← Кененим

Семетей баштаган баатырлардын мыкаачыларга каршы аттанышы

Түп атасы Бөйөн хан, Бөйөн хандан Чайан хан, Чайан хандан Кара хан, Кара хандан тараган, Кадырлуу тууган Орозой; Орозойдун он уулу, Улуу уулу Жакып хан, Жакып хандан туулган, Алашка каршы чыкканга, Салып келген чуулган, Жайдары туулган алп Манас, Жергелей тартып жыйылган, Жергесине көп алаш. Бейжинге барган жайдарым, Намысы деп алаштын, Айкөл шерден эр Семең, Кайгырбаган эр немең, Карчашкандан кан бүркүп, Чайкап келген шер немең, Теңдешкендин баарысын, Жер тайанткан эр экен, Ошол Семетейден Сейитек, Серпишип жоосу тең келбес, Жетим калып жетилип, Өз алдынан тетилип, Желбегей Сыргак бүркүттөй, Токтоно албай желигип, Сарыбай баштап нечен дөө, Сейитектен жеңилип; Сейитекте эки айал - Чоң айалы Гүлнардан, Алымсарык туулган; Кичи айалы Куйалы, Өзү катын болсо да, Теңдешсиз балбан бу дагы, Мындан туулган Кененим, Оорагы артык чунагы, Кененимдин байанын, Кеп башынан угалы. Жашы чыгып далайга, Эр Семетей калган кез, Жалгыз уулу Сейитек, Жашы отузга жетелек, Ат көтөргүс дөө болду, Ырысы жок жөө болду. Ат көтөрбөй жөө болуп, Сейтек жаткан кезинде, Айылга келди бир топ жан, Күн кыйшайган бешимде. Эр Семетей, Гүлүстөн, Абаң Бакай ак сакал, Үйдө болчу ал кезде, Бир тилдүүсү бар экен, Келгендердин ичинде. Жасоолдордон кеп сурап, Кимдин айлы, деп сурап, Ал киши турду кобурап. Жасоол башы кеп айтты: — Хан Манастын тукуму, Ак Болотун укулу, Сейтек айлы, — деп айты. — Сейтек жайын укканбыз, Эбегейсиз дөө деген, Аты жок минээр жөө деген. Семетей өзү бар деген, Четтен келген жоо болсо, Серпишет өзү ал деген, Акылманы Бакай кары дейт, Алмамбет уулу Гүлүстөн, Аттана турган чагы дейт. Арыз айтса абал угат дейт, Жеткире арызын сурайт дейт, Адам укса ачынар, Айтаар арызым турат, — дейт. Жасоол башы муну угуп, Эр Семетей үстүнө, Басып кирди жолугуп, Кирип турду какайып, Кеп кылалбай кулуйуп. Көз жиберип Гүлүстөн, Оозунда сөзү күмүштөн: — Эшик беги, не келдиң? Кирип туруш не иштен? Эңкейип жасоол баш уруп, Кеп баштады түз туруп: — Эшик сактап биз турсак, Бир топ жан келди жолугуп, Муңу бардай кеп айтып, Дегеле жаман оолугуп, Айталбай кебин бүт баарын, Ыйлап турду соолугуп, Ошончо айтты биздерге, Арыз айтам дейт сиздерге. Зеригип жаткан Семетей, Сарыбай дөөнү сойголу, Чуу көрбөгөн кенедей: — Ким болсо келсин ал, — деди, Ээрчитип кел бар, — деди. Эшиктен кирген жасоолу, Кетенчиктеп кеткени, Эшикке чыгып кетти эми: — Келген киши, кир, — деди, Уруксат берди бил, — деди. Кеп угуп тилдүү тирилип, Үйгө кирди бүгүлүп, Урмат кылып баш ийип, Келинден бетер жүгүнүп, Белин чындап ийиптир, Тизеси жерге тийиптир, Салам айтып бөкчөйүп, Уруксат менен ал кургур, Олтуруп калды чөкчөйүп. Көз жиберсе эр Семең, Эшиктен кирген кишиге, Өзү арык, мойну кез, Кызылы жок бетинде, Анын өңү сары жез, Далай заман болголу, Мындай киши көрө элек. — Кайдан келген адамсың? Кайсы жакка барасың, Не жумушуң бар эле, Ишиңдин айткын кабарын, Жүүнүн айткын кебиңдин, Жөнүн толук билейин. Семетейди тик багып, Карай албай байкуштун, Эки көзү жоодурап, Кеп баштады кобурап: — Күн Чыгышта элденбиз, Соодагербиз, кербенбиз, Бир жүз отуз киши элек, Элүү бир киши алаштан, Отузу кыргыз уруудан. Биз менен бирге Ополдон, Келген кыргыз эл эле, Эриккенде кеп салып, Алар мындай дээр эле: «Семетей бар кыргызда, Семетей тирүү турганда, Жамандык жок кыргызга.» Ошолорду уксаңыз, Бири да тирүү калбады, Баарын Чынгыш жалмады, Алдыңа келдик, Семетей, Ушул кепти айткалы. Соода кылып жүргөнбүз, Жер кыдырып айланып, Күн батышка барганбыз, Мал тапсак деп курган баш, Бир балаага капташтык. Күн батыштын жерине, Айтумуштун элине, Биз барыпбыз ал жерге, Күн кечиргис тар жерге. Жердин аты Айтүбү, Хандын аты Айтумуш, Биз калдык барып тушугуп. Айтумуштун алдында, Чынгыш деген бар экен, Баштан айак заар экен, Сураштырып угушсак, Чыгыштан барган жан экен, Чынгыштын кызы Чыныке, Алынча сулуу ал экен, Мен алам деп күн батыш, Баш билгичтер зар экен. Чоң дөөлөрдүн ичинде, Суунун уулу Суумерген, Сымбаты башка керилген, Чыныкени алам деп, Чымырканып ал келген. Бербеймин деп айтканга, Чынгыштын алы келбеген, Салынуу кашык каадасы, Калың малы бар, — деген: “Жетимиш там үйүм бар, Жеке алтынга толтургун, Жетимиш миң кул бергин, Жергелетип эл бергин, Жер жайнатып мал бергин, Күнүнө бирден адамды, Тандап сойуп мен жеймин.” Угуп муну Суумерген, Жер кыдырып келиптир, Айдап барып биздерди, Чынгыш ханга бериптир, Өзү дагы Суумерген, Киши сойуп эт жеген, Зулумдун бири ал экен. Чынгыш менен Суумерген, Күндө сойуп киши жеп, Чыгыштын эли семиз, деп, Күндө бирден бизди жеп, Кээ бирин сатты базарга, Алып чыгып эптүүлөп, Баарысында бар экен. Кишинин этин сатып жеш. Ошентип бизди түгөттү, Өлүп кетпей күн кечти, Жүз отуздан калыпбыз, Арыктап баспай беш киши. Аралап басып ылгады, Сойобуз деп шыйгарды, Сорполук чыкпайт булар, деп, Айдап бизди чыгарды. Алты жыл жаттык тутулуп, Анан чыктык кутулуп, Эн салып бизди чыгарды, Кулакты кесип мулуйтуп. Он беш күн өттү арада, Качып чыктык талаага, Андан кийин барбадык, Күн батышта калаага. Шаарга барса жат киши, Алардын жаман бир иши - Кулагын карайт адамдын, Адамы экен деп билет, Суумерген деген балаанын, Айдап барып берет деп, Энин таап алганын, Андан кийин көрбөдүк, Ал үчүн шаардын караанын, Чөбүн таап жеп келдик, Адамсыз жаткан талаанын. Айтүбүнөн чыккалы, Үч жылга быйыл нак толду, Алты айдан бер жакка, Эл аралап келебиз, Эл башкарган эр болсо, Айтып кабар беребиз. Жолдо элден кеп уктук, “Ак калпак кыргыз - алашка, Семетей улук” деп уктук, Ошол үчүн жолборсум, Сизге келип жолуктук. Айтар арызым бул, — деди, Өзүмдүн дайнын сурасаң, Каңгайдан келген кул, — деди. Айтып кебин бүтүрдү, Абакең кепке түшүндү, Ошол жерде Семетей, Гүлүскө буйрук түшүрдү: — Сен Гүлүстөн, тур, — деди, Элге буйрук кыл, — деди, Жыйырма хан элим бар, Жылдырып баарын жый, — деди. Кечээ Бейжинге атам барганда, Он төрт хан деген хан экен, Элүү төрт илек кол экен, Батышка барам бул сапар. Атамдын колу толсо экен, Атамдын колун кемитпе, Карабагын сен ишке, Камынгыла, болгула, Күн батышка жүрүшкө. Жыйырма ханды санагын, Барбай бирөө калбасын, Атка минээр эркектен, Үйдө жатып албасын. Деп Семетей акырып, Жоого тийчүү немедей, Каары жүзгө чачылып, Кабарын угуп батыштын, Абаң Семей ачынып: — Атам Манас болголу, Мен Семетей атка конгону, Адамды адам сойуп жеш, Мындай шумдук болобу?! Айтумуш менен Чынгышты, Жыпжылма кылып койолу. Суунун уулу Суумерген, Бизге алы келеби? Өзүнөн башка дөөлөргө, Барып кабар бербейби, Семетей келди деп укса, Бирөө калбай келбейби, Өздөрү келип чогулуп, Ошентип кудай бербейби, Ээн жатып ээлигип, Эчтеме көрбөй зеригип, Эрдемсиген дөөлөрдү, Эдебин колго берели. Эсирген доңуз дөөлөрдөн, Элге кылган зордугун, Эстесем уйкум келеби?! Жылдызды санап бөлөлү, Эл кыйнаган дөөлөргө, Бир беттешип көрөлү, Болгун, Гүлүс жолборсум, Көп кечикпей жөнөйлү! Кебин угуп абаңдын, Анда Гүлүс муну дейт: — Айланайын абаке, Айтканың чын, сөзүн ак, Чороң айтам бир сөздү, Акылга салып угуп бак. Айкөл атам барында, Он төрт хандын эли экен, Кара калмак манжуга, Кайнап жаткан Кытайга, Бараары мунун эп экен, Батыштагы дөөлөрдөн, Кытайча эли бар бекен? Кыргызды кыйнап жыйбайлы, Бүлүктү журтка салбайлы, Дүрбөтүп айдап барбайлы. Эл багып бизди эр кылды, Эр уулу менен тең кылды, Төртөөбүз бардык бир кезде, Алоокенин чоң калча, Ошол бизге не кылды? Кызыл кыйа артууга, Жыйылган Кытай калкына, Төртөөбүз барып чуу салдык, Алоокенин калчанын, Башын кесип бир алдык. Ошончо бардык күн батыш, Эркин элге чуу салбай, Эптүүрөөк киши баралык, Куйалы менен Саламат, Арымсарык арстанды, Кошуп бирге алалык, Колбутуп айдап кыргызды, Коркконсуп кантип калалык? Элди айдап дүрбүтпөй, Тандап миңди табалык, Айтумуш менен Чынгышка, Суунун уулу мергенге, Кыр көрсөтүп баралык, Эли жокбу дедирбей, Антип барсак ылайык. Айыгышып карчашып, Аттан түшпөй кармашып, Заар төгүшүп арбашып, Салгылашып көрөбүз, Ажал жетсе өлөрбүз, Капташса азап көнөрбүз, Далайга жашым чыккыча, Кол албай бардым жоолорго, Адам уулу жологус, Эбегейсиз тоолорго, Эл жыйнап барсаң бул сапар, Корккондугуң болот го, Жалгыз көздөн сезбеген, Коңурбайдан коркпогон, Толтой менен Чынкожо, Оңой эмес жоо эле. Көк букачан Мадыкан, Жапандан келген Кызыл дөө, Нескаранын Жубатай, Түз кылуучу балаалар, Ошолор менен уруштук, Кыргыздан жыйнап кол албай, Такыр бизден жоголду, Абаке бизден соо калбай. Башканы койдум бөлөкчө, Канчоро менен Зор Кыйаз, Кордук салды бул экөө, Бой бербедик, абаке, Бул экөөнөн бөлөккө, Койгон аты Сарыбай, Кутургур деп аталган, Катылышкан кишиден, Канын төгүп баш алган, Калба салды катышып, Капталдан чыгып атышып, Карчалышты кагышып, Кара ханга күч келип, Былчылдашып жабышып, Сейитекти бел кылдык, Куйалы келип жардамга, Кара жерге тең кылдык, Чуркуратып маңгытты, Агызып жашын сел кылдык, Буудандарды арытып, Жуурултуп баткак тер кылдык. Абакем азыр аман бар, Адашсак акыл табалар. Абаке, сенин өзүң бар, Караңгыны жарыткан, Шамдай жанган көзүң бар, Адамдын көөнүн эриткен, Балдан таттуу сөзүң бар, Айтканга кирсең, Абаке, Акылым ушул билип кал. Карап Бакай турбады, Гүлчоро кебин улады: — Береги турган күн батыш, Беттешип жоого барабыз, Атаңдан калган салтың бар, Атышкан жоону аларбыз. Өкчөсөк сака утарбыз, Өчөшсөк башын жутарбыз, Карчашсак сака утарбыз, Кармашсак башын жутарбыз. Бейжинге бардык көп эле, Белдүү Кытай эл эле, Беш Бейжин деп аталган, Мелтилдеп жери кең эле, Биз баруучу Айтумуш, Угулбаган кеп эле, Кабарын уксак, укпасак, Каңгайга качан тең эле, Чынын айтсак Кытайдын, Кишиси жердин чөбү эле, Кишини киши жейт десе, Барбай койсок болобу? Айкөлгө наалат жетпейби, Абийирибиз кетпейби, Гүлчоро айткан байатан, Акылга жаккан кеп болсо, Миң киши менен баралык, Семетей, сага эп болсо. Кабылан Гүлүс, хан Бакай, Катар айткан кеп болду, Эми абаң Семетей, Билгениңдей камын, деп, Гүлчорого жол койду. Эр Гүлүс акыл толтуруп, Эл башкарган эр менен, Кеңеш кылып олтуруп: — Бир кишиден он бала, Бир кишиден бир бала, Бир балага катышпа, Он бала менен үч бала, Ортосунан тандап ал, Ат-тону менен белендеп, Азык-түлүк, жоо курал, Беш күндү мелжеп жолго сал. Деп айтып сөзүн так кылып, Билгичтерге тапшырып, Аскер жыйды билгичтер, Эл аралап бастырып, Аскерге барчуу жигиттин, Атын катка жаздырып. Азык-түлүк, ат-тонун, Дайарлатып камынтып, Төрт күн болот дегенде, Сейитектин ордого, Айдап келди жабылтып. Оорукта жаткан чоңдору, Аскерге барчу колдорду, Чоң Таласка караган, Айылдагы баары адам, Айкөл Манас баатырдын, Күмбөзүнө барышты, Семетей өзү баш болуп, Ай тамактап жалынып, Бирден малды чабышты. Койдун башын алышып, Коондой бээни жарышып, Ак сар баш уй чалышып, Сүт бото, тайлак мууздашып, Эбеп жөлөй көргүн, деп, Арстан Манас күмбөзүн, Айлана басып чуулдашып, Жакасын муунта кармашып, Абаң бакай, эр Семең, Алымсарык, шер Гүлүс, Куйалы менен Саламат, Миң кишини жардатып, Дүбүрөтүп жөнөдү, Топуракты чаңдатып. Атактуу Талас жер калды, Ак калпак кыргыз эл калды, Арстан Гүлүс жол баштап, Айтумуш көздөй жол алды. Айтумуш барчуу эрлердин, Мингени такыр күлүк ат, Баары андес кагалес, Мылтык атып жаа тартат, Кылычы кында кыңгырап, Айбалта жанда шыңгырап, Найза колдо зыңгырап. Аргымак аттар алкылдап, Саймалуу жаргак сары шым, Кең багалек балпылдап, Булгарыдан чоң кисе, Жандарында шалпылдап, Күн батыш карай жол алып, Кетип барат шартылдап. Тебетейин кырдашып, Теңтуштарын ырдашып, Эки экиден бастырып, Сыр чечишип муңдашып, Он сегиз күн жол басты, Эбегейсиз алдынан, Ээн бир чөл капташты. Ат өргүтүп жан атып, Эки күн өргүп жатышты, Кандай барсак, болор деп, Абаң Бакай ханынан, Жолдун жайын сурашты, Бакай абаң кеп айтты: — Басып көргөн жол эмес, Билбеймин, балдар, — деп айты, Билбеске Бакай чыкканда, Билбестигин укканда, Саламат туруп муну айтты: — Бет келеби силерге, Билүүчү барбыз дээрге. Ичибизде Куйалы, Жердеп жүргөн жер эле. Жакын менен алысын, Суусу баары-жоктугун, Баарын билет Куйалы. Ушул жолдун кабарын, Куйалыдан угалы. — Андай болсо чакыр, — деп, Жарлык кылды Семетей. Барып жетти бир жигит: — Сизди келсин деди, — дей. — Мени келсин деген ким? Ачык айтып билдиргин, Куйалы антип сурады, Анда жигит турабы: — Эр Семетей, зор Бакай, Алымсарык, шер Гүлүс, Саламат бар жанында, Чакыргың деп мени айтты, Ал үчүн келдим алдыңа, Куйалы анда кеп айтат, Кеп айтканда нени айтат: — Мен келгели Таласка, Он үч-он төрт жыл болду, Мен төрөгөн Кененим, Сегизге жашы нак толду, Жыл он төрткө толголу, Үч кишинин караанын, Бет келишип алдына, Барган күнүм болбоду, Талаачылык тар жерде, Маңдайлашып аларга, Мал жайып барсам болобу? Алымсарык, Саламат, Алар келсе болбойбу, Чакыртыптыр мени деп, Бет келишип аларга, Басып барсам оңомбу? Барган жигит кайтыптыр, Бар укканын айтыптыр, Анда Гүлүс муну дейт: — Ал айтканы дурус, — дейт, Келбесе болбойт Куйалы, Өтө зарыл жумуш, — дейт, Сен чакыргын энеңди, Алымсарык, баргын, — дейт, Алымсарык залкайып, Салтанаттуу бу чунак, Куйалынын үстүнө, Басып барып кирди эле, Келдим деп жана чакырып, Мындай айтып турду эле: — Салмактуу Бакай чоң атам, Абам Гүлүс шер айткан, Айтумуш барчуу жол кайсы, Кабар укмак сиз жактан, Күн батыштын тарабын, Билген киши жок экен, Жолун билип бул жакка, Келген киши жок экен, Айтышынча Саламат, Билген киши сиз экен, Ал үчүн сизди келсин дейт, Бара турган жол кайсы, Бизге айтып берсин дейт, Арбагы бийик Манастан, Аттанып чыкты Таластан, Киши сойуп жейт десе, Намысынан чоң атам. Айтумушка бараткан, Карыларды сактатпай, Жүрү, энеке, баралы, Билгениңче кабар айт, Жообун берип жаналы, Барбай койор амал жок, Басып чыгып Куйалы, Хандардын кирип үстүнө, Кол куушуруп эңкейип, Салам кылып турганы. Жалгасын кудай, балам, деп, Жабырап баары алкады, Баш көтөрүп заңк этип, Баатыр Гүлүс айтканы: — Э э, кулунум Куйалы, Көзүң көрүп турасың, Азыркы мезгил убакты, Туура таптык биз сенден, Бир эле кепти сурашты, Күн батыштан эл барды, Жөн кетпей алар кеп салды. Айтүбүндө Айтумуш, Айтумуштун элинде, Киши сойуп жеди, деп, Өтө жаман кепти угуп, Жыргап жаткан Таластан, Аттанып чыктык удургуп, Канча жылы жоо көрбөй, Биз калыппыз буулугуп, Он сегиз күн жол басып, Куу чөлгө калдык жолугуп. Уламалап улаштык, Укмуштуудан сураштык, Чөлдүн жолун билет дейт, Ээ, балам, сенден сурап турабыз. Жерди тиктеп уйалып, Акырын сүйлөп муңайып: — Он эки жашка толгончо, Жүргөн жерим болбоду, Он үчүм мүчөл жыл өттү, Азуулунун чоңдорун, Аңдып жүрүп бу чөлдөн, Мен байкуштун күнү өттү, Өзү жаман жаткан кум, Адамды соруп түгөтчүү. Укмуштан сурап мен угам, Айтумуш мурун жок экен, Куралган кийин деп угам. Өткөрө тоосу бийик деп, Мурун киши жок экен, Чөбүнүн баарын кийик жеп. Күн чыгыштан Жүйрүн дөө, Мында качып келген дейт, Артылып тоодон ай батпайт, Айтүбү деп ат койуп, Айтумуш деп хан койуп, Ээн жерден эл бөлүп, Эл жерде эрге жер бөлүп, Кеткен экен деп угам. Жайнап жаткан кызыл кум, Тирүү жан беттеп баралбас, Томсоруп жаткан ушул кум, Эл аралап, тоо бойлоп, Түндүк менен жүргөндө, Он эки айда барабыз, Батыштагы баранга, Андайлардан далайга, Уруш кылып саларбыз, Эл уйпалап уруш таап, Эндекей жаткан элди чаап, Эмгек таап аларбыз, Аралап кирсек бул чөлдү, Чыгалбай өлүп каларбыз, Чагалек деген бир чөл бар, Элүү күндүк куму бар, Элүү күндүк куу кумдун, Эки жерде суусу бар, Эки жерде чөбү бар, Кырк беш күндүк жеринде, Шорголоп турган куму бар, Эрикпей басса бул жолду. Ошондо кумдан кутулар, Айтумушка барышка, Мүшкүл жумуш ушулар. Куйалы айтып токтолду, Жооп берген адам жок болду, Кара чаар жолборстой, Хан Гүлүстөн октолду: — Андай болсо баарыбыз, Абам Бакай карыбыз, Кыз Куйалы балбанга, Жол баштатып алалы. Айтумушка барганча, Кол баштатып алалы. Алдында жүрсүн Куйалы. Миң кишини жоготуп, Тентитип ийип бу чөлгө, Убалына калбайлы Мен жүрөйүн артында, Алымсарык, Саламат, Жүргүлө эки жанында, Уйку уктаса шылкылдап, Кайратың кетти кайда, — деп, Ойготкула шылдыңдап. Көөн койуп уккула. Осолдук кылба камчы чаап. Минген атка азыр бол, Сылап-сыйпап жоорутпа, Ээрчиткениң миң киши, Дегеле, көөнүн оорутпа. Эндекей өскөн биздин эл, Ойун менен күлкүдөн. Андан башка билбеген, Кирдүү кийим кийбеген, Кирдүү айак ашын ичпеген, Кышта кысыр бээ сойуп, Жайдын күнү той жеген. Байге бөлүп кунан чаап, Көкбөрү тартып уландар, Өз көөнүнчө жүргөн эл, Кыштын күнү жоро ичип, Жайдын күнү шерине жеп, Кырк-отуздан малдарды, Зыйанга жыкса мейли, — деп. Бара жаткан миң киши, Булар туулуп өскөлү, Эч жамандык көрө элек, Жоого беттеп бара элек. Жоо кадырын биле элек. Деп Гүлүстөн айтканда, Куйалы балбан ал ал үйдөн, Чатырын карай кайтканда, Элге айтып угузду, Эртеңки күнү басканга. Жигиттин баары камын жеп, Аттарын алып токунуп, Азык-түлүк байланып, Жолго түштү шайланып. Кыз Куйалы балбан кыз, Далайга мүшкүл салган кыз, Желжетпес минип залкайып, Баштап кирди куу чөлгө, Андан башка адамзат, Баскан эмес бу чөлгө, Кетип барат Куйалы, Камынтпастан шум чөлдө, Ат тизеден малынып. Чөл кургатып кетет деп, Чанактады сууларын, Бөктөргөгө алышып, Үч күндө бирден наар алып, Аттарын кошо сугарып. Элебей калган бейдымак, Торсукта суусун кум соруп, Куру жан болуп калышып, Тилемсип элден суу сурап, Жөн бербейт нечен терс айак, Суусу барлар кулуңдап. Түндү эсепке албастан, Он бир күнү жол басып, Камыштуу жерге жолугат, Камыштуу жерде суу бар деп, Арасында чуулдак, Куйалы билет шор көлгө, Жакын жетти чукулдап. Куйалы турду токтолуп, Айткан сөзү бул болуп: — Айалдап, элдер, туруңар, Айтканымды угуңар. Алдыбызда бир көл бар, Суусунда шордуу уусу бар, Адам ичпе, ат ичпе, Ичкен жандын баары өлөт. Алоолонтуп от жагып, Казанга куйуп суу асып, Кемеге кылып жер казып, Бороктотуп кайнатып, Үстүнөн ылгап шор калпып, Андан кийин ичебиз. Атка да антип ичирип, Торсукка куйуп суу алып, Бир күн жатып камданып, Анан жолго салабыз, Атың өлсө суу ичип, Жөө калсаң кандай кылабыз, Сылык айткан сөздү ал, Айткан сөздү укпаса, Буйруган ишти кылбаса, Аты өлгөнчө өзү өлсүн, Алымсарык, Саламат, Башын алып таштагын. Кузгун көзүн чукусун, Кажыр жарсын кардын, — деп, Куйалы айтты мындай кеп. Алымсарык, Саламат, Айтканындай кыз балбан, Адам менен айбанды, Суу кайнатып сугарат. Суудан ичип чөп жеген, Айбан мында жок экен. Жолборс менен шери бар, Азуулуунун бу чөлдө, Айтып болгус кени бар. Кескелдирик молтоңдоп, Төө куштары койкоңдоп, Куу чаар болуп таш бака, Түк окшобойт башкага. Кирпилери түктөйүп, Гилеси турат кумсарып, Жыланы жоон теректей, Тымсагы төөнүн нарындай, Томсоруп жаткан куу чөлдө, Жапа жандар ар кандай. Абасы салкын жерде өскөн, Коркуп элдер басалбай, Ышкырса жылан азандай, Жол жүрүп келген кайран эл, Уктап кумар жазалбай, Бардап көзүн ачалбай, Тентип кетип өлөм деп, Же кайра артына качалбай, Камалып жатып эки күн, Дем алалбай күнү-түн, Эл кужурап турганда, Келин каш болуп агарып, Таң сүрүп чыккан маалда, Кыз Куйалы жол баштап, Алдында минген желжетпес, Ооздук тиштеп кыйгачтап, Кош кулагын кайчылап, Барган сайын ыргыштап, Кулжадай көзү кызарып, Өрдөктөй мойну узарып, Барган сайын ыкчамдап, Башын силкип кылчактап, Тумарын көккө ыргытып, Туйагын жерге мылгытып, Таноосунан буу чыгып, Колтугунан суу чыгып, Куйругунан чуу чыгып, Аркасында чаң калып, Арбытып салып алыптыр, Мен-менсиген чандан ат, Желип-жортуп калыптыр. Карк этип карга учпаган, Курк этип кузгун учпаган, Сереңдеп койон качпаган, Кыраакылар байкаса, Тирүү жандар баспаган. Керт этерге чөп өнбөй, Чып этерге суу көрбөй, Кумдан башка неме жок, Өнгөн дарак деле жок, Адам өлөр куу чөлдө, Томсоруп жаткан бу чөлдө, Отуздан ашык күн басты, Күнгө улап түн басты, Күндү алып эсепке, Түндү эсепке албады. Жетип калды ошентип, Тоо-ташы бар бир жерге. Түндүгү туташ тоо экен, Батышы жазык көк экен, Көгөрүп жаткан чөп экен. Ортосу агын суу экен, Тоонун башы карагай, Өзөндө кайың, талы бар, Бөксөсү четин, сап ыргай, Арчанын жыты аңкыган, Жасанган кыздай келбети, Нечен тоолор заңкайган, Чалкак-чалкак төрлөрү, Чатырап нечен көлдөрү, Бу жерге келген кыргыздар, Мындай жерди көрбөдү. Жадырап жаткан сазы бар, Саз ичинде көлдөрдө, Өрдөгү менен казы бар. Кайырма, чүрөк, соно бар, Сазды ээлеп жердеген, Ызгыч менен жагала, Андай жандар бир канча, Ала канат таркылдак, Таң аткыча уктабай, Сайрап чыгат таркылдап. Кара куназ, көк кытан, Илек-илек, көк казан, Балыкчы бүркүт, суучулдук, Суунун терең жеринде, Ойноп жүрөт суу шуңгуп, Тайлактай болгон ак куулар, Каркыра менен турна бар, Кара боор, кашкалдак, Молдо торгой, сандыгач, Күкүк деп Зейнеп чакырат. Топулуу торгой, бытпылдык, Бытпылдыктап кыйкырып, Суусунда балык жылт этип, Кундуздар ойноп кылт этип, Токойунун четинде, Чөөлөрү күлөт шыңк этип, Чычкандары чырылдап, Жан-жаныбар кыбырап, Жайнаган курттар жыбырап, Айбанаттын түрү көп, Жерди бербейт быжылдап. Отун алып жаткандай, Токойлору кычырап, Төшүндө улар чыкырат. Шерлери жүрөт чакчаңдап, Токойдо айуу саксаңдап, Жолборстору күркүрөп, Үнүн уккан адамдын, Сийдиги агат бүркүрөп. Түлкүлөрү кылт этип, Сүлөөсүн, карсак, ач күзөн, Суусар, мадыл, мышык көп, Пилдер турат томпойуп, Төө куштары койкойуп. Сары арыстар кырсылдап, Киле менен сары эшек, Араң жылат былкылдап. Карышкыр тоодо кабышып, Аркар-кулжа жарышып, Текеси ташта чубашып, Кийиги кумдан куйулуп, Бугусу сууга чубуруп, Тоодогу түздө топтошуп, Элиги жерде оттошуп, Канча түркүн куланы, Эшектей болуп окшошуп, Зарапа басып тарбаңдап, Маралы чуркап дарбаңдап, Жыгачы калың жер экен, Канаттуунун кени экен, Чыгышта киши көрбөгөн, Канаттуусу көп экен. Кажырлары далпактап, Кулалысы шалпактап, Канаты бар уча албай, Жөө жүргөн көп талпактап. Бүркүттөрү жутунуп, Кайберендин баарысы, Эркин ойноп кутуруп, Адам уулу көрбөгөн, Андай куштар сандан көп, Кудай кылды кантем деп, Зарланганы андан көп, Чыйу-чыйу таталбек, Сайраганы мындан көп, Төөнү эчкиге сатам деп, Ырдаганы андан көп. Маймылдарын карасаң, Шактан-шакка секирип, Кыргоолу жерге бекинип, Тотукуш куйрук жайышып, Айбат кылып үксөйүп, Жапа тооктор мекийип, Кыргыйек турат чекийип, Көк жору учат калкылдап, Ителгиси баркылдап, Карагай, кайың талында, Терек, чынар - баарында, Куш отурат закыйып, Төө куйрукту кучактап, Үкү жатат бакыйып, Жүдөмүш деген канаттуу, Жүндөрү узун саксайып, Көрккө түшүп көргүн деп, Бүркүттөр турат далдайып, Көп жандар бар ал жерде, Көзү жыртак акыйып. Учарлык менен тынарлык, Жери экен ушул жер, Түрдүү жыгач көп экен, Кени экен ушул жер, Түшүнөн кетпей уктаса, Жылгындуу Кеңкол, Таласка, Түк окшобойт ушул жер, Шиберге жатып жайкалып, Сууга түшүп чайкалып, Беш күн өрүүн алыптыр, Кыз Куйалы жол баштап, Дагы жолго салыптыр, Алты күн жүрүп арада, Шайтан көлдүн сыртына, Салкынга жетип барыптыр, Түшпөй туруп Куйалы, Ойунда кебин салыптыр: — Келбегемин, уккамын, Шайтан көлдүн тескейи, Айтумуштун эли деп, Айтбүбүнүн жери деп. Заңкайган тоодон артылып, Ай үстүнөн ашпайт деп, Ай ашалбай тоо бийик, Ай түбү деп айткан кеп, Мындан нары калганды, Айта албаймын билем деп, Куйалыдан угуп кеп, Гүлүстөн элди түшкүн, дейт, Бутуңду сунуп жай жатып, Эми уктап көпкүн, — дейт. Чыккан чөптүн кени экен, Кыймыл эткен неме жок. Өтө таза жер экен, Кыргыздар калды жай жатып, Араң келген бул жерге, Алты күнү жол тартып, Казан асып, от жагып, Казанга майды кайнатып, Аттары жуушап укташып, Бугунун бычып жайасын, Азаматтар туздашып, Аркар эти, кой эти, Ала шалбырт чыкташып, Жай алып жатты укташып, Муну мындай таштайлы, Кыргыз, Чынгыш сайышкан, Салгылаштан баштайлы.