Коросон менен Испандык, Коргонду карай бет алып, Баары жөнөп калыптыр, Ойуна муну алыптыр: “Коргонду тартып алабыз, Кордукту эми салабыз, Кыргыздын элин кыйратып, Кызыл уук кылабыз, Ордону баккан токсон эр, Бири миңге тең келер, Мылтык атып, жаа тартып, Баары мыкты кеменгер, Найзакерден ыктуу бар, Балтага андес шыктуу бар, Алтымыш киши бөлүнүп, Аттанып чыкты ушулар, Алтымыштын ичинде, Торсолдой деген бар эле, Баш билгичи ал эле, Мылтык атып, жаа тартып,” Манастап ураан чакырып, Торсолдой баштап бакырып, Бакырыкты укканда, Баатыр тууган Саламат, Атка минди камынып, Кайнап аскер келатат, Кара курттай жабылып, Чыккан чөптөй жыбырап, Кумурскадай быжырап, Тосуп чыккан алтымыш, Топко тийди аралап, Мөндүрдөй октор дыбырап, Жамгырдай жебе зырылдап, Очогор үнү зүңүлдөп, Жазайыл атып, жаа тартып, Жер чайкалып сүлкүлдөп, Тоо силкинип карсылдап,. Бараңдын үнү барсылдап, Таштар кулап дүпүлдөп, Көл чайпалып дүркүрөп, Коргонду ала койсок, деп, Коросон, испан күпүлдөп, Боз мунарык кызыл чок, Боздоп учат аткан ок, Жердин бети чаң болуп, Чөптөр күйүп күл болуп, Жыгачтын баары жыйылып, Бутактарын ок кыркып, Аңгычакты болбоду, Коросон менен испандын, Аркасынан чуу чыгып, Кутургурдун Саламат, Жебедей сызып келатат, Бар кыргыздан озуптур, Коросон менен испандын, Колун чайкап бозуптур, Жалгызектин Бактыбай, Топчу кулак тору атты, Сыздырып баатыр келатты, Сүйүн келет залкайып, Ак жал сары ат заңкайып, Чолпонбай келет октолуп, Бет алган жагы өрт болуп, Барбагын деп кыргызды, Калтырып койду бек тосуп, Кесилетке Саламат, Кезигишти жолгошуп, Жеткен жерде салышып, Кез керип найза сайышып, Өтө мыкты шамдагай, Өткүр тууган Саламат, Кылча жанын айабай, Өлөмүн деп санабай, Кызымталдуу бир жанды, Кылга байлап таштады, Эр Саламат, Кесилет, Кыйын уруш баштады, Бактыбай, Сүйүн, Чолпонбай, Токтоо кылып туралбай, Алтымыш эрге кошулуп, Коросон менен испандан, Кызыл кан агып жошулуп, Коросон менен испанды, Койдой айдап үркүтүп, Аркасына жандырды, Кызымталдуу баатырлар, Каскактын учун кан кылды, Кара жерди май кылды, Коросон менен испанга, Кең дүйнөнү тар кылды, Бөлүнүп чыкты эл үркүп, Кайра качып дүркүрөп, Жер аңга түшүп кетиптир, Жүз жетимиш сүрдүгүп, Ат ойнотуп сыздырып, Эр Бактыбай бараткан, Көрө салып Ачакан, Байкап турган кашаттан. Байкабай келди Бактыбай, Ачакан жанын айабай, Капталдан чочко жеткени, Топчу кулак кер аттан, Аңтара койуп өткөнү. Көрө салып эр Сүйүн, Акжал менен койгулап, Табына келген тулпары, Тизгин кагып чойгулап, Бактыбайга бурулуп, Келе жаткан Ачакан, Ат дүбүртүн укканы, Эр Сүйүнгө сайдырбай, Жолунан тосо чыкканы, Аксаргылдан Сүйүндү, Көмө койуп жыкканы, Карап турган немедей, Капташа түштү Чолпонбай, Ал Сүйүндү өргөндө, Жаны ыраазы өлгөнгө,. Жан айабай жеткени, Ачаканга Чолпонбай, Найза сайып өттү эми. Тоодой чочко кыйшайбай, Чолпонбай өтө бергенде, Аркасынан урады, Ат үстүнөн Чолпонбай, Тебетейдей кулады, Бактыбай, Сүйүн, Чолпонбай, Катарынан сулады. Кайра тартып Ачакан, Качырып найза сайганы, Келе жатып Кененим, Капташып калган убагы. Көрө салып шашылып, Сайса өлтүрүп койор, деп, Баатыр Кенен бакырып, Кең куланы аргытып, Сала берди качырып. Кененим үнү эң сүрдүү, Өмүрүндө Ачакан, Үн укпаган бул түрдүү, Үндү угуп шашылып, Апкаарыды Ачакан, Кайкыларын биле албай, Калтаарыды Ачакан. Жаман атты болом деп, Мындан коркуп мен качсам, Күчкө күчүн улады, Капташып калган убагы, Күжүлдөгөн Ачакан, Күүлөп найза сундуруп, Кененимге урганы, Кенебей да, кебелбей, Шер Кененим турганы, Ачакандын найзасы, Түпөгүнөн такалды, Өтпөй найза какады, Олпокко салган булага, Оролду найза темири, Кайраттанып Ачакан, Кайра тартып алалбай, Кабыргасы маталды, Найзадан тойуп Ачакан, Кененимди таштады. Беттешерге шай таппай, Кире качар жер таппай, Испандын элин бет алып, Качып кирди аралай, Тоодой баатыр Кененим, Ачаканды карабай, Бактыбай, Сүйүн, Чолпонбай, Аттарын айдап жеткирди. Аттарын минип кутуруп, Кененим келип баатырлар, Өлүмдөн булар кутулуп, Болбосо калган башында, Ачаканга тутулуп. Кыргыздын эли сак калды, Коросон менен испандын, Көбү шорго тапталды. Карсылдашып салышып, Жарактарын кыйратып, Куру кол болуп калышып, Күркүрөгөн үн чыгып, Киши коркор сүр чыгып, Беттерине карасаң, Эр Саламат, Кесилет, Бир пайпактык түк чыгып, Ач кыйкырык куу сүрөөн, Ал экөөндө ким жүргөн? Арасында булардын, Кызыл жалын от күйгөн. Жердин бети чаң болуп, Көздөрүнүн жээгине, Сүрө кочуч туз толуп, Уккан- көргөн кишиге, Бир укмуштуу иш болуп, Камчы менен салышып, Жаагын жара чабышып, Колтуктарын чойушуп, Муштум менен койушуп, Алы кетип шай калбай, Акакташып соолушуп, Жакалашып тартышып, Олпокторун булушуп, Койо бербей тырмышып, Кемердей толгой кармашып, Кекенишип жармашып, Багалектен бурушуп, Этектерин түрүшүп, Далыдан чапчый кармашып, Барлык күчүн арнашып, Бирин- бири жыга албай, Айнектей түзгө дардайтып, Андан амал таба албай, Бирин бири алалбай, Аттарына жармашып. Колдорго найза кармашып, Качырышып сайышып, Качпай туруп салышып. Найзанын учу тийгенде, Кыпкызыл канын агызып, Кан куйулуп салаалап, Ого бетер жан ачып, Өчүгүшүп карарат. Эртеден- кечке тынбастан, Аманат жанды кыйнашкан, Күн уйага киргенде, Кайра кетти турбастан. Элине барып Кесилет, Өпкөлөп ыйлап эчкирет: — Баары баатыр, баары шер, Балбаны сайат канчаны, Кыргыздын элин ким билет, Балдары сайат найзаны, Балбаны сайат канчаны. Жаш- карысы кыргыздын, Элебейт экен анчаны. Көзгө илбесе Кененим, Дөөлөрдөн нечен барчаны- Тажиктердин Темирбек, Калдагай кулак Чойун алп, Саранжа, Сакта кандай алп? Жалгыз жүрүп Кененим, Баарысын жеңди жер жаздап, Ошонун баары сулады, Кулачтап жерди кучактап, Токтобой акты көздөн жаш, Мончоктой болуп бурчактап, Алдыбызда өлүптүр, Темир тондуу Шалкымат, Жез киндиктүү Кикимат, Кыргыздан чыккан жаш балдар, Баары мыкты талыкпас, Эртеден кечке чабышта, Өжөр экен чалыкпас, Катышып калса кыргызга, Дарт экен булар айыкпас, Заары жылан тили экен, Балдары кызыл пил экен, Баарысы окшош жүрүшөт, Баш билгиси ким экен? Катындары уйаттуу, Кыз балдары кымбаттуу, Жубандары сымбаттуу, Келиндери келбеттүү, Бай-жардысын билгисиз, Баарысы шуру-берметтүү. Какжаңдаган кары жок, Чакчаңдаган жашы жок, Мас болгону дагы жок, Падышасы ким экен? Кол куушуруп бүкүйүп, Кошомат кылган дагы жок, Тең турат экен жанаша, Чоң-кичүүдөн айрым жок, Кийген кийми өтө кооз, Ээр-токуму баары окшош, Жер бетинде жок чыгар, Ушул кыргыз элге окшош. Хан Дабытай, Ачакан, Кандай күндү көрөбүз, Ач кыйкырык, куу сүрөөн, Карышкырдай улуган, Үнү ачуу бул журттан? Саламатка эки кур, Салгылаштым жанашып, Эми келсе Кененим, Кетет белем кан агып. Арыбы көп, амал көп, Өтө башка журт экен, Биз козголбой койгондо, Кете берип күмбөзгө, Куру таштап коргонду, Курчап бизди жеткенде, Эбибизге келтирип, Азыраак киши бир демде, Ачаканга сайдырып, Алдырбайт эле Бактыбай, Кененимди келтирмек, Биздин элге туйдурбай, Эрдин иши эмеспи, Сүйүн менен Чолпонбай, Качырып кирди жазганбай, Кеңеш кепти кылгыла, Ачакан менен Дабытай, Жылыштап элге жетели, Беш баатыры бар экен, Элинен бөлүп кетели. Коросон, испан бир турсак, Күндө жаңы кол жыйсак, Бизге алы жетеби? Алыстатып кетели, Бешөө калса колу жок, Бели сынат эмеспи, Алып барса аскерин, Эл кырылат эмеспи, Эки жактын аскери. Тең кырылат эмеспи, Алыска барса бизге окшош, Азык-түлүк дагы жок, Арыктап өлөт кыргыздар, Аппак кардай майы жок, Артып ала жүргүндөй, Биздикиндей даны жок. Элинде болсо кыргыздар, Кулжуңдашат турбайбы, Эчтекеден камы жок. Калкында болсо кыргыздар, Какшай берет турбайбы, Он экинин бири жок, Сарамжалга келгенде, Уй байларга жиби жок, Уруштан башка иши жок, Кой деп айтар киши жок. Кар жааганды билбесе, Карды көзгө илбесе, Борошо жаанды билбесе, Суукту көзгө илбесе, Ызгаарлуу шамал борошо, Үшүп үйгө кирбесе, Суу ордуна май жесе, Сууктук тамак жебесе. Ысык жерде тердесе, Биздин элдер кайтарып, Көлөкө жерди бербесе. Бүткөн бойу жуурулуп, Айланып көөнү кирдесе, Салкын шамал жок жерде, Сүт болбосо ичерге, Ошондой жерге түшпөсө, Ысык урган эгиндей, Үрпөйүшүп жүдөсө, Уйпаланган бул кыргыз, Ошондо жооп бербесе, Салкын жерде кыргыздар, Баш берээр эмес дегеле. Аккан суусу шар экен, Аппак сүтү, кымыз дары экен, Жетпесе ажал өлтүрбөс, Дары чөптөр бар экен, Улар деген улуу куш, Ушул жерде көп экен, Улардын эти медеткер, Аркардын эти себепкер, Муунга дары бугу эти, Кашкулак өтү табылбайт, Коросон, испан дегенде, Көк жорунун өзү жок, Бел ооруга берерге, Өтүн ичет турбайбы, Этин жебей бул жерде, Тоо текеси көп экен, Ысык өтпөй бул элге, Чечек чыгып чаар болбойт, Илбирс жүрөт ар жерде, Эти бышып катпайбы, Бир кесимден жегенде. Карышкырлар кабышып, Адырда жүрөт жарышып. Тамак оору болобу, Анын өтүн табышып, Коктунун баары түлкү экен, Бул түгөнгүс мүлк экен, Ириңдеп эти ырбабас, Мунун өтү дары экен, Сүлөөсүнү көп экен, Биздин элде ханда жок, Ошол үчүн келиндер, Ичик кийген кеп экен. Ала мойун суусар бар, Ачакан менен Дабытай, Булар жүрөт табалбай, Түгөнүп калган кыргызда, Жылтылдатып кылканын, Кийип жүрөт жаш балдар, Андыктан кыргыз элдери, Кундузду койот пулга албай, Жапа кундуз көп экен, Сасык дешип теңге албай, Байкерчилик болобу, Кыргызга окшош жанга бай, Кыр сактаган аскердей, Кылактап турат карагай, Теректи карап койбосо, Жыгачпы деп эске албай. Чоктой кызыл табылгы, Колдо камчы баарысы, Кырчын талдар буралып, Асман тиреп кайыңы, Темирден катуу ыргайы, Чыккан чөбү бүт дары, Аркар оту, мамыры, Арбын чөптүн тамыры, Шыралжын менен бозунач, Кокон менен сүт тикен, Кан аккан жерди бүтүргөн, Чалкан куурай бирсалар, Шишикке дары табылбай, Өпкө оорунун дарысы. Өтө сонун баарысы. Жапалдаш сары чечекей, Апийинден кем эмес, Эрмен менен боз куурай, Кайнатып суусун жууганда, Териге желди жуктурбай, Көлү менен күлепше, Көп экен дары бул жерде, Тал мыйа менен кекире, Табылбайт бизде дегеле, Сандап жатат ар жерде, Дары эсептеп билесе. Бүркүт менен үкүнүн, Таз кара менен жорунун, Такыр этин жебесе, Кашкулак, койдун терисин, Дегеле киши билбесе, Жапа кундуз, ит тери, Жанына киши барбаса, Кыркып койдун жүндөрүн, Талаага таштап эл көчсө, Аны киши албаса, Алмак түгүл жанына, Жакын басып барбаса, Агын суулар бул туруп, Жандатып арык чаппаса. Жамгырда эгин айдаса, Жел согуп үшүк албаса, Бышпай чийки калбаса, Өлчөм деген болбосо, Таар-таарлап дан алса, Суудан кемип калбаса, Чирип жатат жыгачтар, Отун издеп бир жерге, Убара болуп барбаса, Талыгабы кыргыздар, Ушундай жерге карчашса? Деп Кесилет айтканда, Дабытай менен Ачакан, Кулак салып угушту, Кандай дээрин биле албай, Башын кашып турушту. Жашырбай чынын айтканда, Дабытай менен Ачакан, Башын жээчү жумуш бу. Алданып алтын-зарына, Калмактардын малына, Өздөрү тапкан ажалды, Өлчөм кылып жанына, Алданып жүрүп тажиктер, Темирбек өлдү алдында. Атырдай жыты буруксуп, Адамды алдайт шум дүйнө, Алтын алып, мал алып, Ажалга калды бул күндө, Жалгандыгын билгизбей, Шектендирди бул күндө, Биз баашабыз деп келген, Коргондон башка шаары жок, Коркот деп бизден кыргыздар, Жалгандыгы дүйнөнүн, Жалдыратат ушундай. Көрүнбөйт көзгө көп-азы, Күч келип жанга кысылбай, Дүйнөдөн өтпөйт армансыз, Ажал кысып келгенде, Адамдын баары дармансыз. Жал-жал тиктеп бир бирин, Жалдырашып турушту, Дабытай менен Ачакан, Улуктан экөө баштаган, вазырын чогултуп, Кеңеш кылды бир топ жан. Ачакан айтып алдырап, Тил байланып балдырап: — Мен Ачакан аталып, Тактага чыгып хан болуп, Эл башкарып тургалы, Жыйырма жылдан ашыптыр, Испандын эли козголбой, Жанын багып жатыптыр. Алданып калмак пулуна, Ачакан жолдон азыптыр. Тартууга калмак берди, деп, Алтын алдым, мал алдым, Калмактан аны неге алдым? Кыргызды жоолап берем деп, Баатырсынып мен алдым, Анда билбей алыпмын, Кененим жанды аларын, Эми алтын берип, мал берип, Тандап сулуу кыз берип, Маана болор бир байды, Билбеймин кайдан табарым! “Өз өлтүрбөйт” деди эле, Өз элимди мааналап, Мен испанга барайын. Дабытайга эп келсе, Коросон испан бириксе, Алы келбес кыргыздын, Эр Кененим, Саламат, Бактыбай, Сүйүн, Чолпонбай, Булар барат калалбай, Эркибизче уулайбыз, Аз кыргызды жайма жай. Сен да акыл бериңиз, Билгениңди, Дабытай. Дабытай аңдап бул кепти, Өтө жаман ачуусу, Келгендей айтты бир кепти: — Испандын ханы Ачакан, Адам айтар кеп эмес, Сен айтканың байатан. Жанчылган эти Кесилет, Айтып өттү далай кеп, Карчалышкан душманды, Жаш-карысыны мыкты, деп, Жерине чыккан чөптөрүң, Киши өлтүрбөс дары, деп, Баштан-айак бул кеби, Айабаган бокту жеш! Ат арытып, тон жыртып, Атайын келип бул жерге, Кыргыз деген шум элге, Кетели деш кайсы кеп?! Айлына келип алалбай, Кетебиз кантип уйалбай, Биз кеткенде бул элден, Кыргыз барат туралбай. Коросон менен испанга, Кол салып кыргыз барбады, Экөөбүздү, Ачакан, Калдагай кулак Чойун алп, Айла менен алдады. Бизден бетер Темирбек, Билбей калып алданды. Жаны ачып сайышып, Өлүп кетип жай алды. Темирбектин элине, Тийбестен жолго салганы. Бир тажиктин колунан, Камчысын олжо албады, Тийишпесе тийбеген. Тийишип келген кишинин, Ким экенин билбеген, (Кененим өзү айтты эле) Анысы ырас турбайбы. Калдагай кулак Чойун алп, Саранжа, Сакта дегенди. Катары менен жалмады, Калганын кайта кетирди, Камчы сап олжо албады. Кара аскерде жазык жок, Ханы менен балбанын, Баш кармаган зардалын, Чыгарды анын далдалын. Көрүп туруп кыргызды, Өз жериңе алпарсаң, Баштакыдан көбүрөөк, Чыккан турат чоң жаңжал. Баш кишиңди калтырбай, Баарысын жалмап сорбойбу, Калың элдин баарысы, Кара элечек болбойбу, Кара башың карабай, Калгандарды ойлойлу, Таласта өлсөк урушта, Такыр элге угулат, Качып барып өлгөндө, Калганды койо тургула, Калкың кылат жаман ат. Калкыңа кыргыз келбесе, Калмакка бардың неге, дейт, Калк ичинде карылар, Калбай баары жемелейт, Билеги жоон балдардын, Баарынын каны себээлейт, Ал көрөкчө, балдар, ай, Өлгөн жакшы жан калбай, Жекелеше чыгалы, Андан бетер тайманбай, Кычырып барып кыргызды, Эл кыдыртсак ал кандай? Элине тилеп амандык, Дабытай айтты ар кандай, Ачакан менен Кесилет, Башкача акыл айталбай, Таң атырды кеп менен, Чырым уйку алалбай, Кыргыздардын Саламат. Башына түшүп кыйамат, Омурткасы зыркырап, Кабыргасы быркырап, Каңгара какшап жан кыйнап, Бүткөн бойу дал болуп, Кармалбай колу шал болуп, Чырым уйку албастан, Канча түрдүү чөп ичип, Айанбастан көп ичип, Сүрүп чыкты аңгыча, Жер агарып күн тийип, Кесилет чыкты жекеге, Урчук таштай керкийип. Тарт Кула атты, дегиче, Жолборс тууган Кененим, Жүрүп кетти Саламат, Ат куйругун шарт түйүп. Саламат менен Кесилет, Жан айашпай бет келип, Найза күүлөп сайышып, Балта булгап чабышып, Кылычташып урушуп, Чокмор менен койушуп, Этектен түрө кармашып, Барлык күчүн арнашып, Жакалашып тартышып, Көөдөндөшүп тирешип, Булкуп-силкип күршүп, Орой-торой чалышып, Койун колтук алышып, Ача кармап мекчийип, Ирмелбей көзү чекчийип, Акакташып солушуп, Көттөрүн жерге койушуп, Кайта ордунан кобушуп, Аттарына камынып, Күрөөкө тонду жамынып, Күркүрөшүп күч алып, Күкүрттөй ичи тутанып, Буттап темир курчанып, Аңгычакты болбоду, Күүгүм кирди күн батып, Аскер түштү атынан, Даам ичип, тынч алып, Жана чыкты таң атып. Жаркырап жерге күн чалып, Кесилет жок келүчү, Дабытай чыкты аттанып, Мага муну бергин, деп, Бактыбай турду таптанып, Жекеге чыкты Бактыбай, Кененимден бата алып, Дабытай мыкты эр экен, Эр турмайлык шер экен, Кайраты көптү жапырган, Караандуу эрдин бири экен, Качырып найза сайганга, Агызын канды жайганга, Кандим болгон неме экен, Кесилетти кекетип, Ачаканды кулатып, Кеп айтары эп экен, Хан Дабытай, Бактыбай, Качырышып бет келди, Найзаларын кагышты. Бир беттешип жанышты, Өрттөнүп өлгүр экөө тең, Өчөгүшүп сайышты, Күн төбөдөн кыйшайып, Бешимге жакын барышты. Ыргыштатып Дабытай, Бактыбайдын найзасын, Кагып өтүп сайдырбай, Топчу кулак тору аттан, Сайып өттү камгактай. Ак жал сары арбаңдап, Сүйүн кетти далдаңдап, Сүйүн кантип айанды, Тоодой болгон Дабытай, Май куйрукка бир сайды. Карыш жерин куйруктун, Найза жиреп чыкканы, Кыргыздын Сүйүн балбаны, Дабытайдын майына, Найзанын учун чыктады. Коросондун Дабытай, Каарданды карарды, Бактыбайдан сак калып, Сүйүндөн найза жегенге, Намыстанып арданды, Күңгөйдүн куу чаар жыландай, Ого эле жаман заарданды, Бөрү тилме өткүр миз, Найзасын колго кармады. Сүйүнгө найза сайдырбай, Сайып өттү Дабытай, Мен-мен деген Сүйүндү, Ыргыта сайды камгактай. Күүлүү найза нетиптир, Бөйрөктү тепчип кетиптир, Карчытынан тешилип, Кош бөйрөгү эзилип, Желип чыкты Дабытай, Карышкырдай эсирип, Жаш балапан жоголду, Келе жаткан жетилип. Чолпонбай жетип ангыча, Дабытайга кезигип, Карарып өңү бузулуп, Каарданган Дабытай, Жаалы чыгып бетинен, Жалын чыгып көзүнөн, Заарданган Дабытай, Канча миң колу кырылып, Капшытынан сөгүлүп, Жарылып калган Дабытай, Кылча жанын айабай, Кылчайып артын карабай, Келе жаткан Чолпонбай, Зымыраган Дабытай, Бучкагына түк албай, Чолпонбайга сайдырбай, Найзасын кагып жиберди. Табарсыктын башына, Таамай муштап өттү эле, Камгактай учуп Чолпонбай, Капкайда барып түштү эле, Жер тайанып делдейип, Бойун жасап керилип, Өлүп кетти Чолпонбай. Кененимден сурабай, Салган бойдон Саламат, Жүрүп кетти туралбай, Саламатты көргөндө, Дабытай айтат мамындай: — Сен Саламат мыктысың, Атанын жолун жолдобой, Акылыңдан алжыпсың! Түп атаң сенин Бадыкөл, Ээлик кылып маңгытка, Алооке, Дөөхан, Шоорукка, Курбу-курдаш тең өткөн, Кыргыздын канкор Манасы, Кыйаматка жөнөткөн. Ага караштуу жерлерин, Аркасында элдерин, Кар манапка бир берген, Бадыкөлдүн Мадыкөл, Маңдайда жалгыз көз экен, Нак желмогуз өзү экен, Атанын ордун тапканда, Чогултуп элин бакканда, Манастын уулу Семетей, Баса келип тебелеп, Мадыкөлдү сулатып, Тактасын элге талатып, Ар кайда элин таратып, Бараң менен Шаңкайды, Кыргызга кошуп каратып, Баарысынын бийлигин, Кар манапка карматып, Топтоп күлүк аттарды, Кеткен экен айдатып, Багышка берип кетиптир, Жолдо кетип баратып, Чоң атаң сенин Мадыкөл, Баары жандан чоң экен, Чакташар катын жок экен. Сенин атаң Сарыбай, Ошон үчүн найза өтпөс, Таштан болгон денеси, Эки атам өчүн алам, деп, Таласты кармап чабам, деп. Келген экен Сарыбай, Семетей менен Сейитек, Ата бала кулдары, Ак калпак кыргыз бүт баары, Беттешип алы келалбай, Жан жүрбөстүн чөлүнөн, Алып келген Куйалы, Сарыбай – сенин атаңды, Сайып берген Куйалы, Кыз балбан деп аталып, Атагы чыккан бу дагы. Сейитек алган Куйалы, Андан туулган Кененим, Жалмап келет күн бербей, Жер бетинде туулуп, Мен балбанмын дегенин. Укмуштуу катын Айчүрөк, Асырап алган жез илек, Асыранды кыз берип, Сени алдап күйөө деп, Ишенбесең, Саламат, Тирүү койбойт Кененим, Кылып көрчү бөөдө кеп. Кара калпак, түркмөндү, Сага берип салгансып, Асыранды кыз алып, Сен жүрөсүң алданып. Сарыбай атаң өлгөндө, Сен курсакта калыпсың, Сени тууган энекең, Кыргыздан коркуп айтпаган, Аныктап уга албапсың, Төрөдүбү Жезбилек, Жана барбы катының? Үй-бүлөңдү ким билет, Тукумсуз өтсөң жоголдуң, Үч атаң өлсө кыргыздан, Киринди болуп не болдуң? Намысың жок адамсың, Уктабай жүргөн чыгарсың, Жашым сага курбалдаш, Карылардан угамын. Бала кезде Саламат, Элдир-селдир угучу, Эс тартканда Саламат, Мындай кептер жок болчу. Баштан-айак кыскартып, Дабытай муну угузду, Аа болбоду Саламат, Баштап кетти урушту. Күркүрөтүп булгалап, Күүлүү найза урушту, Адис болгон берендер, Бендеден белдүү эрендер, Эбегейсиз урушту. Найзаларын кагышып, Карсылдашып сайышып, Балталашып чабышып, Бар кайратын чогултуп, Эки колго алышып, Кылычты кындан суурушуп, Башкача кыйын жулушуп, Бүтүн койбой тондорун, Олпокторун булушуп, Арзан эмес бул жумуш, Чокморлорун алышып, Чокулата салышып, Колтуктарын чойушуп, Кош колдоп туруп койушуп, Белбоолорун үзүшүп, Этектен бурдай кармашып, Бүткүл күчүн арнашып, Эс алган жок бул экөө, Эр намысын талашып. Кара мүртөз Дабытай, Катуу тийди жан ачып, Болуп калган Саламат, Көз тунарып, шай качып, Дабытай өзү кагалес, Ар кылганы чабандес, Адис болгон түгөнгүр, Саламаттын балтасын, Чаптырбай кагып жиберди. Тоодой болгон баатырга, Кайта тийди имерип, Карчыганын балык эт, Качырып найза муштады, Сооттон өтүп кеткен жок, Өлөр жерге жеткен жок, Тоо кулаган немедей, Тоңкорулуп кулады. Дабытай урган капталга, Токтоп артка турабы? Кайра айланып Дабытай, Жана сайса Саламат, Жаны калбай өлөт, деп, Кеңкула менен аргытып, Кененим жетти майданга, Артынан чаңды баргытып, Манастап баатыр бакырып, Кененим үнүн укканда, Дабытай калды шашылып, Саламатка Дабытай, Жандатып найза сайалбай, Чолпонбай менен Сүйүндөй, Өзөктөн канын жайалбай, Теңдешкени Саламат, Капталдан каны жошулуп, Өлбөй калды эсен-сак. Тура калып Дабытай, Сөз сурады мамындай: — Кара жал кула ат минген, Кыл куйругун шарт түйгөн, Ким болосуң сен? – деди, Мындай мурун көрбөдүм, Сен өңдөнгөн бендени. Үнүң каар, өңүң заар, Көзүң кыйгач, ичиң чаар, Таруудай бетте каның жок, Кабуу тапсаң кишиге, Ыракым кылар пейлиң жок, Манастайсың бакырып, Жөн жаткызбай көрүнө, Атынан айтып чакырып, Тирүү киши турмайалык, Өлгөнгө кошо асылып, Кененим айтат мамындай: — Апкаарыдың Дабытай, Качырып найза уралбай, Кара жалдуу чоң кула ат, Мингениме жарашат. Аттын аты Кеңкула, Таруудай бетте каным жок, Кабуусун тапсам душманга, Ракым кылар чагым жок, Түп атадан мурасын, Үнүм ачуу, өңүм заар, Көзүм кыйгач көргөнгө, Өзү келип катышат, Сен кептенип айбандар, Чолосу тийбей өлгөнгө. Пейилим кенен элиме, Ичим чаар силерге, Берекелүү эки айбат, Атамдын аты шер Манас. Айтып жоого тийерге, Атамдын атын укканда, Сен кептенген неменин, Шейшеби бекип чыга албайт, Эркинче басып сийгенге. Сурасаң атым Кененим, Жоодураган коросон, Колуңду айдап не келдиң? Корооңо сенин барбадым, Короодон малың албадым, Койнуңа колум салбадым, Гөл тилине алданып, Келиптирсиң калмактын, Коркуп айтып жатат деп, Көнүлүнө албагын, Испан менен коросон, Кетип калсаң канетет, Терең ойлоп ар жагын? Тийбегенге тийбеген, Атадан калган адатым, Катышып келсе кол калып, Кан агызып баш жутуш, Кадимден берки санатым, Түшүрбөй айта жүрөбүз, Баатыр атам ураанын. Каңгайдан канча эр келди, Алдында үчөө бир келди. Темир тондуу Шалкымат, Жез киндиктүү Кикимат, Тартынбай салып жаңжалды, Такыр өлүп сулады, Бүлдүргөчө немесин, Кыргыз олжо албады, Кара аскерде жазык жок, Ханы айдап келди, деп. Сенден бетер Темирбек, Акылдан азды темтелеп, Өзү өлдү, эли сак, Тарап кетти сенделип, Саранжа, Сакта- балбандар, Калдагай кулак баштаган, Андай нечен чандан бар, Кененимдин колунан, Өлүп кетти жан калбай, Айдап ийдим аскерин, Олжо кылып мал албай, Дабытай менен Ачакан, Уксаң акыл мен айтам, Бекер өлүп кетесиң, Куру намыс талашсаң. Кара башың талаада, Кала берет ташка окшош, Аскериң барат элине, Калмак, тажик элге окшош. Кечээ түп атам Манас барында, Оогандын ханыЧынача, Коңурбай менен колдошуп, Калмак менен биригип, Койгулашкан чагында, Испан менен коросон, Кошулуштуң башында, Калмактан бетер жоолашып, Кол салыштың угушта. Ооган, испан,коросон, Катарың менен алдырдың, Кектеп Манас калбады, Калмакка неге бардың, деп, Ат изин сага салбады, Бүгүн келдиң дүбүрөп, Калмакка кулдук кылгалы, Атамдын жолун жолдоймун, Аркасын алыс ойлоймун, Кетемин десең, Дабытай, Торгобоймун, тоспоймун, Жөн койомун жолуңду, Бош койомун колуңду, Артыңдан кууп барбаймын, Арданыпсың калмакка, Кектеп сени калбаймын, Ага болбой кармашсаң, Айанып сенден калбаймын, Эчки жайган адырдай, Жазгы чыккан таанадай, Түбүң менен жалмаймын. Кимисине турасың, Кетер болсоң, Дабытай, Кечикпегин, турбагын, Кетпес болсоң, Дабытай, Кебиң болсо баштагын! Деп Кененим айтканда, Ажал алып жакадан, Кайтарын билбей Дабытай, Тушамыш салып колуна, Аныктады абыдан: — Ар качандан бир качан, Испан менен коросон, Алдандың деп калмакка, Айтканың жаман баарыдан. Мен алданып калмакка, Малдын кулу экенмин, Кең пейил элге күйүнгөн, Сен Кененим экенсиң, Кененим сенден жалтайып, Акчан киши экенмин, Желкеңден жерге баспасам, Жети ата кылып кыргызды, Жети катар чаппасам, Дабытай атым курусун, Жесир катын, жетим уул, Журт- журтта калып улусун! Какжаңдап карың кыйналсын, Бөкчөңдөп кемпир ыйласын, Бешикте лалаң ачка өлсүн, Качып жүрүп уул- келин, Курбу-курбу ташта өлсүн, Алысак тартып чубатып, Арыктап төөлөр чөлдө өлсүн, Ашарга иштеп аш таппай, Азаматтар ачка өлсүн, Куугунда өлсүн азоолор, Куйугуп өлсүн кулундар, Чачылсын алтын пулдарың, Тартып алам бүт баарын, Азапка салам элиңди, Ашырбай айтам кебимди, Эртеден бери, Кененим, Кетип калгын дедиңби? Амалың кетип алдырап, Коркуп айткан кебиңби? Көөпайлык кылып Дабытай, Билбей калат дедиңби? Кууп кетпей жылкыңды, Куру кетчүү мен эмес, Куру сөзгө кубантып, Кетирип ийчүү сен эмес. Ормолоку кеп айтып, Үйрөтүп калган экенсиң, Кой Кененим, саалтып, Кечиктирбе жолумду, Алаксытып сөз менен, Байлабагын колумду, Баштан айак калтырбай, Билип болдум ойуңду. Ачык айтчы жообуңду, Сен айтпасаң мен айттым, Бере турган жообум бул! Деп, Дабытай күркүрөп, Найзасын ыргап кезкерип, Качырып сала бергенде, Камбыл тууган Кененим, Ар иштин жолун так билген, Даңгыл тууган Кененим, Тогуз жаштан бер жака, Тоодой нечен дөө сайып, Азуусун айга бүлөгөн, Ааламды ьузар эр сайып, Күндөй тийген табы бар, Борошодой каары бар, Көргөн адам жалтайган, Ажыдаардай заары бар, Андай нечен эр сайып, Адис болгон Кененим, Бул Дабытай канчалык, Калыбекче жок турат, Байкап көрсө канчалык. Буда карап турбады, Бууданга камчы урганы, Жалындаган от чыккан, Жан алар найза сунганы, Сайдырбастан кагышып, Жана кайта сайышып, Найзанын сабы быркырап, Сыныктары асманга, Учуп жатат чыркырап. Балтанын сырты жарылып, Баатырлар колу дал болуп, Көтөрүлбөй колдору, Бүткөн бойу шал болуп, Кылычтын баары кыйрады, Кылайып жумуш бүткөн жок, Олпоктондор булунуп, Ат башындай булалар, Кармаган жерден жулунуп, Кемер курлар үзүлүп, Кеткен жок аттан түшүрүп, Бирин бири алган жок, Ойлогон ишин бүтүрүп, Жай- жайына жанышты, Аңгычакты кеч кирип, Жесекчилер жер сактап, Кайгуулчу, изчи – баарысы, Милдеттерин алышты, Агарып таңдын атышы, Коросон, испан элдери, Аттанып чыкты болжолу. Дабытай менен Кененим, Кезектешип кирбеди, Жайнап чыккан кыргызга, Туш-тушунан тийди эми. Коросон колу коргонго, Испандын эли тоолорго, Кесилет баштап келгендер, Каптап кирди жол-жолго. Эр Кененим жолборсуң, Коросонду беттеди, Тоодой болгон Саламат, Кесилетти чиктеди, Бактыбайды байкасаң, Эки көзүн айырбай, Ачаканды тиктеди, Кең кула менен Кененим, Капаланып камыгып, Көзүнөн чыккан жалыны, Туулгага жабылып, Коросондун колуна, Аралап кирди чамынып, Чамбыл ала чаң кылып, Кызыл ала кан кылып, Найзаны жерге мылгытып, Кырк-элүүдөн немесин, Катары менен ыргытып, Тобун бузбай сулатып, Кулаган таштай уратып, Олпоктуусун онтотуп, Сооттуусун сойлотуп, Балталуусун башка уруп, Балчыктай кылып жапшырып, Каардуусун какшатып, Кылычтуусун кыйратып, Тамандан чыккан чаңды көр, Чайкалып жаткан канды көр, Томпойуп жаткан эрди көр, Тоңкойуп жаткан атты көр, Азууларын аркайтып, Ат өлүгү ар тоодой, Муруттарын шыйпайтып, Эр өлүгү бир тоодой, Көгөргөн чөптөн калган жок, Баары чамбыл болуптур, Бозоргон топо калган жок, Баары саргыл болуптур, Ой-чуңкурдун баарысы, Уйуган канга толуптур, Коргонго кирген бет алып, Коросондун кошуунун, Беттеп кирген Кененим, Түгөтө жаздап койуптур. Коросондун калганы, Баштап жүргөн Дабытай, Мен-мен деген балбаны, Бүт коросон элдерин Башкарып жүргөн зардалы, Кара жанын калкалап, Тоо тайанып алганы, Кайра тартып кыргызга, Кылчайар жайы калбады. Шер Кененим ошондо, Калгандарды байкады, Коросондун Кесилет, Кылган иши кесирет, Кесилет менен беттешип, Тирүү калыш кыйын кеп, Суусамырда тынч элге, Аралап барып тийерде, Саламат жетти бетме-бет. Алты сапар беттешип, Алышалбай калышкан, Капканга түшкөн карышкыр, Дал ошондой кайышкан, Эр Саламат нетиптир, Эл аралап чуу салган, Козголбой жаткан тынч элге, Коркутуп барып кол салган, Кесилеттин тобуна, Аралап кирип кетиптир. Саламат мыкты эр экен, Санааттуу тууган неме экен, Белсенишкен жумушта, Бели катуу шер экен. Эрендиги кармады, Эл аралап барганы, Беттеп кирген жерине, Бет келип калган бендеге, Бекер өлүм салганы. Түпөктүү найза желеги, Эр Саламат баатырдын, Эми тийди кереги. Каптап калган кошуундун, Канчасын сайып жиберди, Күүлөп найза сунганда, Күүсү менен найзанын. Жыйырма-отуздан кулады, Чапкан чөптөй жыгылып, Аркы-терки сулады. Өмдөгөн менен коросон, Туруштук кыла албады, Он алты миң киши экен, Алты айланып өткөндө, Ат үстүндө эрбейип, Он миңчеси калганы. Муну көрүп Кесилет, Өтө жаман арданды, Жылан менен чайандай, Заарын салып заарданды, Чыдай албай Кесилет, Белги берип кернейден, Элин жыйнап алганы, Ажалым жетсе өлдүм, деп, Азабым болсо көрдүм, деп, Саламаттын алдынан, Кесилет тосо барганы. Айанып калар жери жок, Кесилеттен тартынып, Калар киши ал эмес, Эр Саламат балбаны. Кезенишип көгөрүп, Кесирлер найза өңөрүп, Туулгасын томпойтуп, Төбөсүнө көмөрүп, Кемерлерин курчанып, Кер сары тартып сумсайып, Жутуп ийчүү немедей, Бузулган күндөй кумсарып, Жан алуучу найзаны, Жана кайта колго алып, Мингени тулпар дыркырап, Кузгун учуп жаткандай, Куулгулуп зыркырап, Найзанын күүсү күркүрөп, Учунда жалын от күйүп, Ойулуп кетчүү немедей, Жер силкинип дүркүрөп, Беттешип кирген эки дөө, Болуп жаткан дүңкүлдөк, Айкырышып бакырып, Ач кыйкырык чаңырык, Тулпарлардын туйагы, Топону көккө сапырып, Буларды көргөн адам зат, Акылынан жаңылып, Бактысы кимге жар болот, Кимиси өлүп жоголот, Кими өлүп ким калат, Кимиси жерди жастанат, Жардап карап эл турат, Кыргыз менен коросон, Коркуп эли ошондон, Койгулашып киришти, Кан аралаш сары суу, Агып жатат денеден, Колдоруна түкүрүп, Күн күркүрөп жаткандай, Талаанын бети өкүрүк, Жер чапчыган букадай, Күчөнүшүп өкүрүп, Тополор уйуп тоз түшүп, Топурак учуп боз түшүп, Топого булар көмүлүп, Асман ачык жер бүркөк, Жел чыкканда зыркырап, Асман көпкөк көрүнүп, Кудай бетин нары кыл, Эр Саламат, Кесилет, Эрегишип алышып, Эрикпестен чабышып, Бүчүлүктөр үзүлүп, Жакалары шалбырап, Этектери далбырап, Тил байланып так келбей, Сүйлөй албай балдырап, Тиктеп калып бир бирин, Далайгача жалдырап, Катыкүн уруш кылыптыр, Чыдай албай Кесилет, Жаткан болуп кечинде, Эл уктаган мезгилде, Коросон көздөй жылыптыр, Элин таштап салыптыр, Качып кетип калыптыр, Таң атканда Саламат, Качкандан кабар алыптыр, Былк этерге шай калбай, Жанчылып калган болучу, Өлүмүнөн карабай, Ээрдин кесе тиштенип, Кесилеттин артынан, Саламат жолго салыптыр, Бактыбай кантип атат деп, Кеткен экен Кененим, Муну билбей калыптыр, Испандын ханы Ачакан, Кыргыздан чыккан Бактыбай, Кыргызга колун салдырбай, Кыйын уруш баштаган, Жеткен жерде Бактыбай, Желегин жерге жапырып, Аралап кирсе айылга, Кандай заман болот, деп, Манастап ураан чакырып, Мыктап тийген качырып. Найзасын күүгө улантып Испандыкты Бактыбай, Күн жаагандай күн-түнү, Ойноок жардай кулатып, Беттеп сайып беш-ондон, Улап сайып үч-төрттөн, Томолотуп баратат. Топчу кулак кара кер, Арбытып чуркап алактап, Шай колдогон Бактыбай, Сапырып кетип баратат. Кара курттай кыжырап, Жер жайнаган быжырап, Испандыкты Бактыбай, Өз жанына ээ кылбай, Өпкө боорун жапшыра, Өлтүрө сайып жөнөндү, Муну Ачакан көргөнү. “Өтүп кеткен күндөрдөн, Топчу кулак атыңдан, Томоруп сайып алгамын, Ырас чындап келгенде, Сенден канча балбанмын, Ошол күчүм дагы бар, Эми сайып аламын, Саймак түгүл, Бактыбай, Өзөктөн каның жайамын.” Деп ойлонуп алганы, Алдында минген атына, Айабай камчы салганы, Бактыбай Кошой тукуму, Батасы журтту байыткан, Аны билбей калабы? Сабын бузбай сулатып, Сайып жаткан испанды, Таштап ийип Бактыбай, Кылчайып артын карады. Эки жанын каранып, Ээрди, мурдун жаланып, Бөрү тилдүү өткүр миз, Найзасын колго карманып, Ачаканды көргөндө, Жалгызектин Бактыбай, Кайра жаачу булуттай, Каар жүзүнө айланып, Жаалысы келип жүзүнөн, Ачаканга Бактыбай, Жебеден мурун жеткени, Найзасын булгап алгынча, Көмө койуп өттү эми. Испандын эли чуркурап, Ачакандын үстүнө, Чогулушуп кужурап, Бактыбайды ортого, Камап алды көпчүлүк, Камаарабай Бактыбай, Ого бетер күч кирип. Ителги тоодак тепкендей, Имерип тийди испанга, Ачаканда амал жок, Кыр аркасы кыйраган, Бактыбайга чыкканга. Бактыбайдын кер аты, Ок жыландай сойлоду, Испандыктын ичинде, Кара мурут Бактыбай, Ылачындай ойноду, Найзага утур келгени, Кара жерге киргени. Орто жерин ой кылып, Эки четин коо кылып, Арасын ачып жол кылып, Каскактын учун кан кылып, Испандын башын маң кылып, Желип жүрөт бургутуп, Топчу кулак кер аттын, Топко башын чулгутуп. Күн батышка аз калды, Испандын эли чуру-чуу, Барабанды какканы, Бактыбай чыкты бөлүнүп, Испандыктын көзүнө, Ач жолборстой көрүнүп. Элден чыккан Бактыбай, Кененимге жолгошуп, Эсенби деп көрүшүп, Эсендигин билишип, Жай-жайына барышты. Таң агарып атканда, Кесилеттин качканын, Кабарын укту Кененим, Саламаттын кеткенин, Аны да укту Кененим, Дабытай жана качыптыр, Муну да укту Кененим. Аңгычакты болбоду, Колу калып өзү жок, Ачакандын кеткенин, Аны укту Кененим, Кесилет менен Ачакан, Келтирди элин Кененим: — Коросондун тең эли, Испандыктын бүт эли, Баш кишиң качып кетиптир, Эки күнү - эки түн, Былк этпестен жат, — деди, Менден жооп болгондо, Андан кийин кайт, — деди. Бактыбайды баш кылып, Жергесинде кыргызды, Эл аралап бас, — деди, Жаны ачыган жамандар, Эл аралап барбасын, Элге бүлүк салбасын, Андан кабар ал, — деди. Кеңколдун башы жети төр, Жергелей жаткан элди көр, Аралап кабар алышты, Элибиз жыргап жатат, — деп, Кененимге барышты, Эл аманын билгени, Эр Кененим күлгөнү, Эки күнү – эки түн, Коросон менен испанга, Так төрт жылдай көрүндү, Эми кандай кылар, деп, Көзүнөн жашы төгүлдү, Санаасы санга бөлүндү, Эки күн эки түн өттү, Коросон менен испандык, Ыйлап жатып шолоктоп, Көзүнүн жашын түгөттү. Күн болжолу толгондо, Эли аман болгондо, Эр Кененим ошондо, Бактыбайды бар, деди, — Башчысы жок жесир журт, Эри өлгөн катындай, Бириңе бириң катышпай, Өз элиңе кеткин деп, Аны жолго сал, — деди, Кененимге ошондо, Бактыбайдын бир кеби: — Коросон менен испандык, Коржоңдоп мында келгени, Сүйүн менен Чолпонбай, Ал экөөнү жегени, Атын алып жөө кылып, Тонун алып жалаңач, Өзүн айдап ийели. Бактыбай мындай дегенде, Кененим мундай дегени: — Дабытай менен Ачакан, Алар таштап келбесе, Испан менен коросон, Өздөрү мунда келеби? Коросон менен испанга, Кордук болду буларга, “Касташып барган душманды, Тойгондук кылып кыргыздар, Ат-тонуна катышпай, Айдап жолго салды, деп, Алда кандай жумуш” деп, Аң-таң калсын уккандар. Карапайым букара, Калганда жок эч жазык, Чоңдорунун иши го, Бок дүйнөгө алданып, Атбашыга кеткиниң, Мында турбай сен жанып, Эмне болду Саламат, Кабар алам мен барып. Бейбаштык кылып Саламат, Кеткенин кара акмактын, Кулагы угуп жүрүчү, “Качкан жоону кууба, деп, Кылычты канга жууба” деп, Олуйа Бакай айтканын. Кененим кебин укканда, Анда айтат Бактыбай: — Коросон менен испанды, Колбутуп айдап алайын, Атбашыга барайын, Өзүң менен барайын. Муну угуп Кененим, Бузулуп өңү сурданып: — Кой деген тилди албадың, Болбой бирге барганың, Сүйүн менен Чолпонбай, Жолборсторду жалмадың. Дүйшөмбүдө кырдырдың, Кыргыздын далай балдарын, Пайдасы тийчүү элине, Баш көтөргөн чыйрагын. Өлүп кеткен эл эмес, Өзүң дагы аз калдың, Жол талашып калыпсың, Мен барбаймын сен баргын, Саламат менен Бактыбай, Катарың менен жалмайын, Коросон менен ин испанга, Андан кийин барайын! Деп Кененим заарданды, Кың кылалбай Бактыбай, Коросон менен испанды, Бириңе бириң катышпа, Жолдо жаткан тынч элге, Калба салып атышпа, Өз элиңе кеткин, деп, Айдап жолго салганы, Бүлдүргөчө бир неме, Олжо кылып албады, Бактыбай элин ээрчитип, Атбашыга жанганы. Саламат кандай болду, деп, Эр Кененим жолборстун, Ойунда бар ушул кеп, Кеңкула минип болкойуп, Ээрчитип чыгып алашты, Атасы өткөн Манастын, Арбагына сыйынып, Элин кайта кетирип, Саламатты табам деп, Залкарың эми аттанды. Муну койо туруңуз, Качкан менен куугандын, Кабарынан угуңуз. Түндө качып Кесилет, Дабытайга кез келет, — Качып чыктым, Дабытай, Кененим эмес, Саламат, Сайышына чыдабай, Жаның аман калдыңбы, Кененимдин колунан, Бир адисе таап албай, Кетебизби, Дабытай, Ачакан кандай болду экен, Андан кабар алалбай? Менде алым калган жок, Таласка кайта баргындай, Бармак түгүл Таласка, Кылчаңдап айал кылгындай. Кесилеттен, Дабытай, Келер-кетер кеп угуп, Булар минтип жатканда, Ачакан калды жолугуп, Ачакан айтат мындай кеп: — Хан Дабытай, Кесилет, Кара башым калкалап, Качып чыктым мен болсо, Калгандарды мейли деп, Кыргызга бердик көп элди, Бизге болду кыйын кеп. Алданып каңгай элине, Ааламга шылдың болдук, — деп, Токтообстон шапылдап, Дабытай айтат акыл кеп: — Адатыңча Кененим, Койо берет калганды, Өз элиңе кеткин деп. Токтолбой жолго салалы, Коросон менен испандын, Айрылышар жеринде, Ачамай жолдо туралы. Койо берген биздин эл, Убап -чубап барбайбы, Өткөрүп ийип ар жакка, Чогултуп элди жыйнайлы. Кууп барса Кененим, Кол куушуруп турбайлы, Эси жок уруш кылбайлы, Бир-бирден чыгып жекеге, Көмүскөдө көрүнбөй, Экөөбүз бугуп туралы, Алдын тосуп амалдап, Ошондой уруш кылалы, Кененимдин эбин таап, Көмө сайып жыгалы, Кененим колго тийгенде, Таласты талаан кылалы, Кыргыздын тарпын чыгарып, Талап алып тыналы, Келбей койсо Кененим, Келээр жылы камынып, Таласты карай жылалы, Таштап койсок бул бойдон, Уккандар шылдың кылбайбы. Айтканың ырас, акыл кеп, Жүрүп кетти макул деп, Күн түнү жок жол жүрүп, Ат айабай мол жүрүп, Коросон менен испандын, Айрылышар жерине, Жетип барып жай алды, Жай алып жатсын Дабытай, Дабытайды мааналап, Кесилет менен Ачакан, Жанында жатсын байкуштар. Кетип барат Саламат, Атын айап бир тынбай, Үч баатыр жаткан жерине, Келип калды Саламат, Келе жаткан кишини, Бугуп жаткан адамдар, Көрүп турду тамамат. Саламатты көргөндө, Калтырады Кесилет, Тамтаңдады Ачакан, Ал экөөнөн Дабытай, — Эмне болду силерге, Сасык тумоо тийдиби? Эр Саламат келгенде, Коркконуңдан калтаңдап, Кобалбай бириң тамтаңдап? Саламат уулу турмайлык, Сарыбай өзү келсе да, Мен барамын өзүм, — деп, Ит кезгенге ынак кул, Мен ойойун көзүң, — деп, Саламат менен беттешем, Кеңешим айтып кептешем, Кеңеш кепке кирбесе, Байлап алып кетпесем, Кененимге көрсөтүп, Көрүнөө башын кеспесем, Айтканымды кылбасам, Дабытай болуп мен нетем? Коркконуң карап тургун, — деп, Коржоңдогон Дабытай, Кара бойу мунардай, Колу-буту чынардай, Узун бойлуу кең далы, Эмикинин балбаны, Өтө сулуу кызталак, Меңсиз бети апаппак, Кең көкүрөк, кууш айак, Баатырлык сыны таанылат, Сары кирпик, жалтыр көз, Шыңга бойлуу кагалес, Өтө кыйын чабандес, Жүрөгүндө кара жок, Жазганып калар эр эмес, Минген аты төрт айак, Чаалыгып калар мал эмес, Таамай кырк күн чабышта, Талыгуучу жан эмес, Ат койуп чыга калганда, Алыстан келген Саламат, Ат ойнотуп баратат, Тосо чыккан Дабытай, Токтоло калып муну айтат: — Сен Саламат эрсиңби? Мени менен теңсиңби? Айтканда кепти билбеген, Ала көөдөн жерсиңби? Эрдигиң чын, күчүң бар, Кул болгонуң ыраспы? Атаңдын кунун кууп албай, Ушуну менен эки айттым, Намыс кылып туралбай, Алооке, Дөөхан барында, Маңгыттын элин башкарып, Чоң атаң жүргөн катарда, Бадыкөлдү сойлотту, Кыргыздын жинди Манасы, Сенин атаң Мадыкөл, Атанын кунун талашты, Мадыкөлдү сойлотту, Канкор Манас баласы. Эки сапар элиңди. Кыргыз буруп таратты, Маңгыт, бараң, шаңкайды, Жүржүт, жуда, калчаны, Башканын көзүн каратты, Өзүңдүн атаң Сарыбай, Опсуз намыс талашты, Таласка келип салышып, Кыргыздын элин жадатты. Кайыптын кызы Куйалы, Айчүрөккө алдатты, Кыздан чыккан шер экен, Сарыбайды кууратты. Сен бой тартып өскөндө, Айчүрөк баккан Жезбилек, Сени алдады кызым, деп, Менден уксаң ушул кеп. Күн батыш барды Семетей Ээрчип бардың элебей, Дөөлөр менен кармашып, Үч жыл жаттың ченебей. Ат жалын тартып мингели, Кененим жүрөт, саламат, Бучкагына теңебей, Жалганы жок чынды айтам, Жашырбай ички сырды айтам, Жети дөөнү Кененим, Бүткүл баарын жеңгенде, Сага соога кылган жок, Найза эмес темене, Качан алды теңине? Ойлоп көрчү дегеле, Сен жүрөсүң далбаңдап, Кененим деп жөн эле. Кыйа карап мойун бур, Билинип калат бирдемде, Булкунуп көрчү тик айтып, Башыңды алам тим эле. Адам болбой жерге кир, Саламат болбой көргө кир, Сенин ушул ишиңе, Менин көөнүм болот кир! Сен билбейсиң, Саламат, Элдин баары айыңдап, Сага калды жаман ат. Бүт дүйнөнүн элинде, Мойнуңда бар бир наалат. Бадыкөл менен Мадыкөл, Эр Сарыбай кутургур, Тукумсуз өтөр эр беле, Сарыбай эмес Саламат, Атаң сенин ким эле? Башка болсо чын атаң, Жашырбай айтчы! — деди эле. Сарыбай эмес Саламат, Башка атаң бар беле? Жандама атаң бар болсо, Жашырбай айтчы дегеле! Сен төрүнөн бүтсөң төшөктүн, Сарыбайды эске алсам, Жалындап күйөт өзөгүм, Өзүң айтчы, Саламат, Атаң эмес Сарыбай, Башкада болсо күмөнүң! Чын болсо атаң Сарыбай, Эмне кылып жүрөсүң?! Деп Дабытай айтканда, Карап калып делейип, Муздагандай селейип, Сакалдары бириндеп, Муруттары тиктейип, Атам эмес Сарыбай, Башка болчу дей албай, Кара жанга күч келип, Белге чапкан жыландай, Ичке ийрилип бүктөлүп, Төбө чачы үксөйүп, Бетинен чыгып сары түк, Кирпидей болуп түктөйүп: “Атым болсо Саламат, Атамды эске албастан, Кызмат кылып кыргызга, Болуптурмун жаман ат. Дабытайга мен бүгүн, Өч алышып бергин деп, Ээрчип чапсам кандай кеп? Дабытай менен Ачакан, Кесилетти кошо алып, Катар баарын кууратып, Таласка мындан барбастан, Элимден жыйнап кол алып, Койгулашсам кандай?” деп, Акыл ойлоп алайып, Аңырайып далайып, Кара бойун жыйнабай, Карап калды шалайып, Кошулмак болду мага деп, Дабытай турат данайып. Аңгычакты болбоду, Коросон испан элдери, Тирүү калган немеси, Колбуй баары келгени, Баштыгына кеп салып: — Кененим бизди кет, деди, Камчы сапча бир неме, Кыргыздын эли албады, Сиздер качып кеткенде, Тургузбай бизди айдады. Кет дегенче Кененим, Баарыбызды кырат деп, Өлтүрбөсө кыргыздар, Үй башына бөлөт, деп, Дене кул кылып алат, деп, Ойубузда бул эле. Кененим бизге келбеди, Бактыбай келип кет, деди, Бөлүнүшөр жерине, Чогулушуп бар, деди, Бириңе бириң катышпай, Бөлүнүп жолго сал, деди. Ошондон бери карата, Бөлүнбөстөн келгенбиз. Жол ачамай кетерде, Силерди эми көргөнбүз. Түн ичинде кыргыздар, Кубалап келип кырат, деп, Билмексен болуп Кененим, Үйүндө жатып калат, деп, Кырбаса алып ат-тонду, Айдап жолго салат, деп, Таластан бери чыкканда, Эсибиздин чыкканы. Чырым уйку албадык, Чыканак жерге салбадык, Ооздугун чыгарып, Аттан түшпөй чалдырдык, Ошентип келе жатканбыз. Аркадан киши келген жок, Кенедей карды ачпаган, Кең пейил кыргыз эл экен, Жыргатып элин ойнотуп, Жалгыз жүрүп Кененим, Жоосун сайып онтотуп, Бендеден белдүү эр экен. Ээктери эбиреп, Жаактары жабырап, Кеп салышып бабырап, Коросон,испан элдери, Кол куушуруп ханына, Колбуп келип турду эми. Сарыбайдын Саламат, Кандай жооп берет, деп, Дабытай турат сагалап, Саламаттын санаасы, Сапырылып аркайда, Көөнү калды кыргыздан, Атасын эске алганда. “Коросон менен испанга, Киринди болуп жүрбөйүн, Бир башына келгенди, Качпай туруп көрөйүн, Манабы турган үчөөнү, Катар сайып жөнөйүн. Сайып аттан түшүрүп, Жан соогалап айтканда, Алдыма салып айдайын, Таласка анан барайын, Үч атамдын каны үчүн, Кененим менен Бактыбай - Экөөнүн башын аламын. Сарыбайдын каны үчүн, Күмбөзү менен коргонун, Ак калпак кыргыз дедирген, Ордосун чагып салайын, Өткөндөн бери угушта, Өмүрү өткөн эл экен, Кыргыз деген урушта, Кырып муну түгөнгүс, Мурункулар айткан кеп, Кыргыз деген бир атак, Ушул кептен калган деп. Түгөнбөй келген кыргызды, Кырып жатып түгөткүс, Түгөтөйүн такыр жеп, Коросон менен испанды, Коркутуп туруп колго алсам, Андан кийин каңгайга, Кат жазып киши жумшасам, Күн батышта жети дөө, Ат көтөрбөй жүргөн жөө, Кененим баарын сойуптур, Жети дөөнү сойгондо, Жалаңгыч атка конуптур. Баласы бардыр бирөөнүн, Ага-тууган, эл журту, Эли бардыр дөөлөрдүн, Менден кабар болгондо, Келбегенин көрөйүн, Кежирлик кылган ким болсо, Кекиликтей мойнунан, Кесип башын алайын. Бейжинге Манас барганда, Элүү төрт илек эл экен, Алтымыш илек эл менен, Таласка мен бир барайын, Баткан менен Бейжинге, Таласка киши батабы. Талкаланып таштары, Шамалга учсун кум болуп, Баш көтөрбөй жоголсун, Баары кыргыз кул болуп” Ойу менен Саламат, Таласты болду жоготуп, Кыргызды алды колотуп, Эр сайыштан эгешип, Найзанын курчун мокотуп. Санаасы менен шаар алып, Залкар кыргыз элди алып, Дабытайга тиктенди, Коросонго бет алып: — Испан менен коросон, Кол куушуруп аттан түш! Мен Саламат болгон соң, Сен эмес кыргыз кутулуп, Кетер жериң калган жок. Байатадан мен туруп, Акыл ойлоп курадым, Коросон испан сен тургай, Батыш менен чыгыштын, Баарын койбой сурадым. Кененим келип калабы, Жалаңгычты келтирбей, Таласты талап алалы. Коросон менен испандык, Буйругумду уккула, Бурулбастан баскыла, Кеч кирген жерде жаткыла, Жан казанды аскыла. Кыргызга карайт барлык жер, Бээ семизин жыккыла. Буйругумча болбосоң, Дабытай менен Ачакан, Башыңды жулуп аламын, Коросон испан элиңди, Түп көтөрө чабамын, Түйшүктү катуу саламын, Соогага берип мал-пулуң, Ар кайдан кошуун табамын, Алтымыш илеп кол менен, Мен Таласка барамын! Деп күүлөнүп атканда, Анда айтат Дабытай: — Сарыбайдын Саламат, Оозуңа келген кеп айтып, Бокту жедиң айабай! Кол куушуруп топоңдоп, Кошо барчу ким экен? Ээрчитип алчу сен бекен? Ээрчип алчу мен бекем, Эки айактуу бендеде, Ким экен сендей жөөлүгөн? Атаңдын тайнын табалбай, Айтып берсем атаңды, Күркүрөйсүң маа кандай? Мындан мурун атаңдын, Кунун неге куубадың, Мыкты болсоң сен андай! Дабытайдын кебине, Таакаты кетип, так чарчап, Тамылжыган Саламат, Ойлогон ойдон кайтпады, Ойун ачык айтпады. Эрлигимди көрсүн, деп, Эси чыгып жүрсүн, деп: — Ачакан менен Дабытай, Эсебиңди табамын, Көк чаар кылып чубалтып, Ичегиңди чыгарып, Ичиңди жара сайамын! Талатып берип пулуңду, Таркатып берип кулуңду, Чыгыш менен батыштан, Кишилерден табамын! Найзасын алып тап берип. Дабытайга беттеди, Саламатка карата, Дабытайдын кептери: — Ойлойсуңбу, Саламат, Оодарылма дүйнөнү, Ойлойсуңбу, Саламат, Кененим келип каларды? Ачык айтып кебиңди, Болбойсуңбу, Саламат? Өңү сары, ичи заар, Келип калса Кененим, Кайсы кептен дээрсиң? Айткан кепке болбодуң. Деп ошентип айтканда, Саламат жооп айтты анда: — Дабытай менен Ачакан, Кесилет менен баарыңды, Катарың менен сойомун! Кененимге керт башым, Жалгыз өзүм боломун, Кененимди жеңишти, Байа эле ойлоп койгомун! Деп Саламат оолугуп, Алдында минген атына, Айабай камчы бир уруп, Күркүрөтүп найзасын, Күүсү кулак тундуруп, Дабытайды качырды, Жазганабы Дабытай, Бу да кирди туралай. Дабытай менен Саламат, Эмнени булар талашат? Сайышса да, чабышса, Бул экөөнө жарашат. Найзаларын кагышып, Кайта айланып сайышып, Жакалаша кеткенде, Аттары баспай тайышып, Сарбайдын Саламат, Мындай нечен эр сайган, Болгон эмес жаман ат. Кыйамына келтирип, Кыр аркага сайганда, Карчыганын балык эт, Саламаттын найзасы, Кирип кетти аралап, Дабытайдын аркасын, Талкалады жаралап. Аңгычакты Ачакан, Саламатты качырды, Дабытайдын элдери, Алып барып жаткырды. Эки имерип сайдырбай, Ачаканды Саламат, Сайып өттү сулатып, Тулпарынан кулатып, Кайра айланып сайдырбай, Кесилет кетти чуратып. Кесилетти көргөндө, Саламат деген менмин, деп, Сайышалбай Таласта, Качкан киши сенсиң, деп, Заарын салды Саламат, Кесилетти камгактай, Сайып өттү Саламат: — Ачакан менен Кесилет, Мен Саламат билгин, — деп, Армансыз болдуң сайыштан, Эрдигимди көрдүң, — деп, Кол куушуруп алдымда, Жүрөр болсоң аныңды айт, Эбин тапсаң жалтайып, Калар болсоң дагы айт. Кебиңерди угайын, Дабытайга кебим бар, Андан кийин кыламын! Коркуп калган байкуштар, Кайдан кылды кабызды, Кол куушуруп турушту. Жаны ачыган Саламат, Дабытайды келсин, деп, Ошол жерге алышы, Чогултуп алып барысын, Кебин мындай салышы: — Дабытай менен Ачакан, Сен турасың Кесилет. Кеңешимди мен айтам, Барасыңбы Таласка, Башыңды тартпай мен менен, Кызмат кылып кыргызга, Жүрүптүрмүн билбестен. Дабытай, айттың далай кеп, Мен ойлосом кыйын кеп, Эми калдым ойумда, Атамдын кегин кыргыздан, Бүгүндөн баштап алсам деп, Канат ачпай, баш тартпай, Так Таласка барсам деп.. Анда айтат Ачакан: — Баралы десең Саламат, Башымды катпай мен барам, Кыргыздан чыктың бөлүнүп, Ушул болду табылгам. Быйыл бойду сергитип, Аттарды жакшы семиртип, Соот менен олпоктун, Топчулугун бекитип, Найзаны ташка түйрөйтүп, Кылычты чаркка эгетип, Балтаны ууга сугарып, Найзанын учун жаңылап, Бөрү тили чыгартып, Жаңылап элден кол алып, Анан барсак кантет, Күчтү күчкө улантып? Дабытай турду муну айтып: — Сен Саламат баатырсың, Тил албаган жакырсың, Сага айтпай мен кепти, Сенден качан жашырдым? Кыр аркамды кыйратып, Менин шорум катырдың, Ачаканды кулаттың, Кесилетти сулаттың, Баралы деп Таласка, Эми айтып турасың, Кененимдин колунан, Кетелекпиз кутулуп. Омурткам ооруп зыркырап, Сайышка чыгар чагым жок, Картайып калган жаш өтүп, Ачакандын шайы жок, Бүткөн бойу сары суу, Мына турат Кесилет, Мурункудай алы жок. Саламат өзүң турасың, Жалгыз сен кандай кыласың, Акылыңды билдиргин, Биригип кеңеш кылалы, Ашыгын алып азайтып, Кыскасын улап узартып, Орток кеңеш кылалы. Деп Дабытай айтканда, Каны тартып саламат: — Дабытай менен Ачакан, Кесилет болуп баарыңар, Жериңерге жеттиңер, Элиңерге кеттиңер, Бириң кары шайың жок. Бириң жара бүтүн жок, Жалгыз өзүм турамын, Баарыңды такыр кырамын, Кылгылыкты кыламын Кымызга сууну куйамын, Ошондой кылып тынамын! Башыңарды кесемин, Байланып алып кетемин, Кененимге беремин, Максатыма жетемин, Найзага башың илемин! Бир тынбастан жүрөмүн, Таластакы кыргызга, Тартынбастан жетемин, Кыргызга башың беремин, Билбемиш болуп жүрөмүн, Кыйамына келтирип, Кененим көзүн тешемин. Анда айтат Дабытай: — Сарыбайдын Саламат, Бул айтканың жакшы эмес, Баарыңар байкап уккула, Мен айтамын кеңеш-кеп. Ачакан менен Дабытай, Биз калмакка кошулуп, Кара кыргыз элинен, Каныбыз акты жошулуп, Биз үчөөбүз биригип, Ушул жерде олтуруп. Ортого тузду койолу, Жаалашалы кол салып, Кимибиз качкан күн болсо, Каткан туздай бололу, Сууга басып баралы, Суу жутушуп алалы, Ушул кепти ким бузса, Суудай кургап калалы, Бадананы токтотуп, Сөз байлашып жаналык, Билмексен болуп Саламат, Кыргызга барып аралап, Үйүңө барып камың кыл, Биздер камды кылалы, Келер жылы он айда, Дабытай менен Ачакан, Бул жерге тайар туралы, Беш күн туруш болжолу, Өтүп кетсе беш күндөн, Таласка карай жылалы, Кыргызды түптүз кылалы, Чыгыштагы каңгайга, Батыштакы дөөлөргө- Баарына кабар салалы. Жердин бетин чаң кылып, Караганды таң кылып, Калың элге каң кылып, Кыргыздын башын маң кылып, Каскактын учун кан кылып, Сапыралы кыргызды, Аралап кирип алашты, Талкалайлы күмбөзүн, Атагы чыккан Манасты, Астын-үстүн кылалы, Манастын жери Таласты, Талас атын жойолу, Калмак жердеп турганда, Көтөлөк деген жер экен, Өзүнүн атын койолу. Муң кылалы чалдарын, Кулданалы уланын, Күң кылалы жубанын, Олжолойлу кыздарын, Жер бетинен түгөтүп, Кыргыздын нарк нускасын, Деп айтканда Дабытай, Саламат айтат мамындай: — Андай болсо, хандарым, Акыл десең калганын, Эки күнү туралы, Кененим келип калабы, Келип калса Бадырек, Бирден-бирден беттешип, Амал кылып көрөлү, Ал амалга болбосо, Жайыла качып жөнөйлү, Качыштын дагы эби бар, Ал кан ичме кыргызга, Акылдын шегин алдырбай, Менден кылбайт арамдык, Силерге келет карарып, Катышпайбыз сага, деп, Анан кетип калалы, Коркуттум деп баарысын, Бачагар жатып калганда, Алдындакы кеңешти, Унутушпай жыйылып, Үйөр селдей жылышып, Анан жетип баралы. Кеңеш кепте ушулар, Эми Кененимден кабар алалы. Таласта жатып алалбай, “Эмне болду Саламат, Кандай жатып аламын, Андан кабар мен албай, Саламат кууп кетпесе, Барбайт элем кубалап, Дабытай менен Кесилет, Ачакан үчөөн кииш деп” Кең кула минип болкойуп, Опол тоодой зоңкойуп, Түштүктү көздөй бет алып, Испанды карап жол тартып, Аттын башын оң тартып, Оолугуп жөнөп калганы, Далай күнү жол жүрүп, Коросон менен испанга, Ажырашар жерине, Баатыр шер жетип барганы. Кененим келер күнүндө, Мурунку күнү күүгүмдө, Ажырашып баарысы, Үч тарапка бет алып, Булар жөнөп калышты, Алыстан келген Кененим, Испандын жолун жакалап, Тууралап жөнөп алыптыр, Келаткан утур алдынан, Саламат чыгып калыптыр, Кененимди көргөндө, Салам айтып салпыйып, Бошоң тартып шалпыйып, Учурашып калыптыр. — Амансыңбы Саламат? Дабытайдын артынан, Жөнөп кеттиң кубалап, Бакай айткан канча кеп, “Качкан жоону кууба” деп, Угуп жүрүп кулагың, Унутуп калыш кайсы кеп? Дабытай менен Кесилет, Ачакандын бири жок, Атынын изи көп экен. Ушул жерде жатыптыр, Бизден качкан калың топ, Эндегей минтип жүрүшүн, Укмушу бар бир ишиң, Колу кайда коросон? Өзү кайда Ачакан? Жер түбүнө кирсе да, Бурулбастан мен барып, Асманга учуп кайкалап, Таманыңан тартпасам, Жерге кирсе темселеп, Көкүлүнөн тартпасам, Кененим атым курусун, Жакшы эмес, Саламат, Сенин мындай турушуң, Чаар толуптур көзүңө, Каар толуптур жүзүңө, Жакшы-жаман иш болсо, Жашырбай айткын өзүмө, Аркаңда сенин бир элес, Жамандыктын белгиси, Көрүнүп турат көзүмө. Же кууган жоону таппасаң, Же жүрө бербей сандалап, Таласты карай кайтпасаң, Арамдыгың болбосо, Жетет элең качканга, Же барат элең Таласка. Деп Кененим айтканда, Акыр заман башына, Эми түштү Саламат: — Сен кайнага, мен күйөө, Кесип алгын башымды, Күмөн кылбай бул көрө. Жолдо атым чаалыкты Кирпигим катып талыкты, Ат чалдырып алам деп, Чыканак жерге салам деп, Билалбаймын санатын, Бир далай уктап калыпмын. Уйку канып ат чалып, Жолго түштүм аттанып, Бул жерге келсем бир күнү, Кошуун жаткан жер экен, Ким экенин билбедим, Ат изин чалып жүргөмүн, Ушул жолду бет алып, Бастырып жолго киргеним, Жаадыма түштү баратсам, Бакайдан уккан кептерим, Эсиме түшкөн кезимде, Келе жаткан кезегим. Деп Саламат айтканда, Кененим айтат мындай кеп: — Сен Саламат, мен Кенен, Арамдыгың ашкере, Чыгып турат кебиңден, Коросон менен испандын, Койо берген кошууну, Сага кайдан жолукту? Камындырбай Саламат: — Ат чалдырып уйку уктап, Мен жаткан жер бир кокту, Мен көрбөдүм кошуунду. Ошондо өтүп кеткенби, Жүрүгүнүң, Кененим, Таласка кайта кетели, Деп Саламат бурулду. Анда айтат Кененим: — Ой, Саламат, туратур, Мен айтканды уга тур, Коросон менен испанды, Артынан кууп баралы, Мындан кетип калганда, Бекер жатып алабы, Батыш менен чыгышка – Баарына кабар салбайбы, Каңгайдан кошуун кол курап, Күн батыштан кол сурап, Дабытай менен Ачакан, Аз болгондо алты илек, Көп болгондо алтымыш, Илекке санын толтуруп, Таласка барат томсоруп, Алтымыш илек кол болсо, Анда-мында олтурган, Көчмөн кыргыз эл болсо, Аз болбосо мол болсо, Андай сонун иш болсо, Уугуңду шиш кылат, Унуткусуз иш кылат, Мурдуңду тилип туз куйат, Мурутуңду жулбайбы, Өз билгенин кылбайбы, Кымызга сууну куйбайбу, Кызыңды катын кылбайбы, Кызыл ээк чалыңды, Кызыл муштум балаңды, Бирин койбой кырбайбы, Жүр, Саламат, жүргүнүң, Испанды кууп жетели, Кыргызга тийбей жүрүшкө, Ачакандын тилинен, Тилкат алып кетели, Коржоңдосо тил албай, Кулжуңдаша кетели, Оттогон койон ээктенип, Мулжуңдаша кетели, Батышпаган уруудай, Жулжуңдаша кетели. Ачакандан ажырап, Дабытайга баралы, Андан кабар алалы, Арамдык ойдо бар болсо, Айабай найза сайалы, Адыраңдап желденсе, Амалын анын табалы, Тагдырдан буйрук болгончо, Таласка барып жаталы, Узап кетет алыстап, Бачымыраак басалы. Кененимден кеп угуп, Барбаймын деп айталбай, Бастырган бойдон кеталбай, Кайра тартты Саламат. Саламатты карасаң, Санаасы санга бөлүнүп, Замана жакын көрүнүп: “Ачаканга барарбыз, Андан кепти угарбыз, Ачакан айтат жашырбай, Анда кандай кылармын? Качкан жоонун артынан, Келгеним менен бир кызык, Арамдык турат сенде, деп, Кененим айткан кеп кызык, Кыргыздын тузу урабы, Кылгалы турам бир кызык, Кыйалымды мен бузуп, Кызын алдым кыргыздын, Кызыгын көрдүм бул журттун, Кызматын кылдым канча жыл, Кылганын билбей калыпмын, Айтканын көрчү канкордун. Беттешейин белсенип, Мен- менсиген немеге, Качан да болсо бет келем, Мен качпаймын дегеле, Темтеңдебей бул жерде, Көрсөтөйүн күчүмдү, Элдер көрсүн кең жерде. Көрүнгөндү Ачакан, Алдымда жүрөт эрдемсип, Артынан найза салайын, Аңтара сайып алайын, Менден качкан Кененим, Эми жетип сайдым деп, Мактанып элге барайын, Батыш менен чыгыштан, Далай эрдин каны бар, Баарынын өчүн алайын,” Деп ойлонуп Саламат, Баражатып өзүнчө, Санаасы менен эр алды, Кененимди аңтарып, Ак калпак кыргыз элди алды, Айтылуу Талас жерди алды. “Сайалбай калсам кокустан, Ойронумду чыгарып, Оморобу белимди, Олойто тартып ачарбы, Ойумдакы кебимди? Жүр деди бирге барайын, Кезеги келсе тайманбай, Башын кесип алайын. Кезегине келбесе, Ачакан менен Дабытай, Кесилетке кошулуп, Бир айласын табайын, Коңурукту кош тартып, Катуу уктаса бир жүрөм, Айанып кантип калайын. Дегеле айла болбосо, Дабытай менен Кесилет, Ачакан өлүп сойлосо, Үйгө алып барайын, Жамбашына мык салып, Тамагына уу жайып, Тындырармын санаамды. Кененим көзү өткөн соң, Өзүм билем калганды” Арганын баарын саламат, Акылына жат кылып, Арамдык бүгүн ичине, Ат койгон бойдон жөнөдү. Бастырганда Кененим, “Алды эмне болду, — деп, Кетели деген Саламат, Кетпес болду неге? — деп, Келберсип көкжал баратат, Бастыра түшүп Саламат, Кылчаңдап артын каранат. Байкаса кабак түйүлөт, Бузук пейли билинет, Билсе дагы Кененим, Билмексен болду жөн эле, Көрсө дагы Кененим, Көрмөксөн болуп алды эле. Баражатып Саламат, Баспай турду токтолуп: — Ачакан кетип калганбы?, Испанына барганбы, Эп келсе, баатыр сөзүбүз, Барып калса келер жыл, Олжосун толук алалы, Шаарына барып алганда, Жекелешкен Ачакан, Аттан түшүп калганда, Кол куушуруп калган эл, Жан соогалап турганда, Пейлиңиз сиздин кең эле, Бейлебеген дегеле, Күнөөсүн кечип ийерсиз, Томсоруп куру кеткенде, Анда кандай кылабыз? Деп Саламат айтканда, Карап адам баккысыз, Кененимдин түрүнө, Кеп айтты эми түрүлө: — Сенин атың Сарыбай, Азыраак маңгыт эл эле, Тирүү олуя Семетей, Сага берди жезбилек, Жезбилекти бергенде, Конушуң берди белгилеп. Тарса, жөөт, сакалат, Калчаны кошуп аралаш, Чүржүт менен жуданы, Сага берди буларды. Испандан олжо албасаң, Ошолор аздык кыларбы? Бузулгандан олжо деп, Бүлдүргү алба, Саламат, Өтө берет көр дүйнө, Көөдөндө жаның турса сак. Атак эмес кишиге, Элди талап мал тапмак, Эл талап малын алганча, Эгин эгип, кетмен чап, Билегиң түрүп тер төгүп, Аппак сүттө жаның бак, Элге азап салдырбай, Ылайык келет биз бармак. Хандар айдап жөнөсө, Кайран эл кандай кыйналат. Бастыргының, болгун! — деп, Сламатты шаштырып, Айтар кебин табалбай, Саламат кетти бастырып. Ат чалдырып албады, Айал кылып турбады, Азык ичип баспады, Аз кынтайып жатпады. Чырым уйку албады, Чыканак жерге салбады, Ат чаалыкпай чыйралып, Эр талыкпай сурданып, Эрикпестен жол алып Ачакандын артынан, Эр Кененим, Саламат, Эми жете барышты, Кененим менен Саламат, Көздөн чыгып кетели, Ачакандын ойуна, Көргөндө кетти далай кеп: “Кененимди келатса, Келтирбей алып кетпестен, Неге келди Саламат? Кененимди көргөндө, Айтканынан танганбы? Атасынын көрү деп, Алдыраш келип калганбы? Же болбоос Саламат, Акыр- чикир бар ишти, Кененимге айтканбы? Анык угуп Кененим, Көбөйбөгөн аз жакта, Коросон менен испандык, Бүгүн менден пас жакта, Колботуп кошуун кура элек, Батыш менен чыгыштын - Баарына кабар кыла элек, Кур семирген буларды, Кууратайын аны деп, Антип келип калганбы? Бар ишти айтып Саламат, Коросон менен испанды, Мага бергин, баатыр, Кененимден алганбы? Дабытай менен Ачакан, Башыңарды жедирип, Коросон менен испанга, Ээ боломун өзүм, деп, Кененимге кошулуп, Саламат кайра жанганбы?” Ушаланган шум дүйнө, Ачакандын ойуна, Кирип чыкты чанданы. Кайра качар чагы жок, Дабытай менен Кесилет, Колдошору дагы жок, Ар канча болсо Саламат, Айтпагандыр бизди, деп, Айактан болуп көөнү ток, Байрагын булгап бакырып, Бар жолдошун чакырып, “Качырып барып тийгиле, Ак-карасын көңүлүн, Саламаттан билейин” Деп сапырылтып тозоңун, Желегин жерге жапырып, Катуу кирди каарданып, Бар кайратын бойго алып, Бөйөн менен чайандай, Уусун чачып заарданып. Ачаканды көргөндө, Саламат атын бурганы, Айал кылып турбады, Манастап ураан чакырып, Барып тийди будага. Найзаларын кагышты, Каңкылдатып чабышты. Кеч кирип калган кез эле, Күн батып кайра жанышты, Саламатка Кененим, Мана мундай айтышы: — Алдында бардың, Саламат, Ачакан сырын алгансың, Бар амалын чамалап. Ачык билет жер сырын, Ким билет ички чын сырын, Биз жатпайлы мааналап, Тегеректеп туш-туштан, Тоспосун бизди камалап, Ачаканга алдырсак, Бизге калат жаман ат, Аралап кирип кол салба, Чогуусуна жол салба, Качпасын чубап бир жакка, Сен Саламат жол кара. Мен жатпаймын дегеле, Түн бойунча чыгамын, Испан жаккы чоң белге. Белден дүрбү саламын, Жерин чендеп аламын, Азы-көбү испандын, Элин чендеп аламын, Күндүн мурду тийерде, Кайта келе калармын. Айтып койуп Кененим, Кеңкула менен бастырып, Чыга калса жылгадан, Жаткан экен кужулдап, Испандыкка Ачакан, Күүлөп жерди каздырып. Кененимди көргөндө, Саламат деп Ачакан, Жолугушту баатырга, Жолун тосо бастырып, Кененимге бет келди, Караңгыда тааныбай, Бул саламат деп келди, Айра таанып Кененди, Кабылан сындуу беренди, Шек алдырбай баатырга, Качырып найза салалбай, Кайра качты жалт берип, Чактап билген Кененим, Ачакандын абалын, Чылбырынан кармады, Кеңкула менен тап берип. — Испандын ханы Ачакан, Качкан менен кутулуп, Кеткен барбы ажалдан, Таласка бардың тамтайып, Караңгыда уйалбай, Кайта качтың салпайып. Кайда бара жаткансың, Хан башың менен калдайып, Кошуунуң бар, колуң бар, Ар иш кылсаң жолуң бар, Өзүм менен эки жан, Өзүбүз барар эби бар. Кененимге Ачакан, Кептен тайып калганда, Ачакандын кеби экен: — Айтканың чын, Кененим, Муну өтүрүк дебейим, Таластан качтым талаалап, Кууп келди Саламат, Арабыздан сабаалап. Дабытай айтты канча кеп, Саламатты табалап: “Үч атаңды кыргыздар, Канын чачты агызып, Элин бузду чачылтып, Бакма кызга алданып, Сен жүрөсүң маминтип.” Аа Саламат болбоду, Беттешип чыктык жекеге, Баарыбызды койбоду. Багындырып биздерди, Күн чыгыш менен батышты, Чакырмак болдук бүт элди, Алтымыш илек кол менен, Алты жүз балбан зор менен, Ат көтөргүс чоң менен, Алмак элек силерди. Дабытай болгон жарадар, Кесилет болгон санаадар, Карып калган экенмин, Менде канча алым бар? Келер жылы бул күндө, Чогулмакбыз бул жерге, Аңгычакты Саламат, Кыйамына келтирсе, Тапмак эле жайыңды, Кылымдын баарын кыдыртпай, Токтотмок эле баарыны, Сен учурап бул жерге, Келипсиңер биздерге, Күндүзгү болгон урушта, Келмек эле Саламат, Болжошуп койгон кеп эле, Тар жылганын оозуна, Ор каздыргын деди эле, Кандек казып жатабыз, Саламаттын кеби эле, Караңгыда калдайып, Ушул жерге келишим, Мына ушундай кеп эле. Ишенбесең, Кененим, Жалган- жазык дебеймин, Эртең чыгат жекеге, Ошондо билгин кекерин. Шамга жакын болгунча, Салышып мага кагышат, Күүгүм кирген бүрүлдө, Так өзүңө жармашат. Кененимдин кеби эми: — Хан башыңда, Ачакан, Жалган айтсаң, чын айтсаң, Бүгүн койо беремин, Эртең өзүм билемин, Саламатты кара деп, Булайтканың кандай кеп, Аталары өлгөнүн, Билбептирби эмгиче? Кимиң кабар кылмаксың, Чыгыш менен батышка, Жайнап жаткан көп элге, Эртеңки күнү жекеге, Сен чыгасың чекеге, Өзүм барсам кантесиң, Саламат барбай ал жерге? Өзүңдү салам, Ачакан, Өзүң казган кандекке, Пейлиңердин карасы, Качан болсо ашкере. Таласты алам дегениң, Жарабаган бир кебиң. Айкөл Манас баатырдын, Күмбөзү турса заңкайып, Коргону турса даңкайып, Бакай менен Манастын, Бактары турса карарып, Азуусун айга бүлөгөн, Ак калпак кыргыз эл турса, Бай чечекей башында, Бадырайып калдайып. Деп айтканда баатыр шер, Ачакан айтат алдырап, Кайсы экенин биле албай, Акыл качып шалырап: — Сурадың, баатыр, кулак сал, Баарыбызды башкарган, Саламат болгон биздин хан. Батыш менен чыгышка, Саламат кабар бермекчи, Батышта жаткан дөлөрдөн, Жети дөөнүн элине, Айтумуштун жерине, Күн чыгышта кытайга, Анжу менен манжуга, Муңгул менен киданга, Шибе менен солонго, Кабар берчү элдердин, Аттары, баатыр, ошончо, Эртең менен болгондо, Калганын байка ошондо, Анык белги болот го. — Андай болсо, Ачакан, Кененимге айттым деп, Саламатка айтпагын, Абийиримди ачат деп, Жер кучактап жатпагын, Жакшы-жаман иштерин, Өз билгимче байкайын, Ушу деп менин дегеним, Кайра тартты Кененим. Аңгыча сүрүп таң атты, Тоо бөксөлөп күн чалды, Испандыктын аскери, Түп көтөрө аттанды Байракты көрүп Саламат, Атка минип басканы, Кой, Саламат, барба, — деп, Кененимдин айтканы, - Канча күндөн бер жакка, Карчалыштың кармашып, Коросон менен испандык, Койгон окшойт чарчатып. Өткөн күнү өкчөштүк, Жан айабай салышып, Ошол күндү өткөздүң, Ойноп чүкө карчаштың, Каруулашып кармаштың, Мен барайын алдында, Тилимди алсаң барбагын. Саламат ага болбоду, Найзасын күүлөп имерип, Сапырылтып топону, Салган бойдон чу койду. Испандан келген Ачакан, Саламат менен бет келди, Ачакан сайды айанбай, Саламат сайды айарлай. — Ой, Саламат, Саламат, Турасың азыр эсен- сак, Айткан сөзүң канаке, Кененимди аздырып, Келмек элең тар жерге, Таң аткынча жол тостум, Келбей койдуң ал жерге. Айлабыз эми не болот, Амалын тапкын! — деди эле. Саламат айтат мамындай: — Эки имерип сайышып, Качып бергин калдаңдап, Мен кууп калам далдаңдап. Кененим айтат койгун, деп, Мен кетемин болду, деп. Бүгүн жаткан жеринде, Сага келем, Ачакан, Кененимдин башын жеп, Айтканындай Ачакан, Качып калды калдайып, Аркасынан Саламат, Кууп кирди далбайып, Кууба дебей Кененим, Карап турду калкайып. Жетмексен болуп Саламат, Кайра тарта албады, Качырып найза салбады. Кеңкула менен аргытып, Кененим жетип барганы, Ажалым жеткен экен, деп, Ачакан шашып калганы. Ачуу басып Саламат, Ажалы мунун айдады: — Сен алдынан, Ачакан, Мен артынан салам! — деп, Айкырып айтып калганы. — Апкаарып калдым, Саламат, Алдынан чыга албаймын, Аркасы кең, алды тар, Анык арстан Кененим, Бар сырымды айтайын. Ачакандан кеп угуп, Сыр айтамын деп угуп, Түнкү менен кээри жок, Айтат экен чынын, деп, Ачылат экен сырым, деп, Ачаканды бет алып, Ачуу менен Саламат, Атка камчы бир салып, Жандап өтө бергенде, Эр Кененим кеп айтат: Кой,Саламат, койгун, — деп, Болду, баатыр, болду, — деп, Эки айтса укпады, Кененим жетип баргыча, Ачаканды Саламат, Как бөйрөккө муштады, Кош бөйрөктөн өткөрүп, Найзаны канга чыктады, Саламат, деп бир айтты, Жаныштап үнү чыкпады, Жалпайып жерди жыттады. Саламатка Кененим: — Сайба десе болбодуң, Болбой муну сойгонуң, Арамдык бар бул жерде, Ачыгын айткын кебиңдин, Ашкере билип турамын, Арам ит, сенин пейлиңди, Бул эмине кылганың?! Кененимдин кебине, Жооп бербей дегеле: — Чыйраксынба, Кененим, Чакчырылып сен эле, Акимсий берсең жөн эле, Абийириң ачам эми эле! Атамдын кунун аламын, Эрке тукум бар туруп. Албай кантип каламын?! Энем эркек деп тууган, Элимдин кегин аламын! Деп күпүлдөп Саламат, Бакырыгы баш жарып, Сарыбай деп үн салып, Өткүр найза колго алып, Үңүрөңдөп качырды, Кагып ийип найзасын, Кененимдин айканы: — Ойнойсуңбу, чыныңбы, Чын эле нээтиң бузулуп, Кылып жаткан чырыңбы? — Ойлоп койгун ойнум жок, Ичим жалын, боорум чок, Кененим, сенден саламат, Жалтанып калар жерим жок! Жалаңкыч сары сен болсоң, Кутургурдун уулумун, Суудай төгөм каныңды, Бош кыламын шаарыңды, Кыдыртып жүрүп кылымга, Жоготом кыргыз баарыңды! Ажыдаардай арбаймын, Айанып сенден калбаймын, Түптүү кыргыз журтуңду, Түп көтөрө жалмаймын, Обур-добур сөз айтып, Оозунан көбүк чачылып, Оттой жанып эки көз, Ок жыландай атылып, Опсуз тийди бакырып. Салгылаша келгенде, Атасы өлгөн Сарыбай, Кутургурдан кем эмес, Адам болжор эр эмес. Найзаларын кагышып, Карсылдашып чабышып, Жер силкинип суу агып, Тоо козголуп таш кулап, Асман ачык, жер бүркөк, Жерден учкан топурак, Күн бүркөлүп бузулуп, Күн көрүнбөй тутулуп. Акыр-такыр бул дүйнө, Акыр заман болгондой, Жер танабы үзүлүп, Аңтарылып кетчүдөй, Булуттун жиги ажырап, Жерге түшчү немедей, Ар бир шумдук кубулуп, Болуп жаткан ченебей. Кармашканын кылган түз, Каары катуу заары күч, Канкордун уулу Кененим, Манастап ураан чакырып, Саламатты бетке алып, Жан айабай киргенде, Кара жерге калтырак, Дыр-дыр этип тийгенде, Чыккынчыны Кененим, Найзага илип алганы, Көтөргөндө күү менен, Колумда жарак калбады, Төрт айагы тарбаңдап, Өлгөн төөдөй дардайып, Күүлөп-күүлөп алганы, Күүсү менен Кененим, Үрчүк тоого салганы, Ушаланып жоголду, Сөөгүнөн тайны калбады, Ачакан менен Саламат, Катар өлүп сойлоду. Испандыктын элдерин: — Өлбөй тирүү калганың, Өз жериңе кет, — деди, Өз элиңе жет, — деди, Ачакандын уулу бар, Атанын ордун басуучу, Ханыңар болсун ал, — деди. Колбуп жаткан кошуунду, Элине айдап жиберди. Саламаттын найзасын, Ачакандын таажысын, Ала кетти Кененим. “Коросон барып нетемин, Коркпос болсо Дабытай, Батыш менен Чыгышка, Кабар берип баарына, Баштап келсин эрлерин, Бадыректин ошондо, Мен беремин эдебин. Жамандык жерге жатканы, Ачакан менен Саламат, Катар өлүп кеткенин, Бирөөлөр барып айтпайбы, Кек алам деп кектеше, Ат изин салып кыргызга, Таластын жерин тепсетсе, Тартынбай туруп баарысын. Талкалайын күл кылып. Бүгүн неге барайын, Арып-чарчап, ач-арык Араң барган элдердин, Башына каран түн кылып?” Деп ойлонуп Кененим, Бурулуп жолго салыптыр, Муну мындай койуп тур, Коросондун улугу, Дабытайдан угуп тур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим». Элдик эпос. Басмага даярдаган Оргалча Кыдырбай. Булак: bizdin.kg.