← Кененим 1/6

Алгачкы салгылашуулар

Алмамбеттин Гүлчоро, Жан кишиге билдирбей, Караңгыда жол тартып, Эркечтей болгон Сур атты, Батышты карай оң тартып, Чыгып барса бир белге, Сүрүп чыкты таң атып, Ооздугун чыгарып, Отко койуп Сур атты, Бетке алып басты Гүлүстөн, Чуучайган ташты белгилеп. Дөбөнүн чыкты башына, Көчүгүн койуп олтурду, Сандыктай кара ташына. Азизхандын Алмамбет, Жалганы жок анык кеп, Бейжинден качып чыкканда, Ала келген чоң дүрбү, Эбегейсиз зор дүрбү, Жүйрүн дөө берген башында, Алмаңдын он төрт жашында. Бой тумар чалыш кабы бар, Сур жылан бедер жибектен, Чалган боосу дагы бар, Алты күндүк алысты, Алты аркан бойу келтирген, Абдан тиктеп караса, Жүрөгүн таарып өлтүргөн, Оозу өрттөй кызарган, Кынабына койгондо, Кере кулач узарган, Боосун албай мойнунан, Сууруп алып койнунан, Тунарык тарткан түз жакка, Көз жиберип караса, Тогуз күндүк жер эле, Бута атымча келди эле. Сейрек салган тамы бар, Анда-санда багы бар, Орто-катар шаары бар, Андан бери караса, Карааны бар отузча, Адырда жүргөн адам бар. Адамды көрүп туралбай: “Мындан болбойт тил албай, Тил алып сөзгө канайын, Кангыча кабар кеп угуп, Хан абама барайын, Андан кийин калганды, Абамдан күтүп турайын.” Деп ойлонуп Гүлүстөн, Дүрбүнү катып койнуна, Бекемдеп боосун мойнуна, Суркойон минип жөнөдү, Караан көргөн жагына. “Карасын көрдүм алыстан, Үч күндүк жолдун чени бар, Абдан байкап карасам, Кайда кеткен дедирбей, Бүгүн түнгө калбастан, Кайта колго барбасам.” Ойго алып көп санаа, Баса минип жөнөдү, Буудан күлүк Сур атка, Табына келген Сур атын, Аркасында чаң калып, Артуу нечен бел калып, Чалкайган нечен төр калып, Аккан канча суу калып, Кетип барат Суркойон, Кара көөдөн бууланып. Жалган түш болгон кездерде, Болжолдуу жерге келди эле, Эл көргөн жердин болжолу, Болуп калды эми, деп, Ким экенин билсем, деп, Токтобой жүрөк элжиреп, Тентек шамал чойгулап, Этек-жеңи делбиреп, Чыга калса бир белге, Жаткан экен бир топ жан, Алды жагы эңкүүдө. Каалгадай калдайып, Суркойон менен дардайып, Гүлүстөн чыга калганда, Отуз алты киши экен, Кайдан келген адам, деп, Ат-тону бөлөк не жан, деп, Ким да болсо ушуну, Айтумуш алып барсак, деп, Атка минип жабылып, Салмоорго таш салынып, Жабалактап камынып, Мылтыктары жонунда, Чойун башы колунда, Чуркурашып ушулар, Гүлчорону кармашып, Алып кетиш ойунда. Эр Гүлүстөн аларды, Энге-зенге албады, Өпкөлөтө теминип, Аралап кирип барганы. Жеткен жерге Гүлүстөн, Бадыр-будур сүйлөдү, Баары муну билбеди, Калдыр-кулдур сүйлөдү, Такыр муну билбеди, Кырк уруу кыйын тил билген, Кылымдан ашкан Гүлүстөн, Оройт-боройт сүйлөдү, Ону жана билбеди, Он бир тил өттү билинбей, Он экиге келгенде, Отуз алты турган эл, Ошондо тилди билди эми, Жарыша койуп жабырап, Тил билише келгенде, Жалпы калбай сүйлөдү: — Ким болосуң сен? — деди, Тили жумшак, сөз таттуу, Кыйын Гүлүс муну айты: — Жериңер ким, элиң ким? Эл башкарган эриң ким? Капкаң кайсы, калкың ким? Калк бийлеген ханың ким? Тилиңди билдим, наркың ким? Тийишип келген жоо болсо, Тик качыраар алпың ким? Антип сурап турду эле, Бирин-бири тиктешип, Үстүнкү кашын серпишип, Астыртан ээрин тиштешип, Сыр бербейли шүк дешип, Байлап алып кетели, Камынгыла жүр дешип, Кол сала албай качырып, Апкаарышып сүрдөшүп, Сен бирдеме дегин, деп, Баш кишини күүлөшүп, Билип туруп Гүлүстөн, Апкаарыта сүйлөнүп: — Жооп берер кишиң ким? Жообуңду айтып билдиргин, Ханыңдын аты ким эле? Жашырбагын жөн эле, Шаарыңдын аты эмне эле? Шар айткының тим эле. Жалдырап баарың турасың, Жашырбай жооп кыласың, Жайылдык кылып турсаңар, Чыгарамын жыласың! Жабыла кетсең катылып, Жер кучактап жатасың, Күч келгенде бир жанга, Жашырбай баарын айтасың! Гүлүстөн турду күркүрөп, Көбүнүн агып сийдиги, Такымы ылдый бүркүрөп, Жабыла кетти бир тобу, Гүлүстөнгө дүбүрөп, Алтоо-жетөө бар экен, Мыктысынган күжүлдөп. Ачып көздү жумгуча, Аны-муну кылгыча, Бирине-бирин жеткизбей, Жанына жакын келтирбей, Бүктөй кармап камчыны, Бирден чаап сулатты, Баарын аттан кулатты, Жалпы баары чөгөлөп, Арстан Гүлүс баатырдан, Амандыгын сурашты. Анда Гүлүс муну айтты: — Атаар мылтык, тартаар жаа, Кесер кылыч, айбалта, Канжар менен салмооруң - Баарын койбой жыйнагын! Кабыл алды айтканын, Калтырбады шайманын. Анда Гүлүс муну айтты: — Жашырсаң жаның алам! — деп, Жалпы баарын муң айтты. Бир тилдүүсү бар эле, Баш кишиси ал эле: — Сурадың мурун айтпадык, Эми жашырып ката албайбыз, Жашырсак-жапсак кутулуп, Жаныбыз тирүү калбайбыз. Айтүбү деген шаарыбыз, Айтумуш деген ханыбыз, Атагы хан Айтумуш, Чынгыш деген залыбыз, Баш ийебиз Чынгышка, Ушул турган баарыбыз, Алдына барат ар күнү, Айтумуш деген ханыбыз, Айтүбү атка конгонун, Айтумуш ханы болгонун, Кабарын бизден алыңыз. Жүйрүн дөө деген келген дейт, Ээн жаткан жер экен, Айтүбү деп ат койуп, Шаар салдырган элге дейт. Шаар бүтүп болгондо, Салике деген кишиге, Айтумуш деп ат койуп, Шаарды ага бергиң дейт. Жүйрүн дөөнүн жанында, Чынгыш деген бар экен, Көп өнөрмөн ал экен, Көрө албадык көз менен, Айтабыз уккан сөз менен. Көккө чыгып көкөлөп, Көк кептер болуп учат дейт, Балык болуп бирерде, Деңиздерде сызат дейт. Бизден уксаң ушул кеп, Чынгыштын кызы Чыныке, Тогуздан жашы өтө элек, Сулуу чыкты пендеден, Чыныке сулуу чыккалы, Апаат келди бул элге. Күн батыштын жеринде, Суунун уулу Суумерген, Теңдеши жок эр экен, Тирүү киши сойуп жеп, Өтө тентек неме экен, Чыныке мага бергин, деп, Сурап келген кеп экен. Бербеймин деп айталбай, Суумерген көөнүн кайтарбай, “Бербес кызда калың көп” Калың малды көп салды. Кишиден миңди салыптьр, Беш жүз киши алыпртыр, Суумерген, Чынгыш этин жеп, Күндө бирден жарыптыр. Семиздеп киши бергин, деп, Бизге алман салыптыр, Ошол үчүн бул жерде, Кишинин баары арыктыр, Жалганы жок баары чын, Айткан сөздөр аныктыр. Суумерген пейли жаман дейт, Чоңойуп калса Чыныке, Бойго жетсе алам, дейт. Сууда жүрөт балыктай, Көрүнбөйт көзгө кайыптай, Жылбырска кара аты бар, Теңдеши жок баатыр ал. Талаша албайт сулууну, Тең келишип башкалар, Ашырып ийген жерим жок, Чынын айтам мактабай. Кишиден калың бергин, деп, Семирди Чынгыш киши жеп, Айтумуш берет Алманды, Хандыгым турса болду, деп. Эн салды элдин баарына, Күн батышка жарыйа, Кабар салган Айтумуш, Уккан шаардын баарына: “Эндүү киши кез болсо, Айдап мунда бергин, — деп, Суунун уулу Суумерген, Жиберемин билгин” деп. Коркуп элдер басалбайт, Башка жакка кача албайт, Жүргүн деп качан келет, деп, Жай уктап жакшы жаталбайт. Айтып кебин бүтүрдү, Айагында үшкүрдү, Арстан Гүлүс түшүндү: — Баарың кепке кулак сал, Баш киши, сен айтып бар, Өлтүрбөйүм бириңди, Баарың калбай кайтып бар. Жолуктук де бир эрге, Жообум ушул силерге, Айтып жаткан билерге, Биз Таластан келгенбиз, Кыргыз деген элденбиз, Суумерген менен Чынгыштын, Барылык сырын укканбыз, Жазасын колго берсек деп, Бастырып үйдөн чыкканбыз. Кайгуулчусу мен элем, Ханыбыз калды оорукта, Хандын аты Семетей, Күн батыштын элдерин, Бучкагына теңебей, Артык туулган багы бар, Адамзаттан ченебей, Өлөмүн деп душмандан, Ойлоп койбойт кенедей. Мен барамын алдына, Атайын элчи салабыз, Айтумуш менен Чынгышка, Каш кайтарар калган жок, Карап көрсөм Чынгышта, Кабарын угуп иттердин, Ал үчүн келди батышка.