Өзүнчө дүрбөгөн Коросон менен Испандын тоздурулушу
Антип-минтип арадан, Даалай күн өтүп кеткени, Кыргыздар кандай болду, деп, Кененим жөнөп кеткени, Чойун алпты Кененим, Кууп кеткен кездерде, Коросондун Кесилет, Бастырып чыкты жекеге. Кыргыздардан Чолпонбай, Бөлүнүп чыкты жекеге. Бет келгенде кесилет, Кылган иши кесирет, Өзүнө өзү ишенсе, Адамзат түркүн эсирет, деди, — Атың сенин ким?- — Менин атым Чолпонбай, Мени менен беттешкен, Болгон эмес көөнү жай. Токтоло калып Кесилет: — Кененим кайда, не келбейт? Кененим келсе мен бармын, Мени менен жөөлөшпөй, Жөн эле кетип сен калгын, Чолпонбай ага болбоду, Найзаны күүлөп кескерип, Капталдан ары бир койду, Найзасы сынып белинен, Козголуп койбойт көчүгү, Минген аттын ээринен. Эрегишип Чолпонбай, Эшик эндүү айбалта, Туруп берген Кесилет, Чокуга чапты кезенип, Бүткүл күчтүн барынча, Туулга темир жарылды, Кесилет буга ар кылды. Камчылап атын сабады, Чолпонбайдай мыктыны, Белден туура кармады. Аттан алып түшүрүп, Жана мыктың келгин деп, Карап турду күтүнүп. Эр Сүйүн жетти ат койуп, Эр кайраты тез болуп, Кесилетке жетишти, Сондуруп найза кез болуп, Найзасын улай кармады, Силкип тартып алганы, Куру кол калган Сүйүндү, Атынан алып таштады. — Турган экөөң кет, — деди, Элиңе ылдам жет, — деди, Кененимден башкаңар, Атка минбей жат, — деди, Чолпонбай, Сүйүн кайтканы, Бактыбайга айтканы, Бактыбай угуп каарданды, Атка камчы салганы, Жеткен жерде Бактыбай, Камындырбай сайганы. Бактыбайдан найза жеп, Мыкты жигит экен, деп, Качырып кирди Кесилет, Эки буту тепеңдеп, Төрт карыш келет сакалы, Шамал тийсе сепеңдеп. Бактыбайдын найзасын, Кагып таштап Кесилет, Как далыга бир койду, Топчу кулак кер аттан, Тоодой болгон Бактыбай, Томолонуп торойду. — Бол атыңа мин, деди, Мен Кесилет бил, деди, Менден коркуп Кененим, Бул майданга келбеди. Эртеңки күнү жүрөмүн, Таласка барып киремин, Кененим келсе кагышып, Как боорунан тилемин, Манастын тагын минемин, Калганда өзүм билемин. Силер менен сүйлөшүп, Убара болуп жүрбөймүн, Силерге бүгүн тийбеймин, Кененим келген күндөрдө, Үчөөңдү каттап сойомун, Кара көзүң ойомун, Карап турсун Кененим. Кабакка таштап койомун, Андан кийин Кесилет, Баатырлык атка кономун! Деп ошентип Кесилет: — Бактыбай, Сүйүн, Чолпонбай, Бачым мындан кет, — деди, Бар элиңе жет, — деди. Кененимди тапкыла, Баш-айагың жыйгыла, Тайарланып тургула, Таласка барам түз мындан, Эркек киши койбоймун, Кененим чыккан уруудан! Коросондон кутулуп, Таалайы андан пас болуп, Кужулдашып олтуруп! “Токтоо кылбай бул жерден, Таласка жетип тыналы, Кененим келер ангыча, Кеңеш-кепти угалы.” Дүбүрөшүп жөнөдү, Мурункудай боло албай, Бүжүрөшүп жөнөдү. Муну мындай таштайлы, Башкадан кепти баштайлы. Кутургурдун Саламат, Күн батыш барып келгели, Кененим атка мингели, Абам Бакай, хан Семей, Каныкей энең, шер Гүлүс, Айдай жеңең Айчүрөк, Кайып болуп кеткели, Чоң Таласка келбеди. “Аксакалдын баарысы, Элден кетти алыстап, Ошондон бери барбадым, Таласка барып келейин, Айкөл шердин күмбөзгө, Алакан ачып кол жайып, Бата кылып келейин” Эки бала ээрчитип, Жез билекти кошо алып, Таластан келип кеп угуп: “Эр Кененим баштаган, Элинен эркек ылганып, Тажиктердин шаарына, Калмактар келди чогулуп, Урушка кетти” деп угуп, “Мындай эмес Кененим, Бармактай бала кезинен, Жалгыз өзү барчу эле. Кантип калган эми, — деп, Ээрчитип элди дүрбөтүп, Минтип жүрүш кандай кеп?” Деп ойлонуп Саламат, Таласта жаткан кезинде, Колдун алды келди, деп, Кабар болду бешимде. Алдынан тосо барам, деп, Шер Кененим төрөгө, Саламат жолго салыптыр, Бара жатып жол тосуп, Бактыбай, Сүйүн, Чолпонбай, Капташып жолдо калыптыр. Саламга алик алышып, Эсен-соону сурашып, — Кененим кана мында жок? Саламат сурай калыптыр, Кененимдин кеткенин, Өздөрү мында келгенин, Бактыбай айта салыптыр. Угуп алып Саламат: — Андай болсо азамат, Үйгө тарап кетпеңер, Бириң аттан түшпөңөр, Коросон менен испандык, Кошо түшөт эми эле, Коргонго кирип жай алса, Таласка ээлик кылалбай, Тим каласың жөн эле, Арамдык менен Кесилет, Алдап келген турбайбы, Чогуу туруп төртөөбүз, Коргонду берсек душманга, Арбагы Манас урбайбы. Алыстан келген баатырлар, Кайыл болду макул, деп. Жылгындуунун бойуна, Үч Кошойдун ойуна, Чатырды тигип салышты, Тайарланып калышты. Эртеси күнү түш менен, Испан менен коросон, Колбуп келип калышты. Түптүз басып чатырга, Түшкөлү келе жатышат, Алдынан киши жиберди, Атайлап ага Саламат. Саламат атын угушуп, Тайарланды урушка, Барабанын урушуп. Барабандар кагылып, Испан менен коросон, Катар туруп сап тизип, Байрак тиктеп туу сайып, Желпилдетип желекти, Жоого болор керекти, Кызыгышып кан төгөр, Унутулбас белекти. Ачакандын элинде, Искен деген балбаны, Бадырайып баш жуткур, Майданга чыга калганы. Кыргыздардын Чолпонбай, Токтоо кылып туралбай, Үстүнө кызыл жамынып, Ач жолборстой чамынып, Кыргыздан чыкты жекеге. Чолпонбай, Искен бет келди, Чолпонбайды ал Искен, Томолотом деп, келди. Желегин желге жапырды, Саламат кеби акыл, деп, Жекелешип качырды, Жеткен жерде Чолпонбай, Искендин шорун катырды. Катпаганда неткени, Чолпонбайдын найзасы, Карчыттын этин аралап, Тепчип өтүп кеткени, Ушул күнү Чолпонбай, Кара жерге жастанды, Испандан жети жексенди, Искен менен сегизди, Телегейи тегизди, Ырысын анын жегизди. Күн кеч кирип эл жатты, Кайгуулчу менен торолчу, Аскерди сактап туруучу, Таң атканча турушту. Бүткүл Талас элине, Душман келип жатканын, Түп көтөрө угузду, Эркек-айал, кары-жаш, Калбай баары угушту. Арбагың Манас колдо, деп, Муунта кармап жакасын, Тилек тилеп турушту, Дагы жерге күн тийип, Баштамак болду урушту. Чолпонбай чыкты жекелеп, Кыргыздан четке чекелеп, Испандан киши чыкпады, Коросондон бир баатыр, Келе жатат мекелеп. Келгендин аты Тепке экен, Жекеге чыгып далайды, Жексен кылган эр экен. Чолпонбай, Тепке беттешип, Ээрдин кесе тиштешип, Өткүр найза колдо бар, Өлөөр жерин чектешип, Качырып найза урушуп, Каңк-каңк этип үндөрү, Найзаларын кагышты, Бирин-бири ичинен, Чамалашып алышты. Жана айланып күчөнүп, Жан айабай сайышты, Тепке кулдун найзасын, Кагып ийип Чолпонбай, Оңтойума келди, деп Бу кулду кудай берди, деп, Такыр колтук ушу, деп, Так өпкөнүн тушу, деп, Качырып найза муштады. Өпкөнүн кара канына, Найзанын учун чыктады, Коросондон Чолпонбай, Бешти сайып жыкканы. Күн төбөдөн кыйшайды, Жекеге киши чыкпады. Ортодон чыкты Чолпонбай, Кыйын заман, мүшкүл күн, Кыргыздын эли тынч албай, Күндүзү сайыш жоо бети, Түнкүсү малдын күзөтү, Кирпик ирмеп уйку албай, Жата албай чыкты Чолпонбай, Таң атканча уктабай. Күн үчүнө жеткенде, Испан менен коросон, Аламан койуп аттанды. Малын талап короодон, Катын-кыздар шекшинип, Эшикке чыкпай бекинип, Зор Саламат, Бактыбай, Сүйүн менен Чолпонбай, Коросон менен испанды, Жөн койуп жатып алалбай, Ар жерде болду жулушуш, Баш аламан урушуш. Сарыбайдын Саламат, Сардалдын бири эмеспи, Манастап ураан чакырып, Коросондун кошуунун, Айдап кирди жапырып. Каскактын учун кан кылып, Коросон башын маң кылып, Чыдай албай Кесилет, Четке чыкты бастырып, Саламат тийди Манастап, Кесилетти шаштырып. Эр Саламат, Кесилет, Жекеге чыгып бетме-бет, Бар кайратын жыйнашып, Түпөктүү найза ыргашып, Коросон, испан бир тарап, Карап турат көз сатып. “Саламатты Кесилет, Сайып алат эми” деп, Коросон, испан ойлонот. Өткүрдөн найза карманып, Аркасында чаң калып, Качырышып киргенде, Көргөндүн баары таң калып. Экөөнүн орто жеринен, Кызыл жалын от жанып, Найзаларын кагышып, Кайта айланып жанышып, Жаандан ашкан эрендер, Калган окшойт табышып. Адистиги билинип, Калар эмес ал экөө, Найза учуна илинип. Күркүрөп үнү угулуп, Жамгырдай тери куйулуп, Аманат кара бир жанды, Кылга байлап таштады. Көөдөнгө найза такылдап, Туулгага балта чакылдап, Сынып кеткен найзалар, Асманга учуп чыркырап, Аттан учкан даңкандар, Төбөсүндө быркырап, Кабактары чүмкөлүп, Кар жаачу күндөй бүркөлүп, Колтуктарын чойушуп, Кош колдоп туруп койушуп, Олпокторун булушуп, Тартып силкип жулушуп, Сооторун жыртышып, Буулумдарын кырчышып, Дембелеп уруп найзаны, Бирине-бири зыргытып, Аттан түшпөй урушуп, Жакалашып тартышып, Этектерин чойушуп, Үзөнгү боого басышып, Аттарын бура тартышып, Эңишке салып жарышып, Капталга келсе жанашып, Заар төгүп жаны ачып, Аңтарып көзүн карашып, Өргө салып аттарын, Өпкөлөтө теминип, Жери түтөк Кеңколдун, Өпкөсү көөп демигип, Кулактарын кайчылап, Тулпарлары элирип, Кандыргалап жарышып, Кара темир үзөнгү, Какылдашып кагышып, Күндүн нурун батырды. Бөлүнүшө бастырып, Саламатты кыргыздар, Сылап-сыйпап чакырып, Жанчылып калган этине, Кашкулак өтүн чаптырып, Кара-Суунун Шабырдан, Алып келип чаптырып, Ат жетер жерге чаптырып, Карышкыр өтүн алдырып, Кажырдын өтүн коштуруп, Эзип туруп жуткуруп, Айуунун өтүн алышып, Ар жарага чабышып, Таңга жакын болгондо, Эс алып калды Саламат, Кыңкыс үнү басылып, Көзүн жуумп сеп алып. Саламат болуп жарадар, Кыргыз болду санаадар. Эртең чыкса Кесилет, Кездешип кимдер баралар? Эстүү баштуу кишилер, Кененимди эстешип, Таң атканча көз жумбай, Арбагың Манас колдо, деп, Келаткандыр Кененим, Аман болсо жолдо, деп. Аты Талас болголу, Ээси Манас болголу, Беттешип келип бендеде, Алган киши болбоду. Ар качан кыргыз кыйналса, Арбагы менен колдоочу, Деп буркурап карылар, Чуркурап ыйлап катындар. Үшкүрүшүп уландар, Олжого кетип өлдүк, деп, Убайым тартып жубандар, Кыздардын жашы кылгырып, Арак ичкен немедей, Өрттөнүп ичи сыйрылып, Атагы кыргыз элинен, Күлкү чыкпай ый чыгып, Бардык үйдүн баарынан, Арбагың Манас колдо, деп, Заркыраган үн чыгып, Таң атып чыкты аңгыча, Жер жаркырап күн чыгып. Ак калпак кыргыз караса, Арстан эрдин күмбөздөн, Турган экен сүр чыгып, Бир четинен көп элдин, Сүйүнчү деген үн чыгып, Түкүтай деген бар эле, Төлгө билчү бала эле: — Төлгөмдү салдым, сүйүнчү, Кененим келет кечкече, Мени мууздап салгыла, Бешимден калып кечиксе! Далычы Калбай бакырып: — Кызыл ээк карың, ук, Кылым кыргыз, баарың ук, Кызыл муштум жашың, ук, Элдин тарткан эмгегин, Эл башкарган жашың ук, Жазыгы чыкса кебимден, Өлтүрүп ташта мени уруп. Аркардын көрдүм далысын, Анык билдим баарысын Чойун алпты сойуптур, Сонун жумуш болуптур. Ангычакты Каңгайдан, Каптап аскер толуптур, Эки баатыр баш экен, Өздөрү кырчын жаш экен, Эр Кененим төрөгө, Эрегишип келиптир Келген менен оңбоптур, Катар өлүп сойлоптур, Элин айдап ийиптир, Эреним жолго кезиптир. Кеңкула тери кургабай, Кербен кыргыз нетти деп, Келе жатат бир тынбай. Алды-аркасын арыткан, Батасы журтту байыткан, Падыша Кошой тукуму, Биздин элден Бактыбай, Кесилетти ал тосот, Илгери кадам бастырбай. Кененим келип кыргызга, Кешиктин кени ачылды, Коросон менен испандын, Суудай каны чачылды, Ажал айдап бул экөө, Кыргызга келип асылды. Кененим келет деп укса, Кесилет келбей жатпайбы, Пендеби деп бейлейби, Кененимден башканы? Саламаттан Кесилет, Кебелип мындан шашпады, Калбай минтип айтканы: “Май оозуңа балам” деп, Бары-жогу айтканы. Коросондун бул элде, Айары бар билинбей, Эл менен бирге турду эле, “Минтип айткан далычы, Эми мени билет” деп, Акырында качты эле. Анда айтат Калыбай: — Коросондон араңда, Кеп тыңшаган бирөө бар, Көрмөмүш болуп койуңар, Көргөнүңдөн көрбөсөң, Пайдалуу иш билип ал. Коросондун айары, Төлгөчү менен далычы, Элге айткан кептерин, Койбой айтып барганы. Дабытай менен Ачакан, Эр Кесилет кеп угуп, Кесилет кетти оолугуп: — Жекеге чыкпай мен бүгүн, Кам кыламын күтүнүп, Кыргыздын туусун жыкпасам, Кененимдей балбанын, Аттан сайып түшүрүп! Ачакан баатыр, өзүң бар. Саламат келер алы жок, Сайышка чыгар чагы жок, Андан башка кыргыздар, Саа беттешер дагы жок. Кесилеттен кеп угуп, Ачакан чыкты жулунуп, Туулгасын көмөрүп, Буттай темир өңөрүп, Найзасын болгоп бакырып, Жекеге чыкты качырып: — Мыкты болсоң келгин, — деп, Желегин жерге жапырып, - Бирден коркуп келбесең, Экиден, үчтөн келгин, — деп, Кайратым көптү жапырган, Ачакан деген менмин, — деп, Ажалың жетип күн бүткөн, Өлүүчүң болсо келгин, — деп. Кыргыздын кыраан баласы, Кайраты толук Чолпонбай, Манастап ураан чакырып, Кененим келет, деп угуп, Чолпонбайдын көөнү ток. Ачакан менен Чолпонбай, Бир беттешип алышты, Найзаларын кагышты, Кайра айланган кездерде, Кандим болгон Ачакан, Чолпонбайга сайдырбай, Жандап өтүп булт берип, Машыккан экен минген ат, Балыктан бетер кылт койуп, Аркасынан айланды, Кабуусуна келтирип, Капталдан нары бир сайды. Ойротто жок Чолпонбай, Ооп аттан кыйшайды, Ээрден көтү бултайды, Үзөнгүдөн бут тайды, Тоңкойуп жерге жыгылды, Топого башы тыгылды. Аксаргылды аргытып, Ат койуп Сүйүн жөнөдү, Жолу каткан Ачакан, Чыга берип кылт этип, Жандап өтө бергенде, Жапдысына келгенде, Жалпайта сайды Сүйүндү. Жалгызектин Бактыбай, Алды-артына карабай, Аманат жанды айабай, Бактыбай өзү камбыл эр, Ар кылганы даңгыл эр, Чолпонбай, Сүйүн кутулду, Катар сайып эки эрди, Ачакан жаман кутурду. Бактыбай менен Ачакан, Сырдаш эмес баштатан, Укмуштуу уруш баштады. Топчу кулак кара кер, Жер тайанар мал эмес, Катар чыкса жуп кемер. Ачакандын мингени, Кандай жазгап бурулса, Бурчалтпады Каракер, Күн чагылып жаркылдап, Алтындан кылган чоң кемер, Амалы ашты Бактыбай, Жаш да болсо кеменгер. Бирин бири сайалбай, Бир кабуусун табалбай, Жаман катуу урушту, Деги тынчтык алалбай. Оңтойуна бир келди, Ойрон болгон Ачакан, Найзасын муштап жиберди. Капталга найза тийгени, Ат жалынан оңолуп, Кайра атына минди эми. “Мен Бактыбай болголу, Карап туруп капырга, Алдатканым кайсы кеп?!” Жагалданып Бактыбай, Кыйамына келтирип, Кең көкүрөк, ай балкай, Найзаны уруп өттү эле. Ооп барып Ачакан. Оңолуп минди атына, Оодара сайып алалбай, Күчү жетпей капырга, Жыгылбаган Ачакан, Жыгылмакчы болуптур, Кабыргасы сынганбы, Кан ичине толуптур. Ачакандын кеби бул: — Мен Ачакан болголу, Ат жалын тартып мингели, Сен өңдөнүп найзасы, Мага киши тийбеди. Эртең менен шашылып, Тамак ичпей келгемин, Сенин мындай экениң, Беттешпепмин, билбепмин. Болот тонум кийинип, Анан жетип келейин, Уруксат барбы бизге? – деп, Сөзүм ушул сизге, — деп, Жашылданып турду эле. — Барсаң барып келгин, — деп, Баатырлык кылып Бактыбай, Алдында өткөн иштерди, Унутуп аны кек кылбай, Ачакан жөнөй бергени, Аңгычакты Кененим, Келбеттүү баатыр келгени. Арбагың арстан жөлө, деп, Айкырганы андан көп; Кызыл жолборс келди, деп, Кыйкырганы мындан көп; Сары эчкини өңөрүп, Садагага белендеп, Чапкылаган сандан көп, Ак боз бээни тапкын, деп, Айкөл Манас баатырдын, Арбагына тийсин, деп, Арнап бээни чалгын, деп. Анталаган мындан көп, Сарбашыл уйду тапкын, деп, Түктүү сан кылып талатып, Баатырдын жолун ачкын, деп, Кеңкол ата, чоң Талас, Ээң келди көргүн, деп, Жерге айтканы дагы бар. Жоголмок элек тайынсыз, Жолборс келди аралап, Жоголбойбуз эми, деп, Элге айтканы дагы бар. Какшымак элек соолуп, деп, Жер-сууңду соруп, деп, Дүрүлдөп чалкый бергин, — деп, Көлгө айтканы дагы бар. Бугу менен кулжа, деп, Куурайт элек кумда, деп, Мылтык атып, жаа тартып, Сени аңдыр киши жок, Курбуда ойноп чуба, деп, Бугу менен кулжага, Муңун айткан дагы бар. Карасууда каз-өрдөк, Караан калар кезинде, Хан Кененим келди, деп, Какылдагын эми, деп, Казга айтканы дагы бар. Суурултуп минип улоодон, Суу укурук колго алып, Сүрөт эле мени, деп, Куйругуң салып сыртыңа, Кутуруп ойно эми, деп, Жылкыга айткан дагы бар. Жонуңа тоодой жүк артып, Чубатат эле жол тартып, Алабата жулуп жеп, Поп деп эми жаткын, деп, Төөгө айтканы дагы бар. Бышылдатып мурдуңду, Шорголотуп богуңду, Айра чаап жонуңду, Табат эле жолуңду, Сазды бойлоп өлөң жеп, Салкындап сазда жаткын деп, Уйга айтканы дагы бар. Байлык атка кондурган, Балекет кыргыз койу деп, Күндө нечен сойуп жеп, Чуркуратып чубатып, Айдайт эле сени, деп, Адырлуу жерде топ болуп, Суу бойуна токтолуп, Чөбү калың суу кенен, Эч бир кайгың жок болуп, Жуушап жаткын эми, деп, Койго айтканы дагы бар. Асман менен тирешип, Бойуңду керип заңкайып, Арактиш болуп арсайып, Үч күндүк жерден көрүнүп, Таанымал көзгө даңкайып, Таластын тоосу дедирип, Туура болдуң эми, деп, Тоого айтканы дагы бар, Орто жериң ор болуп Эки четиң көл болуп, Сымаптай болуп жылтылдап, Кирген күнү кылкылдап, Кыз күлгөндөй шыңкылдап, Жорго басык жылкыдай, Ар бууланып кылтылдап, Эми агар чагың, деп, Сууга айтканы дагы бар, Өрөөнүң токой чер болуп, Өзөнүң менен жел согуп, Өйүз-бүйүз адырга, Төрт түлүктүү мал толуп, Көркүңө чыгар кезиң деп, Тоого айтканы дагы бар. Күнгөйүң четин, табылгы, Төө куйрук, арча – баарысы, Аралап чыгып ичиңе, Аркар оту дарысы, Кайыңдар көккө керилип, Мор байлап талың ийилип, Тескейиңде карагай, Койкойуп кыздай жарашып, Бой сунуп кырдан карашып, Кандай сонун жердир, деп. Көргөндөр турчуу таң калып, Манастын жери Талас, деп, Кылымга атың даңкталып, Кудай ура жаздады, Айрылып сенден кур калып, Эр Кененим келди, деп, Койнуңан орун бергин, деп. Төргө айтканы дагы бар. Төшүңдү жайгын сазың, деп, Үн алышып каркылдап, Өрдөк менен казың, деп, Жээгиңде желек камышың, Сыдырым соксо шуудурап, Жагымдуу назик табышың, Бөлөк- бөлөк чулдугуң, Буткулда суунун тунугун, Кымыз ичкен немедей, Жутканда канат суусунуң, Саргарат элең тепселип, Салтанаттуу эр келип, Залкайып эми жаткын, деп, Сазга айтканы дагы бар. Күн тийгенде жаркылдап, Жаан жааганда жылтылдап, Төбөңдө өнүп эңилчек, Гелемдей жумшак былпылдап, Алтын элең таш эмес, Ээң келип Кененим, Эркин болгон чагың, деп, Ташка айтканы дагы бар. Таласты кыргыз аркалап, Кыргызды турган калкалап, Ак калпак кыргыз элиңди, Айкөл Манас падыша, Арбагың менен багып ал, Сен бакпасаң ким багат, Атагың элге таанымал, Кененимдей уулду, Султан Манас, колдоп ал... Ойго айтып, тоого айтып, Өзөнгө айтып, төргө айтып, Сууга айтып, сазга айтып, Чыккан жыгач чөпкө айтып, Адам тургай малга айтып, Ар бир түркүн жанга айтып, Кары- жашка тең айтып, Ак калпак кыргыз элге айтып, Душмандар камап келгенде, Айласын таппай күйүгүп, Шер Кененим келгенде, Терге батпай сүйүнүп, Бирине бири айтышып, Сүйүнчүлөп жүгүрүп, Кудайга наалат дарт айтып. Арбагың менен колдо, деп, А дүйнө кеткен Манастын, Арбагына арыз айтып, Жабырап жаагы басылбай, Жайма сүйлөп жатканда, Таласка тепсеп келгенде, Капкайдан келген элдерге, Жаны ачып Кененим, Ак калпак кыргыз көп элдин, Ыйлаганын көргөндө, А дүйнө кеткен Манасты, Арбагың менен колдо, деп, Сыйлаганын көргөндө, Садага чапчуу эчкисин, Аксарбашыл уйларын, Сүттөй аппак бээлерин, Жыйнаганын көргөндө, Эркек- айал, карысы, Уул- кыздын баарысы, Жамгырдай жашын төгүшүп, Ыйлаганын көргөндө, Унутулбай Манасты, Көзү кыйбай Таласты, Аманат жанды кайран эл, Кыйнаганын көргөндө, Жамгырдай болгон кара жаш, Тыйбаганын көргөндө, Душмандын кылган зордугу, Көөдөнүнө батышып, Сыйбаганын көргөндө, Күзгү чөптөй саргарып, Кубарганын көргөндө, Жыргал күндү унутуп, Жубанганын көргөндө, Шилекейи куйулуп, Суусу агып мурдунан, Чубалганын көргөндө, Күлүмсүрөп күлбөгөн, Күлгөнүн бенде билбеген, Күйүт тарткан немедей, Кабагы карыш түйүлгөн, Элди карап Кененим, Ителгидей баркылдап, Каалгадай кашка тиш, Маңдайында жаркылдап: — Жериң Кеңкол, чоң Талас, Элиң кыргыз ак калпак, Кабыл болуп айтканың, Арбагы менен колдосун, А дүйнө кеткен зор Манас. Абаң Бакай, Каныкей, Хан Семетей, Айчүрөк, Шер Гүлүстөн төрөнү, Унутпайлы буларды, Унутуп калсак буларды, Бизди кудай урбайбы. Эр Сейитек зардалды, Эл чайкаган балбанды, Андан мурун алдында, Өтүп кеткен Чанданды, Алмамбет, Чубак - шерлерди, Баатыр Сыргак, эрлерди, Олуйа Кошой карыны, Музбурчак, Төштүк- баарыны, Айдаркандын Көкчөнү, Унутпайлы өткөндү, Алымсарык агамды, Айкөл менен бир жүргөн, Жакшы күндү тең көргөн, Жаман күндү бир көргөн, Кырк баатырдын арбагы, Унутулуп калабы? Ажыбайдай чечени, Андай сонун нечени, Кысылса тийген кереги, Кымбат баасы Сереги, Төлгөчү кара Төлөгү, Төлгөсү журттан бөлөгү, Актай далы көрүчү, Ашкере айтып берүчү, Алымдардын Алакен, Унутулчуу жан бекен? Кадыр, Жайнак, Шууту, Караңгыда жол жүрсө, Калк башкарган мына ушул, Түмөн Жайнак куусу, Түн ичинде жол жүрсө, Түлкүнүн изин жаңылтпас, Душмандын изин куучусу, Эл башкарган Эламан, Калк кармаган Калкаман, Топ башкарган Токоной, Кырктын башы Кыргыл чал, Ушунун баары өлгүнчө, Кыргызга кызмат кылышкан, Кызматында көкжалдын, Кыйкырып бирге турушкан. Ырчуул, Боз уул ыктуусу, Эр Тазбаймат мыктуусу, Кенедей эстен чыгарып, Унутпаймын мен муну. Өткөндөрдүн баарынан, Өтүнүп жардам суранам, Ошентип кыргыз эл турсаң, Кантип тынып жай жатам? Батаңды бергин, баары журт, Арбагына айкөлдүн, Алакан жайып кол ачам, Айыгышкан иттердин, Агызып канын мен чачам! Ак калпак журтум кыргыз эл, Ата конуш мурдакы, Атактуу Талас биздин жер, Таластын жерин чаң кылып, Кыргыздын башын маң кылып, Душман турса камалап, Мен Кененим уулуңар, Кантип тынчып жай алат! Үйүнө түшүп кирбестен, Бир пиала чай ичип, Анан атка минбестен, Кеңкула менен болкойуп, Зыңгырап найза коңкойуп, Сырттаның чыкты бастырып, Эр Кененим зоңкойуп. Баатыр шер атка мингенде, Бастырып жөнөй бергенде, Таластын жери түрдөнүп, Кыргыздын эли сүрдөнүп, Жайнап жаткан чөптөрү, Чечекей төгүп түр берип, Карагай, кайың калкылдап, Каз-өрдөк учуп баркылдап, Дүркүрөп көлдөр жылтылдап, Балыктар ойноп кылтылдап, Тоодоку улар чакырып, Токойдо элик бакырып, Белде турган аскердей, Бой жасап терек закыйып, Бугусу ойноп тарбаңдап, Бүркүттөр учуп далбаңдап, Кулжа менен тоо теке, Мүйүздөрү калдаңдап, Төөлөр ойноп тайраңдап, Уйлары ойноп сайгактап, Чөөлөрү күлүп шыңкылдап, Жагалмай учуп зыпылдап, Сүйкүм шамал жел айдап, Кеңколдун ичи зыркырап, Ачылсын баатыр жолуң, деп, Атбай кыргыз чуркурап, Көөнү ачылып кыргыздын, Жубандары суйсалып, Белдемчи жерде чубалып, Суусар, кундуз, бөрк кийип, Саамайын кыздар сыланып, Кеп айтаардан эринип, Мырзалары керилип, Беттеп чыкты Кененим, Кеңкула атты теминип. Булгаары тердик, көк наакы, Баатыр шерди карачы. Кененим келди деп угуп, Ачаканга Кесилет, Атайын келип жолугуп: — Жекеге чыгып Ачакан, Экини сайып түшүрдүң, Өзөктөн канын жайалбай, Бактыбай менен сайышып, Маңдайлашып туралбай, Кайта келиш бул кандай? Кесилетке Ачакан: — Мен айтамын сен уксаң, Баатыр экен Бактыбай, Маңдайлашар ал калбай, Бактыбайдан найза жеп, Мыдыр этер шай калбай, Кайра кирсем беттешип, Өлгүндөймүн жан калбай, Болжолум бүтүп баратат, Мен турамын чыгалбай. Жалаңгыч сарык келиптир, Кеңкула атын миниптир, Бактыбайды жандырып, Жекеге өзү кириптир. Уга салып Кесилет: — Айткалы келдим кеп-кеңеш, Айтканың чын, Ачакан, Жазыгы жок кебиңдин, Жашырбай айттың ак сырың, Актыгы ушул пейлиңдин. Теңиме албай жүргөмүн, Бактыбай, Сүйүн, Чолпонбай – Кыргыздын жаңы эрлерин. Кененим эми келиптир, Эдебин эми берейин, Айтканымдан жанбаймын, Бактыбай, Сүйүн, Чолпонбай – Аларга айткан кебиң бар, Таласка барып менин да, Аларга айткан кебим бар, Башыңды алам дегемин, Апсана кылып кыргызга, Ашырып айткан эмесмин, Адамдарга угузбай, Жашырып айткан эмесмин, Өзүң баштап, Ачакан, Баарың карап тургансың, Бирден найза сындырбай, Баарын аттан жыккамын, Бучкагыма теңебейм, Кененимдин чыкканын. Эки айлантып сайдырбай, Кененимди сайамын, Кыз-келини сулуу экен, Кыргыз деген бул элдин, Баарысын олжо кыламын. Кыргызда майда уруу көп, Манас чыккан уруунун, Бирин койбой кырамын. Уугун учтап шиш кылып, Унуткусуз иш кылып, Бир кумардан чыгамын! Биз менен бирге сүйлөшкөн, Темиркөк менен Чойун алп, Көрүп турдук өлгөнүн, Булардын кунун кубамын, Куйкасын тилип туз куйуп, Таманына шиш кагып, Унуткус жорук кыламын! Күмбөзүн бузам Манастын, Күйгүзөм жерин Таластын, Жер бетинен өчүрөм, Тилге албас кылып Манасын! Коргонун чагып кулатам, Бак-дарагын кыйратам, Чалкыган көлүн кууратам, Жөө чубатып тирүүсүн, Коросон, испан, каңгайга, Бөлүп берип кулдантам, Катындарын күң кылам, Карыларын муң кылам, Эркектерин кулданам, Жаш балдарын ыйлатам, Кыздарын бөлүп олжого, Кылым элге таратам! Туубас кылып катынын, Куубаш кылам уланын, Атаң алаш болгонго, Ар жорукту кыламын! Жол-жолго таштап кетемин, Абышка-кемпир карганын, Шилисин көзөп тал-талга, Илип кетем балдарын! Кош эмесе, Ачакан, Кененимге барайын, Кеңеш-кебим бул эле, Келип сага айтарым. Кайраттанып Кесилет, Колуна келип камданып, Жоо жарагын жамкарып, Буттап темир курчанып, Каскаксыз найза колго алып, Каарданып, сурданып, Тарамышын чыйратып, Кара бойун чыңдатып, Кабаттап белин курчанып, Үпчүлүгүн үпчүлөп, Топчулугун топчулап, Жардай сары ат минип, Канча темир тон кийип, Калканын тартып калдайтып, Канча түрдүү жоо курал, Бутагындай чынардын, Аркы-терки тартайып, Жылтырап көзү көрүнөт, Адамзатпы, айуубу, Айрып аны жан билбейт, Кененимди баш кылып, Карап турган көп элди, Ал Кесилет көзгө илбейт. Өзү күндөй күркүрөйт, Найзасы узун сүлкүлдөйт. Салмагынан кара жер, Жарылчудай дүңкүлдөйт, Жерден чыккан доңуздай, Үнү алкымда күңкүлдөйт. Чөлдө калган бакадай, Тамактары бүлкүлдөп, Алдында минген сары аттын, Төрт айагы такылдап, Кененимге бадырек, Кирип келди жакындап, Аркасында алты ит бар, Ажаандай болуп арсылдап, Катуу үрүп карсылдап, Айал-үйөл кылбастан, Аты-жөнүн сурабай: — Сен Кененим дегенби? Менин атым Кесилет, Атың менен өзүңдү, Тоздурамын тебелеп, Каның жерге чачылат, Кар жаагандай себээлеп. Мен келген соң, Кененим, Өлгөнүң ушул эмеспи! Деп күркүрөп түгөнгүр, Күүлөп алып найзаны, Күркүрөтүп сунганы, Күчү менен урганы. Балта менен Кененим, Алдыртан өөдө кагыптыр, Кесилеттин найзасы, Аркасына каңгыптыр. Балта тийген каңк этип, Сыныктары найзанын, Асманга учуп заңк этип, Темирлери ар кайда, Түшүп жатат жарк этип. Жолборс тууган Кененим, Жолукканды жок кылган, Жүргөн жерин чок кылган. Тийбегенге тийбеген, Ат бастырып атайлап, Башка жерге барбаган, Барып бүлүк салбаган, Басып келген жоо болсо, Башы катып калбаган, Баатыр тууган Кененим, Бапиктүү найза колунда, Кынаптап сонун кармаган, Коросонду Кененим, Колтукка койуп өттү эле, Кененимдин найзасы, Белинен сынып кетти эле, Кур кол калган баатырга, Кыргыздар найза жеткирди. Аңгычакты Кесилет, Амалы күчтүү кара нээт, Чокмор кармап колуна, Оңтойуна келтирип, Кененимди чабууга, Кутурган иттей арсылдап, Кирип келди жакындап. Чокморун күүлөп имерди, Кыргыздан чыккан көкжалга, Чокморун шилтеп жиберди. Чокмордон чоочун үн чыкты, Кулак тунган сүр чыкты, Эпкининен чокмордун, Кара жерден чаң чыкты. Асманга учту топурак, Токтоналбай буркурап, Кененим кантер экен, деп, Кыргыздар турат чуркурап. Далайды алган андайдан, Андан артык чандандан, Карбаластап Кененим, Апкаарып калаар жан эмес, Чокмор тиет экен деп, Чочуп кетер шер эмес. Козголбогон кара көк, Найза менен колтукка, Кесилетти сайганы, Тешип өтүп кете албай, Соотунан найза тайганы. Каңгып чыккан бу найза, Кар жиликке тийгени, Кар жиликтин булчуңун, Каршы жерин тилгени. Тарамышын жаралап, Булчуң этти аралап, Чокмор колдон бош түшүп, Кесилет көзү алаңдап, Кененимдин Кеңкула ат, Ооздук тиштеп кыйгачтап, Өтө берди жалаңдап. Коросонго Кесилет, Качып кирди далбаңдап, Жаман качкан аптыгып, Эки этеги салбаңдап, Мурду көөп кетиптир, Текечердей барбаңдап, — Баш кишибиз Дабытай, Колуңда барды багып жеп, Козголбостон жөн жатпай, Чойун алп качып кеткенде, Ушул жерден биз кайтпай, Калмактан комдуу нар алып, Алтын, күмүш жана алып, Түргөн жибек аны алып, Жыты сонун жакшы деп, Каптал-каптал чай алып, Жасоол болуп калмакка, Кыргызга келип кол салып, Бай болом деп жылкысыз, Арбын малын олжо алып, Күң кылам деп,кыздарын, Уулдарын кулданып, Катындары казанчы, Эркектери мал бакчуу, Коросон менен испандык, Биз элек жыргап жай жатчуу, Эми капканга келип түшүппүз, Кыпкызыл болуп кан акчу. Элебей келген экенбиз, Эмгек, мээнет казгалы, Мээнет акыл таптырбай, Балакет бизди баскалы, Жолун билбей калыпбыз, Чыгып кетчүү асканын. Испан менен коросон, Эки баа эл элек, Бар дөөлөттү жөн жебей, Не келгенбиз темселеп? Жексен кылат окшонот, Жер тайанып тебээлеп, Жаман катын, жаш бала, Ыйлап калат белейим, Көзүнүн жашы себээлеп! Барып турду Кесилет, Дабытай менен Ачакан, Катарынан жемелеп, Испандын ханы Ачакан: — Саа Кесилет, мен айтам, Бактыбай, Сүйүн, Чолпонбай, Сен кетирдиң Кесилет, Кишини көрбөй малчалык, Ушунуң болгон кесирет. Кесириңди башыңа, Кененим эми келтирет, Сен кылгансың жакшылык, Кыргыз кайдан кечирет? Таласка келип тамтаңдап, Кененимден кордук жеп, Кетебизби салпаңдап? Коросондо канча жыл, Козголбой жаттың багылып, Эми элге көрсөткүн, Балбандыгың таанылып. Карсылдашып салышып, Кан жүткүрүп сен өлбөй, Кыргыздан кантип качабыз, Карагай найза өңөрбөй, Кишини киши жеңеби, Өжөрлүк кылып көгөрбөй? Өктөлүү кепти кыласың, Өлбөй туруп Кесилет, Кайда кеткен уйатың? Дабытай менен Ачакан, Көрүп жүрдүң, Кесилет, Жоодон коркуп ким качкан? Кете бергин, Кесилет, Уйалбастан сен качсаң. Ачакандын артынан, Дабытай сөзүн улады: — Баатырсынып, Кесилет, Айтчуу элең далай кеп, Тирүү калбай өлдүк деп, Бул айтканың кандай кеп? Баатырлык сенде, Кесилет, Баашалык өкүм менде бар, Оозуңа келген кепти айтпай, Сен ошону билип кал. Бүгүн жатып дем алгын, Эртең менен кыргызга, Эрегишип сен баргын, Өткүр кылыч жой болот, Жойкуманы колго алгын, Мыктысынган Кененим, Төбөсүнөн тең жаргын, Боло албай кетип баратсаң, Боорукер кишиң мен бармын. Кыркка жашың чыкканча, Кыймылдабай сен жаттың, Бар чыгымың көтөрүп, Кыңк этпестен мен бактым. Аракет кылсаң, Кесилет, Ичкен тузду актагын, Эни менен оозуңдун, Айтып далай мактандың, Жалган беле чын беле, Канакей сенин айтканың? Эрдигиң канча экенсиң, Эртеңки күнү байкайын, Өлүшпөй кетет дебегин, Ушул менин айтарым, Жаным тирүү бар болсо, Качкансып кантип кайтамын?! Ачакандын айтканын, Байатадан байкадым, Билбедиңби, Кесилет, Шылдың кылып жатканын. Мен Дабытай эр элем, Менден мыкты сен элең, Карчалышкан заманда, Каралды болот дээр элем. Качалы деп алдында, Айтуучу киши сен белең? Кыргызды сайып алалы, Испандыкка бербестен, Не келемин мында мен, Сага ишенип келбесем? Калмак тартуу кылганда, Хандык кылып мен алдым, Калгандардын алдында, Баш олжосун сен алдың. Ар качандан бир качан, Алдыңкы сапта сен барсың, Баатырлык салтың болбосо, Чоң катарда не барсың? Кетпейбиз албай кыргызды, Токтотпойбуз урушту, Узартабыз жумушту. Ал жеталбай баратса, Элден черүү алдырам, Алакандай кыргызга, Кең дүйнөнү тар кылам, Кеңирсип жаткан кыргызды, Жерге жакын жөө кылам, Керилип баскан мырзасын, Казан-айак жуудурам, Өкүм менен угузуп, Кыздарын үйдө туудурам, Антын кантип актаймын, Мага айтканын кылбасам, Калдагай кулак Чойун алп, Андан кантип кутулам? Калдагай кулак мага айткан: “Кытай менен кыргызга, Райым кылба” деп айткан. “Кытайга кылсаң жакшылык, Жаадыга салып тууратат, Кыргызга кылсаң жакшылык, Кууп алып малыңды, Жөө калтырып кууратат” Уккан кулак жазыксыз, Ойумда ушул иш турат. Айтканымдай кылам, — деп, Козголбоймун Таластан, Ушул жерде турам, — деп, Дабытай айтты далай кеп, Айталбай калды Кесилет, Кетип калсам белем, — деп. Качкан жоону куубастан, Карап турду Кененим, Кесилет келбей калганда, Айал кылып турбады, Атынын башын бурганы, Арбактуу Манас жолборстун, Күмбөзүнө барганы, Тобо-томук кылганы, Кененимдин артынан, Элдин баары чубады. Качты кыргыз бизден, деп, Коросон менен испандык, Аттарына жабылды, Ажал-өлүм табылды. Муну мындай таштайлы, Сарыбай уулу Саламат, Сатылгандан баштайлы.