← Кененим 2/6

Хандын аты Семетей, Атасы Манас шер өткөн, Ал өңдөнүп ким өткөн? Кабар алып турсун де, Элчи келет үч күндө, Кепти андан уксун де. Айтып бар, — деп, - ханыңа, Жанагы Чынгыш залыңа. Айтып койуп Гүлүстөн, Бура тартып жөнөдү, Ат жабдыгы күмүштөн. Күн бешимге барган кез, Төбөдөн ооп калган кез, Ат айабай жөнөдү, Күүгүм кире барсам, деп. Эр Гүлүстөн жолборсуң, Күүгүм кире күн бата, Кирип келди кошуунга, Абаң Бакай, Семетей, Басып кирди алдына, Көрүнбөдүң балам, деп, Сурады Бакай карыйа. Анда Гүлүс муну айтат: — Өткөн күнү күүгүмдө, Кайгуулга чыктым бүрүлдө, Белге чыктым, абаке, Таң агарган күдүңдө. Дүрбү салдым ар жайга, Топ караан көрдүм бир жайда, Жетип бардым аларга, Күн шашике маалда. Отуз алты жан экен, Өздөрү арык ыркыйып, Өңдөрү такыр сары экен. Он бир түрдүү сүйлөдүм, Такыр тилим билбеди, Он эки түргө барганда, Анан тилим билгени. Айтумуштун эли экен, Кербендер айткан Таласта, Жалганы жок чын экен, Чынгыш менен Суумерген, Баштан айак чыр экен. Баарын уктум кабарын, Байкадым элдин абалын, Мойунга артып жүрүпбүз, Угушпай элдин убалын. Ашыккандан мен айттым, Ханыңарга айткын деп. Атабыз өткөн зор Манас, Жерибиз Кеңкол, чоң Талас, Хандын аты Семетей, Ханың уксун кабар таап. Элчи келет үч күндө, Айтумуш менен Чынгыштын, Калбасын кеби ичинде, Үч күнчүлүк жол экен, Эми келдим сиздерге. Айтканың жөн десеңер, Жиберели элчини, Жарабаса бул кебим, Эми силер билгиле. Эр Гүлүстөн кеп уруп, Хан Семетей үстүндө, Абаң Бакай баш болуп, Алымсарык жаш болуп, Кыз Куйалы, Саламат - Баары олтурду чогулуп, Семетей оозу бүлк этти, Ак буладай чойулуп: — Баарыбыз бирге турабыз, Гүлүстөн ырас айтыптыр, Элчи барыш ылайык. Элчиликке жиберер, Ылгагын элдин карысын, Тең айтышар эр болсун, Кетирбей колдун намысын. Турна деген бар эле, Тил-оозу бар бала эле, Төрт киши кошту ага эле. Өзү менен беш болду, Ар жумушу тез болду, Кат жазып Гүлүс бүтүрдү. Аттана турган кез болду. Анда Семей кеп айтты, Кеп айтканда деп айтты: — Турна баатыр, барып кел, Ат изин ага салып кел, “Элчиге өлүм жок” болот, Тил билбей окшойт, булжолу, Сүр көрсөтпөй койобу, Кат берип кебин айтып кел, Көп кечикпей кайтып кел. Нары барыш беш күндүк, Бери келиш беш күндүк, Анда канча турасың, Айтумуш билет убактын, Болжол кылып күн санын, Үйдө олтуруп мен айттым. Арадан өтсө он беш күн, Мен жүрөмүн күнү-түн, Башына салам хандардын, Ай тийбеген кара түн. Демилгелүү кеп айтып, Турнаны койду узатып. Айтумуштун элдери, Гүлүстөнгө жолугуп, Күн-түн жүрүп келди эми, Баары көргөн-билгенин, Таластан кыргыз келгенин, Көп кечикпей жакында, Элчинин жетип келерин, Мамындай айтып бергени: — Жолуккан киши эң сүрдүү, Көрбөгөм мурун бул өңдүү. Ак көңүлү кармаса, Ак көрпө жайыл көрүнөт, Каары кармап терс алса, Кан төгөр жайы көрүнөт. Отуз алты киши элек, Опсуз салдык урушту, Колуна курал алган жок, Камчы менен курутту, Барып кайра келгенче, Алдайар таксыр ханыбыз, Көргөн-билген жумуш бу. Айтып кебин бүтүрдү, Айтумуш кылбай түшүнчү, Түшүнө албайт Айтумуш, Кыргызды мурун укпаган, Кыйкырык чуудан чыкпаган, Чыгыштан келген Чынгыш хан, Кыргыздын жайын айтпаган. Айтпагандын себеби - Качып келген эмеспи, Өз абийрин сактаган. Такта олтурган Айтумуш, Жесекчиден кеп угуп, Кыргыз келди деп угуп, Семетей деген эрди угуп, Токтоно албай удургуп, Ат араба коштуруп, Артынан чаңын тоздуруп, Барып жетти Чынгышка. Чынгыш менен көрүшүп, Калжыңдашып күлүшүп, Какжайышып олтурду, Ичтеги кебин төгүшүп: — Айтумуш хан, келипсиз, Бар беле зарыл ишиңиз? Антип Чынгыш сурады, Айтумуш кебин баштады, Жесекчиден уккан кеп, Баарын айтып таштады, Чынгыштын өңү кубулуп, Жаны чыга тас калды. Тайанып жаагын тултуйуп, Түк чыкпаган кара нээт, Сакалы жок мултуйуп, Үшүп аткан немедей, Этегин кумтуп олтуруп, Кыргыздын угуп кабарын, Улутунуп үшкүрүп, Семетей атын укканда, Ичинен жалын от күйүп, Жеткен экен кыргыз, деп, Тирүүлүктөн түңүлүп, Какайып турган кайран бел, Кайгыдан сынып бүгүлүп, Өткөн күнүн ойлонуп: “Чыгыштын деңиз бойунда, Жалбырактай ыргалып, Жүйрүн дөө менен жүргөндө, Эркин ойноп жыргадык, Тирүүлүктө бизбиз деп, Терибизге сыйбадык. Коңурбай менен касташып, Эсен хан менен басташып, Кылымга толуп кыргыздар, Манас барды Бейжинге, Алышып жүрүп карчашып, Ал келе албай чарчашып, Кыргызга бийлик бергенде, Бейжинде такка мингенде, Токтоно албай Жүйрүн дөө, Мени кошо ээрчитип, Качып келдик бул жерге. Айтүбү деп ат койдук, Адамы жок ээн жерге, Айтумушту хан кылдык, Шаар салып элдерге, Жүйрүн дөө кетти жан коргоп, Адамы жок ээн жерге, Мени таштап койду эле, Келбейт деп кыргыз бул жерге. Төрага болуп турчу элем, Төбөсүндө бул элге, Кыргыздын угуп кабарын, Кайгылуу болдум бир демде. Жүйрүн дөөнүн качканы - Алмамбеттен коркту эле, Алмамбет өлдү деп угуп, Жүрүчү элем жам-жайкыт, Коркупмун деп жөн эле.” Айтумушту бир карап: — Бүттүбү, ханым, сөзүң? — деп, Айтканы мына ушул кеп, - Киши укпаган кебиңиз, Купуйа кабар бердиңиз, Атайын айтып кетем деп, Өзүңүз мында келдиңиз. Эминеден кооптонуш, Айтүбү турса жерибиз, Салгылашар эр болсо, Суумерген турса эрибиз? Суумерген алы келбесе, Сурмерген бар, билиңиз, Биздики жок, Айтумуш, Кем-керчилүү ишибиз. Элчиси келсе көрөбүз, Эп келген жоопту беребиз, Үйгө барып жай жатың, Жооп берер мен бармын, Элчиси келсе кыргыздын, Мени карай жибериң. Айтумуш келип Чынгышка, Атайын өзү жолугуп, Кайта кетти тагына, Арабага олтуруп. Антип-минтип арадан, Күндөр өтүп кетиптир, Турна баштап беш киши, Кыргыздардан жетиптир. Жесекчилер жол тосуп, Чарлап жүргөн шаар четин, Көрө салып жесекчи, Беш кишинин келгенин, Алдынан барып жолугуп, Сүйлөшө албай кеп угуп, Жесекчи менен беш кыргыз, Шаарга келди чогулуп. Айтумуштун алдына, Нишарат кылып билгизди, Жүгүнүшүп барууга, Тегинен мойнун ийбеген, Улугунун алдына, Жүгүнүшүп кирбеген, Түз эле басып барышты, Каттарын бере салышты. Катты алып Айтумуш, Чынгыш хандын кебин кууп, Чынгыш ханга алыпар деп, Элине кылды бир буйрук. Буйругуна баш ийип, Чынгышка келди жулугуп, Жооп бербей далайга, Чынгыш турду чулуйуп, Оордунан туруп мултуйуп, Кыр көрсөтүп мурчуйуп, Үрөйү суук неме экен, Эки бети тултуйуп. Сандыгына кол салды, Бир нерсени колго алды, Жагып койгон отунун, Жанына барып кактады, Бир калбаны тапканы, Ангычакты болбоду, Дүркүрөп шамал каптады. Калтылдады кара жер, Титиреди турган эл, Там жарылып бөлүндү, Төбөсү көктү тиреген, Бир адамзат көрүндү. Өңү кара көмүрдөй, Көзү көпкөк көгөндөй, Кең көкүрөк кууш айак, Балбандык сыны бар турат. Көөрүктөн чыккан ширөөдөй, Көзүнөн жалын чачырап, Кутурган иттей шакылдап, Азуулары качырап. Сакалы токой чериндей, Муруту кучак келгиндей, Булкулдаган бул чочко, Мурутун кырдап имерип, Чынгыш ханга карады, Капчыгына кол салып, Кыйынсынган Чынгыш хан, Кыргыздан келген катты алды. Кагазды алды колуна, Көз жиберип карады, Катты окуп болгондо, Ого бетер карарды. Каары толду бетине, Карабай адам түсүнө, Бир кишини жеп алды, Каратып туруп көрүнө. Кармалуу кагаз колунда, Турна баштап беш киши, Өлүмдү алды мойнуна.