Тажикти мурун термелтип, Чайкаган киши ким экен? Абалтан бери ошондой, Астын-үстүн дүйнөнү, Байкаган киши ким экен? Менден жакшы көп ишти, Билген киши сен бекен? Калмакка бүгүн алданып, Калган киши мен бекен? Калмактан чыгып жүрөгүң, Корккон болсоң Кененим, Сырыңды айтсаң жашырбай, Манасты мактап ашырбай, Таласка кадам бастырбай, Сага чыгым тарттырбай, Таталаган калмакты, Кетирип аны беремин. Темирбектен кеп угуп, Баатыр тууган Кененим, Баштан айак жеме угуп, Тең кишимин баштан, деп, Тетири айткан кепти угуп, Кененим айткан бу бир кеп: — Кебимди ук, Темирбек, Тажик койгон атыңды, Тегин айткан кеп эмес. Качан тажик эл болдуң, Теңдешип элге эр болдуң, Эгин эгип жаштарың, Машак терип калганың, Адырда жүргөн дүмүр чаап, Катын менен балдарың, Үйдө жатып от көрбөй, Муздап өлгөн карганың, Унутупсуң, Темирбек, Калмактардын зардабын. Эл билеби, тажиктер, Катарга сени алганын? Падыша Манас баш болуп, Өзү он бирде жаш болуп, Көңтөйдү сайып алганда, Шоорукту сайып салганда, Алооке, Калдай качканда, Соксо, Сотой, Калдайды, Катары менен басканда, Кангайды карап бет алып, Түн катып Дөөхан качканда, Качып барып Панус хан, Ташкенге башын катканда, Катарда тажик бар бекен? Аталабы андайда, Назаранын Карилоп, Панус хан менен биригип, Акең Манас бир келип, Панус ханды сойгондо, Мадыкөлдү жеңгенде, Кашкардагы Калдайдын, Кармап башын кескенде, Кандабай тонун чечкенде, Чыгышы Баркөл, Алтайдан, Түштүгү Котен, Кашкардан, Алты шаар, Анжыдан, Наманген, Ташкен, Самаркан, Бадахшан, Балык, Букарлык, Чамбылдан бери карата, Баарысы колго тийгенде, Адылдык кылып айкөл шер, Ата уулу кылып ар кимге, Жерди бөлүп бергенде, Сайылган бак, салган там, - Шаарды бөлүп бергенде, Атагы тажик эли деп, Сен катарга келгин, деп, Бадахшан, Балык, Дүйшөмбү, Үчүнчү атаң Табылды, Өзү Манас бериптир, Ошондон бери карата, Шаар ээлеп келипсиң. Элди ээлетип ким берген? Жерди ээлетип ким берген? Ким бергенин билдиңби? Пейилиңден жан, Темирбек, Кабыл алсаң кебимди. Болбой, тажик мойносоң, Мойнуңду толгоп болбосоң, Эми эле табам эбиңди, Сындырамын белиңди, Зыркыратам элиңди, Жок кыламын арыңды, Бош кыламын шаарыңды, Калмак, тажик чогултуп, Түгөтөмүн баарыңды, Бул дүйнөндөн көз жумсаң, Кимге айтасың зарыңды? Карала атчан Калыбек, Ошончолук көрбөймүн, Ушул турган баарыңды. “Куру кайрат баш жарат, Жалакор киши док табат, Күнөөчүл киши кур калат” Ак санабайт калмактар, Тилимди алсаң, Темирбек, Ушул жерден кайра тарт! Билгенин айтып жашырбай, Кененим кылды далалат, Ооз ачып кеп кылбай, Доош чыгарып унчукпай, Качырып кирди Темирбек, Минген атын камчылап, Жапырып кирди Темирбек: — Коркконуңдан Кененим, Акыл деп айттың далай кеп, Жалтанганың мен билдим, Айтып кирдиң Кененим, Мен Манастын уулу деп, Кыйынсынба Кененим, Мурун өтүп кетиптир, Оор актанткан Манасың, Менден өөдө киши эмес! Деп Темирбек акыйып, Табалдылап бакырып, Оолугуп тажик дүпүлдөп, Көрсөтөм деп күпүлдөп, Кармаган колдо найзасы, Алты аршын сүлкүлдөп, Беттеп кирди Темирбек, Жер силкинип дүркүрөп, Оозунан көбүк чачырап, Кирген нардай күркүрөп, Азуулары качырап, Жалыны көздө чачырап, Жан алуучу найзаны, Күркүрөтө урду эле, Көкжал төрө, Кененим, Кабыл албай Темирбек, Көп кыйал, акыл дегенин. Кеңкула менен сыздырып, Манастап ураан чыкырып, Кененим тийди качырып, Найзага найза кагылып, Болотко болот тийгенде, Кызылы жалын от жанып, Өтө берип токтолуп, Кененим менен Темирбек, Ок жыландай токтолуп, Найзалары койкойуп, Алдына минген аттары, Токтобой турат булкунуп, Жана тийди беттешип, Качырышып умтулуп, Көөдөндөгү чарайна, Найза тийип такылдап, Башындакы туулга, Балта тийип чакылдап, Басылбай турат жаңырык, Баатырлар үнү бакылдап. Кең кула менен Темиркөк, Туйактары такылдап, Таманынан чыккан чаң, Обого учуп топурак, Тондор тозуп упурап, Жер бузулуп жыртылып, Топурак учуп жоголуп, Жердин бети таш болуп, Кара темир кагышып, Карсылдашып салышып, Катуу кирди сайышып, Кабыргасы кайышып, Басалбай аттар майышып, Оодарыша кеткенде, Ажырата тарта албай, Кеңкула менен Темиркөк, Баспай турат тайышып, Кылычты кындан суурушуп, Кыйкырыгы таш жарып, Кыйын экөө урушуп, Аманат жалгыз бир жанды, Аркасына таштады, Адам өлүп баш кетер, Азаптуу уруш баштады. Кара бойу дал болуп, Кармалбай колу шал болуп, Кайра тартар жери жок, Кармашар жарак шай болуп, Эки күнү, эки түн, Эрикпестен салышып, Элдерине жанышып, Эртеңки болчу урушка, Найзаны ууга малышып, Балтанын мизин эгетип, Кылычты ташка бүлөтүп, Найзаны ташка түйрөйтүп, Бадананы тордотуп, Туулгасын оңдотуп, Мылтыктарын октотуп, Милтелерин чоктошуп, Сом темирин кырдатып, Доолбасын ырдатып, Найзанын сабын сырдатып, Балтанын мойнун чыңдатып, Аттанып чыкты күн менен, Найзаларын койкойтуп, Темирбек келет ойунда, Кененимди алам, деп, Аңтара сайып, тоңкойтуп. Эр Кененим, Темирбек, Кезенишип бет келди, Качырып найза урушуп, Олпок тондун буласын, Найза менен жулушуп, Бүчүлүгүн үзүшүп, Бүлүнтүп жерге түшүрүп, Колдорун сунуп арбайтып, Белбоосунан кармашып, Чирене түшүп тартышып, Этектен түрө кармашып, Үзөнгү боого салышып, Өзөнгө түшүп элирип, Өпкөлөтө теминип, Капталга чыгып кагышып, Кандыргалап жарышып, Алты катар аң келсе, Аркан бойуу жар келсе, Туйак какпай мүдүрүп, Аттары арыш алышып, Жөө күрөшүп жыгалбай, Бирин-бири алалбай, Найзага кирди туралбай, Тажиктердин Темирбек, Туулганы чөмөрүп, Же өлтүрөм, же өлөм, Өчөшүп кирди көгөрүп, Темирбекти көргөндө, Жайылданды Каракөк, Жалысы жандап бир бөлүк, Күркүрөгөн тажиктен, Күүлөп сунган найзасын, Балта менен какканда, Кененим каккан оңобу, Темирбектин найзасы, Кырк барча болуп жоголду. Балтаны таштап жиберип, Найзаны кармап имерип, Кыйамына келгенде, Балтырдан найза жеткени, Тажиктердин Темирбек, Камгактай учуп кетти эми. Темирбектин Темир көк, Тегеренип үстүнө, Түшө калды жаныбар, Кененимге жандыртып, Жана найза сайдырбай, Өтө берип Кененим, Оң тартып кайра келгенче, Тура калды Темирбек, Темир көктөй бууданга, Мине калды Темирбек, Камчысын баштан айлантып, Булгап алды Темирбек, Темирбек камчы булгады, Тажиктер карап турбады, Жааган күндөй тажиктер, Жалпы баары ат салды, Отуз миң аскер ат койуп, Атылып мылтык от болуп, Боздоп учат аткан ок, Майдандын ичи от болуп, Манастап ураан чакырып, Кыргыздар жүрмөк козголуп, Эл башкарган Кененим, Эпсиз башка эреним, Элге карап кылчайып, — Эси жоктой иш кылып, Эрдемсип, кыргыз, келбегин, Караан болом сага, деп, Калбай ээрчип келгениң, Кызыгып кирип кан агып, Кырылып өлүп бербегин, Отуз миң аскер келди, деп, Анча эле кайгы жебегин, Бактыбай, Сүйүн, Чолпонбай, Сактап тургун тигилип, Кыргыздын сабын буздурбай. Кокустан тажик барбасын, Козголоңду салбасын, Калмактар каптап барбасын, Калбаны элге салбасын, Чылбырын сүйрөп ат калат, Ээси жок минер бош калат, Олжо алам деп барбасын. Өзү өлсө ким алат, Ээн талаада калбасын. Бактыбай, Сүйүн, Чолпонбай, Кыргызды матап бастырбай, Көпкүлөң чалган жаш балдар, Буларды турат жактырбай. Каптап келген тажикти, Качырып кирди Кененим, Кайраты толук шер неме, Кажыбаган берениң, Көк түпөк найза ыргады, Беттеп кирген жеринде, Көп тажиктер кыйрады, Сабын бузбай сандалтып, Санаты жок эр сайып, Тажиктерди саргартып, Кылыч албай найзачан, Канын төкпөй тажиктин, Көрсөтмөк өнөр башкадан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим». Элдик эпос. Басмага даярдаган Оргалча Кыдырбай. Булак: bizdin.kg.