Кененимдин сыйкырдуу жоолорун жеңиши
Айлар аттап айланып, Арадан канча жыл өттү, Арыстан шер Кененим, Айылдан карыш жылбады, Эркектин ишин кылбады. Кужуру түшүп ичине, Куршугу мунун кармады. Түндө уйку келбеди, Жүрөгү тойлоп турбады, Балтыры тартып балактап, Алаканы кычышып, Кененим болду тынч албас. “Алда эмне болдум, — деп, Багыма келген иш болсо, Баш тартпастан көрдүм, — деп, Жети өрөөн Кеңкол жеримди, Ак калпак кыргыз элимди, Ар жагында Жетисуу, Жедигердин элдерин, Бир айланып келейин” Деп ойлонуп Кененим, Желденип минди атына, Ашкере белги шек берип, Эр Кененим баатырга. Жети өрөөн Кеңкол жерлерин, Ак калпак кыргыз элдерин, Аралады бүт жерин, Ак калпак кырыгз байыган, Желеде жылкы кайкаган, Көргөндө бенде таң калган, Элим аман экен, деп, Жерим бай кер, деп, Жетип барып келейин, Жедигер аман бекен, деп, Кеңколдон түшүп түз менен, Кетип барат Кененим, Кеңкула аты кекендеп, Жолунан бир кыз жолукту, Саамай чачы теңселет. Кайдан жүргөн кызсың деп, Кабарын анык билгиче, Мурдун чүйрүп Кененге, Бура тартып кубулду, Ак кулжа болуп маңкайган, Шаңданып сонун даңкайган, Кулжаны кармап алам, деп, Кененим кетип бараткан. Башын булгап ак кулжа, Качып барат дардаңдап, Артына түштү Кененим, Топурак учуп жер чаңдап. Кеңкула менен чуратып, Кененим жетти жакындап, Колунда бар найзасы, Күн чагылып жаркылдап, Качалбай калды ак кулжа, Муунуна кирип калтылдак. Көмөскөгө көрүнбөй, Кире берди алдына, Кененим жетип караса, Бойго жеткен сулуу кыз, Чачын тарап олтурат, Көмөскөдө булакта. Ак кулжа кайда кетти, деп, Алаңдап карап калыптыр, Чач тараган сулуу кыз, Ошондо кебин салыптыр: — Өңүң сары, көзүң көк, Өзүң кимсиң, кебиңди айт, Өткөрбөймүн бул жакка, Өлбөй тирүү кайра тарт! Сурабай атың билемин, Көрсөм деп сени жүрөмүн, Менин атым Кубулжан, Сенин атың Кененим, Сен жалаңгыч Сарык атансаң, Мен эр түгөткөн атангам. Жер алдында эрлерден, Боз чаар минген Бороонбай, Баш кылып отуз эр алдым, Эрмектешер эр таппай, Сени издеп келе жатамын, Убара кылбай Таласка, Учурап жолдо сен калдың. Кыз болуп сага көрүндүм, Бөлөйүн деп көңүлүн, Көзүңдү салып койбодуң. Кулжа болуп калжактап, Качкан болсом дардактап, Аркаман куудуң салбактап, Эч нерсени билбеген, Ойлосом сендей жок акмак. Жер бетинде жандар көп, Ар уруусу андан көп, Бирине ашып бирине, Калган дүйнө мындан көп. Менин өткөн алдымда, Жер алдынын шаарында. Кубулке деген өтүптүр, Жүйрүн дөөдөн үйрөнүп, Сокусун минип ат кылып, Жетимиш миң сыйкыр жат кылып, Сокбилек менен камчылап, Жолугуп калган жандардын, Көзүнүн жашы тамчылап, Эламандын Төштүгүн, Азгырып келди Кубулке, Айыгышкан көп күнү, Адамзат арбы зор экен, Айтышкан баары кор экен, Өлүп кетти Кубулке, Маңдайында шор экен. Жер алдында жети дөө, Эламандын Төштүккө, Алы келбей эч бирөө, Багынды болду баарысы, Жер үстүнө эр Төштүк, Кайтып келип калышты, Жер алдында эрлердин, Колунан кетти намысы. Адам уулу, угуп тур, Аз келгенсип анысы, Жүйрүн дөөнүн алышы! Жүйрүн дөөнү сен алдың, Ошол күнү мен бармын, Алмамбеттин алма баш, Асынып турдуң ийиниңе, Коркуп бара албадым, Бир беттешсем дечүү элем, Ичиме батпай арманым! Далай жылдан бер жакка, Күн-түнү жок сагаалап, Кененим, сени кайтардым, Көп күндөн бери уйку алдым. Тосуп жүрүп жолуңду, Бүгүн сени мен таптым, Жердин тартып танабын, Кулжа болуп качканда, Таласыңдан бер жакка, Кырк күндүк жерге узарттым, Алма башты албапсың, Кутулуп кете албассың! Деп Кубулжан айтканда, Эр Кененим баатырдын, Ачуусу келип абыдан, Көргөн адам өлгөндөй, Өңүнөн чыккан заарынан. Каарданган кара көк, Казабы элдин бейбөлөк: — Ой, Кубулжан шум канчык, Кутуласың сен кантип?! Сокунун минээр ат кылып, Сокбилекти камчы деп, Темир ирек, ор ирек, Кутулбайт мундан түк бир деп, Сага үйрөткөн Жүйрүн дөө, Ойуна келген кепти угуп, Бүтүн дүйнө жер жүзүн, Кыймылдаткан менмин деп, Кур семирген Чанданды, Кутулбады Жүйрүн дөө, Түп атаң Манас шер турса, Теңдешип мени ким жеңет? Жалынасың бир демде, Көзүңдүн жашы себээлеп, Көз ачылбай токмоктойм, Кутулганын көрөйүн, Кеңкула менен тебелеп! Деп Кененим айтканда, Чачын тарап олтурган, Таза бойлуу Кубулжан, Тура калып ордунан, Сокуга минди чапа-чап, Сокбилек менен камчылап, Каары толуп жүзүнө, Көзүнөн жалын шаркырап, Темир ийрек колго алып, Карсылдатып курсагын, Тырмап жатат ал бетбак. Бул кара бет долунун, Темир ийрек колунда, Адамдын көзүн уйалткан, Калканы бар жонунда. Жаргылчагы чарайна, Аны тартып бооруна, Найза кылып куургучун, Кошо кармап колуна, Чирене тээп туткучун, Үзөнгүнүн ордуна, Супурасы кисепчи, Эки буттун томукта, Осурагы доолбас, Тарс-тарс деп үн чыгат, Жоолуктун учун имерип, Оозун бейбак думчулап, Минип алган сокусу, Тулпардай туйлап булкунат. Минген соку шаңданып, Аргымактай элирип, Качырып кирди Кубулжан, Кененимге теминип. Карап турат кара көк, Коргошун жүрөк, таш билек, Козголбой турат Кененим. Кубулжанды карасаң, Жалмап ийчүү немедей, Катуу тийди ченебей. Эки имерип сайгыча, Кененим турду кебелбей, Зымыраган Кененим, Бучкагына теңебей. Үч сайдырбай камынды, Найзасынан көрсөтүп, Күркүрөгөн жалынды. Качырып барып сайганда, Ташкасайган немедей, Найзанын учу чак этип, Кайра какты так этип. Денеси кара ташпы, деп, Карап көрсө Кененим, Кубулжан эмес таш экен, Шыйкырга канчык маш экен, Шаңкылдап күлүп Кубулжан: — Мен Кубулжан, сен Кенен, Эрегишсем тең келем. Кубулжан атым курусун, Жүрөгүң сууруп жебесем! Теңдешпес болсом бу жерге, Сени издеп не келем? Көргөнүңөн көбүрөөк, Көрө элексиң сен Кенен! Деп айкырып кара бет, Алдындагы сокусу, Кетүүчүдөй тебелеп: — Ор, Ийрегим, оргун, — деп, Орбой койбо муну, — деп, Чал, Ийрегим, чалгын, — деп, Чалбай калба аны, — деп, Кылычтай кылып ирегин, Жалтылдатып Кубулжан, Жан жагына каранып, Жан айабай келаткан. Токтоо кылбай Кененим, Тосо чыкты алдынан, Ийрегинин алдында, Кызыл жалын келаткан. Кененим кылыч албады, Найзаны чыңдап кармады, Шыңкылдаган канчыкка, Качырып найза салганы. Кененим сайган оңобу, Жүйрүндөн алган бул найза, Кубулжандын Ийреги, Тийбей туруп мокоду. Кайта имерип сайарда, Карт кекирип, шаң күлүп, Куургучу-куу найза, Таштан тайбас көп найза, Тарк оосуруп кара бет, Жердин бети топурак, Туман түшүп боз болуп, Найзасы менен Кененди, Май сооруга бир койуп, Соорудан тийген куу найза, Боорунан учу чыкты, деп, Майдандын чыгып четине, Бул кара бет олтурду, Сокусу менен чойкойуп. Мунун алы канча, деп, Байкабай турган Кененим, Соорусунан найза жеп, Найза тийген жеринен, Кан чубуруп дирилдеп, Ачуусу келип кара көк, Муруттары бириндеп, Манастап баатыр бакырып, Катуу тийди качырып. Беттеп найза сайалбай, Кубулжан калды шашылып, Кененим жетип сайарда, Сокусун таштап таш кылып, Карап турду чакыйып, Тарпка конгон кажырдай, Көөдөнүн салып лакыйып, Таш болгон ушул сокуну, Кененим келип сайганда, Таруудай болду чачылып, Минээр аттан ажырап, Кубулжан калды шашылып. Эми сайса Кененим, Жок кылат экен мени, деп, Курчалган кызыл тоо кылды, Кыргыйек учуп кеткисиз, Тиктеген менен адамдын, Кырына көзү жеткисиз, Кырынан канчык үн салды, Көзү алайып чекчейип, Ийилбей бели мекчейип: — Кененим, алың канчалык, Калдыңбы тоодо камалып?! Атың ыргай болгондо, Бетиң торгой болгондо, Жалбарасың ошондо. Жалынтып туруп Кененим, Асыл жаның албасам, Айнектей көзүң жумултуп, Азапка башың салбасам, Жер алдында элдерге, Мен жеңдим деп Кененди, Мактанып айтып барбасам, Алдыңкы жерде элдерге, Айтылып калсын даңазам, Өлтүрбөй үч жыл кыйнасам, Кылгылыкты кылбасам, Тартып алып каныңды, Ордуна сууну куйбасам, Күндө келип үч убак, Көзүңө теңеп сөөмөйүм, Көп азапты кылбасам, Арманым чыкпайт меники, Алтымыш күнү кыйнасам, Ар жорукту салбасам, Жүйрүндүн кегин албасам! Деп такылдап турганда, Шай колдогон кара көк, Алдыңдагы Кеңкула, Айтумушка барганда, Алда канча тоолорду, Аттай чуркап алпарган, Айбандан асыл малына, Камчы урду атына. Кененден камчы жеткени, Айбандан башка кеңкула, Сыйкырдын кызыл тоосунан, Аттай чуркап кетти эми. Токтоно албай Кубулжан, (Кылып койгон көп амал) Сыйкыры мунун бузулду, Кененимдин көзүнө, Буура болуп көрүндү, Тикенге оонап чамынган. Оозунан көбүк шалпылдап, Тиши-тишке шакылдап, Тик качырып жөнөдү, Төрт таканы такылдап. Сандап жерге чубалып, Чуудалары салпылдап, Таманынан чаң чыгып, Келе жатат далпылдап. Кайраты артык Кененим, Кабылан тууган эреним, Бүктөй кармап камчысын, Чокуга тартып жиберди, Кененим чапкан соо болбойт, Кездешип калган кишинин, Дегеле иши оңолбойт. Шилиге камчы тийгенде, Канчыктын көзү жайнады, Кубулуп башка сүрөткө, Араң жанын жайлады. Кузгун боло калыптыр, Учуп жолго салгалы, Көтөрүлө бергинче, Кылычты шилтеп калганы. Он эки куйрук, он чалгын, Кырка чаап таштады, Учарга чалгын канат жок, Конорго куйрук адат жок, Чын амалым кетти, деп, Мунтпесем ажал жетти, деп, Күндү жайлап жаадырап, Сасык тумун түшүрүп, Шамал болуп ышкырып, Борошолоп зырылдап, Шамал чыгып зуулдап, Кабаган иттей ырылдап, Жердин бети кар болуп, Аппак болуп зымырап, Ой, түзү жок билинбей, Көз тайгылып жымырап, Туш-тушунан жыгачтар, Ырдагансып кыңылдап, Тердикке чыга кар келди, Жан-жаныбар баарына, Кең дүнүйө тар келди. Кардын бетин караса, Көрүнөт көзгө чыйыр өңдүү, Ооздук тиштеп кеңкула, Карды жиреп жөнөдү. Ээр кашынан кар жиреп, Эки күндө, үч түндө, Каранын четин көргөнү, Кардын чети жер экен, Чытырман токой чер экен, Токойго кире берерде, Кызыл жалын жабылып, Качыраган үн чыгып, Токойдун ичи жаңырык, Асманда жал шыркырап, Жыгач кыйрап кычырап, Жердин бетин өрт алды, Эсине түшүп ошондо, Айчүрөк берген белеги, Ак тинтени колго алды. Айчүрөк пери баласы, Алда канча айласы, Асман тиреп өртөнгөн, Алоологон кызыл от, Учуп кетип барартат, Ак тинте колго кармалуу, Отко кирди аралап. Черди аралап барганда, Башынын жүнү саксайып, Белин ичке кындыйып, Шер качырды аркырап, Оозунан суусу тамчылап, Теминип кирди Кененим, Кеңкула атын камчылап. Качырып кирген Саксак баш, Айбаты артык айбанды, Колун сунуп Кененим, Көк шилиден кармады, Жумулбай оозу ачылып, Чечегейи көзүнөн, Ыргып кетти акыйып. Сыйкыры жок шер эле, Шерди кантээр экен, деп, Кубулжан карап турду эле, Сыйкырлуу канчык Кубулжан, Шерди көрүп өз көзү, Үмүт үздү жанынан, Баатыр тууган Кененим, Тоодой белге капташты, Шердин арка жагынан. Желмогуз канчык ушу деп, Кылычты сууруп кынынан, Томурайган тоо белди, Таарый чапты мойнунан. Кубулжан эми нак билди, Кара күчкө салышса, Келбестиги колунан. Ойуна алды Кубулжан: «Кимдер качып кутулган, Бул Манастын уулунан? Жору куйрук кызыл алп, Жолуна салган Кененим, Акым, Шакым - эки дөө, Аны алган Кененеим, Суумерген менен Сурмерген, Баарын алган Кененим, Боз чаар минген Боронбай, Колундагы камчысын, Койбой алган Кененим, Карала атчан Калыбекти, Каардуну калтырбай, Канын ичкен экенин, Билип туруп ошону, Бекер келген экенмин. Сегиз миң жыл жашаган, Ишендирип ар кимди, Санаксыз кудай жасаган, Жүйрүндү алган Кененим, Анык билем мен баарын, Анан мында не келдим?! Сокуну минип ат кылыш, Жүйрүн дөөдөн үйрөндүм, Жүйрүндү сойгон Кененге, Келем деп неге күүлөндүм?! Алты жылдан бер жакка, Акмак болуп сүйрөлдүм. Өлгөнчөктү Кененге, Көп өнөрдү салайын, Анда-мындан көрүнүп, Көйкапка алып барайын. Андан айла болбосо, Бендеге-бенде тең келет, Камап жаткан Багдатты, Келбетүү баатыр Шерматхан, Багдат жакка жалт кылып, Ошого алып барайын. Өзү арыктап талыгар, Найза сайар күчү жок, Аты арыктап чаалыгар, Талыбай чуркаар эти жок, Ошол кезде Кененим, Анан болот бүтүн жок.» Айла ойлоп, акыл таап, Шакылдап күлүп Кубулжан, Туурасынан кабылат. «Асманга учуп чыгуучу, Канат-куйругу жоголду, Эми канат жасасам, Жанында турат ак тинте, Өлүмү анын болобу? Канча күндөн бер жакка, Кармашып жүрүп талыдым, Жеңемин деп келгенмин, Өз ойумда таанымын, Туйктанбайт кеңкула, Чыныгы тулпар тааныдым» Деп ойлонуп Кубулжан, Чөөчө күлүп шаңкылдап, Бойго жеткен кыз болуп, Мас болгондой шаңкылдап, Ташка чапкан немедей, Үнү укмуштуу чаркылдап: Тааныгының мен ким? — деп, Кененимге бул канчык, Жетип келди жакындап. Ийреги ээрип жоголгон, Ийректен канчык зор болгон, Куургуч найза колунда, Далай иш түшүп ойуна, Найзасын күүлөп кырданып, Бузулуп өңү сурданып, Качырып кирип келгенде, Кененбеген Кененим, Колун сунуп сайдырбай, Билегинен кармады, Арбы күчтүү шум канчык, Кармаганга турабы, Жылан болуп жылп этип, Жерге түштү шылп этип. Жерге кирип жоголду, Суудан бетер жылт этип, Жердин жиги ачылып, Кире берди кылт этип. Ачып көздү жумгуча, Алаканын шак койуп, Каткырык салды кара бет, Кененим мойнун толгоду, Бул долу кайда жүрөт, деп. Караса, аксак түлкү болуптур, Акырын басып серектеп, Кененим жакын жеткенде, Жейрен болуп бул каапыр, Качып берди деректеп. Алты какыр, жети сай, Алкып өтө бергенде, Кош кулагын жапырып, Кеңкула жетти тебелеп. Алдыңкы ээрди бүрбүйүп, Койон болуп бүкүйүп, Жатып алды чүкүйүп, Өтө берди кеңкула, Төбөдөн алыс түйүлүп: Кайра качты сереңдеп, Жер алдына түшүүчү, Эшике кире берем деп. Кайран тулпар кеңкула, Кайра тартып булт берип, Жана жетти тебелеп, Иши оңолуп Кенендин, Камчыны жаза кармады, Ак тинтени алганы, Ак тинтени көргөндө, Эси чыгып калтаарып, Эшикти таба албады. Табына чыдап туралбай, Кемпир болуп келпийип, Төбөсү тас жаркырап, Желке чачы селпийип, Туруп калды телпийип, Ойуна алды Кененим, «Курт-кумуска, бөй, чайан, Кыймыл эткен тирүү жан, Учур келген неменин, Койбой жанын албасам, Эгер андай кылбасам, Куткарып муну кур калам» Деп ойлонуп Кененим, Келпийип турган кемпирди, Колундагы найзаны, Оңдоп кармап кезкерди, Сайанда жетип Кененим, Чычкан болуп чыр этип, Корумга кирди зыр этип. Ар жактан чыгып кубулжан, Аркар болуп арбаңдап, Анда-санда бир тийип, Айактары тарбаңдап, Көрө салып Кененим, Кеңкула менен чуратып, Топуракты чубалтып, Кууп кирди артынан. Белестен беш, кыр алты, Катар ашты баарынан, Кененим чыкса кырандан, Куу эшек минген ак сакал, Учурап калды жолунан: — Ой, Кененим, тура тур, Түп атаң Манас кол берген, Мен боломун Акешен, Кыйналды жаның шиш кебеп, Ошол үчүн саа келем, Айтканым кылып тил алып, Түп атаңдай кол берсең, Кубулжан кармап мен берем. Кудай урсун Кененим, Кожону көрсө турчу эмес, Кооп салам кылчуу эмес, Эшенди көрсө турчу эмес, Эңкейип башын урчу эмес, — Келген болсоң Акешен, Келип жардам бергин деп, Сурадымбы сенден мен? Жолумду тосуп торопсуң, Башкалардай ойлойсуң, Жоодуратпай Акешен, Жолго сени сойбосом! Кайра жаачу булуттай, Кабагын бүркөп түмпүйүп, Өңүндө кызыл калбады, Кара көк болуп чүмкөлүп, Колуна найза кармалуу, Качырды муну тап берип, Кайра тартты «Акешен» Карышкыр болуп жалт берип, Аңга салып, адырга, Опсуз качып жөнөдү, Ой менен тоонун баарына, Ойунда турат кубулжан, Көй капка алып барууга, Дөө периге жеткирсе, Дөөдөн кубат алууга, Айбанда болсо кеңкула, Арыбы артык бар мында, Жолун торгоп бастырбай, Койкаптын жолун таптырбай, Ороло чуркап жеткенде, Кубулжуган канчыктын, Чын айласы кеткенде, Таш бака болуп дүкдүйүп, Жатып алды бир жерге, Баспай турду кеңкула, Кененим өтө берерде, Кененим туруп байкаса, Таш бака жатат дүкдүйүп: «Ташбака жатар чөл эмес, Же тузу ачуу көл эмес, Ташбака эмес жаадыгер, Жаткан экен» деп ойлоп, Имериле тартканда, Сырымды билди, өлдүм, деп, Сары арыз болуп кырсылдап, Сызгырылып жөнөдү. Тоодой болгон Кененим, Томуктай чычкан кубалап, Бу дагы кудай буйругу, Желмогуздун шумдугу, Душманды жеңиш арзанбы, Кумду карай сыйлыкты, Арамзаада Кубулжан, Эч бир айла табалбай, Кененимдин колунан, Кутулуп аман калуудан, Акылы токтоп абыдан, «Айланып кайра салбасам, Багдагдын шаарын камаган, Жөөттүн ханы Шермат хан, Менден бетер жаадыгер, Анын кызы менен таанышам, Ошондон жардам албасам, Белдүү киши Шермат хан, Кол алдында жүз балбан, Жаадыгер эки болгондо, Кутула албайт бизден ал» Деп Кубулжан ойлонуп, Бара-бара чоңойуп, Бойго жеткен кыз болуп, Жез оймокто уз болуп, Кызылы-кызыл агы-ак, Кызгалдак чөпкө окшонуп, Ийни салкы мойну кез, Ойкуштанып оштонуп, Кененимдин жанына, Келип турду койкойуп: — Кепке келгин Кененим, Кекенишип сен менен, Эр эгишип келбедим, Жадыгерлик үйрөнүп, Эрдигин сынап келгенмин. Желмогуздун салты бар, Эрге тийбес шарты бар, Жөөттүн ханы Шермат хан, Опсуз сулуу кызы бар, Жиберген мени атайлап, Кабарыңды угуп ал, Шермат хандын кызына, Кабарга барам мен мындан, Жаратып алгын сулууну, Айтар кебим мана бу. Сынайым деп эл үчүн, Сени салдым азапка. Сенден бетер кыйналып, Мен да калдым азапка. Жөөттүн ханы Шермат хан, Багдатта бүгүн казактта, Багдат менен Ирандын, Баарын салып азапка. Багдатка Шермат каз экен, Багдатта аскер ас экен, Багдатты барып алам деп, Шермат хан казат кылыптыр, Падыша жок Багдатта, Баш көтөртпөй кырыптыр, Багдаттка Иран кошулуп, Шаарды бербей туруптур, Шерматтын кызын сен алсаң, Багдатты кошуп сурасаң, Алакандай Таласка, Адырда көчүп жүрүпсүң, Анда сенде не арман! Сыйрылыштык экөөбүз, Досумду көрүп мен барсам, Сыр айтышып ошондо, Сени менен сыйлашам, Айтканыма көнбөсөң, Шермат ханда жүз балбан, Шерматтын кызы Жадыкөй, Аны кошуп дагы алам. Сурабай башын кесем, Сен өлтүрдүң канча жан, Баарынын алам эсебин! Деп Кубулжан айтканда, Кененимдин кеби эми, «Кызга жооп» бергени: — Азгырбагын Кубулжан, Алар болсом катынды, Сулууну издеп таап алам, Шерматтын кызы экөөңдү, Теңтуш киши кептентип, Делбелерди не алам?! Токтоо кылбай кайтып бар, Шерматтын кызы досуңа, Жашырбай, жаппай айтып бар, Эки жаады, жүз балбан, Баш кишиңер Шермат хан, Канчалык бар алыңар? Башаасы жок жесир эл, Барып жүрсө уйалбай! Деп айтканда кара көк, Кубулжан айтты муну угуп: — Кененим атка ээ болуп, Сен кетипсиң кутуруп, Сага Шермат кыз бербейт, Кызы турмак туз бербейт, Ажалың жетип күн бүттү, Кете албайсың кутулуп, Деп сурданып Кубулжан, Саамай чачын сыланып, Жөнөп кети буралып. «Адамдуу жерди аралап, Айланышып жүрбөйүн, Үч күндө барам Багдатка, Чөл жакалай жүрөйүн» Деп Кененим аргытып, Артынан чаңды баргытып, Кетип барат каргытып. Адашып калат дегенсип, Анда-мында көрүнүп, Далбаңдаган кара бет, Далбалаңдап жүгүрүп, Кан жыттанып көөдөнгө, Каңырык түтөп күйүгүп, Катыштым бекер буга, деп, Кара жандан түңүлүп, Карбаластап кара бет, Калктан ашкан кара нээт, Калкына жетти Багдаттын. Багдатта бааша жок экен, Шермат хан салып калбаны, Кайран эл мындай кор экен: «Кармашар сага хан жок, — деп, Карсылдашар ал жок, — деп, Канчалык алсаң мал алып, Катарлаган нар алып, Карк алтындан мол алып, Канаат кылып кайткын» деп, Кангара какшап кан безет, Калган журт айтса канча кеп, Болбой мойноп Шермат хан, Балбандарын жиберип, Баш кишисин карматып, Бар кордукту салганда, Иракка Иран кошулуп Кызыл кан агып жошулуп, Кыйын болгон кезинде, Жөөттүн ханы Шермат хан, Иран менен Ирактан, Он беш киши байлануу, Алдырып келип аларды, Буйрук кылып жатыптыр, Тирүүлөй ичин жаргалы, Так ошондой мезгилде, Кененим жетип барганы. — Булар эмне киши? — деп, Алардын дайнын сурады, Шермат хандын жасоолу, Дегеле жооп кылбады, Канжарын алып жөнөдү, Булардын кардын жаргалы, Желдеттер жалпы барганда: — Тарт колуңду тийбе! — деп, Кененим айгай салганы, Коркуп кетип желдеттер, Колунда канжар калбады. Колдорун такыр чечтирип, Колуна канжар кармаган, Желдеттерди келтирип: — Булар эмне киши? — деп, Алардын дайнын сурады. Эси ооган желдеттер, Күрмөөгө тили келбеди, Дегеле жооп бербеди, Андан кийин Кененим: — Эмне үчүн өлмөксүң? Чыныңды айткын сен, — деди. Орто бойлуу бирөө бар, Кеп айтарга өтө шар, Кеп баштады мамындай: — Шермат хандын желдети, Киши сайчуу мабулар. Баш кишиси багдаттын, Өлүп кеткен өткөн жыл, Төрт жашар бала жаш калды, Эли жесир бош калды, Жөөттүн ханы келиптир, Багдатты талап алгалы, Ирандык угуп бул кепти, Арага түшүп калганы, Канчалык берсе тартууга, Жөөттүн ханы албады. Кеби өтпөй Ирандык, Багдаттка кылды жардамды, Кан төгүлүп чайкашка, Арага курдук майданды. Аралашкан урушта, Жөөтөр бизди кармады, Буйрук кылды улугу, Кардыбызды жаргалы, Башыбызды найзага, Илип алып баргалы, Алы келбей Шерматка, Ирандык кетип калганы, Камынып жатат Шермат хан, Багдатка кирип алгалы. Бар кебин угуп Кененим, Киши өлтүрчүү желдеттен, Шерматка бирди жумшады: — Сен бачымдап бар, — деди, Барып айта сал, — деди, Баш кишиңер Шермат хан, Мени менен беттешсин, Азыр келсин ал! — деди. Улук болуп Шермат хан, Кантип элди сураган, Жесир катын, жетим уул, Тынч элге салып чуулган? Кайраты толук хан болсо, Хан каадасы бар болсо, Адам кылар иш эмес, Ыраз болсо кылганы, Шермат хан андай киши эмес! Шермат хандын кабары, Кубул жандан угулган, Багдаттка салып жатат, деп, Баш көтөрбөй чуулган, Мыкты болсо Шермат хан, Мени менен беттешсин, Баштан-айак сыр чечип, Көөнүн ачып кептешсин! Уккан киши кайтыптыр, Көргөнү менен билгенин, Жашырбастан айтыптыр, Баарын угуп Шермат хан: — Кол куушуруп алдыма, Тобо кылып баш ийип, Келбей менин жаныма, Күнөөлүнү бошотуп, Желдеттерди бозортуп, Теңтуш киши кептенип, Жибергенин карагын! Барабанды каккыла, Баарын бачым баскыла, Бейбаш киши Кененим, Байлап келгин астыма! Кубулжандан уктум деп, Кубулжан деген ким экен?! Деп бакырып Шермат хан, Барбанды катырып, Кернейлерин тартырып, Аттантып чыкты аскерин, Топуракты чачтырып. Күндүн бети көрүнбөйт, Алды бүркөк, үстү ачык, Шермат хандын жүз балбан, Бири миңден эр алган, Кайда жүрөт Кененим, Мен барып сайып алсам, деп, Биринен-бири кызганган. Кеңкула менен болкойуп, Темгектүү найза койкойуп, Турган экен кара көк, Чоң ополдой зоңкойуп. Караанын көрүп Шермат хан, Алп мүчөөлү баатырдан, Айбатынан жадаган, Алдындагы жүз балбан, Жарып байлап келгин, деп, Атынан айтпай жумушаган, Бирнен-бири кызганып, Бири калбай ат койду, Кененимди бет алып, Жабылып келет жүз балбан, Кененимдин өзүнө, Чымын-чиркей көрүнөт, Алар Кененимдин көзүнө. Бирден келбей жүз келди, Темгектүү темир найзаны, Тентегин кармап кезгерди. Манастап ураан чакырды, Жазганбай жалгыз качырды, Жеткен жерде экөөнү, Айланганда бешөөнү, Беттеп сайып жетөөнү, Эңиш жерде эр сайды, Элүүнү беттеп бир сайды, Аралап өтө бергенде, Мен-менсинген жүз балбан, Элүү төртү кулады. Өлбөй калган кырк алты, Өчөшүп булар ат салды, Балбандардан айрылсам, Баарысы керге келбейт, деп, Алтымыш миң аскериң, Аламан баарын каптатты, Арстандан калган тукуму, Кадимки шартты карматты, Каптап келген кошуундун, Агызып канын жайнатты, Тамандан чыккан чаңды көр, Агып жаткан канды көр, Кыпкызыл канга боөолгон, Томсоруп жаткан сайды көр, Азууларын аркайтып, Ат өлүгү ар тоодой, Мурутарын шыпыйтып, Эр өлүгү бир тоодой, Жарым жаткан жанды көр, Чайкалып аккан канды көр: Төгүлүп жаткан жинди көр, Тоңкойуп жаткан пилди көр: Миң койго тийген бөөрүдөй, Жалгыз жүргөн эрди көр, Жардамы тийген жетимге, Элге жаккан шерди көр. Айласы кетип амалсыз, Аргасын таппай Шермат хан, Алдына барды Кубулжан, Жал ооруй барып ал турган: — Амансыңбы, Шермат хан? Алдыңа келип мен турам, Тетиги турган Кененим, Ал Манастын тукуму, Ааламдын баарын буй кылган, Акимсинген чандандын, Алганын кара туу кылган, Алты жыл болду чамасы, Ага бардым мен мындан. Жер алдында жүргөндө, Эр түгөткүр аталдым, Кененимди алам деп, Ошо үчүн мен бардым, Алты жыл жүрүп айлында, Азгырып жолго мен салдым. Темир ийрек, куу найза, Теңдешип көрдүм далайга, Дегеле алым келбеди, Жер алдына түшкөндө, Жеткирбеди дегеле, Сыйкырды салды миң түрдөп, Илбеди көзгө тим эле. Көйкапка алып барууга, Дөө периден эр сурап, Тең кишини табууга, Жол бербеди, ал канча? Акыры келип калдык бул жакка. Сенин кызың Бетирке, Жады көйлүк үйрөндүк, Жин периден бир кезде, Бетиркеге барайын, Алып келип калайын, Эп келеби, Шермат хан, Көп азапты салайын. Жүз балбаның жоголду, Жөн аскериң койбоду, Жакын каолды шермат хан, Сага колун созголу. Мен желмогуз кубулжан, Бүт жайымды сен уксаң, Кепке калып Шермат хан, Кубулжанды жиберип, Бетиркен чакырган, Багдаткка барды аңгыча, Өлүмдөн он беш кутулган, Багдат, Иран кубанды, Кабар угуп булардан. Калың элин кыйратып, Кырылган койдой жуушатып, Айдап кирип келгенде, Өзү чыкты Шермат хан, Чыгардан мурун Шермат хан, Жөөттүгүн карматкан. Так ошондой болорун, Байкап билген алдынан, Келе турган жолуна, Жерге ордо каздырган, Чөп-чар менен далдалап, Үстүн эптеп жаптытырган, Көп аралап чабуулда, Кененим келе жатканда, Келип турду Шермат хан, Казган орду жанына. Кененимдеп бакырып, Менин атым Шермат хан, Кел бери, деп чакыр, Шермат ханды көргөндө, Курчтугу эрдин кармады, Алдындагы кулага, Айабай камчы салганы, Жик жараңка көрүнгөн, Жерди көрүп Кеңкула, Мында бар деп бир бала, Жанаша казган эки ордон, Каттай аттап чуркады, Жаныбарым кеңкула, Төрт айагы тең түшүп. Кирип келди Шермат хан, Каз бууданын түйүлтүп. Найзасы колдо зыңырап, Кылычы колдо кыңгырап, Ай балта жанда шыңгырап, Көп кишиден Шермат хан, Балбан экен кызталак. Алтымыш батман чойун баш, Ачууланып Шермат хан, Булгап-булгап имерди, Эр Кененим жолборсту, Туулгага тартып жиберди. Туулгасы кабышып, Кара темир далдагай, Эки бет болуп жабышып, Чак деген үндү укканда, Шермат хандын элдери, Ат айабай чабышып, Капкачанкы көп элдин, Өчүн Шермат алды, деп, Алтымыш батман чойун баш, Башына тийди чак этип, Жер тайанып жаты, деп, Оозунан мөжүк кан кетип, Мурдунан мээси акты, деп, Дүбүрөп кирип келгенде, Көзүн ачып Кененим, Шермат ханды көргөндө, Башына киер туулга жок, Бендеден мындай туулган жок, Жазганып андан Кененим, Жанын айап турган жок, Ал Манастын тукуму, Жүргөн жери кызыл чок. Эшик эндүү ай балта, Арта салып ийинге, Мен-менсиген Шермат хан, Маңдайлаша келгенде, Ачып көзүн каранып, Алдынкы ээрдин жаланып, Чабарына жеткенде, Чабендес экен Шермат хан, Ордун сала бергенде, Сом балта жерге чабылды, Жердин бети жарылды, Кол арыктай суу агып, Жер бетине жайылды, Аңгычакты болбоду, Капыр Шермат камынды, Колунда найза күркүрөп, Каз буудандын дабырты, Жердин бети дүркүрөп, Ойулуп кетчүү немедей, Жер козголуп сүлкүлдөп, Кененимге жеткенде, Балта менен баатың, Найзасын кагып жтберип, Атын кайра тарталбай, Капташа жүргөн кезинде, Ай балта менен Шерматты, Тартып ийди шилиге. Кененим чапкан оңобу, Жыгылып ордон кобобу, Бутун тартып, кол серпей, Бул дүйнөдөн жоголду, Кененим бура тарткыча, Кобулжан менен Бетирке- Сыйкырлар дайар болгону. Шермат хан кызы Бетирге, Жылан болуп шыркырап, Оозунан оту буркурап, Сүйлөп келет чуркурап, Кененимди оп тартып, Жутуп эле кетүүгө. Түргөн чийдей сур жылан, Оозунан оту буркурап, Сүйлөп келет бул жылан. Айчүрөктүн ак тинте, Кабынан тартып алганы, Сорот экен мени деп, Андан качып калбады, Арстан туулган Кененим, Тепсетип кирип барганы. Ак тинте көрүп бетирке, Ак куу болуп асманга, Учуп чыга берерде, Тинтени шилтеп ийгени, Он эки куйрук, он чалгын, Катар тарып өттү эми. Ак куу болуп уча албай, Асманга чыгып кете албай, Сымап болуп жылт этип, Көрүнбөй көзгө жылт этип, Жерге сиңип кеткени, Ангычакты болбоду, Кубулжандын жеткени. Кененимди төбөдөн, Капшыра жерге сайам деп, Агызып канын жайам деп, Куу найзадан үн чыгып, Адам көргүз түр чыгып, Борошо куйуп бургуйлап, Аркадан шамал аркырап, Күн чагылып чатырап, Багдаттык менен жөөттөр- Баарысы коркуп калтырап, Шай колдогон Кененим, Шашпай туруп баамдап, Зуулдаган үндү улап, Ак тинте шилтеп өттү эми. Кубулжандын найзасын, Таарый өтүп кеткени, Сок билек, соку, куу найза- Бар сыйкырдан ажырап, Шумдуктан башка неме жок, Кубулжан калды шалбырап. Алтымыш алгыр ит болуп, Бетирке келди арсылдап, Үн алышып канчыктар, Ызы-чуу түшүп ажылдап, Кармалуу колдо ак тинте, Кененим кирди аралап, Тегеректеп кула атты, Алтымыш канчык камалап, Оң-тескери кайсалап, Тинтени шилтеп киргенде, Бир арымда ак тинте, Кырк беш итке тийгенде, Бетиркенин бутуна, Кылычтын учу тийди эле, Тийген тинте койобу, Кесилип буту чолойду, Бетиркеден кан чыкса, Калган иттер жоголду. Кубулжан кылып сыйкырды, Айланасы от болду, Жердин жүзү жымылдап, Кыпкызыл чок жайнады, Асманга карай жалбырттап, Кулачын жалын жайганы, Көрүп турган элдердин, Биринде акыл калбады. Калбайбыз тирүү киши, деп, Багдаттын бүттү иши, деп, Баарысы мунтип турганда, Баатыр кууган Кененим, Жалынга кире берерде, Бетиркени кармады, Как жүрөктөн жарганы, Бетирке каны жайылды, Оттун үчтөн жалыны. Жалгыз калып Кубулжан, Куткармак болуп өз жанын, Өнгөн кызыл гүл болуп, Ыргалып чыга калганы, Келе жатса Кененим, Жалтылдаган жалбырак, Кеңкула үзүп алганы. Мелжемдүү жерден Кеңкула, Бекем тиштеп алыптыр, Адамча сүйлөп кызыл гүл, Амандык сурай калыптыр: — Менин атым Кубулжан, Кутулбадым, Кененим, Албан тирүү кубулсам, Жер алдында казына, Адам уулу билбеген, Анын баарын берейин, Суу перинин башасы, Соогасын алып келейин, Бир кесим эт тиштесең, Кырк күндүк тамак саа азык, Уруштуу күнү, Кененим, Сага тийээр керегим От перинин баашасы, Оокатын алып келейин, Миң кишиче баркы, Уртокмок алып берейин. Жаныңда чоро-жороң жок, Жалгыз жүргөн чагыңда, Караан болот жаныңда. Жекеге чыккан кишиге, Тамашасын көрөсүң, Жиберсең аны алдына, Жүз миң киши саа тийбейт, Уртокмок турса жаныңда. Амандык бер Кененим, Аманат кара жаныма, Мойнумду толгоп кылчайып, Карабайын мен сага. Кетпе десең кетпейин, Казаның кармап берейин, Сага кастык кылгандын, Талпагын ташка керейин, Эртеден кечке дем албай, Тезегиңди терейин. Бүрмөчөгүн бүрөйүн, Үзүлгөнүн улайын, Кыскасы болсо курайын, Кемтиги болсо бүтөйүн, Тешиги болсо жамайын, Ачылып калса жабайын, Азандан күлүң төгөйүн, Аманат жанга күч келди, Жарыгын күндүн көрөйүн. Ысыгыңа күйөйүн, Суугуңа тоңойун, Ыдыгыңа чыдайын, Карым казык болгунча Башын токмок болгунча, Бүкчүйүп белим ийгинче, Тиземе башым тийгинче, Кызматың болсо кылайын. Деп зарланып Кубулжан: — Касам берен, Кененим, Кулагың салып сен уксаң, Ай караңгы түнгө окшоп, Булут баскан күнгө окшоп, Соолуп калган гүлгө окшоп, Суу тамбаган чөлгө окшоп, Гийеси жок жерге окшоп, Калдырак кара ташка окшоп, Каткан кара шорго окшоп, Казып койгон орго окшоп, Жалыны өчкөн корго окшоп, Жан түшпөгөн торго окшоп, Өнбөй калаган чөпкө окшоп, Мен болйун, Кененим! Ал канчыктын жакылдап, Айтып жаткан кебинин, Кайсы бирин билейин. Ак тинтенин боосуна, Желке чачтан байлады, Багдатты карай айдады, Киши калбай Багдатта, Алдынан тосуп барганы, Шаар ичине кирбеди, Шаардын ичин көрбөдү, Алты күнү талаада, Ат сергитип өргүдү, Жөөттүн ханы Шермат хан, Анын жалгыз уулу бар, Чакыртып келип Кененим: — Сен Багдатка не келдиң? Тынч жаткан элге чуу салып, Бар беле мында бир кегиң? Шермат хан уулу кеп айтты, Кеп айтканда деп айтты: — Быйыл чыктым он бешке, Ойун менен жүрчү элем, Аралашпай кеп-сөзгө, Атам кетти аттанып, Аскер алып, кол алып, Келерин мында ким билет, Тынч жаткан элге кол салып. Ойноп жүрсөм үйүмдө, Кубулжан барып бир күндө, Чакырып келди бул жерге, Бетиркеге кошо алып. Акылым таппай сандалдым, Атам өлүп муң басып, Менин алым ушунча, Менде жоктур эч жазык. — Атаңдын жакын кишиси, Акылдашы барбы? — деп, Вазирлерин чакыртып, Аны кошуп алды дейт. — Шермат хан такка конголу, Сен вазири болголу, Канча жыл болду болжолу, Кененим калыс өзгөчө, Жүйөлүү сөздөн козгоду, Вазир кебин баштады: — Өлүп кеткен Шермат хан, Жыйырма үч жыл хан болду, Мен вазири болголу, Быйыл он бир жыл болду, Беш атадан бер жакка, Жөөттөргө хан экен, Ким менен болсо жөөлөшкөн, Урушкумар жан экен. Мен вазири болголу, Алты шаарга кол салды, Баарысын чаап олжо алды, Барган жерден жеңилип, Бекер кайра жанбады. Бу сапар келип Багдаткка, Эчтеме менен иши жок, Баашасы жок эл жатса, Кол салып буга катылды, Болбос ишке катышып, Быркырап мээси чачылды. Алтын ал деп нар берди, Кыз алгын деп мал берди, Багдаттын эли жалбарды, Жарты кепке албады, Булар айткан акылды. Кыйалында Шермат хан, Багдатты чаап алмакчы, Келер жылы камынып, Мисирге колун салмакчы, Андан аары оолугуп, Ооганга чейин бармакчы, Жеңе алса мисир,ооганды, Индистанды алмакчы. Биздерге айтып угузуп, Бүтүрүп койгон кеңешке, Вазири айтты билгенин, Кененим укту бар кебин: — Уулу барбы Шерматтын, Ордун ээлеп так минер, Атанын оордун бек басып, Бузуп чачпай эл бийлер? Анда айтат вазири: — Он беште жалгыз уулу бар, Мунайым кыйал, жумшак сөз, Жагымдуу жарык жүзү бар, Шерматтын уулун таптырып, Жөөттү ага тапшырып, Он бештеги баланы, Багдат менен жөөттүн, Төбөсүнөн баш кылып, Алтымыш жыл журт сурап, Адыл болду ал бала, Бала бааша атыгып, Ирандын тарткан чыгымын, Жөөттөргө тарттырып. Жүрүп кетти Кененим, Багдатта туруп калбады, Айабай береген мал-пулдан, Жарты жарма калбады, Кубулжанды жетелеп, Таласты карай бет алды, Жети суу менен таластын, Арасында бир жер бар, Желмогуз жылга атанды. — Мени азгырган жериң, — деп, Жердин бетин айланып, Багдатка барып келдим, — деп, Койбойун тирүү сени, — деп, Желмогузду жайлады, Кылычка канын майлады. Таласка барып баатырың, Жанбашы тынчып жай алды, Эригип жаткан кездерде, Жалгызектин бүркүтү, Эсине түшө калганы, Кененим чыкты аттанып, Олуйа чалга баргалы, Таластан чыгып жол тартып, Ополду көздөй оң тартып, Канча күнү, канча түн, Эрикпей жүрүп Кененим, Кең Кашкар келип жатканы, Жоодар бешим чунакты, Сурап жүрүп тапканы, Кененим, Жоодар табышты, Жүрөктө кебин салышты: — Котен, Жеркен, Лопнурду, Күнгөйүндө аралды, Атаңдын жолун жоготпой, Башкардыңбы аларды? Кененим сурап калганда, Жожурап Жоодар кеп таштап, Кеп айагын бош таштап: — Котен, Жеркен, Лопнурдан, Келип-кетип турушат, Кеңеш кебин ар бир жан, Башка-башка угузат. Ооган менен Коросон, Ага тажик кошулуп, Анда-санда кол сунат. Картайып калдым Кененим, Кабар кылам мен сага, Чыгып калса бир чатак. Алтайдын түштүк жагында, Куландын сары сайында, Үч дөөнүн аты угулат - Темир тондуу Шалкымат, Жез киндиктүү Кикимат, Калдагай кулак Чойун алп, Ошондон күмөн чоң турат. Кулактай жүргүн Кененим, Калмакка эми чаптырсак, Бизге калат жаман ат. Мен жүрөмүн күмөндөп, Ак пейли жоктой көрүнөт, Тажиктердин Темирбек, Жашырышпай айтышып, Жаман-жакшы күмөн кеп. Кашкардагы Алакум, Өлүп кеткен, Кененим, Кең Кашкардын сурагын, Кыргыздарга бергемин, Бет келишип көрүшпөй, Сага айта элекмин. Шаарга барбай тоо бойлоп, Сөөк, тойун, чакмакта - Ушуларда жүрөмүн, Көбүнчөсү тойунда, Кыштын күнү болгондо, Эркечтамдын бойунда, Соноролоп барам кеп-кээде, Алажууку Үчташка, Жайлап чыгам жылында, Чатыркөл менен Арпага, Картайганда амал жок, Сени менен, Кененим, Олуйа чалга барганга. Кененим анда кеп айтат, Кеп айтканда деп айтат: — Уктум, Жоодар кебиңди, Карылыгын билдирбей, Бекемдеп байла белиңди, Котен, Жеркен, Кеңкашка, Лопнур, Азык аралда, Жакшылап баккын элиңди. Куландын Сары сайында, Үч калмак бар дедиңби? Келип калса жылыштап, Угузуп кой четини, Тажиктердин Темирбек, Күмөндүү киши болдубу? Басыктырып бир кезде, Өпкөсүн кысып койолу, Бадакшан бар, Балык бар, Баары тажик калык бар, Коросондогу Даабытбек, Испандагы Ачакан, Угулуп турат шум кабар. Алматыда муз бурчак, Музбурчактан акубак, Калбады андан бир туйак. Үрбүдөн калган балдары, Үрбүдөй боло албады, Кулетендин алп агыш, Андан тукум калбады. Төштүктөн өзүң турасың, Кошойдон турат Бактыбай, Сынчыбектин элинде, Өзбектерден далай бар, Керкөкөүлдүн Тетиги, Бирде болуп, бирде жок, Атаңдын көрү дүйнө шок, Букардагы Кара хан, Ысмайыл өтүп баласыз, Баары чыкты катардан. Таластагы жети хан, Паландын уулу дедирип, Калганы жок бир адам, Олуйазада Манастан, Жалгыз башым мен турам. Кыпчакта Жоодар сен турсаң, Кара кыргыз Бактыбай, Ага болсоң жоодар сен, Ини болсо Бактыбай, Эмнеден менин кемим бар. Жалгызек айткан кеби бар: «Алып кетип бүркүттү, Олуйа чал бербеди, Кененим, барып алып ал» Келген ишим бул эле, Ополго барар жумуш бар. Жоодар менен кошотошуп, Жүрүп кетти Кененим. Коңур салкын күз өтүп, Алысын катып бараткан, Алтымыш киши көрүндү, Бара жатса ыраактан, Тосоттоп барып алдынан, Жолугушуп беттешти, Салам айтса Кененим, Олуйа чалдын ошондо, Оозу араң былк этти. Жалгызектин бүркүтү, Адырга аркар ототтпойм, Кадууга жейрен топтотпой, Коктуга түлкү жойлотпой, Тектирге теке жайылтпай, Кайыптын күнүн түгөтүп, Карып кылып салыптыр, Канча чыкса карышкыр, Калтырбай баарын жарыптыр. Чоң Ополдун бойунда, Кайберенди түгөтүп, Адыр, сайда жандар жок, Бүркүттүн алы келгендей, Мыдырар жандар калбаптыр, Канча жылы салыптыр, Олуйа чалда арман жок, Келгенин айтса Кененим, Кебине кулак салган жок, Жаткан жерде бир жатты, Копкон жерде бир копту, Басса-турса бир болду. Кененимдин кебине, Жооп кылып койбоду, Күндө тыным албастан, Тоо кыдырып бойлоду. «Айкөл Манас жол кошкон, Атагы бар киши экен, Кантээр экен кана» деп, Кененим муну ойлоду. Түндө чырым алдырбай, Уйкусун жакшы кандырбай, Таң аткыча күпүлдөп, Уйку көрбөй дүпүлдөп, Таң атканда аттанат, Бол жүргүн деп дүбүрөп, Кечке оозу тыйылбайт, Бирдеме деп күбүрөп, Чын ачуусу келгенде, Дүбүрөбөй укта, деп, Зор Кененим сүйлөнөт, Одураңдап ошондо, Олуйа чал күүлөнөт: — Мага Манас жол берген, Сары бала сен эмес, Айтып болуп олуйа, Баары түштү зикирге, Бөйрөктөрү бүлкүлдөп, Баш жагында олуйа, Токтобой башы сүлкүлдөп. Оң жагына толгонуп, Оодарылат Кененим, Асили уйку келбеди, Чырым алып көз жумар, Олуйа тынчтык бербеди, Кирген нардай буркулдап, Ак көбүк ооздон буртулдап, Кекиртеги куйкулдап, Ичегиси чуйкулдап, Жадаганда Кененим: — Тура турчу олуйа, Эки айактуу бендеге, Жакшылык жок ойуңда. Мылтык атып, жаа тартар, Капкан койуп жан багар, Эгин эгип мал табар, Элди эркине койбойсоң, Алгыр бүркүт алман ит, Элдикин алып ойнойсуң. Жолдош-жоро кишиңди, Таң аткыча уктатпай, «Уу» дегин деп зордойсуң, Көзүңө жакшы көрүнсө, Бата берем сага деп, Элге чапан койбойсуң, Мунуң жакшы иш эмес, Чалмага берген жан салып, Жараткан кудай сен эмес, Жеңдей сары бала деп, Айтуучу киши мен эмес! Мен олуйа деп айтып, Элдин алдап ашын жеп, Тонун кийип, ат минип, Пейлиң жаман сеники, Кылып жаткан ишиңе, Ачуум келди меники, Кийген кийим, минген ат, Жаткан төшөк, ичкен аш, Байкасам баары элдики, Шишик толгон кез экен, Олуйа чал сеники! Кесириң болсо көрөйүн, Элди алдап бүлдүргөн, Сен кептенген немени, Өлтүрүп таштап жөнөйүн, Каргышың жетсе, олуйа, Ажалым жетсе өлөйүн, «Жүйөлүү каргыш тийет деп, Жүйөсүз каргыш ээсине» Карылардын кеби экен, Жалган-чынын билейин! Деп Кененим айтканда, Ажалы жеткен алдамчы, Кан жуткур! Деп тап берди, Айткан кепке ардыгып, Кененим муштап жиберди, Деп алып жата турчу, деп. Селдеси калды чубалып, Мурдунан кетти мээси агып. Жанындагы алтымыш, Бирин койбой өлтүрүп, Жүрүп кетти Кененим, Аттарын айдап олжо алып, Кондуруп бүркүт колго алып, Айтып барды Таласка, Жашырбай баарын кеп салып: — Ополдун тоосун түптөдүм, Олуйа чалды бүктөдүм, Кесири кана тийгени? Ат үстүндө кыйшайып, Уккандар калды сумсайып: — Олуйа чалды укканбыз, Көргөнүбүз жок эле, Кимди койот Кененим, Койбой кылат турбайбы, Ойуна туура келгенин, Жалаңгыч Сарык дегенин, Бүгүн билдик чын жерин. Муну мындай таштайлы, Кененим менен Шалкымат, Кез келгенин баштайлы.