Саламаттын саткындыгы
Коросон менен Испандык, Коргонду карай бет алып, Баары жөнөп калыптыр, Ойуна муну алыптыр: “Коргонду тартып алабыз, Кордукту эми салабыз, Кыргыздын элин кыйратып, Кызыл уук кылабыз, Ордону баккан токсон эр, Бири миңге тең келер, Мылтык атып, жаа тартып, Баары мыкты кеменгер, Найзакерден ыктуу бар, Балтага андес шыктуу бар, Алтымыш киши бөлүнүп, Аттанып чыкты ушулар, Алтымыштын ичинде, Торсолдой деген бар эле, Баш билгичи ал эле, Мылтык атып, жаа тартып,” Манастап ураан чакырып, Торсолдой баштап бакырып, Бакырыкты укканда, Баатыр тууган Саламат, Атка минди камынып, Кайнап аскер келатат, Кара курттай жабылып, Чыккан чөптөй жыбырап, Кумурскадай быжырап, Тосуп чыккан алтымыш, Топко тийди аралап, Мөндүрдөй октор дыбырап, Жамгырдай жебе зырылдап, Очогор үнү зүңүлдөп, Жазайыл атып, жаа тартып, Жер чайкалып сүлкүлдөп, Тоо силкинип карсылдап,. Бараңдын үнү барсылдап, Таштар кулап дүпүлдөп, Көл чайпалып дүркүрөп, Коргонду ала койсок, деп, Коросон, испан күпүлдөп, Боз мунарык кызыл чок, Боздоп учат аткан ок, Жердин бети чаң болуп, Чөптөр күйүп күл болуп, Жыгачтын баары жыйылып, Бутактарын ок кыркып, Аңгычакты болбоду, Коросон менен испандын, Аркасынан чуу чыгып, Кутургурдун Саламат, Жебедей сызып келатат, Бар кыргыздан озуптур, Коросон менен испандын, Колун чайкап бозуптур, Жалгызектин Бактыбай, Топчу кулак тору атты, Сыздырып баатыр келатты, Сүйүн келет залкайып, Ак жал сары ат заңкайып, Чолпонбай келет октолуп, Бет алган жагы өрт болуп, Барбагын деп кыргызды, Калтырып койду бек тосуп, Кесилетке Саламат, Кезигишти жолгошуп, Жеткен жерде салышып, Кез керип найза сайышып, Өтө мыкты шамдагай, Өткүр тууган Саламат, Кылча жанын айабай, Өлөмүн деп санабай, Кызымталдуу бир жанды, Кылга байлап таштады, Эр Саламат, Кесилет, Кыйын уруш баштады, Бактыбай, Сүйүн, Чолпонбай, Токтоо кылып туралбай, Алтымыш эрге кошулуп, Коросон менен испандан, Кызыл кан агып жошулуп, Коросон менен испанды, Койдой айдап үркүтүп, Аркасына жандырды, Кызымталдуу баатырлар, Каскактын учун кан кылды, Кара жерди май кылды, Коросон менен испанга, Кең дүйнөнү тар кылды, Бөлүнүп чыкты эл үркүп, Кайра качып дүркүрөп, Жер аңга түшүп кетиптир, Жүз жетимиш сүрдүгүп, Ат ойнотуп сыздырып, Эр Бактыбай бараткан, Көрө салып Ачакан, Байкап турган кашаттан. Байкабай келди Бактыбай, Ачакан жанын айабай, Капталдан чочко жеткени, Топчу кулак кер аттан, Аңтара койуп өткөнү. Көрө салып эр Сүйүн, Акжал менен койгулап, Табына келген тулпары, Тизгин кагып чойгулап, Бактыбайга бурулуп, Келе жаткан Ачакан, Ат дүбүртүн укканы, Эр Сүйүнгө сайдырбай, Жолунан тосо чыкканы, Аксаргылдан Сүйүндү, Көмө койуп жыкканы, Карап турган немедей, Капташа түштү Чолпонбай, Ал Сүйүндү өргөндө, Жаны ыраазы өлгөнгө,. Жан айабай жеткени, Ачаканга Чолпонбай, Найза сайып өттү эми. Тоодой чочко кыйшайбай, Чолпонбай өтө бергенде, Аркасынан урады, Ат үстүнөн Чолпонбай, Тебетейдей кулады, Бактыбай, Сүйүн, Чолпонбай, Катарынан сулады. Кайра тартып Ачакан, Качырып найза сайганы, Келе жатып Кененим, Капташып калган убагы. Көрө салып шашылып, Сайса өлтүрүп койор, деп, Баатыр Кенен бакырып, Кең куланы аргытып, Сала берди качырып. Кененим үнү эң сүрдүү, Өмүрүндө Ачакан, Үн укпаган бул түрдүү, Үндү угуп шашылып, Апкаарыды Ачакан, Кайкыларын биле албай, Калтаарыды Ачакан. Жаман атты болом деп, Мындан коркуп мен качсам, Күчкө күчүн улады, Капташып калган убагы, Күжүлдөгөн Ачакан, Күүлөп найза сундуруп, Кененимге урганы, Кенебей да, кебелбей, Шер Кененим турганы, Ачакандын найзасы, Түпөгүнөн такалды, Өтпөй найза какады, Олпокко салган булага, Оролду найза темири, Кайраттанып Ачакан, Кайра тартып алалбай, Кабыргасы маталды, Найзадан тойуп Ачакан, Кененимди таштады. Беттешерге шай таппай, Кире качар жер таппай, Испандын элин бет алып, Качып кирди аралай, Тоодой баатыр Кененим, Ачаканды карабай, Бактыбай, Сүйүн, Чолпонбай, Аттарын айдап жеткирди. Аттарын минип кутуруп, Кененим келип баатырлар, Өлүмдөн булар кутулуп, Болбосо калган башында, Ачаканга тутулуп. Кыргыздын эли сак калды, Коросон менен испандын, Көбү шорго тапталды. Карсылдашып салышып, Жарактарын кыйратып, Куру кол болуп калышып, Күркүрөгөн үн чыгып, Киши коркор сүр чыгып, Беттерине карасаң, Эр Саламат, Кесилет, Бир пайпактык түк чыгып, Ач кыйкырык куу сүрөөн, Ал экөөндө ким жүргөн? Арасында булардын, Кызыл жалын от күйгөн. Жердин бети чаң болуп, Көздөрүнүн жээгине, Сүрө кочуч туз толуп, Уккан- көргөн кишиге, Бир укмуштуу иш болуп, Камчы менен салышып, Жаагын жара чабышып, Колтуктарын чойушуп, Муштум менен койушуп, Алы кетип шай калбай, Акакташып соолушуп, Жакалашып тартышып, Олпокторун булушуп, Койо бербей тырмышып, Кемердей толгой кармашып, Кекенишип жармашып, Багалектен бурушуп, Этектерин түрүшүп, Далыдан чапчый кармашып, Барлык күчүн арнашып, Бирин- бири жыга албай, Айнектей түзгө дардайтып, Андан амал таба албай, Бирин бири алалбай, Аттарына жармашып. Колдорго найза кармашып, Качырышып сайышып, Качпай туруп салышып. Найзанын учу тийгенде, Кыпкызыл канын агызып, Кан куйулуп салаалап, Ого бетер жан ачып, Өчүгүшүп карарат. Эртеден- кечке тынбастан, Аманат жанды кыйнашкан, Күн уйага киргенде, Кайра кетти турбастан. Элине барып Кесилет, Өпкөлөп ыйлап эчкирет: — Баары баатыр, баары шер, Балбаны сайат канчаны, Кыргыздын элин ким билет, Балдары сайат найзаны, Балбаны сайат канчаны. Жаш- карысы кыргыздын, Элебейт экен анчаны. Көзгө илбесе Кененим, Дөөлөрдөн нечен барчаны- Тажиктердин Темирбек, Калдагай кулак Чойун алп, Саранжа, Сакта кандай алп? Жалгыз жүрүп Кененим, Баарысын жеңди жер жаздап, Ошонун баары сулады, Кулачтап жерди кучактап, Токтобой акты көздөн жаш, Мончоктой болуп бурчактап, Алдыбызда өлүптүр, Темир тондуу Шалкымат, Жез киндиктүү Кикимат, Кыргыздан чыккан жаш балдар, Баары мыкты талыкпас, Эртеден кечке чабышта, Өжөр экен чалыкпас, Катышып калса кыргызга, Дарт экен булар айыкпас, Заары жылан тили экен, Балдары кызыл пил экен, Баарысы окшош жүрүшөт, Баш билгиси ким экен? Катындары уйаттуу, Кыз балдары кымбаттуу, Жубандары сымбаттуу, Келиндери келбеттүү, Бай-жардысын билгисиз, Баарысы шуру-берметтүү. Какжаңдаган кары жок, Чакчаңдаган жашы жок, Мас болгону дагы жок, Падышасы ким экен? Кол куушуруп бүкүйүп, Кошомат кылган дагы жок, Тең турат экен жанаша, Чоң-кичүүдөн айрым жок, Кийген кийми өтө кооз, Ээр-токуму баары окшош, Жер бетинде жок чыгар, Ушул кыргыз элге окшош. Хан Дабытай, Ачакан, Кандай күндү көрөбүз, Ач кыйкырык, куу сүрөөн, Карышкырдай улуган, Үнү ачуу бул журттан? Саламатка эки кур, Салгылаштым жанашып, Эми келсе Кененим, Кетет белем кан агып. Арыбы көп, амал көп, Өтө башка журт экен, Биз козголбой койгондо, Кете берип күмбөзгө, Куру таштап коргонду, Курчап бизди жеткенде, Эбибизге келтирип, Азыраак киши бир демде, Ачаканга сайдырып, Алдырбайт эле Бактыбай, Кененимди келтирмек, Биздин элге туйдурбай, Эрдин иши эмеспи, Сүйүн менен Чолпонбай, Качырып кирди жазганбай, Кеңеш кепти кылгыла, Ачакан менен Дабытай, Жылыштап элге жетели, Беш баатыры бар экен, Элинен бөлүп кетели.