Кыргызды кыйнап жыйбайлы, Бүлүктү журтка салбайлы, Дүрбөтүп айдап барбайлы. Эл багып бизди эр кылды, Эр уулу менен тең кылды, Төртөөбүз бардык бир кезде, Алоокенин чоң калча, Ошол бизге не кылды? Кызыл кыйа артууга, Жыйылган Кытай калкына, Төртөөбүз барып чуу салдык, Алоокенин калчанын, Башын кесип бир алдык. Ошончо бардык күн батыш, Эркин элге чуу салбай, Эптүүрөөк киши баралык, Куйалы менен Саламат, Арымсарык арстанды, Кошуп бирге алалык, Колбутуп айдап кыргызды, Коркконсуп кантип калалык? Элди айдап дүрбүтпөй, Тандап миңди табалык, Айтумуш менен Чынгышка, Суунун уулу мергенге, Кыр көрсөтүп баралык, Эли жокбу дедирбей, Антип барсак ылайык. Айыгышып карчашып, Аттан түшпөй кармашып, Заар төгүшүп арбашып, Салгылашып көрөбүз, Ажал жетсе өлөрбүз, Капташса азап көнөрбүз, Далайга жашым чыккыча, Кол албай бардым жоолорго, Адам уулу жологус, Эбегейсиз тоолорго, Эл жыйнап барсаң бул сапар, Корккондугуң болот го, Жалгыз көздөн сезбеген, Коңурбайдан коркпогон, Толтой менен Чынкожо, Оңой эмес жоо эле. Көк букачан Мадыкан, Жапандан келген Кызыл дөө, Нескаранын Жубатай, Түз кылуучу балаалар, Ошолор менен уруштук, Кыргыздан жыйнап кол албай, Такыр бизден жоголду, Абаке бизден соо калбай. Башканы койдум бөлөкчө, Канчоро менен Зор Кыйаз, Кордук салды бул экөө, Бой бербедик, абаке, Бул экөөнөн бөлөккө, Койгон аты Сарыбай, Кутургур деп аталган, Катылышкан кишиден, Канын төгүп баш алган, Калба салды катышып, Капталдан чыгып атышып, Карчалышты кагышып, Кара ханга күч келип, Былчылдашып жабышып, Сейитекти бел кылдык, Куйалы келип жардамга, Кара жерге тең кылдык, Чуркуратып маңгытты, Агызып жашын сел кылдык, Буудандарды арытып, Жуурултуп баткак тер кылдык. Абакем азыр аман бар, Адашсак акыл табалар. Абаке, сенин өзүң бар, Караңгыны жарыткан, Шамдай жанган көзүң бар, Адамдын көөнүн эриткен, Балдан таттуу сөзүң бар, Айтканга кирсең, Абаке, Акылым ушул билип кал. Карап Бакай турбады, Гүлчоро кебин улады: — Береги турган күн батыш, Беттешип жоого барабыз, Атаңдан калган салтың бар, Атышкан жоону аларбыз. Өкчөсөк сака утарбыз, Өчөшсөк башын жутарбыз, Карчашсак сака утарбыз, Кармашсак башын жутарбыз. Бейжинге бардык көп эле, Белдүү Кытай эл эле, Беш Бейжин деп аталган, Мелтилдеп жери кең эле, Биз баруучу Айтумуш, Угулбаган кеп эле, Кабарын уксак, укпасак, Каңгайга качан тең эле, Чынын айтсак Кытайдын, Кишиси жердин чөбү эле, Кишини киши жейт десе, Барбай койсок болобу? Айкөлгө наалат жетпейби, Абийирибиз кетпейби, Гүлчоро айткан байатан, Акылга жаккан кеп болсо, Миң киши менен баралык, Семетей, сага эп болсо. Кабылан Гүлүс, хан Бакай, Катар айткан кеп болду, Эми абаң Семетей, Билгениңдей камын, деп, Гүлчорого жол койду. Эр Гүлүс акыл толтуруп, Эл башкарган эр менен, Кеңеш кылып олтуруп: — Бир кишиден он бала, Бир кишиден бир бала, Бир балага катышпа, Он бала менен үч бала, Ортосунан тандап ал, Ат-тону менен белендеп, Азык-түлүк, жоо курал, Беш күндү мелжеп жолго сал. Деп айтып сөзүн так кылып, Билгичтерге тапшырып, Аскер жыйды билгичтер, Эл аралап бастырып, Аскерге барчуу жигиттин, Атын катка жаздырып. Азык-түлүк, ат-тонун, Дайарлатып камынтып, Төрт күн болот дегенде, Сейитектин ордого, Айдап келди жабылтып. Оорукта жаткан чоңдору, Аскерге барчу колдорду, Чоң Таласка караган, Айылдагы баары адам, Айкөл Манас баатырдын, Күмбөзүнө барышты, Семетей өзү баш болуп, Ай тамактап жалынып, Бирден малды чабышты. Койдун башын алышып, Коондой бээни жарышып, Ак сар баш уй чалышып, Сүт бото, тайлак мууздашып, Эбеп жөлөй көргүн, деп, Арстан Манас күмбөзүн, Айлана басып чуулдашып, Жакасын муунта кармашып, Абаң бакай, эр Семең, Алымсарык, шер Гүлүс, Куйалы менен Саламат, Миң кишини жардатып, Дүбүрөтүп жөнөдү, Топуракты чаңдатып. Атактуу Талас жер калды, Ак калпак кыргыз эл калды, Арстан Гүлүс жол баштап, Айтумуш көздөй жол алды. Айтумуш барчуу эрлердин, Мингени такыр күлүк ат, Баары андес кагалес, Мылтык атып жаа тартат, Кылычы кында кыңгырап, Айбалта жанда шыңгырап, Найза колдо зыңгырап. Аргымак аттар алкылдап, Саймалуу жаргак сары шым, Кең багалек балпылдап, Булгарыдан чоң кисе, Жандарында шалпылдап, Күн батыш карай жол алып, Кетип барат шартылдап. Тебетейин кырдашып, Теңтуштарын ырдашып, Эки экиден бастырып, Сыр чечишип муңдашып, Он сегиз күн жол басты, Эбегейсиз алдынан, Ээн бир чөл капташты. Ат өргүтүп жан атып, Эки күн өргүп жатышты, Кандай барсак, болор деп, Абаң Бакай ханынан, Жолдун жайын сурашты, Бакай абаң кеп айтты: — Басып көргөн жол эмес, Билбеймин, балдар, — деп айты, Билбеске Бакай чыкканда, Билбестигин укканда, Саламат туруп муну айтты: — Бет келеби силерге, Билүүчү барбыз дээрге. Ичибизде Куйалы, Жердеп жүргөн жер эле. Жакын менен алысын, Суусу баары-жоктугун, Баарын билет Куйалы. Ушул жолдун кабарын, Куйалыдан угалы. — Андай болсо чакыр, — деп, Жарлык кылды Семетей. Барып жетти бир жигит: — Сизди келсин деди, — дей. — Мени келсин деген ким? Ачык айтып билдиргин, Куйалы антип сурады, Анда жигит турабы: — Эр Семетей, зор Бакай, Алымсарык, шер Гүлүс, Саламат бар жанында, Чакыргың деп мени айтты, Ал үчүн келдим алдыңа, Куйалы анда кеп айтат, Кеп айтканда нени айтат: — Мен келгели Таласка, Он үч-он төрт жыл болду, Мен төрөгөн Кененим, Сегизге жашы нак толду, Жыл он төрткө толголу, Үч кишинин караанын, Бет келишип алдына, Барган күнүм болбоду, Талаачылык тар жерде, Маңдайлашып аларга, Мал жайып барсам болобу? Алымсарык, Саламат, Алар келсе болбойбу, Чакыртыптыр мени деп, Бет келишип аларга, Басып барсам оңомбу? Барган жигит кайтыптыр, Бар укканын айтыптыр, Анда Гүлүс муну дейт: — Ал айтканы дурус, — дейт, Келбесе болбойт Куйалы, Өтө зарыл жумуш, — дейт, Сен чакыргын энеңди, Алымсарык, баргын, — дейт, Алымсарык залкайып, Салтанаттуу бу чунак, Куйалынын үстүнө, Басып барып кирди эле, Келдим деп жана чакырып, Мындай айтып турду эле: — Салмактуу Бакай чоң атам, Абам Гүлүс шер айткан, Айтумуш барчуу жол кайсы, Кабар укмак сиз жактан, Күн батыштын тарабын, Билген киши жок экен, Жолун билип бул жакка, Келген киши жок экен, Айтышынча Саламат, Билген киши сиз экен, Ал үчүн сизди келсин дейт, Бара турган жол кайсы, Бизге айтып берсин дейт, Арбагы бийик Манастан, Аттанып чыкты Таластан, Киши сойуп жейт десе, Намысынан чоң атам. Айтумушка бараткан, Карыларды сактатпай, Жүрү, энеке, баралы, Билгениңче кабар айт, Жообун берип жаналы, Барбай койор амал жок, Басып чыгып Куйалы, Хандардын кирип үстүнө, Кол куушуруп эңкейип, Салам кылып турганы. Жалгасын кудай, балам, деп, Жабырап баары алкады, Баш көтөрүп заңк этип, Баатыр Гүлүс айтканы: — Э э, кулунум Куйалы, Көзүң көрүп турасың, Азыркы мезгил убакты, Туура таптык биз сенден, Бир эле кепти сурашты, Күн батыштан эл барды, Жөн кетпей алар кеп салды. Айтүбүндө Айтумуш, Айтумуштун элинде, Киши сойуп жеди, деп, Өтө жаман кепти угуп, Жыргап жаткан Таластан, Аттанып чыктык удургуп, Канча жылы жоо көрбөй, Биз калыппыз буулугуп, Он сегиз күн жол басып, Куу чөлгө калдык жолугуп. Уламалап улаштык, Укмуштуудан сураштык, Чөлдүн жолун билет дейт, Ээ, балам, сенден сурап турабыз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим». Элдик эпос. Басмага даярдаган Оргалча Кыдырбай. Булак: bizdin.kg.