← Кененим

Алгачкы салгылашуулар

Алмамбеттин Гүлчоро, Жан кишиге билдирбей, Караңгыда жол тартып, Эркечтей болгон Сур атты, Батышты карай оң тартып, Чыгып барса бир белге, Сүрүп чыкты таң атып, Ооздугун чыгарып, Отко койуп Сур атты, Бетке алып басты Гүлүстөн, Чуучайган ташты белгилеп. Дөбөнүн чыкты башына, Көчүгүн койуп олтурду, Сандыктай кара ташына. Азизхандын Алмамбет, Жалганы жок анык кеп, Бейжинден качып чыкканда, Ала келген чоң дүрбү, Эбегейсиз зор дүрбү, Жүйрүн дөө берген башында, Алмаңдын он төрт жашында. Бой тумар чалыш кабы бар, Сур жылан бедер жибектен, Чалган боосу дагы бар, Алты күндүк алысты, Алты аркан бойу келтирген, Абдан тиктеп караса, Жүрөгүн таарып өлтүргөн, Оозу өрттөй кызарган, Кынабына койгондо, Кере кулач узарган, Боосун албай мойнунан, Сууруп алып койнунан, Тунарык тарткан түз жакка, Көз жиберип караса, Тогуз күндүк жер эле, Бута атымча келди эле. Сейрек салган тамы бар, Анда-санда багы бар, Орто-катар шаары бар, Андан бери караса, Карааны бар отузча, Адырда жүргөн адам бар. Адамды көрүп туралбай: “Мындан болбойт тил албай, Тил алып сөзгө канайын, Кангыча кабар кеп угуп, Хан абама барайын, Андан кийин калганды, Абамдан күтүп турайын.” Деп ойлонуп Гүлүстөн, Дүрбүнү катып койнуна, Бекемдеп боосун мойнуна, Суркойон минип жөнөдү, Караан көргөн жагына. “Карасын көрдүм алыстан, Үч күндүк жолдун чени бар, Абдан байкап карасам, Кайда кеткен дедирбей, Бүгүн түнгө калбастан, Кайта колго барбасам.” Ойго алып көп санаа, Баса минип жөнөдү, Буудан күлүк Сур атка, Табына келген Сур атын, Аркасында чаң калып, Артуу нечен бел калып, Чалкайган нечен төр калып, Аккан канча суу калып, Кетип барат Суркойон, Кара көөдөн бууланып. Жалган түш болгон кездерде, Болжолдуу жерге келди эле, Эл көргөн жердин болжолу, Болуп калды эми, деп, Ким экенин билсем, деп, Токтобой жүрөк элжиреп, Тентек шамал чойгулап, Этек-жеңи делбиреп, Чыга калса бир белге, Жаткан экен бир топ жан, Алды жагы эңкүүдө. Каалгадай калдайып, Суркойон менен дардайып, Гүлүстөн чыга калганда, Отуз алты киши экен, Кайдан келген адам, деп, Ат-тону бөлөк не жан, деп, Ким да болсо ушуну, Айтумуш алып барсак, деп, Атка минип жабылып, Салмоорго таш салынып, Жабалактап камынып, Мылтыктары жонунда, Чойун башы колунда, Чуркурашып ушулар, Гүлчорону кармашып, Алып кетиш ойунда. Эр Гүлүстөн аларды, Энге-зенге албады, Өпкөлөтө теминип, Аралап кирип барганы. Жеткен жерге Гүлүстөн, Бадыр-будур сүйлөдү, Баары муну билбеди, Калдыр-кулдур сүйлөдү, Такыр муну билбеди, Кырк уруу кыйын тил билген, Кылымдан ашкан Гүлүстөн, Оройт-боройт сүйлөдү, Ону жана билбеди, Он бир тил өттү билинбей, Он экиге келгенде, Отуз алты турган эл, Ошондо тилди билди эми, Жарыша койуп жабырап, Тил билише келгенде, Жалпы калбай сүйлөдү: — Ким болосуң сен? — деди, Тили жумшак, сөз таттуу, Кыйын Гүлүс муну айты: — Жериңер ким, элиң ким? Эл башкарган эриң ким? Капкаң кайсы, калкың ким? Калк бийлеген ханың ким? Тилиңди билдим, наркың ким? Тийишип келген жоо болсо, Тик качыраар алпың ким? Антип сурап турду эле, Бирин-бири тиктешип, Үстүнкү кашын серпишип, Астыртан ээрин тиштешип, Сыр бербейли шүк дешип, Байлап алып кетели, Камынгыла жүр дешип, Кол сала албай качырып, Апкаарышып сүрдөшүп, Сен бирдеме дегин, деп, Баш кишини күүлөшүп, Билип туруп Гүлүстөн, Апкаарыта сүйлөнүп: — Жооп берер кишиң ким? Жообуңду айтып билдиргин, Ханыңдын аты ким эле? Жашырбагын жөн эле, Шаарыңдын аты эмне эле? Шар айткының тим эле. Жалдырап баарың турасың, Жашырбай жооп кыласың, Жайылдык кылып турсаңар, Чыгарамын жыласың! Жабыла кетсең катылып, Жер кучактап жатасың, Күч келгенде бир жанга, Жашырбай баарын айтасың! Гүлүстөн турду күркүрөп, Көбүнүн агып сийдиги, Такымы ылдый бүркүрөп, Жабыла кетти бир тобу, Гүлүстөнгө дүбүрөп, Алтоо-жетөө бар экен, Мыктысынган күжүлдөп. Ачып көздү жумгуча, Аны-муну кылгыча, Бирине-бирин жеткизбей, Жанына жакын келтирбей, Бүктөй кармап камчыны, Бирден чаап сулатты, Баарын аттан кулатты, Жалпы баары чөгөлөп, Арстан Гүлүс баатырдан, Амандыгын сурашты. Анда Гүлүс муну айтты: — Атаар мылтык, тартаар жаа, Кесер кылыч, айбалта, Канжар менен салмооруң - Баарын койбой жыйнагын! Кабыл алды айтканын, Калтырбады шайманын. Анда Гүлүс муну айтты: — Жашырсаң жаның алам! — деп, Жалпы баарын муң айтты. Бир тилдүүсү бар эле, Баш кишиси ал эле: — Сурадың мурун айтпадык, Эми жашырып ката албайбыз, Жашырсак-жапсак кутулуп, Жаныбыз тирүү калбайбыз. Айтүбү деген шаарыбыз, Айтумуш деген ханыбыз, Атагы хан Айтумуш, Чынгыш деген залыбыз, Баш ийебиз Чынгышка, Ушул турган баарыбыз, Алдына барат ар күнү, Айтумуш деген ханыбыз, Айтүбү атка конгонун, Айтумуш ханы болгонун, Кабарын бизден алыңыз. Жүйрүн дөө деген келген дейт, Ээн жаткан жер экен, Айтүбү деп ат койуп, Шаар салдырган элге дейт. Шаар бүтүп болгондо, Салике деген кишиге, Айтумуш деп ат койуп, Шаарды ага бергиң дейт. Жүйрүн дөөнүн жанында, Чынгыш деген бар экен, Көп өнөрмөн ал экен, Көрө албадык көз менен, Айтабыз уккан сөз менен. Көккө чыгып көкөлөп, Көк кептер болуп учат дейт, Балык болуп бирерде, Деңиздерде сызат дейт. Бизден уксаң ушул кеп, Чынгыштын кызы Чыныке, Тогуздан жашы өтө элек, Сулуу чыкты пендеден, Чыныке сулуу чыккалы, Апаат келди бул элге. Күн батыштын жеринде, Суунун уулу Суумерген, Теңдеши жок эр экен, Тирүү киши сойуп жеп, Өтө тентек неме экен, Чыныке мага бергин, деп, Сурап келген кеп экен. Бербеймин деп айталбай, Суумерген көөнүн кайтарбай, “Бербес кызда калың көп” Калың малды көп салды. Кишиден миңди салыптьр, Беш жүз киши алыпртыр, Суумерген, Чынгыш этин жеп, Күндө бирден жарыптыр. Семиздеп киши бергин, деп, Бизге алман салыптыр, Ошол үчүн бул жерде, Кишинин баары арыктыр, Жалганы жок баары чын, Айткан сөздөр аныктыр. Суумерген пейли жаман дейт, Чоңойуп калса Чыныке, Бойго жетсе алам, дейт. Сууда жүрөт балыктай, Көрүнбөйт көзгө кайыптай, Жылбырска кара аты бар, Теңдеши жок баатыр ал. Талаша албайт сулууну, Тең келишип башкалар, Ашырып ийген жерим жок, Чынын айтам мактабай. Кишиден калың бергин, деп, Семирди Чынгыш киши жеп, Айтумуш берет Алманды, Хандыгым турса болду, деп. Эн салды элдин баарына, Күн батышка жарыйа, Кабар салган Айтумуш, Уккан шаардын баарына: “Эндүү киши кез болсо, Айдап мунда бергин, — деп, Суунун уулу Суумерген, Жиберемин билгин” деп. Коркуп элдер басалбайт, Башка жакка кача албайт, Жүргүн деп качан келет, деп, Жай уктап жакшы жаталбайт. Айтып кебин бүтүрдү, Айагында үшкүрдү, Арстан Гүлүс түшүндү: — Баарың кепке кулак сал, Баш киши, сен айтып бар, Өлтүрбөйүм бириңди, Баарың калбай кайтып бар. Жолуктук де бир эрге, Жообум ушул силерге, Айтып жаткан билерге, Биз Таластан келгенбиз, Кыргыз деген элденбиз, Суумерген менен Чынгыштын, Барылык сырын укканбыз, Жазасын колго берсек деп, Бастырып үйдөн чыкканбыз. Кайгуулчусу мен элем, Ханыбыз калды оорукта, Хандын аты Семетей, Күн батыштын элдерин, Бучкагына теңебей, Артык туулган багы бар, Адамзаттан ченебей, Өлөмүн деп душмандан, Ойлоп койбойт кенедей. Мен барамын алдына, Атайын элчи салабыз, Айтумуш менен Чынгышка, Каш кайтарар калган жок, Карап көрсөм Чынгышта, Кабарын угуп иттердин, Ал үчүн келди батышка. Хандын аты Семетей, Атасы Манас шер өткөн, Ал өңдөнүп ким өткөн? Кабар алып турсун де, Элчи келет үч күндө, Кепти андан уксун де. Айтып бар, — деп, - ханыңа, Жанагы Чынгыш залыңа. Айтып койуп Гүлүстөн, Бура тартып жөнөдү, Ат жабдыгы күмүштөн. Күн бешимге барган кез, Төбөдөн ооп калган кез, Ат айабай жөнөдү, Күүгүм кире барсам, деп. Эр Гүлүстөн жолборсуң, Күүгүм кире күн бата, Кирип келди кошуунга, Абаң Бакай, Семетей, Басып кирди алдына, Көрүнбөдүң балам, деп, Сурады Бакай карыйа. Анда Гүлүс муну айтат: — Өткөн күнү күүгүмдө, Кайгуулга чыктым бүрүлдө, Белге чыктым, абаке, Таң агарган күдүңдө. Дүрбү салдым ар жайга, Топ караан көрдүм бир жайда, Жетип бардым аларга, Күн шашике маалда. Отуз алты жан экен, Өздөрү арык ыркыйып, Өңдөрү такыр сары экен. Он бир түрдүү сүйлөдүм, Такыр тилим билбеди, Он эки түргө барганда, Анан тилим билгени. Айтумуштун эли экен, Кербендер айткан Таласта, Жалганы жок чын экен, Чынгыш менен Суумерген, Баштан айак чыр экен. Баарын уктум кабарын, Байкадым элдин абалын, Мойунга артып жүрүпбүз, Угушпай элдин убалын. Ашыккандан мен айттым, Ханыңарга айткын деп. Атабыз өткөн зор Манас, Жерибиз Кеңкол, чоң Талас, Хандын аты Семетей, Ханың уксун кабар таап. Элчи келет үч күндө, Айтумуш менен Чынгыштын, Калбасын кеби ичинде, Үч күнчүлүк жол экен, Эми келдим сиздерге. Айтканың жөн десеңер, Жиберели элчини, Жарабаса бул кебим, Эми силер билгиле. Эр Гүлүстөн кеп уруп, Хан Семетей үстүндө, Абаң Бакай баш болуп, Алымсарык жаш болуп, Кыз Куйалы, Саламат - Баары олтурду чогулуп, Семетей оозу бүлк этти, Ак буладай чойулуп: — Баарыбыз бирге турабыз, Гүлүстөн ырас айтыптыр, Элчи барыш ылайык. Элчиликке жиберер, Ылгагын элдин карысын, Тең айтышар эр болсун, Кетирбей колдун намысын. Турна деген бар эле, Тил-оозу бар бала эле, Төрт киши кошту ага эле. Өзү менен беш болду, Ар жумушу тез болду, Кат жазып Гүлүс бүтүрдү. Аттана турган кез болду. Анда Семей кеп айтты, Кеп айтканда деп айтты: — Турна баатыр, барып кел, Ат изин ага салып кел, “Элчиге өлүм жок” болот, Тил билбей окшойт, булжолу, Сүр көрсөтпөй койобу, Кат берип кебин айтып кел, Көп кечикпей кайтып кел. Нары барыш беш күндүк, Бери келиш беш күндүк, Анда канча турасың, Айтумуш билет убактын, Болжол кылып күн санын, Үйдө олтуруп мен айттым. Арадан өтсө он беш күн, Мен жүрөмүн күнү-түн, Башына салам хандардын, Ай тийбеген кара түн. Демилгелүү кеп айтып, Турнаны койду узатып. Айтумуштун элдери, Гүлүстөнгө жолугуп, Күн-түн жүрүп келди эми, Баары көргөн-билгенин, Таластан кыргыз келгенин, Көп кечикпей жакында, Элчинин жетип келерин, Мамындай айтып бергени: — Жолуккан киши эң сүрдүү, Көрбөгөм мурун бул өңдүү. Ак көңүлү кармаса, Ак көрпө жайыл көрүнөт, Каары кармап терс алса, Кан төгөр жайы көрүнөт. Отуз алты киши элек, Опсуз салдык урушту, Колуна курал алган жок, Камчы менен курутту, Барып кайра келгенче, Алдайар таксыр ханыбыз, Көргөн-билген жумуш бу. Айтып кебин бүтүрдү, Айтумуш кылбай түшүнчү, Түшүнө албайт Айтумуш, Кыргызды мурун укпаган, Кыйкырык чуудан чыкпаган, Чыгыштан келген Чынгыш хан, Кыргыздын жайын айтпаган. Айтпагандын себеби - Качып келген эмеспи, Өз абийрин сактаган. Такта олтурган Айтумуш, Жесекчиден кеп угуп, Кыргыз келди деп угуп, Семетей деген эрди угуп, Токтоно албай удургуп, Ат араба коштуруп, Артынан чаңын тоздуруп, Барып жетти Чынгышка. Чынгыш менен көрүшүп, Калжыңдашып күлүшүп, Какжайышып олтурду, Ичтеги кебин төгүшүп: — Айтумуш хан, келипсиз, Бар беле зарыл ишиңиз? Антип Чынгыш сурады, Айтумуш кебин баштады, Жесекчиден уккан кеп, Баарын айтып таштады, Чынгыштын өңү кубулуп, Жаны чыга тас калды. Тайанып жаагын тултуйуп, Түк чыкпаган кара нээт, Сакалы жок мултуйуп, Үшүп аткан немедей, Этегин кумтуп олтуруп, Кыргыздын угуп кабарын, Улутунуп үшкүрүп, Семетей атын укканда, Ичинен жалын от күйүп, Жеткен экен кыргыз, деп, Тирүүлүктөн түңүлүп, Какайып турган кайран бел, Кайгыдан сынып бүгүлүп, Өткөн күнүн ойлонуп: “Чыгыштын деңиз бойунда, Жалбырактай ыргалып, Жүйрүн дөө менен жүргөндө, Эркин ойноп жыргадык, Тирүүлүктө бизбиз деп, Терибизге сыйбадык. Коңурбай менен касташып, Эсен хан менен басташып, Кылымга толуп кыргыздар, Манас барды Бейжинге, Алышып жүрүп карчашып, Ал келе албай чарчашып, Кыргызга бийлик бергенде, Бейжинде такка мингенде, Токтоно албай Жүйрүн дөө, Мени кошо ээрчитип, Качып келдик бул жерге. Айтүбү деп ат койдук, Адамы жок ээн жерге, Айтумушту хан кылдык, Шаар салып элдерге, Жүйрүн дөө кетти жан коргоп, Адамы жок ээн жерге, Мени таштап койду эле, Келбейт деп кыргыз бул жерге. Төрага болуп турчу элем, Төбөсүндө бул элге, Кыргыздын угуп кабарын, Кайгылуу болдум бир демде. Жүйрүн дөөнүн качканы - Алмамбеттен коркту эле, Алмамбет өлдү деп угуп, Жүрүчү элем жам-жайкыт, Коркупмун деп жөн эле.” Айтумушту бир карап: — Бүттүбү, ханым, сөзүң? — деп, Айтканы мына ушул кеп, - Киши укпаган кебиңиз, Купуйа кабар бердиңиз, Атайын айтып кетем деп, Өзүңүз мында келдиңиз. Эминеден кооптонуш, Айтүбү турса жерибиз, Салгылашар эр болсо, Суумерген турса эрибиз? Суумерген алы келбесе, Сурмерген бар, билиңиз, Биздики жок, Айтумуш, Кем-керчилүү ишибиз. Элчиси келсе көрөбүз, Эп келген жоопту беребиз, Үйгө барып жай жатың, Жооп берер мен бармын, Элчиси келсе кыргыздын, Мени карай жибериң. Айтумуш келип Чынгышка, Атайын өзү жолугуп, Кайта кетти тагына, Арабага олтуруп. Антип-минтип арадан, Күндөр өтүп кетиптир, Турна баштап беш киши, Кыргыздардан жетиптир. Жесекчилер жол тосуп, Чарлап жүргөн шаар четин, Көрө салып жесекчи, Беш кишинин келгенин, Алдынан барып жолугуп, Сүйлөшө албай кеп угуп, Жесекчи менен беш кыргыз, Шаарга келди чогулуп. Айтумуштун алдына, Нишарат кылып билгизди, Жүгүнүшүп барууга, Тегинен мойнун ийбеген, Улугунун алдына, Жүгүнүшүп кирбеген, Түз эле басып барышты, Каттарын бере салышты. Катты алып Айтумуш, Чынгыш хандын кебин кууп, Чынгыш ханга алыпар деп, Элине кылды бир буйрук. Буйругуна баш ийип, Чынгышка келди жулугуп, Жооп бербей далайга, Чынгыш турду чулуйуп, Оордунан туруп мултуйуп, Кыр көрсөтүп мурчуйуп, Үрөйү суук неме экен, Эки бети тултуйуп. Сандыгына кол салды, Бир нерсени колго алды, Жагып койгон отунун, Жанына барып кактады, Бир калбаны тапканы, Ангычакты болбоду, Дүркүрөп шамал каптады. Калтылдады кара жер, Титиреди турган эл, Там жарылып бөлүндү, Төбөсү көктү тиреген, Бир адамзат көрүндү. Өңү кара көмүрдөй, Көзү көпкөк көгөндөй, Кең көкүрөк кууш айак, Балбандык сыны бар турат. Көөрүктөн чыккан ширөөдөй, Көзүнөн жалын чачырап, Кутурган иттей шакылдап, Азуулары качырап. Сакалы токой чериндей, Муруту кучак келгиндей, Булкулдаган бул чочко, Мурутун кырдап имерип, Чынгыш ханга карады, Капчыгына кол салып, Кыйынсынган Чынгыш хан, Кыргыздан келген катты алды. Кагазды алды колуна, Көз жиберип карады, Катты окуп болгондо, Ого бетер карарды. Каары толду бетине, Карабай адам түсүнө, Бир кишини жеп алды, Каратып туруп көрүнө. Кармалуу кагаз колунда, Турна баштап беш киши, Өлүмдү алды мойнуна. Айтумушту чакыртып, Чогулуп алып окушту, Кат маанисин билишип, Семетей жазган кат экен, Эки түрдүү шарт экен: “Кабар уктум чыгышта, Кармап сойуп жепсиңер, Киши келсе батышка. Канчаны сойуп жедиңер? Кишинин санын ачык бер. Адамдын этин адам жеш - Адам кылаар иш эмес. Жөөлүптүрсүң, Суумерген, Жаш кызды мага бергин, деп, Талашка түшкөн кызды бер, Киши сойуп жебеске, Башыңды басып катты бер, Чыдабасаң берерге, Кагылышаар жерге кел. Эдебиңди беремин, Эсебин элдин аламын, Эбиңди сенин табамын, Айтумуш, Чынгыш, Суумерген, Эки түрдүү шарт ушул, Жооп аламын силерден!” Кат маанисин угушуп, Кан төгүшмөк болушту, Карсылдашып урушуп, Айрылышты бул үчөө, Кеңеш кебин кылышып, Дайардык көрмөк болушту, Аскерлерин жыйышып. Суумерген кетти элине, Алты күндө келүүгө, Акимсинген кыргыздын, Эдебин колго берүүгө. Коркуп турду кыргыздар, Чынгыш менен Суумерген, Кобурашты ушулар. Кужулдашып кеңешти, Кетирмекчи кеңеши, Эсине алып ушулар, “Элчиге өлүм жок” деген, Жер бетинде бар кепти. Кагазга жазып кат берди, Айалдабай бат берди, Турна баштап бешөөнү, Эми элиңе кайт деди, Нишарат менен билгизип, Үстүнө кийим кийгизип, Алдында жаман коркуту, Ыштанына сийгизип. Жандырды эми буларды, Хандыгын Чынгыш билгизип. Муну койо туралы, Эмки болор сөздөрдү, Семетейден угалы. Элчиге Турна кетиптир, Эми эр Семетей нетиптир, Баш билгичин жыйнатып, Кеңеш кыла кетиптир. Эр Семетей кеп баштап, Кеп баштаса деп баштап: — Элчиге кетти эр Турна, Өлөмүн деп көз жаштап. Элчиден Турна келет деп, Айтумуш жооп берет деп, Жата бериш кайсы кеп? Эртеңден калбай басалы, Белес-белди ашалы, Айтумуштун шаарына, Жакын барып жаталы. Кепке келсе Айтумуш, Эп келген ишти көрөлү, Сетиркесе Айтумуш, Серпишип күчүн көрөлү, Эртең күнгө ишенби, Айтумушка жөнөйлү. Жандырган болсо Турнаны, Жолдон таап алалы, Орго салып таштаса, Ордон таап алалы, Матаган болсо кишендеп, Колдон таап алалы. Жаңыдан эми куралган, Жаңы келген эл экен, “Элчиге өлүм жок” эле, Элдин шартын билеби? Элчини сыйлап узатыш, Хандын шартын билеби? Эчтеме билбей коржоңдоп, Кокус кыйнап ийеби, Камынгыла, жүрөлү. Семетейден кеп келди, Абаң бакай баш болуп, Баарысына эп келди. Эртелеп атка миништи, Эңтеңдеп жолго киришти. Көк ала Майдан жайык төр, Көгөрүп жаткан жерди көр, Жалоондой болгон жаш балдар, Адырда толгон аркарлар, Аркары ала түрдөнүп, Жарыша койуп жүр дешип, Жандоодон атып төрт-бештен, Өзөн ылдый сүйрөшүп, Бугусун атып жыгышып, Муңдан мунтип чыгышып, Өөгүнөн тилип төрт эли, Толгоп чылбыр кылышып, Айтумуштун шаарына, Эки күндүк калганда, Беш киши чыкты бир жайдан. Жакындашып таанышса, Эр Семетей баатырдын, Элчиси менен колу экен, Көрүшө келген жерине, Ошол жерге кончу экен. Башка жакка барбаган, Башкадан кабар албаган, Бажырап Турна кеп салып, Кагазын алды калдайып, Хан абаңа деп салып. Кагазын алып караса: “Айтумуш, Чынгыш - биз, — деди, Арзандык менен жөн эле, Баш бербейбиз биз, — деди. Келиптирсиң сен эле, Кетип калгың тим эле. Акыл ошол силерге, Суумерген бар биздерде, Кара жерди нымдатып, Каның тамбайт деги эле. Бул жерге киши келе албайт, Келген менен бул жерге, Кайтып үйүн көрө албайт. Семетей деген сен болсоң, Кыргыз деген эл болсоң, Жериңен азып не келдиң? Чеги сенин келгениң. Жөн эле кайтып кетип кал, Келип кетти дебеймин, Орто Азийа жерденсиң, Ошондогу элденсиң, Этиң толук, каның көп, Калтырбай сойуп бүт жеймин. Жемирсең мөрөй сеники, Жеңилип калсаң кокустан, Жедим тамак меники. Кармашсаң каның ичемин, Катышпай кетсең кантесиң, Кагышып калсаң тим албай, Капканыма түшөсүң. Кагышаар болсоң кел бери, Кенебеймин мен сени, Бучкагыма дегеле, Теңебеймин мен сени. Шаарымдын келип жанына, Жайылтып тууну жайалсаң, Жабылып чыгам шаар жактан. Мойнуңа сенин, Семетей, Эл кырылып кан аккан. Ат арытып жол басып, Азык түгөп өң азып, Эмгек тартып не келдиң? Кыргыздарда чоң жазык.” Катын көрүп Семетей, Айтумуш менен Чынгышты, Бучкагына теңебей, Бендеби деп бийлебей, Адамбы деп элебей, Эртең менен болгондо, Убада шарты чын болсо, Шаарынан чубап чыксын, деп, Көкжал төрө Манастын, Айчыгы алтын кызыл туу, Ашкере сайды Семетей. Айтумуштун элдери, Жесекчиси келгени, Келип кабар бергени: — Кызыл желек туу сайды, Азыраак турат карааны, Айбатуу турат адамы, Деп барышты сакчылар. Сакчыдан хандар кеп угуп, Суумерген турду оолугуп: — Жалгыз башым барайын, Бабыраган кыргыздын, Башына балаа салайын, Кошун айдап, кол чайкап, Коркконсуп кантип калайын! Чынгыш анда кеп айтат: — Ой, Суумерген, — деп айтат, “Эр ойлосоң өзүңдү, Шер ойло, — дейт, - кишини.” Сен өзүңдү эр билсең, Шер билгиниң кыргызды, Жалгыз барам дегениң, Жарабаган бир иш бу. Жаныңда караан жок барсаң, Өзүңө калат жаман ат, Жетимиш миң кол алгын, Жер жайнап турсун сагаалап. Үч күн көчө чыкпасаң, Ат салат кыргыз сабаалап. Сен элиңе барып кел, Жетимиш миң аскериң, Жер майышсын алып кел. Жети күндө жетип кел, Сен мында кайтып келгиче, Чыгып турсун биздин эл. Бизде далай баатыр бар, Жалгыз эле менмин дээр, Аларды сынап туралы, Андан кийин байкайбыз, Кандай болсо тыйагы. Суумергенди узатып, Айтумуш элин чубатты, Айтумуш эли дүркүрөп, Аттанып чыкты күркүрөп, Нечен дөө чыкты шаардан, Теректей бойу сүлкүлдөп. Он эки миң кол чыкты, Айтумуш, Чынгыш зор чыкты, Тууларын тиктеп сайышты, Өйүз-бүйүз аскерди, Сапка тизип салышты. Айтумуштун жагынан, Бир атчан чыкты акырып, Айтумуштап чакырып, Дегеле катуу келатат, Тозогун көккө сапырып. Келаткан жанды караса, Жолум үйдөй башы бар, Үйгөн чөпкө түнөгөн, Жолбун иттей кашы бар, Буурсундай болгон колу бар, Орто чынар бойу бар, Чогулган элдин баарысын, Оп тартчуудай ойу бар. Колуна найза кармаган, Барлык күчүн арнаган, Атак алган неме эле, Таамай он күн чабышса, Талыккансып калбаган. Каапырдын көрүп караанын, Алымсарык суранды, Хан Бакайдан барарын. — Баргын балам бар, — деди, Бабаң Манас арбагы, Болсун сага жар, — деди. Алымсарык чын арстан, Бата алып Бакайдан, Аттанып чыкты буйактан. Айтумуш эли таңданды, Тоодой болгон дөбөткө, Томуктай бала чыкты, деп. Бир кармаса жан чыгат, Оозуна салып жебейби, Мындан кайдан хан чыгат? Тоодой болгон чоң дөбөт, Тоо жылгандай сүлкүлдөп, Салмагына чыдабай, Жер козголуп дүңкүлдөп, Токтобогон ойнок жар, Тоо көчкөндөй калдырап, Адам тилин билбеген, Кара нээт бул айбан, Өзүнчө сүйлөп күңкүлдөп, Күңгүрөнүп күбүрөп, Кирген суудай күжүлдөп, Кирип келди майданга, Туура тартып маңдайда. Аңгычакты болбоду, Алымсарык жаш арстан, Алдынан чыгып торгоду. Жаш баланы көргөндө, Жагалданып түрлөнүп, Жан алуучу периште - Азырейил сүрдөнүп, Молодой мурду коройуп, Ородой көзү олойуп, Чынардай колу арбаңдап, Алдында минген кара төө, Төрт айагы тарбаңдап, Кармап оозго салам деп, Чоң дөбөт келет дардаңдап. Айтумуш, Чынгыш элдери, Кыргыздын жайын билеби? Көздөрүнө көрүнөт, Чоң дөбөттүн билеги. Качырып келди найзаны, Алып көнгөн чоң дөбөт, Мындан мурун канчаны. Алымсарык жаш арстан, Кагып ийип найзасын, Кый сүбөөдөн бир сайды. Жаш арстан сайган оңобу, Кара төөдөн дардайып, Томолонуп жоголду. Төбөсү менен тик түшүп, Мойну үзүлүп кетти эми, Аңгычакты болбоду, Дагы бирөө жетти эми. Жети ага-ини чоң дөбөт, Бир-бирлеп келди калганы, Дөбөттүн кунун алсак деп. Жандырып эки сайбады, Манастын уулу эмеспи, Жетөөнү катар жалмады, Бир атанын балдары, Түгөнүп такыр калганы. Күн кеч кирип эл жанды, Кайгуулчу менен тороолчу, Сыртынан элди кайтарды. Таң агарып атканда, Тараза жылдыз батканда, Маңдайлашкан эки кол, Жабыла баары аттанды, Бир күндө жети эр сайып, Алымсарык шаттанды. Айтумуш эли арданып, Атка минер аз калып, Чынгыш менен Айтумуш, Өлүп ала тас калып, Тике деген аттанды, Бүгүн барып кыргыздан, Келемин деп өч алып. Өкүмсүгөн айбандын, Өпкөдөй бети бышарып, Тарамышын чырайтып, Бүтүн жердин бетине, Жан койбостой кыйратып, Алдымда минген көк качыр, Шодоңдотуп куйругун, Артынан чаңын чубалтып, Катуу кирди бул каапыр, Каарданып көгөрүп, Кабаттап кара темирден, Туулганы чөмөрүп, Алты кулач сом темир, Алдына туура өңөрүп. Калканы жондо калкылдап, Кылычы белде жаркылдап, Маңдайында эки көз, Тоо кагындай жылтылдап, Алты маңгыт тойгундай, Эки бети чочконун, Тай торпоктой бултулдап. Алкымында богогу, Он эки жашар баладай, Жакасын жаап салаңдап, Оозунда тиши шакылдап, Кирип келди айкырып, Кыргыздарга жакындап, Алымсарык чунактын, Ойунда жок тартынмак. Камчыга бөлөп жөнөдү, Алдындакы тору атты, Тике келет ойунда, Карматам деп адатты. Сом темирин колго алды, Алымсарык арстанды, Чокулата бир салды. Сом темирин чаптырбай, Алымсарык кармады, Кармаган колу карышты, Сом темир түшүп кеткенде, Алымсарык муштады. Кыйгай кармап найзаны, Айры шили желкеге, Учу темир уу найза, Ооз омуртка сөөгүнө, Учу барып такалып, Сынып кетти бу найза. Найза тийип шилиге, Тике жаман арданды, Тик качырып бу айбан, Алымсарык баланы, Жакасынан алганы. Жакалашып тартышып, Олпокторун жыртышып. Оодара тартып кете албай, Бирине бири тыртышып, Эртеден кечке оодарыш, Бирин-бири алган жок, Ат үстүнөн оодарып. Жылт этип тоодон күн батып, Жан жаныбар баарысы, Жатагын карай чубашып, Жайына аскер кетиптир, Эл айрылып атканда, Жетимиш миң кол айдап, Суумерген капыр жетиптир, Айтумуш, Чынгыш бырылдап, Арыз айтыша кетиптир. Чынгыш айтат бир кепти, Жан ачытар бул кепти: — Суумерген кетип мен калдым, Айтумуш менен сандалып, Артынан ээрчип мен бардым. Дөбөт дөө башта көп өлдү, Бир жаш бала майданда, Көрсөтүп жатат өнөрдү. Бүгүн Тике каарданып, Жеткен жерде найза жеп, Ого бетер арданып, Эртеден кечке салышты, Жан айабай чабышты, Күн батканда жылт этип, Кайта элге жанышты. Угуп алып Суумерген, Айтумуш менен Чынгышты, Катар тилдеп каарданып, Кайра жаачу булуттай, Бузулуп өңү заарданып: — Алып кел барып элиң деп, Айттыңар мага далай кеп, Мен кетипмин кенебей, Анда эмесе мейли деп, Чоң дөбөт баштап өлдү деп, Айтканыңар кандай кеп?! Айтпадыңбы кыргызга, Суумерген кайтып келсин деп? Кыйалыңар турбайбы, Касташып келген кыргызды, Өз элибиз жеңсин деп. Жоо жеңер сенде кимиң бар? Кыргызды мурун жоготуп, Талап алам билип ал! Жалганы жок чын айтам, Айтумуш менен Чынгыш хан, Эртең менен эртерээк, Тике чыксын жекеге, Кишинин баарын сойлоткон, Баласы чыкса чекеге. Нашталыкка кармап жеп, Мен жараймын керекке. Мен-менсиген эки хан, Мен айтамын силерге, Эртеңден баштап уккула, Албагынча кыргызды, Ушул жерден кайтпайсың, Үйүңө барып жатпайсың, Өлүмдөн башың тарпайсың, Артыңа карап качпайсың, Мен көрөйүн кыргызды, Мыкты экен деп мактайсың. Жекирик кылып хандарга, Ушул жерде бар жанга, Жол берген жок Суумерген, Үйүнө киши барганга, Айтумуш, Чынгыш күбүрөп. Суумергенден коркушуп, Эстери чыгып бүжүрөп, Таң атырды уктабай, Басып жүрүп дүбүрөп. Таң шооласы агарып, Жан-жаныбар кыбырап, Жандын баары мыдырап, Таң атты деп үн салып, Молдо торгой быжырап, Салкын жел согуп абадан, Айтумуш менен Чынгыш хан, Аттанды баш-аламан. Тике чыкты алдыга, Өлтүрөмүн бүгүн деп, Же өлөйүн мейли деп. Аттанып чочко жөнөдү, Тикенин келе жатканын, Алымсарык көргөнү. Аттанып чыкты кыргыздан, Башталды уруш жылдыздан, Кечкечекти салышып, Кел бери деп чабышып, Сынакы болгон немелер, Маңдайда жана табышып, Найзаларын күүлөшүп, Таамай болжоп сайышып, Олпокторун жулушуп, Опсуз жаман урушуп, Кара жанга күч келип, Кайран жанды баатырлар, Кылга байлап ташташты, Кыйын уруш башташты. Балтага балта чак этип, Кулакты жарып шак этип, От чагылып ободо, Көрүнүп көзгө жарк этип, Алымсарык баланын, Арстандыгы кармады, Куу найза колго алганы. Манастап ураан чакырды, Манастын атын укканда, Өйүздө турган Чынгыш хан, Дегеле жаман шашылды, Тикени бала качырды. Мурункудай эр тике, Беттешип найза уралбай, Алымсарык баланын, Ыдыгына чыдабай, Качып берди уйалбай. Бура тартып качканда, Буудан бала турбады, Желкеге найза муштады, Муштаганда найзасын, Кызыл канга чыктады. Тике жерге жыгылды, Топого башы тыгылды. Аңгычакты болбоду, Топурак учуп, чаң басып, Сары желек туу чыкты, Айгайлаган чуу чыкты. Жетимиш бир желеги, Жетимиш миң кол келди, Ошол колдун ичинде, Суумергендей зор келди. Жыландай болуп сойлогон, Жылма кара ат минген, Жыландай бедер тон кийген, Ажыдаардай сүрү бар, Ач бөрүдөй түрү бар, Жер солкуткан үнү бар, Желмогуздай жаш жигит, Жетимиш миңге баш жигит, Кирип келди майданга, Колу калды ар кайда. Кекиликче кужулдап, Тилин кепке киргизип, Өзүн өзү билгизип: — Менин атым Сурмерген, Мында келген ким экен? Өзүмдү элге билгизем, Баарысын жерге киргизем! Башыңды кесип тизбесем, Мойнуңду толгоп үзбөсөм, Суудай каның ичпесем, Аккан дарйа кызыл кан. Аралап жүрүп кечпесем, Айтумуш менен Чынгышты, Мурадына жеткизем! Кыргыздын баарын кырбасам, Жып-жылма, түптүз кылбасам, Жеримдин аты Талас дейт, Атамдын аты Манас дейт, Таласыңды талкалап, Ташын кумдай кылбасам, Манас деген ким болсо, Тилин сууруп албасам, Бооз катынын жарбасам, Кызыңды катын кылбасам, Эркегиңди сойбосом, Бооруңду туздап тойбосом, Алайа тиктеп койгондун, Эки көзүн ойбосом, Койдой башын кеспесем, Коондой кардын эшпесем, Суумерген болбой өлөйүн, Өлгүнчөктү алышып, Өрдөктөй башты жарышып, Өпкөңдү сууруп албасам, Садага кылып чаппасам, Суумерген болбой өлөйүн, Маңдайга жазган шор болсо, Качпай туруп көрөйүн! Деп Суумерген сүйлөнүп, Катуу келди күүлөнүп. Алымсарык акырып, Манастап ураан чакырып, Суумергенди качырып, Катуу тийди жапырып. Жаш баланы көргөндө, Суумергендин кабагы, Кар кеткендей ачылып: “Алмадай кызыл бала экен, Каны кочкул, эт жумшак, Тойгончо жээр маалы экен” Деп Сурмерген качырды, Жеткен жерде Сурмерген, Сарыктын кагып найзасын, Кайра тийип жапырды. Алымсарык нетти эми, Сурмергендин найзасын, Бу дагы кагып кетти эми. Балага найза кактырып, Комутта калган бөрүдөй, Суумерген жаман ачынып, Кайра айланып киргенде, Алымсарык арстанды, Кый сүбөөдөн бир сайды, Ээрден көчүк бултайды, Үзөнгүдөн бут тайды, Жер тайанып жыгылды, Кыргыздан жетип Саламат, Алымсарык арстанды, Ажыратты эсен-сак. Суумерген ичи ачынып, Аты жөнүн сурабай, Токтоосуз кирди кайра эле, Саламатты качырып, Сарыбайдын, Саламат, Кетпейт андан ашыгып. Суумерген менен Саламат, Найзаларын кагышып, Кайра айланып сайышып, Баш-аламан чабышып, Найзасында уч калбай, Балтасында сырт калбай, Кылычында курч калбай, Билегинде күч калбай, Күндү түнгө улашып, Күркүрөшүп тынч албай, Үч күнгө кетти айланып, Тамак ичпей наар сызбай, Беттерин топо-чаң басып, Тең келишип калышты, Талап кылып элинен, Жаратып жарак алышты, Жана уруш салышты. Олпокторун булушуп, Топчулугун жулушуп, Түп этектен алышып, Үзөңгү боого салышып, Тамандашып тартышып, Кабыргасы кайышып, Аттары баспай майышып, Эрлик менен көгөрүп, Өчөгүшүп тайышып, Урушуп жүргөн кезинде, Инисине ичи ооруп, Сурмергени келди эле, Кыз Куйалы жөнөдү, Намысы жок немеге: — Менин атым Куйалы, Сенин атың ким эле? Эрегишип сайышкан, Саламат менен Сурмерген, Жеңише албай жатканда, Же жыгылып атпаса, Бул келишиң жөн эмес, Сени ага жиберип, Жатып алчу мен эмес! Деп сүйлөнүп Куйалы, Алдынан каршы чыгалды, Жандырып жооп бере албай, Сурмерген өтө уйалды. Уйатынан Сурмерген, Кылычты тартып кынынан, Куйалыдай баатырды, Качырып тийди кырынан. Кыз Куйалы турбады, Кылычын кындан суурганы, Атынан айтып ийе албай, “Арбагың, айкөл колдо!” деп, Качырып кирген убагы. Майданда экөө төрт боллду, Жалындап күйгөн өрт болду, Алмамбеттин Гүлчоро, Мына ошондо ат койду: — Сурмерген менен Куйалы, Сен экөөңөр беттешээр, Боло элек мезгил убагы. Сурмерген менен Саламат, Алыша албай турабы. Деп ошентип айтканда, Эки жакка бөлүндү, Байкап көрсө Гүлүстөн, Суумергенден Саламат, Саал өөдөрөөк көрүндү. Гүлүстүн толуп көңүлү, Болгону болор эми, деп, Буудан күлүк сур атчан, Буластаган Гүлүстөн, Бура тартып бараткан. Аңгычакты болбоду, Саламаттан сур чыкты, Жер солкуткан үн чыкты. Манастап ураан чакырды, Ач кыйкырык бакырды, Суумергендей балага, Сооруга найза батырды, Арбагын баштан качырды, Шорун минтип катырды. Ат үстүнөн оодарып, Көмө сайып жапшырды, Кайра тарткан Сурмерген, Саламатты качырды. Суумергенди куткарып, Саламатты беттеди. Колуна найза курчту алып, Күркүрөсө бул чочко, Үнү күндөй угулат, Жүрөгү тайкы адамдын, Сийдиги агып чубурат. Күндүн бетин далдалап, Аттан учкан топурак, Кирип калды ошондо, Кара жерге калтылдак. Колундагы найзасы, От күйгөндөй жалтылдап, Сапырылып чыккан чаң, Жөө тумандай жазылат, Оозун ачып эстесе, Азуулары качырап, Алдында минген көк чаар ат, Кош кулагын жапырат, “Көз ала, мени колдо!” — деп, Коңгуроосун каккылап, Караанын көргөн адамзат, Айбатынан жазганат. Жеткен жерде Сурмерген, Кагып ийип найзасын, Кабуусун колго кетирбей, Ат үстүнөн кулатты. Кайра айланып жеткинче, Башын кесип кеткинче, Кыз Куйалы туралбай, Желжетпести чуратты. Кыз Куйалы, Сурмерген - Эки балбан бет келди, Бирин-бири өлтүрүп, Баш байланам деп келди. Саламатты сайгандай, Сайып ала койом деп, Ойунда келет Сурмерген, Кутургурду кулаткан, Оңой эмес кыз балбан, Кысылган жерде кыргызды, Бир кыйадан чыгарган, Алдындагы Желжетпес, Айбандан башка чураган, Колундагы найзасы, Учун ууга сугарган, Каары кармап беттешсе, Кутулуп мындан ким калган? Бири ургаачы, бири эркек, Бет келишти эки дөө, Майдандын көркү кептенип, Эп келишти бул экөө. Күүлөп найза сундуруп, Күркүрөгөн үн чыгып, Күүсү кулак тундуруп, Бет алышып качырып, Көзүнөн жалын чачылып, Өйүз-бүйүз турган эл, Айбатынан аптыгып, Ач кыйкырып бакырып, Ураанын айтып чакырып, Баатырлар үнү угулуп, Маңдайдан тери чубуруп, Көөдөнгө найза така-так, Туулгага балта чака-чак, Баатырдын үнү бака-бак, Кулактан өтүп шака-шак. Жердин бети топурак, Чаң обого созулат, Булут кайсы, чаң кайсы, Көз жеткис жерде кошулат. Күн кечкирип эл жанды, Куйалы баатыр Сурмерген, Жай-жайында дем алды. Таң агарып күн чалды, Жана кошуун аттанды, Мурункудан беш бетер, Сурмерген көөнү шаттанды: “Бүгүн сайып мен алсам, Куйалыдай катынды, Туудуруп алам ошондон, Өзүмдөн өөдө баатырды.” Аттанып чыкты көөнү шат, Атырылып келатат, Кыз Куйалы ойумда, Көмөрөм деп баратат. Айал-үйөл кылбады, Аттарга камчы шыбады, Качырып найза сунганы, Өрү калган Желжетпес, Кайра качып жалтаңдап, Сыр алдырып турганы. “Өрү калган атың, — деп, Эми түшөт колума, Өкүмсүгөн катын” деп, Өөрчүп барат Сурмерген. Өлүмчө болгон доңуз, деп, Желжетпестен кайгы жеп, Кыз Куйалы кайран шер: “Ааламга шылдың боломун, Алдырып ийсем буга” деп, Кырданып кирди акырып, Айкөл деп ураан чакырып. Сайдырбай өтүп Сурмерген, Имерип тийип аркадан, Май сооруга сайганы, Карчыганын калың эт, Аралап найза барганы, Бөйрөктү бөлүп кете албай, Учу жетип калганы. Чыпалактай кызыл кан, Ат сооруга куйулуп, Алдындагы Желжетпес, Кызыл канга жуурулуп, Кармамак болду Сурмерген, Чылбырына кол сунуп. «Куйалы колго түшүрүп, Карматып ийсең уйат, — деп Жер жүзү калбай угат» деп, Эр Гүлүстөн теминип, Эркечтей сур ат элирип, Өкүргөндөн бакырып, Өрүктүн башын жапырып, Ач кыйкырык укканда, Арстандын үнү чыкканда, Сурмерген калды шашылып. Кыз балбандын ошондо, Тунарган көзү ачылып, Алдындагы Желжетпес, Айабай санга камчы уруп. Эшик эндүү айбалта, Эптей кармап колуна, Кар жиликке бир салды, Сурмерген сунган колуна. Балта тийген оңобу? Сынбай колу койобу? Күң жиликтен үзүлүп, Сурмерген колу чолойду. Суумерген жетти шашылып, Эр Гүлүскө акырып. Кыз балбанды жүрү деп, Эр Гүлүс жанды элине, Сурмергенди жетелеп. Суумерген кетти элине. Тайталаң деген бар эле, Сурмергендин элинде, Киши ага беттешип, Көргөн эмес жеринде, Суумерген менен Сурмерген - Экөөнөн эрмин дээр эле. Өкүмсүгөн тайталаң, Каапырдын пейли эң жаман. Таанылар киши таанылбас, Көз байланган бүрүлдө, Бүдөмүк тарткан күүгүмдө, Кернейлерин койдуруп, Кере кулач чойдуруп, Сурнайларын койдуруп. Солкулдатып жер-сууну, Жер жайнатып айдады, Жетимиш миң көп колду: — Жүргүң, колум, жүргүлө, Четке киши чыгарбай, Тегеретип алалы, Кыргыздын колун бул күндө, Бүгүнкү түндөн чыгарбай, Баарын кырып салалы, Балбандары беш экен, Баарын кармап алалы! Бир карысы бар экен, Бар белгиси анда экен - Уруксат берсе барышты, Бербей койсо уруксат, Баспай туруп калышты. Эркечтей сур ат мингени, Өтө башка кабыздуу, Буурул атчан бирөө бар, Кара башы хан экен, Адамдан башка көркөмү, Өтө сонун жан экен. Бүгүн кирген Куйалы, Ургаачынын шери экен, Кайрат кылып качырсам, Мага качан тең экен?! Карагер минген бирөө бар, Алп мүчөсү анда бар, Бир жаш бала жана бар, Жоо сайышка маш эмес, Далай иште чала бар. Сур ат минген кишиси, Акыл-айла бүт ичи, Көрүнүп турат сыртынан, Өтө башка билгичи. Бирден чыгып жекеге, Тең келе албайт биздин эл, Саны турат миң киши, Жетимиш миң сел киши, Агызып каптап кетели, Ажыратсак элинен, Алтоо калса алардан, Бизге алы келеби? Кан чачабы көп элге, Амаласыздан баш ийет, Андан кийин биздерге. Тегеректеп алалы, Теңге башын салалы, Таң агарып күн чыкса, Былк эттирбей баарысын, Кол бутун байлап салалы! Корс-корс этип кортоңдоп, Мингени пил томпоңдоп, Кара бойу бир дөбө, Колунда найза койкоңдоп, Тегеректеп кыргызды, Кармайбыз деп ойлонот. Кернейдин үнүн укканда, Барабан үнү чыкканда, Абаң Бакай кары айтат, Элге акыл дал айтат: — Хан Семетей, Гүлүстөн, Кабар алдым бир иштен, Караңгы кирген күүгүмдө, Керней-сурнай койулду, Барабан үнү угулуп, Жердин бети солкулдап, Дүбүртү аттын чубурду. Намысы жок Айтумуш, Бир арыпты кылды бейм. «Тегеректеп баралы, Азганакей кыргызга, Айабай кыргын салалы» Деген ойдо бар белем. Көп көргөмүн мындайды, Мындай карап турбайлы. Тилимди ал калганың, Ар чатырдын жанына, Каракчыдан жасагын, Айтумуштун элинин, Өзүнө кылгын мазагын. Атка минип калганың, Адырга карай чубагын. Мен барайын эл менен, Тентектик кылыш анча эмес, Тебилип аккан сел менен. Семетей менен Гүлүстөн, Саламат менен Куйалы, Алымсарык арстаным, Калгыла чатыр ичинде. Барабан ур он колдоп, Тегеректеп келгенде, Текши баарың тийгиле, Намысы жок иттердин, Кара боорун тилгиле. Баш кишиси ким экен, Байкап кармап алгыла. Таң атар мезгил болгондо, Биз чыгалы аркадан, Айла кылып амал таап, Качырбайлы бир адам. Сурмерген болду жаралуу, Суумерген чарчап жадады, Айтумуш, Чынгыш биригип, Бизге чыга алабы. Хан Бакайдан кеп келди, Кеңеши элге эп келди. Миң кишинин баарысы, Бирден караан жасады, Адамдан артык, кеми жок, Кооп турган карааны. Абаң Бакай баш болуп, Миң киши адыр барганы, Хан Семетей аз болуп, Беш киши мында калганы. Аңгычакты болбоду, Тайталаң кеби акыл, деп, Кайыл болуп макул, деп, Алыстан келген кыргызды, Кыйраталы такыр, деп, Жетимиш миң кол жүрдү, Жер майышып мол жүрдү, Тайталаңы баш болуп, Отуз тогуз зор жүрдү. Жазылып колу жыйылды, Ортодо кыргыз калды, деп, Ат койушуп жабылды. Отуз тогуз - алпы көп, Жүргөн жери кызыл өрт, Өрөйт-бөрөйт дегенсийт, Анын тилин ким билсин. Чатырлардын жанында, Чалкалаган каракчы, Курчап келип айланып, Каракчыны кармашты. Тайталаң буйруп ийиптир. Ат койуп аскер тийиптир. Чатырга кирип келгенде, Чатырдагы беш киши, Жалпы тийбей бир иши, Алымсарык ат койуп, Доолбасты карс койуп, Мылтык алып тарс койуп, Манастап ураан чакырып, Манастын атын укканда, Баарысы калды шашылып. Минген атын чуратып, Бет келгенин сулатып, Калың жерин аралап. Алы канча, чамалап, Беттеше албай нечени, Качып барат сабалап. Тайталаң баштап чоңдору, Аркасын тосуп камалап, Бир кишини чыгарбай, Кыйратам деп санашат. Балбандары калар, деп, Таң атканда аларды, Мыдыратпай алам, деп, Кызык акыл тапкансып, Тайталаң турат дембелеп. Алымсарык арстаның, Беттешкенин кулатып, Беш - алтыдан сулатып, Кыйрынан тийип кыйратып, Кырылган койдой жуушатып, Анда-санда бакырып, Манастын атын чакырып, Манастын атын укканда, Тайталаң баштап аптыгып, Калың жерин суйултуп, Кылычтан канын чубуртуп, Жерде жаткан топурак, Кызыл канга жуурултуп, Албарс менен кайсалап, Арбын жерин талкалап, Беттеп бешөөн бир сайып, Бели сынып жаткан көп, Тиши чыгып ырсайып. Аркасын карай алышпай, Коркуп жүрөк кылчайып, Тайталаң бизди кырды, деп, Кара аскерлер муңканып, Ажал тартып, кан катып, Суу ойлошуп тамшанып, Алымсарык кырыптыр, Жалгыз жүрүп чаң салып. Арамзада Тайталаң, Жалгыз эрдин үнү, деп, Бир кишиден башкасы, Түгөл кыргыз өлдү, деп, Ордосуна кирем, деп, Өзүм барып келем, деп, Кандайлыгын билем, деп, Желип келет элеңдеп. Пили менен томпойуп, Куйругу кыска чолтойуп, Оройу суук доңуздун, Өтө башка дордойуп, Салаңдап мурду ормойуп, Бети калың томтогой, Орто бойлуу кортогой, Эки эмчеги баладай, Булчуң этин карасаң, Кысыр эмди танадай, Эки бети талаадай, Эки көздүн ортосу, Чөп ташыган чанадай. Аргамжыдай чачы бар, Өңкөргөн койдой кашы бар, Чечилбей калган ээси жок, Жолум үйдөй башы бар. Түн ичинде чатырга, Кирип келди күдүңдөп, Кызарып көзү күүгүмдөп. Алымсарык алдынан, Тосуп чыкты: - сен ким?! — деп, — Тааныбасаң менмин, — деп, Тайталаң өзүм келдим, — деп, Калганың качып сен калдың, Алыңарды билдим, — деп. Алымсарык кеп айтат: — Айбан, доңуз! — деп айтат. Кыргыз качпайт кыргындан, Кылымга дайын мурунтан. Уйатсыз сендей болобу, Уктабай элге чуу салган?! Биздин эрлер чатырда, Сенин мындай ишиңе, Сунган бутун тартпаган. Мыкты болсоң кел бери, Белиңди бүктөп, баш кесип, Бүтүрөйүн ишиңди, Андан кийин жалмайын, Аркаңда калган итиңди! Сарыктын айткан кебине, Таталаң ичи ачынды, Карбаластап карпаңдап, Найза менен качырды. Тайталаңга сайдырса, Оңой олтоң эр эмес, Оңойлук менен адамга, Омурулар бел эмес. Бет келишти бул экөө, Жаш Сарыктын артында, Карап турган бар төртөө. Качырып сайды Тайталаң, Кагып ийди найзасын, Адис болгон жаш арстан. Ураандарын айтышып, Аттарын бура тартышып, Балтаны колго алышып, Маңдайлашып чабышып, Колтуктарын чойушуп, Койгулашты бир далай. Алымсарык жадады, Тоодой болгон чочконун, Ыдыгына чыдабай, Эр Саламат ат койду, Айал кылып туралбай. Эр Саламат, Тайталаң, Салышып кирди кайтадан, Тамтыгы калбай жоголду, Качырышкан найзадан. Кыз Куйалы, Гүлүстөн, Өлүп кетти канча адам. Алты имерип сайышып, Тоодой болгон Тайталаң, Саламатты качырган. Кыз Куйалы капташты, Тайталаңдын ойунда, Өлбөсө кайра качпасты. Чойун баштар колунда, Алы келсе бир - бирин, Өлтүрүш бар ойунда. Куйалыны качырды, Таңга жакын калганда, Гүлүстөн калган аркада, Абаң Семей бет келди, Куйалынын артынан, Тайталаң бура тартканда. Каарданган хан Семей, Кайраты артык бар Семең, Тайталаң шорун катырды, Бир чабуудан чыгарбай, Кара жерге батырды. Калган отуз сегизи, Бири калбай жабылды, Акимсинген иттерге, Бекер өлүм табылды. Кыраан Семей абакең, Кылычты кармап сабынан, Сууруп алды кабынан, Ону өлдү дым тартпай, Отуз сегиз жабылган. Сезип калып Гүлүстөн, Бу дагы кирди бир четтен, Эки баатыр бет келсе, Кутулуп мындан ким кеткен?! Ана-мына дегиче, Айта-буйта кылганча, Баарын койбой жалмады. Аңгычакты болбоду, Таң кылайып агарды, Абаң Семей, шер Гүлүс, Кыз Куйалы, Саламат, Алымсарык жаш арстан, Аралап кирди камалды, Адырда абаң хан Бакай, Абыдан алды кабарды. Тышка киши чыгарбай, Кыргыз келип камады. Күн кызарган маалда, Жетимиш миң кишиден, Миңче киши калганы, Аскерин көрүп туралбай, Суумерген жетип барганы, Тосо чыкты алдынан, Кыргыздын Гүлүс балбаны. Эки күнү салышты, Эрикпестен калбаны, Суумергендин ошондо, Былк этер шайы калбады. Арам ойду ойлонду, Аркасына толгонду, Эбин таап жаздырып, Эми качып чу койду. Аркасынан Гүлүстөн, Суркойон менен созулуп, Качкан менен куугандын, Аркасынан чыккан чаң, Ободоку булутка, Бурулбай барып кошулуп. Карыган Бакай бакырып, Гүлчоролоп чакырып: — Качкан жоону куучу эмес, Кылычын канга жуучу эмес, Бүгүн эмес ошол иш, Мурунтан бери бар кеңеш! Карыйадан кеп угуп, Кеп укканда жеме угуп, Эр Гүлчоро жолборсуң, Кайтып тартты бурулуп, Жетимиш миң кишиден, Беш жүзчөсү калыптыр, Бөлүнүп чыкты чубуруп. Өлгөн адам жер толуп, Аккан канга сай толуп, Адырга жылкы-ат толуп, Кузгун чукуп көз ойуп, Киши этине жабылып, Учарлыктан тынарлык, Баары келип чогулуп, Кажырлар учуп калдаңдап, Канаттары далбаңдап, Айры куйрук, кулаалы, Учуп жүрөт салбаңдап. Жарыла албай дардайып, Жаткан өлүк андан көп, Жаны чыкпай кыйналып, Мунтип жаткан мындан көп. Буту сынган төкөр көп, Колу сынган чолок көп, Кулагы жок мулук көп, Тил сүйлөбөс дудук көп, Көзү аккан сокур көп, Бели сынган бүкүр көп, Жал-жал тиктеп жаткан көп, Жаны чыкпай аткан көп. Миңден киши кырылып, Жетимиш миң киши өлүп, Суунун уулу Суумерген, Атагы бар Сурмерген, Ичи жалын, боору чок, Кырып салды маминтип, Кыргыздардын колу жок. Кыргыздардын ичинде, Эстүүсү элге күйүнүп, Эси жогу сүйүнүп, Өлбөчүдөй жутунуп, Дүйнө жыйып жүгүрүп; Биз да бир күн ушу деп, Көбү жандан түңүлүп, «Көтөргөн балта тийгинче, Жарган дөңгөч эс алат» Биз дөңгөчбүз бүгүн, деп, Эки-экиден күдүңдөп, Коркконунан басалбай, Чанданы жүрөт бүжүңдөп. Муну мындай таштайлы, Кыргыз менен Кызыл алп, Кыргынынан баштайлы.