← Кененим 3/9

Баш билгичин калмактын, Казган орго салышты, Карапайым калмакты, Кечкече кетмен чаптырып, Кечинде кишен салдырып, Төрт жүз киши жөнөттү, Төрт жердин жолун чалдырып, Жеркендин агын бойуна, Кызыл тайдын жолуна, Эчкиликтин белине, Азык, Арал жерине, Келгени болсо тийбеди, Бул сырды калмак билбеди, Шибе, манжу, кошулуп, Далай төөнү жиберди. Чыгышка адам баспады, Кайра баскан калмактын, Башын алып таштады. Минтип булар жатканда, Лопнур менен Котенге, Бактыбай киши жумшады. Жибергени аларга, Экиден төрт тың жигит, Мылтыкты жаза атпаган, Өлүмдөн башын тартпаган, Төртөө бирдей кыл жигит, Экиден кетип бөлүнүп, Хандарына көрүнүп, Бул жакта болгон иштерди, Хандарына билгизип, Калмактар камап жатычу, Ыштанына сийгизип, Көөнү өсүп хандар тирилип, Төлөжүп калды калдаңдап. Калмакча тилди бүт билген, Жигиттер барган аларга, Котен менен Лопнурда, Жаткан калмак чоңуна, Өзү билип жазышкан, Каттарды берип колуна: “Араң келдик силерге, Биз турбайбыз бул жерде, Жиберген бизди Чойун алп, Катар өлүп жоголду, Шалкымат менен Кикимат. Кысып калды туш-туштан, Кыргыз деген кызталак. Тайанчым бар Темирбек, Ачуум келди меники, Кыргызды кырам тебелеп, Көптө өлгөн жакшыраак, Мында туруп өлгөндөн.” Айтып туруп жиберген, Калдагай кулак Чойун алп, Кептерин булар айтышты, “Бир күндөрү болгондо, Аларбыз кийин буларды, Чогууга барып туралы” Деп калмактар кайтышты. Калмак качты куугун, деп, Хандар кабар салыптыр, Калбай баары козголуп, Лопнур менен Котенден, Бир калмакты кетирбей, Таптакыр талап алыптыр. Кангайдагы калмактан, Шибе менен манжудан, Кошулуп солон арадан, Белсенип чыккан булардан, Белдүдөн болду беш адам. Каңгайдагы калмактан, Кармап он миң кол болду, Шибе, Солон, Манжудан, Араң беш миң болгону. Баштаганы беш баатыр, Он беш миң аскер келиптир, Кабарды анык алышып Козубек менен Жоодарга, Айтып жетип барышып, Он беш миң аскер, беш балбан, Төрт уруктан чогулуп, Чойун алпка келаткан, Кабарды толук алышты, Кайсы жолго салышты, Кеңешкыла калышты: “Ашыралы Чымкентти, Катыралы шорун бир, Тосуп туруп кептешти, Кашкарга мурун хан болгон, Калмактан буга кат жазды, “Аркадан келген ким болсоң, Кашкар менен Жергенге, Аралабай бул элге. Чымкент ашкын”деп жазды. Тапшырып катты алышты, Чымкентти өрдөп басышты, Алдындакы туу белден, Аркасында кептештен, Кыргыздар тосуп жатышты, Алды-артынан калмактын, Мылтык атып, жаа тартып, Жарым күнү атышты, Кээ бир калмак көрүнбөй. Тоо аралап качышты, Тоодо элүү үйлүү бар, Алтын алып алданып, Тонун алып жалданып, Отузча калмак катышты. Кутулуп калды ал бойдон, Кеткени жок жерине, Жете албады элине, Сарттан катын алышты, Ошолордун балдарын, Сарт калмак деп айтышты, Айтылган кептин теги бар, Сарт калмак деген эли бар. Чеп болуп Кашкар шаарында, Козубек Жоодар жатыптыр, Чыгыштан келген калмактын, Чындап шору катыптыр. Шалкыматтын элдерин, Айдатып ийген Бактыбай, Көргөн-билген иштерин, Куландын сары сайына, Барып калмак айтыптыр, Кабар уккан калмактар, Батыш жакты карабай, Тескери карап жатыптыр. Кикиматтын элдери, Артынан улай келгени, Ашкере болду көп элге, Кикимат менен Шалкымат, Катар өлүп кеткени. Муну мындай таштайлы, Кененим менен Чойун алп, Кепти айактан баштайлы. Кексе капыр Чойун алп, Темирбекке кеп салат: — Ээ, Темирбек жолборсум, Каралдуу болоор жолдошум, Эп келеби сага айтсам, Мен бир акыл ойлоймун, Кикимат менен Шалкымат, Эмгиче кабар жок турат, Жалаңгыч сары Кененим, Жан алуучу ок турат, Коросон менен испанда, Кол артылар жер турат, - Коросондо Дабытай, Кыргызда мунун дарты бар, Ичинде жүрөт от күйүп, Сыр чыгарып айталбай, Балбаны бар кесилет, Беттешип барган бенденин, Беймаал башы кесилет, Артыкча угам адамдан, Башкача угам балбандан. Коросондо жүз төө бар, Үстүндө жибек чайы бар, Тартууга берип мал-пулду, Дабытайды чакырта. Дабытай келбейт тил алса, Кесилет келет биз жакка, Кененимди жеңебиз, Ошондой кылсак биз анда, Испандакы Ачакан, Баарыдан артык, мен угам. Укмуштан уккан кабарда, Ооганга Манас барганда, Жардамга келип Ооганга, Бойолгон канга деп угам, Жүз сексен төө анда бар, Калмактардын элинде, Андай малдар сайда бар, Кыргызды алсак кыйратып, Андай малдан нечени, Жатып конгон жайда бар, Бир жүз сексен төө берсек, Андан артык пайда бар, Деп Чойун алп айтканда, Темирбек турду керсейип, Тиктеп калып чекчейип: — Ой Чойун алп, сырдашым, Мен көргөмүн неченди, Көрбөдүм кылдат сенчелик. Куйрук керек конорго, Канат керек учарга, Жаныбыздан бербейбиз, Кыргыздын малын беребиз. Тилимди алсаң Чойун алп, Кара калпак түркмөндү, Коросондун четинде, Жедигер бар жээктеш, Ошолорду беребиз, Алардан алып бул жерге, Дүрбөтүп кайдан жүрөбүз, Экөөбүздөн кат барса, Кечикпестен бат барса, Токтобой келет Дабытай, Кыйышпай турган жерим бар, Дабытай менен Темирбек – Биз болобуз жээнтай. Испандакы Ачахан, Кайраты көптү жапырган, Энеси тажик деп угам, Туугандыгын мен жазсам, Төөлөрүңдү сен жазсаң, Турбай келет эки хан, Ким албасын олжосун, Колго тийсе кыргыздан. Манастан бери карата, Кыргызга дүйнө жыйылды, Чыгарбады тыш жакка, Жылдырбай жалгыз бир кылды. Кыргыз уруш кылбаган, Кылычты канга жуубаган, Кан акпаган сай барбы, Кыргыз балта чаппаган, Кокту-колот адырда, Кыраңда кайың тал барбы? Кыргыздын аты барбаган, Кырчак таштуу жер барбы? Манастан бери карата, Кыргызды жеңген эл барбы? Эрегишип кыргызга, Өлбөй келген эр барбы? Кулак угуп көрбөгөн, Жер бетинде мындайды, Биз турбайлы кечигип, Жүдөтөлү кыргызды, Тепсеп шайын кетирип. Коросон менен испанга, Кат жазып киши жумшайлы, Күн өткөзүп малайдай, Айды санап жатпайлы. Кикимат менен Шалкымат, Алар барып кыргызды, Калба салып жаткандыр, Эндегей жаткан кыргыз эл, Капсалаң түшүп жаткандыр, Карбаластын үстүнөн, Капташалы биз барып. Темирбек менен Чойун алп, Хан кептенип кат жазып, Коросон менен испанга, Бештен онду атказып, Кеңеш менен кат жазган: “Келип калсаң эки хан, Таласка баргын, — деп жазган. Таласты талкан кылалык, Сапырып ийип кыргызды, Дене кул кылып тыналык. Дабытай менен Ачакан, Корооңордо төөлөрдү, Жүк-тагы менен баарын ал, Таласты талап алганда, Табылып калган олжонун, Азын албай көбүн ал. Манастан бери карата, Кыл чыгарбай жыйнаган, Кыргызда бар алтын зар. Үч бөлөлү кыл жара, Бирден эки бөлүгүн, Ээ болуп экөөң ал, Сулуудан тандап кызын ал, Жез оймоктун узун ал, Жону туйук нарын ал, Нарга жүктөп зарын ал, Суу төгүлгүс жоргону ал, Сулуулар кийчү торкону ал, Байге бербес күлүк ал, Алгыр тайган итин ал, Эшме канат кушун ал, Андан кала бергенде, Кара калпак түркмөндү, Жедигерди кошуп ал” Деп жазышкан мал жактан. “Темирбек менен Чойун алп, Кабар кылбай кетти, деп, Таарынчы бизге кылбаңар, Кыргыздарга карата, Ич көптүңөр кыйла бар. Ооганга Манас барганда, Короолош коңшу испандан, Жардамга барып көп адам, Көбү өлгөн кыргыздан. Коросондун элинен, Кыргыз атка мингенде, Бөлүп алды четинен. Бараң менен шаңкайды, Чүрчүт менен жуданы, Жедигерди дагы алды, Ат жетер жерге кыргыздар, Бүлүк салбай калбады. Муңгул менен кытайга, Шибе, солон, манжуга, Өчүгүшүп ошого, Бейжинге чейин барганы, Кененим атка мингели, Күн батыштын тарабын, Тынчын алды булардын, Бизден мыкты батыштын, Кабарын жакшы угасың.