← Кененим 9/9

Калың жерин аралап, Абалын элдин чамалап, Ителги тийген таандай, Жыгылып атат сабалап. Эңишке кире берерде, Элүү-кыркын бир сайып, Жыгылып жаткан андан көп, Ачылып оозу ырсайып, Салаңдаган андан көп, Бир жагына кыйшайып; Наалып жаткан дагы бар, Таңдайы кургап тамшанып; Боздоп аткан жана бар, Не болдум, деп муңканып, Кеталбай жаткан андан көп, Керсары тартып кумсарып, Буту сынган жана бар, Аты баса жыгылып, Колу сынган андан көп, Тайана жерге жыгылып, Кобалбай жаткан жана бар; Кемерге кирип тыгылып, Жошологон челектей, Башынан каны аккан бар; Жерге сүрө жыгылып, Көзү агып калган бар; Жыгачтуу жерге жыгылып, Жалпак бет болуп калган бар; Мурду сынып былчыйып, Көзү шишип кеткен бар; Шоолаланып жылчыйып; Кокустап бели калган бар, Кобалбай жатат чыңырып, Аралап баатыр Кененим, Ат бастырып өткөн жер, Жуушаган койдой торойду, Каптап калмак келбеди, Тажикке жардам бербеди.. Четке чыгып Темирбек, Карап туруп далайга,. Элин көрүп ичи ооруп, Теминип жана киргени. “Мен Темирбек болголу, Теңдешкен бенде болбоду, Кыргыздан чыккан Кененим, Кыйратып элди койобу?” Бар кайратын бойго алып, Болоттон найза колго алып, Кененимди качырып, Кайта кирди айланып: — Мен Темирбек, сен Кенен, Сенден качан кем элем? Жашырбай чынын айтканда. Мага качан тең элең?! Деп качырып киргенде, Каары катуу Кененим, Кагып ийип найзасын, Капталга койуп өттү эле, Чыйраксынган Темирбек, Тебетейдей телп этип, Аттан ыргып кетти эле, Темирбекке Кененим, Эми жетер мезгилде, Калмактардын батасы, Кененимге жеткени, Капталга койуп өткөнү, Оодарылып кетпеди, Ойрон болгон Кененим, Ооп барып токтоду, Бурулганча батага, Чолпонбай барып жеткени. Бабырыган батаны, Чолпонбай сайып кеткени. Бата калмак жыгылды, Чолпонбайдын найзасы, Батага карыш тыгылды, Чолпонбай сайган оңобу? Ордунан өөдө кобобу? Томолонгон бойунча, Бата өлүп жоголду. Кагылышта бата өлдү, Чогулуп турган эл көрдү, Көк ала минип дууланып, Көмөлөнүп жыгылып. Ыргып кеткен Темирбек: “Айлам эми кетти, — деп, Эми кайра беттешсем, Чын ажалым жетти, — деп, Кантер айла таба албай, Карбаластап калдаңдап, Алапайы куурулуп, Амал таппай далдаңдап,- ” Кененим айтты далай кеп, Тил албады макул деп. Өмүрлүк караан болот деп, Коросон менен испанга, Кат жазыпмын бекер, — деп, Мен ишенген Чойун алп, Ичи оорубайт экен, — деп, Эми барсам Кененим Коркуп келдиң дебегин, Испан менен коросон, Куйкалап элди жебейби, Башымды ала качайын, Бар пулумду чачайын, Баш калкалап бул жерден, Иранга барып жатайын, Иран менен Багдатты, Шермат хан камап жатканда, Кезкелип калып Кененим Шермат ханды өлтүрүп Иран менен Багдаттын, Көөнүн алды деди эле, Мени кармап бербейби, Батырбай Иран эмеле, Тирүүлөй терим сойбойбу, Ачуусу келсе жөн эле. Калмактарга караандап. Аралашып турайын, Мен билбеген эр барбы, Чойун алптан сурайын. Коросондон кесилет, Келип калса бул жерге, Кенендин шайын кетирет. Дабытай менен кесилет, Ачакан, Камтур - төртөөлөп, Мен Темирбек Чойун алп, Тебелесек алтоолоп, Жалгыз башы Кененим, Кантип чыгып жол тосот? Кылымга толгон кези экен, Кененимден айрылса, Чайкалып кыргыз жоголот, Калмактан бүгүн баш тартсам, Ишим кайдан оңолот? Акылды эми таптып деп, Катылышпай урушка, Баш мааналап жаттым деп, Ойлоп алып Темирбек, Буйрук берип тажикке, Кернейин жана тарттырды, Баш аламан уруштан, Элин кайра тарттырды, Эл ордуна түшүптүр, Темирбектин жүрөгү, Коркконунан үшүптүр, Элин сапка тизгени, Эсеп ала кеткени, Он жети миң калыптыр. Он үч миңи урушта Түгөшүптүр кырылып, Баары өлүп кетпеген, Өлгөнү аз, тирүү кеп, Өткөрө сайбай Каракөк, Каз таман найза кармаган, Кан чыгара сайбаган, Сүрдүгүп катуу жыгылып, Өлүп калган чанда көп, Бирине-бири кагылып, Өлгөнү бар бир канча, Колу сынып, буту аксак, Болгону бар бир канча, Башы айрылган, көз чыккан, Мындайы бар бир канча, Бир атты бекер кетирбей, Кыргыздар жыйнап алыптыр, Он үч миң аскер өлдү, деп, Темирбек кетип калыптыр. Бактыбай, Сүйүн, Чолпонбай, Кененим айтат мамундай: — Кыйрап жаткан тажикти, Тирүүсү көп, өлгөн аз, Белге таңуу үч баатыр, Барып көргөн аралап, Кайрылбай кетти Темирбек, Туз ургур экен кысталак, Тирүү баарын калтырбай, Жыйнап келе калыңар, Кооп баскан немесин, Айдап келе калыңар, Өлбөй көзү кыймылдап, Тургандары канча экен, Билип келе калыңар. Үч баатыр кетти баш бурбай, Барган жерде Бактыбай: — Колу-бутуң сактарың, Кооп баскын, жатпагын, Басалбаган жарадар, Башыңды жерге катпагын. Баскын дайын бастырып, Жаткын дайын жаткырып, Өлгөнүн санап кат кылып, Үчөө кайта барыптыр, Өлгөндү каттан караса, Беш жүз толуп калыптыр. Басалбай жаткан миң экен, Жарадары, өлгөнү, Бир миң беш жүз киши экен, Тирүү басып барганы, Жети миң беш жүз кырк экен. Эсепке алса буларды, Сегиз миң беш жүз кырк болду, Төрт миң төрт жүз алтымыш, Ат-оту менен жок болду. Тирүүсү бир миң беш жүздүн, Ат-тонун берип кетирди. Төрт миң төрт жүз алтымыш, Тирүү качып чыгыптыр, Тирүү тажик ичинде, Турум деген бар эле, Төрт миң төрт жүз алтымыш, Баш кишиси ал эле, Өлбөй тирүү калганың, Кел бери, деп чогултуп, Кермеге атын чалдырып, Кеңири жерде олтуруп: — Угуп жүргөн мурунтан, Болуп өткөн укмуштан, Катарда тажик жок экен, Төгөрөктөн төрт бурчун, Калмак билген чагы экен, Калмак бийлеп турганда, Түрктүн баарын бурут деп, Өтө жаман кар экен. Бактысына түрктүн, Тунжур Манас чыгыптыр, Болуп өткөн иштерди, Калтырбай баарын угуп тур. Орто Асыйа жерин бүт, Өткөрүп колго алганда, Кар болгон элди эске алып, Жерден энчи бөлгөндө, Бир кишини баш кылып, Элден энчи бөлгөндө, Тажиктердин ичинде, Табылды чыйрак бала экен, Дүйшөмбүдө туулган, Бадахшанда турчу экен. Бадахшан, Балык, Дүйшөмбү – Шаарды Манас бериптир, Жерди Манас бериптир, Элди Манас бериптир, Ошондон бери карата, Ээлеп тажик келиптир. Табылды менен үч ата, Темирбек бүгүн элге баш, Калмактарга сатылып, Кыргызга болду бүгүн кас, Отуз миң толук киши элек, Кырылып кетип калдык аз. Төрт уруу тажик журт элек, Бир уруусу биз элек, Төрт миң төрт жүз алтымыш, Качып чыктык мен баштап. Азазил болгон жолдошу, Калмактардын балчысы, Ираңкүдүк молдосу, “Жети ата болбой Манаска, Теңдешпейт киши буга” деп, Айткан экен башында, Лаама кеби чын келди, Төрт ата болду Кененим, Теңдешип бенде жеңбеген, Түртүшүп калды Темиркөк, Кененимди жеңе албайт, Өзүнүн башын жегели. Коросон, испан элине, Дабытай менен Ачакан, Эл башкарган бегине, Кабар берип кат жазды, Катарлап чиркеп нар айтты, Жонуна жүктөп зар айтты, Алтын менен төөлөрдү, Чойун кулак алп айтсын, Темиркөк ага не айтты? Кыргызды жеңип алганда. Темирбекти өлтүрүп, Түп көтөрө тажиктин, Малын берем деп айтты, Калмактар алдап жатпайбы, Далдаңдаган акмакты. Төр миң төрт жүз алтымыш, Тирүү турган Кыймыл жан, Турумдун кеби акыл, деп, Айткан тилди эми алсаң, “Бала белде, катын жолдо” деп, Айткан кебиң мурунтан, Ооганга беттеп баралы, Эптеп жанды багалы, Жеңилсе кыргыз непада, Темиркөкти табалы. Калмак менен тажикти, Жеңип алса Кененим, Күн барбы бизге көрөр, деп, Кененимге баралы. Колдон бербей экөөн тең, Бүркүттөй мойун суналы. Турумдан тажик кеп угуп, Төрт миң төрт жүз алтымыш, Бизге Турум башчы деп, Бий шайлады чогулуп, Бий болуп Турум талаада, Эми калды балаага. Кожокелди, Эшенди, Акуй деген чеченди, Атаке, Калпа дегенди, Билген кебин үйрөтүп, Кененимге жиберди. “Темирбекке барбайлы, Тирүү деп укса Темирбек, Айдап барып дагы эле, Чоң урушка салбайбы, Балаага антип калбайлы” Калпа, чечен, эшени, Караңгыда дүбүрөп, Мурундарын коңкойтуп, Мусапырсынып бүжүрөп, Кененимди табышты, Кебин айта салышты. Кепке канып Кененим, Бактыбай, Сүйүн, кел, деди, Алар менен кеңешип, Колуна жазып кат берди: — Ушул катты көтөрүп, Жоодар бешим бар, — деди, Дүйшөмбү менен Ташмалык, Арка-бериш жер деди, Мурун кеткен элиң бар, Ал элиңди колуң ал, Аша басып кырчакты, Катын менен балаңды, Аман-эсен таап ал. Ташмалык сага жер болсун, Таш коргонго ээ болгун. Эшен, калпа, чечени, Турум бийге келгени, Кененим катын бергени, Катты көрүп ачтырып: — Купуйа сөзү бар болуп, Жоодар бизди сойобу, Шорубузду катырып? Деп олтуруп Турум бий, Калпа, эшен, чеченди, Жоодар бешим жиберди. Кең Кашкарга барышты, Кененим жазган кагазды, Жоодарга бере салышты. Жоодар угуп бар кепти, Калпа, чечен, эшенге, Айтып турат бул кепти: — Мурун качып тажиктен, Далай киши бир келди, Катын бешик өңөрүп, Ташмалык, Чымкен, Миңтеке, Мен аларга бергемин, Кененим айтса келгиле, Элиң менен чогулуп, Баарың бирге жүргүлө, Таш Коргон шаары тар эле, Кантип батар экенсиң, Көбөйүп кетсең кичине? Жоодардын кебин угушту, Турум бийге жоодурап, Баарын айтып турушту. Памирдин тоосун кылаалап, Турумбек элин чубуртту. Кененимден бер жакка, Таш Коргондо тажик бар, Унутпайт кыргыз бул журтту. Беш жүзчө киши жарадар, Миң ашуун киши сапма-сак, Тажикке барды темтеңдеп, Өлтүрбөй бизди Кененим, Кеткин деп койо берди, деп. Эки күн туруп элинде, Бир миң беш жүз кеңешип, Качып жолго салыптыр, Аркасынан Темирбек, Жетип тосуп калыптыр. Баштап качкан кимиң, деп, Койбоймун тирүү бириң, деп, Күркүрөп турду Темирбек. Барсак дагы өлдүк, деп, Турсак дагы өлдүк, деп, Ар кайсы тоону бет алып, Качып берди дүбүрөп. Тоо тайантпай жеткенин, Кылыч менен баш алды, Найза менен ич жарды, Боорун жарып өт алды, Чечекей чегип көз алды, Тоо тайанган тажиктер, Ар кайда кетип тарадаы. Он жети миң аскерди, Айдап алып Темирбек, Беттеше албай Кененге, Өз ичинде кайгы жеп. Ичинен кызыл кан өтүп, Ичте ийрилип турган кез. Муну мындай таштайлы, Кененим менен Чойун алп, Салгылашын баштайлы.