Жерди тиктеп уйалып, Акырын сүйлөп муңайып: — Он эки жашка толгончо, Жүргөн жерим болбоду, Он үчүм мүчөл жыл өттү, Азуулунун чоңдорун, Аңдып жүрүп бу чөлдөн, Мен байкуштун күнү өттү, Өзү жаман жаткан кум, Адамды соруп түгөтчүү. Укмуштан сурап мен угам, Айтумуш мурун жок экен, Куралган кийин деп угам. Өткөрө тоосу бийик деп, Мурун киши жок экен, Чөбүнүн баарын кийик жеп. Күн чыгыштан Жүйрүн дөө, Мында качып келген дейт, Артылып тоодон ай батпайт, Айтүбү деп ат койуп, Айтумуш деп хан койуп, Ээн жерден эл бөлүп, Эл жерде эрге жер бөлүп, Кеткен экен деп угам. Жайнап жаткан кызыл кум, Тирүү жан беттеп баралбас, Томсоруп жаткан ушул кум, Эл аралап, тоо бойлоп, Түндүк менен жүргөндө, Он эки айда барабыз, Батыштагы баранга, Андайлардан далайга, Уруш кылып саларбыз, Эл уйпалап уруш таап, Эндекей жаткан элди чаап, Эмгек таап аларбыз, Аралап кирсек бул чөлдү, Чыгалбай өлүп каларбыз, Чагалек деген бир чөл бар, Элүү күндүк куму бар, Элүү күндүк куу кумдун, Эки жерде суусу бар, Эки жерде чөбү бар, Кырк беш күндүк жеринде, Шорголоп турган куму бар, Эрикпей басса бул жолду. Ошондо кумдан кутулар, Айтумушка барышка, Мүшкүл жумуш ушулар. Куйалы айтып токтолду, Жооп берген адам жок болду, Кара чаар жолборстой, Хан Гүлүстөн октолду: — Андай болсо баарыбыз, Абам Бакай карыбыз, Кыз Куйалы балбанга, Жол баштатып алалы. Айтумушка барганча, Кол баштатып алалы. Алдында жүрсүн Куйалы. Миң кишини жоготуп, Тентитип ийип бу чөлгө, Убалына калбайлы Мен жүрөйүн артында, Алымсарык, Саламат, Жүргүлө эки жанында, Уйку уктаса шылкылдап, Кайратың кетти кайда, — деп, Ойготкула шылдыңдап. Көөн койуп уккула. Осолдук кылба камчы чаап. Минген атка азыр бол, Сылап-сыйпап жоорутпа, Ээрчиткениң миң киши, Дегеле, көөнүн оорутпа. Эндекей өскөн биздин эл, Ойун менен күлкүдөн. Андан башка билбеген, Кирдүү кийим кийбеген, Кирдүү айак ашын ичпеген, Кышта кысыр бээ сойуп, Жайдын күнү той жеген. Байге бөлүп кунан чаап, Көкбөрү тартып уландар, Өз көөнүнчө жүргөн эл, Кыштын күнү жоро ичип, Жайдын күнү шерине жеп, Кырк-отуздан малдарды, Зыйанга жыкса мейли, — деп. Бара жаткан миң киши, Булар туулуп өскөлү, Эч жамандык көрө элек, Жоого беттеп бара элек. Жоо кадырын биле элек. Деп Гүлүстөн айтканда, Куйалы балбан ал ал үйдөн, Чатырын карай кайтканда, Элге айтып угузду, Эртеңки күнү басканга. Жигиттин баары камын жеп, Аттарын алып токунуп, Азык-түлүк байланып, Жолго түштү шайланып. Кыз Куйалы балбан кыз, Далайга мүшкүл салган кыз, Желжетпес минип залкайып, Баштап кирди куу чөлгө, Андан башка адамзат, Баскан эмес бу чөлгө, Кетип барат Куйалы, Камынтпастан шум чөлдө, Ат тизеден малынып. Чөл кургатып кетет деп, Чанактады сууларын, Бөктөргөгө алышып, Үч күндө бирден наар алып, Аттарын кошо сугарып. Элебей калган бейдымак, Торсукта суусун кум соруп, Куру жан болуп калышып, Тилемсип элден суу сурап, Жөн бербейт нечен терс айак, Суусу барлар кулуңдап. Түндү эсепке албастан, Он бир күнү жол басып, Камыштуу жерге жолугат, Камыштуу жерде суу бар деп, Арасында чуулдак, Куйалы билет шор көлгө, Жакын жетти чукулдап. Куйалы турду токтолуп, Айткан сөзү бул болуп: — Айалдап, элдер, туруңар, Айтканымды угуңар. Алдыбызда бир көл бар, Суусунда шордуу уусу бар, Адам ичпе, ат ичпе, Ичкен жандын баары өлөт. Алоолонтуп от жагып, Казанга куйуп суу асып, Кемеге кылып жер казып, Бороктотуп кайнатып, Үстүнөн ылгап шор калпып, Андан кийин ичебиз. Атка да антип ичирип, Торсукка куйуп суу алып, Бир күн жатып камданып, Анан жолго салабыз, Атың өлсө суу ичип, Жөө калсаң кандай кылабыз, Сылык айткан сөздү ал, Айткан сөздү укпаса, Буйруган ишти кылбаса, Аты өлгөнчө өзү өлсүн, Алымсарык, Саламат, Башын алып таштагын. Кузгун көзүн чукусун, Кажыр жарсын кардын, — деп, Куйалы айтты мындай кеп. Алымсарык, Саламат, Айтканындай кыз балбан, Адам менен айбанды, Суу кайнатып сугарат. Суудан ичип чөп жеген, Айбан мында жок экен. Жолборс менен шери бар, Азуулуунун бу чөлдө, Айтып болгус кени бар. Кескелдирик молтоңдоп, Төө куштары койкоңдоп, Куу чаар болуп таш бака, Түк окшобойт башкага. Кирпилери түктөйүп, Гилеси турат кумсарып, Жыланы жоон теректей, Тымсагы төөнүн нарындай, Томсоруп жаткан куу чөлдө, Жапа жандар ар кандай. Абасы салкын жерде өскөн, Коркуп элдер басалбай, Ышкырса жылан азандай, Жол жүрүп келген кайран эл, Уктап кумар жазалбай, Бардап көзүн ачалбай, Тентип кетип өлөм деп, Же кайра артына качалбай, Камалып жатып эки күн, Дем алалбай күнү-түн, Эл кужурап турганда, Келин каш болуп агарып, Таң сүрүп чыккан маалда, Кыз Куйалы жол баштап, Алдында минген желжетпес, Ооздук тиштеп кыйгачтап, Кош кулагын кайчылап, Барган сайын ыргыштап, Кулжадай көзү кызарып, Өрдөктөй мойну узарып, Барган сайын ыкчамдап, Башын силкип кылчактап, Тумарын көккө ыргытып, Туйагын жерге мылгытып, Таноосунан буу чыгып, Колтугунан суу чыгып, Куйругунан чуу чыгып, Аркасында чаң калып, Арбытып салып алыптыр, Мен-менсиген чандан ат, Желип-жортуп калыптыр. Карк этип карга учпаган, Курк этип кузгун учпаган, Сереңдеп койон качпаган, Кыраакылар байкаса, Тирүү жандар баспаган. Керт этерге чөп өнбөй, Чып этерге суу көрбөй, Кумдан башка неме жок, Өнгөн дарак деле жок, Адам өлөр куу чөлдө, Томсоруп жаткан бу чөлдө, Отуздан ашык күн басты, Күнгө улап түн басты, Күндү алып эсепке, Түндү эсепке албады. Жетип калды ошентип, Тоо-ташы бар бир жерге. Түндүгү туташ тоо экен, Батышы жазык көк экен, Көгөрүп жаткан чөп экен. Ортосу агын суу экен, Тоонун башы карагай, Өзөндө кайың, талы бар, Бөксөсү четин, сап ыргай, Арчанын жыты аңкыган, Жасанган кыздай келбети, Нечен тоолор заңкайган, Чалкак-чалкак төрлөрү, Чатырап нечен көлдөрү, Бу жерге келген кыргыздар, Мындай жерди көрбөдү. Жадырап жаткан сазы бар, Саз ичинде көлдөрдө, Өрдөгү менен казы бар. Кайырма, чүрөк, соно бар, Сазды ээлеп жердеген, Ызгыч менен жагала, Андай жандар бир канча, Ала канат таркылдак, Таң аткыча уктабай, Сайрап чыгат таркылдап. Кара куназ, көк кытан, Илек-илек, көк казан, Балыкчы бүркүт, суучулдук, Суунун терең жеринде, Ойноп жүрөт суу шуңгуп, Тайлактай болгон ак куулар, Каркыра менен турна бар, Кара боор, кашкалдак, Молдо торгой, сандыгач, Күкүк деп Зейнеп чакырат. Топулуу торгой, бытпылдык, Бытпылдыктап кыйкырып, Суусунда балык жылт этип, Кундуздар ойноп кылт этип, Токойунун четинде, Чөөлөрү күлөт шыңк этип, Чычкандары чырылдап, Жан-жаныбар кыбырап, Жайнаган курттар жыбырап, Айбанаттын түрү көп, Жерди бербейт быжылдап. Отун алып жаткандай, Токойлору кычырап, Төшүндө улар чыкырат. Шерлери жүрөт чакчаңдап, Токойдо айуу саксаңдап, Жолборстору күркүрөп, Үнүн уккан адамдын, Сийдиги агат бүркүрөп. Түлкүлөрү кылт этип, Сүлөөсүн, карсак, ач күзөн, Суусар, мадыл, мышык көп, Пилдер турат томпойуп, Төө куштары койкойуп. Сары арыстар кырсылдап, Киле менен сары эшек, Араң жылат былкылдап. Карышкыр тоодо кабышып, Аркар-кулжа жарышып, Текеси ташта чубашып, Кийиги кумдан куйулуп, Бугусу сууга чубуруп, Тоодогу түздө топтошуп, Элиги жерде оттошуп, Канча түркүн куланы, Эшектей болуп окшошуп, Зарапа басып тарбаңдап, Маралы чуркап дарбаңдап, Жыгачы калың жер экен, Канаттуунун кени экен, Чыгышта киши көрбөгөн, Канаттуусу көп экен. Кажырлары далпактап, Кулалысы шалпактап, Канаты бар уча албай, Жөө жүргөн көп талпактап. Бүркүттөрү жутунуп, Кайберендин баарысы, Эркин ойноп кутуруп, Адам уулу көрбөгөн, Андай куштар сандан көп, Кудай кылды кантем деп, Зарланганы андан көп, Чыйу-чыйу таталбек, Сайраганы мындан көп, Төөнү эчкиге сатам деп, Ырдаганы андан көп. Маймылдарын карасаң, Шактан-шакка секирип, Кыргоолу жерге бекинип, Тотукуш куйрук жайышып, Айбат кылып үксөйүп, Жапа тооктор мекийип, Кыргыйек турат чекийип, Көк жору учат калкылдап, Ителгиси баркылдап, Карагай, кайың талында, Терек, чынар - баарында, Куш отурат закыйып, Төө куйрукту кучактап, Үкү жатат бакыйып, Жүдөмүш деген канаттуу, Жүндөрү узун саксайып, Көрккө түшүп көргүн деп, Бүркүттөр турат далдайып, Көп жандар бар ал жерде, Көзү жыртак акыйып. Учарлык менен тынарлык, Жери экен ушул жер, Түрдүү жыгач көп экен, Кени экен ушул жер, Түшүнөн кетпей уктаса, Жылгындуу Кеңкол, Таласка, Түк окшобойт ушул жер, Шиберге жатып жайкалып, Сууга түшүп чайкалып, Беш күн өрүүн алыптыр, Кыз Куйалы жол баштап, Дагы жолго салыптыр, Алты күн жүрүп арада, Шайтан көлдүн сыртына, Салкынга жетип барыптыр, Түшпөй туруп Куйалы, Ойунда кебин салыптыр: — Келбегемин, уккамын, Шайтан көлдүн тескейи, Айтумуштун эли деп, Айтбүбүнүн жери деп. Заңкайган тоодон артылып, Ай үстүнөн ашпайт деп, Ай ашалбай тоо бийик, Ай түбү деп айткан кеп, Мындан нары калганды, Айта албаймын билем деп, Куйалыдан угуп кеп, Гүлүстөн элди түшкүн, дейт, Бутуңду сунуп жай жатып, Эми уктап көпкүн, — дейт. Чыккан чөптүн кени экен, Кыймыл эткен неме жок. Өтө таза жер экен, Кыргыздар калды жай жатып, Араң келген бул жерге, Алты күнү жол тартып, Казан асып, от жагып, Казанга майды кайнатып, Аттары жуушап укташып, Бугунун бычып жайасын, Азаматтар туздашып, Аркар эти, кой эти, Ала шалбырт чыкташып, Жай алып жатты укташып, Муну мындай таштайлы, Кыргыз, Чынгыш сайышкан, Салгылаштан баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим». Элдик эпос. Басмага даярдаган Оргалча Кыдырбай. Булак: bizdin.kg.