Барар болсоң, бек заттар, Айыңды айтып күн болжоп, Буларды кайра жумшагын, Сиздерден кабар келгинче, Биз турабыз бул жерде. Алты шаар, Анжыдан, Наманген, Ташкен, Самаркан, Кикимат бар ал жерде, Кетментөбө, Кең жазы, Нарын, Жумгал, Атбашы, Шалкымат бар ал жерде, Азык, арал, Кең Кашкар, Жеркен биздин колдо бар, Котен менен Лопнурда, Биздин кошуун кыйла бар. Торгодук жолун тосоттоп, Кыргызды карай бастырбай” Деп жазышып каттарын, Коросон менен испанга, Жумшап ийип адамын, Тайрайып булар жатканда, Барабыз деп Таласка, Камынышып атканда, Кырк беш миң беш жүз кол менен, Кененим жүрдү жол менен. Аркайган тоону аралап, Дүйшөнбү кетип баратат, Анжыдан менен барганда, Ортосунда чөлү бар, Төөдөн башка мал жүрбөйт, Какшыган чөл ушундай, Шабыркандын сайы бар, Ашар бели дагы бар. Арыбас тулпар чалыгар, Эринбес киши талыгар, Ээн какыр ушулар, Кабагын бүркөп муңайбай, Кетип барат кыргыздар. Дүйшөнбүгө беш күндүк, Жакын калган арада, Учурап калды кырк киши, Чалгында жүрүп аларга. Байкап жүргөн Бактыбай, Кеп сурарга буларга, Жолдо киши жолукпай. Элесин көрүп бир жерден, Бөлүнүп өзү көп элден, Тосоттоп жолун карады, Чалгындагы кырк киши, Булар көрүп караанды, Дүрбүлөрүн салышып, Мыктап тиктеп карады, Бир киши келет жапжалгыз, Сын-сыпатын билалгыс, Ыдыгына жан чыдап, Айбатына туралгыс. Бир-бирине айтышты: — Кененим деген кишини, Көрбөгөнбүз, укканбыз, Мингени тоодай аргымак, Толук тулпар көрүнөт, Тогуз ай минсе арыбас, Өзү толук көрүнөт, Тогуз күндүк чабышка, Маңдайы тердеп талыкпас, Тайындуу киши экен бул. Көрүнбөй тосуп жаталы, Көрүп калып катышса, Очогор менен аталы, Анык дайнын билгенде, Темирбек менен Чойун алп, Анан барып айталы. Алар антип жатканда, Непак көргөн Бактыбай, Ойду-кайкы бастырып, Төө караган немедей, Аңды бойлоп алыптыр, Качар жерин калтырбай, Жакындан чыга калыптыр, Көрө салып кырк киши, Аттарына жабылды, Токтогунуң минбе, деп, Эр Бактыбай бакырды, Бир далайы булардын, Акылынан жаңылды, Ажал жеткен экен, деп, Азарланып сабылды. Каш ымдашып алдыртан, Баары жалпы жаа алды, Жаа алганын көргөндө, Бактыбай жаны карарды: — Алгын жебе мойнуңдан, Жааңды ташта колуңдан, Тил албастан катышсаң, Үмүтүң үзгүн жаныңдан! Үнүн угуп апкаарып, Анча-мынча немеси, Жыгыла жаздап тас калып, Шилтелбей буту темтиреп, Баары турду калтырап, Кеп кылалбай турушту, Айбатынан жазганып, Коркуп турат баарысы, Кетеби деп башты алып. — Баш кишиңер кимиңер? Бери жакын келиңер. Сүйлөп көрчү билейин, Ким экенсиң тилиңер, Бирөө барды жакындап, Салам айтты сакундап . — Кайдан келген калмаксың? Кайсы жакка бармаксың? Мен угам айткын максатың. Деп сурады Бактыбай, Унчукпай койор айла жок, Сүйлөп кирди балдырай: — Биз чыгыштан келгенбиз, Дүйшөнбү деген жерденбиз, Тажик деген элденбиз, Өзүбүз калмак элденбиз, Чойун алп жиберди, Эми калган иш болсо, Тажиктен сурап билсеңиз. — Тажик, калмак аралаш, Эки урпактан келдиңби? Аны сенден сураймын, Айтпасаң да билинди. Тажик менен калмактан, Бирден кишиң келгин, — деп, Экөө басып келгенде. — Чойун кулак, Темирбек, Эмне кылып жатышат, Чынын айтып бергин, — деп, Чыныңды айтсаң жаның бар, Өлбөй тирүү калдыңар, Көргөнүң менен билгениң, Чоңуңа айтып барыңар. Тажиктердин ичинде, Чыныбай деген бар экен, Тили кыйла так экен, Калмактарга карата, Ичинде кеги бар экен, Башта Чыныбай элинде, Төрттүн бири ал экен, Чойун кулак келгели, Аркадан калган чагы экен, Ан үчүн ичке сыр түйүп, Айталбас жайы бар экен. — Жолдо карап турушту, Тапшырган болчу биздин хан, Өзүңүз кандай кишисиз? Кабар уксак сиз жактан, Мейлиң ишен, мейлиң кой, Андан кийин какшасак. Бактыбай айтат мындай кеп: — Сурасаңар уксак деп, Таластан келе жатабыз, Чойун кулак, Темирбек, Мүшкүлдү катуу салсак деп. Кикимат менен Шалкымат, Катарынан жайладык, Кылычты канга майладык, Азык, Арал, Лопнурду, Кашкар, Жеркен, Котенди, Колубузга алганбыз. Шибе, Солон, Манжудан, Кошулуп ага муңгулдан, Беш баатыры баш болуп, Он беш миң аскер келиптир, Чымкенттен белин ашырбай, Талап алды кыргыздар, Кененим келди кол баштап, Мен Бактыбай келатам, Астына түшүп жол баштап. Калдагай кулак Чойун алп, Тажиктердин Темирбек, Эми кайда кутулат? Аркасына качарга, Ашуунун баарын биз алдык, Таласка кылбай убара, Тосо келип биз калдык. Беттешип чыкса белсенип, Бет алдында биз барбыз, Кетер чама калган жок, Жанын бизден куткарып. Элчиликке келишсе, Эбин жана табабыз, Эрегишсе эрдемсип, Өзөктөн канын жайабыз, Кармалып калса Темирбек, Кутказып аны алабыз, Ырас болсо калмакка, Баш калкалап киргени, Шаарын кошуп чабабыз, Жаттап алгын унутпай, Өз элиңе барганда, Төкпөй-чачпай айтып бар, Бизден уктуң бар кепти, Өз кебиңди айта сал. — Атыңыз болсо Бактыбай, Менин кебим мамындай, Чойун алп менен Темирбек, Жатканы жок камынбай, Коросондо Дабытай, Кыргыз, сенде кеги бар, Жүз нары бар калмактын, Жонунда жибек чайы бар, Дабытайга тартылды. Кара калпак, түркмөндүк, Бараң, Шаңкай, Жудалар, Соогасына айтылды, Дабытай өзү келалбайт, Кесилет келет бул жерге, Кутулуп андан жан калбайт, Кененим менен Бактыбай, Теңдешип алың келалбайт. Испандакы Ачакан, Кайраты артык мыкты жан, Коросон, Ооган, Индустан, Булардын эли мактаган, Бир жүз сексен комдуу нар, Жонунда жүгү дагы бар, Ачаканга арналып, Бермек болгон жайы бар, Темирбекке Ачакан, Жээндик жайы дагы бар, Дабытай менен Ачакан, Келе турган чагы бар, Кайра кеткин тил алып, Бекер кыргыз бабырбай. Бештен кеткен он элчи, Үч күн менен беш күндүн, Арасында бул жерге, Келе турган маалы ал. Баштан айак калтырбай, Чыныбай айтты сөзүн жай, Кароолчуну чогултуп, Айдап алды Бактыбай, Тарап качып кетет, — деп, Аттарына сарпоштоп, Байлап алды Бактыбай. Тизгин менен чылбырын, Ат мойнуна түрдүрдү, Укурук берип колуна, Ал Чыныбайга сүрдүрдү, Алып барып Бактыбай, Кененимдин астына, Тобу менен түшүрдү, Бактан-тактан айтылган, Кепти айтып бүтүрдү, Кепти угуп Кененим, Ачык айкын түшүндү, Эмне кылсаң кылгын, деп, Бактыбайга өтүндү. Жалгызектин Бактыбай, Акылы бар ар кандай, Өзөндүү жерге кезигип, Өргүтүп элди түшүрдү, Кароолчунун барысын, Колу-бутун кишендеп, Эки күнү күтүндү, Жигиттердин ыктуусун, Иш кылалчу мыктуусун, Ар тарапка таратты, Коросон менен испандан, Келер жагын каратты. Эки күндүн ичинде, Чойун алп менен Темирбек, Алыска барып келаткан, Элчилерин карматты, Алардан укту бар кепти. Быйыл кышты чыгарып, Көк чыкканда келмекчи, Кошуунду козгоп көчүрдү, Ортодон бир күн өткөрдү. — Кароолчу, элчи кайт, — деди, Эмне угуп көрсөңөр, Баш кишиге айт, — деди, Таранчыдай чурулдап, Кароолчу, элчи кайтыптыр, Көргөн-уккан кептерин, Кайран Чыныбай айтыптыр: — Чойун алп менен Темирбек, Оорагыңар ашыптыр, Көтөрө чалып сүрдөнтүп, Чыныбай кулуң айтканда, Экөөңдүн атың укканда, Коркконунан баралбай, Эки күнү жатканда, Элчилер келип капташып, Тыштан кабар укканда, Чындап эси чыкканда, Качан болсо өлдүк, деп, Шүмшүйүшүп келатат, Тетиги арка жактарда. Коркпосо кыргыз неткени, Угулуп турчу ар качан, Кененимдин кептери. Кайда болсо Кененим, Жалгыз башы баруучу, Жалаңгыч сарык ат алып, Жалмап сүрүп жануучу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим». Элдик эпос. Басмага даярдаган Оргалча Кыдырбай. Булак: bizdin.kg.