кетти деп жүргөм. Силер айткан жөө желген, Кызыл алппы деп билем. Жору куйрук Кызыл алп, Жолукканды соо кылбас. Алдынан тосо барыңар, Кырылган аскер биздики, Кырган киши тиги, деп, Көрсөтүп койуп кыргызды, Кайра артыңа жаныңар. Сурмерген айткан акыл, деп, Айтумуш, Чынгыш жөнөдү, Жарыша койуп макул деп. Келе жаткан чоң дөөгө, Жакын жетти жарашып, Аттан түшө калышып, Салам кылды майышып. Саламга алик албады, Баштады чочко калбаны, Айтумуш менен Чынгышты, Катарынан кармады: — Сен болосуң ким? деди, Жору куйрук Кызыл алп, Мен боломун бил! — деди. Айтумуш, Чынгыш чыркырап, Ошондо ыйлап жиберди: — Кырылган аскер биздики, Кырган кыргыз тетиги! Ачык угуп Кызыл алп, Аскерин түшүп жат, деди, — Эртең менен таң ата, Барабанды как! деди. Айтумуш, Чынгыш, Сурмерген, Жалгыз менин жээрим, Токсон доңуз тап! — деди. Мына бу келген кырк миңге, Жүз кишиге бирден төө, Сойуп берип бак! — деди. Бекерге эмес сойгон төө, Кыргызды алам кыйратып, Бир төөгө үчтөн ат, — деди, Бербей койор чама жок, Баарысына куп деди. Айтумуш, Чынгыш чапкылап, Коржоңдотуп төө айдап, Төөгө кошуп доңузун, Коркулдатып жөө айдап, Келип турду алдына, Башын салып кол байлап, Алып келген тартуусун, Жалмады койбой баарысын. — Айтумуш, Чынгыш, кайт, — деди. Үйүңө барып жат, — деди, Кыргыздын аты бош калат, Олжо жыйнап чап, — деди. Элден чыгып күдүңдөп: «Кыргызды алып болгунча, Жеп болобу бизди, — деп, Сойушуна бир күндүк, Токсон доңуз, төрт жүз төө, Кана бергин тап десе, Суумерген менен Сурмерген, Эки күндө бир киши, Алып келгин бас десе, Бизден сыйкыр качканбы, Ойлоп көрсөк бул кезде. Дагы төртөө келет дейт, Эмине дейт ал келсе?» Сар-санаа болуп салбырап, Суу болгондой шалбырап, Эки дөө кайтты үйүнө, Ит талаган кишидей, Этегин жыйбай далбырап. Кызыл алп жатты ал түнү, Төө менен доңуз сойуп жеп, Чыланып майга малмырап. Аңгыча сүрүп таң атты, Кызыл алптын кошууну, Кернейлерин чуулатты. Кернейдин үнү бапылдап, Сурнайдын үнү шакылдап, Аттангын деп аскерди, Айтылып чыкты чакылдап, Кызыл алптын аскери, Кыргызга келди жакындап. Абаң Бакай кеп айтат, Элге акыл эп айтат: — Көрдүңөрбү балдарым, Тетиги душман келатат, Кетүүчүдөй көрүнөт, Агызып кыйан сел каптап. Амал кылып урушуш, Абалтан бери калган иш, Канча күндөн бер жакка, Сурмерген менен уруштук, Аз да болсок кыргыздар, Ага кылдык туруштук, Ушул бүгүн ойлосом, Арзан эмес бул жумуш. Өткөн күнү кечинде, Жерде жылган тоо келди, Ийип белин жыккысыз, Ийилбей турган зоо келди, Агызып кетип калбасын, Азыраак кыргыз биз элди. Карап тура бербейли, Каршы келген душмандын, Эдебин колго берели, Байрак тиктеп туу жайгын, Басалы элдин чуулганын. Эрекче душман көрүнөт, Эсим эки бөлүнөт, Элебесек душманды, Каныбыз эми төгүлөт. Келе жаткан черүүдөн, Эбегейсиз зор көрдүм, Башына адам чыгалгыс, Опсуз бийик тоо көрдүм. Жатпагыла, тургула, Аттангыла, болгула! Бакайдан буйрук алыптыр, Аттанып жолго салыптыр, Кызыл желек туу сайып, Душманды тосуп калыптыр. Маңдайдагы душмандан, Бөлүнүп чыкты бир адам, Капкалуу коргон көрүнөт, Карааны башка бул адам. Салмагынан жер солкуйт, Тиктесе көзү көл толкуйт, Каш-кирпиги бадалдай, Колунда жарак деги жок, Келе жатат тайманбай. Алымсарык далдаңдап, Абакеси Бакайдан, Нөөмөт сурап калдаңдап: Мен чыгайын жекеге, Келе жаткан айбанды, Келтирбейли бу элге. Туурда куштай кагынып, Туралбай Сарык чамынып, Ок өтпөскө жасалган, Олпок тонун жамынып, Хан Бакайдан бата алып, Ак калпак кыргыз алаштан, Алымсарык аттанып, Тоо экен деп жазганбай, Чоң экен деп апкаарбай, Манастап айтып бакырып, Ураанын айтып чакырып, Күүлөп найза сундуруп, Күркүрөгөн үн чыгып, Учунан жалын сүр чыгып, Өөдө жакка бой жетпейт, Как киндиктин тушу, деп, Жарылып кетсе өлбөйбү, Табарсыгы ушу деп, Таамай муштап өттү эми. Өткүр найза бөрү тил, Терисине тийгенде, Ташка тийген немедей, Кайра каңгып кетти эми, «Кара боорго өтпөдү, Кара санга өтөрбү?» Кайра айланып муштады, Төрт эли өтүп такалды, Өтпөй найза какалды. Терисин бүтүн тешпеген, Сулп этине жетпеген, Оң айланып бир сайды, Сол айланып бир сайды, Беш катар сайып өткөндө, Аркасына кылчайды. Ачып колун сермеди, Сермегенде Кызыл алп, Колуна Сарык келгени. — Мыкты кишиң ушубу? Мына, кыргыз, ал! — деди, Ыргытып аны жиберди. Сарык келет калдаңдап, Этек-жеңи далбаңдап, Жерге түшсө өлөт, деп, Көргүлүгүн көрөт, деп, Арстан Гүлүс алаңдап, Алдыңдагы Сур койон Чабына батпай жалаңдап, Алымсарык балбанды, Түшүрбөй кармап алганы. Кызыл алыптын көп колу, Айтумуш, Чынгыш зорлору: “Алда кандай эрдир? — деп, Бир кишини алмадай Кармап алды тиги, — деп, Тийип калса колуна, Тим эле бизди жеди” — деп, Дүркүрөшүп калышты. Жооп алып Саламат, Кызыл алтын башына, Саламын деп алаамат, Кер ат менен чу койуп, Темирден найза койкойуп, Карандуу көзгө көрүнөт, Эр Саламат болкойуп. Бурулган жерде камчы уруп, Төөдөй болгон чоң дөөгө, Капталынан найза уруп, Жин ургандай бакырып, Манастын атын чакырып, Дагы тийди Саламат, Такыр колтук көбүккө - Өпкөсүнө найза уруп. Манастын атын укканда, Тиктеди капыр акыйып, Чанагынан чыкчуудай, Эки көзү чакыйып. Муштап өтө бергенде, Мүргүй түшүп оңолуп, Алп атына ээ болуп. Мүргүбөгөн чоң болуп, Жан жагына карады, Көлөкөсү чоңураак, Бир дарактын карааны, Кармады чочко сабынан, Сууруп алды чынарды, Кыл суургандай камырдан, Манас деген кепти угуп, Ачууланып абыдан. Кайра айланып Саламат, Капталга найза сайганда, Чынарды булгап ийди анда. Салаа-салаа бутагы, Бир бутактын жоондугу, Жетпеген адам кучагы. Күүсү тийбей чынардын, Күчү тийген болуучу, Аркан бойу чынардын, Учу тийген болучу, Чоң чынар тийсе кишиге, Качан жакшы болучу? Аты менен Саламат, Учуп кетти каргадай, Капталдап барып жыгылып, Топого башы тыгылып, Талаа-талаа тилинип, Куйканын каны чубуруп, Кабыргасы кабышып, Сынып кетип төрт-бешөө, Өпкөсүнө жабышып, Эки имерип чаптырбай, Куйалы кетти чабышып. Талаада жаткан Саламат, Чатырга алып барышып, Жарага дары чабышып, Кажыр өтүн табышып, Киши кетпей жанынан, Күндөп түндөп багышып, Эс алганда Саламат, Кыймылдаса козголуп, Кабыргасы кылтылдап, Чынар тийген капталы, Такыр баары кыйчылдап, Колу-буту бүт сынык, Өөдө болбой шылкылдап, Алты күнү жай жатты, Сакайып кел барып, деп, Кошуп берип он эрди, Өз элине узатты. Кантип жатат Куйалы, Эми андан кабар угалы. Арыбы көп кыз балбан, Алты күнү салышып, Арып-талып калбаган. Арбын салды урушту, Арзан эмес жумуш бу, Оңой эмес кыз балбан, Алты күнү турушту. Арбаңдап каапыр жүгүрүп, Ачууланып Кызыл алп, Куйкасы мунун курушту. Кере бута жерлерди, Аттай-буттай түйүлүп, Шашып калды кыргыздар, Куйалыдан түңүлүп. Бутактары копшолуп, Колундагы чынары, Нак сойулга окшошуп. Буудан күлүк жел жетпес, Бура тарта бергенче, Куйалы балбан бурулуп, Тартаңдаган арам ит, Күүлөп турду чынарды, Чокудан ары бир уруп. Куйалы кетти тумактай, Алдындагы жел жетпес, Бута атым кетти улактай. Жел жетпес буудан күлүктү, Күүсү менен урганы, Кара ташка чабылып, Жаш башынан сынганы. Жебеден мурун Гүлчоро, Кызыл алпка жеткени, Куйалыны сапа-сак, Ажыратып кеткени. Жыгылган жерден кыз балбан, Желжетпести көтөрүп, Шыңк эттире жөтөлүп, Алымсарык баланы, Чакырып жанга алганы: — Хан атама айтып кел, Эмне десе кабарын, Бала, мага айтып кел. Желжетпес буту аксады, Киши жок муну баккалы, Бүткөн бойдун тарпы жок, Саламаттын жатканы. Кездешип турган Кызыл алп, Кыйын заман күн туулат. Хан атам акыл эргитип, Саламатты жандырды, Жөө жатып тамак жеп бербей, Мен барайын бир жерге, Желжетпести баккалы, Деп Куйалы айтканы. Угуп алып чунагың, Бакай абаң, Семейге, Куйалы кебин айтыптыр. Абаң Бакай, хан Семей: — Чын айтыптыр Куйалы, Акыл кеп го бу дагы, Жетип келсин Куйалы, Сакайганда бууданы. Алымсарык айтыптыр, Желжетпести көтөрүп, Куйалы балбан кайтыптыр. Алмамбет уулу Гүлчоро, Буттай темир курчанып, Бузулуп өңү кумсарып, Өткүр найза карманып, Оң айланып он сайып, Бурулуп арка жагына, Буудан Сурду чуратып, Бөйрөктү болжоп он сайып, Кайрылганда качырып, Карчыганын балык эт, Кандуу найза батырып, Манастап ураан чакырып, Бакалоорго сайууга, Бойу жетпей шашылып, Эмчектен ылдый карата, Элүү найза уруптур, Сандан каны салаалап, Дөөнү канга жууруптур. Ана-муна дегиче, Айта-буйта кылгыча, Ачып көздү жумгуча, Алтымыш балта уруптур, Этинин баары көгала, Талаа-талаа карарып, Жердин бети жуурулуп, Жыбырап кызыл кан агып, Карап турган көпчүлүк, Эр Гүлүскө таң калып, Кудай урган бул дөөгө, Мынчалык неме канчалык? Коборуп койгон мунардай, Козголбой турат заңкайып. Жана кирди Гүлүстөн, Жан айабай качырып, Жаалы чыгып жүзүнөн, Көзүнөн жалын чачылып, Кыпындай кызыл бир жанды, Кылга байлап таштады, Кыйын уруш баштады. Эсине келип эр Гүлүс: «Болду чочко кыйын иш, Каржилик менен жотонун, Булчуңун жара чабайын, Тарамышы кыркылса, Жер тайанат Кызыл алп, Өзөктөн канын жайайын.» Кылычты тартып кынынан, Кыйкырыгы таш жарып, Таштан өтүп баш жарып, Кыраан Гүлүс качырды, Кызыталак Кызыл алп, Мындан кайдан шашылды. Жакын кирип келгенде, Жеткизбестен кылычты, Көк желкеден аткыды. Акылы терең эр Гүлүс: «Кармамак болду мени, — деп, Колуна тийсем жеди» деп. Дөө жагына ыктады, Чоркоктук кылып Кызыл алп, Үстүнөн алыс муштады. Муштуму жерге тийиптир, Чыканактан кириптир, Колун тартып алганда, Суу жайыла бериптир, Көрүп туруп кыргыздын, Ыштанга көбү сийиптир, Айтумуш, Чынгыш сүйүнүп, Бакырышып ийиптир. Байкап булар караса, Эр Гүлүстөн тигинде, Эч карааны көрүнбөйт, Топурак басып калыптыр. Алда кандай заман, деп, Абаң Бакай, эр Семең, Алмамбет уулу шер Гүлүс, Калды бекен аман, деп, Кадала туруп караса, Топурак тунуп арылды, Жердин бети жарынды, Аты менен эсен-соо, Шер Гүлүстөн таанылды. Колтукта калып кол тийбей, Колу түгүл жел тийбей, Калган Гүлүс акырып, Кайра тийди качырып, Гүлүстүн үнүн укканда, Гүдүңдөгөн Кызыл алп, Умачтай көзү ачылып, Кучактап кармап алам, деп, Колу мунун жазылып, Колун жыйып имерип, Бура тартаар чама жок, Барып калган Суркойон, Ооздук тиштеп нидиреп, Колтугуна илинди, Алмамбет уулу Гүлүстүн, Кутулбасы билинди. Манастын уулу эр Семең, Кайгырбаган эр немең, Бура тартты ошондо, Буудан күлүк буурулду, Манастап ураан чакырып, Семетей үнү угулду, Айтумуш менен Чынгыш хан, Кызыл алптын көп колу, Заманасы куурулду. Аты менен Гүлүстөн, Карысында салаңдап, Эр чырагы эки көз, Маңдайында алаңдап, Көрүп Семең шашылып, Кызыл алтын оозун көр, Жеркуйдай болуп ачылып. Көсөм тууган Семетей, Жетип келди шашылып, Каржиликтин булчуңга, Урду найза качырып. Манастан калган сыр найза, Булчуңду кетти аралап, Тарамыштан найзага, Түрмөк-түрмөк канчасы, Илинип чыкты самсаалап. Бүгүлбөй колу шалк этип, Төрт айагы сур аттын, Кара жерге тең жетип, Кутулуп Гүлүс эр кетип, Кызыл алп колу жаралуу, Бойу тоодой чамалуу, Арстандын уулу чунагың, Тайбуурул менен чуратып, Кездемдин боосун чубалтып, Кезгерип найза чунайтып, Как бөйрөктүн тушу, деп, Карчыттан кара кан акса, Шайы кетер ушу, деп, Андес өзү шамдагай, Адис болгон хан Семең, Канча удаа найза уруп, Кызыл алптын карчыттан, Каны агып чубуруп, Кызарып каны жошулуп, Топурака кошулуп, Кудай урган Кызыл алп, Мурду көөп дердеңдеп, Муруттары сербеңдеп, Сакалдары эрбеңдеп, Кармаймын деп кол сермеп, Буурулду кармап алам деп, Арыш таштап дардаңдап, Колу-буту тарбаңдап, Типтик башы соксойуп, Орто тоого окшонуп, Опсуз кирди Кызыл алп. Семетей калбайт апкаарып, Тартынып калаар жери жок, Кара бойун кайтарып. Жаза сайбайт эр неме, Жалтангансып жазганып. Ойуна кетип Семетей: «Найза менен сөөк сынбайт, Найзалап жүрүп жан тынбайт, Балталап уруп көрөйүн, Көрөйүн мунун өнөрүн.» Төкөр уста Бөлөкбай, Жайы-кышы жасаган, Эшик эндүү ай балта, Кармай алды сабынан, Как ыргайга саптаган, Пил терисин каптаган, Арта салып ийинге, Ээрдин кесе тиштенип, Эр Семетей киргенде, Колтуктан өөдө кол жетпей, Каптал кайсы, бел кайсы, Томук кайсы, кол кайсы, Токмоктоп ура бергенде, Кызыл алп жаны кыйналып, Кысталып турган кездерде, Акым, Шакым эки дөө, Жайнап аскер кол келди, Сапка келип тизилди, Чатырларын түшүрдү. Аңгычакты болбоду, Бозчаар минген Боронбай, Кырк миң черүү кол менен, Кылкылдап келип бул турду. Элдер келип жатканда, Суунун уулу Суумерген, Жете келди ал жактан: — Баарыңар мында келдиң, — деп, Хан Калыбек кеби, — деп, Менден мурун ким барса, Катышпасын деги, деп, Жиберди эле мени, — деп, Айтпай койсом маа жазык, Айткан кепти албасаң, Кимиң беттеп турасың, Калыбекке жанашып? Өлүп кетсе Кызыл алп, Баарыбызды бул кыргыз, Кыбыратпай кырат, — деп, Жалгыз калса Калыбек, Уруксат сурап чыккың, — деп, Дөө тилинде бакырып, Калыбектин кеби, деп, Кызыл алпга угузат. Кепти угуп Кызыл алп, Жан жагына козголсо, Кабыргасы кычырап, Эңкейип алдын караса, Кызыл канга жуурулуп, Топурак ылай былчылдап, Токтоно албай Кызыл алп, Титиреп кирген кылчылдап. Көкжал төрө күпүлдөп, Көсөлүң урган чоң балта, Тийип турат дүпүлдөп. Акылын жыйып Кызыл алп, Суумерген айткан акыл, деп, Алайын тилин макул, деп, Семетейге айтат кеп: — Мен келгени, Семетей, Албадым тыным кенедей, Майданга ачка келгемин, Эчтемени ээлебей, Азыркы сенин турушуң, Эр экенсиң ченебей. Эрдигиңе кол койдум, Тамак ичип келейин, Беш күндүккө жол койгун. Далай күнү уруштук, Беш киши менен салышып, Жалгыз кылдым туруштук, Оңой бүтөр көрүнбөйт, Ойлоп көрсөм бул жумуш. Деп Кызыл алп айтканда, Эрдик менен элебей, Манастын уулу чунагың, Эч нерседен кенебей, Зыңгыраган Кызыл алпты, Бучкагына теңебей: — Барсаң, капыр, барып кел, Беш күндөн калбай кайтып кел, Керээз кебиң элиңе, Бала-чака жээниңе, Кеп байлашкан жериңе, Калтырбастан айтып кел! Болжол күнү беш болуп, Урушмак болуп беш күндө, Оролошуп кез болуп, Орто жерде экөөнүн, Убадасы тез болуп, Майдандан чыкты бөлүнүп, Бара жатат Кызыл алп, Барча тоодой көрүнүп. Аскерине жеткенче, Көөнү ачылбай карарып, Өмүрү тамам болгондой, Өлүмү жакын көрүнүп, Бутун серпип тартканда, Жошулуп каны төгүлүп. Баары аскери камынып, Алдынан тосуп жабылып, Каадасы экен алардын, Тизилип сапка жалынып, Кирип жатты Кызыл алп: — Мага тамак дайарлап, Так тойгундай кылып бак: Санаты болсун алтымыш, Аракка толсун саптуу айак. Кыркка тосун санаты, Чоң-кичик болуп төрт айак, Бул кыркынан башкасы, Айуу болсун, ит болсун, Айак жагы суур болсун, Тетиги кыркты кошкондо, Санаты токсон жан болсун, Бакканынан он доңуз, Аны менен жүз болсун, Аңгычакты жеп турам, Токочтон жүзү жам болсун! Камдап баарын келгенде, Алдындагы чалууга, Токочтон жүздү жегенде, Эт алдына келгенде, Суунун уулу Суумерген, Эшиктен кирип келди эле, Бери кел дебей курдашын, Бербей жалгыз жеди эле. Алтымыш саптуу айакты, Алтымыш ууртап таштады, Кырданмак болду Кызыл алп, Уйкунун даамын таткалы, Туйунтмак болуп Суумерген, Кызыл алпка айтканы: — Ойуңда сенин жок экен, Мен келбесем кайткалы, Алың келбей калыпсың, Тамак ичип келсем, деп, Семетейге айткалы, Күнүң бүткөн кез экен, Жер кучактап жаткалы. Жаздыгыңды оңдодум, Жаныңды өөдө кобордум, Жата бербей тайрайып, Келер жагын ойлогун. Беш күндөн калсаң кечигип, Калыбек келет жетишип. Анда жакшы болбодуң, Калбалашсаң катышып, Калыбектен сойлодуң, Карала атчан Калыбек, Калыбекке беттешип, Тирүү калыш канимет. Калыбек сыры белгилүү, Бекер айткан кеп эмес, Көөнүмдө жакшы көргөндөн, Сага айтам мен кеңеш. Кеңеш кепке ынасаң, Беш күндө өөдө туралсаң, Семетей менен беттешип, Көмө сайып жыгалсаң, Анда жаның бир калдың, Өлүп кетсең кыргыздан, Кутулуп мында бир калдың, Экөөнүн бирин кылбасаң, Калыбектен суладың. Этиңде тамтык калбаптыр, Сак жериң койбой жаралап, Күч берүүчү булчуңду, Найзанын учу аралап, Тарамышың тилинип, Тал-тал болуп салаалап. Бул бойдон жатсаң элебей, Беш күнү уктап копкуча, Шишик басат ченебей. Муунуңа түшөт сары суу, Бөөдө өлүп каласың, Элиңе салып чуру-чуу. Алты эрдин өтүн тап, Аны ичиңден ичип жат, Айуу, бөрү, көк жору, Кажыр, түлкү өтүн тап, Жаратыңа аны чап, Андан кийин уктап жат, Ойгонгондо ордуңан, Сен турасың сапа-сак. Айтканыма кулак сал, Баары акыл кебимди ал, Көзүңдү ачып ушалап, Жүгүрүп барбай дардаңдап, Таш салуучу куржун тап. Томолок таштан чогултуп, Алтымыш батман таш шыкап, Туруп бербей кыргызга, Аралап киргин койгулап, Асмандатып ыргытпай, Тизеге болжоп чойгула. Ташың тийген ат өлөт, Атка минген эр өлөт, Адам, айбан тең өлөт, Гүлчоро менен Семетей, Сага кирет экөөлөп. Жаныңа жакын келгенде, Жан айабай ташка алгын, Бут жагы эмес башка алгын. Атына тийсе ат өлсүн, Өзүнө тийсе өзү өлсүн, Уусуна таштын чыдабай, Амал ойлоп тапмакка, Кайра тартат ал жакка. Кабылып калган немесин, Кармап тирүү тытып же, Бели сынбайт кыргыздын, Антпегенде дегеле. Семетей менен Гүлчоро, Алымсарык, Бакайы, Качып кайда кутулат, Ал төртөөнөн башкасы? Сен киргенде тебелеп, Мен кирейин дембелеп, Акым, Шакым эки дөө, Алар бизге дем берет. Алдында баштап сен кирсең, Аркаңдан удаа мен кирсем, Акым, Шакым дөө кирсе, Айтумуш, Чынгыш хан кирсе, Жарасы бүтүп сакайып, Сурмерген жатпай ал кирсе, Бозчаар минген Боронбай, Олжо алам деп ал кирсе, Аңгычакты Калыбек, Келип калат дегеле. Калыбек мында келгенде, Нөөмөт бербейт биздерге, Олжо бербейт көп элге. Каары катуу Калыбек, Олжо бер деп ким барат? Оолугуп кетсе кокустан, Баарыбызды кыйратат, Элибизди таратып, Кулдарына суратат, Кутулуп мындан ким качат? Ичер болсоң Кызыл алп, Байатан айткан дарылар, Баарысы менден табылат, Он жылы жылуу тургузуп, Өттү жүрдүм асырап, Деп айтканда Суумерген, Угуп туруп Кызыл алп, Айткан кеби бул экен: — Чоң сырдашым сен элең, Айтканыңды бурбастан, Баарын кылчуу мен элем, Көзүм катып баратат, Дарыңды берсең, мен жесем, Шишик басып кетерин, Аны ойлоп билбесем, - Буйрук кылды Кызыл алп, - Вазирлерди чакырган, Оңдоп мени жаткырган, Теңин ичтим ичимен, Калганын сырттан чаптыргын, Алтымыш батман таш батчуу, Кайыштан куржун таптыргын. Тоголок таштан кылдаткын, Эшигимдин алдына, Алтымыш батман жыйнаткын. Чоңу аттын башындай, Кичиги жыңдын ташындай, Уктап өзүм тургунча, Дайарлагын ушундай! Вазирине тапшырып, Чалкасынан сулады, Кара жерди капшырып, Жер козголуп кетет деп, Койгондой аны бастырып. «Ант ургур жата турсун, — деп, Калыбек келсе сойот, — деп, Өзүмдү тирүү койот, — деп, Өлбөй калса Кызыл алп, Олжого орток болот, — деп, Кыргыз кайдан куткарат, Алдында өлөт Кызыл алп. Акым, Шакым дөө өлөт, Бозчаар минген Боронбай, Же өлөт ал, же өлбөйт, Өлбөй тирүү кутулса, Жерге чыгып күн көрбөйт. Калыбектин жанына, Жалгыз өзүм каламын, Талашы жок эч кимге, Чыныкени аламын, Бербеймин десе Калыбек, Алакачып Чыныке, Жүйрүн дөөгө барамын, Чыныкени ал жерде, Талашы жок аламын.» Арамзада Суумерген, Тең ойлойт төрт тарабын, Кызыл алпка алдында, Үйрөткөнүн карагын. Акылым акыл болду, деп, Жүрүп кетти Суумерген. Беш күн жатып Кызыл алп, Бир күн тамак жеп болду, Төрт күн, беш күн болгондо, Күн санаты толгондо. Козголбостон уктаган, Баш көтөрүп ойгонду, Бадирек доңуз толгондо, Тапшырып жаткан башында, Куржун таштын баарысы, Тайарланып болгону. Кетирбестен мезгилин, Убадалуу болжолду, Куржунду артып мойнуна, Колун салып куржунга, Коржоңдоп бетбак жөнөдү, Кыргыздын эли көргөнү. Кызыл буурул ат менен, Мурункудай салт менен, Эр Семетей аттанды, Семетей бүгүн алат деп, Кыргыздын эли шаттанды. Коржоңдогон капыр дөө, Ат минбеген өзү жөө, Кара бойу бир дөбө, Жебенин огу жетпеген, Бараңдын огу батпаган, Найза сайса тешпеген, Балта менен миң чапса, Талкаланып кетпеген, Билурдан тартып көзүнө, Сарапча кылып алыптыр, Салган бойдон Семеңе, Кагышкалы барыптыр. Кел, кет деген кеби жок, Кеп менен деги кээри жок, Чеңгелинде таш кенен, Уруп ирди таш менен. Таштын күүсү зыркырап, Куусу кулак тундурат. Тайбуурулдун кара куш, Кой башындай таш тийди, Кара куш сынып кетпеди, Талуу жерге таш тийип, Тайбуурул томолонуп кеткени. Жер тайанып копкуча, Алмамбет уулу Гүлүстөн, Жебеден мурун жеткени. Чылбырдан илип кеткиче, Дөөнүн ташы жетиптир, Эр Гүлчоро баатырдын, Эки ача билек бир жагын, Таш сындырып кетиптир. Дардаңдаган Кызыл алп, Тоногон төөдөй тартаңдап, Эл аралап барыптыр, Семетей менен Гүлчоро, Көз жаздымда калыптыр. Таш менен уруп койгулап, Туралбай ташка эл чыдап, Адырды карай бет алып, Качып берди чуркурап. Утур келген кишини, Тытып кетип баратат, Кыпчуурун болбой тишине, Жутуп кетип баратат. Алымсарык эр Бакай, Эптеп бура тартыптыр, Эс алалбай Тайбуурул, Жыгылып-кооп атыптыр. Тайбуурулга таш тийип, Томолонуп кеткенде, Суумерген жетти энтелеп, «Эр Семетей жөө калды, Башын кесип кетем» деп. Сынган колун карабай, Кылча жанын айабай, Кылчылдашып урушуп, Алымсарык ат койуп, Айалдабай бат койуп, Эренден экөө болгондо, Арамзаада Суумерген, Кайра качты жалт койуп, Акым, Шакым аскери, Келатышкан ат койуп. Аралап кире бергенде, Болду, балам, болду, деп, Алмамбет уулу Гүлүстөн, Бура тарта берди эле. Абаң Бакай, Семетей, Тайбуурулду сенделтип, Жөлөп турган кези экен, Алмамбет уулу Гүлүстөн, Ар кылганы тез экен. Куну деген дары бар, Куйуп койсо тамызып, Баса берет тирүү жан, Ооруган жерин биле албай. Кунудан куйуп тамызып, Сур Койонду Семеңе, Түшүп берди мингизип, Алымсарык учкашып, Алымсарык минген ат, Гүлүстөн минип алганы. Буурул атты жетелеп, Буудандар жолго салышты, Адамдан Гүлүс колу жок, Айбандан буурул мойну ооруп, Тарткылык келип капташып, Мына мындай иш болуп, Жазганбай жоого тийерде, Жан айабай кирерге, Айбаттуу эрдин колу жок, Кастарлуу аттын мойну жок, Суркойондун бутуна, Ок тийип аксап сороктоп, Каргаша келип капташып, Мына минтип томолок, Тоо тайанды төрт баатыр, Жан соогалап тоо бойлоп. Чыккан тоонун сыры бар, Муну, кыргыз, угуп ал.. Адам өтөөр коосу бар, Өйүз-бүйүз заңкайып, Кабышып турган зоосу бар. Коо бойлоп булар жөнөдү, Аркасынан айкырып, Кызыл алп келет бурулбай, Капчыгайга такалды, Мүрүсү батып өтө албай, Кызыл алпка Сурмерген, Жеке келди туралбай: — Мен көргөнмүн бул жерди, Тирүү чыгып кете албайт, Капчыгайга киргени. Шайтан көл деген көлү бар, Жети ачамай төрү бар, Азыраак жерде чөбү бар, Жердин көбү аппак кар, Сен жаткының козголбой, Жолдон азган төрт кыргыз, Өзү келет жалынып. Намыс кылып келбесе, Тоңуп өлөт чакыйып, Тирүүлөй тартсын азапты, Ачкалыктан акыйып. Мулар минтип жатканда, Калыбектен кеп келди, Кепте мындай деп келди, Калыбек кебин укканда, Кара жанга күч келди: «Суунун уулу Суумерген, Сенин алың мен билем, Аркаңдагы Сурмерген, Анын алын да билем. Акым, Шакым эки дөө, Орто - карта ал экөө, Жору куйрук Кызыл алп, Жолборс жүрөк бөлөкчө, Мени менен бет келсе, Бир карачкы көлөкө. Бозчаар минген Боронбой, Жез камчысы болбосо, Кой кайтарган койчудай. Алыңар дөөлөр, ушундай. Качырыпсың кыргызды, Катылышпай жөн турбай. Кутулса кыргыз бул бойдон, Баарыңды жеймин соо турбай! Айтумуш, Чынгыш хансыңбы? Алыңды байкап алдыңбы? Неге мурун айтпадың Алдыма барып арзыңды? Шаарың менен жылмалап, Чыгарайын тарпыңды! Атың чыккан баарың ук, Кулагың салып анык ук, Бир теңге алым алды деп, Мен калбайын аны угуп. Элге салсаң бүлүктү, Элөөрүтөм гүлүктү, Унутулгус силерге, Эпсиз салам түйшүктү! Жыйырма күн жатасың, Адырдан аркар атасың, Кайыптын этин татасың, Ошентип жанды багасың, Жыйырма күндүн ичинде, Семетейди табасың! Семетей кармап бербесең, Баарыңды дарга асамын, Койбоймун тирүү бириңди, Ушундай болот жазайың!” Деп жазыптыр Калыбек, Катыша албайт капырга, Бул айтканы ырас кеп. “Бизди мурун чакырып, Кыйынга калдык” деп, Калган дөөлөр чогулуп, Суумергенди жемелеп, Жайыла тарап басышты, Жыйырма күн дем алып, Анан издеп тапсак, деп, Жанын багып жатышты. Муну мындай таштайлы, Кейипкери дастандын, Кененимден баштайлы.