Кененимдин Кикиматты сойушу
Жалгызек уулу Бактыбай, Сүйүнгө элди айдатып, Эми болду көөнү жай, Кененимди кетирбейт, Коргонуна ал барбай, Эки күн өрүүн алдырып, Жол керегин жан кылып, Кетесизби дегенде, Кененим айтат момундай: — Угуп тургун, Бактыбай, Бакай айткан кеби бар: “Эңкейгенге эңкейгин, Чекең жерге тийгенче, Ал атаңдын мурас кулу эмес; Какайканга какайгын, Төбөң көккө тийгенче, Ал пайгамбардын уулу эмес”, Бакай айткан ушул кеп, Бекер айткан кеп эмес. Мени оору басмарлап, Ачкалык элди басмырлап, Алаканчык шыбыргак, Таласты баскан кездерде, Жоодарды карап кошо алып, Токсон миң унаа дан артып, Мага элес калтырдың. Жолумду тоспо кетейин, Болду мага, баатырым, Таласка барды деп турам, Жез киндиктүү Кикимат -, Калмактардын баатырын. Мен дабырга барам, деп, Бактыбай болбой аттанды, Эр Сейтектин Кененим, Миң кишидей шаттанды. Эрте туруп саар басып, Аз гана эмес мол басып, Түн ортосу болгондо, Ордого барды сабашып. Жатыптыр кыргыз жам жайкыт, Өрүүн алып алты күн, Бактыбай кетти ал кайтып. Кененим жатып ой ойлоп: “Жоодар айткан баякы, Чойун кулак Кикимат, Кайда кеткен? – деп ойлоп, Кара ниет калмактар, Барган жердин барысын Баш аламан кылганбы? Баш көтөргөн калтырбай, Баарын такыр кырганбы? Же болбосо жылдырбай, Жылчыксыз камап турганбы? Таласта жатпай мааналап, Качан келет калмак деп, Каршы алчуудай сагалап, Анжыдан барып көрөйүн, Кикиматта акмалап. Кашкарга кетсем түз бойдон, Кабар алып тура албайм, Жеркен, Котен, Лобнурдан. Алар, Азык, Тетир суу, Аралабай келемби, Эки күн сабыр кылайып, Биринен кабар келеби?” Санаа эки, жол ача, Үйдө жатып Кененим, Ой ойлонуп ар канча, Эки күн өттү арада. Таң менен туруп карасак, Жергенин сары талаага, Жер майышып кол түшүп, Көз жеткисиз аларга, Коргонго келди эки адам, Күндүн мурду чаларда. Дарбаза баккан кишиден: “Кененим кайда, эр кайда? Кабар айткын бачым, — деп, Кармашар болсо чыккын, деп, Корккон болсо Кененим, Коргонду бизге берсин, — деп, Кол салышар эр болсо, Байрагын сайып, бел байлап, Басташар жерге келсин!” деп, Аны айттырып коргонго, Алтымыш балбан белендеп, Каратып койгон бир жерге, Жалгыз чыкса Кененим, Кармап алып келгин, деп, Ордо баккан жигиттер, Алек-далек жүгүрүп, Мурун мындай көрбөгөн, Кара жандан түңүлүп, Кан жыттанып көөдөнгө, Энтелешип күйүгүп, Кененимге барышты, Көргөнү менен укканы, Баарысын айта салышты. — Келгендер, кайта бар – деди, Келген эки кишини, Алып келе кал, — деди, Качырып ийбей кармагын, Жакшы-жаман кеп кылып, Бейбаштык кылып салбагын. Кайта барса туруптур, Кененим кебин келгендер, Жигиттерден угуптур. — Жакындан бери экөөбүз, Кабарчыбыз ар жерде, Келсин мага дегенди, Укпаганбыз дегеле. Жиберген бизди Кикимат, Кел деген киши Кененим, Абийир жок ургандар, Уялбай айтып келгенин! Кел деди деп баруучу, Жеңил бала биз эмес, Кол куушуруп алдына, Учураша баргыдай, Кененим анча киши эмес! Деп айтканда келгендер, Атынан сүйрөп алышты, Ордодогу жигиттер, “Залкарлуу киши Кикимат, Санатсыз киши Кененим” Ооз айбыңа, ушу, деп, Оролонуп урушту, Жылаңайлак жүгүртүп, Кененимдин алдына, Алып келип турушту, Болгон иштин баарысын, Кененимге угузду. Сен экөөң кайдан келдиңер? Атыңды айткын кимсиңер? Ким болот атын айткыла, Баштап жүргөн кишиңер? Жашырбай сүйлөп, чыныңды айт, Сак-саламат кайрат кайт. Айта албаса калдаңдап, Жалганды айтып тамтаңдап, Куйкасын тилип, туз куйуп, Таманына шиштен как! Тирсегинен аскыла, Талкуу менен баскыла! Кененимден кеп угуп, Айбатынан баатырдын, Сүйлөбөй тили булугуп, Жаман кеп уккан жигиттер, Сурак гана үйүнө, Алып барды аларды. Үйдүн ичин караса, Үйтүгүндөй орноткон, Такыр – мык экен, Аркасы – алды, капталы – Баары ошондой жыш экен. Башын өйдө көтөрсө, Мык сайылат шилиге, Тамандан канын жошултуп, Кыдыртып жүрүп алпарды, Жылан кана үйүнө, Он түрдү жылан бар экен, Солоп койгон бир үйдө. Жоону мамы жыгачтай, Тилдери карыш ачан май, Жылан тургай ал үйдө, Бөйөнү бар чайан бар, Көп кене менен киле бар, Сары эшек менен кирпи бар, Чиркей менен чымын бар, Аш кайнамга саламат, Калаар эмес чымынжан. Ошондой үйдөн жетөөнө, Кыдырата алпарды, Жошологон челектей, Бүткөн бойу кандалды, Чыкпаган тирүү жан калды, Коркуп булар сандалды, Кайра айлантып абалды, Киргизген үйгө алпарды, Эси чыгып байкуштар, Чай кайнамдын ичинде, Өңдөн азып саргарды. Муракыны келтирип, Бүткөн бойун жуудуруп, Кымыздан тарткан арактан, Алып келип сундуруп: — Кана кебиң айт, — деди, Элиңе ылдам кайт, — деди. Көзү менен көп нерсе, Көрүп келген кургурлар, Эч бир айла таба албай, Айтты сөзүн баарын жай: — Алты шаар, Анжыдан, Наманкен, Ташкен, Самаркан, Баштап жүрүп Кикимат, Баарын алды колуна, Калк башкарган хандардын, Эл бийлеген бийлердин, Боолук салды мойнуна, Кабаттап кишен салдырды, Буту менен колуна, Калмактан бирден калтырды, Ошолордун ордуна, Такыр бүгүн аман бар, Кикиматтын колунда, Билбепбиз не бар ойунда, Кененимди баш кылып, Өлтүрөм деген баарысын. Сыр коргондун оозуна, Түндө келип түшкөнбүз, Кең Таластын бооруна. Алтымыш балбан белендеп, Кара суунун бойунда. Жалгыз чыкса Кененим, Тор салып кармап келгин, деп, Айткан болчу аларга. Жерге дагы, көккө да, Жайып торду таштады, Уруш кылчуу майданга, Орду казып таштады. Таластын жери кең экен, Телегейи тең экен, Камыш менен чапканы. Кикимат айткан кеби бар, Кептин жайы мына мындай: “Жерде жайган турум бар, Майданда казган орум бар, Сандалып колум бар. Алты шаар Анжиян, Наманген, Ташкен, Самаркан, Эминеден кемим бар? Ошол турган Таластын, Мурунку аты Көтөлөк, Манас койгон Талас деп. Талас атын жойом, — деп, Көтөлөк атка койом!” деп, Буйрук кылган элине, “Талас деген кепти уксам, Тилиң сууруп алам!” деп. Бизди барып келдеген, Менден кабар бер, деген, Темир тонду Шалкымат, А да келет айт, деген, Калдагай кулак Чойун алп, Бул да келет айт, деген, Айтып койуп кабарды, Андан кийин кайт, деген. Келген элдин Таласка, Кебин укту Кененим, Мен – менсинген бел болор, Эрин укту Кененим, Колу, буту байлоодо, Эл башкарган эрлерин, Анык укту Кененим, Калганы жок кем-керчи, Канык укту Кененим: — Келгендер эми кайт, — деди, Көргөнүң менен билгениң, Баш кишиңе айт, — деди, Алты күнү былк этпей, Ат өргүтүп жат, — деди. Жетинчи күнү чыгамын, Жыласыңды чыгарып, Жып жылма, түп-түз кыламын, Уйкудан көзүң ачамын, Ой – тоого жиниң чачамын, Каныңды суудай төгөмүн, Эрдигиңди, калмактар, Ошо күнү көрөмүн! Шалкыматы сойгомун, Келет деген төрөсүн, Калдагай кулак Чойун алп, Тажиктердин Темирбек, Келтирип мында жүрбөймүн, Кикиматты жоготуп, Дүйшөнбү карай жүрөмүн, Жалганы жок баары чын, Болбосун мында күмөнүң! Эртең уруш деп айтсам. Чарчап келген чагымда, Жеңип алды кыргыз, деп, Армандуу болуп жүрбөдүм, Эр колуна эр түшөт, Эске сактап түшкөндү, Эрдик менен хандыктын, Эзелки жолу экен бу. Деп Кененим кетирди, Кикиматка барышып, Барганынан келгенин, Көргөнү менен укканын – Баарысын айтып бүтүрдү, Оозун ачып эстенип, Кикимат чочко үшкүрдү: “Бул экөөнү коркутуп, Болгон кепти угуптур, Шалкыматты өлдү деп, Тим эле кошуп койуптур. Алты күнү турайын, Келип калар аңгыча, Ат башы кеткен кишилер, Андан кабар угайын. Алтынчы күнү майданда, Кармап алып Кененим, Жардатып туруп кыргызды, Алты шаар, Анжидан, Андан келди он адам, Наманген, Ташкен, Самаркан, Мундан келди кырк адам, Баш аягы колумда, Байлоодо киши элүү хан, Кененим менен элүү бир, Таластагы эрлерден, Элге кеңеш бергенден, Тандап туруп таптырам, Көккө теңир жолуна, Ошол күнү чаптырам. Деп ойлонуп алыптыр, Жанымдагы экөөнөн, Жана сурай калыптыр: — Асман – жерде торумду, Майданда казган оромуду, Айтыңарбы аларды, Барып келген эки кул, Айтпадык дейли биз, дешип, Астыртан түрө тиктешип, Эриндерин тиштешип, Бирин-бири шүк дешип: — Эмне кылып жатат деп, Сурабады ал бизден, Сураса да айтпайбыз, Сыр чыгарып биз сизден. Деп айтканда кулдары: “Укпаган экен Кененим, Торум менен Орумду, Колумда экен Кененим, Маңдайда таалай багым бу”. Деп айтып ийбей ооз менен, Жатып калды чалкалап, Күйүп жатат Кикимат, Бактыбайды талкалап, Мага келет деп Шалкымат. Ак калпак кыргыз элине, Анткор турган Кененим, Азырдан киши чаптырат: — Жол келип камап калды деп, Качпасын кыргыз калдаңдап, Аркайган тоону аралап, Абалыңды билбесин, Анткор калмак чамалап. Кененим кантип жатат деп, Убара болбо сагалап, Калмактан барса аралап, Коркпой туруп ур сабап. Үрпөңдөбөй коркконсуп, Желелеп бээң байлагын, Четинен уурдап жебесин, Жайытын күндө айлангын, Башкарып алгын малыңды, Багып жаткын жаныңды. Деп айттырып жумшады, Айылга барчуу чабарды. Ордодо жигит токсон бир, Чакыртып алды буларды: — Ордо баккан токсон бир, Мен айтамын угуп бил, Калмактардын колунда, Матоодо киши элүү бир, Куткарып кел туйгузбай, Душмандын көөнү болсун кир. Жай-кышы ордо багасың, Эриксең чүкө атасың, Элүү бирди бошотпой, Кантип ордо багасың? Кененим айтып болгончо, Айткан оозун жыйгыча, Калмакча узун чапанды, Сүйрөлтө жерге жамынган, Тесмеси аппак маржандан, Мойнуна жүздү салынган, Калмакча тилди билгенден, Канча кошуун кол болсо, Титинбей тинтип киргенден, Экөө чыкты бөлүнүп: — Бүгүн күндүз барабыз, Күнөкөр баккан неменин, Башчысына кош колдоп, Жакшы арактан сунабыз, Бошоту жолу кандайдыр, Абдан байкап чыгабыз, Күүгүм кире барабыз, Калмактын ылгап атынан, Элүү бирди мингизип, Алып келе калабыз. Айтканды айткан кылбасак, Кандай амир кылсаңыз, Мойнубузду сунабыз. Агачалык эки-үчөө, Андан-мындан төрт-бешөө: — Элебей туруп бул иштен, Томсоруп биздер кур калдык, Булар алып келбесе, Биздер карап турбайбыз... “Ызылдашып калгандар, Боло түштү чуркурап, Көөнүндө болуп ыраазы, Кененим болду кош убак. Эки жигит жүгүрүп, Табылды бизге кызмат, деп, Жаны калбай сүйүнүп, Учурап калды талаада, Келе жаткан кеңгиреп, Талаада эки калмакка, Калмактарды кармады, Кармап байлап салганы, Буктурма деген колотко, Буларды алып барганы, Арактан берип табынча, Алардын дайнын сурады. Таз карды кызып, көз буурул Тартып калган убагы, Ойлоп айтар акыл жок, Булардын айтып турганы: — Кыргыз бы десек калмаксың, Неге бизди кармадың, Алып келип ээн жерге, Анан кайра кайта сыйладың? Калмакка каршы жигиттер: — Айтканыңар ырас чын, Куландын сары сайынан, Колго айдалып чыкканы, Ойнободук, күлбөдүк, Көөн сергитип келмекке, Ушул жерге келгенбиз, Кийик атып кел, деди, Калмактан чыккан мергенбиз. Кыргоол атып, чил атып, Этин кактап жегенбиз, Ашып калган эттерди, Ороп ала келгенбиз, Арак эмес эт да бар, Ач болсоңуз жесеңиз. — Жол басып жүрүп талаада, Бизге арак, эт кайда? Жебей кантип турабыз, Табылып калса мындайда. — Жол басып деген не кебиң? Кайда барып келгениң? Аңырып жүргөн акмалап, Кыргыз болуп жүрбөгүн? Деп жигиттер айтканда, Эки киши кеп айтты, Кеп айтканда нени айтты: — Самаркандан Кикимат, Таласты карай тартканда, Атбашыга баргын, деп, Шалкымат кантип жаткандыр, Андан кабар алгын, деп, Барбаймын дээр ооз кайда, Биз жүргөнбүз макул деп. Атбашы бардык жол тартып, Адам бар жерде түн катып, Атбашынын түзүндө, Улак тартып жатыптыр, Кыргыздын баары дуулашып, Кары-картаң, жаш-жалаң, Ойду-кайкы жүрүптүр, Аркы-терки чубашып, Кененим барып Шалкымат, Небак эле өлүптүр, Анык уктук сурашып, Биздер кайта тарткыча, Ээр-токумду аттарды, Айдап барды чубатып, Олжо бөлүп калышты, Кыргыздын баары чуулашып. Эл олжого киргенде, Бери карай жөнөдүк, Кара жанды куткарып. Эми минтип турабыз, Силерге колду байлатып, Кулдан бетер айдатып. Бар кебин угуп алышты, Аттарын сурап билишти, Өлтүрүп таштап экөөнү, Тондорун сыйрып кийишти, Атарын кармап миништи, Кыргыздыгын билгизбей, Калың топко киришти, Буларды көргөн калмактар, Өз киши деп билишти. Кикиматка барбады, Барбай жатып калганы, Күнөөкөрдүн башчысы: — Эл аралап келдиңер, Арак барбы силерде? Минтип сурап калганы. — Көп таппадык, аз таптык, Таппай куруу калбадык, Жүр, чогулуп бир жерге, Азыраак жутуп алалык. “Бүгүн бу, эртең өлүм бар, Жаның бар да күлүп ал”, Айтылган макал элде бар, Азыраак деп укканы, Үйдө олтурган далайдын, Баарын айдап чыгарды. Аракка кирди үч киши, Күнөөлүнүн башчысы – Мас болуп калды бир киши. Мас болгонду жаткырып, Колунан алып ачкычты, Кишендерди ачтырып, Тизмекте аттан минишип, Жүрүп кетти бастырып, Топуракты чачтырып. Бирөө кетип бирөө бар, Бекер турбай кат кылып, Шаштырбастан бүт жазып, Төшөгүнүн башына, Таштап кетти катт ы ачып. Эшиктен бирөө кириптир, Катты окуп билиптир, Шашкалаңдап жүгүрүп, Кикиматтай улукка, Кабар кылып ийиптир. Кабар угуп Кикимат: — Алты күнү жаткын, эп, Кененим кылып мени акмак, Өлтүрүп койот экен деп, Ойунда мунун турбайбы, Элүү бирди куткармак... Жеткирбей кармап алам, деп, Кайбир чочко аттанат, Барабаны кагылды, Бар аскер атка жабылды, Сүрдүгүп барып бир тобу, Казган орго кабылды. Жүз калмакка талаада, Бекер өлүм табылды, Ушундай жерде акынга, Бирден месел табылды: “Кишиге оро көөлөсө, Өзү түшөт” деген кеп. Ушул жерден алынды, Калдаңдап кетип баратып, Караңгыда Кикимат, Өз торуна чалынды. Аты түштү жер торго, Өзү түштү асманга, Аркасынан келгендер, Араң чечип бошотту, Таң агарган убакта. Калмакка болгон каранды, Элүү бири барганы, Кененим менен көрүшүп, Кебин айтып калганы, Баарысынын кеби окшош, Өзүмө кишен салды, деп, Алтын-зарым алды, деп, Аргымагым минди, деп, Катын-кыздын баарысы, Күн тийбеген жерлерде, Саманкана,кепеде, Саргарып өңдөн азды, деп, Сарсана болуп жатты, деп. Кебин угуп алардын: — Көөнүңөрдү жам кылып, Эркин жатып дем алгын, Эрегишкен чочконун, Эдебин берчү мен бармын. Алардын көөнүн жай кылып, Кең куланы алдырып, Үстүнө токум салдырып, Залкар тоодой Көк жалы, Коргондон чыкты бастырып. Барабанын кактырган, Бары аскерин бастырган, Балакет чыкты Кикимат, Бара жатса алдыттан. Кененимди көргөндө, Тааныбаган Кикимат: — Көрбөгөнмүн, уккамын, Өзүң сары, көзүң көк, Турушуң элден бөпбөлөк, Кененим болуп жүрбөгүн. Атың кула заңкайган, Кең соорусу даңкайган, Атыңды айтчы билейин. Кененим айтат мындай кеп: — Мен Кененим билгин, — деп. Темселеген арам ит, Эмне кылып бул элге, Бүлүк салып келдиң?! — деп. Алты шаар, Анжыдан, Наманген, Ташкен, Самаркан, Манастан бери карата, Көөнү куунак жай жаткан. Нарын, Жумгал, Атбашы, Кетментөбө, Кең жазы, Арстан Манас аттанып, Ат жалын тартып мингени, Адам изин салбады; Котен, Жеркен, Кашкарды, Лопнур, Азык, Аралды. Баркөлдөн бери карата, Адам басып барбады. Эсирген калмак ээн баш, Эки жылы эс алсаң, Жаталбайсың жамбаштап. Үч бөлүнүп кыргызга, Үркөрдөй жылып киришиң, Баркөлдөн бери карата, Өз билгениң кылыпсың. Семизин кармап сойупсуң, Өңү жылуу катындын, Эрин жесир койупсуң, Каш кайтарса тил албай, Тирүү койбой сойупсуң, Жам-жайкыт жаткан тынч элге, Жакшыбы, калмак, ошонуң?! Өз башың менен кетпестен, Тажиктерди алдапсың, Тажик сага кошулса, Анда эмне кылмаксың?! Кокту катты Чиктейиң, Кол салып келип өзү өлдү, Койгулашып канча күн, Көтөрүп найза өңөрдү, Бириңе бириң көрсөтпөй, Эми жоготойун үчөөңдү! Ороздудан бер жакка, Адам уулу тийбеген, Атбашыга кол салып. Шалкыматың дагы өлдү, Ажалы жок адамзат, Ар себептен күн көрдү. Эл башкарган эстүүдөн, Элүү бирди кармайсың, Кабыштыра колдорун, Бышыктатып байлайсың, Ор каздырып майданга, Көңүлүңдү жайлайсың, Торду жайып ар кайда, Кылбаганың калбапсың. Элүү бирди бошотуп, Алып келдим коргонго, Кууп келипсиң артынан, Күн шашике болжолдо. Алты күн десем алдында, Алдырап жетип келипсиң, Ажал алып жакадан, Эми куландын сары сайына, Баралбайсың элиңе! Кененим мындай дегенде, Калмактардын Кикимат, Каарданып кеп кылат: — Мага жайган торуң деп, Каздырып жапкан оруң деп, Шалкыматты өлтүрүп, Сага теңтуш болдум деп, Калжырайсың бокту жеп. Калдагай кулак Чойун алп, Темир тондуу Шалкымат, Карбаңдап жүргөн мага ыктап. Мен Кикимат, сен Кенен, Канткенде мага тең элең? Байлап алып мойнуңан, Эл кыдыртам сени мен! Алдап туруп мен сени, Бошотуп алдың элиңди, Далайды алдап көнүшсөк, Жасап айтып кебиңди, Тирүү койбой, Кененим, Табайын бүгүн элиңди! Деп ошентип Кикимат, Камчылап атын теминди. Каңгайлап калмак бакырып, Көкжал төрө Кененге, Катуу тийди жапырып, Жазганбай шилтеп найзасын, Кененимди качырып, Алдында минген тулпары, Араандай оозу ачылып, Жан алчуудай калмактан, Кененим калбайт шашылып. Бет маңдайдан тийгенде, Найзанын учу тийерде, Балта менен эр Кенен, Найзасын кагып ийгенде, Найзасы сынып быркырап, Сыныктары найзанын, Асманда учту чыркырап. Найза каккан кол балта, Кененим илип жанына, Бөрү тилдүү өткүр миз, Найзасын алып колуна, Кикиматты беттеди. Өтө мыкты Кикимат, Адамзаттан бир бөлөк, Атка сонун кызталак, Кененим найза чаптаса, Аттын бир жак жанына, Түшө калса жалп этип, Эрдин кашын сыйпалап, Өттү найза жарк этип. Оңолуп минип Кикимат Мөкү балдуу найза алып, Кененимге жеткени, Сайдырбастан Кененим, Жазгырып таштап кеткени. Кайра айланып сайышты, Найзадан амал кыла албай, Балталашып чабышты, Кармашып жүрүп күн батып, Кайта элине жанышты. Эл жатаарда Кикимат, Чабуулга салмак аскерин, Эл бар жерге таратып, Толтуруп миңден санатып. — Кеңколдун башы жети төр, Жети сууга бар, — деди, Колуң жеткен кыргыздын, Кары-жашын караба, Эр-катынын айаба, Тирүү койбо бирин да. Кол жеткен жерин айабай, Кызыл канга бөлөгүн, Кырып таштап жөнөгүн, Кененимди бошотпой, Кезектешип турамын, Кененимди маң кылып, Санаасын санга бөлөлү, Самсаалатып кыргызды, Сапырып таштап жөнөйлү. Кененимди ушинтип, Кетирбесек аргасын, Алып кетти эрлерди, Көрчү мунун айласын! Деп Кикимат бөлүптүр, Мунун минтип жатканын, Кабарчысы кыргыздын, Барып көзү көрүптүр, Токтолбой айтып барыптыр, Эр Кененим ошондо, Байлоодогу элүүнү, Чакыртып келе калыптыр. Ордо баккан токсондун, Жетимишин бир бөлдү, Чакыртып келген элүүнү, Жетиден жети бөлүптүр, Жетимишин он бөлдү, Он жетиден кишини, Жети төргө жөнөттү. — Жети төрдүн жолун тос, Миңден калмак жолгошот, Каршылашса калтырбай, Канын төккүн жайната, Өлтүрбөй бирин алып кел, Жан соогалап жалынса. Жетиден бөлгөн кишинин, Ар кимиси бирден жан, Эрегишкен заманда, Бири миңге жараган, Караңгыда калдаңдап, Катуу жүрүп барбаңдап, Жолду тосуп калышты, Уйку качып далдаңдап. Бөлүнүп барган калмактын, Алдынан чыга калышты, Ач кыйкырык салышты. Кандим болгон балбан жок, Ачып көздү жумганча, Уйпалап хандар алышты. Бешим-шамдын арасы, Калдайтып айдап калмакты, Хандар жетип барышты. Калмактардын Кикимат, Жайнатып элди чыгарып, Барабан согуп уктатпай, Сүрүп чыкты таң атып. Көмкөрмө ээрин токунуп, Койнунда бутка чокунуп, Бөлүнүп чыкты тобунан, Майданды карай чу койуп. Далайда чыкты Кененим, Ашыкпастан чойулуп, Түндө аскерин жөнөтүп, Түп көтөрө кыргызды, Түгөтө кырып келет деп, Көөнү толук Кикимат, Кененимди көргөндө, Күркүрөтүп найзасын, Көрчү калмак айтканын: — Жүрөгүң коркуп,Кененим, Кечиктиңби келе албай? Жаныңда жалгыз киши жок, Кыргызың койуп тил албай, Колуңдагы кыргызды, Ме деп салып бере албай, Мен айткамын акылды, Тил алгының сандалбай. Жан багыш арзан бир киши, Мен кечейин каныңан, Үмүт үзбө жаныңан. Намыс көрсөң бул жерде, Эл ичинде туруудан, Киши билбес, тил укпас, Элге барып сен турсаң, Бирок тирүү эмессиң, Өлбөй тирүү мен турсам. Деп Кикимат айтканда: — Калмак калмак ар качан, Түшүндө көргөн кишиге, Кара тумоо деп угам! Кененимдин кебине, Арданганда Кикимат, Атырылтып аргытып, Камчыга бөлөп тулпарын, Кандуу найза каар менен, Жандан ашкан заар менен, Айкырыгы баш жарып, Баштан өтүп таш жарып, Кененимди качырды. Зым-зым этип зымырап, Найза колдо зыңгырап, Кикимат менен Кененим, Найзаларын кагышып, Жан айабай сайышып, Аманат жалгыз бир жанды, Кылга байлап таштады, Кудай бетин нары кыл, Кыйын уруш баштады, Темирге темир шакылдап, От чагылып жаркылдап, Күн чагылган немедей, Жер айрылып жарылып, Жөө тумандай уйулгуп, Асманга учуп чаң чыгат. Жылгындуу кеңкол Таласы, Асман ачык, жер бүркөк, Алда кандай болот деп, Адамдын баары дүркүрөп, Жүрөгү тайкы кишинин, Сийдиги агып бүркүрөп, Жашыктар ыйлап бүлкүлдөп, Мен мыктымын дегендер, Найзасын кармап тура албай, Токтобой колу сүлкүлдөп, Тоо токтобой жаңырып, Кайберендин баарысы, Акылынан жаңылып, Аңтарылып асман-жер, Азыр эле кетчүүдөй, Жер калтылдап жаткансып, Суу чайкалып аккансып, Толкуп көлдөр чайкалып, Жер силкинип кыйшайып, Бараткандай көрүнүп, Кыйын уруш кездерде, Жети миң калмак кошуунун, Буркундатып кубалап, Хандар айдап жетти эле. Карап алып Кикимат, Ичинен мөжүк кан кетип, Мурункудай боло албай, Мууну бошоп шай кетип, Кеңгирей түшүп оңолуп, Кайраттанып чыйралып, Тарамышын чыйратып, Кененимди баш кылып, Кетемин деп ойлонду, Бүт кыргызды кыйратып, Дагы турду кыйкырып, Минген атын чуратып. Өңү сары, көзү көк, Каарданды кара көк, Кагып ийип найзасын, Жаңыртып жарак алганча, Жандай түшүп эр неме, Бакалоордун безине, Муштап өтө бергенде, Наркы кулак түбүнөн, Найзанын учу жылт деди, Томорулуп Кикимат, Ат үстүнөн шылк деди. Тоңкойуп чочко жыгылды, Топого башы тыгылды, Калмактар турат каңгырап, Эми бизди Кененим, Не кылар деп жалдырап. Калгандарды түшүрүп, Чатырыңа жаткын, деп, Өзүнүн элин чогултуп, Шер Кененим айтат кеп: — Ак калпак кыргыз көп алаш, Колуңда малың аз эмес, Колго түшкөн калмакты, Кырып ийсең жакшы эмес. Жоо жарагын булардын, Аты-тону алардын, Албагыла бүт баарын. Койо бергин калмакты, Өлбөй тирүү калганы, Багып алсын балдарын. Так он күнү жатасың, Андан кийин басасың, Качып кетсең өлөсүң, Көргүлүктү көрөсүң, Кармалып келген элүүң бар, Бүгүндөн калбай жөнөгүн. Ээ болуп минген тагыңа, Таанымал болуп шаарыңа, Ал жерде калмак канчалык, Аны өлтүрүп салбаңар, Атын берип, тон берип, Өз жерине айдаңар, Калмак бизге кылган, деп, Кылган ишин кылбаңар. Бас десе баскан курган эл, Тур десе турган курган эл, Карапайым жөн элде, Ийнечелик жазык жок, Кызыл кыргын сүрүштө, Өлүп кетет канчалап, Аны эске алар жок. Деп Кененим жөнөттү, Топоңдошуп элүүсү, Токтобостон жөнөштү. Күнү-түнүн карабай, Кылча жанын айабай, Азыраак уктап көп басып, Элдерине барышты, Энтелеген калмактын, Эдебин берип колуна, Калааларын алышты. Өмүр бер деп баатырга, Өлбөсүн деп далайга, Дардайып жатып калышты. Муну мындай таштайлы, Тажиктердин Темирбек, Бет бургандан баштайлы.