← Кененим 1/9

Темирбектин бет бурушу

Кененим сегиз күн туруп, Доолбасын урдуруп, Жети төрдө кыргызды, Баарын койбой чогултуп, Уй мүйүз тартып олтуруп: — Айлыңды келип жоо басты, Асырадым барыңды, Айабадым жанымды. Анткор калмак канчалык, Амал айла иштетти, Акыр-такыр салгалы Алдын элдин тосоттоп, Баш аламан кыргалы. Айла кылдым Кененим, Элүү чуңду бошотуп, Элдерине жибердим. Жети бөлүп аскерин, Жети төргө жөнөттүм, Элүүсүн бөлүп жиберип, Айдатып аны бир келдим, Кымызын ичип, шерне жеп, Эч кимисин билбедиң, Эндекей жатып мурунтан, Ээнбаш кыргыз үйрөндүң. Каранды болду канча миң, Калдыраган калмак хан, Баш кишиси жоголуп, Баары кызыл кан жуткан, Атбашыда Шалкымат, Таласта өлдү Кикимат, Өлгөндөрдүн кунун кууп, Келет экен деп уктум, Калдагай кулак Чойун алп, Кошулуп ага Темирбек, Алар келет тебелеп. Аз болсо келет сексен миң, Сексен миң аскер тосуучу, Менмин дечү кимиңсиң? Бастырамын мындан мен, Тажиктердин Дүйшөмбү, Өзү какас чөлдө экен, Калдагай кулак Темирбек, Экөө ошо жерде экен. Каймагың бузбай жайкын жат, Ошого барып мындан мен, Калдыраган калмакты, Тирүүлөй сүлдөр арбакты, Өзүм билип таратам. Кененим мындай дегенде, Ак калпак кыргыз чур этти: — Ата журт, Кеңкол, Таластын, Арбагы азыр Манастын, Бала күндөн бер жакка, Пайдасын элдин талаштың, Барбаган жериң калбады, Барган жерин соо койбой, Баарын жеңдиң балбаным. Жыргап жаттык кыргыздар, Кыйноого бизди салбадың, Кыргыз үчүн кырааным, Кымындай жанды кыйнадың, Жалгыз жүрүп жан кыйнап, Жакшы эле кызмат кылганың, Дүйшөмбүгө барам деп, Бүгүн айтып турганың. Жалгыз барсаң мындан сен, Жайнап жатса кыргыз эл, Жаныңда киши жок турса, Кыргыз тилин албайт деп, Өзүңдү шылдың кылбайбы, Ар качандан бир качан, Жата берсек жамбаштап, Бизди арбак урбайбы! Алпарбасаң арстаным, Аркаңан калбай чубайлы, Дүйшөнбү деген мынаке, Ат чабым жерде турбайбы, Бирөө эмес хан эки, Мурун тажик кыргызды, Жүргөн киши мааналап, Эми калмактарга барыптыр, Көзүн сатып сагаалап, Чындап шылдың кылбайбы, Жылбай жатып биз калсак. Калмактар айтып калбайбы: «Бөлүнүптүр алаштар, Кененим жалгыз калыптыр, Элине ээлик болалбай, Же жумшаса да кыргыздар, Койгон белем тил албай, Манастын сактап оорагын, Жалгыз жүрөт экен, — деп, Намысынан туралбай» Деп чуркурап ызы-чуу, Бөлүнүп чыкты бир четке, Мен барамын дечүсү. Санаты толду кырк миңге, Жайнап кыргыз кең түздө, «Болбойт экен кыргыздар, Барса-барсын» дегенсип, Өз ойунда Кененим, Келип калды кеңешке, Убаданы токтотту, Эми он күндө жөнөшкө. Калмактарды кет деди, — Эл-жериңе жет, — деди, Жолдоку элге катышып, Калба таап албагын, Андай кылсаң камалгын, Кененим тирүү мен бармын! Ооздорунда буркандап, Өпкөлөтүп теминип, Атына минип жөнөдү, Сууга түшкөн түнөөдөн, Көгүчкөндөй чокчоңдоп, Калмактар кетип тарашты, Мен барам деп өзүнчө, Келгендерди санашты, Кырк бир миңге толуптур, Кыргыздардын санаты. Атбашыда Бактыбай, Тынч алып үйдө жаталбай, Астыртан киши жиберип, Таластан кабар алыптыр, Калдагай кулак Чойун алп, Темирбекке барат деп, Бу да камын алыптыр, Болжолдуу күндүн санатын, Кошулмакка жолунан, Тосоттоп жолун калыптыр. Бактыбайдын аскери, Беш миң беш жүз киши экен, Кырк миң киши Кененим, Анжыдан карай жөнөдү, Чоң Анжыдан баралы, Кашкардакы калмактан, Канык кабар алалы, Алты шаар Кашкарда, Аралап анда жатабы, Же болбосо Чойун алп, Темирбек менен биригип, Жөнөгөлү жатабы? Келе жатса Кененим, Алдынан желек туу чыкты, Беш миң беш жүз киши айдап, Зор Бактыбай бул чыкты, Кененимге жол кошту: — Кечирерсиң абаке, Кеткен болсо биздерден, Алдыртан киши жиберип, Кабар алып сиздерден, Калдагай кулак Чойун алп, Кара нээт Темирбек, Как ошого барат деп. Абам менен барайын, Караан болуп берейин, Ойлогонум ушул кеп. Жана уктум кабарды, Таластакы кыргыздар, Калбай жүрөт экен деп, Бирге бар деп айтыпсыз, Бул түбүндө акыл кеп, Алжып карып өлгөнчө, Эчтеме көрбөй эмгиче, Үйдө жатты кыргыздар. Көзү менен көрүшсүн, Кызыл кыргын чуу кандай? Элдин тартып эмгегин, Четке чыккан эр кандай? Деп Бактыбай айтканда, Кененим кеби мамындай: — Эл өстүрүп эр болот, Эл болбосо эр болбойт, Элдин тартпай эмгегин, Эрмин деген киши оңбойт Эркине койдум бир катар, Койгун десем эл болбойт, Келипсиң сен да кол алып, Алакандай Анжыдан, Не кылабыз биз барын? Дүйшөнбүнү көрбөдүм, Көрбөсөм да билемин, Адам сейрек, жери аз, Тулаңы жок какыр таш, Каты багыт жердеген, Башкадабы андабы, Чойун кулак кайда экен? Котен, жеркен, кашкарлык, Кандай күндө калдыэкен? Лопнур, азык, аралда, Бары кыргыз аларда. Алар кандай болду экен? Ээ кылбастан Жоодарга, Тартып алган аларды, Не жорукка салды экен? Жакында кеткен бул жерден, Булар аман бар бекен? Кыпчакта жалгыз карыйа, Бала кезден бер жакка, Ат жалын тартып мингели, Мындай ишти көрбөдү, Жетимиш ашып жаш көрүп, Бүгүн кордук көргөнү, Көп кечигип турбайлы, Бачымдатып жөнөйлү. Кененимден кеп угуп, Жөнөдү кыргыз дуу койуп, Жаш балдары алышып, Түзгө келсе жарышып, Аргымак аттар алкылдап, Алоолонуп булкунуп, Табына келген аттары, Чабына батпай суурулуп, Кең багалек буулуң шым, Багалеги балкылдап, Асаба колдо калкылдап, Айбалта белде жалтылдап, Кылыч кында кыңгырап, Найза колдо зыңгырап, Боз кисе белде шалпылдап, Теке жаргак Сары шым. Жаштары кийген чыраштап, Байчечекей түрдөнүп, Баштарында ак калпак, Күн жааганда кийүүчү, Баарысында кементай, Ырдап көнгөн кыргыздар, Кыңгыранып туралбай, Жаагын жанып таңшанып, Ырдаганы дагы бар; Торгойдон бетер муңканып, Комузун алып колуна, Кыл тырмаган дагы бар; Коңур үнгө күү кайрып, Боортабы дагы бар, Сызгырылтып муңканып, Угуп калган кишиге, Кулагын төшөп тыңшатып, Чоор тарткан дагы бар; Кыйылдатып кыйкактап, Кыл кыйак тарткан дагы бар; Түн ичинде уктабай, Кумалагын артынып, Куржунга сала жүргөн бар; Канжыгалап чүкөсүн, Байланганы дагы бар; Падышасын баш кылып, Баатырына кайтартып, Кара аскерин тиздирип, Кеште ойногон дагы бар; Азык ичип ат чалган, Ар кандай жерде туралбай, Чатырашы дагы бар; Кара кашка куйушуп, «Ханым дат» ойноп жаткан бар. Ойноп-күлүп сырдашып, Буулугуп калган кыргыздар, Коконго барды колбушуп, Кокондун ханы жүрүптүр, Кененимди келет деп, Күндө карап жол тосуп. Коконго конуп калышты, Базарга балдар барышты, Уруксат кылбай чоңдору: — Барар болсоң төрттөн бар, Андан ашык барбаңар, Жакшы көрүп базардан, Буйум сатып албаңар. Барар жериң алыста, Анда кандай кыласың, Жооруп кетсе атыңар? Аксакал киши кезиксе, Эки колуң бооруңда, Урмат салам айтыңар, Базар деген көпчүлүк, Тийип кетсе кокустан, Эркек-айал, кары-жаш, Жаман айтып салбаңар. Кагынбагын силкинбе, Көпчүлүктүн ичинде, Этегиң кагып күбүнбө. Кызды көрсөң кылыңдап, Жубанды көрсөң шылдыңдап, Бучукту көрсөң бырбыңдап, Тазды көрсөң быйрыңдап, Тигиле тиктеп калбаңар, Артыңарда ушак кеп, Күпүрдү таап албаңар, Карың барсың, жашың бар, Акылың менен болгунуң, Айтканды угуп, жаш балдар. Насаат айтып Бактыбай, Базарга барчу элдерге, Уруксат кылып таратты, Желдеттерден канчасын, Аркасынан каратты, Андан кийин Кокондун, Билдиңби калмак кайда? – деп, Билгичтерден сурашты.