Кулактын үстү жагынан, Баш сөөгү ыргып кетиптир, Салапка өлүм эп болду, Чолпонбайдын кылганы, Көргөн элге кеп болду, Ошол күнү Чолпонбай, Чоң Салапты баш кылып, Беш кишини жеп болду, Күн бешимге барганда, Майданда турат Чолпонбай, Калмактын сабы мент болду. Жекеге киши чыгалбай, Тажиктен чыкты Мусакун, Темирбектен калганда, Балбаны болчу эң чыгаан. Чолпонбай балбан, Мусакан, Сырдана эмес баштатан, Жекеге чыкпайт балбансып, Өлүмдөн коркуп баш таркан, Качырышып бет келди, Жыгылам деп ойдо жок, Жыга сайам деп келди. Манас, Темир деп чыккан, Бакырыктуу үндөрү, Көргөндөргө башкача, Көрктөнүшүп сүрдөндү, Жан алуучу ойондор, Жаалы чыгып жүзүнөн, Алда канча түрдөндү. Темирбек деп бакырып, Мусакандын үнү бар, Үнүн улай байкаса, Жан алуучу түрү бар. Жал-жал тиктеп Чолпонбай, Мусакандан жалтанбай, Манастап ураан чакырып, Жан айабай бакырып, Мусаканга Чолпонбай, Жаман тийди жапырып. Чолпонбайдын найзасын, Кагып ийип Мусакан, Жандап өтө берерде, Капталдан нары муштаган. Чолпонбайдын күрөөкө, Чыташтык кылбай быркырап, Камчы саптай кызыл кан, Карчыттан агып шыркырап, Карасур качып алыптыр, Үстүндө бар Чолпонбай, Учкан куштай дыркырап, Урган таштай зыркырап, Мусаканга жеткизбей, Кыргыздардын кошуунга, Кирип келди чукулдап, Кармап алды чылбырдан, Баатыр Сүйүн утур чаап. Чолпонбайды куткарып, Тосо чыкты эр Сүйүн, Мусаканды найза алып, Мусакан, Сүйүн сайышып, Болумдуу эрлер табышып, Камчыга бөлөп аттарын, Өлүмдөн тартпай баштарын, Сынгычакты кагышып, Найзалардын саптарын, Балтанын көзү жарылып, Кылычтар сынып кыйрашып, Ат үстүндө чиренип, Тамандашып тартышып, Оодарылып баратса, Ат жалына тырмышып, Мындан айла табалбай, Белги берип кол булгап, Кошуундан жарак алышып, Жана кирди салышып. Теминишип тепеңдеп, Сакалдары сепеңдеп, Эрдин кесе тиштенип, Эсит жанга күч алып, Кармалбай колу дал болуп, Көтөрүлбөй шал болуп, Сүйүн баатыр бошоду. Мусакан жаңы кызыды. Канжарлар жайнап төгүлөт, Карап турган элдерге, Кимиси өлүп ким калат, Ажал жакын көрүнөт. Күн жамгырлап жаткандай, Тер агып жерге төгүлөт. Жакалашып тартышып, Оодара тартып кеталбай, Бүчүлүктөр үзүлүп, Соот менен күрөөкө, Тигишинен бөлүнүп, Кей кезинде кызаңдап, Эттери калды көрүнүп. Күч келгенден Сүйүндөн, Кара тер бойдон сызылды, Кайратына карк толуп, Казаптанды Мусакан. Сүйүндүн шайы кеткенин, Анык билди Мусакан, “Бактыбайдан башкасы, Бет келалбайт мага, — деп, Таанып билди Мусакан, - Койгулашкан канча күн, Кортоңдогон Сүйүндү, Койдой башын кесейин, Коондой ичин эшейин, Коржоңдоп келет Бактыбай, Кошо өлтүрүп кетейин, Кененимди кекетип, Өлгөндүн алсам эсебин” Деп ойлонуп Мусакан, Өзү болуп өзү хан, Найзасын ыргап алганы, Найза кагар Сүйүндү, Мунун шайы калбады, Мусакан тажик күжүлдөп, Томоро сайып салганы. Аксаргылдын үстүнөн, Азамат Сүйүн кыйшайды. Жыгылды Сүйүн нетер деп, Күжүлдөгөн Мусакан, Башын кесип кетер деп, Эр Сүйүндү өлтүртпөйт, Мурунурак жетем, деп, Топчукулак кер менен, Койдуруп келет Бактыбай, Эки этегин шамалга, Чойдуруп келет Бактыбай. Карагер менен чуратып, Артынан чаңын чубатып, Өткүр найза колго алып, Кирип келди Бактыбай, Мусаканга Сүйүндү, Чаптырбады Бактыбай, Манастап ураан чакырып, Катуу тийди качырып, Алдындакы Карагер, Кош кулагын жапырып, Сүйүндү чаап кете албай, Мусакан калды шашылып. Жаалы келген Бактыбай, Мен-менсинген тажикти, Көмө койуп өттү эми. Тоодой болгон Мусакан, Томорулуп кулады, Жыгылганда Мусакан, Темирбек карап турбады, Минген аты Темир көк, Буудандын бири бу дагы, Артынан чаңды баргытып, Темир көк сындуу бууданды, Тепсетчүдөй каргытып, Колунда найза зыңгырап, Жанында доолбас кыңгырап, Зым-зым этип кысталак, Бактыбайды качырат, Жалгызектин Бактыбай, Жан алчудай шашылат. Темирбекке карабай, Дегеле жанын айабай, Тонкочуктап туралбай, Жер тайанган Мусакан, Мойун эттин безине, Муштап өттү Бактыбай. Бөрү тилме найзаны, Күрөө тамыр канына, Чыктап өттү Бактыбай, Кара жерге капшыра, Ныктап өттү Бактыбай. Темирбек жетип ангыча, Бактыбайды сайганы, Топчу кулак жалт берме, Жалт берип чыга бергенде, Жаза сайып салганы, Бергенде өтө Темирбек, Кыйамыма келди, деп, Карагер менен тап берип, Как далыга сайганы, Сайган менен Бактыбай, Оодара сайа албады. Кебелбей да, кенебей, Бактыбайды Темирбек, Бучкагына теңебей, Бендеби деп бейлебей, Адамбы деп элебей, Тажиктердин Темирбек, Балбан экен ченебей, Балбандыгы бир канча, Баатырлыгы бир башка, Кайра айланып тийгенде, Найзага найза кагылды, Карсылдашып сайышты, Канча жолу тийгизбей, Найзаларын кагышты. Тажиктердин Темирбек: “Мага болду кыйын кеп, Боз бала менен сайышып, Минтип жүрүш кандай?” деп, Каарданды кара нээт, Заарын салып бетине, Бек арданды карабет. Жүзү кара Темирбек: “Тоо да болсоң жедим, — деп, Койбоймун эми сени, — деп, Аңтара сайам деги” деп, Кайра айланып тийгенде, Бактыбайдын найзасын, Кагып ийди Темирбек, Беттеп кирди күчөнүп, Бактыбайды жедим деп, Желегин жерге жапырып, Майсорудан кан алып, Жаш балапан Бактыбай, Сыймыгын баштан качырып, Аңтара койуп өттү эле, Тоңкойуп барып жыгылбай, Төрт айактап түштү эле, Көрүп туруп Кененим, Көздү ачып-жумганча, Атырылып жетти эле, Аткый кармап далыдан, Топчу кулак кер атка, Миндире салып өттү эми. — Баргын, баатыр, баргын, — деп, Маана болуп кыргызга, Барып балам тургун, — деп, Бактыбайды жөнөтүп, Темирбекке кез келди. — Башын кесип баланын, Канын ичер кезимде, Кайдан келген кишисиң? Атыңды айтып билдиргин! Деп Темирбек айтканда, — Менин атым Кененим, Мен Таластан келемин, Жалгама атым айтканда, Жалангыч сарык дегенмин. Элден уккан кабарда, Араникке ээ болуп, Дөөхан ээлеп турганда, Ташкенде турган Панус хан, Нарында турган Алооке, Сары Аркада Шоорук хан, Таластын аты көтөлөк, Анда экен Дөлөс хан. Көк ойдуңда чоң Көңтөй, Чамбыл белде Мадыкөл, Кашкарда Калдай турчу экен, Баары муңгул балдары, Бадахшан, Балык, Букарга, Багыдат, Мисир - буларга, Кылбаганы калбады. Тондун кийген жылуусун, Кыздын алган сулуусун, Аттын минген күлүгүн, Тарттырган элге түйшүгүн. Алтымыш уруу алашты, Каракалпак, түркмөндү, Тажик менен калчаны, Андай нечен барчаны, Дене кул кылып калмактар, Бөлгөн экен анчаны, Кыргыздан Манас туулат деп, Кыргыздын жарган катынын, Жардырып келген жай-кышы, Башкаларга отунун, Манас Манас болгону, Манас атка конгону, Элкин болуп эл бошоп, Элге сууга ээ болду, Бадахшан, Балык, Дүйшөмбү, Тажик сага жер болду. Кылычың сүйрөп чыгыпсың, Көл болуп калмак тилине, Бүгүн сага не болду? Бир уруу элге ээ болдуң, Өткөн күндү ойлогун, Бүгүн акмак болгонуң, Калмактын түшсөң торуна, Түбүндө жакшы болбодуң. Бүгүнкү күнү кыргызга, Түртүшкөн душман сен болдуң, Кененим коркуп жатат деп, Ойуңда сенин болбосун. Билсең акыл ушул кеп, Болбосоң өзүң билгин! –деп, Кененим айтты мындай кеп. Тажиктердин Темирбек, Таноосу көөп дердеңдеп: — Сага тажик теңдикти, Манас алып берген, деп, Бул айтканың кандай кеп? Тажик кайда тентиген, Көргөн киши ким экен? Бадахшан, Балык, Дүйшөмбү, Тажиктен башка бул элди, Бийлеген киши ким экен?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим». Элдик эпос. Басмага даярдаган Оргалча Кыдырбай. Булак: bizdin.kg.