Кененим сегиз күн туруп, Доолбасын урдуруп, Жети төрдө кыргызды, Баарын койбой чогултуп, Уй мүйүз тартып олтуруп: — Айлыңды келип жоо басты, Асырадым барыңды, Айабадым жанымды. Анткор калмак канчалык, Амал айла иштетти, Акыр-такыр салгалы Алдын элдин тосоттоп, Баш аламан кыргалы. Айла кылдым Кененим, Элүү чуңду бошотуп, Элдерине жибердим. Жети бөлүп аскерин, Жети төргө жөнөттүм, Элүүсүн бөлүп жиберип, Айдатып аны бир келдим, Кымызын ичип, шерне жеп, Эч кимисин билбедиң, Эндекей жатып мурунтан, Ээнбаш кыргыз үйрөндүң. Каранды болду канча миң, Калдыраган калмак хан, Баш кишиси жоголуп, Баары кызыл кан жуткан, Атбашыда Шалкымат, Таласта өлдү Кикимат, Өлгөндөрдүн кунун кууп, Келет экен деп уктум, Калдагай кулак Чойун алп, Кошулуп ага Темирбек, Алар келет тебелеп. Аз болсо келет сексен миң, Сексен миң аскер тосуучу, Менмин дечү кимиңсиң? Бастырамын мындан мен, Тажиктердин Дүйшөмбү, Өзү какас чөлдө экен, Калдагай кулак Темирбек, Экөө ошо жерде экен. Каймагың бузбай жайкын жат, Ошого барып мындан мен, Калдыраган калмакты, Тирүүлөй сүлдөр арбакты, Өзүм билип таратам. Кененим мындай дегенде, Ак калпак кыргыз чур этти: — Ата журт, Кеңкол, Таластын, Арбагы азыр Манастын, Бала күндөн бер жакка, Пайдасын элдин талаштың, Барбаган жериң калбады, Барган жерин соо койбой, Баарын жеңдиң балбаным. Жыргап жаттык кыргыздар, Кыйноого бизди салбадың, Кыргыз үчүн кырааным, Кымындай жанды кыйнадың, Жалгыз жүрүп жан кыйнап, Жакшы эле кызмат кылганың, Дүйшөмбүгө барам деп, Бүгүн айтып турганың. Жалгыз барсаң мындан сен, Жайнап жатса кыргыз эл, Жаныңда киши жок турса, Кыргыз тилин албайт деп, Өзүңдү шылдың кылбайбы, Ар качандан бир качан, Жата берсек жамбаштап, Бизди арбак урбайбы! Алпарбасаң арстаным, Аркаңан калбай чубайлы, Дүйшөнбү деген мынаке, Ат чабым жерде турбайбы, Бирөө эмес хан эки, Мурун тажик кыргызды, Жүргөн киши мааналап, Эми калмактарга барыптыр, Көзүн сатып сагаалап, Чындап шылдың кылбайбы, Жылбай жатып биз калсак. Калмактар айтып калбайбы: «Бөлүнүптүр алаштар, Кененим жалгыз калыптыр, Элине ээлик болалбай, Же жумшаса да кыргыздар, Койгон белем тил албай, Манастын сактап оорагын, Жалгыз жүрөт экен, — деп, Намысынан туралбай» Деп чуркурап ызы-чуу, Бөлүнүп чыкты бир четке, Мен барамын дечүсү. Санаты толду кырк миңге, Жайнап кыргыз кең түздө, «Болбойт экен кыргыздар, Барса-барсын» дегенсип, Өз ойунда Кененим, Келип калды кеңешке, Убаданы токтотту, Эми он күндө жөнөшкө. Калмактарды кет деди, — Эл-жериңе жет, — деди, Жолдоку элге катышып, Калба таап албагын, Андай кылсаң камалгын, Кененим тирүү мен бармын! Ооздорунда буркандап, Өпкөлөтүп теминип, Атына минип жөнөдү, Сууга түшкөн түнөөдөн, Көгүчкөндөй чокчоңдоп, Калмактар кетип тарашты, Мен барам деп өзүнчө, Келгендерди санашты, Кырк бир миңге толуптур, Кыргыздардын санаты. Атбашыда Бактыбай, Тынч алып үйдө жаталбай, Астыртан киши жиберип, Таластан кабар алыптыр, Калдагай кулак Чойун алп, Темирбекке барат деп, Бу да камын алыптыр, Болжолдуу күндүн санатын, Кошулмакка жолунан, Тосоттоп жолун калыптыр. Бактыбайдын аскери, Беш миң беш жүз киши экен, Кырк миң киши Кененим, Анжыдан карай жөнөдү, Чоң Анжыдан баралы, Кашкардакы калмактан, Канык кабар алалы, Алты шаар Кашкарда, Аралап анда жатабы, Же болбосо Чойун алп, Темирбек менен биригип, Жөнөгөлү жатабы? Келе жатса Кененим, Алдынан желек туу чыкты, Беш миң беш жүз киши айдап, Зор Бактыбай бул чыкты, Кененимге жол кошту: — Кечирерсиң абаке, Кеткен болсо биздерден, Алдыртан киши жиберип, Кабар алып сиздерден, Калдагай кулак Чойун алп, Кара нээт Темирбек, Как ошого барат деп. Абам менен барайын, Караан болуп берейин, Ойлогонум ушул кеп. Жана уктум кабарды, Таластакы кыргыздар, Калбай жүрөт экен деп, Бирге бар деп айтыпсыз, Бул түбүндө акыл кеп, Алжып карып өлгөнчө, Эчтеме көрбөй эмгиче, Үйдө жатты кыргыздар. Көзү менен көрүшсүн, Кызыл кыргын чуу кандай? Элдин тартып эмгегин, Четке чыккан эр кандай? Деп Бактыбай айтканда, Кененим кеби мамындай: — Эл өстүрүп эр болот, Эл болбосо эр болбойт, Элдин тартпай эмгегин, Эрмин деген киши оңбойт Эркине койдум бир катар, Койгун десем эл болбойт, Келипсиң сен да кол алып, Алакандай Анжыдан, Не кылабыз биз барын? Дүйшөнбүнү көрбөдүм, Көрбөсөм да билемин, Адам сейрек, жери аз, Тулаңы жок какыр таш, Каты багыт жердеген, Башкадабы андабы, Чойун кулак кайда экен? Котен, жеркен, кашкарлык, Кандай күндө калдыэкен? Лопнур, азык, аралда, Бары кыргыз аларда. Алар кандай болду экен? Ээ кылбастан Жоодарга, Тартып алган аларды, Не жорукка салды экен? Жакында кеткен бул жерден, Булар аман бар бекен? Кыпчакта жалгыз карыйа, Бала кезден бер жакка, Ат жалын тартып мингели, Мындай ишти көрбөдү, Жетимиш ашып жаш көрүп, Бүгүн кордук көргөнү, Көп кечигип турбайлы, Бачымдатып жөнөйлү. Кененимден кеп угуп, Жөнөдү кыргыз дуу койуп, Жаш балдары алышып, Түзгө келсе жарышып, Аргымак аттар алкылдап, Алоолонуп булкунуп, Табына келген аттары, Чабына батпай суурулуп, Кең багалек буулуң шым, Багалеги балкылдап, Асаба колдо калкылдап, Айбалта белде жалтылдап, Кылыч кында кыңгырап, Найза колдо зыңгырап, Боз кисе белде шалпылдап, Теке жаргак Сары шым. Жаштары кийген чыраштап, Байчечекей түрдөнүп, Баштарында ак калпак, Күн жааганда кийүүчү, Баарысында кементай, Ырдап көнгөн кыргыздар, Кыңгыранып туралбай, Жаагын жанып таңшанып, Ырдаганы дагы бар; Торгойдон бетер муңканып, Комузун алып колуна, Кыл тырмаган дагы бар; Коңур үнгө күү кайрып, Боортабы дагы бар, Сызгырылтып муңканып, Угуп калган кишиге, Кулагын төшөп тыңшатып, Чоор тарткан дагы бар; Кыйылдатып кыйкактап, Кыл кыйак тарткан дагы бар; Түн ичинде уктабай, Кумалагын артынып, Куржунга сала жүргөн бар; Канжыгалап чүкөсүн, Байланганы дагы бар; Падышасын баш кылып, Баатырына кайтартып, Кара аскерин тиздирип, Кеште ойногон дагы бар; Азык ичип ат чалган, Ар кандай жерде туралбай, Чатырашы дагы бар; Кара кашка куйушуп, «Ханым дат» ойноп жаткан бар. Ойноп-күлүп сырдашып, Буулугуп калган кыргыздар, Коконго барды колбушуп, Кокондун ханы жүрүптүр, Кененимди келет деп, Күндө карап жол тосуп. Коконго конуп калышты, Базарга балдар барышты, Уруксат кылбай чоңдору: — Барар болсоң төрттөн бар, Андан ашык барбаңар, Жакшы көрүп базардан, Буйум сатып албаңар. Барар жериң алыста, Анда кандай кыласың, Жооруп кетсе атыңар? Аксакал киши кезиксе, Эки колуң бооруңда, Урмат салам айтыңар, Базар деген көпчүлүк, Тийип кетсе кокустан, Эркек-айал, кары-жаш, Жаман айтып салбаңар. Кагынбагын силкинбе, Көпчүлүктүн ичинде, Этегиң кагып күбүнбө. Кызды көрсөң кылыңдап, Жубанды көрсөң шылдыңдап, Бучукту көрсөң бырбыңдап, Тазды көрсөң быйрыңдап, Тигиле тиктеп калбаңар, Артыңарда ушак кеп, Күпүрдү таап албаңар, Карың барсың, жашың бар, Акылың менен болгунуң, Айтканды угуп, жаш балдар. Насаат айтып Бактыбай, Базарга барчу элдерге, Уруксат кылып таратты, Желдеттерден канчасын, Аркасынан каратты, Андан кийин Кокондун, Билдиңби калмак кайда? – деп, Билгичтерден сурашты. Козубек анда кеп айтат: — Бала төрө Бактыбай, Байкап уккун, — деп айтат, Кикиматтын колунан, Темир капас торунан, Эр Кененим куткарды, Калмакты издеп барарын, Кеңеш кебин бизге айтты. Кутулуп калмак торунан, Аттанып биздер жүргөнбүз, Жылгындуу Кеңкол бойунан, Күндү түнгө уладык, Түк деп алып турбадык, Кеңеш кылып келатып, Арал, Азык, Лопнурга, Кашкар, Жеркен, Котенге, Кабар алып келүүгө, Бирден киши жумшадык. Азыгын анын мол бердик, Болжолдуу күндө кел дедик, Күнүн болжоп бергенбиз, Эми үч күндүн ичинде, Келет деп күйүп жүргөнбүз, Эртеңки күнү хан калбай, Элүү киши бүт келет, Калбай барып чогулуп, Жүдөтөлү тебелеп, Калмак менен тажиктин, Аксын жашы себелеп. Калдагай кулак Чойун алп, Бүгүн кайда экени, Ачык кабар боло элек. Эркин жатып канча жыл, Самаркан, Ташкен, Наманген, Алты шаар, Анжыдан, Испандан башка эл, Аштык сатып киши албай, Чирип жатат короодо, Көмбөй таштап ороого, Кысылып калар жери жок, Бир сапаркы конокко, Куйруктары жарылып, Козу жатат кобо албай, Соорусунан жарылып, Жылкы оонап кобо албай, Соңу жерге чубалып, Төөлөрү жатат басалбай, Үч күн жатып туралы, Эртең келген хандардын, Кеңеш-кебин угалы, Кеткендер келет аңгыча Андан кабар табалы, Андан кийин баарыбыз, Эр Кененим баатырдын. Кыл дегенин кылалы. Мен айтканым Бактыбай, Кулагыңа жагабы, Козубектен кеп угуп, Эр Кененим, Бактыбай – Экөө катар тең угуп, Кененим оозу бүлк этпей, Бактыбай айтат жөн кетпей: — Ар кайда киши чаптырып, Кабар табыш жакшы кеп, Чогулуп хандар келет деп, Бул айтканың кайсы кеп? Ар качан угуп көрөбүз, Кененим турат төрөбүз, Эл чогулуп дүбүрөп, Антип жүрүш не керек? Эгиним көп, ороо жок, Толуп жатат дүйнөм, деп, Эндегей жатып элебей, Кикиматтай айлыңа, Душман келсе тебелеп, Колу бутун байлатып, Кор болупсуң ченебей. Эр Кененим болбосо, Бооруңду жарып өт алып, Чечекей чегип көз алып, Койот эле Кикимат. Калат элең күн көрбөй, Козубек ага, сиз эмес, Баарың ошол болупсуң, Бир сапар келген шамалга, Үй алдырбай амалда, Түпкүлүгүн байкагын, Өзүңдүн карап чамаңа, Эл чекесин ар качан, Он күндө бирден чамала, Жата бербей тайрайып, Өзүң басып арала. “Карабаса мал кетет, Бакпасаң кетет катының” Токтобойт анан акылың, Көп болсо канча үпөндүк, Күн көрөсүң түбөлүк. Төрт айактуу тирүү мал, Кези келсе жоо алат, Кези келсе жут алат, Эгинди сакта, Козубек, Ошондо тирүү жан калат. Жаман киши ар качан, Кылганына мактанат, Элге келбейт эч качан, Сага келет жаман ат. Хан көтөрүп калдайып, Калкың турса сагалап, Курсагы ачып аш издеп, Ар кайда жүрсө сабалап, Сага болот ий наалат. Бүгүн эртең туралы, Кеткендер келсе алдынан, Ачык кабар угалы, Кайда болсо калмакка, Анан биздер жылалы, Деп Бактыбай токтолду, Унчуккан киши жок болду, Ошондой болуп Кененим, Чоң Коконго беш конду. Бир күн конок болгону, “Мен элүү миң кишилик, Коноктун камын кылдым” деп, Келген киши көп болду, Барган киши болбоду, Калган күнү кыргыздар, Жанынан сатып жеп конду. Калмактар мында келгели, Караңгы үйдө көрүнбөй, Көмүктө жаткан келин-кыз, Баары эркин болгону, Күнү бүтүп болжолдуу, Кабарчы келип болгону, Калбай келди кабарчы, Аман келди чабарчы, Хандар келди калдайып, Кененимди көргөндө, Көөндөрү өсүп барбайып, Көчөгө басып көрктөнүп, Курсактары чардайып, Кененимди көрсөк, деп, Эл чогулуп жардашып, Көргөнү менен укканын, Чабарчылар кеп салып, Козубектин чабарчы, Көбүрөөк айтат кабарды: — Кашкарга бардым мындан мен, Жоодар чалга жолуктум, Кебез тоонун кермеден, Таласка барып келгенден, Көрүшкөнчө өзүнө, Болгон ишти айттым мен. Кепке канып эр Жоодар, Мага айтты ал мындай: “Эл ырысы Кененим, Кененим менен көрүшүп, Кайтып мында келгемин, Жакшы менен жаманды, Таамай айрып билгемин. Туш-тушка киши жибердим, Темир суу, арал, азыкты, Кербенчиси калмактын, Конолго кылып алыптыр, Күн-түнү жок бергин деп. Алым салык салыптыр, Чыдайалбай алымга, Жукаргансып калыптыр. Лопнурга калмак барыптыр, Четинен тийип мал алып, Күндө бүлүк салыптыр. Котенге кеткен калмактан, Укпадым кабар айактан, Жеркен менен Кашкардан, Тажикке азык жеткир деп. Ар күнүнө беш жүз төө, Эгин артып чубаткан, Чыгыш жакка карата, Куландын сары сайына, Буйак жагы Дүйшөнбү, Темирбектин шаарына, Тарттырып жатат күнүгө, Эгинди койбой барынча” Жоодар абам айтышы, Калдагай кулак Чойун алп, Дүйшөнбүнүн шаарына, Кечээлерде жетти дейт, “Чыгышка тарткан эгинге, Жылдыз менен кетүүчү, Эчкиликтин белинде, Кызыл тайдын кыркууга, Жеркен дайра бойуна, Үч бөлүп жолун тостурдум. Чыгышка баскан төөлөрдү, Бирин нары бастырбай, Алып жатам калмактан, Колго тийген немесин, Сойуп жатам калмактан, Койбой тирүү немесин. Күн батышка басканга, Батынып бара албадым, Темирбек менен Чойун алп, Ортосунда калам деп. Ошо жагын карадым.” Мени кайта жумшады, Жоодар абам кайткын, деп, Менден уккан бар кепти, Кененим баштуу хандарга, Калтырбай баарын айтың деп, Уксаңар менден ушул кеп, Хандын баары калдайып, Карап турат далдайып, Жалгызектин Бактыбай, Айтат кебин камданып, Кененимди бир карап, Алдыңкы ээрдин жаланып: — Аман турат төрөбүз, Ажал жетсе өлөбүз, Колбуп минтип олтурбай, Туш тарапка жөнөйлүк, Наманген, Ташкен, Самаркан, Өз элиңе жаныңар, Жатып албай кеп келсе, Бадакшан, Балык, Испандын, Жолун тосуп калыңар, Кашкар, Котен, Жеркенден, Эгин артып жөнөткөн, Төөсүн тартып алыңар. Угуп жүргөн кабарда, Иран менен Иракта, Ачарчылык анда бар. Кара нээт калмактар, Темирбекке береби, Аларга сатып пайда албай? Кайра бергин Кашкарга, Түшүрүп төөнү сен албай. Аралап сага келгендер, Үч айдан ашык турбады, Бир жылдан ашып баратат, Калмактар келип тургалы, Котен, Кашкар, Жеркендин – Булардын эли куурады. Айдарлуу Жоодар абама, Козубек ага, өзүң бар, Элден алман алдырбай, Ошол жакты тосуңар. Калмактан келсе канчалап, Ачып жолду шар бергин. Жатып конуп өтүшкө, Алар десе шаар бергин, Кыскасы ага тийбегин, Жолун тосуп жолгошуп. Калмакча толук билгениң, Темирбектин шаарына, Токтобой айдап жибергин. Бөлүнүп элден кеткенде, Бел-белден ашар кездерде, Кайта артына каратпай, Сай-сайдын оозун тосуп кал, Аты-тонун тоноп ал, Айдап өзүн чогултуп, Бизден кабар болгунча, Жер айдатып шорго сал, Козубек, Жоодар агалар, Чыгыш жакка азыр бар, Чычканга кебек алдырбай, Жоокерлигиң билгизгин, Душманга сырың чандырбай. Лопнур менен Котенге, Убара болуп барбаңар, Ага барчу бизде бар. Кабарчылар барышат, Катыраң айта салышат, Кабар уккан калмактар, Калдайып анда туралбай, Чойун алпка барышып, Чогулуп өлүм табышат. Бактыбай кеби акыл, деп. Баары кетти макул деп. Наманген, Ташкен, Самаркан, Хандар өзү баш болуп, Жол-жолду тосуп барышты, Чычкан улак мал бербей, Жарым табак дан бербей, Бир ыштандык бөз бербей, Баарын тартып алышты. Колго түшкөн калмакты, Ал жетпеген суу чыкпас. Жер арыкка салышты, Бир күн кабар болот деп, Эр Кененим төрөнүн, Келерин күтүп калышты, Алты Шаар, Анжыдан, Кокондоку Козубек, Өзү менен жүз болуп, Жоодарга келди темселеп, Далай акыл Козубек, Бактыбайдан уктум деп, Унчукпады эр Жоодар, Кабыл алдык макул, деп, Козубек, Жоодар кары экен, Хандын оозун караган, Кынына батпай суурулган, Далай эрлер бар экен, Кебез тоонун керүүдө, Эки күн өрүүн алышып, Эки кары баш болуп, Аттанып жолго салышып, Хан Жоодарды көргөндө, Калктын баары чубашып, Жеркен менен Кашкарды, Калмактарга ээ кылбай, Заматта тартып алышты. Баш билгичин калмактын, Казган орго салышты, Карапайым калмакты, Кечкече кетмен чаптырып, Кечинде кишен салдырып, Төрт жүз киши жөнөттү, Төрт жердин жолун чалдырып, Жеркендин агын бойуна, Кызыл тайдын жолуна, Эчкиликтин белине, Азык, Арал жерине, Келгени болсо тийбеди, Бул сырды калмак билбеди, Шибе, манжу, кошулуп, Далай төөнү жиберди. Чыгышка адам баспады, Кайра баскан калмактын, Башын алып таштады. Минтип булар жатканда, Лопнур менен Котенге, Бактыбай киши жумшады. Жибергени аларга, Экиден төрт тың жигит, Мылтыкты жаза атпаган, Өлүмдөн башын тартпаган, Төртөө бирдей кыл жигит, Экиден кетип бөлүнүп, Хандарына көрүнүп, Бул жакта болгон иштерди, Хандарына билгизип, Калмактар камап жатычу, Ыштанына сийгизип, Көөнү өсүп хандар тирилип, Төлөжүп калды калдаңдап. Калмакча тилди бүт билген, Жигиттер барган аларга, Котен менен Лопнурда, Жаткан калмак чоңуна, Өзү билип жазышкан, Каттарды берип колуна: “Араң келдик силерге, Биз турбайбыз бул жерде, Жиберген бизди Чойун алп, Катар өлүп жоголду, Шалкымат менен Кикимат. Кысып калды туш-туштан, Кыргыз деген кызталак. Тайанчым бар Темирбек, Ачуум келди меники, Кыргызды кырам тебелеп, Көптө өлгөн жакшыраак, Мында туруп өлгөндөн.” Айтып туруп жиберген, Калдагай кулак Чойун алп, Кептерин булар айтышты, “Бир күндөрү болгондо, Аларбыз кийин буларды, Чогууга барып туралы” Деп калмактар кайтышты. Калмак качты куугун, деп, Хандар кабар салыптыр, Калбай баары козголуп, Лопнур менен Котенден, Бир калмакты кетирбей, Таптакыр талап алыптыр. Кангайдагы калмактан, Шибе менен манжудан, Кошулуп солон арадан, Белсенип чыккан булардан, Белдүдөн болду беш адам. Каңгайдагы калмактан, Кармап он миң кол болду, Шибе, Солон, Манжудан, Араң беш миң болгону. Баштаганы беш баатыр, Он беш миң аскер келиптир, Кабарды анык алышып Козубек менен Жоодарга, Айтып жетип барышып, Он беш миң аскер, беш балбан, Төрт уруктан чогулуп, Чойун алпка келаткан, Кабарды толук алышты, Кайсы жолго салышты, Кеңешкыла калышты: “Ашыралы Чымкентти, Катыралы шорун бир, Тосуп туруп кептешти, Кашкарга мурун хан болгон, Калмактан буга кат жазды, “Аркадан келген ким болсоң, Кашкар менен Жергенге, Аралабай бул элге. Чымкент ашкын”деп жазды. Тапшырып катты алышты, Чымкентти өрдөп басышты, Алдындакы туу белден, Аркасында кептештен, Кыргыздар тосуп жатышты, Алды-артынан калмактын, Мылтык атып, жаа тартып, Жарым күнү атышты, Кээ бир калмак көрүнбөй. Тоо аралап качышты, Тоодо элүү үйлүү бар, Алтын алып алданып, Тонун алып жалданып, Отузча калмак катышты. Кутулуп калды ал бойдон, Кеткени жок жерине, Жете албады элине, Сарттан катын алышты, Ошолордун балдарын, Сарт калмак деп айтышты, Айтылган кептин теги бар, Сарт калмак деген эли бар. Чеп болуп Кашкар шаарында, Козубек Жоодар жатыптыр, Чыгыштан келген калмактын, Чындап шору катыптыр. Шалкыматтын элдерин, Айдатып ийген Бактыбай, Көргөн-билген иштерин, Куландын сары сайына, Барып калмак айтыптыр, Кабар уккан калмактар, Батыш жакты карабай, Тескери карап жатыптыр. Кикиматтын элдери, Артынан улай келгени, Ашкере болду көп элге, Кикимат менен Шалкымат, Катар өлүп кеткени. Муну мындай таштайлы, Кененим менен Чойун алп, Кепти айактан баштайлы. Кексе капыр Чойун алп, Темирбекке кеп салат: — Ээ, Темирбек жолборсум, Каралдуу болоор жолдошум, Эп келеби сага айтсам, Мен бир акыл ойлоймун, Кикимат менен Шалкымат, Эмгиче кабар жок турат, Жалаңгыч сары Кененим, Жан алуучу ок турат, Коросон менен испанда, Кол артылар жер турат, - Коросондо Дабытай, Кыргызда мунун дарты бар, Ичинде жүрөт от күйүп, Сыр чыгарып айталбай, Балбаны бар кесилет, Беттешип барган бенденин, Беймаал башы кесилет, Артыкча угам адамдан, Башкача угам балбандан. Коросондо жүз төө бар, Үстүндө жибек чайы бар, Тартууга берип мал-пулду, Дабытайды чакырта. Дабытай келбейт тил алса, Кесилет келет биз жакка, Кененимди жеңебиз, Ошондой кылсак биз анда, Испандакы Ачакан, Баарыдан артык, мен угам. Укмуштан уккан кабарда, Ооганга Манас барганда, Жардамга келип Ооганга, Бойолгон канга деп угам, Жүз сексен төө анда бар, Калмактардын элинде, Андай малдар сайда бар, Кыргызды алсак кыйратып, Андай малдан нечени, Жатып конгон жайда бар, Бир жүз сексен төө берсек, Андан артык пайда бар, Деп Чойун алп айтканда, Темирбек турду керсейип, Тиктеп калып чекчейип: — Ой Чойун алп, сырдашым, Мен көргөмүн неченди, Көрбөдүм кылдат сенчелик. Куйрук керек конорго, Канат керек учарга, Жаныбыздан бербейбиз, Кыргыздын малын беребиз. Тилимди алсаң Чойун алп, Кара калпак түркмөндү, Коросондун четинде, Жедигер бар жээктеш, Ошолорду беребиз, Алардан алып бул жерге, Дүрбөтүп кайдан жүрөбүз, Экөөбүздөн кат барса, Кечикпестен бат барса, Токтобой келет Дабытай, Кыйышпай турган жерим бар, Дабытай менен Темирбек – Биз болобуз жээнтай. Испандакы Ачахан, Кайраты көптү жапырган, Энеси тажик деп угам, Туугандыгын мен жазсам, Төөлөрүңдү сен жазсаң, Турбай келет эки хан, Ким албасын олжосун, Колго тийсе кыргыздан. Манастан бери карата, Кыргызга дүйнө жыйылды, Чыгарбады тыш жакка, Жылдырбай жалгыз бир кылды. Кыргыз уруш кылбаган, Кылычты канга жуубаган, Кан акпаган сай барбы, Кыргыз балта чаппаган, Кокту-колот адырда, Кыраңда кайың тал барбы? Кыргыздын аты барбаган, Кырчак таштуу жер барбы? Манастан бери карата, Кыргызды жеңген эл барбы? Эрегишип кыргызга, Өлбөй келген эр барбы? Кулак угуп көрбөгөн, Жер бетинде мындайды, Биз турбайлы кечигип, Жүдөтөлү кыргызды, Тепсеп шайын кетирип. Коросон менен испанга, Кат жазып киши жумшайлы, Күн өткөзүп малайдай, Айды санап жатпайлы. Кикимат менен Шалкымат, Алар барып кыргызды, Калба салып жаткандыр, Эндегей жаткан кыргыз эл, Капсалаң түшүп жаткандыр, Карбаластын үстүнөн, Капташалы биз барып. Темирбек менен Чойун алп, Хан кептенип кат жазып, Коросон менен испанга, Бештен онду атказып, Кеңеш менен кат жазган: “Келип калсаң эки хан, Таласка баргын, — деп жазган. Таласты талкан кылалык, Сапырып ийип кыргызды, Дене кул кылып тыналык. Дабытай менен Ачакан, Корооңордо төөлөрдү, Жүк-тагы менен баарын ал, Таласты талап алганда, Табылып калган олжонун, Азын албай көбүн ал. Манастан бери карата, Кыл чыгарбай жыйнаган, Кыргызда бар алтын зар. Үч бөлөлү кыл жара, Бирден эки бөлүгүн, Ээ болуп экөөң ал, Сулуудан тандап кызын ал, Жез оймоктун узун ал, Жону туйук нарын ал, Нарга жүктөп зарын ал, Суу төгүлгүс жоргону ал, Сулуулар кийчү торкону ал, Байге бербес күлүк ал, Алгыр тайган итин ал, Эшме канат кушун ал, Андан кала бергенде, Кара калпак түркмөндү, Жедигерди кошуп ал” Деп жазышкан мал жактан. “Темирбек менен Чойун алп, Кабар кылбай кетти, деп, Таарынчы бизге кылбаңар, Кыргыздарга карата, Ич көптүңөр кыйла бар. Ооганга Манас барганда, Короолош коңшу испандан, Жардамга барып көп адам, Көбү өлгөн кыргыздан. Коросондун элинен, Кыргыз атка мингенде, Бөлүп алды четинен. Бараң менен шаңкайды, Чүрчүт менен жуданы, Жедигерди дагы алды, Ат жетер жерге кыргыздар, Бүлүк салбай калбады. Муңгул менен кытайга, Шибе, солон, манжуга, Өчүгүшүп ошого, Бейжинге чейин барганы, Кененим атка мингели, Күн батыштын тарабын, Тынчын алды булардын, Бизден мыкты батыштын, Кабарын жакшы угасың. Барар болсоң, бек заттар, Айыңды айтып күн болжоп, Буларды кайра жумшагын, Сиздерден кабар келгинче, Биз турабыз бул жерде. Алты шаар, Анжыдан, Наманген, Ташкен, Самаркан, Кикимат бар ал жерде, Кетментөбө, Кең жазы, Нарын, Жумгал, Атбашы, Шалкымат бар ал жерде, Азык, арал, Кең Кашкар, Жеркен биздин колдо бар, Котен менен Лопнурда, Биздин кошуун кыйла бар. Торгодук жолун тосоттоп, Кыргызды карай бастырбай” Деп жазышып каттарын, Коросон менен испанга, Жумшап ийип адамын, Тайрайып булар жатканда, Барабыз деп Таласка, Камынышып атканда, Кырк беш миң беш жүз кол менен, Кененим жүрдү жол менен. Аркайган тоону аралап, Дүйшөнбү кетип баратат, Анжыдан менен барганда, Ортосунда чөлү бар, Төөдөн башка мал жүрбөйт, Какшыган чөл ушундай, Шабыркандын сайы бар, Ашар бели дагы бар. Арыбас тулпар чалыгар, Эринбес киши талыгар, Ээн какыр ушулар, Кабагын бүркөп муңайбай, Кетип барат кыргыздар. Дүйшөнбүгө беш күндүк, Жакын калган арада, Учурап калды кырк киши, Чалгында жүрүп аларга. Байкап жүргөн Бактыбай, Кеп сурарга буларга, Жолдо киши жолукпай. Элесин көрүп бир жерден, Бөлүнүп өзү көп элден, Тосоттоп жолун карады, Чалгындагы кырк киши, Булар көрүп караанды, Дүрбүлөрүн салышып, Мыктап тиктеп карады, Бир киши келет жапжалгыз, Сын-сыпатын билалгыс, Ыдыгына жан чыдап, Айбатына туралгыс. Бир-бирине айтышты: — Кененим деген кишини, Көрбөгөнбүз, укканбыз, Мингени тоодай аргымак, Толук тулпар көрүнөт, Тогуз ай минсе арыбас, Өзү толук көрүнөт, Тогуз күндүк чабышка, Маңдайы тердеп талыкпас, Тайындуу киши экен бул. Көрүнбөй тосуп жаталы, Көрүп калып катышса, Очогор менен аталы, Анык дайнын билгенде, Темирбек менен Чойун алп, Анан барып айталы. Алар антип жатканда, Непак көргөн Бактыбай, Ойду-кайкы бастырып, Төө караган немедей, Аңды бойлоп алыптыр, Качар жерин калтырбай, Жакындан чыга калыптыр, Көрө салып кырк киши, Аттарына жабылды, Токтогунуң минбе, деп, Эр Бактыбай бакырды, Бир далайы булардын, Акылынан жаңылды, Ажал жеткен экен, деп, Азарланып сабылды. Каш ымдашып алдыртан, Баары жалпы жаа алды, Жаа алганын көргөндө, Бактыбай жаны карарды: — Алгын жебе мойнуңдан, Жааңды ташта колуңдан, Тил албастан катышсаң, Үмүтүң үзгүн жаныңдан! Үнүн угуп апкаарып, Анча-мынча немеси, Жыгыла жаздап тас калып, Шилтелбей буту темтиреп, Баары турду калтырап, Кеп кылалбай турушту, Айбатынан жазганып, Коркуп турат баарысы, Кетеби деп башты алып. — Баш кишиңер кимиңер? Бери жакын келиңер. Сүйлөп көрчү билейин, Ким экенсиң тилиңер, Бирөө барды жакындап, Салам айтты сакундап . — Кайдан келген калмаксың? Кайсы жакка бармаксың? Мен угам айткын максатың. Деп сурады Бактыбай, Унчукпай койор айла жок, Сүйлөп кирди балдырай: — Биз чыгыштан келгенбиз, Дүйшөнбү деген жерденбиз, Тажик деген элденбиз, Өзүбүз калмак элденбиз, Чойун алп жиберди, Эми калган иш болсо, Тажиктен сурап билсеңиз. — Тажик, калмак аралаш, Эки урпактан келдиңби? Аны сенден сураймын, Айтпасаң да билинди. Тажик менен калмактан, Бирден кишиң келгин, — деп, Экөө басып келгенде. — Чойун кулак, Темирбек, Эмне кылып жатышат, Чынын айтып бергин, — деп, Чыныңды айтсаң жаның бар, Өлбөй тирүү калдыңар, Көргөнүң менен билгениң, Чоңуңа айтып барыңар. Тажиктердин ичинде, Чыныбай деген бар экен, Тили кыйла так экен, Калмактарга карата, Ичинде кеги бар экен, Башта Чыныбай элинде, Төрттүн бири ал экен, Чойун кулак келгели, Аркадан калган чагы экен, Ан үчүн ичке сыр түйүп, Айталбас жайы бар экен. — Жолдо карап турушту, Тапшырган болчу биздин хан, Өзүңүз кандай кишисиз? Кабар уксак сиз жактан, Мейлиң ишен, мейлиң кой, Андан кийин какшасак. Бактыбай айтат мындай кеп: — Сурасаңар уксак деп, Таластан келе жатабыз, Чойун кулак, Темирбек, Мүшкүлдү катуу салсак деп. Кикимат менен Шалкымат, Катарынан жайладык, Кылычты канга майладык, Азык, Арал, Лопнурду, Кашкар, Жеркен, Котенди, Колубузга алганбыз. Шибе, Солон, Манжудан, Кошулуп ага муңгулдан, Беш баатыры баш болуп, Он беш миң аскер келиптир, Чымкенттен белин ашырбай, Талап алды кыргыздар, Кененим келди кол баштап, Мен Бактыбай келатам, Астына түшүп жол баштап. Калдагай кулак Чойун алп, Тажиктердин Темирбек, Эми кайда кутулат? Аркасына качарга, Ашуунун баарын биз алдык, Таласка кылбай убара, Тосо келип биз калдык. Беттешип чыкса белсенип, Бет алдында биз барбыз, Кетер чама калган жок, Жанын бизден куткарып. Элчиликке келишсе, Эбин жана табабыз, Эрегишсе эрдемсип, Өзөктөн канын жайабыз, Кармалып калса Темирбек, Кутказып аны алабыз, Ырас болсо калмакка, Баш калкалап киргени, Шаарын кошуп чабабыз, Жаттап алгын унутпай, Өз элиңе барганда, Төкпөй-чачпай айтып бар, Бизден уктуң бар кепти, Өз кебиңди айта сал. — Атыңыз болсо Бактыбай, Менин кебим мамындай, Чойун алп менен Темирбек, Жатканы жок камынбай, Коросондо Дабытай, Кыргыз, сенде кеги бар, Жүз нары бар калмактын, Жонунда жибек чайы бар, Дабытайга тартылды. Кара калпак, түркмөндүк, Бараң, Шаңкай, Жудалар, Соогасына айтылды, Дабытай өзү келалбайт, Кесилет келет бул жерге, Кутулуп андан жан калбайт, Кененим менен Бактыбай, Теңдешип алың келалбайт. Испандакы Ачакан, Кайраты артык мыкты жан, Коросон, Ооган, Индустан, Булардын эли мактаган, Бир жүз сексен комдуу нар, Жонунда жүгү дагы бар, Ачаканга арналып, Бермек болгон жайы бар, Темирбекке Ачакан, Жээндик жайы дагы бар, Дабытай менен Ачакан, Келе турган чагы бар, Кайра кеткин тил алып, Бекер кыргыз бабырбай. Бештен кеткен он элчи, Үч күн менен беш күндүн, Арасында бул жерге, Келе турган маалы ал. Баштан айак калтырбай, Чыныбай айтты сөзүн жай, Кароолчуну чогултуп, Айдап алды Бактыбай, Тарап качып кетет, — деп, Аттарына сарпоштоп, Байлап алды Бактыбай. Тизгин менен чылбырын, Ат мойнуна түрдүрдү, Укурук берип колуна, Ал Чыныбайга сүрдүрдү, Алып барып Бактыбай, Кененимдин астына, Тобу менен түшүрдү, Бактан-тактан айтылган, Кепти айтып бүтүрдү, Кепти угуп Кененим, Ачык айкын түшүндү, Эмне кылсаң кылгын, деп, Бактыбайга өтүндү. Жалгызектин Бактыбай, Акылы бар ар кандай, Өзөндүү жерге кезигип, Өргүтүп элди түшүрдү, Кароолчунун барысын, Колу-бутун кишендеп, Эки күнү күтүндү, Жигиттердин ыктуусун, Иш кылалчу мыктуусун, Ар тарапка таратты, Коросон менен испандан, Келер жагын каратты. Эки күндүн ичинде, Чойун алп менен Темирбек, Алыска барып келаткан, Элчилерин карматты, Алардан укту бар кепти. Быйыл кышты чыгарып, Көк чыкканда келмекчи, Кошуунду козгоп көчүрдү, Ортодон бир күн өткөрдү. — Кароолчу, элчи кайт, — деди, Эмне угуп көрсөңөр, Баш кишиге айт, — деди, Таранчыдай чурулдап, Кароолчу, элчи кайтыптыр, Көргөн-уккан кептерин, Кайран Чыныбай айтыптыр: — Чойун алп менен Темирбек, Оорагыңар ашыптыр, Көтөрө чалып сүрдөнтүп, Чыныбай кулуң айтканда, Экөөңдүн атың укканда, Коркконунан баралбай, Эки күнү жатканда, Элчилер келип капташып, Тыштан кабар укканда, Чындап эси чыкканда, Качан болсо өлдүк, деп, Шүмшүйүшүп келатат, Тетиги арка жактарда. Коркпосо кыргыз неткени, Угулуп турчу ар качан, Кененимдин кептери. Кайда болсо Кененим, Жалгыз башы баруучу, Жалаңгыч сарык ат алып, Жалмап сүрүп жануучу. Бактыбайды котчу алып, Кырк беш миң беш жүз кол алып, Үлдүрөп араң келатат, Антип-минтип карпаңдап, Кол башкарган Бактыбай, Кененим дени өлүптүр, Оозунан жалгыз кеп чыкпай. Чоң калмак айтат: - Ой, Чыныбай, Оозуңа сенин кеп жукпай, Кебиң менен алдайсың, Түлкүлүк кылып менден сен, Кутулуп кете албайсың. Бактыбайга кеп салсаң, Кароолдун кебин салбастан, Элчини кошуп айтыпсың, Ошол кебиң ал кандай? Амалы канча кыргыздын, Атымды угуп жалтанбай. Сенден угуп кабарды, Бактыбай ойлоп амалды, Эки күнү жол тосуп, Элчилерди кармады, Келер жылы келет деп, Санаасын басып алганы, Шалкымат менен Кикимат, Эси жоктой иш кылып, Алар өлүп калганы. Акыл менен иш кылып, Мен өңдөнүп албайбы! Мындай айтып Чойун алп, Чыныбай уруп чыңыртып, Сабаарына калганы, Карбалас түшүп бир жакта, Лопнур менен Котенден, Качкандардан барганы, Чойун алп менен Темирбек, Бузулуп өңү саргарды. Кайран Чыныбай комдонуп: — Унутупмун, Чойун алп, Дагы кебим калганы, Шибе, солон, муңгулдан, Кошулуп ага манжудан, Он беш миң аскер беш балбан, Саа жардамга аттанган, Жоодар менен Козубек, Чымкенттке камап бүт алган, Темирбек экөөң айтыңар, Манастын укум тукуму, Ак калпак кыргыз балдары, Качан жоодон жазганган? Мааналап келдиң тажикти, Чойун алп ченеп мактансаң. Коросоңго жалындың, Испанга барып зарылдың, Күпүлдөйсүң кулдурап, Байкасаң болот алыңды! Чойун кулак алпты деп, Чыныбайды барып Темирбек, Төрт-бешти салып жиберет, Ал ошондон Чыныбай, Күүгүм кире күдүңдөп, Айлына качкан кептенип, Кыргызга барды бүжүрөп, Бактыбайга кеп салды, Бар абалын күбүрөп. Чыныбай менен короолош, Бир жүз сексен үй экен, Таш коргонду бет алып, Качып кетти дүбүрөп. Андан бери карата, Тажикке барып кошулбай, Бөлөк болуп жүрүшөт. Калдагай кулак Чойун алп, Темирбекти чакырат: — Мен муңгулдан, сен тажик. Мынабу келген Кененим, Экөөбүзгө тең шерик. Жер түгөткөн Кененим, Адыр койбой кыдырып, Эл түгөткөн Кененим, Найза сайып, кылыч чаап, Ар жылында кан жалап. Кан түгөткөн Кененим, Калгандын башын маң кылып, Эр түгөткөн кененим, Элдин башын маң кылып, Түгөтпөсө неткени. Темир тондууШалкымат, Жез киндиктүү Кикимат, Катар өлүп кеткени. Экөөбүз турсак жанаша, Кененим тирүү кетеби? Испан менен Коросон, Кутулбайт кыргыз ошондон. Жекелешип сайышып, Күч сынашып көрөлү, Көмө сайып таштасак, Ак калпак кыргыз болгонду, Дене кул кылып бөлөлү. Жыгылгалы баратсак, Тар кыйага ор казып, Аралашта тор салып, Амал кылып көрөлү, Айла тапса амалга, Коросон менен испанга, Качып барып көрөлү. Тажиктердин Темирбек: — Жөөлүгөндөй темтиреп, Бул айтканың кандай кеп, Бир беттешип жүз келбей, Келер иштин камын жеп, Мен качпаймын дегеле, Качмак тургай Кененди, Байлап келем мен эле. Кол салышып кыргызга, Катышым менин жок эле, Азгырдың мени сен эле, Алтымыш уруу алаш деп, Бирге келген эл эле. Айныйт экен деп калба, Сөзүмдү бузбайм дегеле. Кыргыз колдуу мен өлсөм, Кыргыз, тажик – эки урук, Агарышпайт дегеле, Түпкүлүгү эң жаман, Так кыйамат болгунча, Кызыл канга бөлөнүп, Кырылышат жөн эле, Жалгыз уулум Көкбөрү, Ат жалын тартып мингенде, Атышып барат жөн эле, Кыргыз ээсиз калабы, Калчаңдабайт ал дагы, Кылчылдашып эки урук, Кылычты канга жуубайбы, Жок кепти салып олтурбай, Жоо, жаракты кылдайлы, Оодарылып калбаска, Ат жабдыгын чыңдайлы, Чыгып кетти Темирбек, Жарабады кебим, деп, Чойун кулак кеңгиреп, Ачып оозун эстенип, Мас болгон нардай зеңгиреп, Келин каштап таң сүрдү, Ак көйнөктөй делбиреп. Калдагай кулак Чойун алп, Уктатпай элин тургузуп, Кулак мээни тундуруп, Барабанын ургузуп, Желегин жерге жапырып, Бол, аттан! деп бакырып, Ажал алып жакадан, Сүйрөп турат шаштырып, Баштап чыкты бадырек, Касаба туусун жайылтып, Барабан үнүн укканда, Барлык тажик козголду, Темирбек баштап тажикти, Өзү бөлөк топ болду. Чойун алптын элинде, Үч баатыр бар болучу, Биринин аты Бадыра, Беттебейт бенде капырга. Бастырып чыкты чекеге, Күрөөкөнүн сыртынан, Мөшкөй кызыл жамына. Бактыбайдын Сүйүнү, Баштатан бери тобуна, Маалым болчу түйшүгү, Күн тийгендей жаркырап, Күлүмсүрөп бастырды. Бадыра, Сүйүн барышып. Баатырлар найза сунушуп, Күн күркүрөп жаткандай, Бадыра чочко бакырып, Калдайлап ураан чакырып, Катуу тийди бадырек, Сүйүндү беттеп чакырып, Мындайын көргөн канчасын, Кетпейт Сүйүн шашылып. Келе жаткан Бадыра, Алоолонуп бетинен, Жалын чыгып жаткандай, Бир белгисин караса, Кара нөшөр жаандай, Кабагы карыш чүмкөлүп, Капкара болуп түмпөйүп, Кара жанга күч келип, Баатыр Сүйүн Илегер, Бет алганга кеменгер, Бирин-бири сайдырбай, Найзаларын кагышты, Бир беттешип жатышты. Кайра айланып киришти, Чамалашып бир-бирин, Абалдарын билишти. Жан алуучу бакырык, Жан айабай качырып, Тандамал күлүк аттары, Топуракты сапырып, Ирмебей көзүн тиктешип, Эми өлдүк шүк дешип, Ачыгы жок кемир тон, Найзанын учу такылдап, Туулгага балта тийгенде, Таш чапкандай чакылдап, Күн кечкирип ангыча, Кош-кошуна кайтышты, Кайгуулчу, изчи жол сактап, Калгандар жатып уйку уктап, Агарып аппак таң атты, Барабандар кагылып, Сурнайдын үнү жаңырып, Аскер атка жабылып, Эң алдында Бадыра, Жекеге чыкты чамынып, Сыртынан кызыл жамынып, Кечээкиден бүгүн сүр, Караганга таанылып, Ак жал сары ат минип, Кыл куйругун шарт түйүп, Күрөөкөнүн сыртынан, Буладан олпок тон кийип, Найзасынын учунан, Жалындаган от күйүп, Кылдай кызыл бир жанды, Кылга байлап таштады, Кыргыздан Сүйүн басканы, Майданда турган калмактан, Жалттангансып качпады. Манастап ураан чакырып, Ач кыйкырык бакырып, Алдында минген сары аттын, Артындакы тозоңу, Жөө тумандай жазылып, Каарданып эр Сүйүн, Катуу тийди жапырып. Карап турган Бадыра, Эр Сүйүндүн найзасын, Камынып турат кагарга, Машы чыккан Сүйүндүн, Ылаачындан шамдагай, Жандай тартып кактырбай, Как туурага келгенде, Найзадан өтө бергенде, Капка тоодой калмакты, Карчыттан туура муштады. Соотторун тоздуруп, Олпокторун боздуруп, Бөйрөккө тийди аралап, Ат күүсү менен өткөндө, Суурулуп найза кеткенде, Кан куйулуп салаалап, Бадыранын капталы, Жол-жол болуп талаалап, Тунарган көзүн ача элек, Турганда калмак темселеп. Жана Сүйүн жеткени, Тоодой болгон чочкону, Тоңкойто койуп өттү эми. Тоодой болуп кулады, Топого башы шурдалды, Кындан тартып кылычын, Сүйүндүн көрчү кылышын, Шилиге тартып жиберди, Кайдасындай чоң башты, Чачынан кармап сүйрөтүп, Шер Кенендин алдына, Алып барып таштады, Алып келип Бактыбай, Үстүнө кызыл жапканы. Жапкан тонду байкады, Турган кыргыз таң калды, Кара кыргыз калкына, Хандык менсеп тапканы, Ажыңа бийлик бергенде, Манас жапкан алтын тон, Сүйүнгө хандык берерде, Кененим менен кеңешип, Бактыбай жапты алтын тон. Бадырадан өөдөрөөк, Татан деген балбаны, Калдагай кулак Чойун алп, Өзүм менен тең дечү, Бул кутурган наданды. Таталаңдап барбайды, Бөлүнүп саптан чыкканда, Жарты тоодой дардайды. Кара ташты муштаса, Чак этип кайра жанбаган, Кандуу найза карманды, Майданга келе жатканда, Кененим көрүп таң калды. Салкыны желдей зыркырап, Жалыны көздөн шыркырап, Алдында минген тулпары, Учкан куштай дыркырап, Туйагы тийген канча таш, Кумдай тозуп быркырап, Каңгайлап ураан чакырып, Майдандакы Сүйүнгө, Жаман тийди жапырып, Кыргыздын кыраан жолборсу, Кылт этип койбойт шашылып. Манастап ураан чакырды, Мөөкүбалдуу найзасы, Бу да булгап качырды, Найзаларын кагышты, Жана айланып сайышты, Бири калмак, бир кыргыз, Кең майданда табышты, Шашыкеден кечкече, Талыкпастан салышты, Билектерин түрүшүп, Этектен түрө кармашып, Бардык күчүн арбашып, Бирине –бири жармашып, Кошулган талдай чырмашып, Оодарыштан амал жок, Олпок менен күрөөкө, Дал-дал болуп калган жок, Ойрон Сүйүн турбады, Одурайган калмакты, Оройлотуп урганы, Баш көтөртпөй калмакты, Басып карап турганы, Эрдемсип Сүйүн урганда, Колундакы балтанын, Көзөөсүнөн сынганы. Көздөрдөн балта жарылып, Найза алгынча камынып, Ороңдогон калмакка, Убакыт жакшы табылып, Кандуу найза өткүр миз. Кара ниет калмактан, Эр Сүйүнгө сайылып, Карчыганын балык эт, Сөөм жери жарылып, Үзөңгүдөн бут тайып, Ээрден көчүк кылтайып, Ооп барып жыгылды, Аксаргылдан кыйшайып, Сапта турган Бактыбай, Таакат кылып туралбай, Топчу кулак кер менен, Жарышкандай жел менен, Теңдешип келген Бактыбай, Үйөөр аккан сел менен, Ур дедирбей жеткени, Жыгылган аттан Сүйүндү, Куткарып алып кеткени. Колундагы кишисин, Алдырып Татан компойуп, Бактыбайдын артынан, Бадырек барат чу койуп. Сапта турган кыргызга, Киргизип ийип Сүйүндү, Кайта артына айланды, Каар төгүп бетине, Адам уулу карагыс, Бактыбайдын түсүнө. Утур келген Татанды, Кагып ийип найзасын, Сайып көнгөн Бактыбай, Андай дөөдөн канчасын, Кайра айланып толгонду, Тоодой калмак Татанды, Как далыга бир койду, Тоңкойуп татан жыгылды, Кангайлардын Салабы, Минген атын сабады, Татандын башын кестирбей, Бактыбайга күү менен, Салап найза салганы, Оңолуп баатыр Бактыбай, Салапка карап кылчайбай, Мине албай атка салаңдап, Коркуп көзү алаңдап, Үзөнгүнү тебе албай, Көөдөндөп тийип атына, Күнгүрөнүп жатканда, Туулга жок жылаңбаш, Кодойуп турган башына, Ооз омуртка тушу, деп, Өлөр жери ушу, деп, Мойун эттин тушуна, Болжоп муштап өттү эле. Ооз омуртка айдары, Отуз канча жарылды, Татанга өлүм табылды. Атайын келген чоң Салап, Ажыратып алалбай, Эми карап туралбай, Бактыбайга жеткени, Топчу кулак кер аттан, Аңтара койуп өттү эми, Өзү албан кыргызы, Ажыбайдын уругу, Уругу эле турмайлык, Кыргыздан туулган тукуму, Атыкыр баатыр чуу койду, Бактыбайга баргызбай, Тоодой Салап капырга, Найзалаша кеткени. Нары өтүп бир сайды, Бери өтүп бир сайды, Тоодой Салап ошондо, Мойнун толгоп кылчайды, Найзасын кармап имерди, Атыкырдай баатырды, Капталга муштап жиберди, Салаптан найза жетиптир, Мыктысынган Атыкыр, Аттан учуп кетиптир. Жалгызектин Бактыбай, Кылча жанын айабай, Камчы берип кер атка, Найза сайды Талапка, Ангычакты Атыкыр, Ыргып минип сур аттка, Кылчайып артын карабай, Жүрүп кетти кыргызга. Бактыбай, Салап беттешип, Жан алышты жиктешип, Кандуу найза кармашып, Калтырбай күчүн арнашып, Майдандын ичи чаң болуп, Топурак учуп уйулгуп, Тозоң учуп асманга, Асман ачык, жер бүркөк, Көз жеткен жерлер көрүнбөй, Ачык болбой күдүңдөп, Салап менен Бактыбай, Салгылашып күжүлдөп, Кош жаңырык бакырык, Чак деген үндөр угулса, Жерге жалын чачылып, Күркүрөшүп күч менен, Күүлөп найза сайышып, Чарайнага тийгенде, Найзанын учу такылдап, Туулгага чапканда, Балтанын доошу чакылдап, Кылыч менен чабышып, Ажыраша бөлүнүп, Ажыдаардай көрүнүп, Артынан чаңы сөгүлүп, Оң айланып бурулуп, Одураңдап урушуп, Сол айланып турушуп, Сонун башка урушуп, Соотторун булушуп, Олпокторун жулушуп, Курчанган белге кабаттап, Чынжырдын баары кырчылып, Торгой көз темир бадана, Талаа-талаа жыртылып, Жердин бети тилинип, Таштын көбү кум болуп, Бошоңураак боз таштар, Талкаланып жоголуп, Томорулуп нечен чий, Карарып көбү торойуп, Жер астынан кем бир таш, Башы чыгып соройуп, Дөбөлөнүп топурак, Орто жери коо болуп, Дөңсөө жерлер түзөлүп, Адам эмес кара жер, Мына минтип күч келип, Күн кеч кирип, түн келип, Жай-жайына жатышып, Таң агара басышып, Бактыбай, Талап табышып, Айал-үйөл кылбастан, Ана-мына дебестен, Найза күүлөп урушуп, Күркүрөтө сунушуп, Колтуктарын чойушуп, Жан айабай койушуп, Чокморлошуп чабышып, Чокулата салышып, Сонун уруш бул экөө, Кийгендери булардын, Соот менен күрөөкө, Эрмин деген нечендин, Ашы барбай жүрөккө, Кызык уруш кезинде, Кыйамына Салаптын, Келе түшкөн мезгилде, Кыйкырыгы таш жарды, Күркүрөгөн чоң калмак, Бактыбайдай баатырды Көмө сайып таштады. Бактыбай аттан жыгылды, Топого башы тыгылды, Байкап турган Атыкыр, Ат койуп жетти Салапка, Заарын Салап салыптыр, Салбаганда неткени, Кыйкырып келген Аткырды, Аңтара койуп өттү эми. Кыргыздардын элинде, Кыраандын бири ал эле, Балта деген бар эле, Басташканды басуучу, Касташкандуу жеңүүчү, Сайышка чыккан нечен жол, Сайдырып Балта койбогон, Мөөрөйдү Балта көп алган, Беттешер жерде кыргыздар, Балта бар деп кадыр жам. Эки кабат бадана, Кийип жүрчү ал Балта, Беш миң топко аралап, Тийип жүрчү ал Балта, Бойго толук неме эле, Көрүнүп көзгө бир барча. Минген атын булкунтуп, Найзаны кармап зыңкыйтып, Барылдап Балта бакырып, Манастап ураан чакырып, Тоодой Салап калмакка, Токтобой тийди жапырып. Балтага найза сайдырбай, Кагып ийип найзасын, Балтаны Салап сайганы, Салап сайган болобу, Акимсип жүргөн ал Балта, Аңтарылып торойду. Коборбостон Балтаны, Жана демжип сайыптыр, Аңтарылган Балтанын, Жүрөк каны агыптыр. Таабалды кыргыз тунугу, Таласты жердеп турганда, Алты миң үйдүн улугу, Өлдү баатыр Балта, деп, Салап калмак, кел бери, Сенин алың канча, деп, Мингени тору Тобурчак, Жал куйругу чоң кучак, Бура тартып чу койду. Топурак учуп жер чаңдап, Калмак Салап кутурган, Балтаны сойуп кан жалап, Табаалдыны Балтадай, Аламын деп келатат. Таабалды, Салап бет келди, Таамай найза сайдырса, Кан ичемин деп келди. Найзаларын күүлөшүп, Күүгүмдөгү устадай, Күлгүн тартып өңдөрү, Күжүлдөшүп сайышты. Найзанын учун тийгизбей, Канкылдатып кагышты, Бакылдаган үндөрү, Кара жерди жарышты. Күн бешимге барганда, Табаалдыны чоң Салап, Аңтара сайып салышы, Ажыратып алам деп, Кутуке жете барышы. Кутукени чоң Талап, Жеткен жерде сайышы, Таабалды менен Кутуке, Катар өлүп калышты. Бактыбайдын элинде, Чолпонбай деген бар эле, Жалындап күйүп от болуп, Болуп турган чагы эле, Отуз беш менен кырк жаштын, Ортосунда чагы эле, Кең көкүрөк, кууш айак, Балбандык сыны бар эле. Чолпонбайдын мингени, Карасур деген ат эле, Качырып баатыр Чолпонбай, Манас, Манас, Манас деп, Арбагың азыр Талас деп, Качырып кирип барганы, Таабалды менен Кутуке, Аткырдай кылам муну, деп, Салаптын карап турганы. Салапка найза сайдырбай, Өтө берди Чолпонбай, Кылчайып артын карабай, Кете берди Чолпонбай, Күү менен Салап кууганы, Күүлөп найза сунганы, Найзанын учу жетерде, Карасурду тайынан, Үйрөтүп минген мал эле, Кагып койсо тизгинин, Жатмай жайы бар эле. Тизгин какты Чолпонбай, Жата калды Карасур, Өтө берди аптыгып, Күркүрөгөн Салап кул. Атын оңдоп таркынча, Жете барды Чолпонбай, Чоң Салаптын туулга, Кетенчиктеп кетиптир, Чолпонбай эми нетиптир, Карарган чачтын этеги, Алайган көздүн үстү, деп, Кылычты шилтеп өтүптүр. Кулактын үстү жагынан, Баш сөөгү ыргып кетиптир, Салапка өлүм эп болду, Чолпонбайдын кылганы, Көргөн элге кеп болду, Ошол күнү Чолпонбай, Чоң Салапты баш кылып, Беш кишини жеп болду, Күн бешимге барганда, Майданда турат Чолпонбай, Калмактын сабы мент болду. Жекеге киши чыгалбай, Тажиктен чыкты Мусакун, Темирбектен калганда, Балбаны болчу эң чыгаан. Чолпонбай балбан, Мусакан, Сырдана эмес баштатан, Жекеге чыкпайт балбансып, Өлүмдөн коркуп баш таркан, Качырышып бет келди, Жыгылам деп ойдо жок, Жыга сайам деп келди. Манас, Темир деп чыккан, Бакырыктуу үндөрү, Көргөндөргө башкача, Көрктөнүшүп сүрдөндү, Жан алуучу ойондор, Жаалы чыгып жүзүнөн, Алда канча түрдөндү. Темирбек деп бакырып, Мусакандын үнү бар, Үнүн улай байкаса, Жан алуучу түрү бар. Жал-жал тиктеп Чолпонбай, Мусакандан жалтанбай, Манастап ураан чакырып, Жан айабай бакырып, Мусаканга Чолпонбай, Жаман тийди жапырып. Чолпонбайдын найзасын, Кагып ийип Мусакан, Жандап өтө берерде, Капталдан нары муштаган. Чолпонбайдын күрөөкө, Чыташтык кылбай быркырап, Камчы саптай кызыл кан, Карчыттан агып шыркырап, Карасур качып алыптыр, Үстүндө бар Чолпонбай, Учкан куштай дыркырап, Урган таштай зыркырап, Мусаканга жеткизбей, Кыргыздардын кошуунга, Кирип келди чукулдап, Кармап алды чылбырдан, Баатыр Сүйүн утур чаап. Чолпонбайды куткарып, Тосо чыкты эр Сүйүн, Мусаканды найза алып, Мусакан, Сүйүн сайышып, Болумдуу эрлер табышып, Камчыга бөлөп аттарын, Өлүмдөн тартпай баштарын, Сынгычакты кагышып, Найзалардын саптарын, Балтанын көзү жарылып, Кылычтар сынып кыйрашып, Ат үстүндө чиренип, Тамандашып тартышып, Оодарылып баратса, Ат жалына тырмышып, Мындан айла табалбай, Белги берип кол булгап, Кошуундан жарак алышып, Жана кирди салышып. Теминишип тепеңдеп, Сакалдары сепеңдеп, Эрдин кесе тиштенип, Эсит жанга күч алып, Кармалбай колу дал болуп, Көтөрүлбөй шал болуп, Сүйүн баатыр бошоду. Мусакан жаңы кызыды. Канжарлар жайнап төгүлөт, Карап турган элдерге, Кимиси өлүп ким калат, Ажал жакын көрүнөт. Күн жамгырлап жаткандай, Тер агып жерге төгүлөт. Жакалашып тартышып, Оодара тартып кеталбай, Бүчүлүктөр үзүлүп, Соот менен күрөөкө, Тигишинен бөлүнүп, Кей кезинде кызаңдап, Эттери калды көрүнүп. Күч келгенден Сүйүндөн, Кара тер бойдон сызылды, Кайратына карк толуп, Казаптанды Мусакан. Сүйүндүн шайы кеткенин, Анык билди Мусакан, “Бактыбайдан башкасы, Бет келалбайт мага, — деп, Таанып билди Мусакан, - Койгулашкан канча күн, Кортоңдогон Сүйүндү, Койдой башын кесейин, Коондой ичин эшейин, Коржоңдоп келет Бактыбай, Кошо өлтүрүп кетейин, Кененимди кекетип, Өлгөндүн алсам эсебин” Деп ойлонуп Мусакан, Өзү болуп өзү хан, Найзасын ыргап алганы, Найза кагар Сүйүндү, Мунун шайы калбады, Мусакан тажик күжүлдөп, Томоро сайып салганы. Аксаргылдын үстүнөн, Азамат Сүйүн кыйшайды. Жыгылды Сүйүн нетер деп, Күжүлдөгөн Мусакан, Башын кесип кетер деп, Эр Сүйүндү өлтүртпөйт, Мурунурак жетем, деп, Топчукулак кер менен, Койдуруп келет Бактыбай, Эки этегин шамалга, Чойдуруп келет Бактыбай. Карагер менен чуратып, Артынан чаңын чубатып, Өткүр найза колго алып, Кирип келди Бактыбай, Мусаканга Сүйүндү, Чаптырбады Бактыбай, Манастап ураан чакырып, Катуу тийди качырып, Алдындакы Карагер, Кош кулагын жапырып, Сүйүндү чаап кете албай, Мусакан калды шашылып. Жаалы келген Бактыбай, Мен-менсинген тажикти, Көмө койуп өттү эми. Тоодой болгон Мусакан, Томорулуп кулады, Жыгылганда Мусакан, Темирбек карап турбады, Минген аты Темир көк, Буудандын бири бу дагы, Артынан чаңды баргытып, Темир көк сындуу бууданды, Тепсетчүдөй каргытып, Колунда найза зыңгырап, Жанында доолбас кыңгырап, Зым-зым этип кысталак, Бактыбайды качырат, Жалгызектин Бактыбай, Жан алчудай шашылат. Темирбекке карабай, Дегеле жанын айабай, Тонкочуктап туралбай, Жер тайанган Мусакан, Мойун эттин безине, Муштап өттү Бактыбай. Бөрү тилме найзаны, Күрөө тамыр канына, Чыктап өттү Бактыбай, Кара жерге капшыра, Ныктап өттү Бактыбай. Темирбек жетип ангыча, Бактыбайды сайганы, Топчу кулак жалт берме, Жалт берип чыга бергенде, Жаза сайып салганы, Бергенде өтө Темирбек, Кыйамыма келди, деп, Карагер менен тап берип, Как далыга сайганы, Сайган менен Бактыбай, Оодара сайа албады. Кебелбей да, кенебей, Бактыбайды Темирбек, Бучкагына теңебей, Бендеби деп бейлебей, Адамбы деп элебей, Тажиктердин Темирбек, Балбан экен ченебей, Балбандыгы бир канча, Баатырлыгы бир башка, Кайра айланып тийгенде, Найзага найза кагылды, Карсылдашып сайышты, Канча жолу тийгизбей, Найзаларын кагышты. Тажиктердин Темирбек: “Мага болду кыйын кеп, Боз бала менен сайышып, Минтип жүрүш кандай?” деп, Каарданды кара нээт, Заарын салып бетине, Бек арданды карабет. Жүзү кара Темирбек: “Тоо да болсоң жедим, — деп, Койбоймун эми сени, — деп, Аңтара сайам деги” деп, Кайра айланып тийгенде, Бактыбайдын найзасын, Кагып ийди Темирбек, Беттеп кирди күчөнүп, Бактыбайды жедим деп, Желегин жерге жапырып, Майсорудан кан алып, Жаш балапан Бактыбай, Сыймыгын баштан качырып, Аңтара койуп өттү эле, Тоңкойуп барып жыгылбай, Төрт айактап түштү эле, Көрүп туруп Кененим, Көздү ачып-жумганча, Атырылып жетти эле, Аткый кармап далыдан, Топчу кулак кер атка, Миндире салып өттү эми. — Баргын, баатыр, баргын, — деп, Маана болуп кыргызга, Барып балам тургун, — деп, Бактыбайды жөнөтүп, Темирбекке кез келди. — Башын кесип баланын, Канын ичер кезимде, Кайдан келген кишисиң? Атыңды айтып билдиргин! Деп Темирбек айтканда, — Менин атым Кененим, Мен Таластан келемин, Жалгама атым айтканда, Жалангыч сарык дегенмин. Элден уккан кабарда, Араникке ээ болуп, Дөөхан ээлеп турганда, Ташкенде турган Панус хан, Нарында турган Алооке, Сары Аркада Шоорук хан, Таластын аты көтөлөк, Анда экен Дөлөс хан. Көк ойдуңда чоң Көңтөй, Чамбыл белде Мадыкөл, Кашкарда Калдай турчу экен, Баары муңгул балдары, Бадахшан, Балык, Букарга, Багыдат, Мисир - буларга, Кылбаганы калбады. Тондун кийген жылуусун, Кыздын алган сулуусун, Аттын минген күлүгүн, Тарттырган элге түйшүгүн. Алтымыш уруу алашты, Каракалпак, түркмөндү, Тажик менен калчаны, Андай нечен барчаны, Дене кул кылып калмактар, Бөлгөн экен анчаны, Кыргыздан Манас туулат деп, Кыргыздын жарган катынын, Жардырып келген жай-кышы, Башкаларга отунун, Манас Манас болгону, Манас атка конгону, Элкин болуп эл бошоп, Элге сууга ээ болду, Бадахшан, Балык, Дүйшөмбү, Тажик сага жер болду. Кылычың сүйрөп чыгыпсың, Көл болуп калмак тилине, Бүгүн сага не болду? Бир уруу элге ээ болдуң, Өткөн күндү ойлогун, Бүгүн акмак болгонуң, Калмактын түшсөң торуна, Түбүндө жакшы болбодуң. Бүгүнкү күнү кыргызга, Түртүшкөн душман сен болдуң, Кененим коркуп жатат деп, Ойуңда сенин болбосун. Билсең акыл ушул кеп, Болбосоң өзүң билгин! –деп, Кененим айтты мындай кеп. Тажиктердин Темирбек, Таноосу көөп дердеңдеп: — Сага тажик теңдикти, Манас алып берген, деп, Бул айтканың кандай кеп? Тажик кайда тентиген, Көргөн киши ким экен? Бадахшан, Балык, Дүйшөмбү, Тажиктен башка бул элди, Бийлеген киши ким экен? Тажикти мурун термелтип, Чайкаган киши ким экен? Абалтан бери ошондой, Астын-үстүн дүйнөнү, Байкаган киши ким экен? Менден жакшы көп ишти, Билген киши сен бекен? Калмакка бүгүн алданып, Калган киши мен бекен? Калмактан чыгып жүрөгүң, Корккон болсоң Кененим, Сырыңды айтсаң жашырбай, Манасты мактап ашырбай, Таласка кадам бастырбай, Сага чыгым тарттырбай, Таталаган калмакты, Кетирип аны беремин. Темирбектен кеп угуп, Баатыр тууган Кененим, Баштан айак жеме угуп, Тең кишимин баштан, деп, Тетири айткан кепти угуп, Кененим айткан бу бир кеп: — Кебимди ук, Темирбек, Тажик койгон атыңды, Тегин айткан кеп эмес. Качан тажик эл болдуң, Теңдешип элге эр болдуң, Эгин эгип жаштарың, Машак терип калганың, Адырда жүргөн дүмүр чаап, Катын менен балдарың, Үйдө жатып от көрбөй, Муздап өлгөн карганың, Унутупсуң, Темирбек, Калмактардын зардабын. Эл билеби, тажиктер, Катарга сени алганын? Падыша Манас баш болуп, Өзү он бирде жаш болуп, Көңтөйдү сайып алганда, Шоорукту сайып салганда, Алооке, Калдай качканда, Соксо, Сотой, Калдайды, Катары менен басканда, Кангайды карап бет алып, Түн катып Дөөхан качканда, Качып барып Панус хан, Ташкенге башын катканда, Катарда тажик бар бекен? Аталабы андайда, Назаранын Карилоп, Панус хан менен биригип, Акең Манас бир келип, Панус ханды сойгондо, Мадыкөлдү жеңгенде, Кашкардагы Калдайдын, Кармап башын кескенде, Кандабай тонун чечкенде, Чыгышы Баркөл, Алтайдан, Түштүгү Котен, Кашкардан, Алты шаар, Анжыдан, Наманген, Ташкен, Самаркан, Бадахшан, Балык, Букарлык, Чамбылдан бери карата, Баарысы колго тийгенде, Адылдык кылып айкөл шер, Ата уулу кылып ар кимге, Жерди бөлүп бергенде, Сайылган бак, салган там, - Шаарды бөлүп бергенде, Атагы тажик эли деп, Сен катарга келгин, деп, Бадахшан, Балык, Дүйшөмбү, Үчүнчү атаң Табылды, Өзү Манас бериптир, Ошондон бери карата, Шаар ээлеп келипсиң. Элди ээлетип ким берген? Жерди ээлетип ким берген? Ким бергенин билдиңби? Пейилиңден жан, Темирбек, Кабыл алсаң кебимди. Болбой, тажик мойносоң, Мойнуңду толгоп болбосоң, Эми эле табам эбиңди, Сындырамын белиңди, Зыркыратам элиңди, Жок кыламын арыңды, Бош кыламын шаарыңды, Калмак, тажик чогултуп, Түгөтөмүн баарыңды, Бул дүйнөндөн көз жумсаң, Кимге айтасың зарыңды? Карала атчан Калыбек, Ошончолук көрбөймүн, Ушул турган баарыңды. “Куру кайрат баш жарат, Жалакор киши док табат, Күнөөчүл киши кур калат” Ак санабайт калмактар, Тилимди алсаң, Темирбек, Ушул жерден кайра тарт! Билгенин айтып жашырбай, Кененим кылды далалат, Ооз ачып кеп кылбай, Доош чыгарып унчукпай, Качырып кирди Темирбек, Минген атын камчылап, Жапырып кирди Темирбек: — Коркконуңдан Кененим, Акыл деп айттың далай кеп, Жалтанганың мен билдим, Айтып кирдиң Кененим, Мен Манастын уулу деп, Кыйынсынба Кененим, Мурун өтүп кетиптир, Оор актанткан Манасың, Менден өөдө киши эмес! Деп Темирбек акыйып, Табалдылап бакырып, Оолугуп тажик дүпүлдөп, Көрсөтөм деп күпүлдөп, Кармаган колдо найзасы, Алты аршын сүлкүлдөп, Беттеп кирди Темирбек, Жер силкинип дүркүрөп, Оозунан көбүк чачырап, Кирген нардай күркүрөп, Азуулары качырап, Жалыны көздө чачырап, Жан алуучу найзаны, Күркүрөтө урду эле, Көкжал төрө, Кененим, Кабыл албай Темирбек, Көп кыйал, акыл дегенин. Кеңкула менен сыздырып, Манастап ураан чыкырып, Кененим тийди качырып, Найзага найза кагылып, Болотко болот тийгенде, Кызылы жалын от жанып, Өтө берип токтолуп, Кененим менен Темирбек, Ок жыландай токтолуп, Найзалары койкойуп, Алдына минген аттары, Токтобой турат булкунуп, Жана тийди беттешип, Качырышып умтулуп, Көөдөндөгү чарайна, Найза тийип такылдап, Башындакы туулга, Балта тийип чакылдап, Басылбай турат жаңырык, Баатырлар үнү бакылдап. Кең кула менен Темиркөк, Туйактары такылдап, Таманынан чыккан чаң, Обого учуп топурак, Тондор тозуп упурап, Жер бузулуп жыртылып, Топурак учуп жоголуп, Жердин бети таш болуп, Кара темир кагышып, Карсылдашып салышып, Катуу кирди сайышып, Кабыргасы кайышып, Басалбай аттар майышып, Оодарыша кеткенде, Ажырата тарта албай, Кеңкула менен Темиркөк, Баспай турат тайышып, Кылычты кындан суурушуп, Кыйкырыгы таш жарып, Кыйын экөө урушуп, Аманат жалгыз бир жанды, Аркасына таштады, Адам өлүп баш кетер, Азаптуу уруш баштады. Кара бойу дал болуп, Кармалбай колу шал болуп, Кайра тартар жери жок, Кармашар жарак шай болуп, Эки күнү, эки түн, Эрикпестен салышып, Элдерине жанышып, Эртеңки болчу урушка, Найзаны ууга малышып, Балтанын мизин эгетип, Кылычты ташка бүлөтүп, Найзаны ташка түйрөйтүп, Бадананы тордотуп, Туулгасын оңдотуп, Мылтыктарын октотуп, Милтелерин чоктошуп, Сом темирин кырдатып, Доолбасын ырдатып, Найзанын сабын сырдатып, Балтанын мойнун чыңдатып, Аттанып чыкты күн менен, Найзаларын койкойтуп, Темирбек келет ойунда, Кененимди алам, деп, Аңтара сайып, тоңкойтуп. Эр Кененим, Темирбек, Кезенишип бет келди, Качырып найза урушуп, Олпок тондун буласын, Найза менен жулушуп, Бүчүлүгүн үзүшүп, Бүлүнтүп жерге түшүрүп, Колдорун сунуп арбайтып, Белбоосунан кармашып, Чирене түшүп тартышып, Этектен түрө кармашып, Үзөнгү боого салышып, Өзөнгө түшүп элирип, Өпкөлөтө теминип, Капталга чыгып кагышып, Кандыргалап жарышып, Алты катар аң келсе, Аркан бойуу жар келсе, Туйак какпай мүдүрүп, Аттары арыш алышып, Жөө күрөшүп жыгалбай, Бирин-бири алалбай, Найзага кирди туралбай, Тажиктердин Темирбек, Туулганы чөмөрүп, Же өлтүрөм, же өлөм, Өчөшүп кирди көгөрүп, Темирбекти көргөндө, Жайылданды Каракөк, Жалысы жандап бир бөлүк, Күркүрөгөн тажиктен, Күүлөп сунган найзасын, Балта менен какканда, Кененим каккан оңобу, Темирбектин найзасы, Кырк барча болуп жоголду. Балтаны таштап жиберип, Найзаны кармап имерип, Кыйамына келгенде, Балтырдан найза жеткени, Тажиктердин Темирбек, Камгактай учуп кетти эми. Темирбектин Темир көк, Тегеренип үстүнө, Түшө калды жаныбар, Кененимге жандыртып, Жана найза сайдырбай, Өтө берип Кененим, Оң тартып кайра келгенче, Тура калды Темирбек, Темир көктөй бууданга, Мине калды Темирбек, Камчысын баштан айлантып, Булгап алды Темирбек, Темирбек камчы булгады, Тажиктер карап турбады, Жааган күндөй тажиктер, Жалпы баары ат салды, Отуз миң аскер ат койуп, Атылып мылтык от болуп, Боздоп учат аткан ок, Майдандын ичи от болуп, Манастап ураан чакырып, Кыргыздар жүрмөк козголуп, Эл башкарган Кененим, Эпсиз башка эреним, Элге карап кылчайып, — Эси жоктой иш кылып, Эрдемсип, кыргыз, келбегин, Караан болом сага, деп, Калбай ээрчип келгениң, Кызыгып кирип кан агып, Кырылып өлүп бербегин, Отуз миң аскер келди, деп, Анча эле кайгы жебегин, Бактыбай, Сүйүн, Чолпонбай, Сактап тургун тигилип, Кыргыздын сабын буздурбай. Кокустан тажик барбасын, Козголоңду салбасын, Калмактар каптап барбасын, Калбаны элге салбасын, Чылбырын сүйрөп ат калат, Ээси жок минер бош калат, Олжо алам деп барбасын. Өзү өлсө ким алат, Ээн талаада калбасын. Бактыбай, Сүйүн, Чолпонбай, Кыргызды матап бастырбай, Көпкүлөң чалган жаш балдар, Буларды турат жактырбай. Каптап келген тажикти, Качырып кирди Кененим, Кайраты толук шер неме, Кажыбаган берениң, Көк түпөк найза ыргады, Беттеп кирген жеринде, Көп тажиктер кыйрады, Сабын бузбай сандалтып, Санаты жок эр сайып, Тажиктерди саргартып, Кылыч албай найзачан, Канын төкпөй тажиктин, Көрсөтмөк өнөр башкадан. Калың жерин аралап, Абалын элдин чамалап, Ителги тийген таандай, Жыгылып атат сабалап. Эңишке кире берерде, Элүү-кыркын бир сайып, Жыгылып жаткан андан көп, Ачылып оозу ырсайып, Салаңдаган андан көп, Бир жагына кыйшайып; Наалып жаткан дагы бар, Таңдайы кургап тамшанып; Боздоп аткан жана бар, Не болдум, деп муңканып, Кеталбай жаткан андан көп, Керсары тартып кумсарып, Буту сынган жана бар, Аты баса жыгылып, Колу сынган андан көп, Тайана жерге жыгылып, Кобалбай жаткан жана бар; Кемерге кирип тыгылып, Жошологон челектей, Башынан каны аккан бар; Жерге сүрө жыгылып, Көзү агып калган бар; Жыгачтуу жерге жыгылып, Жалпак бет болуп калган бар; Мурду сынып былчыйып, Көзү шишип кеткен бар; Шоолаланып жылчыйып; Кокустап бели калган бар, Кобалбай жатат чыңырып, Аралап баатыр Кененим, Ат бастырып өткөн жер, Жуушаган койдой торойду, Каптап калмак келбеди, Тажикке жардам бербеди.. Четке чыгып Темирбек, Карап туруп далайга,. Элин көрүп ичи ооруп, Теминип жана киргени. “Мен Темирбек болголу, Теңдешкен бенде болбоду, Кыргыздан чыккан Кененим, Кыйратып элди койобу?” Бар кайратын бойго алып, Болоттон найза колго алып, Кененимди качырып, Кайта кирди айланып: — Мен Темирбек, сен Кенен, Сенден качан кем элем? Жашырбай чынын айтканда. Мага качан тең элең?! Деп качырып киргенде, Каары катуу Кененим, Кагып ийип найзасын, Капталга койуп өттү эле, Чыйраксынган Темирбек, Тебетейдей телп этип, Аттан ыргып кетти эле, Темирбекке Кененим, Эми жетер мезгилде, Калмактардын батасы, Кененимге жеткени, Капталга койуп өткөнү, Оодарылып кетпеди, Ойрон болгон Кененим, Ооп барып токтоду, Бурулганча батага, Чолпонбай барып жеткени. Бабырыган батаны, Чолпонбай сайып кеткени. Бата калмак жыгылды, Чолпонбайдын найзасы, Батага карыш тыгылды, Чолпонбай сайган оңобу? Ордунан өөдө кобобу? Томолонгон бойунча, Бата өлүп жоголду. Кагылышта бата өлдү, Чогулуп турган эл көрдү, Көк ала минип дууланып, Көмөлөнүп жыгылып. Ыргып кеткен Темирбек: “Айлам эми кетти, — деп, Эми кайра беттешсем, Чын ажалым жетти, — деп, Кантер айла таба албай, Карбаластап калдаңдап, Алапайы куурулуп, Амал таппай далдаңдап,- ” Кененим айтты далай кеп, Тил албады макул деп. Өмүрлүк караан болот деп, Коросон менен испанга, Кат жазыпмын бекер, — деп, Мен ишенген Чойун алп, Ичи оорубайт экен, — деп, Эми барсам Кененим Коркуп келдиң дебегин, Испан менен коросон, Куйкалап элди жебейби, Башымды ала качайын, Бар пулумду чачайын, Баш калкалап бул жерден, Иранга барып жатайын, Иран менен Багдатты, Шермат хан камап жатканда, Кезкелип калып Кененим Шермат ханды өлтүрүп Иран менен Багдаттын, Көөнүн алды деди эле, Мени кармап бербейби, Батырбай Иран эмеле, Тирүүлөй терим сойбойбу, Ачуусу келсе жөн эле. Калмактарга караандап. Аралашып турайын, Мен билбеген эр барбы, Чойун алптан сурайын. Коросондон кесилет, Келип калса бул жерге, Кенендин шайын кетирет. Дабытай менен кесилет, Ачакан, Камтур - төртөөлөп, Мен Темирбек Чойун алп, Тебелесек алтоолоп, Жалгыз башы Кененим, Кантип чыгып жол тосот? Кылымга толгон кези экен, Кененимден айрылса, Чайкалып кыргыз жоголот, Калмактан бүгүн баш тартсам, Ишим кайдан оңолот? Акылды эми таптып деп, Катылышпай урушка, Баш мааналап жаттым деп, Ойлоп алып Темирбек, Буйрук берип тажикке, Кернейин жана тарттырды, Баш аламан уруштан, Элин кайра тарттырды, Эл ордуна түшүптүр, Темирбектин жүрөгү, Коркконунан үшүптүр, Элин сапка тизгени, Эсеп ала кеткени, Он жети миң калыптыр. Он үч миңи урушта Түгөшүптүр кырылып, Баары өлүп кетпеген, Өлгөнү аз, тирүү кеп, Өткөрө сайбай Каракөк, Каз таман найза кармаган, Кан чыгара сайбаган, Сүрдүгүп катуу жыгылып, Өлүп калган чанда көп, Бирине-бири кагылып, Өлгөнү бар бир канча, Колу сынып, буту аксак, Болгону бар бир канча, Башы айрылган, көз чыккан, Мындайы бар бир канча, Бир атты бекер кетирбей, Кыргыздар жыйнап алыптыр, Он үч миң аскер өлдү, деп, Темирбек кетип калыптыр. Бактыбай, Сүйүн, Чолпонбай, Кененим айтат мамундай: — Кыйрап жаткан тажикти, Тирүүсү көп, өлгөн аз, Белге таңуу үч баатыр, Барып көргөн аралап, Кайрылбай кетти Темирбек, Туз ургур экен кысталак, Тирүү баарын калтырбай, Жыйнап келе калыңар, Кооп баскан немесин, Айдап келе калыңар, Өлбөй көзү кыймылдап, Тургандары канча экен, Билип келе калыңар. Үч баатыр кетти баш бурбай, Барган жерде Бактыбай: — Колу-бутуң сактарың, Кооп баскын, жатпагын, Басалбаган жарадар, Башыңды жерге катпагын. Баскын дайын бастырып, Жаткын дайын жаткырып, Өлгөнүн санап кат кылып, Үчөө кайта барыптыр, Өлгөндү каттан караса, Беш жүз толуп калыптыр. Басалбай жаткан миң экен, Жарадары, өлгөнү, Бир миң беш жүз киши экен, Тирүү басып барганы, Жети миң беш жүз кырк экен. Эсепке алса буларды, Сегиз миң беш жүз кырк болду, Төрт миң төрт жүз алтымыш, Ат-оту менен жок болду. Тирүүсү бир миң беш жүздүн, Ат-тонун берип кетирди. Төрт миң төрт жүз алтымыш, Тирүү качып чыгыптыр, Тирүү тажик ичинде, Турум деген бар эле, Төрт миң төрт жүз алтымыш, Баш кишиси ал эле, Өлбөй тирүү калганың, Кел бери, деп чогултуп, Кермеге атын чалдырып, Кеңири жерде олтуруп: — Угуп жүргөн мурунтан, Болуп өткөн укмуштан, Катарда тажик жок экен, Төгөрөктөн төрт бурчун, Калмак билген чагы экен, Калмак бийлеп турганда, Түрктүн баарын бурут деп, Өтө жаман кар экен. Бактысына түрктүн, Тунжур Манас чыгыптыр, Болуп өткөн иштерди, Калтырбай баарын угуп тур. Орто Асыйа жерин бүт, Өткөрүп колго алганда, Кар болгон элди эске алып, Жерден энчи бөлгөндө, Бир кишини баш кылып, Элден энчи бөлгөндө, Тажиктердин ичинде, Табылды чыйрак бала экен, Дүйшөмбүдө туулган, Бадахшанда турчу экен. Бадахшан, Балык, Дүйшөмбү – Шаарды Манас бериптир, Жерди Манас бериптир, Элди Манас бериптир, Ошондон бери карата, Ээлеп тажик келиптир. Табылды менен үч ата, Темирбек бүгүн элге баш, Калмактарга сатылып, Кыргызга болду бүгүн кас, Отуз миң толук киши элек, Кырылып кетип калдык аз. Төрт уруу тажик журт элек, Бир уруусу биз элек, Төрт миң төрт жүз алтымыш, Качып чыктык мен баштап. Азазил болгон жолдошу, Калмактардын балчысы, Ираңкүдүк молдосу, “Жети ата болбой Манаска, Теңдешпейт киши буга” деп, Айткан экен башында, Лаама кеби чын келди, Төрт ата болду Кененим, Теңдешип бенде жеңбеген, Түртүшүп калды Темиркөк, Кененимди жеңе албайт, Өзүнүн башын жегели. Коросон, испан элине, Дабытай менен Ачакан, Эл башкарган бегине, Кабар берип кат жазды, Катарлап чиркеп нар айтты, Жонуна жүктөп зар айтты, Алтын менен төөлөрдү, Чойун кулак алп айтсын, Темиркөк ага не айтты? Кыргызды жеңип алганда. Темирбекти өлтүрүп, Түп көтөрө тажиктин, Малын берем деп айтты, Калмактар алдап жатпайбы, Далдаңдаган акмакты. Төр миң төрт жүз алтымыш, Тирүү турган Кыймыл жан, Турумдун кеби акыл, деп, Айткан тилди эми алсаң, “Бала белде, катын жолдо” деп, Айткан кебиң мурунтан, Ооганга беттеп баралы, Эптеп жанды багалы, Жеңилсе кыргыз непада, Темиркөкти табалы. Калмак менен тажикти, Жеңип алса Кененим, Күн барбы бизге көрөр, деп, Кененимге баралы. Колдон бербей экөөн тең, Бүркүттөй мойун суналы. Турумдан тажик кеп угуп, Төрт миң төрт жүз алтымыш, Бизге Турум башчы деп, Бий шайлады чогулуп, Бий болуп Турум талаада, Эми калды балаага. Кожокелди, Эшенди, Акуй деген чеченди, Атаке, Калпа дегенди, Билген кебин үйрөтүп, Кененимге жиберди. “Темирбекке барбайлы, Тирүү деп укса Темирбек, Айдап барып дагы эле, Чоң урушка салбайбы, Балаага антип калбайлы” Калпа, чечен, эшени, Караңгыда дүбүрөп, Мурундарын коңкойтуп, Мусапырсынып бүжүрөп, Кененимди табышты, Кебин айта салышты. Кепке канып Кененим, Бактыбай, Сүйүн, кел, деди, Алар менен кеңешип, Колуна жазып кат берди: — Ушул катты көтөрүп, Жоодар бешим бар, — деди, Дүйшөмбү менен Ташмалык, Арка-бериш жер деди, Мурун кеткен элиң бар, Ал элиңди колуң ал, Аша басып кырчакты, Катын менен балаңды, Аман-эсен таап ал. Ташмалык сага жер болсун, Таш коргонго ээ болгун. Эшен, калпа, чечени, Турум бийге келгени, Кененим катын бергени, Катты көрүп ачтырып: — Купуйа сөзү бар болуп, Жоодар бизди сойобу, Шорубузду катырып? Деп олтуруп Турум бий, Калпа, эшен, чеченди, Жоодар бешим жиберди. Кең Кашкарга барышты, Кененим жазган кагазды, Жоодарга бере салышты. Жоодар угуп бар кепти, Калпа, чечен, эшенге, Айтып турат бул кепти: — Мурун качып тажиктен, Далай киши бир келди, Катын бешик өңөрүп, Ташмалык, Чымкен, Миңтеке, Мен аларга бергемин, Кененим айтса келгиле, Элиң менен чогулуп, Баарың бирге жүргүлө, Таш Коргон шаары тар эле, Кантип батар экенсиң, Көбөйүп кетсең кичине? Жоодардын кебин угушту, Турум бийге жоодурап, Баарын айтып турушту. Памирдин тоосун кылаалап, Турумбек элин чубуртту. Кененимден бер жакка, Таш Коргондо тажик бар, Унутпайт кыргыз бул журтту. Беш жүзчө киши жарадар, Миң ашуун киши сапма-сак, Тажикке барды темтеңдеп, Өлтүрбөй бизди Кененим, Кеткин деп койо берди, деп. Эки күн туруп элинде, Бир миң беш жүз кеңешип, Качып жолго салыптыр, Аркасынан Темирбек, Жетип тосуп калыптыр. Баштап качкан кимиң, деп, Койбоймун тирүү бириң, деп, Күркүрөп турду Темирбек. Барсак дагы өлдүк, деп, Турсак дагы өлдүк, деп, Ар кайсы тоону бет алып, Качып берди дүбүрөп. Тоо тайантпай жеткенин, Кылыч менен баш алды, Найза менен ич жарды, Боорун жарып өт алды, Чечекей чегип көз алды, Тоо тайанган тажиктер, Ар кайда кетип тарадаы. Он жети миң аскерди, Айдап алып Темирбек, Беттеше албай Кененге, Өз ичинде кайгы жеп. Ичинен кызыл кан өтүп, Ичте ийрилип турган кез. Муну мындай таштайлы, Кененим менен Чойун алп, Салгылашын баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим». Элдик эпос. Басмага даярдаган Оргалча Кыдырбай. Булак: bizdin.kg.